Титиреген тирандар…
Киши жегич "президент"
.
Дүйнөдө ар түрдүү падышалар бар. Бири калкынын көйгөйүнө кулак төшөп, калыстыгы менен оозго алынса, кай бири ашынган зулумдугу менен тарых барактарынан орун алат. Көпчүлүк зулум башкаруучуларга биз диктатор деген ат беребиз. Бирок зулумдукту,
репрессияны мындай кой, адамды тирүүлөй бышырып жеген, жасаган жоругун сөз менен айтууга мүмкүн болбогон Борбордук Африка Республикасынын бир кездеги канкор императору Жан Бедель Бокасса сыяктуу адам кейпиндеги айбандарды булардын кайсы жагына кошооруңду дагы билбейсиң.
.
Өмүр баяны
.
Бокасса 1921-жылы 22-февралда Конгонун Бобанги провинциясында туулган. 6 жашында атасы француздар тарабынан атылып, ал эми апасы өз жанын өзү кыйып, жаштайынан жетимчиликтин зардабын тарткан Бокасса турмуштун каарына таасирленип,
каардуу жана таш боор болуп жетилет. Кичинесинен эңсегенин орундатуу максатында 1939-жылы Бокасса француздардын жергиликтүү аскердик окуу жайына тапшырат да, 1941-жылы ага сержант наамын алат. Андан соң 1944-жылы антигитлердик коалициянын катарында фашисттик Германияга каршы согушка катышат. 1949-жылы Сенегалдын Сен-Луи шаарындагы офицердик окуу жайды аяктап, 1950-жылы капитан наамына ээ болот. Андан кийин Индокытайдагы согушта Вьетнамдарга каршы чечкиндүү күрөшкө активдүү катышкандыгы үчүн "Ардактуу Легион" ордени менен сыйланат.
1962-жылдын майында Француз армиясынын катарынан чыгып, Борбордук Африка Республикасынын армиясына өтөт да, майордук наамына ээ болот. Ушул кезде Борбордук Африка Республикасынын президенти болуп турган анын аталаш тууганы Давид Дако бир жылдан соң Бокассаны өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн штабынын башчылык кызматына дайындап, 1964-жылы полковник чинин ыйгарган. Мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жогорку эшалонуна жеткен Бокасса эми кантип өз тууганынын ордун алууну эңсеп жүргөндө андай мүмкүнчүлүк 1965-жылдын 31-декабрынан 1966-жылдын 1-январына караган түнү келип, мамлекеттик,
аскердик төңкөрүштү ишке ашырууга жетишет да, Давид Дакону кызматтан четтетип гана тим болбостон түрмөгө түшүрөт.
.
Диктатордук доор
.
Бул төңкөрүштү уюштурууга Бокасса амалкөйлүк менен өлкөнүн күч органдарынын жетекчилерин пайдаланат да, акырындап аларды бирден жогото баштайт. Өзүнүн калк арасындагы кадырын арттыруу максатында "Кара Африканын социалдык-эволюциялык кыймылы" аттуу партия түзөт. Бокасса чыгарган указга ылайык өлкөдөгү жашы жеткен бардык адамдар аталган партияга кирүүгө мажбурланган.
Төңкөрүштөн 4 күн өткөн соң өлкөнүн Конституциясын жокко чыгарып, өзүнүн мыйзамсыз ыкмасы менен диктаторлук доорун баштайт.
1972-жылдын мартында Бокасса өзүн түбөлүк президент деп жарыялайт да, 1974-жылы өзүнө-өзү Маршалл наамын ыйгарат.
.
1969-1974-жылдары Бокассанын тегерегиндеги аскер жетекчилери бир нече жолу аны төңкөрүш жолу менен бийликтен кетирүүгө аракет кылышып, бирок ал ийгиликсиз аяктаган. 1976-жылы Бокассанын өмүрүнө кол салуу болуп, андан дагы аман калган Бокасса бул окуялардын шылтоосу менен бардык ыйгарым укукту өз колуна алып, өлкөнүн императору болууга жетишет.
.
Такка отуруу
.
Эл аралык коомчулукта Бокасса ашкан алдамчылыгы жана амалкөйлүгү менен таанымал болгон. Бир ирет Ливиядан финансылык жардам алуу үчүн өзүнүн ислам динине өткөндүгүн жарыялайт да, христиандык Жан-Бедель аттуу ысымын Салах-эд-дин Ахмед Бокасса деген ысым менен алмаштырган.
1976-жылы өлкөнүн аталышын түп тамырынан өзгөртүп, Борбордук Африка Империясы деп жарыялайт да, өзү император болот. Өкмөт таратылып, анын ордуна мамлекеттик революциялык кеңеш түзүлөт. Кеңештин курамына ошол кезде мунапыс менен камактан чыккан экс-президент Давид Дако дагы кирген. Жаңыдан император деген атка конгон Бокасса өзүнө Бокасса I деген титулду ыйгарат. Аны императордук такка отургузуу салтанатына 20 миллион доллар коротулган.
Ошол кезде бул сумма Борбордук Африка мамлекетинин бир жылдык бюджетинин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Анын кийген туфлиси эң кымбат туфли катары Гиннес рекорддор китебине кирген. Акылынан айныган император бардык жагынан Франциянын бир кездеги императору Наполеонго окшошууга аракет жасаган. Эсепсиз чыгым кеткен таажы кийгизүү салтанатына Бокасса ошол кездеги бүткүл дүйнө жана Африка мамлекет башчыларынын баарын, ошондой эле Рим Папасы Павел VI ны чакырган. Чакырылган коноктордун баары келүүгө убада бергени менен инаугурацияга бири дагы басып барышкан эмес. Себеби Бокасса менен достук мамиле күтүүгө бири дагы батынбастан аны акылынан айныган жетекчи деп эсептешкен.
Себеби, ошол таажы кийгизүү салтанатына кеткен чыгымды көтөрө албай мамлекеттик ишканалар дээрлик токтоп калган. 1977-жылы өлкөдө 43 миң кишиге 1 врач, ал эми бүткүл өлкө боюнча 1 гана тиш доктур болгон. Өлкөдөгү мындай чыңалган кырдаалга карабай Бокасса тарабынан "жумшартуу саясаты" жүргөн эмес. Тескерисинче,
өлкөдө император өзү катышкан камакка алуулар, кыйноолор, массалык кыргын салуулар көбөйгөн. Бокассанын бул аеосуз режими ошол кездеги Валери Жискар д'Эстен баштаган француз бийлигинен колдоо алып турган. Себеби Африканын чексиз кен-байлыктары Франциянын көзүн кызарткан.
.
Өлкөдөгү катаал диктатурага карата карапайым калк арасындагы нааразычылык күчөп отуруп, массалык толкундоолордун күчөшүнө алып келген. Мектеп окуучуларына мамлекет тарабынан сунушталган кымбат формаларды кийүүгө каршы аянтка чыккан 100 мектеп окуучусу аскерлер тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жыйынтыгында Франциянын Бокассанын режимин колдогон саясатына эл аралык коомчулук катуу каршылык көрсөтөт. Ошол учурда императорду киши жегич (каннибализм) деп күнөөлөй башташкан. Мындан ары Бокассанын режимин колдоодон чоочулай баштаган Франция бийлиги император кезектеги визити менен Ливияда жүргөндө Борбордук Африкага аскерлерин жиберип, мамлекеттик төңкөрүш жасайт да, кайрадан калыбына келген республикага бийликтен четтетилген Бокассанын аталаш тууганы Давид Дако президент болот.
.
Адам эти менен тамактануу
.
Бийликтен четтетилген Бокасса өлкөсүндө жасаган оор кылмыштары үчүн катаал жаза күтүп турганын сезип, Кот-д'Ивуарга,
андан соң, Францияга баш паанек алып кетет. Бул арада Борбордук Африкада сыртынан уюштурулган процессте ал өлүм жазасына буйрулганына карабай арадан 7 жыл өткөндөн кийин Бокасса өз каалоосу менен өлкөсүнө кайтып келип, камакка алынган. Кайрадан уюштурулган соттук териштирүүдө ал мурда тамактанып жүргөн киши эттерин муздаткычтан алып чыгып, сотто отургандардын төбө чачын тик тургузган. Себеби бардык жерде кордоого дуушар болгон Бокасса соттун өлүм жазасына өкүм кылуусун каалаган.
Бокасса бийликте турган кезде 20 адамдын этин жегендигин сот процесси учурунда моюнга алган.
Сот аны 1987-жылы өлүм жазасына буюруп, аздан соң аны өмүр бою түрмөгө отуруу жазасы, көп өтпөй 12 жылдык мөөнөткө алмаштырган.
Өлкөдө жүргүзүлгөн демократиялык процесстердин тездешинин натыйжасында жалпы мунапыс жарыяланып,
1993-жылы Бокасса эркиндикке чыгат.
Үй-бүлөсү
Бокасса жалпысынан 18 аял алып, жүздөн ашык балалуу болгон. Аялдарынын эң өзгөчөсү императрица Екатерина эле. Император аны өзүнүн иш-сапарларында ээрчитип жүргөн. Ал эми улуу уулу Жан-Бедель атасы башкарган убакта мураскер катары эсептелсе, атасынын өлүмүнөн кийин Борбордук Африканын императордук үйүнүн башчысы болуп калган.
Таң калтырган табигат сырлары! Шумдук!
#143 21 March 2014 - 18:06
Жер планетасынын жашы: 4,5
миллиард жыл.
Кургак жерлер: 148,940 млн.кВ.км
Суу: 361,132 млн.кВ.км
Дуйно эли: 7.016.450.350
Интернетти пайдалануучулар: 2,57 миллиард.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#144 21 March 2014 - 18:23
Компьютерде 1 саат текст терген адам, 150 калорияны сарптайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#145 07 April 2014 - 22:23
Адам келбетин, анын денесиндеги ар бир органдын кызматын тартипке салган кандай күч дейсиз? Мындан башка биз али туюп, биле элек кереметтер,
кызыктуу учурлар, кубулуштар катылып жаткандыр...
Кудайдын таануу үчүн адам өзүнө үңүлсө, таанышуу кыйла жеңил болот. Андыктан, Кудай кудурети менен жаралган пенде тууралуу кызыктар, Кудайга жакындап, Ага шүгүр айтууңузга түрткү болсун!
1. Адамдын мурду 50 миңден ашык жытты айырмалап, сиңирип (эстеп) кала алат.
2. Адамдын чүчкүргөнү 160 чакырым ылдамдыкка барабар.
3. Жөтөлгөнү 900 чакырым ылдамдыкты түзөт.
4. Кан тамырыбыз 96 миң чакырымды түзөт. Бул экватор узундугунан эки эсе узундукка барабар.
5. Жүрөктүн согушунун ритми жана кыймыл аракетиңиздин өзгөрүүсү угуп жаткан үн же, ыргакка байланыштуу. Ошондуктан адам катуу музыка укканда, жүрөк лакылдап кетет. Ал эми кыймыл ыргакка жараша өзгөрөт. А, Куран кыраатын уккандачы, адамдын жүрөгү тынчтанып, боштугу толот!
6. Сөөктөрүбүздүн 31% суудан турат.
7. Эксперттердин айтымында, адам көзү 10 миллиондон ашык түстү айырмалай алат.
8. Эгер ДНКны жандырып ченесе, 16 млрд чакырымды түзөт.
9. Баланын эненин ичинде жашоосу нормалдуу 9 ай, бирок, жүктүүлүгү эң узак 375 күнгө жеткен айым катталган.
10. Окумуштуулар киндикте 1458 бактерия бар экенин аныкташкан.
11. Адамдын бир кадам шилтөөсү үчүн 200 булчуң ишке кирет.
12. Нерв импульстары саатына 270 чакырым ылдамдыкта кыймылда болот.
13. Мээ күндүзгө караганда түндөсү жакшы иштейт.
14. Мээ ооруну сезбейт.
15. Ашказан ар 3-4 күндө жаңыланып турат.
16. Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда ылдам согот.
17. Боор 500 жакын кызмат аткарат.
18. Эң күчтүү булчуң - тил.
19. Оорунун 90 пайызы кайгыга алдыруудан болот.
20. Адамдын кулагы менен мурдунун өсүүсү өмүрү өткөнгө чейин токтобойт.

АльхамдулиЛлях!
#146 11 April 2014 - 02:08
Аризонадагы кратер
.
1871-жылы европалыктар тарабынан жер кыртышынын табышмактуу кубулушу АКШнын Аризона штатында аныкталган. 1906-жылы тоо инженери Филадельфиялык Даниэль Берринджер ошол жерди сатып алып бургулоо иштерин жүргүзүүнү билдирген. Ошол жердеги 305 м тереңдикте кандайдыр темир сымал металлдардын сыныктарын тапкан.
Бул изилдөөлөр, бургулоо каражаттын жоктугунан токтотулган. Аризонадагы жер кратери табышмактуу бойдон кала берүүдө.
1960-жылы окумуштуулардын изилдөөсүндө жер бетине 70000 миң тонна салмагы бар жана туурасы 30 метр болгон метеорит жерге түшкөн. Бул метеорит жерге түшкөндө 100000 тонна металлдын сыныктары табылган. Жер бетине түшкөн кратердин калдыктары жердин бетин таптакыр башкача формага алып келген. Дүйнө жүзүндө кратерлердин эң табышмактуусу ушу Аризона штатында табылган. Азыркы учурда кратер түшкөн аймак менчик болгонуна карабастан илим изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кызыккан туристтер бул аймакка саатына 10 доллар төлөп көрүп чыгышат экен.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#147 11 April 2014 - 02:09
Көпкө чейин уктабагандар
.
Медицина илиминде көпкө чейин уктап калган адамды "летаргиялык уйку" деп эсептешет. Ал эми көп жылга чейин түн уйкудан калган адамдардын диагнозун табалбай, ушу күнгө чейин табышмак оорунун жандырмагын чечалбай келаткан дарыгерлер. Алардын айласы кеткендиктен "ушунун баарына мээ гана күнөөкөр болушу мүмкүн" деген адамды анча ынандыра бербеген берекесиз ойго кептелишүүдө.
Анда эмесе окурман, ушундай оорунун азабын чеккен адамдар жөнүндөгү кыскача маалыматтарды сунуштамакчыбыз.
1911-жылы Венгрия өлкөсүнүн Цеглед шаарында жашаган Рэчел Сагинин капысынан башы катуу ооруп калат. Ал дарыгерге кайрылса дарыларды жазып берет. Эч жыйынтык болбогон соң, айласы кеткен дарыгер "башым оорубасын десеңиз, уйкудан баш тартууңуз керек" деп айтат. Анын айтуусун аткарган Рэчел 25 жыл уйку бетин көрбөй, 1936-жылы каза болгон.
81 жашка чыккан англис фермери Юстас таттуу уйкусунан 27 жашында ажыраган. Эмне үчүн мындай болуп кеткенине түшүнбөй ал дарыгерлерге кайрылса, эч натыйжа чыкпайт. Анан гипноздордун сеансына катышат. "Багы жокко дагы жок" дегендей эч кандай жардам болбойт. Айла жок тагдырына моюн сунган Юстас түнкүсүн китеп окуп, кроссворд чечип, радио уккан. Мына ошентип таң атырган. Ал эми 61ге чыккан Валентин Испанияга караштуу кыштакта жашачу. Бала кезинен уктабай жүрчү адатынын азабын көп тарткан. Атасы дарыгер болгондуктан уулунун оорусу менен күрөшкөн, бирок аракети текке кетти. Эч жардам болбогондуктан, ал дайыма элдин баары уйкуга кеткенде, сыртка чыгып, таңдын атышын күтүп отура берчү экен.
Нью-Йорктогу, 70 жаштагы миллионер Артур Кусвейддин чүрөктөй келинчеги каза болот. Аялынын табытына кымбат баалуу буюмдарын кошо салып көмдүргөн. Бир күнү анын үйүнө "Бүгүн түнү аялыңдын табытындагы буюмдарды уурдоого каракчылар барат" деген кат түшөт. Артур дароо түндө уктабаган Бен Корренскке тапшырат. Ал каракчыларды күтүп мүрзөдө 5 сутка бою олтурат. Алтынчы күнү дегенде келишет. Табытын ачып, акыркы кымбат баалуу буюмдарга колдорун тийгизээрде "Колуңарды көтөргүлө! Силер курчоодосуңар" деген үн чыгат. Ошентип, алардын колдоруна темир кишен тагылат.
Мына ушундай окурман. Уктабаган адамдар өздөрү кыйналганы менен, түнкү ууруларды, каракчыларды кармап, кызмат өтөгөнгө пайдасын тийгизет тура.

#148 11 April 2014 - 02:10
Жаныбарлар жер титирөө алдында
.
Жер титирөөнүн алдында жаныбарлардын жүрүш-турушунда бир башкача өзгөрүүлөр болот экен.
.
Италия, 1085-жыл.Жер титирөөгө бир нече минута калганда уйлар мөөрөп, кой-эчкилер маарап, бирин-бири жөөлөп, иттер улуп, жылкылар башкача кишеней баштаган. Мышыктардын жүнү тик туруп, коендор менен суурлар ийнин таштай качышкан. Үйдөгү канаттуулар какылдап, талаада жыландар менен кескелдириктер жоголду.
.
Япония, Токио 11-ноябрь 1855-жыл.Жер титирөөгө 2-3 ай калганда чымчыктар жоголуп, тооктор короого түнөбөй калган.
.
Япония, Ноби шаары, 28-ноябрь 1891-жыл.Чычкандар үйдөн качып, арс чычкандар такыр жоголгон. 3-4 күн мурун балыктар жээкке чыккан.
.
АКШ, Сан-Франциско, 18-апрель 1906-жыл.Үйүр жылкылар качып, жемге табити тартпаган. Иттер күчүктөрүн тиштеп барып бир орундан экинчи орунга которуп турган.
.
СССР, Крым, 12-сентябрь 1927-жыл.Жер титирөөгө төрт саат калганда уйлар жибин үзүп, кача баштаган. Иттер ээсин айланчыктап, аянычтуу караган.
.
СССР, Түркмөнстан, Ашхабад, 5-октябрь 1918-жыл.Жер титирөөдөн бир ай мурун жыландар ийнинен чыгып, жер үстүнө топтолуп калган. Бир жарым саат мурун кумурскалар чууруп, уюгун таштап жатышты. Эки саат мурун аттар бир укмуш кишенеп, жибин үзүп, качып кетишти.
Журналист В.Песков минтип эскерет: "Поездде баратсак купедеги коңшум мага овчарканын сүрөтүн көрсөтүп, буларды айтып берди:
"Биз Ашхабадда иштечүбүз. Жумуштан кеч келип, уктай элек болчубуз. Бир убакта ушул овчарка жулунуп туруп коляскада жаткан кызыбызды көйнөгүнөн тиштеп, эшикке карай жүгүрдү. "Кутуруп кеткенби деп, мылтыкты алып, биз артынан жөнөдүк. Бир убакта жер титиреп, шаар кыйрады..."
Дагы бир окуя ошол эле Ашхабадда болуп өткөн, ит ээсин ойготуп, бети-башын ######, аны эшикке сүйрөй баштайт. Уйку-соонун ортосунда жаткан ээси итин эшикке чыгарып салат. Ит кайра кирип, ой-боюна койбой, ээсин эшикке сүйрөп чыккан. Андан кийин жер титиреген.
.
Жаныбарлардын ушул сыяктуу окуялары 1963-жылы Югославиянын Скопле шаарында, Өзбекстанда, Ташкентте 1966-жылдын 25-апрелинде, 1968-жылы Арменияда, 1969-жылы Кытайда болуп өткөн. 1975-жылы АКШда. Италияда, 1976-жылы Түркияда жана башка жерлерде да катталган.

#149 14 April 2014 - 00:52
ıКАРА ТЕШИКТЕР
.
20-кылымда ааламдагы асман телолору жөнүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалды. Бүгүнкү күндө жаңы гана аныкталган мындай телолордун бири – бул кара тешиктер. Кара тешиктер энергиясы түгөнгөн бир жылдыздын өзүнүн ичин көздөй кысылышы жана эң аягында жылдыздын ордуна чексиз тыгыздык жана нөл көлөмгө ээ абдан чоң бир тартылуу талаасынын пайда болушу натыйжасында пайда болууда. Кара тешикти үстүңкү беттик тартылуу күчү абдан күчтүү болгондуктан жана жарык анын ичинен кача албагандыктан, эң ири телескоптор менен да көрө албайбыз. Бирок өз ичине чөккөн жылдыз турган ордунун айланасына болгон таасири менен гана билинет. .
Аллах Вакыа Сүрөсүндө жылдыздардын ордуларына ант ичүү менен бул темага мындайча көңүл бурган:
.
Жок, жылдыздардын орундарына ант ичем. Шексиз, бул эгер билсеңер, чынында улуу бир ант. (Вакыа Сүрөсү, 75-76)
.
«Кара тешик» түшүнүгү алгачкы жолу 1767-жылы англиялык илимпоз Жон Митчелл (John Michell) тарабынан айтылып, «кара тешик» термини алгачкы жолу америкалык физик Жон Арчибальд Уилер (John Archibald Wheeler) тарабынан 1969-жылы колдонулган. Мурдалары бардык жылдыздарды көрө алабыз деп гипотеза жасалса, акыркы жылдары космосто биз нурларын көрө албаган жылдыздардын да бар экени аныкталган. Себеби энергиясын түгөткөн жылдыздардын нурлары да жоголууда.
.
Кара тешик – бул бир массанын жарык чыга албай тургандай кичинекей бир жерде чогулушу. Күчтүү тартылуу күчү фотондорду жана эң ыкчам бөлүкчөлөрдү да бул аймакта кармап калат. Күндөн 3 эсе чоң массага ээ болгон кадимки бир жылдыздын күйүшү жана жарылышы натыйжасында пайда болгон кара тешиктин көлөмү болгону 20 км болот. Кара тешиктер «кара», т.а. түздөн-түз көрүүгө болбойт. Өздөрүн кыйыр түрдө, башка асман телолорун өзүнө тарткан тартылуу күчү аркылуу таанытышат. Төмөнкү аятта да кыямат күнү тасвири менен бирге, бир тараптан кара тешиктер жөнүндөгү мындай илимий ачылышка да ишарат болушу мүмкүн:
Жылдыздар «жабылып (нурлары) өчүрүлгөндө», (Мүрселат Сүрөсү, 8)
Мындан тышкары, чоң массага ээ жылдыздар космосто бүгүлүүгө себеп болушат. Бирок кара тешиктер космосто бүгүлүүгө гана себеп болушпайт, ошол эле учурда астрофизиктер айткандай, космосту тешип өтүшөт. Бул өчкөн жылдыздардын кара тешиктер деп аталышынын себеби да ушул. Тарык Сүрөсүнүн үчүнчү аятында болсо «тешүүчү жылдыз» жөнүндө сөз болот:
.
Асманга жана Тарыкка ант болсун, Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет? (Караңгыны) Тешкен жылдыз. (Тарык Сүрөсү, 1-3)
.
Аяттын Арапчасында «тешик» маанисине келген «сакб» уңгусунан «тешик ачуучу, тешүүчү жана тешип өтүүчү» маанилерине келген «эссакибу» сөзү колдонулууда. Кара тешиктерди сүрөттөгөн илимий эмгектерде болсо «тешик ачуу, тешүү» маанилерине келген англисче «puncture» сөзү колдонулууда. Кара тешиктердин өзгөчөлүгүн сүрөттөө үчүн Куранда колдонулган бул сөз абдан терең маанилүү. Аятта жылдыздар жөнүндөгү бул маалыматка да көңүл бурулган болушу – Курандын Аллахтын сөзү экенин далилдеген дагы бир маанилүү маалымат.

#150 14 April 2014 - 00:53
Чачтын энергиясы
.
Мистика боюнча чач космостук күчтүн булагы болуп саналат. Буга ишенүү же ишенбөө ар бир адамдын өз эрки эмеспи.
Чачты ар кимге кестирте бербеш керек. Анткени чачыңды кескен адам сенин биоталааңа таасирин тийгизе алат.
Аял кишинин чачын аял киши, эркек кишинин чачын эркек киши гана кыркышы керек. Эгерде тескерисинче болуп калса, ал адамдын жеке турмушуна кедергисин тийгизиши ыктымал.
Чачтын кесиндисин ыргытууга болбойт. Таштандыда калса, анда анын ээсинин башы ооруйт.
Чач тарачка кайсы күнү барып чач кырктырсаңыз, жашооңуз ошого жараша өзгөрөт:
Дүйшөмбү- бул күн чач кыркуу үчүн ыңгайлуу күн.
Шейшембиде- бир өңчөй жашоодон тажасаңыз, чач тарачка барсаңыз болот.
Шаршембиде- кандайдыр бир жаңылык уккуңуз келсе, чач тарачка барыңыз.
Жагымсыз күндөрдөн алыс болуш үчүн бейшемби күнү чач тарачка барбай эле койгонуңуз оң.
Жума- бул сулуулук күнү. Бул күнү чачыңызды каалагандай жасалгаласаңыз болот.
Ишемби күнү чач кырктырсаңыз, чачыңыздын өсүмү тездейт.
Жекшембиде чачты кестирбей эле коюу оң. Анда өзүңдүн тагдырыңды тайкы кылууга же ийгилигиңди кескен менен барабар болот.

#151 14 April 2014 - 00:54
Суунун сыры
.
Жаратылыш адам баласын өзүнүн сырлары менен кызыктырбай койбойт. Ааламда нечендеген ачылыштар болуп жатат. Деги эле адам баласы жер шаарын жаралгандан баштап эле изилдеп келе жатат, ал изилденип бүтпөс жана изилдене бермекчи. Анын сыңарындай, «Сырдуу дүйнө» рубрикасында «Суу- бул жашоонун булагы» демекчи, суу жөнүндө кеп кылмакчыбыз.
.
Чындыгында эле, суу Жер шаарындагы жашоонун булагы болуп эсептелет. Биздин күнүмдүк турмушубуздагы эң көп колдонулгон нерсе суу болгонуна карабастан, ал тууралуу көптөгөн маалыматтарды билбейбиз. Төмөндө ошол биз билбеген бир топ кызыктуу маалыматтарды тааныштырып өтөбүз.
Суу табигатта үч абалда кездешет, катуу, суюктук түрүндө жана газ абалында. Суу бүтүндөй Жер шары үчүн бул үч абалында тең эң керектүү зат. Баардык жандыктардан баштап өсүмдүк, тоо-ташка чейин суунун үч абалынан көз каранды.
1992-жылы сенсациялуу ачылыш болгон, башкача айтканда, суунун «оор суу» деп аталган изотобу табылган. Гаральд Юри жана Эльберт Осборн кадимки суунун курамынан «оор сууну» табышкан. Эки жылдан кийин Эльберт Осборн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Учурда суунун көптөгөн изотобу белгилүү. Ошондой эле, суунун курамына жараша таза суу, деңиз суусу, жамгыр суусу, минералдык суу ж.б у.с түрлөрү бар.
Суу Жер шарындагы жандыктар жана өсүмдүктөр үчүн эле эмес, жалпы планетанын жашоосу ыңгайлуу болушуна зор таасирин тийгизет. Алсак, атмосферадагы суу буусу жайында өтө ысып кетүүдөн сактаса, кышында сууктан сактайт. Ал эми океандар көмүр кычкыл газын “жутуп алуу” менен абадагы кычкылтектин сакталышына жардам беришет.
Суунун организм менен байланышы
Биздин жашоо гана эмес, организмибиз дагы суудан толук көз каранды. Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркайдын организми –75, чоң адамдыкы жашына жана салмагына жараша 55 пайыздан 78 пайызга чейин, сөөктөр –72 пайыз, булчуңдар –75 пайыз, ал эми булардын баарын суу жана азык зат менен камсыз кылып турган кандын өзү 90-92 пайыз суудан турат. Негизинен, нормалдуу иштеген организм күнүгө 1-7 литр суу ичет. Ар кандай себеп менен денедеги суунун дэңгээли нормалдуу көрсөткүчүнөн 2 пайызга төмөндөсө, адам суусай баштайт, 7-8 пайыз жоготсо, эстен тануу башталат. Ал эми организмдеги суунун 15-20 пайыз төмөндөшү адамдын жашоосу үчүн коркунуч туудурт. Суунун жардамы менен организмдеги зат алмашуунун жана керектелген азыктардын калдыгы тышка чыгарылат. Ошондуктан, айрым ооруларга сууну көп ичүү сунушталат.
.
Тышкы чөйрөдөгү таасири
.
Тышкы чөйрөдө да суу көбүн эсе колдонулат. Мисалга алсак, айыл чарбасында билинбегени менен, түшүм бышкага чейин өсүмдүктөр зор көлөмдөгү сууну талап кылышат. Жер шаарынын 70 пайызын суу каптап турат. Башкача айтканда, картадан караганда деле планетабызда көбүнесе суулар жайгашкан.
.
.Суунун 7 өзгөчөлүгү
.
Башка суюктуктардан айырмаланып суу көптөгөн өзгөчө касиеттерге ээ.
.
1. Эрүү касиетине токтололу. Мисалга алсак, эриткен заттардын химиялык курамын өзгөртпөйт жана өзүнүн курамында ошол бойдон сактайт. Алсак, деңиз суусунун курамында, Менделеевдин таблицасындагы элементтердин 70ке жакыны кеэдешет.
.
2. Суу жакшы эриткич болуп эсептелгендиктен, курамында дайыма ар кандай кошулмалар, туздар жана оң, терс заряддалган иондор болот, алар суунун электр тогун күчөтөт.
.
3. Суу башка суюктуктарга салыштырмалуу өтө жогорку беттик тартылуу күчүнө ээ, сымаптан кийинки орунда турат. Бул кубулушун көп жерден кезиктирүүгө болот. Мисалы, адамдардын жана жаныбарлардын организмдеги курамы 90-92 пайыз суу болгон кан жана лифма ушул эле кубулуштун натыйжасында бүткүл денени айлантып жүрөт.
.
4. Суу жылуулук алмаштыруучу зат катары чоң мааниге ээ. Атмосфера ысык болгонуна карабастан, океандар муздак бойдон кала беришет.
.
5. Ысытканда суюктуктардын көлөмү чоңоюп, тыгыздыгы кичирейет, муздатканда тескерисинче, тыгыздалып, көлөмү кичирейет. Суу негизинен 4 градус температурадан жогорку тыгыздыкка ээ болот.
.
6. Суунун түсү эч болбойт, баардыгына эле маалым. Бирок ар кандай себептерден улам өзгөрүлүп турат.

#152 29 August 2014 - 00:32
АКШнын түштүк жээгинен Алабама
дарыясынан эң ири крокодил
кармалды. Бул жерге жакын бир үй-
бүлөнүн кармаган крокодилинин
узундугу 4.5 метр, салмагы болсо
болжолу менен 500 килограммдан ашат. Еsquire.com.tr булагы бул
крокодилди дүйнөнүн эң чоңу
болгондугун жазууда. Аны жергиликтүү
тургун Менди Сток көрүп калып,
адамдарга кол салбасын деп аңдып
жүрүп, үй-бүлөсү менен кармашкан. Бул жерде негизинен кичине гана
крокодилдер кезикчү. Менди ал
крокодилдин артынан бир жума жүрүп араң кармаган.
Буга чейинки эң чоң делген крокодил
2007-жылында Техаста кармалып,
салмагы 400 килограмм болгон. Андан бери бул чөлкөмдө мындай ири крокодил көрүнө элек болчу.

Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.

#153 29 August 2014 - 00:34
Австралиянын Тасмания штатынын
меринос-койу жүнүнүн узундугу
боюнча рекорд койду. The Telegraph
басылмасынын билдиргенине
караганда, Шон аттуу кой мультфильм каарманынан дагы ашып кеткен. Адистер айтымында, бул кой 6 жыл боюу бир дагы жолу кыркылган эмес.
Азыр рекорд коюп биринчиликке
талапкер болууда.
Ал эми буга чейин биринчилик жаңы
зеландиялык Шрек аттуу койго
берилген. Ал дагы 6 жыл боюу жүнүн
кырктырбай жүргөн. 2004-жылы түз
эфирде 20 мүнөт ичинде жүнүн
кырканда 27 килограмм жүн чыккан. Негизинен бир койдон орто эсеп менен 4,5 килограмм жүн кыркылат. Ал эми эң көп жүн берген койлор 15 кг бериши мүмкүн. Жаңы зеландиялык Шрек
койунун жүнүнөн эркектердин 20
костюму тигилген.

#154 03 September 2014 - 02:01
Сонун маалыматтар экен.Рахмат Канатчикке.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#155 03 November 2014 - 01:08
Касиеттүү мазарлар.
Дүйнөнүн сырдуу, ары табышмактуу жана касиеттүү экенин танууга болбойт. Мунун далили миңдеп саналат.
Баткен районунун чыгыш тарабында, Кадамжай районунун түштүк тарабында айтылуу Кожоашкан деген касиеттүү жер бар экенин баары эле биле беришпейт. Андан ары Телбе деген жайлоо Тажикстан менен чектешет. Мына ошол Кожоашкандан 60 градустан тартып 80 градуска чейинки жылуулуктагы суу чыгат. Жылуу суу чыккан булактардын саны төрт. Бирок төртөөнүн касиети төрт түрдүү. Бири-бирине окшобойт. Болбосо баары эле жанаша жерден чыгат. Аралыктары 10-15 эле метр. Бул суунун дарылык касиетин Кыргызстандыктар жакшы билбегени менен Россия, Германия, Венгрия, Англия сыяктуу Европа өлкөлөрү жакшы билишет жана жыл сайын келип дарыланып кетишет. Эми бул өзүнчө сөз кылууга ылайык нерсе.
1999-жылы Баткенге бандиттик түзүлүш басып кирип, төрт япон жараны менен генерал А.Шамкеевди кармап, барымтага алып кеткени баарына белгилүү. А.Шамкеев барымтада жүргөндөгү окуяларды эскерип келип, Кожоашкандагы кайсы бир ыйык мүрзөгө барганын, ошол жерде намаз окугандан кийин Кудайдын бар экенине ишенгенин, жан дүйнөсү тазарып жеңилдеп калганын айтат. Чындыгында ошол аймакта эл сыйынган бир канча ыйык жерлер бар. Уламышта айтылганына караганда пайгамбардын динди жайылткан сахабалары согушуп жатып курман болгон жерлер ошол мезгилден бери касиеттүү деп аталып биздин күнгө чейин жетип олтурат. Алар Шаймерден, (азыр Өзбекстанга карайт, мурдакы аты Хамзабад) Кожетиш, Жигитпирим деген жерлер. Мисалы Кожетиш азыркы Баткен районундагы Сай деген айылдан анча алыс эмес жерде жайланышкан. Мында таштын үстүнө түшкөн жаш баланын бутунун изи, башты салып сыйына турган оюк сыяктуу таң каларлык нерселер бар. Жергиликтүү эл буларды ыйык деп эсептеп, жыл сайын түлөө өткөрүп, куран окутуп турушат. Ал эми бул жерге келип арак ичип, кесир сүйлөгөн адамдардын кырсыкка учурап, же жарык дүйнө менен коштошкон мисалдары арбын.

#156 03 November 2014 - 01:20
Шайтандарды Ош базарынан көрсө болобу?
Айрым көзү ачык, касиети бар адамдар шайтандарды Ош базарынан, анан дагы ушу жер сыяктуу эл кыжылдаган башка ыплас жайлардан жолуктурса болот деп айтышат. Ким билет, балким чындыгы бардыр. Шайтандар жөн пенделерге эч качан көрүнбөсө да алардын көпчүлүгүн азгырып, ээрчитип алмайы чындыкка жакын. Адамдын көзүнө көрүнбөстүгү бул шайтандардын бирден-бир өзгөчөлүгү.
Даанышмандардын айтуусу боюнча, "шайтандардын эң чоң жетишкендиги - алардын адамдарга "шайтан жок нерсе" деп ишендире алгандыгы. Шайтандын дагы бир өзгөчө касиети - ал адамдын кан тамыры менен жүрө алгандыгы. Ушу себептен адамдарда бузук ойлор, ар кандай жагымсыз сезимдер ойгонот, оорулар козголот. Адамдар бул шайтандын иши экенин элестетип да коюшпайт. Кыргызда "шайтандай болуп кайдан келе калды эле?", "шайтаны көп", "шайтан сайып" ж.б.у.с. сөздөр бекеринен колдонулбайт.
Анткени шайтан адамдарды жалаң жамандыкка түртөт. Диний окууларда бул күнөөлөр оор, орто, майда ж.б. болуп бөлүнгөн. Шайтандын адамга кире турган эшиктери катары булар аталат:
1. Билимсиздик. Билимсиз адам шайтанга каршы турууга алсыз.
2. Ачуулануу. Ачуулуу адамдарды шайтан бат азгырат.
3. Ач көздүк. Дүйнө, байлыкка ашкере берилген адамдар.
4. Текебер, бой көтөрүү. Өйдөсүнүү. Бийлик, байлыгына манчыркаган адамдар шайтандын торуна бат түшөт.
5. Мактоону сүйгөндөр. Адамды мактаган Кудайга жакпайт. Кудайга чейин теңеп, мактап келген Ленинди бүгүн жаш муундар керек болсо атын билишпейт.
6. Мактанчаактык. "Өзүн мактагандан өлө кач" деген кыргыздын даанышман макалы сыңары шайтандар мындай адамдарга өтө жакын.
7. Өзүн-өзү жакшы көргөндүк.
8. Тынчсыздануу жана коркуу. Бул адамдардагы табигый сезимдер. Шайтан муну билгичтик менен пайдаланат. Улуу пайгамбарыбыз "Сабырдын түбү-сары алтын" дейт элибиз. Кудайдан гана коркуу керек.
9. Тоотпостук, кенебестик.
Негизинен мына ушул эшиктер аркылуу шайтан адамдын денесине беймарал кирип өз ишин жүргүзөт экен. Мындан кандай сактануу керек? Албетте жогорудагыдай сапаттардан алыс болуу зарыл. Анан дагы бир шарт - адам өзүн мусулманмын деп эсептесе шайтандан коргонуунун бардык жолдорун ыйык Курандан табат. Анткени, ыйык Куранда адамзат коюп жооп алалбаган бир да собол жок.

#157 04 November 2014 - 21:46
АЛБАН ТҮРЛҮҮ ААЛАМ СЫРЛАРЫНАН:
Физиканын закондору өтө таң калаарлык, алар приборлордун, машиналардын гана иштешине пайдаланылбастан, жандуу жаратылыштын кубулуштарына да жайылтылган. Бирок жандуу жаратылышта бул закондун көпчүлүгү ачык байкала бербейт. Муну байкоочулардын тажрыйбалуу көзү гана байкап-биле алышы мүмкүн. Ошондуктан, адистердин кеңештерин жана физика боюнча алган билимиңизди жашоодогу жөнөкөй практика аркылуу сынап алсаңыз болот.
1. Эмне үчүн адам суу толтурулган чаканы оң колуна көтөрүп баратканда солго кыйшайса, ошол жакка бош колун сунуп коёт? Каалабаган багытка жалпы оордук борборун которгон учурда, адам белгилүү чектерде аны карама-каршы жакка жылдырышы мүмкүн. Себеби, адам жүктү оң колуна кармаса, анда жалпы оордук борбору оң жакка жылат. Адам дененин жогорку бөлүгүн солго кыйшайтып, сол колду жан жакка сунуп, жалпы оордук борборду солго жылдырат. Натыйжада жалпы оордук борбору каалабаган багытка жылбай калат.
2. Эмне үчүн майда курт-кумурскалар сууга түшүп калышса, андан сыртка чыга албай калышат? Муну адистер мындайча түшүндүрүшөт: Майда жаныбарлар суунун беттик тартылуу күчүн жеңе алышпайт.
3. Эмне үчүн караңгыда мышыктын көзү жаркырайт? Негизи эле толук караңгылыкта мышыктын көзү жаркырабайт, анткени, алардын көзү жарыкты таратпастан, ага түшкөн нурларды чагылдырып турат. Ал эми толук эмес караңгылыкта мышыктын көзү жаркырайт, себеби, алар жарык нурларын, башка жаныбарларга салыштырмалуу, начар сындырышат, бул көздүн түбү аркылуу таралуучу нур менен чагылдырылат да, көзгө көрүнө турган жаркырак болуп калат.
4. Эмне үчүн жаандын алдында айрым канаттуулар жерге жакын учушат? Себеби, жаан жаар алдында нымдуулук жогорулайт, мына ушунун натыйжасында майда чиркейлердин, көпөлөктөрдүн ж. б. жаныбарлардын канатчалары нымдуулуктун эң майда тамчылары менен жабылат да, оор болуп калат. Ушундан улам, чымын-чиркейлер төмөн түшүшөт, анын артынан мындай жаныбарлар менен тамактануучу жаныбарлар түшүшөт.
5. Сиз капысынан караңгыда көпкө туруп калган болсоңуз, же караңгы бөлмөдө туруп жарыкты күйгүзсөңүз, көзүңүздүн ооруксунганын байкайсыз. Бул мындай: Жарыкты көп өткөрүү үчүн, көздүн кареги караңгыда абдан кеңейет. Кирпик ирмегенче жарыкты күйгүзгөндө, көзгө жарык энергиясынын көп саны кирет да, ооруксунууну пайда кылат.
6. Дагы бир табышмактуу көрүнүш - эгер сиз байкаган болсоңуз, адатта чөнтөк фонарынын батарейкаларынын сапатын текшериш үчүн, металл пластикага тилин тийгизишет. Эгер тил ачуураак даамданса, батарейка оң болот. Эмне үчүн мындай? Анткени, адамдын шилекейинде анча көп эмес сандагы ар түрдүү органикалык туздар (натрий, калий, кальций) болот. Шилекей аркылуу электр тогу өткөндө, ушул туздар электролизге дуушар болушат да, батарейканын уюлдарына алардын түзүүчү бөлүктөрү бөлүнүп чыгып, тил ачуураак даамды сезет.
7. Эмне үчүн айрым адамдар дененин ооруган бөлүгүнө банка коюшат? Медициналык банканын аракетин физиканын закондорунун негизинде карап көрсөк болот. Оорулуу адамга банканы коёрдун алдында, аны жылытат. Бул учурда андагы аба кеңейип, абанын бир бөлүгү сыртка чыгат. Адамдын денесине койгондо, анын ичиндеги аба кайрадан сууйт да, банкадагы басым атмосфералык басымдан аз болуп калат. Сырткы басым банканы териге кысат. Төмөнкү басымдагы орунга кандын көп агышынын натыйжасында дененин банка коюлган жери кызарып калат.
8. Суукта жапайы өрдөктөр кантип жылынышаарын билгиңиз келеби? Өрдөктөр көлмөнүн түбүндөгү муз тешигине чумкуп киришет. Андагы суунун температурасы +4 градуска барабар болуп турат.
9. Эмне үчүн адам үшүгөндө өзүнөн-өзү калтырай баштайт? Анткени, калтыроо - организмдин сууктан коргонуусунун бирден-бир формасы. Калтыроо учурунда булчуңдар жыйрылат. Булчуңдардын иштеши организмди жылытып турат.
10. Эмне үчүн караңгы түшкөндө, жарык кылынган бөлмөнүн ичинде туруп алып, терезеден сыртты көрүүгө мүмкүн эмес болот? Анткени, жарык учурунда көздүн кареги кичирейет да, көчөдө турган нерселердин жарык нурлары, үйлөрдүн терезе айнектеринен чагылган нурлар көрүүнү начарлатат.

#158 04 November 2014 - 21:55
Саякатчы таштар
.
АКШнын Калифорния штатында атактуу "Өлүм өрөөнү" бар. Ал өрөөндү атактуу кылган көрүнүштөрдүн сыры чечиле элек. Андай көрүнүштөрдүн бири - саякатчы таштар. Өрөөндө илгери Рейстрэк - Плайя аттуу көл болгон. Убакыттын өтүшү менен ал көл кургап, түбү шор, туздуу жайыкка айланган. Жайыкта ар биринин салмагы 30 килограммга чейин жеткен чоң таштар жатат. Тагыраак айтканда, алар жатпайт, түшүнүксүз себептер менен жылып жүрүшөт.Аркасынан узундугу 30-60 метрге чейин жеткен издерди калтырып, бул таштар бир нече жыл бою бир орундан экинчи орунга көчүп жүрүшөт. Алардынжылып баратканын эч ким көргөн эмес жана таштар кайда, эмне максат менен бара жаткандарын ушул убакытка чейин негиздүү түрдө түшүндүрүп бере алган адам чыга элек.Көптөгөн окумуштуу, геологдордун көңүлүн бурган таштарга Карен, Марта,Шарп сыяктуу аял аттары коюлган. Бул таштардын эң чоңу Карен 350 килограмм. Ага карабастан Карен да бир нече жыл ичинде 120 метрлик жолду басып өткөн. "Таштардын жылышына жер титирөө, шамал, магниттик талаалар жана белгисиз сырдуу күчтөр себеп болот" деген божомолдор чыккан. Бирок, 350 килограммдык ташты ордунан жылдыруу үчүн аталган себептердин күчү жетпейт.Мисалы, жер титирөөдөн жылса, анда эмнеге кээ бир таштар жылып, кээси турган одунда кала берет? Ал эми себепкер шамал болсо, анда таштардын бир багытты көздөй эмес, ар тарапты көздөй жылуусу түшүнүксүз. Эмнеси болсода бул сырдуу саякатчы таштардын тили жок болгону өкүнтөт. Балким, таштар сүйлөгөндү да билишсе, кайда бараткандарын айтып беришмек...

#159 12 December 2014 - 12:44
Ырым-
жырымдар жана илимпоз сымактар менен кантип күрөшүүгө болот?
Телеканалдардын берүүлөрү экстрасенстерге, аларды өз ара кармаштарына жана "сырдуу" илимдерине толуп кетти
.
Россия чейрек кылым мурдагыдай эле кайрадан эзотерика менен парапсихологиянын дүйнөсүнө сүңгүп кирип жатат. Телеканалдардын берүүлөрү экстрасенстерге, аларды өз ара кармаштарына жана "сырдуу" илимдерине толуп кетти. Жоголуп кеткен тик учакты издөө ишине деле экстрасенсти кошуп алуу эч кимди таң калтырбай калды. Албетте азырынча бул штаттык процедурада эмес, жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнүн туугандарынын өтүнүчү менен ишке ашып жатат.
.
Чейрек кылым мурда кыйраган СССРди паранаука (так илимдерден алыс турган ортозаар илим) силкинткен болчу. Идеологиялык тосмолор алынып салынгандан кийин, дүйнөнү материалдык таануу жана далилдөөчү илимдин принциптери коммунисттик, большевиктик идеологиянын түркүгү катары четке сүрүлүп калды.
Бул жылдары Кудайга ишенүү, жин-шайтан, жандын кайра жаралышы, эктоплазма, торсиондук талаа жана акылдуу нано-бөлүктөр либералдык көз караштын ажырагыз бөлүгү болуп калды. Алан Чумак теледе тирмийип унчукпай "сыйкырлап" отурганда сөөгүнө чейин коммунист болуп бүткөндөр сыналгынын алдына коюлган суу куюлган банкага түкүрүп отурушту. Ал эми "көздөрү ачылып, көкүрөгү тазарып жаткандар" Кашпировский тарабынан мейкиндикти аралап келген энергетикалык талаалар тууралуу олуттуу түрдө талкуулашчу.
.
Материализмдин "динозаврлары" паранормалдуулуктун кысымы астында чегинишип, ошого карабай "эч кандай сырдуулук жана сыйкыр деген жок, болгону атомдор менен адамдын коркунучу бар" дегенди далилдөөгө аракет кылышты. Башкача айтканда, ошол кезде да, азыр да болгону эки көз караш кармашып келет: же болбосо түшүнүксүздүктү толук бойдон четке кагуу, же аны кандайдыр бир фантазиянын чындыгы деген деңгээлге чыгаруу.
Сексенинчи жылдардын соңунда СССРди паранормалдуу илимдердин толкуну каптап ал эми илимий материализмдин катуу чеңгели алынып ташталган анча узак эмес мезгил болгон. Мындан улам илимий билимдин терминдешкен тапшырмаларын эл чарбасына пайдаланууга негиз түзүлдү. Сырдуу делген бир нече ишти илимдин негизинде кароого туура келди. Төмөндө бул тууралуу баяндап бермекчимин.
Чыгыш календары тууралуу иш
Сексенинчи жылдардын соңунда Кытайдын циклдик календарына массалык кызыгуу алгач ирет пайда болгон. Бул календарь СССРде модага айланып, бирок ал ар бир жыл ага тиешелүү жаныбар менен атала турган 12 жылдык цикл катары жөнөкөйлөтүлгөн түрдө кабыл алынган. Система татаал экенине жана 60 жылдык циклден турарына, ар бир жаныбар беш зат менен: дарак, от, жер, металл жана суу менен биргелешип аракеттенерине эч ким деле маани берген эмес.
Эл кытай зодиагынын кайсы белгиси ишкерликте, сүйүү иштеринде жана коммуналдык жашоодо бири-бири менен төп келерин берилип талкуулаган. Бир жолу биздин геологиялык лабораториябызга тааныш журналисттер келишти жана кытай зодиагынын белгилери боюнча ар түрдүү болгон адамдар бири-бири менен эмне үчүн конфликке барарын биле аласыңарбы деп сурашты. Суроонун биздин кесипке тиешеси жок болчу, бирок биз кызыгып калдык, анан калса ага чейин бир нече күн мурда биз илимий-популярдык басма сөзгө байыркы кытайлар эл катуу жабыркаган массалык тумоолордун, ал тургай күчтүү жер титирөөлөрдүн циклдүүлүгүн аныктап чыгышкандыгы тууралуу макала чыккан. Алар болушу мүмкүн делген жаратылыш кырсыктарын алдын ала айткан өздөрүнүн гороскопторун түзүп чыгышкан. Күндөгү тактарды жана циклдүүлүктү эки миң жыл мурда эле кытай астрономдору байкашкан экен.
Ошентип биздин баардык бош убактыбызды алган, абдан катуу кызыкдар болгон изилдөөлөр башталды, бактыга карай биздин арабызда ар түрдүү кесипкөйлөр бар эле. 12 жыл дароо эле көзгө урунду - бул системдагы эң үлкөн планета болгон Юпитердин Күндү толук бир айланып чыгуусунун мезгили. Ал эми 60 жыл- Сатурндун эки жолу Күндү айланып чыккан убактысы. Тактап айтканда, кытай календары куралданбаган көзгө даана көрүнө турган бул эки ири планетанын кыймылы менен дал келди.
.
Миллион чакырым алыста айланган асман телосу адамдын жеке тагдырына түздөн-түз таасир берет дегенге ишенүү кыйын эле. Бирок таасир берүүгө мүмкүн боло турган бир орун бар болушу мүмкүн эле. Бул орун - Күн. Ал биздин планетага аябай эле зор таасир берет. Жана албетте, кытайлыктар Иса пайгамбардын туулган күнүнөн 300 миң жыл мурда эле Күндөн бирде пайда болуп, бирде жоголуп кетип турган тактарды байкашкан. Күндөгү тактардын саны "Вольф саны" деп аталган эсеп менен эсептелет. Биз кесиптеш астрономдордон Вольф сандарынын кытай гороскобунун тигил же бул белгиси менен катышынын таблицасын түзүүнү сунуштадык. Акыркы эки жүз жылда Вольфтун сандары "суулуу" Ажыдаар, Ит жана Каман жылында 25 бирдикте ылдый, ал эми, "оттуу" Тоок жана Кой жылында, же болбосо "жер тибиндеги" Маймыл менен Ит жылында 100 бирдикте жогору болуп чыкты. Башкача айтканда "суулуу" Ит жылында туулгандар Күн тынч турган мезгилде, ал эми "жер тибиндеги" Ит жылындагылар Күндүн активдүү мезгили күчөп турган мезгилде төрөлүшкөн.
Бирок бул тагдырды аныктай алабы? Анан калса кандай гана күн активдүүлүгү болбосун ал салыштырмалуу алсызыраак же күчтүүрөөк болушу ыктымал. Бир жагынан алганда биз электр магниттик толкундар менен заряддалган бөлүчүлөрдүн адамдын организимине тийгизген таасири тууралуу баарын эле биле бербейбиз. Мисалы, электр магниттик толкунга кабылган кезде кандагы эритроциттердин жабышкактыгы жогорулай турганын жана кан уюу тобокелдиги пайда болору жөнүндө айтып жүрүшөт.
.
Эгер андай болсо Күн активдүү кезде төрөлгөн бала геомагниттик бороонго көбүрөөк туруктуу болобу? Кандай болгон күндө да тигил же бул учурда Күн эмне болгонун карап чыгыш үчүн заманбап маалыматтарды алуу туура болот, анткенип кытай календары бул заманбап аппаратурага ээ болбой туруп, маанилүү байкоолорду жүргүзгөн байыркы адамдардын курч акылынын гана жемиши. Эмнеси болсо дагы бул өткөн чак тууралуу документ.
Коркуу пайда кылган пляж боюнча иш
.
Абдан катуу коркунуч пайда кылган жерлер бар. Адам өзүн бактылуу жана ден соолугу чың сезген жерлер бар. Кээ бир жайлардан адам шалдырап, өзүн алсыз, оорулуу сезинет. Кимдир-бирөөлөр муну сырдуу күчтөр, каргыш-илкиштер же шектүү энергетикалык агымдар менен байланыштырышат. Аныгында бул түшүндүрө албаган нерсени түшүндүрүүгө аракет кылуу десек да болот.
.
Курортология боюнча адистер эс алуучулар тапчанга эмес, кумга жаткысы келген пляждар бар экенин белгилешет. Бирок эс алуучулар жерден бир аз көтөрүлгөн абалда эс алууну каалаган пляждар дагы кездешет. Ал жерде таштар же таштандылар болгондуктан эмес. Пляждын өзүндө адамдарга таасир бере турган "сырдуу" нерсе болгон. Эл мындай пляжга ойноп, сууга түшүп, ары-бери басууга макул, бирок кумдун үстүнө жатуудан качышат.
1980-жылдардын соңунда жана 1990-жылдардын башында латвиялык доктор Нора Вильчинская бул маселенин үстүндө иштеген. Мен аны менен сүйлөшүп калдым. Доктор Вильчинская акустикалык эмиссияны же болбосо образдуу айтканда күч келүүдөн улам кумдун "ырдоосун" изилдеп жаткан экен. Бул курулушка карата инженердик иликтөөгө зарыл экен. Кумдун акустикалык эмиссиясынан Вильчинская маанилүү учурду байкаган: пляжын куму өзүнүн резонансттык жыштыгы боюнча адамдын денесинин айрым органдарынын резонансттуу жыштыгы менен дал келип калган учяурлар болот экен.
Башкача айтканда, кумга карата жасалган кандай гана кыймыл болбосун, мейли ал волейбол оюну болобу, секирүүбү, толкундун соккусубу, унаада жүрүүбү – баары кайсы бир жыштыктагы кулакка угулбаган шуулдоону пайда кылат. Анык бир жыштыкта адамдын ички органдары, жүрөгү, башы, көзү вибрациялана баштайт. Адамдын денесинин жеке өзүнүн мындай жыштыгы 2ден 30 Гц чейинки чекте болот. Эгерде кумдун шуулдаганы адамдын органынын резонансы менен дал келип калса, ал өзүн ыңгайсыз сезе баштайт. Кандайдыр бир нерселер көзүнө көрүнүшү мүмкүн, ачуусу келет, кептин кыскасы өзүн жаман сезет. Бирок адам кыймылда жүрсө кумдун таасири анча сезилбейт.
.
1989-жылы Риганын пляждарында тажрыйба жүргүзүлүп, баардык пляждарды эки типке бөлүшкөн -биринчиси төмөнкү жыштыктагы, экинчиси жогору жыштыктагы пляж боло тургандыгы аныкталган. Төмөнкү жыштыктагы пляждардын резонансы 33–40 Гц ашкан эмес, ал эми Юрмаланын пляждарынын көбү 50- 100 Гц жыштыктагы резонанс жараткан жогорку жыштыктагы пляждар экендиги аныкталган. Башкача айтканда жогору жыштыктагы кумдуу жээктерде өзүн жакшы сезет. Ал эми Колка тумшугунун аймагындагы пляждар төмөнкү жыштыктагы пляждар болуп эсепелет. Мындай пляжда эгерде сиздин тынчыңыз кетип жана жагымсыз сезимдерге кабылсаңыз башка пляжда барып эс алууга туура келет. Балким сиз муундар менен омурткалар жакшылап эс алып пляждан сергип чыккан жерди табасыз. Бул жерде эч кандай мистика жок. Азыр адистер бул көрүнүштү санаториялык- курорттук иштер үчүн изилдеп жатышат.
(уландысы бар)

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#160 12 December 2014 - 12:47
Ырым-
жырымдар жана илимпоз сымактар менен кантип күрөшүүгө болот?
.
УЛАНДЫСЫ
.
Сыйкырланган жана каргышка калган имараттар, айрыкча жер төлөлөр тууралуу кептер кечээ эле пайда боло калган жок.
.
Сыйкырланган жер төлө жөнүндө иш
Сыйкырланган жана каргышка калган имараттар, айрыкча жер төлөлөр тууралуу кептер кечээ эле пайда боло калган жок. Алар өлүм алып келет, ал жакта жин-шайтандар, арбактар жана башка коркунучтар бар дешет. Бирок коркунучтардын артында чыны менен реалдуу кооптуулук болгон радон менен уулануу жатат.
Узак убакыттар бою радиоактивдүү жана уулуу газ болгон радондун эманациясы магма тектүү жерлерде гана болот деп эсептелип келген. Мисалы, Финляндияда же Карелияда, Красноярск крайында, Кавказда...
.
Бирок жетимишинчи жылдарда советтик окумуштуулар радон жер кыртышында активдүү жарака же тоо алдындагы жаракаларда активдүү түрдө бөлүнөт деп айта башташты. "Укруглегеология" бирикмесинин геологу Юрий Рябоштан родон-торондык эманацияны изилдөөнүн негизинде геодинамикалык картта түзүү ыкмасын ойлоп тапса, Москванын геологиялык чалгындоо институтунун доценти Людмила Горбушина лабораториялык негизде муну далилеп чыкты. Бул геофизиктердин изилдөө ыкмаларынын бирине айланды, ал эми радон ажырганда бөлүнгөн алфа-бөлүкчөлөрдү өлчөөчү курал имараттын коопсуздугун баалоочу курал болуп калды.
Радон үйгө ар түрдүү жолдор менен пайда болушу мүмкүн, бирок анын кесепети дайыма начар жыйынтыктарды берет.
Биздин планета жандуу экени белгилүү, анда жер титирөө, жанар тоонун атылышы сыяктуу көзгө көрүнгөн, же тескерисинче көзгө урунбаган жабык процесстер дайыма болуп турат. Анын негизинде жер алдында көп сандаган активдүү жаракалар пайда болот. Ал тургай салыштырмалуу тынч делген Орус тегиздигинде бир блоктор тынымсыз чөгүп, башка блоктор тынымсыз көтөрүлүп турат. Айдын сууга карата тартуу күчүнүн факторун дагы эстен чыгарбашыбыз керек, бир суткадагы ондогон саниметр жогорулоолор менен ондогон сантиметр кайра ылдый түшүүлөр. Анын негизинде жер кыртышында геодинамикалык аймактар пайда болот.
.
Иш жүзүндө кайсы бир үй геодинамикалык аймакта жайгашкан болсо, ал көп учурда нымдан жабыркап, ичин көк тактар басып кетет. Эң эле жаман жери мындай үйлөрдүн жабык бөлмөлөрүндө, айрыкча жер төлөсүндө радондун курамын көп болот. Эгерде кадыресе турак жайлардагы абада радондун консентарциясы куб метрине 100 Бк болсо, жабык жерлерде ал 1000 эсе жогору болушу ыктымал.
Радон менен жабыркаган учурда биринчи кезекте өпкө рак оорусу менен ооруйт. Бирок организм аны көп дозада дем алып алган болсо, адам дароо өлүмгө учурайт. Биринчи кезекте кандагы лейкоциттердин көлөмү кескин төмөндөйт, лимфа түйүндөрү, көк боор, жүлүн талкаланат. Бөйрөк иштебей калып, жүрөк оорусу кармашы ыктымал.
Тажрыйба көрсөткөндөй адам организиминин функциясы радону бар имаратта бир аз туруп калса да сезилерлик өзгөрөт. Бул өзгөрүүлөрдү байкаган адам аны өзүнүн ырым-жырымына ишенүү менен "үйгө туура эмес жин-шайтан келип калдыбы?" деген сыяктуу түкшөмөлдөөлөргө да барганы ошондон.
.
.
"Көзү ачыктардын" караңгылыгы
.
Кайра куруу жылдарында так илимдердин деңгээли нөлгө чейин түштү. Башка баалуулуктардын мезгили келди. Ал тургай билимдүү адамдардын арасында дагы табийгый жана инженердик илимдердин өкүлдөрүнүн үнү угулбай калды. Ал эми ортозаар илим элге баарын жалпак тил менен түшүндүргөн үчүн абдан жакшы сиңишип кетти.
Заманбап илимде ушунчалык таң калыштуу жана татаал нерселер бар, адам болсо табиятынан жөнөкөй жана түшүнүктүү нерсеге умтулат. Бирок кыйын нерсени жөнөкөй айтып бериштин өзү да кыйын. Эгерде мисалы Discovery телеканалы жыйырма жыл мурда тарткан тасмаларды карасак, алардын жөнөкөйлүгүнө таң каласың. Голливуд жылдыздары жаратылыштын керемети жөнүндө айтып берген сериалдар пайда болуп, бул рынокто айыгышкан атаандаштык жана дөө-шаа компаниялардын жөөлөшү болгончо бир канча жылдар талап кылынды.
Илимий популярдуу сапатуу тасма тартуу абдан кыйын- физика, химия, математика элдин күнүмдүк жашоосунан четтеп кетти. Ошондуктан илимпоз сымактар карапайым адамдардын башын айлантышууда, анткени алардын катардагы адамга жөнөкөй тил менен жагдайды түшүндүрүп бере турган чыныгы илимпоз атаандаштары жок.
.
Жүрөк үшүн алган, музыкасы менен добушу коркуткан, кадырлары чаташкан коркунучтуу кино тартуу адамдын Жер бетиндеги орду, аны менен өз ара карым-катнашы, дүйнөгө кандайча туура реакция кылыш керектигин айтып берген олуттуу тасма тартууга караганда алда канча жеңил эмеспи.

Супер-Инфо
super.kg
видео