sister (02 Декабрь 2014 - 10:09) жазган:
Окугандарымдан, уккандарымдан билем Бейиштин сегиз эшиги бар. Кээ бир жерлерден окугам: " сегиз даражасы бар" - деп. Жакында эле окуп калдым: "адам Курандан канча аят билсе, Бейиште ошончо даражага которулот" . Билгеним боюнча сегиз даражасы болсо, Куранда эки минден ашык аят бар болсо... Же бул теманы чукулабаш керекпи?
Имам Тирмизий риваят кылган хадисте бейиштин жүз даражасы бар болуп, анын эң жогорку даражасы Фирдаус бейиши деп айтылат экен.
Ал эми Кураан жаттаган адам тууралуу хадисте минтип айтылат: ага дүйнөдө тартил менен Кураан окугандай Кураан окугун жана көтөрүлгүн. Чындыгында сен окуган акыркы аят сенин ордуң болот.
Бул хадисте бейиштин даражасы жөнүндө эмес, Кураан жаттаган адамдын орду жөнүндө сөз болуп жатат. Бул бир түшүндүрмө. Кенен жооп таба элекмин. Бирок ушундай жооп чыкты азырынча.
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 09 Декабрь 2014 - 16:28