Экстрасенс Зиреддин Рзаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди 2015-жылы ден соолугуңуздун абалы кыйындашы мүмкүн деп эскертти. Россияда жашаган экстрасенс Зиреддин Рзаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди 2015-жылы ден соолугуңуздун абалы кыйындашы мүмкүн деп эскертти. "2015-жылы коомдук туруктуулук жагынан алганда Казакстан үчүн абал тынчы жок болот. Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн ден соолугун карашы керек, мен жүрөк-кан тамыр системасында, мээнин кан айлануусунда жана эндокриндик системада кыйынчылыктар болушу мүмкүн деп эскертем. Президент мындан улам инфаркт же болбосо инсульт болушу ыктымал. Эгерде быйыл ал жакшылап дарыланбаса жана өзүнүн саламаттыгына аяр мамиле кылбаса, бул коркунучтан кутула албайт," - деген экстрасенстин сөздөрүн берген маалымат булагы. Биздин булактар маалымдагандай, Назарбаев өзүнүн ден соолугун жетишээрлик жакшы карап жатат - өзүнүн жумушчу резиденциясына расмий иш-чаралардын учурунда гана келет, документтерди үйүнөн бир нече саатка гана карап коёт, стресс болгон жагдайлардан качууга аракет кылат, эң башкысы жанында дайыма дарыгер жүрөт. Мунун албетте таң кала турган эч нерсеси жок. Убакытты алдоого мүмкүн эмес - анын курагындагы адамда ден соолукка байланыштуу ар кандай жагдайлар келип чыгары анык, аны алдын-ала айтыш үчүн милдеттүү түрдө экстрасенс же көзү ачык болуунун кажети жок. Эскерте кетсек, ЖМКларга анын мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев маалымдагандай, Назарбаев онкологиялык оору менен ооруган жана бул тууралуу биз өзүбүздүн порталда бир нече ирет жазганбыз. Дайым эрксизден "ушундай абалда өлкөнү жетектөөгө кантип болсун?" - деген суроону берип келгенбиз. 2011-жылы декабрда Рахат Алиев "Нурсултан Назарбаевдин шишик оорусу менен жабыркай турганы тууралуу диагнозу коюлду, ал химиотерапиянын курсун алып жатат," - деп тастыктаган. 2012-жылы ноябрь айында Нурсултан Абишевич кандай абалда көрүнгөнүн эске алганда бул сөздүн чындыгы бар экенинен эч ким шектенбейт. Назарбаевдин EXPO-2017 дүйнөлүк көргөзмөсүн өткөрүүчү жер катары Астана шаарынын тандалып алынганы тууралуу видео кайрылуусунда ал абдан эле кыйналган абалда болчу.
" Биз албетте, дарыгер эмеспиз, бирок Нурсултан Назарбаев бутуна араң турганын байкабай коюу мүмкүн эмес эле. Болгону төрт мүнөт телекамеранын алдында туруу "эл башы" үчүн кыйын болду. Ага кошул-ташыл болуп калтырган колун кыймылдатып жатканынан улам ага кимдир бирөө четтен "ары-тур, бери тур" деп тескеп жаткандай таасир калтырган. Эл башы телесуфлердун жардамы менен тексти араң окуган," - деп жазганбыз биз "Назарбаев эс алса кантет?" - деген материалыбызда.
2013-жылы апрелде Израилдин медициналык борборлорунун ассоциациясы президенттин шишик оорусу менен ооруп жатканын маалымдаган.
"Алынган маалыматка таянсак, израилдик дарыгерлер Нурсултан Назарбаевди жеке менчик "Ассота" онкологиялык госпиталында операция кылышкан," - деп маалымдаган биздин редакцияга Израилдин ЖМКларынын маалыматына шилтеме кылуу менен Анатолий Чагир.
Албетте, расмий Акордо президент күч-кубаттуу экенин тастыктоодо. Бирок анын Казакстандын жыргалчылыгы үчүн иштегенге күчү канчалык калды деген суроо дагы эле ордунда турат.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Декабрь 2014 - 19:51