автордун кайнатасы бербей атат окшойт,китепти.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#22 14 December 2014 - 02:16
-Кечээ катуу байлап таштаганыбыз үчүн капа болгон жоксуңбу?Эми аны өзүңдөн көр,улам-улам эле качып кетип атсаң.Бизден качып кеткениңе мына эки жылдан ашып калды.Сени Россиянын бир бурчунда жүрөт го деп ойлогонбуз,
көрсө бул жакта турбайсыңбы.
Бишкекте жолуктурабыз деп үч уктасак да түшүбүзгө ктрген эмес.Азыр жер-жерлердин баарында сени катуу издеп жүрүшөт,эртеби-
кечпи баарыбир кармалмаксың.
Ушунча байлыкты алып,Америка же Австралияга кирип кетсен да баарибир таап алмакпыз...Кана ойлондуңбу,
картаны кайда каттың,алып келип бересиңби аны...?
Бүгүн түндөгү адамдардын жүздөрү таптакыр башкача болуп калыптыр. Ачуулуу,сүрдүү эмес бардыгы тең Каныбекке жылмая карап турушту.
-Эмне сүйлөбөйсүң же дудук болуп калдыңбы?
-Сүйлөгөндө эмне,баарыбир менден эч нерсе чыкпайт.
-Демек айтпайм дечи...Ошондойбу?
-Айтпаганда каякка барасың же бул жерден кутулуп чыгып кетем деп ойлоп жатасыңбы?Эгер айтпасаң оңой эле айттырып алабыз,-алиги мурутчан кишинин өңү өзгөрө кайра заардуу боло түштү.Анан ары жакта турган лөкүйгөн эки жигитке баштай бергиле дегендей белги берди да,ордунан козголду.Сыртка чыгып баратып артына бурулуп дагы бир жолу эскертип өттү.
-Ойлон Абдурасул,кыйналып- кыйналып,жедеп жаның көзүңө көрүнгөндө айтып бергенче дароо эле кыйналып-кысталбай айтып юбергениң дурус.Анда сени менен башкача сүйлөшөбүз. ..,-ал шарт эткизе эшикти жапты да,сыртка чыгып кетти.Бери жакта турган далдайган экөө Каныбектин колун артына кайрып,жип менен кайра катуу байлап салышты.Бирөөсү белинен өйдө чечиндирип туруп ичке тал чыбык менен,болгон күчү менен сабай баштады." Чып-чып"этип ичке тал чыбыктар анын денесине тийгенде дене бою дүркүрөй жыйрыла түз эле нервине барып тийип жатты.Алар уламдан-улам катуулап,алмак- салмак сабаганга өтүштү.Каныбек тиштенип алып,көзүн катуу жума кыңк этип үн чыгарбай жатып берди.Тигилер сабап жатып тажаган соң,ары жакка отура кетишти.Бир кезде Каныбектин денеси от менен жалын болуп күйө баштады,чыбыктын ачуу уусуна бүтденеси канталап кеткен эле.
-Кана жигитойлондуңбу же дагы сабайлыбы?

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#23 15 December 2014 - 02:01
Каныбек унчуккан жок тигилер бир аз эс алышкан соң дагы сабап киришти.
Катуу тиштенип чыдап отуруп Каныбек акыры эсин жоготуп койду.Бир аздан кийин суу чачканда араң эсине келди.Бет маңдайында дале алиги экөө туруптур.
-Бүгүнчө жетишет,эртеңкиге чейин ойлон.Унчукпасаң кыйноонун дагы башкача түрүн колдонобуз. Андан көрө дагы ойлон жакшылап.Экөө чыбыктарын ары жакка коюп коюшту да,Каныбекти жаман көздөрү менен карай сыртка чыгып кетишти.Шыртылдатып эшикти сыртынан кулпу менен кулпулап жатышканы кадимкидей угулуп жатты.
Кенен бөлмөнүн ичи заматта тымтырс боло түштү.Каныбек бир топко кыйналып оор дем алып жатты."Мен эмне мынча өзүмдү өзүм кыйнап атам ыя?Картаны алып келип берем деп алдап көрсөмчү?Баарыбир мени коё беришпейт,кайсыл жерде айт өзүбүз алып келебиз дешет же кошо ээрчип алышат. Андан көрө качуу керек,качуу гана керек"-ал айланасына кылдат көз жүгүртө баштады.Терезеси темир менен тордолуу экен.Ал жактан качып чыкканга мүмкүн эмес.Дубалга эски саатты илип коюшуптур,анын алды жагында узунунан кеткен чынжырчасы бар экен.Сыягы ал иштебейт окшойт.Акырын кулагын салып тыңшап көрдү."Жок иштейт экен,андан көрө мунусу туура иштейт болду бекен же жөн эле иштеп атабы?"Ал саатка карада түнкү он экиге чукулдап калыптыр." Сыягы тигилер укташты окшойт,мени сыртымдан кайтарып жатышабы же эки колу эки буту байлануу неме каякка бармак эле дешип башка бөлмөдө уктап жатышабы,баса мен каяктамын?Колду кантип бошотуу керек?Минтип отурса чырмалган жиптер денеме кан жүгүртпөй шишитип жиберет го?Эртең келип дагы кыйнашат.Эмне кылсам?Мени эмне болду деп аялым Алина да сары санаа болуп жаткандыр." Анын эки колун да,эки бутун да катуу байлап салышкан болчу.Качуунун ар кандай жолдорун ойлоп көрдү,бирок эч майнап чыгара албай койду.
Таңга жуук шырп эткен каалганын ачылган дабышынан селт этип ойгонуп кетти.

#24 15 December 2014 - 02:20
Кечээки Абдурахман деген мурутчан кишини ээрчиген үч-төрт киши келди.Анын артындагылар башкалар экен.Абдурахман аларга кайрыла мыйыгынан жылмая күлүп койду.
-Мына бир жарым жылдан бер жер суунун баарын кыдырып таппай жүрдүк эле,өзү эле капканга түшүп берди.Алыска качып кетпей эле бул жакта жашырынып жүрүптүр.
Абдурахмандын артындагы толмочунан келген тармал чачтуу,мурутчан кишиэңкейип жүзүнөүңүлө карады.
-Ии,шумпай, кылгылыкты кылып коюп акыры кармалдыңбы. Бизди сызга отургузуп кетейин дедиңби?-Ал ачуулана Каныбектин жакасын уучтай кармады.-не выйдет,түлкүдөй мант берип куулангың келдиби?Карта каякта?Эмне унчукпайсың? !
Анын артында турган Абдурахман тигини акырын ийинден тартты.
-Жөн гой айтпаганда каякка барат эле,эми бизден качып кутула албайт.Же азыр эле айтасыңбы?-ал бир аз суроолуу Каныбекти тиктеп тургандан кийин колун шилтеп койду.-Мейли өзү билсин айтпаганда каякка барат эле,-анан ачууланан Каныбектин чачын уучтай кармап,көзүнө көзүн алып келип тике карады да,сөөмөйүн кезей арстандай болгон жоон үнү менен күрүлдөдү.-Эскертип коёюн алдагы көктүгүңдөн, өжөрлүгүңдөн эчтеке чыкпайт,так что жакшылап ойлон,кабыргаң менен жакшылап кеңеш.-Жалгыз коколой башың менен анчалык байлыкты эмне көч...ңө тыгасыңбы?Биз эртең да келебиз ойлон жакшылап.А биз булар менен сенин табылганыңдын урматына ресторанда отуралы көңүл ачып.-келген кишилердин баары чыгып кетишти.
Көп өтпөй кечээги чечинтип алып сабагандар кайра келишти.Колдорунда арак,банкада пиво,колбаса, тооктун бууга бышырылган эти,жумуртка, быштак,жумшак, кичинекей бөлкө нандар.Аларды Каныбектин маңдайына алып келип коюшту да,шашпастан жей башташты. Эки суткадан бери Каныбек оозуна наар ала элек болчу,тигилердин да атайын жасап жатышканын сезип,унчукпастан көзүн жумуп отура берди.Бирөөсү жаактан ары чуу этип чаап жибергендиктен кайрадан селт этип көзүн ачты.

#25 15 December 2014 - 02:50
-Көзүңдү ачып отур,эмне түнү менен ойлонуп уйкуң канбай калдыбы?Картанын каякта экенин айтып бергениңде мындай тамактарды чанып,тигилер менен ресторанда көңүл ачып отурмаксың.
Өзүңдөн көр.-Алар шашпастан тамак ичип бүткөн соң,арактан удаа-удаа тартып алышты да кайрадан кечээки ишин улантышты.Каныбекти жылаңач кылып чечинтишип кечээкидей ичке тал чыбык менен кайрадан сабай башташты.Ичке тал чыбыктын уусунан денеси кадимкидей жалкый түшүптүранын ачуу уусу денесине тийгенде ар бир нерви зыркырап,мээсине барып бир тийип атты. Ал колдон келишинче кыңк этпөөгө аракеттенип көзүн жума тиштенип турду.
-Ничего себе,мынча чыдамкайлыкты кайдан үйрөнгөнсүң, ыя Абдурасул?Тим эле киши болуп калгансың го,же буга алтындын таасири болуп атабы?
Катуу тиштенгендиктен эки жаагы уюп калды.Алар шашпастан өз ара кобураша арак ичип отурушту.Бир аздан кийин бирөөсү басып келип Каныбектин маңайына отурду.
-Абдурасул бери карачы,жаныңды эмне мынча кыйнап атасың?Жалгыз башыңа эмне жетпейт ыя?Же миллионер болуп чет мамлекетке качып кеткиң келип жатабы,ыя?Эми сени алар оңой менен коё беришпейт.Андан көрө айтып эле байлыкты чогуубуз менен бөлүшсөңчү. Мына бул жерде жатып өлүп кала турган болсоң,ал байлык жесага жок,же бизге жок калат.Өзүңдүн сөөгүң күлгө айланат.Унчукпайсың, мелтирейсиң, мисирейесиң, мындан пайда чыкпайт.Акыры жалынып,өзүң айтып бересиң баарын.Ойлон бир аздан кийин дагы келебиз.-алар унчукпастан чыгып кетишти.Эшикти сыртынан шыртылдатып кулпулап атканы угулуп турду.Каныбек көзүн жума катуу тиштенип жатты."Канткенде качып чыгам,канткенде булардан-бул тозоктон кутулам?Колумдагы жипти кантип чечем?"-ал өзүнө ушундай көп суроолорду бере дагы айланасына көз жүгүрттү.Колго илинээрлик эч нерсе жок,дагы эле баягы көрүнүш.Бет маңдайындагы саатты тиктеп отуруп бир нерсе оюна түшкөндөй болду.Ошол замат ордунан атып туруп сааттын жанына келди.Анын бети айнек болчу."Демек ушуну пайдалансам болот экен да,эң жакшы."Тигилер келип кайрадан иштерин улантмакчы болгондо жалооругандай үн катты.
-Болуптур, мени эми сабабагыла. Андан көрө эртеңкиге чейин жакшылап ойлонгонго мүмкүнчүлүк бергиле.Кыйналып кеттим аябай,чын эле силердин айтканыңар чын окшойт.Баарыбир эрте-кечпи айтууга туура келет экен,андан көрө жакшылап ойлоноюн.Ага убакыт мүмкүнчүлүк бергиле.
Тигил экөо ишенбегендей бири-бирин карап калышты.Анан жүздөрүндө дароо жылмаюу пайда болуп,кайра Каныбекке үңүлүштү.
-Эң жакшы,эгер сени биз айттырууга мажбур кыла турган болсок...
Артындагысы аны катуу нукуп калган сөзүн айттырбай койду.
-Андан көрө шам-шум эткенге бир нерсе алып келгилечи.
-Азыр,азыр. -экөөнүн бирөөсү ары жактан куурулган тооктун этин,жумуртка, лимонад алып келип берди.Анан эки колун чечип анын жеп атканын карап турушту.
-Бутумду да чечип койгулачы?
-Болбойт,атүгүл колуңду чечкенге дагы бизге улуксат берген эмес.Эгер колуңдун бош экенин тигилер көрүп калса,биздин ишибиз бүттү дей бер.
Каныбек шашпай тамакты жеп бүткөн соң ары жактагы чүпүрөк менен колун аарчып,тигилердин кыймыл-аракетине көз жүгүрттү." Мунусун го томолото чапса болот тигинин алыс туруп алганын карачы.Анын үстүнө пистолеттери да бар болуп атпайбы." -ордунан кыймылдоого аракет кылып көрдү эле,ары жактагысы бир нерседен шектене чөнтөгүндөгү пистолетин сууруп алды.Экинчиси болсо кайра колун артка кайрып туруп бекем кылып байлап салды.
-Сен бизди кечирип кой,байлап салганыбызгы, шефтин буйругу ушундай.Болуптур жакшылап ойлон,эгер бир нерсе керек болсо,биз сыртта болобуз.-Экөө жылуу коштошуп,акырын сыртка чыгып кетишти.Каныбек каалга сыртынан шыртылдап кулпуланып атканын тыңшап турду."Эмне кылсам?Баштай берсемби?" Каныбек саатты карады күндүзгү төрттөн өтүп калыптыр.Эки буту бириктириле, анан эки колу артына кайрылып ичке аркан жип менен байлануу болчу.Эптеп ордунан турду да,акырын секире басып эшикке жакын келип сыртка кулак төшөдү.Экөөнүн сүйлөшкөн дабышы тээ ары жакта угулгансып атты.Кайра бери акырын жыла саттын жанына жетти.Саат өзүнөн жарым метрдей бийиктикте дубалда илинип турган эле."Кана Каныбек тогуз жыл бою кун-фу,каратэ, ушу,таэквандо чыгыш элдеринин бардык мушташуу ыкмалары менен машыгып,өздөштүрүп, бир далайларын жеңип,кара пояс деген наам алдың эле,мунун мага эмне пайдасы бар тогуз жыл бою жанды кыйнадым деп айтчу элең.Мына кара поястын жардамы тийчү мезгил келди.Кана эми көрсөт өнөрүңдү" .Ал катуу түйүлүп туруп дубалдагы саатты көздөй секирди эле,башы көздөгөн жерине дал тийгендиктен саат илгичинен чыгып кетти.Аны жерге кулаганга үлгүртпөй дубалга далысы менен кысып алды.Анан акырын чөгөлөй отура саатты полго кошо түшүрдү,буту менен илип аны чалкасынан жаткырды да бутунун кыры менен акырын айнегин сындыра тепти.Айнектин тарс этип сынган үнүнөн токтой калып акырын кулагын сыртка төшөдү,ал жак жымжырт эле боюнча экен.Анан арты менен барып миздүү айнекти алды да,артындагы арканды ары-бери сүргүлөп кесе баштады.Сырт жак тунжурап жымжырт болуп турду,кез-кез алыс жакта дүрүлдөп ары-бери откөн машинелердин дабыштары эле болбосо көчөдөгү сүйлөшкөн кишилердин үндөрү да угулбайт.Бул жер эмне дачабы?Же бул үй көчөдөн алыспы?"-жер төлөдө жатабы,же жөнөкөй эле үйдө жатабы?Ал таптакыр ажырата албай жатты.Анткени эки кабатталган бодуракай айнектүү калың терезеден сырт жак таптакыр билинчүдөй эмес. "Мындай айнекти көпчүлүгү мончолорго салат эмеспи",айнек менен артындагы жипти кескилеп жатып ушуларды ойлоп жатты. Ангыча сырт жактан бери жакка басып келаткан дабыш чыгып,кулпуну шыртылдатып аткан үн угулуп,анан токтоп калды.Сыягы кулагын төшөп жатса керек.

#26 15 December 2014 - 02:57
-Абдурасул эс алып жатасыңбы,иш кандай?
Каныбек акырын жооп узатты.
-Баары жайында.
-Эгер бир нерсе керек болсо кыйкырып кой,биз тигил жерде болобуз.
-Хорошо.
Анан ары кеткен дабышы угулуп кайрадан тымтырс болуп калды.Арадан бир саат өтпөй артындагы жипти айнектин мизине өйкөлөп отуруп кесип алды.Анан акырын колун бошотту да,байланган бутун арыдан бери кесип жиберди.Уюган колу менен бутун ушалай бир аз отурган соң,саатты акырын ордуна билгизбей илип койду.Айнектин сыныктарын болсо чогултуп туруп отургучтун артына көрсөтпөй салып таштады.Кесилегн арканды болсо чогултуп туруп бурчка ыргытып жиберди.
-Ээ-эй угуп жатасыңарбы, ким бар ары жакта?-Каныбек болгон күчү менен катуу кыйкырды эле,бирөө бери басып келип үн катты.
-Эмне болду,сага эмне керек?
-Туалетке барыш керек болуп атат.
-Тамакты анан аз ичпейсиңби, -каалганын сыртындагы тамашага сала күлүп,кулпуну шыртылдатып ачып кирди.Каныбек каалганын бурчуна жашынып анын киришин кутүп турду.Бир кезде ал шарт этип эшикти ачып кирип,отургучта эч ким жок экенин көрүп таңгала туруп калды.Эсине келип артына бурулгуча көк желкеге ушунчалык катуу,анан тездик менен урулган соккудан эт-бети менен кулады.Кайра ордунан турайын деп келатканда буттун учу менен моюнга жеди да,катуу соккудан улам эси ооп жыгылды.Анын кулагына бир сөз жаңырып жатты."Кана Каныбек кара пояс болсоң эми көрсөт,мезгил жетти",ал жерде сулк жаткан кишини бурчка сүйрөп барып таштады да,чөнтөгүнөн аңтарып пистолетин сууруп алды.Акчадан башка эч нерсе деле жок экен.Дароо каалга жакка басып келип акырын ачып берки бөлмөгө өттү.Столдо тамеки тартып телевизор көрүп отурган экинчиси Каныбектин келатканын көрө сала ордунан атып турду.Бирок, өзүнө карай сунулган пистолеттин сүрүнө даабай эки колун көтөрүп туруп берди.Каныбек пистолетин сунган боюнча келип бир метр жакын калганда секирип келип жаакка тепти.Ушунчалык ылдамдыкта жана катуу урулган соккудан күү менен келип жер сүздү даошол боюнча ордунан турган жок.Анын чөнтөгүндө да пистолет бар болчу,аны эңкейип чөнтөгүнөн ала бергенде сырттан узун туурасы билинбеген далдайган киши келип,өзүн көздөй мээлегенге үлгүртпөй Каныбектин колундагы пистолетти кагып жиберди.Экөө көз ирмемдик убакытча бирин-бири аңдышып туруп калышты.Каныбек үчүн ар бир секунд алтынга тете болчу.Биринчи атырылып келип каратэнин ыкмалары менен согуп өтү эле,алиги узун туурасы бирдей далдайган киши чымын чаккандай да көргөн жок.Кайра эч нерсени тоотпогондой ыпсайып кулүп койду.Экинчи жолу да болгон күчү менен чымырканып катуу уруп этти эле ,тигил ары-бери чайпала кичине сестене тушкөнсүдү. Анан ал ачуусу келе Каныбекти апчып кармап туруп,тапатак көтөрө төр жакты көздөй ыргытып жиберди.Каныбек учуп баратып стол,стулдарды өзү менен кошо шыпыра кетти.Жерге катуу тийгендиктен саал-паал өзөрө,бүктүшө калды.

#27 16 December 2014 - 03:09
"Ничего себе" ичинен ушинтип ойлоп койду Каныбек "Канчалаган адамдар менен мушташтым эле,мындай соккуларды тоотпогон адамды биринчи көрүшүм.Тур өйдө муну жеңе албасаң сенин эмнең кара пояс,тогуз жыл эмнеге машыктың анда.Ушундайда пайдасы тийбесе,анда анын эмне пайдасы бар,анда ушунча жыл эмнеге машыктың?"
,ал ызырына аткан октой ордунан секирип турду.Болгон күчү мененайланып келип жаакка тээп өттү эле,тигил катуу чайпалып барып оңолду.Анча-
мынча сестенип калганы менен бирок турган турпатынан жазылган жок.Экинчи жолу тебээрде Каныбектин таманынан кармап калды да,эки алаанын ортосуна муштап калды.Катуу соккудан улам эки алаасынын ортосу зыркырап,чыдатпай оорута өзөрүп барып жатып калды.Алиги төрт бурчтуу,тумбочкадай болгон далдайган киши Каныбекти чапчый кармап,тапатак көтөрүп туруп дубалга жабыштыра ыргытып жиберди.Бирок,
Каныбек көз ирмемдик убакытта дубалга бутун тосо коюп,кайра бери көздөй секире алиги кишини бөйрөк тушка катуу тээп өттү.Ошондо гана алиги эч нерсени тоотпой аткан киши өзөрө бөктүшө калды.Убакытты текке кетирбей Каныбек соккуну үстөккө-босток мөндүрдөй жаадырып бетке ургулай баштады.Баарыбир мунун менен аны жеңе албасын билди да,ары жакта турган кресло менен бетке чаап калды.Жыгач кресло быркырап сынып кетти,ошондо да тиги кебелбей чуркап келип Каныбекти кучактай катуу кысып кирди.Катуу кысымга анын өпкө жүрөгү куушурула,дем алуусу кыйындай,кабыргалары тим эле быркырап кеткендей боло туштү.Минтип отурса жөн гана төрт бүктөп уктатып коёорун сезди да,эптеп турулуп ортон сөөмөйү менен аны эки көзго сайып жиберди.Ошондо гана ал Каныбекти таштап жиберип,эки көзүн баса ары-бери чамынып кыйкырып кирди.Каныбек столдун үстүндө турган мискейди көрө коюп,аны алды да болгон күчү менен тигини баштан ары берип-берип алды.Башынан кан жайыла берген алиги алибеттүү адам бир булкуна эт-бетинен кулады.Кайра туруп келатканда экинчи жолу жеген катуу соккуга чалкасынан тушө ошол боюнча былкылдабай жатып калды.Телевизордун шнурун жулуп адып анын колун артына кайрып байлап жиберди.Жан жерлерин аңтарып чөнтөгүндөгү пистолетин алып алды."Дааа бул оңой жоо эмес экен,мындай адамды биринчи жолу кезиктиришим"
,ал жерде кызыл-ала болуп жаткан алиги кишини карап башын чайкап койду.Анан эки жагына элеңдей бир сыйра көз жүгүртө сыртка чыкты.Үй дарбазалуу короо экен,айланага күүгүм кирип теребелди жаңыдан караңгылык каптап келаткан маал болчу.Короонун ичинде чет элдик жеңил машине туруптур.Сыягы дарбаза ичинен илинүү окшойт.Түз эле машинеге барып отурду,алиги телевизор көрүп аткан кишинин топ ачкычын өзү менен кошо ала чыккан.Машинанын ачкычын таппай бир топко убараланды.
Ошол маалда ары жактан кандайдыр бир караан чыга калып түз эле Каныбек отурган машинаны карай чуркап жөнөдү.Бактыга жараша машина от алып кетип дарбазаны катуу сүзө анын илмектери талкаланып бир канча секунд аралыгында машина көчөгө чыкты.Артынан пистолет менен аткылап атышкан эки-үч караан машинага жетпей калышты.Алиги чет элдик машина катуу ылдамдык менен заматта караңгылыкка сиңип көздөн кайым болуп кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#28 16 December 2014 - 03:20
АЛГАЧКЫ ПЛАН
-Сенин келип бизге ушундай маалымат бергениң эң жакшы болду,-кылмыштуулук боюнча иштеген ички иштер бөлүмүнүн башчысы,милициянын полковниги Садыр Карабаев Каныбек менен сүйлөшүп отурду,-биз бул жөнүндө мындан төрт жыл мурун эле маалымат алганбыз.Бирок, таптакыр илинчек таба албай аракеттенип издеп жүргөнбүз,жакшы болду.Эми катылган кенчтин картасы кимде ошону таап аныкташыбыз керек.Менимче ал Абдурасулда турбайбы,анын дайнын кантип тапсак болот.Ал жөнүндө анча-мынча маалымат ала алган жоксуңбу?Каякка качканың жөнүндө айтышкан жокпу?
-Жок,эч кандай.Менин дайынсыз качып кеткеним тууралуу эле айтышат.Көбүнесе менден картанын кайда катылуу экенин сурашты.
Карабаев алдындагы столду теше тиктеп,калемсабынын арты менен алдындагы кагазды тырсылдата көпкө ойлонуп калды.
-Эмесе мындай кылалы Каныбек,алар сени баарыбир издешет.Издегенде да кандай издешет дейсиң,жердин жети кабат түбүнө кирип кетсең да табууга аракет кылышат.Баарыбир сага тынчтык беришпейт.Андан көрөкчө мындай кылалы угуп тур.Сени алыскы райондордун бирине участковой кылып которолу, убактылуу ошол жакта иштей тур. Өзүңдүн дагы старший лейтенант деген наамың бар экен,спорт менен машыкканңа он жылга чукулдап калыптыр. Черный пояс деген да чиниң бар экен,кайсыл жерде болсоң да не пропадешь. Эгер Абдурасулду таба турган болсок сөзсүз кабар беребиз.Биз өзүбүз сени менен байланышып турабыз.Эгер, эми экинчи жолу булардын колуна тушсөң оңой менен кутулуп чыга албайсың,атүгүл өлтүрүп коюшу да мүмкүн.
-Картанын дайынын билбегенден кийин кантип өлтурүшөт,өлтүрө алышпайт да.
-Жок баарыбир сак болушуң керек,сенин Абдурасул эмес экениңди билип калышса,сени түгүл үй-бүлөңдү бүт жоготушуп көзүңөрдү курутушат.Эми экинчи кармалбоого аракет кыл,биз өзүбүз телохранитель берип узатып жиберебиз.Ал эми тигил Абдурахмандын кишилеринин үстүнөн өзүбүз кылдат иш жүргүзө баштайбыз.өзүң айтчы каяк жакка баргың келет?
-Билбейм,өзүмдүн эле жериме кетем го дейм Талас жакка.
-Жумушуңа арызыңды бул жерде эле жазып калтырып кой,калганын өзүбүз бүтүрөбүз.Бул жөнүндө кам санаба.Ал эми тигил жактагы жумушту болсо дайындап,телефон чалып коёбуз.Кыскасы, тигилердин көзүнө чалдыкпай акырын кетип кал.Семьяңды болсо киши дайындайбыз, артыңдан көчүрүп жеткирип барышат.Аялыңа да мектептен иш таап беребиз.Дароо кет,эртеңден калбай кет.Керек учурда өзүбүз чакыртып алабыз.
Ошентип Каныбекти туулган жерине эртеси кунү эле түнү менен алып ктеишкен эле.
-Эмне уйкуң келбей атабы?-жоон күрүлдөгөн үнгө Каныбек селт эте оюнун баары заматта чаташып кетти.Бул абдурахмандын унү эле.Ал акырын Абдурасулдун жанына басып келди.-Бүгүн күн жылуу болуп турат,асман да апачык. Карачы айдын шоолалары кадимки кундүзкүдөй кылып көрсөтүп турганын.
Каныбек чалкасынан жаткан боюнча ордунан козголгон жок.Анын айланасындагылар кундүз чарчашкандыктан эч нерсе сезишпей уктап жатышкан.
-Мына таң атпай жөнөйбүз тиякка,Кудай буюруп,Алла- Таала кааласа финишке аз калдык.Абдурасул сени менен өзүбүзчө сүйлөшө турган сөз бар эле,жүрү сыртка чыгалы.

#29 16 December 2014 - 03:22
"Бул дагы эмненин башын кылтыйткан жатат?" Абдурасул ушуларды ойлоно,өзүнчө сактана тигинин артынан ээрчип чатырдан сыртка чыкты.Абдурахман айткандай эле сырт сүттөй аппак,айдын жарыгы урчуктуу жардын чокуларын аябай сүрдүү кылып көрсөтүп туруптур.Оттун жанындагы күзөтчүнү "Бар эс ал,эми биз кайтарабыз"
деп жөнөтүп жиберишти.Ал чатырга кирип кеткен соң,отко чырпыктарды жаңылап салып бир азга унчукпай отурду. Анан үнүн жай чыгара алиги сөзүн улады.
-Укчу Абдурасул,мына финишке жетээрибизге аз калды.Эртең Кудай буюруп тиги жерде жашырылган кенчти таап кала турган болсок...ал унчукпай туруп сөздү чукул баштап жибергенине оңтойсуздана кандай кылып түшүндүрсөм дегенсип туруп калды.
-Ачык эле сүйлөшөлүчү, бул жерде экөөбүздөн башка эч ким жок.Кудай буюруп алиги кенчти таба турган болсок,өзүң билесиң алтын бар жерди шайтан да жандап жүрөт эмеспи.Ал жерде сөзсүз өлүм болбой койбойт,бири- биринин көзүн тазалап отуруп эң кыйындары гана байлыкка ээ болот.
-Сөздүн ток этээр жерине өтөлүчү.
-Анда кыскасы мындай,бул операцияга ондон ашык адам катышып атпайбы. Койчусу көп болсо кой арам өлөт дегендей,бул байлыкты он киши эч убакта ынтымактуу бөлүшө алышпайт.Бөлүшкөн күндө да бири болбосо бири милицияга билдирип коёт.Анан бардыгыбыз байлыктан ажырайбыз.Менимче ушул онубуздан үчөөбүз гана калышыбыз керек.Мен,сен анан тигил Махмуд.Акырындап калгандарынын көздөрүн курутушубуз керек.

#31 17 December 2014 - 02:23
-Кантип?
-Ой,анын жарасы жеңил го.Махмуд экөөбүз муну алдын ала эле сүйлөшүп,баарын даярдап койгонбуз.Анан атайын сени менен сүйлөшкөнгө ыңгайлуу учур таппай жүргөм.Мына күндүз тигинибиз музга тайгаланып зоодон учуп өлдүбү,анын өлгөнү кайра бизге плюс болот,ошентип четинен азая бергени жакшы.Бул кенчтин кожоюну болгонго ушул үчөөбүз гана татыктуубуз, сенин оюң кандай билбейм.Алар бизге илээшип гана жүргөнү болбосо,биздей болуп эмгеги өтүп эч нерсе деле кылышкан жок.
-Кантип көздөрүн курутайын деген оюң бар,ошону айтчы.
-Айтып атпайымбы анын жарасы жеңил деп.Мынакей бирөөсү аскадан учуп өлдүбү,кийинки өлүм да ошондой болуп кайталанат. Муз өткөөлдөн өтүп баратканда акырын байкатпай түртүп коёбуз.Учту- кетти болду.Буту менен жаза басып учуп кетти деген чечим чыгарып коёбуз.Андан сырткары менде уунун порошогу бар,кенчтин баарын төмөн жактагы машинеге жүктөп бүткөндө акырын суусундукка кошуп коём.Чарчап тамагы кургап турган эмелер суусундукту жутуп алышат да,он мүнөткө жетпей капут болушат,ошол жерден эле.Таптакыр мүмкүнчүлүк болбой айла кетсе байкабай даярдыксыз отурушканда атып салабыз бир-бирден терип,же автомат менен чайкап салабыз орундарынан тургус кылып,буга кандай карайсың?Алардын ичтеринде эмне кара мышыктары бар экенин кайдан билебиз.Биз өзүбүз эрте үлгүрбөсөк алар бизди өлтүрүп коюшу мүмкүн.
-Сен эмне тигил жерде уктап жаткандардан күмөн санап атасыңбы?
-Сөзсүз да,мен деген көптү көргөн,далай баштан өткөн эски карышкырмын. Алардын сүйлөшкөн сөздөрүнөн көз караштарынан эле байкап турам.Өздөрүнчө сүйлөшүп,ымдашып бир балээнин ичинен чыгышканы турат.
-Биз али алтын-күмүштөрдү таба элекпиз да...
-Ошондуктан сага алдын ала айтып эскертип коёюн деп жатам.Кийин кенч табылып калса баары кеч болуп калат.Ошондуктан курал дайыма октолуу болсун,сагызгандан сак болушубуз керек.Анын үстүнө сен аябай шамдагайсың, мушташтын бардык ыкмаларын жакшы билесиң,бул бокмурундардын бат эле көздөрүн курутуп койсок болот,буга кандай дейсиң?
-Болуптур ойлонуп көрөйүн,эртең тиякка чыгаарда жообун берем.

#32 17 December 2014 - 02:35
-Жоопту берген-бербегенде эмне,баарыбир ушундай болот,же тигилер өлөт же биз өлөбүз.Андан көрө менин айтканыма макул боло бер,кийин кеч болуп калат.
-Эртең берем жообун,жакшы кал.Кичине эс алайын,эртең менен эрте чыгабыз да тигил жакка.
-Жакшылап ойлон Абдурасул,бул жерде ажал да,амал да,байлык да баары кошул-ташыл. Аларды аясаң алар сени аяшпайт.
Абдурасул чатырга кирди да,эски ордуна келип жатты."Бул Абдурахман эмненин башын кылтыйтып жатат.Менин жанымда эч нерседен капарсыз уктап жаткандардын баарысы эртең өлүшөбү?Эртең казына табыла турган болсо чоң чатак,кыргын болот экен да?Деги Кудай сактасын кимибиз аман калар экенбиз?Бул кейпи менен Абдурахман акырындап Махмутту анан мени өлтүрүп,анан бүт байлыкка өзү ээ болгусу келип атат годеймАч көздүн амалы каякка гана алып барбайт,бул турү менен мени да өлтүргөндөн кайра тартпайт." Ушуларды ойлой Каныбек уйкусу келбей эртеңки кыргындан коргонууну пландаштырып жатты.
Каныбектин Таласка келип участкалык милиционер болуп иштегенине жарым жыл боло элек жатып эле кайра борборго шашылыш машинеси менен алып кетишти.Кайрадан Садыр Карабаевдин кабинетинде отурду.
-Кыскасы мындай Каныбек сен кеткенден кийин бул жакта көп жаңылык болуп кетти.Жоголгон кенчтин изи табылды.Бирок азырынча анын картасы кимде экени белгисиз.Кыскасы алар Абдурасулду табышты,бирок тилекке каршы андан картаны алышып,өзүн өлтүрүп,өлүгүн сууга ыргытып жиберишти.Аны өлтүргөндөрдүн баары бири да калбай кармалышты. Абдурасулду үч жерге бычак менен сайышыптыр, өлүгүн үч күндөн кийин Чүй каналынын төмөн жагынан таптык.Буга катышкан жетөө тең азыр түрмөдө отурушат.Абдурахман баш болгон үчөөсү Молдовановкада, калгандары эки-экиден башка түрмөдө. Алар соттолуп атышканда Абдурасулдун катуу жараланып ооруканада жаткандыгын чет чеберин чыгарып айттык.Муну мен эмне себептен айтып жатам?Абдурасулдун картасы түрмөдө отургандардын кимисинде экенин билбейбиз.Ушул жетөөнун бирөөсүндө. Кандай болсо да сен барып анын кимде экенин билишиң керек.

#33 17 December 2014 - 03:09
-Кантип?
-Кантип болмок эле,биз сени бул жакка эмнеге чакыртып алып келдик.Эми сен чыныгы Абдурасул болмой болдуң.Сени 168-статья менен отургузабыз түрмөгө.Ал эмне статья экенин билесиңби? Билбесең разбой же мындайча айтканда каракчылык менен бирөөөрдү тоноо.
-Демек мен да түрмөгө отурушум керек экен да.
-Дал ошондой болуп жатпайбы,урматуу Каныбек мырза.
-Ошондо мени канча жылга кесесиңер?
-Ал өзүңдөн зависить этет,казынанын картасы кимде экенин так билсең,кайра эле дароо алып кетебиз.Бирок, дагы бир иш бар,эгер сен анын кимде экенин так аныктай алсаң,силер үчүн атайын побег уюштуруп,алдын ала жол көрсөтүп даярдап беребиз.Анын уюштуруучусу өзүң болосуң,сен өзүңдүн кишилериң менен ал жактан качып чыгышың керек.
-Башкалар да хвостко илинишсечи?
-Качса кача беришсин,аларды оңой эле кайра кармап коёбуз.
-Силердин божомолуңар кандай,картаны кимде деп ойлоп жатасыңар?
-Биздин оюбуз боюнча карта Абдурахманда эле.Анткени силердин негизги уюштуруучунар ошол да.
-Болуптур дейин.Мен силердин тапшырмаңар менен түрмөгө отуруп калсам үй-бүлөмдү ким багат?Аларга эмне деп айтабыз,күйөөң түрмөдө отурат дейсиңерби?
-Алар жөнүндө кам санабай эле кой,биринчиден сенин айлыгың жүрө берет.Андан сырткары үй-бүлөңө кошумча жардам берип турабыз.Тамак- аш,акча менен каралашабыз. Канча балаң бар?
-Үчөө.
-Аларды кийим менен да камсыз кылып турабыз.Кыскасы, үй-бүлөң жөнүндө эч кам санаба.Бул жактан Арслан деген жигит бар,ошол сага тамак жеткирип,байланышып, сүйлөшүп турат.Кез-кез аялыңды да жөнөтүп турабыз.Түрмөнүн чоңу сен жөнүндө в курсе дела болот.
Каныбек бир топко эмне кылсам деп ойлонуп турду.Анан Садыр Карабаев кайрадан өзү унчукту.
-Албетте бул оор тапшырма,ортодо талаш-тартыш, өлүм баары болуп кетиши мүмкүн.Мындайча айтканда рискованный иш.Тобокел кылбасак иш алга жүрбөйт.Бул жерде миллион эмес,миллиарддаган акчалар башкы ролду ойноп жатат.Жоголгон казынада эмне байлыктар бар экенин тарыхтан анча-мынчасын изилдеп чыгышты.Ал жерде оңой эмес байлыктар бар экен.Ал эми мынча байлык жөндөн-жөн колго тийбесин өзүң билесиң,ортодо кандуу окуялар да болуп кетиши мумкүн.-Экөө бир топко тунжурап турушту.-Албетте сен түрмөнүн мыйзамын билбейсиң.Ал жактын өзүнчө закону,өзүнчө жаргондору бар.Анын ичин кармап турган кишиси болт,косяк кетирбей,лишний эч нерсе кылбай,эки сүйлөбөй братвалар менен тил табышып,түз жүрүшүң керек.Биз сага ишенип атабыз.Бекеринен чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын өздөштүрүп, тогуз он жыл спорт менен машыккан жоксуң да.Чет өлкөлөргө чейин барып Кара поясты бекеринен алып келген жоксуң,туурабы?
-Болуптур мени качан отургузганы жатасыңар,анча- мынча убакыт бересиңерби, ал жакка барганы даярданганга.
-Албетте,сенин сотуң эмки жумада башталат.Кадимкидей эле кылмышкер катары соттолосуң, сот өз өкүмүн чыгарат.Сенин үстүңөн жасалма дело даярдайбыз, ал бизде сакталуу болот.Баса айтмакчы,Абдурасулду үч жерге бычак менен сайганын билесиң да.Эгер мүмкүнчүлүк берсең денеңдин үч жерине жасалма тырык жасап беребиз.Кадимки бычак менен сайгандай кылып жасатабыз.Тигил жактагылар шек албагандай болушсун.Кыскасы, биз сени чакыртканыбыздын себеби ушундай.
-Абдурасулдун өлүгү каякта,же көмүп салдыңарбы?
-Азырынча моргдо турат,барып көрсөң да болот.Баса анын сүрөтү бар эмеспи менде.-Ал столдун суурмасын ачып чоң конверттердин арасынан бир топ сүрөттөрдү сууруп чыкты.-Мынакей анын жүзүн көрсөң да болот,тим эле сенин копияң.Эгиздер биякта калсын.Карачы кандай кыраакы киши болсоң да,дээрлик айырмалай албай кетесиң.
Каныбек сүрөттү алып кунт коюп карап турду.
-Жашы канчада экен бечаранын?
-Сенден эки жашка жашыраак.Сен азыр отуз жетидесиңби, ал быйыл июндун онунда отуз бешке чыкмак экен.
-Үй-бүлөсү бар экенби?
-Азырынча белгисиз,бирок анын ким экенин изилдеп аныктап атабыз.Сен түрмөгө отурганча андан толук маалымат аласың.
-Улуту кыргыз бекен?
-Кыргыз эле,то есть чоң энелери жакта өзбек каны бар экен.Сага тиги түрм о жактагылардын бүт бардыгынын сүрөтүн,списогун алып келип беребиз,таанышып чык.Сен кайсыл хатага жатасың,Абдурахман өзүнүн эки кишиси менен кайсыл хатада,баардыгын тааныштырып чыгабыз.Даярдана бер,эң башкысы ал жакта өзүңдү тың алып жүрсөң эле кор болбойсуң.
Болуптур бар эс ала бер,эки жумадан кийин өзүбүз чакыртып алабыз.
Каныбек бир жумасын айылында өткөрүп келди,экинчи жумасын болсо шаардагы үйүндө болуп түрмөнүн үрп-адаттары, жаргондору,фенялары менен таанышып чыкты.Анын соту шаардагы Ленин районунда каралып,тогуз жылга эркинен ажыратылды. Врачтардын жардамы менен денесинин үч жерине бычактын тагын,тырык кылып жасап беришти.СИЗОдо эки күн өзүнчө камерада отуруп,үчүнчү күнү кайдадыр үстү чүмкөмө машинеде алып кетишти.Кетип жатканда Садыр Карабаев өзү келип коштошту.
-Ну что ж,бүркүтүм давай ийгилик каалайм,жолуң болсун.Көрүшкөнчө саламат бол,алиги биздин айткандарды унутпа.Өзүңө сак бол,тигилерге шек алдырбагандай бол.

#35 18 December 2014 - 02:33
ЗОНАДА
Үстү чүмкөмө терезелери темир торлуу машинанын ичинде төрт адам кетип баратышты.Экөөсү мурун мал уурулук менен отуруп чыгыптыр,азыр да көнгөн кесибин таштай алышпай кайрадан көнгөн жайларына кетип баратышат.Үчүнчүсү мас болуп катуу айдап баратып бир аялды баласы менен тебелетип кетиптир.Ал эч кимиси менен сүйлөшпөй өзүнчө кабагын бүркөй үңүрөйүп отурат.Беркил экөөсү болсо атайылап өздөрүнчө түрмөнүн жаргону менен сүйлөшө,эч нерсе болбогондой кетип баратышты.Бирөөсү, алдын мелтиреп кетип баратканы Каныбекке кайрыла кетти.
-Тамекиң барбы жигит?
-Мен чекпейм.
-Чекпейм дейсиңби?Чекпегениң кайра жакшы.Бирок тигил жакка барганда бат эле үйрөнүп кетесиң,атүгүл алиги чөптөрдү чегип транска чыгып кайф кармайсың.Кейпи биринчи жолу бараткансың го дейм.
-Ооба.
-Даа-а кейпиңден билинип турат,бирок тың,чымыр жигит көрүнөсүң.Мен ал жактын жашоо турмушун сага баяндап отурбайм,барганда көрөсүң.
Машинеде эле кеминде бир сааттан ашык жургөндөй болду.Анан кандайдыр бир жерге келип токтогонсуду, сырттагы сүйлөшкөн сөздөр үзүл-кесил ичинде отургандардын кулагына угулуп жатты.
-Аларды алып келдиңерби?
-Ооба төртөө.
Сырттагылардын үнү ары алыстьап кетип башка угулбай калды.Бир аздан кийин дарбаза ачылып,машине от ала короонун ичине киргендей болду.Көп өтпөй эле чүмкөмө машиненин арткы эшиги ачылып,өздөрүн быякка алып келген милиция жигиттин сүйлөгөн үнү угулду.
-Давай түшкүлө бирден,жетчү жериңерге жеттиңер.
-Ох-хоо,карагылачы бизге кимдер келишти!-Катуу чыккан үнгө Каныбек жалт карай төртөөнү жардана карап турушкан окшош кийимчен ар кайсы жаштагы адамдарды көрдү.
-Эң жакшы...бизге жаңы попрлнение келген турбайбы.-Кээ бирөөлөр кол чапкылап кубана тосуп алышты.Бул көрүнүштөн Каныбекке тээ илгери Армияга жаңы баргандагы кез элестеп кетти. Ошондо да карантинден өтүп кеишкен жаңы солдаттарды дед деген стариктер ушинтип кол чапкылап тосуп алышкан.Мындай көрүнүш Каныбекке анча жаккан жок.Алдыда боло турган ар кандай күтүлбөстүккө даярдана баштады.

#36 18 December 2014 - 02:41
КҮТҮЛБӨГӨН КАГЫЛЫШУУ
Бийик тикенектүү дубалдын ичинен төртөөнү төрт хатага бөлүп кетишти.
Экинчи хатага ээрчитип барган дубак Каныбекке оң капталынан санаганда үчүнчү нараны көрсөттү.
-Сен мына бобул жерге жатасың,тигил тумбочканын ичине артыкбаш эчнерсе салууга болбойт.Убагында отбой,убагында подъем,артыкбаш ары-бери баскан да болбойт.Кыскасы өзүң үйрөнөсүң акырындап,болуптур мен кеттим.
Каныбек өзү менен алып келегн шейшеп одеялдарын Армияда жүргөндөй тыкан,кердирип салып,жаздыкты коюп үстүнө жата кетти.Хатанын ичинде бурчта бир нерсе жазып аткан жашы элүүдөн өтүп калган кишиден башка эч ким жок болчу.Каныбек эки колун желкесине ала наранын шыпкасын тиктеп турду."Даа- а түрмөнүн жашоосу деген ушул турбайбы.Бул жерде бардыгы тең кылмышкерлер, булар менен мен канчага чейин болоор экенмин?Баса Абдурахманга биринчи жолукканда эмнелерди сүйлөсөм болот.Же дароо эле опузага алып кирсемби,же алдап сөздү алыстан баштасамбы. Же болбосо..."
-Ничего себе,кайнатасынын төрүндө жаткансып чалкалап жатканын кара ай мобунун.Эшикти аттай элек жатып эле,төр меники деп,төргө чыгып кеткенин карасаң ай.
-Эч нерсе эмес,азыр проучим,бат эле тарбиялап коёбуз муну.-Эшиктен кирген эки зектин барк эткен үнунөн оюнун баары бөлүнө түштү.
-Сен эмне жайлоого эс алганы келдиңби ыя,карасаң деловой өзүнчө эле.Тур өйдө ордуңдан.Сенин ордуң бул жер эмес,тээтигил жер,-Бирөөсү түптүз басып келип эле Каныбекти бутка тепти.-Ну-ка мен эмне деп жатам сага ыя?Ордуңдан атып тур ылдам,болбосо алып ыргытам азыр.
Булар кимдер деп Каныбек алардын жүздөрүнө көңүл бургуча,бирөөсү аны буттан кармап туруп катуу силкти эле,Каныбек полго кулап кетти.Экинчиси болсо нарадагы анын төшөктөрүн босого жакка алып ыргытып жиберди.
-Мына сенин ордуң мобул жер,мунун героюн карасаң ай.
Каныбек шашпай туруп өзүнүн төшөктөрүн алды да,кайра эски ордуна алып келди.
-Каякка,биз сага эмне деп атабыз ыяже тушундүрүп коёлубу?
Келе элек жатып булардын орой мамиле жасашы Каныбекке жаккан жок.
-Менин ордум бул жер тигилер өздөрү көрсөтүп берип кетти.
-Первоходник болуп туруп сен эмне ушунчалык эле блатнойсуңбу ыя?-Бирөөсү басып келип каныбекти катуу чаап-чаап жиберди.Экинчиси арт жактан көчүктөн ары тээп калды.Полковниктин "ал жакта өзүңдү тың алып жүрбөсөң тебелеп салышат" деген сөзү эсине түшө калды.Анан тигингиси дагы соккону келатканын көрө коюп,колун тосо калды,жооп иретинде кайра өз ун томолото чапты.Экинчисинин тепкенин буту менен тосуп койду,тепкен андай эмес мындай дегендей анын көкүрөк тушка,таалуу жерге теети.Мындайды күтпөгөн экөө ачууланыша эки жактан бирдей качырып сала беришти.Бирок, көз ачып жкмганчалык ылдамдык менен экөөнү эки жерге томолото чапты.Төрдө жазып отурган алиги киши таңгала карап калды.Жерде сулап жатышкан экөо орундарынан турушту да,ачуу чаңырыша кайрадан жабылышты эле катуу таамай тийген соккуга эки жерге жалп эте учуп түшуштү да,ошол боюнча турушкан жок.Каныбек аларга көңул бурбай төшөнчүлөрүн кайрадан ордуна жайгаштырып, ары-бери жактарын керип чоюп түздөп атты.Жерде жаткан экөо бир аздан кийин орундарынан турушту да,аксалаңдай сыртка чыгып кетишти.

#37 18 December 2014 - 02:54
-Бекер кылдың иним,экөөнүн айтканын жасаганың дурус болмок.Эми алар азыр сенин сазайыңды колуңа беришет.-Төрдө кат жазып отурган алиги киши Каныбекке боору ооругандай,
кейий башын чайкап койду.-Бул сага көчөдөгү же үйдөгү мушташ эмес,сени азыр заматта эле тарбиялап,окутуп коюшат.
Каныбек эмне болоор экен деп кезектеги мушташка өзүн даярдап жатты.Туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы деп өзүнчө кырдаалга баа берип талдоого алууда.Арадан көп өтпөй далдайган кишини алдыга сала алиги экөө атырыла хатага кирип келишти.Алардын артында үч-төртөө ээрчип жүрүшөт.
-Жанагыл герой жигит ким,тээтигилби? -Ал жулуна түз эле Каныбекке жетип келди.-Буларды капа кылган ким,сенсиңби ыя?Азыр төрт бүктөп туруп наранын түбүнө тыгып коёюнбу сени ыя?-Сырттан атырылып,бакырып кирген алиги далдайган кишини Каныбек тике көзүнө карап турду.
-А ну-ка,тезинен тизелеп отуруп кечирим сура булардан.
-Мен эмнеге кечирим сурашым керек,алар өздөрү катылышып,өздөрү энчисин алышты.Мен аларга эч жаман сөз айткан жокмун.
-Аа,ошондойбу, карасаң ай муну,босогону аттай элек жатып,кер сүйлөп атканын.Бул жер сага воля эмес,сени курска коюп коюу керек экен да.-Алиги барскандай болгон чоң колу менен Каныбекти желкеден кармады.
-Кана эмне кылайын ыя,сени азыр?-Ал чапмакчы болуп колун шилтеп келатканда колу менен тосуп койду.Экинчи жолу дагы чапмакчы болуп муштумун шилтегенде, чаптырбай буйтап өткөнгө үлгүрдү.Эми тигинин ачуусу шакардай кайнап жини бетине тээп чыкты.Катуу кыйкырып келип күрөктөй болгон колдору менен чапчымакчы болду эле бут менен бетке согулган контрсоккуга башы чайпала сендиректей түштү.Каныбек да убакытты текке кетирген жок,болгон күчү менен секирип келип дагы бетке тээп өттү.Алиги далдайган киши артындагы нарага камгактай болуп учуп түштү.
-Жайлагыла тигини!-Анын ачуу үнүнө бери жакта жардана карап тургандар туш-туш жактан Каныбекке жабылышты.Көп өтпөй эле ары жактан ачкыла эшикти деген кыйкырык чыгып,кимдир бирөөлөр хатанын эшигин тарсылдатып соккулай башташты.
-Мен силерге эмне деп жатам,ачкыла эшикти!-Ары жактагы ачуулуу үнгө хататын эшиги ачылып комендант артына эки-үч милиционерди ээрчитип кирип келди.Бардыгы тең эч нерсе болбогондой мисирейип туруп калышты.Чина капитан жашы отуздардагы толмочунан келген мурутчан жигит баарын шектүү бир сыйра карап чыкты. Ары жакта бети башы кызыл-ала болуп алиги Каныбек менен мушташа кеткен далдайган киши ордунан тура албай онтолоп жатат эле.Капитан анын жанына басып келди.
-Эмне болду?
-Эч нерсе,-тигил эч нерсе болбогондой ордунан туруп,жарылып канап жаткан беттерин чүпүрөк менен аарчыды.-Жөн эле нарадан тайып жыгылып кеттим.
-Эшикти ичинен ким илди?-Алиги капитан баарына кайрылды,эч кимиси эч нерсе айтышпай тунжурап туруп беришти.Ал жаңы келген жигиттин жанына басып келди.
-Эмне бир нерсе болдубу?
-Билбейм,көргөн жокмун эч нерсе.-Каныбек ийинин күйшөп койду.Алиги капитан жигит кабагын түйүп,ары-бери баса баардыгын шектүү карап чыкты.
-Эскертип коёюн эми эшикти ичинен илип,ызы-чуу кылчу болсоңор бардыгыңарды тең бир бирден тиги кичага же изоляторго (тартип бузгандарды камаган өзгөчө жай) тыгып таштайм.Экинчи ызы-чууну укпайын,уктуңарбы? Давай үймөлөктөшпөй жай-жайыңарга тарагыла.
Келгендер топурашып кайра сыртка чыгып кетишти.Беркилер ошол боюнча кайра эч нерсе деп сүйлөшкөн жок,ар ким өздөрүнүн шконкаларына (темрден жасалган керебет) тарап кетишти.
-Чилиштен борзейт эти атканын карачы,бул тварды проучит этпесек болбойт.Биринчи эле ходкасы (соту) экен.-Каныбек тигилердин ары жакта өздөрүнчө ушинтип сүйлөшүп атканын кулагы чалып калган.
ТҮНДӨГҮ ЫЗЫ-ЧУУ
Бул ызы-чуу ушуну менен эле токтолуп калган жок.Түн ортосунда да кайра кайталанды. Каныбек башынан сак кулак болчу,кичине эле шырп этсе ойгонуп кетип уктай албай кыйнала берчү.Бирок мунун Армияда жүргөндө көп пайдасы тийди.Эртең мененки подъем буйругу берилгенде биринчилерден болуп атып туруп,жанындагы кроватта жаткан Канат деген жердешин ойготконго да үлгүрчү.Вахтада турганда текшерүүчүлөргө эгерим кармалчу эмес.Шырп эткнн үнгө ойгонуп кетип билмексен боло ордуна туруп калчу.Өзүнүн нарасына чечинип жатып жаңы эле көзү илинип кеткен.Бир маалда шырп эткнн дабышка ойгонуп кетип,акырын башын кыймылдатпай дабыш чыккан тарапты көзунүн кыйыгы менен карады.Кандайдыр бир караан акырын жылып келип өңүнө үңүлдү эле,билмексен боло көзүн чала жума уктамыш болуп калды,бирок кирпиктеринин арасынан анын ар бир кыймылын карап атты.Алиги караан аны бир азга карап турган соң,колун жаңсап кандайдыр белги берди.Көп өтпөй эле ары жактан беш-алты караан келди да Каныбекти курчап алышты.Бир нерсе болгрну жатканын сезген Каныбек дароо жууркандын ичинен колун түйө тигилердин кол салуусуна даярданды.Алар бир аз турушкан соң баштадыкпы дегендей бири-бирине белги беришти.Баары жабыла кол салганда өзүн кармаганга үлгүртпөй Каныбек ортодон суурулуп кетти да үстүнкү нарага атып чыкты.Анан ошол боюнча жанында турганын бетке тепти.Караңгыда тарса-турс,ызы- чуу болуп эле жатып калышты.Арадан он беш мунөтт өтпөй сырттан дежурдагы алиги капитан өзү менен кошо үч-төрт милиционерди ээрчите кирип келип электр жарыгын жандырды.Ар кайсы жерде сулап жаткан беш-алты кишини көрдү.Жаңы келген жигит болсо чүмкөнүп уктап жатыптыр,жулкулдатканда араң ойгонду.Ал башын көтөрө тигилерди көрө коюп чочуп кеткенсиди.
-Муну ким жасады,сенин колуңдан келдиби?
-Жок,билбейм мен эч нерсе көргөн жокмун,катуу уктап калыптырмын. -Каныбек тигилерди жаңы гана көрүп жаткансып,аларды таңгала карап койду.
-Мен силерге күндүз эскертпедим беле ыя,айтканымды укпайт экенсиңер да.Бас жүргүлө баарыңар.-Капитан жерде кызыл-ала болуп жаткандардын бааарын алып кетти.Ошол боюнча жарык өчүп кайрадан хатанын ичи тыптынч болуп калды.Каныбек одеялды жамынды да уйкусу келбей ойлонуп жатты.Бир аздан кийин анын жанына бир караан акырын жылып келди.Күндүзгү кат жазып отурган киши экен.
-Сен молодчина,Кудай буюрса бизге паханчик (бир хатанын тыңы) болот окшойсуң.Экөөбүз мындан ары кент (дос) болобуз.Алиги бешөө бизди өтө эле кордоп жиберишкен. Молодец мазя (жакшы) кылдың.Аларга ушундай маха (муштум) керек болчу.Ушунуңдан жазба братва.

#38 20 December 2014 - 00:11
ҮЧӨӨНҮН КЕҢЕШИ
-Уктуңбу иштин чоо жайын,Абдурасулду уже быякка алып келишиптир. -Өз колдору менен төшкө үч жолу бычак уруп Абдурасулдун өлүгүн Чүй каналына ыргытып жиберишкен Сулайман менен Жафар Абдурахманга жаңылык алып келишти.
-Андан эмне чочулап жатасыңар,ал жалгыз биз болсо үчөөбүзбүз. Анын колунан эмне келе алат.Бир нерсе кылып бизге каршы иштерди жасай турган болсо,үчөөбүз бириге калабыз,неужели бирөөнөн үчөөбүз коркобуз.Өткөн жолкуда дал жүрөккө туштап сайсаңар болмок.
-Жакшылап таалуу жерине эле сайгандай болгонбуз,бирок бизден бир кемчилик кетти,анын таптакыр жаны чыга электе эле сууга ыргытып жибербедикпи. Анын үстүнө шашып да калдык.
-Андай немелер оңой менен өлбөйт,живучий келет,алтын оорусу жаман да,керек болсо тигл дүйнөдөн кайра тирилип келмек.
-Почти тигил дүйнөдөн эле тирилип келгендей болбодубу.
-Эми эмне кылалы акырын анын көзүн куруталыбы кайрадан?
-Кантип?
-Жолун табабыз да муунтуп өлтүрөбүз же эч ким жокто мууздап салабызбы...
-Менимче жайына эле коюш керек,ал бизден коркуп калды,тийишмек түгүл бизден качат көрөсүңөр го.
-Болуптур анын жүрүш-турушун бизге болгон мамилесинен байкайбыз.Эгер өткөндөрүнө өч алгысы келсе кайра бат эле көзүн курутуп таштайбыз,сүйлөштүкпү?
-Болуптур.
-Бирок эскертип койчу нерсе,сак болгула бизге жинденип калган эмеден баарын күтсө болот.Бир нерсе болсо эле чогула калгандай бололу,эң башкысы карта биздин колубузда эмеспи,ал бизге баарыбир көз каранды болот.
-Эмне аны кайра өзүбүзгө кошуп алалы дегени турасыңарбы, картаны алып Абдулланы өлтуруп качып,эки жылдай карматпай жүрдү.Кайра кармап эскерттик эле ага болбой эле кайра качып кетти.Мына ошолордун кесепетинен ал өз унүн энчисин алды,буга өзү күнөөлүү.Во общем то бизге лишний адамдардын кереги не,ал бизге эгерим жакшылык кылбайт.Бир кичинекей мүмкүнчүлүк болсо эле көзүбүздү курутканга аракет кылат.
-Болуптур поживем увидим,анын көзүн тазалап коюунун кыйынчылыгы деле жок.-Үчөө өздөрүнчө алдын ала пландаштырып алыгып, акырын тарап кетишти.

#39 20 December 2014 - 00:13
СЫНООДО.
Бул жакка келгени Каныбек эмнегедир таптакыр башкача болуп кетти.Кулк-мүнөзүнүн баары өзгөрүп,мурункудай боорукер,жумшак, сылык,ак көңүл болбой тескерисинче орой,түнт,көп сүйлөбөгөн, каардуу адамга айланды да калды.Буга өзү да таңгалып жүрдү, "бул эмнеси же айлана-чөйрө, атмосфера,бул жактын адамдарынын кулк мүнөзү мени да ушинтип башкача кылып таштадыбы?" Бир жагынан тигил жакта зонада кандай жүрүштүн бүт эрежелерин, жашоо турмушун,ал жакта кимдер менен кандай мамиледе болушун баарын үйрөткөн эле.
Кечинде хатага келишкенде бул хатанын паханы катары эсептелген алиги далдайган кишиге тигилердин көзүнчө катуу эскертип өттү.
-Мен сага эскертип коёюн,эгер мындан ары мага катылчу болсоң,же лишний сөз сүйлөчү болсоң соо калам деп ойлобо...
-Эмне кылып аласың?
-Эмне көрсөтөйүнбү?
-Көрсөтчү. .,-Тиги ишенип ишенбей мушташка даярданып туруп калды.
-Демек али да болсо көңүлүң сууй элек экен да,болуптур, -Экөө кайрадан чабыша кетишти.
Хатдагылардын бири да аларга кийлигишкен жок. ТЬескерисинче, экөөнү курчаша бирөөсү сыртты акмалап турду.Алиги далдайган киши жүгүрүп Каныбекти шап кучактай таптак көтөрүп,болгон күчү менен катуу кысып туруп алды.Анан кроваттын кырына башын уруп,тапатак өйдө көтөрүп туруп катуу таштап жиберди эле,Каныбек мышыктай буту менен түшө ары жакка өтүп кетти.Анын ушунчалык шамдагайлыгына таңгала карап туруп калды,көздөгөнү боюнча тиги темир кроваттын бурчуна башы менен тийип кызыл-ала болуп жатып калмак болчу.Мурун далайларына ушундай ыкма колдонуп,далайларынын сазайын берген болчу.Мунун оңой жоо эмес экенин сезип аябай кылдат,аяр маиле жасап,чочулап, сактанып калды.кайрадан чабыша кетишти.Тиги далдайганы менен олдоксон болчу.Эки-үч жолу удаа удаа таалуу жерге сокку жегенден кийин мурункудай айбатуу болбой,жалтайлаганга өттү.Каныбек эми буттары менен таалуу жерлерге үстү-үстүнө сокку жасады.Эң таалуу жерлери кайсы жерлери экенин блгендиктен аны эч бир аяган жок,дал ошол жерлерине тээп тээп салды.Заматта анын бети -башы кызыл-ала болуп кетти.Айланасындагылардын баары анын кыймыл-аракетине, мушташканына ыраазы боло карап турушту.Бир кезде акыркы күчүн жумшап туруп,айланып келип аны бет талаштыра тээп калды эле,ал полго чалкасынан учуп тушүп,ошол боюнча кыймылдоого алы келбей жатып калды.Каныбек анын маңдайына келди да,көзүнө тике карап туруп сөөмөйүн кезеп сүйлөдү.

#40 23 December 2014 - 01:21
-Бул менин эң акыркы эскертүүм,эгер дагы бир жолу мындай өнөрүңдү көрсөтө турган болсоң,соо калам деп ойлобо мен бир гана сүйлөйм. Жерде томолонуп жаткан киши лам деп ооз ачкан жок.Бери жактагы аны жандап жүргөн жүргөн кошоматчылары да аны колтугунан сүйөп тургузушкан жок,акырын унчугушпай тарап кетишти.
Хатадагы бул окуя акырындап отуруп бат эле бүт түрмөгө жайылып кетти.Зонаны кармаган чечен жигит Каныбекти өзунө чакырып алды.Босогону аттай элек жатып эле Каныбек таңкалганынан оозун ачып туруп калды.Бул бөлмөнү түрмө деп эч ким айтпас эле,кадимки үйлөрдүн бөлмөсүнөн айырмасы жок экен.Телевизор, магнитофон,жумшак отургуч,стол, стулдар атүгүл килеми да жерге төшөлүп жатат.
-Мен сенин ким экениңди үстүңдөн жакшы билем.Үч жолу көкүрөккө бычак жеп өлүп барып кайра келгенсиң,атүгүл сага бычак ургандар өздөрү да ,бул жерде отурушат.Силердин эмне чечалбаган чырыңар бар экенин албетте менин ишим да жок,бирок босогону аттай элек жатып эле хатага пахан болуп алды деп уктум,чынбы ошол?
-Ооба,мен пахан болуп баарын башкарып алайын деген деле ниетим жок,тек гана өзү катылгандар өз энчилерин алышты.
-Бирок,бирнерсеге мен ишене албай турам,тиги Абдурахмандын кишилеринен өлөөрчө таяк жеп,ал аз келгенсип өлүп абрып кайра келген жигит кандайча заматта эле бир хатаны башкарып калат.Буга эмне айта аласың?Сен Абдурасул эмес эле башка жигит болуп жүрбө ыя?-Ал Каныбектин ар бир кыймылына кыраакы көз жүгүртө сынагандай анын көзүнө тике карады.
-Эмне ишенбей турасыңбы?
-Муну эмне менен доказать этесиң?
Каныбек бир аз ойлонуп туруп бир нерсени эстегендей топчуларды чечип, көйнөгүн өйдө түрдү.
-Мынакей доказательством, -үч жердеги бычактын тырыгын көрсөттү.
-Болуптур дейин,тигилерден токмок жеп качып жүрсөң,анан каяктан жүрүп мушташуунун ыкмаларын өздөштүрүп ала койдуң?Тим эле чёрный поястардай мушташат экен деп уктум го?
-Яи есть чёрный пояс.
-Муну кандайча түшүнсө болот?
-Бул долгая история,кытай жигит менен үч жыл машыгып ошол үйрөткөн.
-Болуптур, аны азыр текшерип көрөбүз.Менин бир адамым менен мушташып көрчү,анан көрөйүн сенин ким экениңди...Өзүнчө ичи кооз жасалгаланган бөлмөдө экөөнөн башка эч ким жок болчу.
Бир маалда күтүүсүз жерден башына кара чүпүрөк байлап алган жигит пайда болду.Төрдөгү столдо отурган алиги киши ага көзүнүн кареги менен баштай бер дегендей белги берди.Ал көз ачып жумганча бүркүттөй шукшурулуп келип бутунун учу менен Каныбекти томолото тээп өттү эле,ал мындай болот деп күтпөгөндүктөн оңкошатып барып айкүрүнөн түшө жерге жатып калды.
Тигинин буту менен колунун соккусу Каныбекти оңдурган жок.Күтүлбөгөн жерден пайда болгон жигит жерде томолонуп жаткан Каныбектин ар бир кыймылын көзүнүн кыйыгы менен карап турду. "Ничего себе мунусу ким болуп кетти экен?Азамат кунг-фу,каратэнин ыкмаларын жакшы өздөштүрүптүр. Эмне кылсам кол кайрысамбы же анте коём деп жыландардын куйругун басып аламбы?Положенец, смотрящийлерге эрегишпе,алар менен ойнобо,сен канчалык кыйын болсоң да алар сени сындырып коюшу мүмкүн" деген тияктагылардын сөзүн эстеди.Ордунан туруп бери басып келди эле,тигинин кайрадан айланып келип буту менен желкеге урулган соккусунан оңкосунан кулай эки колу менен жер таянып калды."Эмне кылсам,же первоходочник болуп туруп буларга кол кайрысам,мага напряженка создавать(кысып) коюшабы?"
-Эмне турасың согушпайсыңбы, черный пояс экениңди далилдейсиңби же коркуп атасыңбы?-Төрдө отурган кишинин заңк эткен үнүнөн тигинин ою бөлүнүп кетти.
Кайра ордунан туруп боюн түзөй бери басып келди.Алиги башына кара чүпүрөк орогон корейлерге окшогон жигит дагы согоюн деп кунг-фу ыкмалары менен биринин артынан бирин удаа-удаа шилтеди эле,бул жолкусуна Каныбек туруштук бере колун тосуп койду.
-Охо,эми окшошуп келатат.Давай каршылык көрсөт же тигиге сокку бер.Сокку бералбасаң, анда өзүң аябай сокку жейсиң.Буттан жаңылган турат,ооздон жаңылган турбасын билесиңби?Өзүң оозуңдан жаңылдың эми черный пояс экениңди далилде.Далилдей албасаң бул сага далилдеп берет.Ушул сөзүң үчүн мөөнөтүң бүткөнчө запкы жеп жүрүп өтөсүң мындан.Так что давай,сөзүңдү далилде,а то сага дайыма душняк (кысым )болот.
Каныбек эмне кылсам деп ойлонгуча тиги үстөккө-босток катуу сокку уруп заматта бети-башын кызыл-ала кылып жиберди.
Катуу таамай соккудан көзүнүн алды сыйрылып канап жаткан.Жаңы келген жалтайлап коркуп турганын көрүп,тигил ого бетер баатырсынып, таптакыр үстөмдүк кылып алды.Бул ишинин аягына чыгайын дедиби же смотрящийдин бүтүр деген белгисин түшүндүбүКаныбекти эс көөнүнөн калгыс кылып сабмакчы болду.Анан улам туруп келатканда улам томолото чаап,бирде буту менен тээп,бирде колу менен муштап мазактап айласын кетире баштады.Төрдө отурган башындагы чачынын жарымы жок киши тигинин ишине ыраазы боло карап турду.

Супер-Инфо
super.kg
видео