Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 168
  • 169
  • 170
  • 171
  • 172
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3381 Пользователь офлайн   Lui   05 Декабрь 2014 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения Jeka (04 Декабрь 2014 - 17:33) жазган:

Тамашадан – таш чыкты
Тайсалдатып – баш жыкты
Луи айым, он сап менен -
Агатайын, 2-0 гө, бат жыкты


2-0 менен утупмун,
Жеңиштин суусун жутупмун,
Алаксып жүруп иш менен,
Айтышты бираз унтупмун.
Жазылчу ырдын саптарын,
Чыгарбай сыртка муунтупмун.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 05 Декабрь 2014 - 15:08

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3382 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Декабрь 2014 - 18:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Кыш келсе учуп чымындар,
Илхомум козуп жымыңдар....
Чер жазмак үчун мен келдим
Айтышар мында кимиң бар?
Өтсө да канча кылымдар
Төрөлүп төкмө кулундар...
Токомду туурап мен келдим,
Токушар мында кимиң бар?
Менде жок,итте тыным бар
Жалган жок айтаар чыным бар
Жазышмак үчүн мен келдим
Жакшылап ырдаар кимиң бар?
Аз болсо деле ырым бар
Көп эле арман сырым бар,
Көрүшмөк үчүн мен келдим,
Көңүлү таза кимиң бар?
Тартышсам сөздөн тилим бар
Айтышсам азмаз билим бар.
Араңдан бошоп мен келдим
Акылы тунук кимиң бар?
Жалганга келер жиним бар
Ар иште дайым чиним бар
Чындыкты издеп мен келдим
Чымчылап ырдаар кимиң бар?
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3383 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Декабрь 2014 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Агай-агай дедирип,
Лагмандан бир порс жедирип.
Жека акам кызып калыптыр
Кыздардын арасында семирип :)

Ар жактан ырлар токулуп,
Сап-сабы менен окулуп.
Жалаң кыздар жана мен деп
Короздой эле чокунуп...
Арада кээде коңшулары
Тоскоолдоп мендей кошулуп..

Жыргаган эле турбайбы,
Куунаган эле турбайбы
Иши жок ээн баш калтырып
Жеңем эмне көңүл бурбайбы?

Эртеден кечке ыр жазып,
Сулуулар менен чер жазып.
Тирилик калып, иш калып
Экөөсү менен бир жазып.

Жыргаган "акам"кандайсыз?
Ар дайым кыздарды жандайсыз
Тамаша айтсам түшнүп
Көңүлүңүзгө албайсыз..
Жүрөкө буйрук бере албай
Образга толук кире албай
Башкара албай сезимди
Өзүңүздү неге алдайсыз..
Бул кетиште "акам"ой
Эч качан сүйбөй калбайсыз.
Байкаймын көптөн күзөтүп
Жай өтүп мына күз өтүп
Суйкайган Луи сулуунун
Артынан такыр калбайсыз.

Сүйүү жашты тандабайт,
Чын болсо жүрөк чаңдабайт.
Сезимсиз болсоң такыры
Баш ооруп мээң паңдабайт.
Жаныңда турса жаркының
Көз бүтүп эч бир аңдабайт.
Сүйбөсө акам чынында
Мынчалык ырды камдабайт:)
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3384 Пользователь офлайн   Jeka   05 Декабрь 2014 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кышында биздин чымындар
Укташат жыргап, бырылдап
Сеники абдан кызык го –
Кышында учуп, жымыӊдап

Туурай албайт Токомду
Кыргызда эч бир төкмө акын
Айтканыӊ кызык сөз болду -
Токомдун туугандарынан болосуӊ го, жакын

Билбейт экем иттердин
Тынымы бар, жок экенин
Жакшылап “жазып”, ырдасаӊ –
Жазышып бир аз беремин

Арман, сырды айта бер
Аз болсо да ырдай бер
Көрөмүн десеӊ, Жеканын –
Көнүлү таза, ылгай бер

Тилиӊин бары - жакшы экен
Билимиӊ бир аз жарды экен
Бошоп келсеӊ, билип ал –
Менде да аз-маз акыл бар

Жиниӊи анан текшерем
Чиниӊи андан теп-тереӊ
Чындыкты издеп келипсин -
Чымчылап ырдап мен берем

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 05 Декабрь 2014 - 18:50

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3385 Пользователь офлайн   Jeka   05 Декабрь 2014 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Агай болгон абдан жакшы
Лагман анын - жактырган ашы
Луи, Мега бышырган
Тамактан семирип кеттим, жакшы

Токулган сап-сап ырларды
Окуганы келдиңби?
Же короздой болуп, жем чокуп -
Чокунганы келдиӊби?

"Иши жок, ээнбаш" маалымда
"Куунап, жыргап" алайын –
Жеӊене болсо маалымда-
"Куурап, чырдап" калайын

Эбин билсеӊ ырдай бер
Экөөсү менен жыргай бер
Тирилик менен иш дагы-
"Эркелейт" , төксөң маңдай тер

“Жигит болсоӊ – шок бол” дейт
“Шок болбосоӊ – жок бол” дейт
Жок болгуча – шок болоюн
Чок болгуча – от болоюн

Сүйөм деп тартпайм убара
“Сүйөм” деп бергем убада
Мага - ошону насип кылсын
Суйкайган сулуу Луиге -
Сүйүүгө бек адамды
Кудай түбөлүк жакын кылсын

Сүйүү деген - бир тонналык ыр эмес
Сүйүү деген – ичке каткан сыр эмес
Сүйүү деген – өмүр бою тик кароо
Сүйүү деген – өмүр бою бир жашоо

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 05 Декабрь 2014 - 19:38

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3386 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Декабрь 2014 - 19:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Бырылдап уктаса чымыныңыз
Коңурук тартат турбайбы.
Чымын дегенди түшүнбөгөн
Акынды кудай урбайбы.
Билбесе Жека чымынды
Инисиден бир ооз сурабайбы

Токомду туурап ырдасам
Окшобостугун билемин
Токомдой ырдап жүрсөм деген
Жакшына менин тилегим.
Жинденип мага калыптыр
Түрүнүп агам билегин.
Антпестен акам каалап кой
Бутумдан тартпай тилегиң.

Иттердин тынбай үргөнүн
Түндөсү чуркап жүргөнүн.
Айылда өсүп чоңоюп
Жека ака өзүм көргөнмүн.
Сөзүмдөн илем деп эле
Ооо агай сөздү бөлбөгүн.
Чымчылаар сиздей бар болсун
Өлбөгүн агай өлбөгүн!! !
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3387 Пользователь офлайн   temirbek77782   06 Декабрь 2014 - 03:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 12:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

"Айтыш" десе айтпайлычы жаман кептеп,
Конулдорду каралатып боеп кеткен.
Ансыз деле жашоо чиркин жалган екен
Болсок деймин сый урматка дайым бекем.

Улууларга "сыйларыбыз" болсо екен,
Тордо олтуруп баталарын бизге берген.
Кичуулорун ызат кылып "ызылдатпай" ,
Кенеш берчуу ак сакалдар коп болсо екен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3388 Пользователь офлайн   temirbek77782   06 Декабрь 2014 - 04:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 12:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Иттер урот ырылдап
Чымындарын чырылдап
Кыштын камын корушуп
Кыргыз журот ызылдап.


Кыш келиптир карасак
Кыйын болду бааласак
Светин жок газын жок
Комурлорун кымбаттап
Тезектерди каратат.


Ой заман ай заман ай эмне болуп баратат?
Сасыган бул саясат кимди барып каратат
АШАкемдин бийлиги дагы канча кууратат
Деги билбейм кыргызым кайда кетип баратат

Шайлоо шайлоо дагы шайлоо
Биринчинди екинчин
Чукулашып арттан пайлоо
Иштейм деген партияны
Иштейм деген Жан кыярды
Буттан тартып аны жайлоо.


Саясатка кызыкпайм дейм бирок журок жол бербейт,
Иштерманды иштетпей камап жатса ким кейибейт.
Акыйкат жок бийлигинин кыргызымдын,
Прокурор Аидадай уул кызындын.
Соттор журот "Батукайга" жооп берип,
"ГАИ" журот килем тошоп жол берип.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3389 Пользователь офлайн   temirbek77782   06 Декабрь 2014 - 05:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 12:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Просмотр сообщения temirbek77782 (06 Декабрь 2014 - 01:45) жазган:

Иттер урот ырылдап
Чымындарын чырылдап
Кыштын камын кеч коруп
Кыргыз журот ызылдап.


Кыш келиптир карасак
Кыйын болду бааласак
Светин жок газын жок
Комурлорун кымбаттап
Тезектерди каратат.


Ой заман ай заман ай эмне болуп баратат?
Сасыган бул саясат кимди барып каратат
АШАкемдин бийлиги дагы канча кууратат
Деги билбейм кыргызым кайда кетип баратат

Шайлоо шайлоо дагы шайлоо
Биринчинди екинчин
Чукулашып арттан пайлоо
Иштейм деген партияны
Иштейм деген Жан кыярды
Буттан тартып аны жайлоо.


Саясатка кызыкпайм дейм бирок журок жол бербейт,
Иштерманды иштетпей камап жатса ким кейибейт.
Акыйкат жок бийлигинин кыргызымдын,
Прокурор Аидадай уул кызындын.
Соттор журот "Батукайга" жооп берип,
"ГАИ" журот килем тошоп жол берип.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3390 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   08 Декабрь 2014 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Салам айтып айылга
Кыштын куну баш бактым
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3391 Пользователь офлайн   temirbek77782   10 Декабрь 2014 - 02:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2016 12:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Салам айтып Айылдык кыз куш келипсиз
Акындардын айлына туш келипсиз
Арбаныз Айылдык кыз кандайсыз?
Эки саптуу ырынызды камдайсыз
Алик алып мен келдим алдынызга
Ушутпостон кыштын куну жанынызга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3392 Пользователь офлайн   kom   10 Декабрь 2014 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Просмотр сообщения Jeka (03 Декабрь 2014 - 18:11) жазган:

....
Ооба,
Ишене бер көзүӊө
Мен Жекамын – сен билген
"Төөлөс" кайда экенин -
Мен жакта деп билдирген
....


Кайран гана кайнага
Кайткан экен калаага
Кайтканын айтып койбоптур
Эрке куйоо балага

Анда, мен жон турбайын
Акыбалын сурайын
Корунбой кайда журдунуз?
Кантип омур сурдунуз?
Кирбей калып был шаарга
Кандай отту кундорунуз?

Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3393 Пользователь офлайн   kom   10 Декабрь 2014 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Арандан зорго бошонуп
Аттын оозун бош коюп
Кайтпас мында кайтыптыр
Айтышам деп шоктонуп
Суук тушсо да карабай
Чымындарын ойготуп
Токушарга жан издейт
Токомду кошуп толготуп
Кайтпасым мында толгонуп
Чокушарга ким бар дейт
Корозго озун окшотуп...

Жакшысын издеп калемдин
Жазышарга ким бар дейт
"Айта турган сырым бар"-
"Жашырарга ким бар?"- дейт
Алым сабак айтышып
Жарышарга ким бар дейт
Бук болгон го бул жигит
Коп кире албай бул шаарга
Чарчаганча энтигип
Айтышаарга ким бар дейт...

Кел тууганым от торго
Конулунду чоктурбо
Куто турсан секинден
Келип калаар селкилер
Алым-сабак айтышып
Суйуу созун арнашып
Мына ошондо бук болгон
Сырга ичи жык толгон
Журок чиркин силкинеер
Кубанычтан "селт" этеер.....

Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3394 Пользователь офлайн   Montekristo   10 Декабрь 2014 - 19:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 07:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалгыздык дуйносундо

Оо Кыргызым калайык,
Саламдашып алайык.
саламдашып буткон сон,
Бир айтышып алайык.
ийне менен чукулап,
терен кудук казалы.
Четтен турба жалгыздап,
бугун черди жазалы.
саламыбыз дайыма,
туз болуусун каалаймын.
кереметту айтышта,
таанышуудан баштайын.
Анткени мен бул жерге,
Анча деле кирбеймин.
Кимин кыйын ким мыкты,
Анысын да билбеймин.
токмо болуп айтышар,
Анча деле талант жок,
чукугандай соз табар,
жеткиликтуу сабат жок.
бир же эки мертебе,
коргон элем айтышып.
башкалардай мен деле,
корсом дегем жарышып.
бутуп калып создорум,
жашка толгон коздорум.
токмолордун алдында,
айтпа духум очконун.
эл которот женгенди,
жер которот мендейди.
женилсем да коройун,
жакшылап бир тогойун.
окшошпосо кулмой жок,
ушак кылып иймей жок.
жалгыз мени талпалап,
ар тараптан тиймей жок.
эркегинби кызынбы,
акынынбы ырчынбы,
бирин чыксан экинчин.
кор бергин камынды.
айтышууга мен даяр,
журок урган кимин бар,
карап турган калын эл,
бата кылып кол жаяр.
озум Кыргыз уулумун,
Бир КУДАЙдын кулумун.
айтышууга аттанып,
белди байлап турумун.
аттан кулап тушсом да,
тушпой коем ээрден.
турса керек артымда,
жигит пири шаймерден.
кана эми киминер,
баарын эмес биринер.
чыгып келип ортого,
ырды улап кетинер...
Умей ценить того, кто по тебе скучает. И не гонись за тем, кто счастлив без тебя...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3395 Пользователь офлайн   EXCLUSIVE-KG   12 Декабрь 2014 - 13:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 936
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2018 15:10

Сармерден айтып
жарышып,
Саламды катуу алышып,
Бар бекен мырза айымдар,
Шапар тепчуу айтышып,
,,
Кызыктуу маек куралы,
Сындырбай шакты улайлы,
Кызыктын баарын откузуп,
Бекерге карап турбайлы


Салам

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3396 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   25 Декабрь 2014 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Айылдагы акындар
Кайда кетип калышкан?
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3397 Пользователь офлайн   Lui   17 Январь 2015 - 10:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Аста басып айылга келдим,
Акындарга салам бердим,
Алыстан да караан көрүнбөй,
Аңгырап бош калыптыр жерим,
Айылдык кыз да сурап өтүптүр,
Амандыгын айылдын элин.


Кубанычка толуп келгем,
Кыр ашып суук жерден,
Кыйкырсам эчким укпайт,
Кыштоодогу акын элден.


Күлмүңдөп кирип келгем,
Кар болуп бийик белден,
"Келгин" -деп чыккан жан жок,
Кол берип чечен элден.


Каардуу аяздан коркуп,
Керебетте свитер токуп,
Кээ бири отургандыр,
"Кылычтын сынганын" окуп.


Караан жок! Кеч келейин,
Кайрадан тамганы терейин,
Кайталап болсо да,
Кымбаттуларга саламды берейин...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3398 Пользователь офлайн   kaitpas   17 Январь 2015 - 17:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эски тааныш достордой,
Амандашып туралы
Сайраган оо боз торгой
Саламдашып туралы.
Алыс дебей аралык
Кадамдашып туралы
Анча-мынча биз жакка да
Көңүлдү бииир буралы.

Жылдан жылдар алмашты,
Канчалар кол кармашты.
Сан миңдеген кезигип
бакытка бел байлашты.
Капаларды кечирип
Тарынычты айдашты.
Көптөгөн көз кубанып
Жадырашты жайнашты...

Сүйлө кандай жаңылык?
Калгансың го тарынып
"Лично" салам бербейсиң
Мурункудай жагынып.
Же секетим калдыңбы
"Обручальный" тагынып
Келин болуп башыңа
Ак жоолугуң салынып.
А мен байкуш алыста
Калдым сени сагынып
Эстеп коем кез-кезде
Өткөн күнгө багынып.
Агайыңдай жазбасам да
Жаздым бир аз камынып.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3399 Пользователь офлайн   Lui   19 Январь 2015 - 09:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Кайтпас кайтып келиптир,
Салам мага бериптир,
Жагынбайсың мага деп,
Бир топ сөздү териптир,
Кол алган соң акыркы,
Бир топ карлар эриптир,
Күндү, айды, сааттарды,
Бир топ мезгил жеңиптир...


Эмне сонун кызыктуу,
Жаңылыкты сүйлөсөм?
Сөзгө сөзду көркөмдөп,
Кооздоп жасап, түрлөсөм?
Мени көргөн убактан,
Бир см-ге өскөм))
Жүрөктөбү, жашоодо,
Жок го менин эч бөксөм,
Аман болсун ата-энем,
Менин ушул бир көксөөм,
Жыргап калат жээндерим,
Беттен чойуп мен өпсөм,

Бир ой басып , кыйналып,
Ой көлүнө мен чөксөм,
Жеңилденем, эс алам,
Ырды жазып мен төксөм,
Ушул эле жаңылык,
Артты карап мен өтсөм...

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 19 Январь 2015 - 09:40

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3400 Пользователь офлайн   Lui   19 Январь 2015 - 09:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

...

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 19 Январь 2015 - 09:39

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 168
  • 169
  • 170
  • 171
  • 172
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 39 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 39, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 14:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: