Жараткан менин турмуштук тагдырлашым кылган адамга!
Жараткан менин тагдырымды байлаган, жүрөгүбүзгө сүйүү берген, бизди Өзүнүн эркинде кылган, бири-бирибизге урмат жана боорукердик жасаган адамга!
Сурак күнүндө мен үчүн Аллах алдында жоопкерчилик алгандан коркпогон адамга!
Иншааллах,
сен менин өмүрлүк жолдошумсуң,
сен менин бейишимдин ачкычысың!
Сенин үйүң бейпилдик жана тынчтыкта жашаган, өзүмдү корголгон адам катары сезген, таарынычка,
уруш-талашка орун жок менин сепилим! Мен кайда болбойун, бирок сенин сепилиңе келгенге шашам.
Ар бир таңда сенин жаныңда уйкудан ойгонуп, Аллахка сени мага жолуктурганына ыраазычылык билдирем.
Ар бир күнү сени менин балдарыма тамак таап келүүгө жөнөтүп жатканда, мүмкүн, бул менин сени акыркы жолу жөнөтүп жатканымдыр деп жүрөгүм кооптонот.
Ар бир күнү сен эшикти жаап, сыртка чыгып кетериң менен сени сагынам жана кечинде сен кайрылып келип, мен сени кайрадан көргөнчө күтө албайм.
Сен менин бул жашоодогу таянычымсың,
менин тайгак жолумдагы жолоочумсуң!
Эгер мени менен саламдашпасаң,
сенин көздөрүңдө тынчсыздануу пайда болуп, үнүң сенин мага кайдыгер эмес экениңди айтып турат.
Эгер мага жардам же кеңеш керек болсо, мен сага кайрылам, себеби менин көйгөйүмдү жоопсуз калтырбашыңды,
менин көйгөйүм сенин да көйгөйүң экендигин билем. Эгер мен туура эмес иш жасасам, сен ачууң келгенин байкатпай, мени жумшак гана жазалап, катамды оңдоого жардам бересиң жана Кудайдан менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн суранасың!
Убакытың аябай аз болсо да, сен аны үй-бүлөң үчүн арнайсың!
Ар бир адамдын көйгөйүн укканга, түшүнгөнгө жана жардам бергенге аракеттенесиң!
Сенин бул кылгандарың мен үчүн аябай маанилүү!
Эгер кокусунан сени нааразы кылсам, сен мени кечиргенче менде тынчтык жок жана ар качан сен мени кечиргенге өзүңдөн күч табасың.
Ар дайым кичинекей уулуңду көтөргөнүңдө же кичинекей кызың менен ойногонуңда мен эрксизден сенин назик, жылмайыңкы көздөрүңдү сүйөм, менин балдарыма ушундай атаны насип кылгандыгы үчүн Аллахка шүгүрлөр келтирем жана өзүмдү аябай бактылуу эне сезем.
Ар дайым сен менин көздөрүмө тигиле карап, “Сени Аллах үчүн сүйөм” деп айтканыңда,
мен Аллах бизге ырайым менен карап тургандыгын эстейм.
Мени колумдан кармаган кезиңде, мен биздин күнөөлөрүбүз манжаларыбыз аркылуу суу сыяктуу агып кетип жаткандыгын эстейм.
Мен сенин жубайыңмын,
балдарыңдын энесимин жана Аллахка ырайымдуулугу үчүн миллион жолу шүгүрлөрдү келтиремин!
- (2 )
-
- 1
- 2
Аялынан күйөөсүнө кат. Бактылуу аял заты...
#1 10 December 2014 - 16:05
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 10 December 2014 - 16:30
Ар бир аял ушундай озуну бактылуу сезсе кана.Жашоодо кайгы мундар азайаар беле.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#6 11 December 2014 - 00:27
Тема жакшы экен. Бирок,бизде мындай денгеелге жеткен,ыйманы журоко синген айымдар барбы? Озбектерден кездештирууго болот го.
#7 11 December 2014 - 00:29
Тема жакшы экен. Бирок,бизде мындай денгеелге жеткен,ыйманы журоко синген айымдар барбы? Озбектерден кездештирууго болот го.
#8 11 December 2014 - 12:22
Аны суйсон баардыгын кечирип эле жашай бербейсинби.
Озунду озун эзип жеп буто турган болдунго.Турмушта ар кандай болотда,суугун-
ыссыгында,таттуусун-
ачуусунда которо билиш керек,чыдаш керек.Турмуш бул оюнчук эмесда.
П.С. Сенин эзилип, кыйналып жазгандарынды коруп бул жакта менда журок оору болоюн деп калдым.
П.С. Сенин эзилип, кыйналып жазгандарынды коруп бул жакта менда журок оору болоюн деп калдым.
Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
#9 24 December 2014 - 04:58
Мен куйоомо ушундай кат жаза алам, себеби ал татыктуу жана биз бактылуубуз,
Аллахыма чексиз ыраазымын...
#11 24 December 2014 - 14:27
Ушунун бироосун смс аркылуу жонотуп коройунчу, не деген жооп келээр экен ))))
#13 25 December 2014 - 12:35
Эххххх
((((
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#14 26 December 2014 - 15:26
Мен дагы жолдошума ушундай маңыздагы каттарды жазып турам. Себеби ал ошого татыктуу адам. Окуп алып сүйүнө берет, мен сендей жаза албайм да кантип жооп берем деп. Күнүгө эртең менен жумушка узатып жатып, Кудайым ушул биздин акыркы жолугушуубуз болбосо экен деп тилек кылам. Кудайым ага узун өмүр берсин, ден соолук берсин, тең карыйлы!
#15 27 December 2014 - 05:19
#17 28 December 2014 - 01:39
#18 28 December 2014 - 12:46
Men dagy jazyp turam kuioomo,ushuga okshosh smsterdi,birok baaryn adabii tilde emes,ozubuz koldongon sozdordon koshup,al da maga joop jazyp turat
#19 28 December 2014 - 17:04
М сонун го.мен да жазып турам.бирок ото эле через чур кетпейм..чеги менен жазам.суйунуп калат.ото ала чапсам дардандап кетеби дейм))))
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

















