Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#941 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 00:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Саламатсызбы. .карынд
ашкасы! Билдирүү лөрүң үзгө караганда абдан токтоо, адамдын көңлү н оорутпаган айым болсоңуз керек...Сизден сурайын дегеним:




1. Адамдардагы (айрыкча жигиттердеги) кайсы сапатты эң жогору баалайсыз?

Адамдарда адамгерчиликти, жөнөкө йлүктү , чынчылдыкты жогору баалайм. Бул сапаттарга ээ жигиттер өзгөчө жагат.

2.Бирө ө көңү лүңү здү оорутса кантип өч аласыз же болбосо кантип өзүң үздү алаксытасыз?

Кө ңүл деген назик нерсе эмеспи, ооруп калса айыгышы да оор болот, бирок өч алганда оорусунан айыкпайт . Негизи эле түшүнү гү тайкы адамдар кекчил болот эмеспи, мен өч алууну көздөбө йм. Жаман нерселерге көңү л бурбай, тез унутууга аракет кылып өзүмдү алаксытам.

3.Негизги максаттарымдын бири эне сүтүн актоо дептирсиз.. сиздин оюңузча канткенде аны актай алса болот?

Ушул суроону кезегинде апама бергем , ошондо балам качан ойлогон ой-тилегине жетип, турмушта өз жолунду таап кетсен, өзүң дүн абийирин алдында таза болуп, ата-эне , бир туугандарына, санаалаш, насиптештерине камкор болсон эне сүтү акталган болот деген эле. Менин алдымдагы эң чоң максат- ушул нерселерге жетишүү .

4. Көңү лүңздү көтөрү үчүн (же болбосо жашоону узартуу үчүн деп коелучу) кандай секреттерди колдоносуз эгерде жашыруун болбосо?

Көңү лүмдү көтөрү нкү алып жүргөнгө аракет кылам, күлкү- өмүрдү н мүлкү деп айтылат эмеспи, эгер ушу чын болсо, анда менин өмүрү м узак болот, анткени ар дайым болбосо да көп убакта күлүп жүрөм, ар бир нерсенин жакшы жагына көбүрө өк көңү л бурам, болгон секретим азырынча ушулар.
:unsure:

5. Жашоодо кээде артист боло коет эмеспизби.. сиз азыркы учурда кимдин ролун аткаруудасыз. же аткаргың ыз келет?

Кү ндүз ишимди аткарып жүргөн талыкпас иштерман, кечинде болсо балкондон жылдыздуу асманды карап ойго баткан кыздын ролун "аткарып" жүрөм. :rolleyes:

Жоопторуң уз үчүн алдын-ала рахмат!


Рахмат байкеси, сиздин суроолоруң узду чыдамсыздык менен күтүп жаттым эле. Канааттандыраарлык жооп алдыныз деген үмүттө мүн :tongue:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#942 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 01:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Салам сулуу кыз, интервьюга куш келипсин! Сени оюн кулкудон корчу элем кобунчосу, мага кызык эле, Макси кыз кандай жазат болду экен башка темаларда деп, окуп алып абдан жоопторуна ынандым, азамат кок койнокчон кыз.

Мен дагы суроолорумду берип калайын:



1. Жашоонун манызы- сен учун эмнеде?


Бир берилген өмүрдү татыктуу жашап кетүүдо.

2. "Алганы жарашса- кара катын ак болот", деген жакшы макал бар элибизде, кандай тушуносун ушул макалды?

Жары көңү лүн оорутпай, кабак -кашын бүркөттү рбөй, оюндагысын 100 % болбосо да 50% аткарып , жан эркем , жан биргем деп эркелетип бөпөлө п бакса, ары-бери көп баспай, балдарынын сүйүктү ү атасы болсо (кыялдагы идеалдуу эркектин образы жазылып кетти окшойт :tongue: ), ,жарынын сүймөнчү ктүү түгөйү болсо , анан кара аял ак болот да ээ? :rolleyes:

3. Сенин табитиндеги жигит, 7 жакшы сапатын айта аласынбы?


Оууу, анда санайлы ээ :) Адамгерчилдик, чынчылдык, жөнөкө йлүк, кичипейилдик, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген, досторунун арасында кадыр-барк күтө билген, айткан сөзүнө тура турган, колундагысын аянбаган берешендик, сезимде болобу, башка нерседе болобу - туруктуулук, ай-ий санай берсе уланып кете берет экен.

4. Апан сен учун?

Азыркы турган турпатымда мен ким болсом ушунун баарына жеткирген - апам, демек апам мен үчүн сөз менен айтып, жазып жеткиралгыз ыйык жан.

5. Форумда досторун коп экенин билем- "дос бир жакшылыкта, бир жамандыкта билинет", деп айтат, сен кандай ойлойсун?


Жамандык- жакшылыктардын аркасы менен жанындагы, чөйрөң дөгү адамдарды жакындап таанып калууга болот эмеспи. Достук деген масканы бекем кийип алып сыртындан сатып жүргөндө р да четтен чыгат, бирок андайларга көнүл буруп аларга "удовольствие" тартуулабай , көңү л сыртында калтырып койгон оң. Ал эми чыныгы дос жакшылыгында кошо кубанып, жамандыкта кайгынды тең бөлүшү п, жаманынды бетке айтат. Дос деген ыйык нерсе , аны баалай билиш керек деп ойлойм.
Форумда досторум, санаалаштарым чынында эле көп, ушул нерсе менен сыймыктанам.

- Алдын ала рахматымды айтам Макситай, ишинде, турмушунда дайыма ак жол болуп, ийгиликтер коштоп журсун!


Алтынга тете убактынызда бөлүп суроо бергениң из үчүн рахмат эжекеси. Суроолоруң узга колумдан келишинче жооп бергенге аракет кылдым.
%)


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#943 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 01:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Суроо:
колундан эч нерсе келбей, эмне кылаарынды билбей, алын кетип, айла таппай калганда биринчи кандай туура кадам кылуу керек???


Колумдан эч нерсе келбейт деп отура берген болбойт, ар бир кырдаалдан чыгуунун жолдору бар, болгону шашпай анализдеп, жакшылап ойлонуп, мүмкүн болгон баардык варианттарды карап , таразалап, мүмкүнчү лүктөрдү изилдеп көрүш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#944 Пользователь офлайн   Jeka   26 Май 2009 - 09:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азамамт, азамат maksi айым. Демек, коллега турбайбызбы ээ. Суроолорго жакшы жооп берипсиң . Мен ынандым. Эмесе, интервьюң ийгиликтү ү өтсүн!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#945 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 09:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Азамат, азамат maksi айым. Демек, коллега турбайбызбы ээ. Суроолорго жакшы жооп берипсиң . Мен ынандым. Эмесе, интервьюң ийгиликтү ү өтсүн!


Чооооооң рахмат байкеси. %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#946 Пользователь офлайн   USSR   26 Май 2009 - 10:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Салам Макси! Эмнегедир суроолордон жоопторун кыскарып кеткендей... ....
Кечинде романтик кыздын ролун "аткарып жатканын" жонундо.....
Жылдыздардын арасынан эмнени издейсин?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#947 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 11:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Салам Макси! Эмнегедир суроолордон жоопторун кыскарып кеткендей... ....


Саламатсызбы байкеси? Сиз үчүн узартып жазып берейин %) .

- Кечинде романтик кыздын ролун "аткарып жатканын" жонундо.....
Жылдыздардын арасынан эмнени издейсин?

Мен өзүм негизи эле романтикага жакын жан болушум керек, ошол үчүн бул "ролду" аткарыш оңой. Жүрөктү н тереңинде катылган аруу сезимдер кыялдарды кытыгылап, жан дүйнөм жылуулук эңсегенде, жылдыздуу асманды карап жымыңдаган жылдыздардын арасынан жалгыздыгымды кооздоп берчү адамды , а балким, жан шеригимди издесем керек.


Суроолорунузду "чыдамсыздык" менен күтө берем :tongue:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#948 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 11:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Цитата(shasi @ 26.5.2009, 10:22) <{POST_SNAPBACK}>Ой, Макси, мен сени чын эле Мышкажан менен алмаштырып алыпмын. Ошентсе да суроолорго жооп бергенине рахмат. Ийгилик! %)


Сурооң уз үчүн рахмат эжеке, адашуу ар бирибизде болот эмеспи. :tongue:

Билдирүүнү түзөткөн: maksi: 26 Май 2009 - 11:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#949 Пользователь офлайн   aruu   26 Май 2009 - 11:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 268
  • Катталган: 07 Август 08
  • Соңку аракети: 12 Июн 2015 17:54
  • Калаасы:ОШ шаары

Оуу соннун кыз, менин суйуктуу курбум келип калган тура %) ! Тирилик (жумуш) деп журуп :tongue: сенин келгенинди да билбей кала жаздапмын. Анда эмесе суроолор сонун кыз:
1. Башта бир аз айтып кетипсин ошентсе да, Келечектеги жубайын кандай болуусун каалайсын?
2. Аялзатынын бул жашоодогу ролу эмнеде?
3. Аялзаты карьераныбы же уй-було куруп, балдарды тороп, тарбиялоону тандоосу керекпи? сенин коз карашын?
4. "Жакшы кыз" деген кандай болуусу керек?
5. Сенин жазып жургонунду, "Чымындуу" экенинди байкап калчумун, бугун торт сап ырындан улам ынанып отурам, жазууга азыкты, шыктанууну эмнеден аласын?

коп болуп кетпедиби? :) акыркысы сулуу:
6. Жашоодогу девизин кандай?
Ийгилик!! ! :kiss2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#950 Пользователь офлайн   лунка   26 Май 2009 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 653
  • Катталган: 15 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 12:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Рф

жашоо эмнеси менен кызык деп ойлойсун?
сен учун бакыт эмнеден башталат?
алдын ала ырахмат досям го менин........... ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#951 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 15:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Оуу соннун кыз, менин суйуктуу курбум келип калган тура ! Тирилик (жумуш) деп журуп сенин келгенинди да билбей кала жаздапмын. Анда эмесе суроолор сонун кыз:


Суроолоруң ду күтүп жүрдүм эле сулуу... :crazy-girl:


1. Башта бир аз айтып кетипсин ошентсе да, келечектеги жубайын кандай болуусун каалайсын?

Келечектеги жубайымдын ата-эне, туугандарын урматтаган , курбу-курдаштарын сыйлаган, алган жарына, неигизи эле аялзатына аяр мамиле жасаган, айтканына бекем турган, жөн жерден чатак баштабаган, барга көппөй, жокко чөкпөгө н, кыргызымдын ыймандуу жигити болушун тилээр элем.

2. Аялзатынын бул жашоодогу ролу эмнеде?

Аялзатынын бул дүйнөдө гү ролу адамзаттын тукумун улоодо , жалгыздыктын жан дүйнөнү эзген курчоосунда калбай , бири- бирине эриш аркак болуп, тирүүчү лүктүн жыргалын бирге көрүп, ачуу-таттусун бирге тартышсын деп эркекке түгөй болуп , жашоодо мээрман эне, күйүмдү ү жубай болууда болсо керек.

3. Аялзаты карьераныбы же уй-було куруп, балдарды тороп, тарбиялоону тандоосу керекпи? сенин коз карашын?

Ар кимдин умтулган өз бийиктиги, максаты, тандоосу бар эмеспи , андай кылыш керек, мындай кылыш керек деп чек коюп, башка бир нерсени таңуулагай албайт эмеспизби. Карьера - убактылуу нерсе экенин эстен чыгарбоо зарыл, ал эми аялзаты бул дүйнөгө тукум улоочу касиеттү ү күчкө ээ болуп жаралгандан кийин , өз "миссиясын" аткаруудан качпай , эне болуу бактысын четке какпаш керек деп ойлойм, . Аялзаты качан гана бала төрөп, тарбиялап чоңойто алса, аял болуп жаралуу бактысын сезсе керек.


4. "Жакшы кыз" деген кандай болуусу керек?


Кыз деген кадырлуу атты татыктуу алып жүргөн, ата-эне, урук-туугандарын уят кыла турган ишке барбаган, дос-курбуларын сыйлаган, сырткы келбетине ички дүйнөсү төп келген, жасаган ишинин майын чыгарган, жаркылдаган кабагы бүркөлбө гөн, жүзүнө н мээрими төгүлгө н, күлсө көздөрү нөн нур жанган, элинин каада-салтын мыкты билген, каршы чыгып кыйкырбаган , жосунсуз жоруктарды жасабаган кыз болсо керек.


5. Сенин жазып жургонунду, "Чымындуу" экенинди байкап калчумун, бугун торт сап ырындан улам ынанып отурам, жазууга азыкты, шыктанууну эмнеден аласын?

"Чымындуумун" деп айталбайм, бирок кээде адашкан чымындарбы, жолбун чымындарбы ким билсин, пайда болуп калышат, көңү лдөрүн ооруткум келбей , анан чиймелеп коем :). Жүрөктү н теренинде сакталып, жан адам билбей , ичимде айтылбай келаткан сырларым "чымындарга " азыр болот окшобойбу.

6. Жашоодогу девизин кандай?

Барга көппө, жокко чөкпө!


Атына заты жарашкан Аруу кыз, суроолоруң үчүн чоооооң рахмат. :give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#952 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

алдын ала ырахмат досям го менин........... ..


1. Жашоо эмнеси менен кызык деп ойлойсун?

Жашоо , жашап жаткан ар бир күнүбү з менен кызык.

2. Сен учун бакыт эмнеден башталат?

Мен үчүн ар бир аткан танды , баткан күндү көрүп жашап жатканым бакыт.

Жашоодон өз бактынды табышынды каалайм. :crazy-girl:

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#953 Пользователь офлайн   URB KG   26 Май 2009 - 16:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 159
  • Катталган: 02 Март 09
  • Соңку аракети: 06 Май 2012 21:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек / Токтогул

Салам Максат кыз!
Мен да сага суроо узатканы келип калдым.

Бирок мен ушундай теманы ачкан USSR (СССР) байкеге рахмат айта кетейин.
Бул аябай жакшы тема болуптур, колдонуучулар бири-бирин терендетип тааныша тургандай жана да кызыктуу.

Андан менин суроолорум:

1. Сен жогоруда айтып кетиптирсин аял-заттын миссиясы бала тороп-багуу деп. Сен озун канча балал остуруп-чонойтсом деп ойлойсун же кыялданасын?

2. Келечекте кайсы жакта жашагын келет: айылдабы же шаардабы? Эгер сенин келечектеги жолдошун айылга жашайбыз десе макул болосунбу?

3. Кыргыздын улуттук салттарына кандай карайсын и "КЫЗ АЛА КАЧУУ" дегенге сенин коз карашын?

4. Мектепте кайсы сабактарды жакшы корчусун?

5. Азыркы учурга келип суйунгон жана окунгон нерселерин?

6. Уйдо жалгыз болгон убактарында эмне менен алектенесин?

7. Эгер "АЛТЫН БАЛЫК" кармап алсан, эмне суранат элен?

Жоопторуна алдын ала рахмат айтып урматы менен,
URB KG.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#954 Пользователь офлайн   maksi   26 Май 2009 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Салам Максат кыз!
Мен да сага суроо узатканы келип калдым.

Бирок мен ушундай теманы ачкан USSR (СССР) байкеге рахмат айта кетейин.
Бул аябай жакшы тема болуптур, колдонуучулар бири-бирин терендетип тааныша тургандай жана да кызыктуу.

Андан менин суроолорум:





1. Сен жогоруда айтып кетиптирсин аял-заттын миссиясы бала тороп-багуу деп. Сен озун канча балал остуруп-чонойтсом деп ойлойсун же кыялданасын?

Аялзаты болуп жаралган соң, кудай берген ден-соолугум бала күтүү гө мүмкүнчү лүк берип аткан соң, канча болсо да төрөйм деген үмүттө мүн. Кыялымда көп баланын мээрман энеси болгум келет. :rolleyes:

2. Келечекте кайсы жакта жашагын келет: айылдабы же шаардабы? Эгер сенин келечектеги жолдошун айылга жашайбыз десе макул болосунбу?

Келечектеги жолдошум айылга барабыз десе макул болмокмун, чогуу түтүн булатып, , бири-бирибизге арка-бел, жөлөк- таяк болобуз турмуштун оош-кыйыш жолдоруна түшкөндө н кийин, айыл жеринде жашайбы , шаарда жашайбы , кандай айырмасы бар ? Эң башкысы ошол жубайым менен мамилем түз болуп, өз ара түшүнү үчүү лүк болсо болду.

4. Мектепте кайсы сабактарды жакшы корчусун?

Физика жана химия.

5. Азыркы учурга келип суйунгон жана окунгон нерселерин?

Сү йүнгөнү м ушул күндөрдө жашап жатканым, өкүнгө нүм убакыттын учуп баратканы.

6. Уйдо жалгыз болгон убактарында эмне менен алектенесин?

Жалгыз болуп калганда корообуздагы гүлдөрдү н арасында жүргөндү , анан бак арасында отуруп алып китеп окуганды жакшы көрөм, тилекке каршы мындай учур сейрек болот. :)


7. Эгер "АЛТЫН БАЛЫК" кармап алсан, эмне суранат элен?

Тынчтык жана элибизге ыйман сурамакмын.


Жоопторуна алдын ала рахмат айтып урматы менен,
URB KG.

Кызыктуу суроолорун үчүн дагы бир жолу рахмат. %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#955 Пользователь офлайн   edil   26 Май 2009 - 18:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 08 Июнь 08
  • Соңку аракети: 23 Июн 2020 11:15
  • Жынысы:Эркек

Куш келипсин кызыке СУПЕР-ИНТЕРВЬЮга
Анда мен дагы бир эки суроо бере кетейин.
1. Сен учун -Жашоонун манызы эмнеде?
2. Адамды жакшы кылган кайсы сапатта, жаман кылган кайсы сапат?
3. Аял затына тейешелуу кайсы сапаттан аксап келесин? Мисалы (тамакты жакшы жазай албай каласынбы же д. у. с).
4. Аябай жинденгенде же конул тушуп турганда озунду кантип алаксытасын? (Конулук тушбой эле койсун)

Алдан ала чоон рахмат кызыке.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#956 Пользователь офлайн   maksi   27 Май 2009 - 09:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

стервозность барбы??
канчаны суйдуруп журосун?


1. Стервозность барбы??

Бар экенин байкабаптырмын, жок.

2. Канчаны суйдуруп журосун?

Оуууу, бирөөнү күчтөп сүйдүрө албайсын да , ошондуктан эч кимди сүйдүрбө й эле жүрөм десем туура болот го. :crazy-girl:

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#957 Пользователь офлайн   Барс   27 Май 2009 - 10:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Макси балдыз! Чындап Кыргызстандын туштугуно келип, мени ушул жактан бажалуу кыласынбы? Эмне учун ырларды аз жазбай жатасын? Ырахмат!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#958 Пользователь офлайн   maksi   27 Май 2009 - 11:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

окуя жашоонду озгорткон??
кино...китеп. ..ыр сага жаккан??
жооп берип атып кайсы суроолорго кобунчо калп айтасын???
сени ким/эмне кучтуу кылат??
чыныгы суйуу кандай болуш керек??


1. Окуя жашоонду озгорткон??

7 жыл мурда , күтүлбө гөн жерден үй-бүлө бүздүн тиреги болгон атамдан айрылганда жашоом түп тамырынан өзгөргө н.

2. Кино...китеп. ..ыр сага жаккан??

Тө лөмүш Океевдин "Миражи любви" деген көркөм тасмасын аябай жакшы көрөм. Ч.Айтматовдун жана З.Сооронбаеванын чыгармаларын кайра-кайра окугандан тажабайм, дүйнөлү к адабияттан болсо Т.Драйзердин эмгектери жагат.
А.Керимбаев "Ак маралым", "Гүлдө р гүлгө арзуу айтып ачылат", Joe Dassin " A Toi", Frank Sinatra "Strangers In The Night " дагы көп ырлар жагат :rolleyes: .



3. Жооп берип атып кайсы суроолорго кобунчо калп айтасын???

Шартка жараша чындыкты жашырып коюшум мүмкүн. Бул теманын алкагында болсо болгонун болгондой жазып , жооп берип жатам.

4. Чыныгы суйуу кандай болуш керек??

М.Разинин " Чыныгы сүйүү - жакшылык көрсө көппөйт, жамандык көрсө чөкпөйт" деген сөзү бар эмеспи, ошондой эле, сүй үшкө ндөрдү н бири-бирине болгон сезимдери таза, мамилелери аяр болсо, бири-бирин түшүнү п , колдоп турушса ошондо сүйүү чыныгы болот болуш керек.

5. Сени ким/эмне кучтуу кылат??

Алдыга койгон максаттарым жана жашоого болгон сүйүү м күчтүү кылат.

Атайын мен үчүн деп , убактынды бөлүп берген суроолорун үчүн рахмат. :give_rose:


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#959 Пользователь офлайн   maksi   27 Май 2009 - 12:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Куш келипсин кызыке СУПЕР-ИНТЕРВЬЮга
Анда мен дагы бир эки суроо бере кетейин.


1. Сен учун -Жашоонун манызы эмнеде?

Мен үчүн жашоонун маңызы- өмүрдү текке өткөрбө й, татыктуу жашап кетүүдө .

2. Адамды жакшы кылган кайсы сапатта, жаман кылган кайсы сапат?

Сабырдуулук жана ыймандуулук адамга көрк кошуп турат , ал эми жаман сапаттар деп кекчилдик , ич күйдүү лүк жана көралбастыкты эсептейм.

3. Аял затына тейешелуу кайсы сапаттан аксап келесин? Мисалы (тамакты жакшы жазай албай каласынбы же д. у. с).

Чынын айтсам кайсыл сапаттан аксап келатканымды билбейт экенмин, аялзаты таарынчак келет дейт, мен таарына албайм , ушу жагынан аксап жатат окшойм :rolleyes: .

4. Аябай жинденгенде же конул тушуп турганда озунду кантип алаксытасын? (Конулун тушбой эле койсун)

Жинденип жинимди короткум деле келбейт, бир нерсеге капа болсом же көңү лүм түшүп турса унутуп, башка нерселерге алаксып кеткенге аракет кылам, жөө басканда адамда позитивдү ү ойлор пайда болот дешет го, жөө басам.


Суроолоруң үчүн чоң рахмат Эдил! :give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#960 Пользователь офлайн   maksi   27 Май 2009 - 12:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 437
  • Катталган: 22 Октябрь 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2010 12:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Цитата(Барс @ 27.5.2009, 10:36) <{POST_SNAPBACK}>Макси балдыз! Чындап Кыргызстандын туштугуно келип, мени ушул жактан бажалуу кыласынбы? Эмне учун ырларды аз жазбай жатасын? Ырахмат!


1. Чындап Кыргызстандын туштугуно келип, мени ушул жактан бажалуу кыласынбы?

Саламатсызбы жездеке, кайсы жактан бак айтса , буюрса ошол жактан сизди бажалуу кылам. :rolleyes:

2. Эмне учун ырларды аз жазбай жатасын?


Эмне үчүн ырларды аз жазып жатасын деп сурадыңыз го ээ? Баягы өзүң үз айткан "чымындар" эс алалычы деп эркелеп жатышат. Бир күнү баарын кубалап келип анан жазып коем. :)

Жездеке, убактыңыздын тардыгына карабай келип, суроо бергениң из үчүн рахмат! %)

Билдирүүнү түзөткөн: maksi: 27 Май 2009 - 14:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 23:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: