Ушул менин жапаайычылыгым качан калаар экен. Ал урматтап театрга чакырды. "Кечиресиз агай, семинар күчөп, баш көтөрө албай кыйналып жатам, капа болбоңуз. Бара албайм",— деп кичипейилдүүлүк менен күлүп-жайнап жооп берсем эмне болбок. Чекилик жибердимби дейм. Гүкүш а.
Гүкүш чекилик жибергениң жок. Ач кулактан тынч кулак. Ал сени эмне үчүн театрга чакырат? Эмне үчүн артыңдан калбай, көлөкөдөй ээрчип жүрөт. Каттуу айтып шагын сындырбагыдай ал сенин эмнең эле.
Бул беймазаа ойлор мени мынча ээрчип алды. Күн кечкирип баратат. Окуюнчу. Али бир суроосун бүтө элекмин. Чалжы-куйду ой-санаам туюк жарга капталган бороондой ичимди тепкилейт. Эмне кылуу керек?
Мен кыжылмын. Колумду кайчылаштырып комнатада тынбай ары-бери басам. Эмне кылышымды билбейм. Китеп да окугум келбейт.
Сайракан керебетинде жатып, "Абайды"
окуп жатат. Көңүлү тынч болсо китеп окуйт да. Ичинен күбүрөп окуй бербей, улам мага кайрылып, өзүнө жаккан жерин үн чыгарып кайталар окуйт.
— Ой, Гүкүш махабатка айла барбы
Абай да эр жүрөк экен. Тогжанчы? Ал дагы ак сүйүүгө жанын төшөгөн асыл кыз. Эр жигиттин досу Эрболдой болсо. Билесиңби, биз кыздар эч качан чындап достошо албайбыз. Болоор болбос ишке таарынышып кетебиз. Бул жагынан жигиттерге суктанам.
Ал жастыккс чыканагы менен таянып:
— Билесиңби, мен сага айтам деп, эсимден чыгып калыптыр. Бир күнү "Ала-Тоодон"
Авазбек, Туратбек үчөөбүз жөө келатабыз. Күтүлбөгөн жердкн алар кайсы бир жазуучунун чыгармасы тууралуу талашып кетишти. Экөөнүн айтышып атканын көрсөң, түңүлөсүң. "Жок, сен түшүнюөй калыпсың"
, "Сен түшүнбөй калыпсың"
,— деп жолду ката айтышты. Эми булар ажырашты го, дагы жакшы жолдошпуз деп мактанышат,
деп ойлогом. Мен жаңылыпмын.
Эртеси эле экөөнүн жанаша басып, каткырып жүргөнүн көрдүм.
Бирок анын сөзү кулагыма кирбейт. Терезенин тушуна телпирип токтоп, сыртка көз жиберем. Бурганактап кар жаап жатат.
— Ой, сен телмирип кимди күтүп жатасың? - дейт Сайракан. Унчукпайм.
— Эй, Гүкүш сага бир жигит аябай ашык болуп жүрүптүр.
— Ашыктыкты сага эле бердим.
Ал да унчукпайт. Азыр мени теше тиктеп турат. Жаңылыпмын,
карай салсам китебин окуп жатат. Радиону койсом:
Сүйгөнүм сени эстесем
Уктабай таңды атырам,—
—деп кимдир бирөө дарылдап атыптыр. Жактырбай үзүп салдым. Эмнеге калп ырдаша беришет? Кантип эле сүйгөнүн эстесе, таң аткыча уктабай калсын. Сайракан мени сынагандай унчукпай карап туруптур. Мен маташпай тетири бурулуп кеттим.
— Гүкүш, сабырың неге суз?
— Суз-муз эмесмин.
— Жашырба сырыңды. Гүдүктөп бир нерсени сезгенсийм.
Шарт бурулдум да, жылмайымыш болуп карадым.
— Эмнени сезгенсийсиң?
— Тынч уктабайсың
Кокус ошонун атын айтып жибербедим бекен.
— Калп айтпачы. Мен түк түшүмдө сүйлөбөйм.
— Чын, комсомолдук сөзүм.
Мен каяша сүйлөп, талашып-тартышпай жер карадым.
— Аманбай эмне үчүн тез келип турбайт? Кутуртпай кулагын чоюп койбойсуңбу.
Эх, аттиң, мен анын кулагын чое турган болгондо го.кеп башка эмес беле
Түштүк кызы. Камбаралы Бобулов.
#121 12 December 2014 - 04:17
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#122 12 December 2014 - 04:21
Эки аптадан бери чолом тийбей үйгө кат жаза элекмин. Уялбай чолом тийбей деп коем. Эсен-соолукту сураган дубай салам катка канча убакыт кетмек эле. Апам бечара Папа байке үйүбүздүн жанынан бткөндө "Гүкүштөн кат барбы" деп санаасы тынбай жүргөндүр. Күн сайын кат жазып турам деген убадам кана?
Столго отуруп кат жаза баштадым.
Жанымдан артык көргөн апажан, деп адатымча бир шилтеш менен жаздым да, эрдимди тиштеп туруп калдым. Эмне деп жазсам.
Апам менден төмөнкүдөй мазмуундагы кат күтөт: көпчүлүктүн катарында эсен-соо, ойноп-күлүп, жоок "ойноп-күлүп" деген фразаны өчүрүшүм керек. Аны апам башкача түшүнүп, кабатыр болот. Бирок менин ойноп-күлгөн жерим жокпу? Эмнеге апамдан жашырам? Чындыкты эле жаза берсемчи. Кокуй, айтпай калайын. Апам эртеге эле жетип келээр. Ооба, келгенден берки каттарымда апама шаарга да, киного да, театрга да чыкпай, жатаканада, университетте эле жүрөм деп калп айтып жүрдүм. Чындыгында далай жолу киного да, театрга да бардым. Бийди үйрөнүп койдум. Сайракандын туулган күнүндө аларга кошулуп ресторанга бардым. Өмүрүмдө биринчи жолу вино ичтим. Кайтып келатканыбызда Туратбек экөөбүз Авазбек менен Сайракандын артында калып, колтукташып келдик.
Андан ары жазам: "Сак-саламат жүрөм. Эч нерседен кемчилигим жок. Сиз кабатыр болбоңуз. Фрунзеде окуган кыздар тууралуу таежемдин күйүп-бышып айтканы баштан аяк калп экен. Бул жактын кыздары да мен сыяктуу өз абийирин сакташат экен. Дагы бирөөлөр сизди чочутса такыр ишенбеңиз" .
Мен дагы ойлонуп калдым. Баарыбир апам ишенбейт. "Кызы түшкүр безилдеп актана баштаптыр, бир шойкону бар го. "Бузук" кыздарга кошулуп калган го деп, шектене баштайт. Ач кулактан тынч кулак өчүрүп эле таштайынчы. Менин эмнем кетип атыптыр. Жок, өчүрбөйм. Эмне үчүн мен апама чындыкты жазып, биздин жерде өкүм сүрүп, кыздардын окуусуна тоскоол болуп жаткан сасык айыңдардын, ушактардын бетин ачпайм.
Ушуларды кантип жазуунун айласын таппай, столдон турдум да, кыжырым кайнап ары-бери баса баштадым. Эмне кылсам?
— Гүкүш, бул китептин кызыгына эми жеттим,—деп Сайракан тамшанат. Ага менин жиним келет. Көңүлү тынч болгону үчүн, кайдагы атам замандагы Тогжандын тагдырына кызыгат. Мен бүгүнкү Тогжан болуп жатканымды кайдан билсин.
Дагы отуруп, катымды уланттым.
"Менден түк кабатыр болбоңуз. Окуум жакшы. Аманбай үзбөй келип-кетип турат. Келсе да үңүрөйүп суз. Аманбай келбейт. Мени теңсинбейт. Ал жакта эмне кылып жүргөнүн билбейм. Көңүлүм сууп баратат. Мени мынча азапка салдыңыз экен", деп жазсам апам түшүнмөк беле.
"Гүкүш, эси жоктук кылба. Эркек балага теңелип эмне кыласың? Сен кирпигиңе чаң жугузбай, өзүңдү жакшы кармап жүрө бер. Ата-энеси бекем турганда ал кайда качып бармак эле. Айланайын кызым, апаңдын тилинен чыкпасаң кор болбойсуң" ,— деген апамдын жемелеген каты келет. Же болбосо телефонго чакырат да тилдейт, урушат, коркутат.
Ичим бир кап болуп, эмне кылаарымды билбей, столго жөлөнүп жаш баладай ыйлап жибердим. Сайракан керебетинкн ыргып туруп, кадимкисиндей мойнумдан кучактады.
— Гүкүш, дагы апаңды сагындыңбы?
Мен жооп бербей, бышактап ыйлай бердим. Көкүрөгүмө жык толгон кегим, ызам демимди кысат. Минут сайын жүрөгүмдү эзип, баркымды төмөндөткөн туюк сырымды теңтушума айткым келет, бирок батынбайм. Оозум барбайт.
— Ички сырыңды жашырбай айтчы.
Бирок мен күчүмдү көз жашымдан чыгарып, жашырып жатам. Сайракан күткөндөй, ошол замат жазылбадым.
Жарым-жартылай жазылган катым жиберилбей калды.

#123 14 December 2014 - 02:06
21.
Жүрөктү эзген бул унчугушпоо, бул салкын көз караш качан калаар экен?
Күн бүркөө. Кара булуттар жапыс. Биз аллея менен жанаша басып баратабыз. Муздак шамал бетке урат. Аманбай кара плащынын жакасын көтөрүп, эки колун чөнтөгүнөн чыгарып, кейкейип басат. Бүгүн араздашкан деле жокпуз. Ал чакырды, мен кыйылбай чыга калдым. "Каякка барабыз" десем, "Бара турган жер табылаар" деди жактырбагандай. Андан кийин мен да сөз кошподум.
Эмне үчүн унчукпайбыз? Биз сүйлөшө турган, биз талкуулай турган маселелер жокпу. Менин жүрөгүмдү өйкөп, күнү-түнү тынчымды алган жүрөк заада ойлорум бар. Дайыма ушул жолу сөзсүз айтам деп кайраттанам да, анын суз кебетесин көргөнүмдө мен да ыктыгым, көгөрүп калам. Акыры түбөлүгүбүз бир болгондон кийин качанкыга чейин ушинтип үңүрөйп жүрөбүз? Мен мындай болот деп күткөн эмес элем. Экөөбүз тең каалаган окуу жайларыбызга өтүп алсак, эски таарынычтарды эстен чыгарып, унутпагыдай эмне иш өтүптүр, эл катары эки экиден ээрчишип, ойноп-күлүп жүрөбүз. Ата-энелерибиз да бизден колдорунда барын аябайт. Аманбай да акыл-эстүү жигит. Анча-мынча өзүм билемдиги, эркелиги ээнбаштыгы бар. Бул эч нерсе эмес. Анан экөөбүз окуубузду ийгиликтүү аяктап, тулган айылыбызга келебиз. Өзүбүздүн үйүбүз болот. Мен мугалим, ал зооветеринардык врач болуп иштейбиз деп ойлончу элем. Булардын бардыгы ишке ашпай турган кыял окшойт. Баса, биздин ынтымактуу болушубузга эмне тоскоолдук кылып жатат? Такыр түшүнбөйм. Мүмкүн айып мендедир. Бирок мен эмне кылдым? Ушул убакка чейин апам көрсөткөн тар рамканын ичинен чыкпай келем. Мүмкүн Аманбай башканы сүйүп жүргөндүр, мени жактырбастыр. Анда эмне үчүн ата-энесин кудаалаштырды? Ал эркек бала эмеспи, мен такыр макул эмесмин деп отуруп алса, аны эмне кылмак эле?
Мен ушулардын бардыгын ага төкпөй-чачпай айткым келет.

#124 14 December 2014 - 03:22
Аялдамага бурулуп, автобуска да түшпөдүк. Таманыбыздын астында газандап түшкөн жалбырактар шыбырайт. Жаныбыздан ары-бери өткөндөр таң кала карап коюшат.
Мен унчукпаганды жакшы көргөн жан элем. Бирок чегине жеткен унчукпоо да жүрөгүмө тийди. Кээде Сайракан саат он экиден өткөндө бетинен сары түгү чыгып калтырап үшүп кирип келет. "Такыр түгөнбөгөн силердин кандай жашыруун сөзүңөр бар. Күнүгө эле сүйлөшө бересиңерби? Мага да чет-петин айтып койсоң", деп кызыгып сурап калсам, "Гүкүш, өзүңдөн жашырып эмне кылам, маанилүү эч нерсе сүйлөшпөгөндөйбүз. Такыр сөзүбүз түгөнбөйт. Сыягы махабаттын сөзү түгөнгүс болсо керек. Кечээки сүйлөшкөндү бүгүн да кайталайбыз. Бирок эриктирбейт. Ар жолу ар башкача көңүлгө таасир калтырат" деп көздөрү күлүңдөп, толкундап айтканы эсимде. Мен ага суктанам. Бир жолу Авазбек Сайракан экөө сөздөрү түгөнбөй биздин коридордогу диванда саат экиге чейин отуруп, жатаканасына барса, щвейцарка бөлмөсүнө киргизбей койгон экен, ал таң атканча кыңылдап ырдап, калтырап үшүп сыртта жүрүптүр. Мынакей ашыктык деген! Ал эми Аманбай саат ондон өткөндө эле, кокуй кечиктим, биз жак караңгы деп безилдеп турат.
Биз Панфилов паркына жетип калыптырбыз. Эптеп кеп баштагым келди. Качанга ушинтип оозубузду бууп алгансып унчукпай жүрөбүз? Эмне десем экен? Баса, кечээ Айзададан кат алганмын. Бул жакшы кабар.
— Жаңылык, Айзададан кат алдым.— Ал үч-төрт кадам арымдап, анан күңк этти.
— Эмне дедиң?
Заматта көк желкем тырышып, жиним келе түштү. Мен да бой көтөрүп унчукпай бастым.
— Эмне дедиң?— Ал кайталап сурады. Мен да кекердүү үн менен:
— Укканың жокпу эмне дегенимди?
— Ойлонуп келатиым эле.
Ушул азыр сен эмне жөнүндө ойлондуң экен? Башка бирөөлөрдүн ички сырын биле турган аппаратым болсо мынчалык кыйналбас элем.
— Айзададан кат алдым.— Эми уктуңбу дегендей тикирее карап сөзүмдү уланттым.— Ал каалаган максатына жетип, Оштогу институттун биология факультетинде окуп жатыптыр. Кемел экөө ойноп-күлүп, ынтымактуу ээрчишип жүрүшөт экен. "Ынтымактуу ээрчишип жүрүшөт экен" дегег фразаны өзгөчө кубултуп айттым.
— Апасы менен жарашыппы?— деп ал кепти башка жакка бурду.
— Жарашыптыр. Гүлсүн эже Ошко келип кабар алып турат экен. Ал сага ысык жолдоштук саламын айтыптыр.
— Анысына ыракмат.
Мен өзүмдү аябай зордоп, мындан кыйын иш барбы, сүйлөдүм.
— Айзада биздин жашыруун ишти кимден укканын билбейм.
Өзүмдүн баркымды төмөндөткөндөй араң сүйлөдүм. Беттерим чымырады.
— Бактылуу болушуңарды каалайм деп жазыптыр.
— Өздөрү бактылуу бекен?
— Албетте.
Айзада бизди да өздөрүндөй көңүлү чак, Фрунзенин салкын абасында ойноп-күлүп жүрүшөт деп ойлосо керек. Ал биздин суз мамилебизди кайдан билсин? "Борбордо окуган силерге суктанаи" деп жазыптыр. Анысы аз келгенсип сүрөтүңөрдү салып жибергиле деп сурап жазыптыр. А биз кошулуп сүрөткө түшмөк тургай...
Ичим өрттөнүп, демим кыстыга түштү.
— Кемел экөө түшкөн сүрөтүн эстеликке жибериптир, — дедим эң аягында.
"Биз дагы сүрөткө түшсөк жиберели дээр бекен" деп үмүттөндүм эле, ал зээриккендей эстеп, асманды карап:
— Күн дагы бүркөлүп.— Саатын карап,— Киного он минута калыптыр, жүр,—деди.
Мен жүрбөй тык токтодум. Колдорум калтырайт. Түн ансайын көзүмө караңнылап баратты. Ызам күчөп, тамагымда бүдүр-бүдүр нерселер токтоп калгансыды, кирпиктерим суулана түштү. Ал артына карабай басып баратты. Сыягы мени жүр деген жагына көлөкөсүндөй ээрчий берет деп ойлосо керек. Соксоюп жалгыз баратканын эми байкады бейм, шарт бурулуп карады да:
— Жүрбөйсүңбү. Шашып атса токтоп калганың эмнең?
Бул мынча кыйынсыйт? Мынча чалкалайт.мындан ары мынтип жүрүүгө болбойт.
— Жүрбөйсүңбү, — Анын кекеткен үнү бийик чыкты.
Артымдан топ жаштардын кубанычтуу күлкүсүн, талашып сүйлөшкөн үндөрүн угуп, кыйыктанбай дагы ээрчип бастым.
Кинодон чыкканыбызда каш карайып калган экен. "Ала-Тоонун" алдында эл кымгуут. Көңүлдүү күлкү. Миңдеген жаштардын кубанычтуу жүздөрүн, бакытка толгон көздөрүн көрөсүң. Аларды аралап биз да баратабыз. Бет маңдайыбыздан Туратбек жолукту. Ал жалгыз, иреңи капа. Мага баш ийкеп салам айтты.
— Бул ким?— деди Аманбай артын кылчайып карап.
— Тааныбайм.
— Көзү сенденөтүп баратат го.
Ресторанга мойнумдан байлагандай, кысталып кирдим. Башымды жерге салып, стулда учуп кетчүдөй жеңил отурам. Кажылдап сүйлөгөндөрдүн баары эле мени карап тургансыйт. Кошуна столдо мен курактуу кыргыз кыз кылгыртып вино ичип отурат. Официантка бифштекс, вино алып келди. Мен эки рюмка ичкенде эле кызып калдым.
—Ичтим дедим, рюмкамды талашып.
— Иче бер, эч нерсе болбойт.
— Ичпейм.
Ал да көп кыстаган жок. Калган винону өзү эле ичип койду.

#125 14 December 2014 - 03:45
Ресторандан чыктык. Түн караңгы. Добул согуп, чагылгандар чартылдап, жамгыр куйганы эле турат. Биз баягы келген жолубузга түшүп баратабыз. Элдин баары жаандан үркүшүп, үйлөрүнө шашып баратат.
— Өзүң билип адамды колтуктап албайсың. Такыр паамың жок. Маданиятты качан үйрөнөөр экенсиң,— деди ал ыңгырап сүйлөп. Мен өчөшүп колтуктабай койдум.
— Ке дейм.
— Колтуктабайм.
— Эмне үчүн колтуктабайсың?
— Каалабайм.
— Ах, эми каалабай калдыңбы? Апаң шымаланып узун сомдорду алганда каалабадың беле.
Бул кордукка тирүү адам кантип чыдайт? Ошол учурда чагылган жарк этип, анын мыскылдуу жүзүн көрдүм. "Көп кыйынсыбай тилиңди тартып сүйлө. Колтуктасаң да, колтуктабасаң да сенин эркиң менин колумда" дегендей.
— Сен апама асылба,— дедим ыйламсырап. — Сени башында такыясы бар жигит дейт. Андай кыйын экенсиң эмне үчүн ата-энеңди сагалатып жибердиң а?
— Сагалатыппы?
— Ооба, сагалатып.
— Тарт тилиңди.
— Тартпайм. Мен сенин никелүү аялың эмесмин. Кандай жүрсөм өзүм билем.
— Жүрө албайсың.
— Жүрөм. Ишиң эмне? Сен башыңда такыясы бар жигит болсоң ата-энеңди сагалатып жибербей койбойт белең. Мен сага жалындым беле?
— Акыркы жолу эскертем. Тарт тилиңди.
— Тартпайм.
— Тартпасаң мынаке, канчык!
Ошол замат оң жаагым ысып, көзүмдөн от чагыла түштү. Теңселип башып айланып, отура калдым да:
— Ак-маак!— дедим.
— Мына, акмак!
—Апа, жаным апа.
Мен көзүмдөн аккан жашымды аарчыбастан, жамгырлуу караңгы түндү аралап, үнсүз ыйлап келатам. Анын ата-жотосун калтырбай каргап келатам. Бүттү! Баардыгы бүттү!
Апа! Жаным апа! Сиз мага элден артык кылам деп, тыртык кылып койгонуңузду билээр бекенсиз. Оюңузда, Гүкүшүм багы ачылган кыз болду деп, кампайып жүргөндүрсүз. Менин бактым ачылбай калсын. Эгер азыр жанымда болсоңуз заардуу, заардуу сөздөрдү тартынбай эле айтаар элем. Тартына турган менде абал калбады. Мейлиңиз, эмне кылсаңыз да кайылмын.
Ушинтип келатып жатаканабызга заматта жетмп калдым. Көз жашымды аарчып, экинчи этажга көтөрүлдүм. Оң жаагым эле оттой ысыйт. Коридордо күзгүгө карансам, алакандын отундай жер көгөрүп кетиптир. Акмак, айбан деп дагы тилдеп алдым. Комнатага киргим келбеди. Кыздар көгөргөн бетимди көрсө эмне болду дешип, сурашат. Алар уктагандан кийин акырын кирип жатып алам.

#126 14 December 2014 - 04:41
Күн чыгыш тараптагы балкондо шатырап жааган жамгырды тыңшап отура бердим. Мындай учурда убакыт да жылбайт. Жамгыр чакалап куйгандай күчөп кирди. Мен отурган балкондун астында кимдир бирөөлөрдүн күлкүсү, өбүшкөндөрү угулат.
—Жамгыр басылбайт. Үшүп кеттим, кетеличи,—деген кыздын назданган үнү угулат.
— Дагы беш мүнөт күтө турчу, басылып калаар,— жигит жалооругандай суранат.
— Басылбайт, күндүн түбү калың.
— Басылат.
— Уйкум келди. Азыр башым жаздыкка тийди эле уктап кетем.
— Ушул сенин уйкуң ай,—деген жигиттин кейиген үнүн угам.
— Самажкан, жаныңдан карыш жылгым келбейт. Мынабу капкара көздөрүңдү карап отура берсем.
Оор үшкүрүк тереңден сызылып чыгат.
— Бекиш, болдучу. Мурутун. Сакал-мурутуңду кырдырып да келбейсиң.
— Сени күтүп калбадыбы деп үйгө барбай келбедимби. Эмки жолу. Ошондо да бир айыбын табаарсың дейм.
— Кетеличи.
— Дагы беш минут.
— Кош. Колуңду бер.
— Мейли, сен кете бер. Мен уктабай сен жаткан бөлмөнү таң аткыча карап отура берем.
Кыздын тунук күлкүсү угулду. Жигит таарынгандай сөзүн улантты.
— Сен үчүн канчалык алыс жолдон келдим. Биз жакка каттоочу автобустар токтоду. Эми жөө кетем. Жолдо баратып сен жөнүндө ойлойм. А сен телмирип уктайсың.
— Бекиш, мен да уктабайм. Сени тынч жетти бекен деп ойлоном.
— Кабатыр болбойсуң. Уктайсың. Самаш, чынын айтчы, мени сүйөсүңбү, же..
— Сүйөм. Сүйбөсөм турат белем.
— Сүйгөн жаныңдан.
— Койчу жаным жалынбачы.
— Жалынам, мен махабатыңа багынам.
— Анда кетели.
— Болупткр, мен сага звонить этем. Ошондо качан келээримди айтам.
— Эртеге звонить эт, антпесең мен кабатырланам.
— Болуптур.
Алар коштошту окшойт.
— Самаш, жаркырап бир карап койчу, жалындуу көздөрүңдү көрүп алайын.
Баятан бери беш минута эмес, жарым саат өттү. Бирок бул эки жаш үйлөрүнө тарашпайт. "Махабаттын сөзү түгөнбөс болсо керек" деген Сайракандын акылдуу кебин эстедим.
Кычагандай жамгыр күчөп кирди. Мындай ава ырайы бузулган жамгырлуу түндө бул ашыктыкка мас болгон бозой үйүнө качан жетет?
— Самаш, мен кеттим.
— Жакшы бар.
Алар коштошту. Кыз кол булгап жатаканага кирип кетти. Жигит плащынын жакасын өйдө көтөрүп, биздин жатакананы улам кылчактап карап, караңгылыкка сиңип кетти.
Алар кандай бактылуу немелер деген суктануу ичимдин тереңинен кандай суурулуп чыкканын билбей калдым. Бирөөлөр угуп койдубу дегендей элеңдеп эки жагымды карадым. Эч ким жок экен. Саат он эки болуп калыптыр. Баарыбир жатсам да бүгүн көпкө уктай албайм. Авасы таза балкондон кетким келбейт.
Баса, мен мынча зарыгып анын көзүн карайм. Мен анын жетелеп өстүргөн көз каранды жетими белем? Жок! Ал жаман ата-энеси асылып жүрүп кудалашкан, калыңды жеп коюшкан, Гүлайым туйлап каүда бармак эле деп кыйынсынып жүрбөйбү? Көрөбүз. Ошого чыксам атым өчсүн. Ал шүмшүк кыз кезимде болоор болбос нерсеге жаагыма чаап жүрөт. А колуна түшүп бергенден кийин, маңдайымдан сылап, эркелетип коймок беле? Гүкүш, эсиң барда этегиңди жап. Эсиңдеби, атактуу адабий каармандын "Жашоо адамга бир берилет" деген курч, акылдуу сөзү. Эгерде келечекте кайрадан төрөлө турган болсом, анда кыйылбай туруп: "Мейли, өмүрүмдүн бул жолкусун апамдын көңүлү, кадыры үчүн багыштап, тилинен чыкпайын да, а эмки жолу өзүм каалагандай иш тутам" деп мартчылык кылмакмын. Турмушта бир берилген кызык өмүрдүн, татаал жашоонун, илеби күчтүү сүйүүнүн баркына жете билүү ар бир адамдын ыйык милдети турбайбы!
Жамгыр басылды. Ава тазарып, жеңил дем ала баштадым. Шаарда үйлөрдүн жанган жарыктары өчүп, шаар тыптынч. Автобустардын да аягы басылды. Айлана мемиреп уктап жатат.
Күтүлбөгөн жерден аркы балдардын жатаканасы тараптан жүрөктү эзип, муңканган гитаранын муңдуу үнү угулду. Улам кайгылуу, жүрөктөн чыккан күүлөрдү чертет. Жети түндө уктабай, кыздардын сезимин козгогон бул кайсы жигит болду экен??

#127 15 December 2014 - 04:05
22.
Бүгүн биздин факультетте Октябрь майрамына арналган кече. Кечинде чоң залда өздүк көркөм чыгармачылыктын кружогунун катышуучулары концерт берип, анан бий болот. Көңүл ачык бийлейбиз. Бий билген киши музыканын үнү угүлганда эле байгеге чабылып жүргөн күлүк аттардай талпынып турат экен.
Моюнга алам, мен мурда бөөдө эле шаардык кыздардын мүчөгө куп жарашыктуу көйнөктөрүн чанып, жактырбай жүрүпмүн. Албетте, бул түшүнбөгөндүк экен. Сайракан экөөбүз шаардагы ательелерди кыдырып жүрүп, майрамга карата окшош материалдан көйнөк тиктирдик. Бойлорубузга куюп койгондой жарашты. Экөөбүз жаңы көйнөктөрүбүздү кийип көчөдө жанаша басып калганыбызда, кыздар, аялдар көздөрү күйгөндөй артыбыздан кылчайып карап калышат. А бейтааныш жигиттерчи?
Аманбайдын жаагыма чабып жибергенин Сайраканга да айтпадым. Ырас, ал анча-мынча көгөргөн такты көрүп: "Эмне болду" деп— сурады эле айтпай койдум. Айткандан эмне пайда? Бул ишти өзүм гана чечишим керек. Койчу, бул жөнүндө ойлоп, чайыттай ачык көңүлүмдү кирдетким келбейт.
Бүгүн кече, бүгүн концерт, бүгүн көңүлдүү бий болот. Күн тезирээк эле кеч кирсе экен.
Мен жасанып, түзөнүп бөлмөбүздөгү күзгүнүн алдында турам.
Негедир денемди кубаныч аралап, билнер-билинбес толкундайм. Сүйлөсөм үнүм да дирилдейт. Баса, мага эмне болуп өурат? Жүрөгүм кабынан суурулуп чыкчуудай дүкүлдөп, бир нерсени сезгенсийт. Же бүгүн бийге барбай бөлмөдө отурайынбы? Китеп окуюнбу? Эмне кылсам? Жок, антпейм. Менин элден эмнем кем? Же мен туткун белем? Ал өзү келип чакыруу билетин тапшырып кетпеди беле. Мен эмне үчүн аны эстесем, алыстан көрсөм, дароо көздөрүм жалжылдап, өңүм өзгөрүп кетет? Ал сүйөм деп айта элек го. Же сүйүү ушундай болобу?
Каалга ачылды. Сайракан үтүктөгөн көйнөгүн коомай кармап, босогодо токтой калып, башымдан аягыма чейин бир сыйра карап чыкты да:
— Сулуусуң. Сулуусуң! деп тамашалады. — Айтчы, Сакиш, көйнөгүмдүн арты тырышып калыппы?
— Кана бурулчу. Жок, тептегиз. Бүгүнкү кеченин королевасы сен болот экенсиң да.
— Койчу, шылдыңдабачы, —деп асыла муштагыладым. Ал бөлмөгө тегерене качты. Каалга кагылганда биз орундарыбызда күлкүбүздү тыйып, токтой калдык.
Авазбек менен Туратбек кирди. Алар чымкый кара кастюм кийишиптир. Гүлдүү галстуктары да окшош.
— Келе жаткан майрамыңар кут болсун!
Кол алышып көрүштүк. Авазбек менен Сайракан экөө алым-сабак айтышып жатышат. А биз бири-бирибизди сынашкандай унчукпайбыз.
— Сен оозуңа талкан салып алгансыңбы, ия?— деди Сайракан Туратбектин сөзгө аралашпай турганын биринчи сезип. Ал астыңкы жука эриндерин тиштеп күлүп койду да:
— Биз силердей чечен эмеспиз,— деп айтып жиберип, кулагына чейин кызарып кетти. Ушундай уялчаак, тартынчаак кебетеси менен жалбырттап күйүп жаткан үйгө жулунуп кирип эки баланы түтүндүн арасынан сууруп чыкканына таң калам.

#128 15 December 2014 - 04:35
Биз көчөгө төртөөбүз бирге чыктык. Авазбек күлкүлүү алган сөзүн Сайракан жулуп кетти. Мен да осолдой түштүм. Ал да мага жал-жал карап:
— Сайракан, барып турган эгоисткасың. Коллектив менен турганда "мен" деп көкүрөк кага бериш болбойт го,— деп камалган туюктан буйдалбай сөз таап чыгып кетти. Ичимден "Азаматсың" деп жактырдым да, анан ушул оюмду билдирип койдумбу дегендей аларга шектенип карадым.
Авазбек көңүлдүү аңгеме айтып, баарыбыз шаңкылдап күлүп, көңүлүбүз чак келатканбыз.
Мен кумсарып ларектун жанында эки колун шымынын чөнтөгүнө салып турган Аманбайды көрө койдум. Алишер жанында экен. Менин күлкүм заматта басылып, демим кысылып, тымып калдым. "Гүкүш, өзүңө бекем бол" дедим чымырканып. Ал бир кадам бери аттады да, сөөмөйү менен бери кел дегендей белги берди. Мен арсар абалда калдым. Чынында эмне кылышымды билбей калдым. Жанына басып барсамбы, же кылчайбай өтүп кетсемби? О, өткөнкү айбанчылыгын эстесем, ызам кайнайт. Аны көрөйүн деген көзүм жок. Бар, колуңдан келгенин кыл деп, өтө бердим.
Менде башка арга жок эле.
— Бери бас,— деген анын ызырынган үнү угулду. Жанымдагылар да токтоп калышты. Мен бир кадам алдыга суурулуп чыктым да:
— Сага ким керек?— дедим, үтүрөйүп тиктеп.
— Мага сен керек, бери бас,— деди буйрук бергендей.
— Барбайм.
— Жүр дейм. Сүйлөшө турган сөз бар.
Ал жаныма басып келди да, беркилерге мындай деди:
— Силер кете бергиле.
— Кетпегиле,— дедим мен аларга кайрылып.
Алишер жойпуланып Авазбекке жетип барып: "Гүкүш бул жигиттин сүйлөшүп жүргөн кызы. Кичине таарынышып калыптыр" деп жууп-жайкаганын угуп калдым да ага:
— Сиз ортомчу болбой, өз ишиңизди билиң,— дегенимде оозунан сөзү түшүп, бозоруп туруп калды. Мен бүткүл кайратымды жыйнап:
— Кош, Аманбай. Кош. Экинчи мени издеп келбегин,— деп колумду сундум. Ал колумду булкуп кармады:
— Эч жакка кетпейсиң. Жүр быякка,— деп сүйрөдү, мен артыма кетенчиктедим.
— Азыр кое бер!— деген Туратбектин үнүн уктум. Жок, ал бул опузадан чочуп кетпеди. Менин колумду бекем кысып, Туратбекке тике атырылды:
— Кечирип коесуз, бул менин кызым.
— Эй дос, "менин кызым" дегениңе жол болсун. Гүлайым жеке менчик кызыңбы?
— Ооба.
— Бул эмне дегениң?
Ал сөз таппай калды. Мен чымырканып колумду жулуп алып, ошол замат Туратбекти тартынбай колтуктап:
— Жүр кеттик, бий башталып калды, дедим да, кан жутуп турган Аманбайга:
— Кош!— дедим.
Ал турган жеринде таш тиштегендей туруп кала берди. Мен кылчайып артыма карап койбой, өз баркымды сезип, башымды бийик көтөрүп, Туратбектин колтугунда бараттым. Куп өчүмдү алдым деп кубанып да коем.
Мен ошол күнкү кеченин аягына чейин Туратбек менен бийледим. Бирок, сыр чечишип сүйлөшпөдүк. Ал Аманбай жөнүндө териштирип сураган да жок. Жөн гана бири-бирибизге жалооруп карап, бийлей бердик.
Канткен менен жүрөгүм туздай ачышып, суз жүрдүм. Музыканын ыргагы менен бийлеп, көп нерселер жөнүндө ойлодум...
Аягы.

#129 15 December 2014 - 04:37
Көңүл бөлүп, убактыңыздарды аябай, күтүп окуганыңыздар үчүн ыраазычылык
.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#133 27 December 2014 - 15:58
Автор жазгандан зеригип эле бутуруп койду окшойт, аз калганда аягына эле чыгарып койсон болмок экен.
#134 27 December 2014 - 20:37
Эн кызыгы жокко?))Апасы эмне болот экен эми?Биротоло Туратбекке турмушка чыгарып анан бутсо жакшы болмок экен.Же уландысы бар болду бекен?
#135 27 December 2014 - 23:10
Рахмат жакшы чыгарма экен, менда бир жакшы чыгарманы жазайын дедим эле кантип тема ачсам болот билгендер болсо тушундуруп берсенер сураныч
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#136 31 December 2014 - 18:19
Avtor ekunchi bolugu jokpu? Kiziksiz buttu ee?
Китепте кандай болсо ошол боюнча көчүрдүм.
25 болумдон турат деген эленер го, 22 менен эле бутуп калды го?
Адашып калган экенмин. 22 эле бөлүм экен.
Эн кызыгы жокко?))Апасы эмне болот экен эми?Биротоло Туратбекке турмушка чыгарып анан бутсо жакшы болмок экен.Же уландысы бар болду бекен?
Уландысы жок болсо керек менимче. Аягы кандай болоорун мен да ойлонуп, өз фантазиямда ар кандай жол менен бүтүрүп койгом өз оюмда
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#137 31 December 2014 - 18:22
Автор жазгандан зеригип эле бутуруп койду окшойт, аз калганда аягына эле чыгарып койсон болмок экен.
Кечиресиз, билип-билбей туруп жазгандан алысыраак болууну сунуштайт элем. Китепте кандай болсо, ошону жаздым. Өзгөртүп жазууга менин эч бир акым жок. Бул чыгарманы окугандар деле бар экен форумда. Эгер мен зеригип бүтүрүп койсом, ошолор деле айтмак калганы кана деп.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#138 17 January 2015 - 07:28
Жакшы рахмат Нурзида Эже . бытыйган бармактарыныз дарт корбосун . бир дем мн окудум ...откондо качан бутсо окуюн Деп жаткам.бирок чыгарма супсактайго ...плов жеп келе жатып эле жарма ичкендей болуп калдым . албетте бул сиздин кемчилик эмес .... чмок чмок ...
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#139 18 May 2017 - 21:34
Мыкты чыгарма экен.
Менмин деген акында мынчалык коркомдоп жаза албайт оюнан чыгарып, демек чыгарманын автору дал ушул Гулайым 99% жана реалдуу чыгарма мындан келди.)))
Аягы орто жолдон буткону окунучтуу бирок(((

*************************************

Супер-Инфо
super.kg
видео