Саламатсыздарбы урматтуу кыргыз элим!!!
Мен досумдун отунучу боюнча ичиндеги сырын айтып сиздер менен болушкум келди. Анда эмесе жон гана окуп озунуздордун советтеринизди бериниздер?
??
Мен озум айылдык еле баламын ата энем бир агам бар 2010-ж 11-классты аяктар алдында толук бутурбой аскарге кеттим. Аскарден 2011- жылы апрель айында кайтыпп келерим менен. Досторум Москвага чакырышты ал жака барып жакшы ишке кирип иштеп жаттым. Кундордун биринде метродон аябай татынакай айбат бир кыз менен тааныштым. Ал кыз 1993-ж аты Зая еле. Ошентип ал экобуз тез тез жолугуша баштадык. Кундон кунго арабыз жакындашып телефондо суйлошуп дем алыш кундору жолугушуп бири бирибизге ото кату ишенип уйронушуп кеттик ошентип. Сентябрь айында мен ага суйорумду айтып ал экобуз кыз жигит болуп суйлошо баштадык. Ошентип 2012 жылы куз айлары. Ата енеме чалып жактырган кызым бар екенин айттым. Ата энем уйдун эркеси болгондугумдан агам уйлонуп очередь мага кегендиктен макул балам сен эмне десен ошол деп. Уйно барып ата енеси менен суйлошуп келмей болду. Анан Зая менен жолугушуп баарын айтып бердим. Алда макул болуп ата энесине чалып болгон жагдайдын баарын айтып. Уйуно кудаа тушуп колун сурап барарын айтты. Анын ата энеси сен келбесен болбойт кызым деп апасы ооруп жатканын айтып айылга тез кел кызым деп туруп алышты. Ошентип 2012-ж декабрь айында Зая айылга кетти. Айылга барары менен чалып коюшун суранып самалетко салдым. Айылга жетти чалбады кабары жок. Кундор отуп жатты бир жумадан сон чалып апасы жакшы болуп калганын айтып бирок мени тынч коюшумду суранып ал тайкеси менен Санкт Петерге кетип жатканын айтты. А менде неге кандайча эмне учун кандай себеп деген суроолор пайда болду. Колумдан эчнерсе келген жок телефону очук болду ошол бойдон. Такыр тушунбойда калдым. Мен учун макул таштап кетсе деле макул болчумун. Жон гана себебин айтып тушундуруп койсо болмок. Адам болгон сон суроолорун жоопсуз калса ичин атышып озунду куноолоп мен ушундай болуп калдымбы дейт екенсин. Бул жактан ата энем чалып балам эмне болду адресин бересинби баралыбы кудаа тушуп десе ансайын эчжерге батпай жаттым. Ошол кундорумдогу ичимдегини бир гана озум билип эчкимге айта албай ишке барсам ишке конулум жок уйго келсем уйго батпай бироо менен мушташкым келип жаттым. Акыры баарына конот екенсин. Баарынан конулум калып ичип чегип баштадым. 2013 жылы феврал айынын аягында агам Москвада ичип чегип жок болуп кетесин деп Россиянын башка шаарына чакырды. Ал жака келдим. Агам намаз окуйт ото жоош ак конул жай суйлоп сооко жеткире суйлойт. Квартирада бир еже менен турат екен ал еженин аты Меерим 10 жаштагы баласы бар екен. Ошентип тортообуз бир комнатада туруп жаттык. Агам мени келерим менен жакшы ишке орнотту. Ишке барам Заяны естеп сагынып иштен келатып ичем кундо. Агама да тиги ежеге да жаман коруно баштадым. Ошентип агам март айынын жарымында айылдан женемди чакырып сен ушул квартирада жашай бер ишине жакын биз женен екобуз мен ишиме жакын жерге квартирага чыгабыз деп чыгып кетишти. Жакшы болду эми кундо ичем деп ичип журдум. Меерим эже ичпесен деп кундо айтат мен аны кулагымада илбейм. Ошентип Меерим еже дем алыш куну эрте менен тургузуп алып. Эй иним мындай жургонун болбойт ичпей чекпей намаз оку куноого батып жатасын деп айтты. Аны да укпай ичип чегип иштегенимди чачып журдум. Жай мезгили ыйык орозо айы келди арапа куну еле иштен жаны келсем уйго дастаркон жайып боорсок бышырып баардык нерселерди даярдап арапа откозуп жатыптыр. Иним келдинби кел отур деп куран оку деп калды. Отуруп куран окуп бата кылаарда мени арактан арылып ичпей чекпей жаман жолдон алыс журушумду телип ушул орозо айындп орозо кармап намаз окушумду тиледи. Ошол кезде таштай катыган журогум ээрип козум жашка айланды. Чай ичип бутуп жуунуп таранып орозо кармайм деп тилек кылдым. Орозонун кундорундо Меерим еженин апасы отуп кетип айылга кетти. Баламды сен караганча тур сага ишенейин деп таштап кетти. Баласы 10 жашта кундо кечинде бирге ооз ачып намаз окуп бирибизге конуп калдык. Кундор отуп жатты апасынын кыркын чыгарып коюп кайра келди. Кайра еле бирге жашап жаттык. Меерим еженин кылган тамагы аябай даамдуу анан да кундо аз аздан самса ар турдуу салаттарды жасап менин иштен келишиме дастаркон даярдап бирге тамактанабыз деп кутуп отурушчу. Ото мееримду адамга кылган мамилеси башкача конулу таза ичинде кири жок аял еле. Кундор отуп жатты бир куну ал еже екобуз дем алыш куну суйлошуп бирге продукта кылганы магазинге бардык. Ал жерден алчу нерселерди алып. Тамактанып алалы деп пица мияга кирип суйлошуп отуруп тамактанганча.
Ал эженин эмнеге куйосу менен бирге жашабастыгын сурадым. Куйоосу боюнда бар кезинде мунун устунон аял алып муну менен ажырашып кеткенин айтты. Ошентип уйго келип кечкиге бирге тамак жасап коопко чейин суйлошуп отурдук. Кундор отуп жатты бир куну кийимдерими тактап жатып шкавтын устундо папка турганын коруп ичин ачтым карасам больницадан жазып берген дарылардын тизмелери екен. Аны окуп алып еже бул эмне десем. Муну сен билбей еле кой тушунбойсун деп айтты. Сурай бердим неге ушунча дары ичип журосуз айтын дедим. Десем ал айтты аялдарда ушундай коп жыл куйосу жок журсо ооруп калат деп. Анан мен баарын тушундум. А эмнеге турмушка чыкпайсыз анда башкага десем. Ал айтты конулумо жаккан эчким жок чыккандар болду сени алам деп турмушта казан аяк кагышат баарына чыдаймын бирок ичип чеккен адам менен жашай албайм деди. А мен тамашалап мен сизге уйлоном десемчи дедим. Ал айтты кой иним сен жашсын сенин кызыктуу жашон алдыда менин жашоомдун кызыгы отуп кетти деди. Ошентип кундор отуп жатты ал эже менен жашаган ото кызыктуу жагымдуу еле. Ушундай аял алат бекем дечумун. Бара бара Заяны таптакыр унутуп. Ал мага татыктуу еместигин тушунуп татыктуу кыз болбосо мен ал учун эмнеге озумду озум кыйнашым керек деп аны такыр унуттум. Меерим эже менен эже инидей бир семья болуп жашап журдук. Меерим эже менден 12 жаш чон болгону менен аябай жаш корунот озуда оронуп кочодо бирге журуп калсак коп тааныштар аялынбы деп калышчу. Мендагы 21 де болгонум менен аябай чон кишидей корунуп Меерим эеженин жанында журсом Эчким биздин жашыбызды айырмалай алчу емес. Ошентип кундор отуп жатты Меерим эже мага негедир эже катары эмес аялым катары еле конулумо баардык кылган мамилеси мунозу суйлогондору баскан турганы жага баштады. Ишке барсам негедир конулум уйго тартат уйго келсем Меерим эже жок болсо конулум ошону издеп туруп алды. Бир айдан ашык кыйналып журдум не кылышымды билбей. Акыры айтуума туура келди. Анан бир куну Меерим эжени Паркка чакырдым. Баарын айттым сиз менден чонсуз билем бирок сиз мага ото жакын болуп калдыныз. Мен сизди жактырып калдым конулум сизди гана издеп жатат дедим. Десем мен сага тан калдым мен сенден мындай созду угамын деп ойлобоптурмун.
Сен жашсын ата енен бир туугандарын укса не деп ойлойт. Алар каршы болушат баарбир деди. Бирок мен ата енеме агама айткан жокмун. Меерим ежеге айттым озубузчо Нике кыйдырып бирге жашай берели анан убагы келгенде баары билинет биз айтпасакда дедим. Десем ал ойлонуп коройун деп айтты макул дедим. Бир жумадан сон макул деп айтты. Экобуз уйго еле молдо чакырып Нике окутуп баш кошуп алдык. Январь айында баш коштук боюнда болду. Ото ынтымактуу семья болуп жашап жаттык ал мени кичусун дебейт мени сиз дейт. Мен аны сен дейм ал мени суйот мен аны суйом жашообуз ото жакшы кыйынчылык деле жок. Анын баласын оз баламдай еле кором кату суйлобойм озуда жоош жакшы бала. Дем алыш кундору торговый развлекателный центрлерге барып конул ачып ойноп шаар айланып келебиз. 7 айлык боюнда бар кезде ата енем агама билдирдим. Айтып баарын тушундуруп бирок ал менден жашы чон бир баласы бар екенин айткан жокмун. Тороду тороп больницадан чыкканда. Айттым ата енем агама менден жашы чон екенин. Алар мени жаман коруп аялымы жаман коруп сени окутуп алган ал аял деп ал менен ажырашып кет деп таштайсын аны деп мени жаман коруп калышты. Азыр еми эмне кылышымды билбей калдым жашай берейн десем. Ата енем каршы. Жашабай койойн десем. Бир балам бар ото ширин балам и Меерим мага жагат таштап кете албайм журогум жол бербейт.
Өзүмөн 12 жаш улуу аялга үйлөнүп бир балалуу болдум Озумон 12жаш чон аялга уйлонуп бир балалуу болдум
#2 08 December 2014 - 15:13
Эмне дешти да билбейм чынында. Ата-эненин уруксаты жок үйлөнүүнүн кереги жок эле менимче.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#3 08 December 2014 - 15:17
Кызык азыр сиз ага конуп гана калсаныз керек деген ой келип кетти..
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#4 08 December 2014 - 15:20
Автор сиз ушундай тоскоолдуктар б.а каршы чыгуулар болоорун билгенсиз уйлоноордун астында, жана чечим чыгаргансыз.
Эми артка жол жок, ортонордо бала дагы бар экен. Ата энениз тушунот убагы келгенде, бизде негизи эле куйоосу кичуу болсо туз коз карашта эмес, дароо эле башын айландырып тийип алган ж.б айтып чыгышат.Эн негизгиси силер бактылуусунар,
бири биринерди тушуносунор.
Сизге ийгилик! Оз бактыныз учун курошунуз!
Апакем менин кымбатым!
#5 08 December 2014 - 15:32
Эми ал Мээрим озу оронуп журсо намаз окуса кудайдан корккон пенде болсо неге андай жолго барды экен деймда сенин досундун сунушуна маакул болуп.Намаз окуса кудайдан корксо ата-эненин батасын алып баш кошуу дегенди билсе керек эле.Ал озу деле билгенда бир куну ушундай жагдай жаралаарын.
Балким ал сенин досун менен озунун ден-соолугун ойлоп гана нике окутуп анан жашоого маакул болгондур.Канткен кундо да акыркы соз,акыркы чечим Мээримдин озундо жана досунда.Эми бул жерде сенин айтайын деген нерсенди деле тушундум болгону сен аны жазбапсын, Мухаммед пайгампарыбыз деле озунон 20 жаш улуу аялдга уйлонгонго деп сурайын деген экенсин сурабапсын.
. Ошол эми жогоруда жазып кеткендей акыркы чечим Мээримде анан сенин досундун озундо.
Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
#7 08 December 2014 - 15:46
Кичине эле суйлошуп, ошо учун ичип чеккенине караганда женил ойлуу экенсин. Келечекте мээримден жакшы кыз чыкса аны тез эле таштап кетесин балана да карабай.
Турмуш- бул чоон мектеп!
#8 08 December 2014 - 15:47
Кечиресиз мен ишенбедим,жомоктогудай жазып койупсуз,чет жакта журуп шоктук кылып,ушундай акылсыз аялдарга тушунбойм,озунун баласындай балага тийгенден кору,тынч эле журо бер.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#9 08 December 2014 - 15:51
Бул жерде суйуу жок,жон эле ага конуп калгансыз,убакыт отушу менен баары озгорулот,досторунуздун арасында да четтеп каласыз,апандай болгон аялын журобу деп,мындай окуяларды коруп,угуп эле журобуз,ортонордо наристе бар экен.Билбедим,
адам баласы бир иш кылаарда эртесин да ойлошу керек.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#10 08 December 2014 - 15:54
Суйуу жок болсо да баарын ойлонуп туруп уйлонуш керек болчу да ата энен каршы болорун билгенсин да анан озуно черная полоса болгондо аны пайдалангандай болбой эми эмне кылышты билбейм дебей раз балалуу болдун жашашын керек бироонун жашоосу игрушка эмес да
#11 08 December 2014 - 15:55
Айла жок эми, балалуу болуп калыпсын, бир тараптан аны суйот экенсин жашай бер эми. Эми баары кеч окшойт бир болсо. 5 жашка чейин чон болсо билбедим, андан чоңуна жаакшылап ойлонуп чечим чыгаруу керек эле. Бирок бул жерде ата-эне нааразы болот деген менен, Кудай нааразы болбосо керек, эгер сен чындап аны менен жашап, баласына да ата болом десен. Ата-Энеден да Жараткандын өкүмү бийик турат, демек Кудайга жаккан жолду тандаш керек. Чын дилден.
#12 08 December 2014 - 16:27
Баарын озун ойлонуп,чечимди да озун чыгар демекчимин.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#13 08 December 2014 - 16:53
Эми жашай бер!Бул жазгандарынды тушуктуу маанилуу жазыпсын!
Ал эже Сени зордоп башынды айлантбаптыр.
Озун барын талдап журогуно конулуно баш ийипсин! Кадырлап баалап бактылуу жаша!
#14 08 December 2014 - 16:58
Кудай сизге озу жол корсотсун!
!!Мынтип жашап жаткандардан,
бир гана сиз эмесиз!Бакыт гана каалайм!!
!
#17 08 December 2014 - 17:36
Бундай нерсе болуп турат Москвада оз козум мн коргум. Билбейм сага эмне дешти да.
#18 08 December 2014 - 17:38
Неге ишенбейсинер,
мен Москвада турам мындай окуяларды толтура коруп эле журом, мен учун калыштын кереги жок)))
#19 08 December 2014 - 17:41
Ата-Эне эч качан баласына жамандык каалабайт, сен алардын айтканын кыл болбосо бир кун ото чон окунучто каласын. Эрктуу болгонго аракет кыл.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















