Жаркыраган кундун нуру козду уялта тийип турганын эске албаганда, кун кечээкиден бир аз суук эле. Шашып эле мектепти коздой чуркадым. Анткени саат 9дан отуп калган эле. Бешенеме биздин класста окуган кыздар текшеруудо турган экен, эптеп алардын шаштын алып класска кирууго шашылдым. Жаны жылга тактап айтканда 20 кун калган эле. Кирсем эле класс жетекчибиз окуучулар менен жаны жылдык кечени уюштуруп жаткан экен, кечиккениме анча деле маани бербеди окшойт айтор, сен ушул эле жерде болосунбу деги деп калды эжеке.
- Ооба албетте, ушул жерде классаташтарым менен акыркы жолу чогуу отуралы деп койдум (жылмая)
... Шашылып жатканымдан телефонумду уйдо унутуп коюп келе бериптирмин,
сабактан чыгып барып карасам толтура смс, чалуулар келиптир. Чалган номурларга кайтарып баштадым. Бир жат номур турган экен досторум окшойт деп чалсам ун катпады. Аа адашып тушуп калган тура деп койдум да, уй иштери менен алектене кеттим.
Эрте жазда апам айткан жумуштар эсимден чыгып шаарга кетип жакында эле келгем, ошондуктан короонун ичинде порядок деген жок эле. Менден кичуу иним 6-класста окуганы менен бир аз жалкоораак.
Ошондуктан кечке чейин отун куркып отурдум. Кулакка музыканы салып алып эч кимдин созун укмай жок. Бир кезде апам келди Азамат сени досторун чакырып жатат деп.
- Азыр апаке мына бутойун эле деп калдым, 10 муноттон сон залда жолугат экенсинер деп айтып коёсузбу?-деп ишимди улантып жаттым. Анткени азыр чыгып кетсем кайра эртеге бул ишке колум барбашын байкап турдум. Ошонтип иштерими тездетип айтылган муноттон 20 мунот кечигип залга бардым. Барсам балдар кыйла топко кызып ойноп жатышыптыр.
Мен да аларга кошулуп алып ошол кечеси 12 ге чейин топ ойногонбуз.
Топтон чыгып курсак ач, женилген комманда аш жасатып берет экен да эми деп кулуп кеттик, анда алар макул жасаттырып беребиз деп айылдын бир четинде жайгашкан сонун ашканага бардык. Барсак тан атканча ачык болобуз дешкенин тамак жасаталы деп чечтик да аш бастырдык. Бир кезде ха-ха тээп отуруп дааратканага барып келейин деп сыртка чыгып кеттим. Бошонуп келе жатып бир татынакай сулууга козум тушуп калды. Ал ийдиш-аяктарды жууп отурган экен. Анан анын жанына бастырып баруудан тартындым. Бул кандай неме дебесин деп. Ошонтип аштан кийин уйлорго тарадык.
Эрте менен дагы эле ошол корунуш. Мектепке барып сабакты катырып жаттым. Жакшы окугандарды артка отургузуп койгондугу учун 6 бала артта отурчубуз. Мен терезенин жанында. Агай ал жакта бир нерселерди кубурап айтып жатты, капысынан терезе жакка карасам кечээ мен ашкананын кухнясында коргон кыз отуп баратыптыр.
Жанымдагы досума
- Эй Жаныш тиги кыз ким? Ушул жерде окуйбу? Же кандай?-десем,
- Оа доске, ал 10 -класска жаны эле келди. Байкуштун ата-энеси каза болгондон кийин таежесинин уйундо жашап жургон экен, кийин болсо бул жакка Садык аке алып келген эле, - деп калды.
Аа досум рахмат деп жатсам агай мага карап тигилип калыптыр. Азамат сен жакшы окугандыктан сага катуу айткым келбейт, бирок мындай кылганын туура эмес да, сабак учурунда суйлошуп - деп калды. Оа агай кечириниз деп кайра окуп жаттым.
... Ошонтип кундор отуп жатты, эртен жаны жыл деген куну шаардан досторум чалып калышты.
- Доске мен азыр шаарга баратам, ошол жактан суйлошолу бул маселени? - деп телефонду очурууго шаштым. Ошол куну шаарга барып жаны жылдык кечеге салют анан да уйго торт алып келуум керек эле. Карындашым торт дегенде озуну таштап салчу да анткени. Ошонтип шаарга кеттим. Барып досторду жолуктуруп калып, алар менен клубка бардым. Чарчаганча жерди тээп ойноп кулуп кайттык.
... Мына 31-декабрь кун да жетип келди. Шашылыш иштер менен журсом жанагы ашканада коргон кыз дагы козумо чалдыгып калды. Бул жон гана кездешип калуу эмес окшойт деп анын жанына барууну чечтим. Колунда продукталар бар эле. Жанына барып саламдашып,
колундагы нерселерин алып жардамдашып коёюн деп, маршруткага жонодук. Аны жайгаштырып коюп ошол эле жерден алчуумду алып айылга жол тарттык. Ошонтип баратып жакындан таныша кеттик. Анын ар бир созу журокко октой эле тийип жатты. Айтуусуна караганда аты Фатима 16 жашта, уйдо жалгыз перзент болгон экен. Ата энеси автокырсыкка кабылып экоо тен ошол куну жан беришкен. Аларды жерге берген сон, таежеси аны озунун жанына алып кетет. Анткени атасы дет-домдо осуп чонойгондуктан ата энеси жок болчу эле. Ошонтип ал жерде бир канча жыл жашап анан тагасы ашкана ачып, ошол жерге жардам берсинчи деп эжесинен сурап алып келген экен. Тагдыр экен мына мынтип аны менен кездешип жолугуп калдык. Айылга жетээрде анын номурун сурадым. Ошонтип аны менен коштошуп нерселеримди уйго алып кирип эле мектепти коздой чуркадым. Анткени телефондун жанын койбой чалып жатышкан эле классташтарым.
Ошонтип кеч да кирди майрамдык кече башталды. Сыртта карнавал болуп жаткан, ошол жакка биз да чыктык. Ортодо танцаны эч кимге бербей алып жаткам, бир кезде жаныман Фатима отуп кетиптир аны байкабай бийлей берген экем, смс жибериптир.
"Жакшы бийлейт экенсиз"-
деп. Аны да укпай бир кезде женил бий башталып калды. Жанымда турган кызды тартып бийге тушуп баштадык. Корсо ал кыз мени жактырып жургон экен. Баягында телефон чалып суйлобой койгон кыз экендигин айтып мени тан калтырды. А мен болсо эч кимге карабачум. Анткени сабакты бутуруп жакшы окууга тапшырып анан да бир жумуштун башында отурсам деген ойлор болчу. Шыбырап калды Азамат аке, жактырган кызыныз барбы? Бирок чындыгын айтынызчы? - деп калды. Анда мен: жок, азырынча эч ким менен суйлошпой элемин деп койдум ага жылмая. Ал кыз менен бийлеп жатканымды коргон Фатима ал экоо журушот турбайбы деп тушунуп алып менин номурумду да очуруп салыптыр. Аны майрамдын эртеси 1-январь кунун билип жатпаймынбы.
Ошонтип жаны жылды да майрамдап, каникул да бутуп, сабак башталып дагы эле мектепке жол тарттым.
Кундор отуп жатты.
Уй иштерин бутуруп коюп шаарга кетмей болдум. Анткени таякем чакырып жумуш бар, бир аз жардамын керек дегенин сабакты да жыйып турууга туура келди. Кундор отуп, мына мен куткон 25-май да келди. Акыркы конгуроо аземинин ачылышы болуп, баарыбыз катар тизилип турабыз. Куттукташып баары белектерин беришип. Кечиндеси менин уйумо чакырдым баарын. Майрамдын артынан чуркап журушуп досторумдун эсинен да чыгып кетиптир. Бугун кош майрам эле мен учун. Анткени бугун жарыкка келгениме 18 жыл болуптур. Ошонтип баары келишти, бироо байкап калган экен колдорунда белектер, эжекени да чогу ала келишиптир.
Чогу отуруп шандуу откордук майрамдык кечени.
... Фатима менен телефон чалып байланып турдук, мектепте жолугууга эч болбойт эле. Анткени мектептин тартиби куч эле. А мектептен сыртта анын колу бош эмес болчу. Ошонтип каникул да башталды.
...Экзамендер бутуп мен армияга жоноп жаттым. Аны уккан Фатима минут сайын чалып жатты. Аны жоошутуп, коросун, корбогондой эле отуп кетет 1 жыл. Болгону сен мени кутсон болду деп жаттым козумо жаш толгонсуп.
Акырын алдап-нетип кеттим.
Армияда журом. Телефонду алып коюшкан, сураганда гана берип турушат ата-энеме чалганы.
Бир кун кабар келди. Фатиманы болуп кетишиптир деп. Аны угуп алып кана убакыт отсочу. Убакыт учкан куштай отуп жатса да мен учун кылымдай сезиле берчу. Ошонтип бир жыл да отту. Кайрадан уйлорубузго кайтып келдик. Апакемди аябай сагынганымдан уйду коздой шашчум, а оюм болсо бир жерде эмес. Фатима бут баарын ээлеп алгандай. Ошонтип кечиндеси Фатима менен жолукмай болдук. Мен кеткенде кат жазып турчу, сагынганын айтып, анан да жуучу келгенден кийин такыр кат барбады. Жооп да барбай калды. Эмне себептен мындай болгонун сурасам таежесинин уйундо жургондо бир аял келип коздоп журчу экен. Окууну бутор жыл экенин билип жуучулукка барган экен. Ошонтип угушумча той да жакындап калган экен. Уйго келсем апам окууга документтеринди даярда балам, таякен чалган экен деп калды. Апама сыр бербечум, ичимде кандай куйут менен куйуп жатканымды билдирбей эле коюга аракет кылып жаттым. Бир ишти дайындаса аны аткарбай такыр эле башканы жасап салып. Шаарда журом, коздорум уйку корбой шишип калган. Фатиманын акыркы мени унутун деп ыйлаганын эстеп озумду коёрго жер таппай журдум. Мени коргон таякем да тан калды. Азамат сага эмне болду? Залга кеткен боюнча саат бир канчада келесин, уктабай эле кайра жумуштарын менен убарасын. Ичинде кандай дарт бар? Мен да убагында сага окшоп жаш болгом, тагдыр экен мага уул жазбаптыр, бирок сени жээнимдей эмес оз уулумдай эле коруп калгам. Анан да дайым кулуп, жылмайып журчусун, азыр болсо жылмаюн да озуно жарашпай калыптыр мага айтып берчи эмне болуп жатканын? - деп калды. Баарын токпой башынан айтып бердим. Анда тагам; барып тойду токтотолубу?
Ал кыз сени жактырса баарибир тиги менен бактылуу боло албайт го?-деп калды. Анда мен:
- жок таяке, коё бериниз. Ал байкушту ушунча кыйнаганым жетээр. Айтыштарына караганда жакшы жердин эле баласы экен-деп ушкуруп алдым. Саат 11 болуп калыптыр залга барчу убакыт. Артыма сумканы артып алып залга жонодум. Жолдо баратсам Фатима чалып калды. Азамат аке шаарда болсонуз эртен обеддерде жолугалычы?
Сизге айтайын деген бир созум бар эле. Аны азыр айтпасам кийин арман кылып журбойун деп калды. Анын голосун укканда эле озумду жоготуп кыял суруп кетиптирмин.
Тренировка кылып жатсам тренер келип калды. Сага чалып жатышат деп. Карасам Фатиманын номуру. Кайтарып чалсам жат бир кыз алды. Сиз Фатиманын кимиси болосуз?-деп.
Достору окшойт деп акеси болот элем десем, тез 15-больницага жетип келиниз деп калды. Оозума келме келбей, кийимдеримди кийип эле чуркап чыктым. Барсам Фатимам жатат ону бозоруп. Эмне болду деп сурасам жолдун четинде бараткандар чалышты эле бизге тез жардам менен барсак бир аял карап отуруптур эсин жоготуп койгон экен деп калды. Корсо мени менен суйлошуп жатканда магазинге чыккан экен. Кийин эле таежелери келишти. Аларга сыр бербей озумду алып качып жаттым. Анткени болуп койгон кызга келуу мен учун ото жаман бир иш болчу. Бул жерге Фатиманын акыркы созун угайынчы деп келгем. Ошонтип бир кыйла дегенде озуно келип уйуно алып кетишти. Эртеси айтылган саатта куттум. Эсен аман эле келсе экен деп ичимен тиленип. Бир караганда байкабаптырмын мандайымда апакай койнок кийген кыздын отурганын. Корсо ал менин Фатимам болчу экен.
- Кандайсыз Азамат аке? Иштериниз болуп жатабы? Угушумча окууга тапшырыптырсыз?
Куттуктайм деп козунон шолоктогон жаш кетти.
- Эй эй эй, сага эмне болду? Мени акыркы жолу коз жашынды коргозгону чакырдын беле?-десем жоок тентек деп кучактап алды. Кокурогумо жаш толуп, эмне кылаарымды билбей менда кучактап турдум. Коздорумдон жаштар кетти. Бирок ага билгизбегенге аракет кылып жаттым. Ошонтип эмнеге чакырганын айтты. Корсо мен ага суйлошуп жургондо цепочка таккан экен элем. Ал эсимде да жок. Акыркы кундору кайгы менен болгондуктан башымда эч нерсе калбай калыптыр.
- Мына ушул нерсе учун сиздин тынчынызды алдым. Мени кечирип коюнузчу, баарын башкача элестетчуу элем деп ыйлап жатты.
Озумдун жан дуйномдо эмне кечип жатканына карабастан аны сооротуп жаттым. Кой эми Фатима, эртен тоюн. Сен бактылуу болушун керек. Мен учун да бактылуу болушун керек - деп жаттым. Коштошуп колун булгап кете берди. Мен да уйго кеттим. Барып таякемдин машинасын алып айылга жонодум. Апам жапкан ысык нандан жеп жашоодо кун уланып жатканын сездим. Бирок Фатиманын тою болуп жатканын, мен аны менен суйлошуп жургонумду апама такыр айткан эмесмин. Анткени аларды уйлоном деп кыйнагым келген эмес. Тагды жазса ушул экен да. Ошонтип чай ичип болуп машинага чыгып отурдум. Бир кезде загс отуп калды. Артынан калбай айдай бердим мен да. Бир бакка жетишип видеочулар съемка алабыз деп токтошту. Машинанын ичинде отургам бир кезде Фатима дагы жерге кулап тушту. Дагы эсинен кетти окшойт деп калдым. Бирок андай эмес эле. Корсо ал акыркы жылдары ооруп жургон экен. Ал оорусун жашырып эч кимге ун катпай журуп отушуп кетиптир. Карасам куе баланын достору скорыйга чалып жатышты. Заматта эле жетип келишти. Мен да анын артынан кошо тушуп бардым. Кайсы больницага алып бараарын сурап машинага отуруп ошол больницаны коздой жол тарттым. Кетип жаттым, ичимде болгон дубаны окуп, ага жашоо шыпаа тилеп. Менин артыман эле скорый келди. Реанимация болумуно алып кирип кетишти. Коп отпой таеже, таякелери кешти. Мен да тура бердим. Башка бироого келгендей корсотуп. Доктор чыгып сабыр кылыныздар дегенин билем козумду ачсам бир болмодо жатам. Корсо мен да эсимен кетип калган экем. Фатима жашоодон коз жумуп, мен мынтип больницада жатам. Конулго эч нерсе сыйбай. Жанымда жаткан бала радио угуп жаткан экен ал жактан "Ишенбейм айрылганыма"
деп ырдап жатты. Мен учун ырдалып жаткандай коздон молт-молт эткен жашташ агып турду. Бир канча кундон кийин больницадан чыгып Фатиманын мурзосуно барып бата кылып, мага эмес, башкага да буйрубайт белен? Мен го мейли эптеп айла табаар элем, бирок сен бактылуу болуун керек эле го? - деп ыйлап жаттым.
Сүйүүнүн сыноосу Бул жон гана чыгарма. Эгер зээригип отурган болсонуз анда сиз учун.
#1 05 December 2014 - 17:13
Чтобы ты не делал за спиной у людей, помни! Ты делаешь это на глазах у Аллаха!!!
#3 05 December 2014 - 18:46
Жаткан жери жайлуу болсун суйгонунуздун!
Окуп жатып озумду сиздин ордунузга коюп коруп аябай кыйналып кеттим,эч ким мындай окуяга кабылбасын.
#4 05 December 2014 - 18:59
Аянычтуу окуя экен. Эх, байкуш кыз жашоосун тобо келге салган тура. Оз тоюнда коз жумуп... аянычтуу !
#5 05 December 2014 - 19:16
Описанияда жазып калтырсам бул жакка корунбой калган тура. Бул жон гана чыгарма. Зээриккендерге арнап жаздым эле.
Чтобы ты не делал за спиной у людей, помни! Ты делаешь это на глазах у Аллаха!!!
#6 05 December 2014 - 20:05
Эх, сонун чыгарма. Биздин айылда да болгон эле ушуга окшош окуя. Сүйлөшкөн кызы көз жумган. Аябай эле аянычтуу.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#7 05 December 2014 - 20:22
Мммм... Токтобостон окуп чыктым,аябай окунучтуу экен... Сабырдуулук каалайм.
#8 05 December 2014 - 20:23
Соонун чыгарма экен. Окуп жатып ыйладым (((( озунун тоюнда коз жумуп. Аллахым эч кимди суйгонунон айырбасынчы.
#9 05 December 2014 - 21:01
Кокуй, муун-жунум бошоп, авторго кайрат айтканы жатсам, чыгарма деп очурдуго!
)))
Фантазиянызга баракелде!
Фантазиянызга баракелде!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11 06 December 2014 - 03:09
Баракелди азаматсыз,соонун чыгарма болуптур.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#12 06 December 2014 - 08:23
жакшы жомок экен.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#13 06 December 2014 - 08:35
#15 12 December 2014 - 20:10
кеде туну ыйлай берем себеби жок.
Сага деген ойлорумдун ченеми жок.
Жашоомдогу бут бардыгын сага арнап.
Сенсиз мага жашоонун кереги жок.
Суйгонун болоко жар болсо бир арман. Эч кимге буйрубаса дагы арман. Жон гана чыгарма болгону менен чыгарма да жашоодон алынат.

#17 15 December 2014 - 12:54
жашоодо мындай окуя болбой эле койсунчу.авторго боорум ооруп жатса чыгарма деп олтурдуго.
#18 15 December 2014 - 15:54
Салам достор мен силерден кенеш сураганы бул жакка кайрылуудамын.
Анда соз башынан болсун.Озум 21жаштамын.20жашка чейин бир да бала конул койбой суйлошпой дос кыздарым сайттардан тааныштым десе ошонтип таанышып суйлошсода болот бекен деп журуп 2011-2012окууну аяктадым.Кундор отуп жатты.Бир куну жаны жылды тосуп алып жаныча жашоодо жашап жургон учурум.Жаны жыл жаны ай демекчи январдын 2сайтта отурсам мен кошуп койчу деген билдируу келиптир эч нерсе оюмда жок аны кабыл алдым да таанышып суйлошуп калдык.Негизинен мен таанышаанда эч бир адамга толук туура даректи айтчуу эмесмин,буга да ошентип айылдын эмес айыл окмоттун атын айтсам эле коншу айылдарды айта баштабы.Андыктан жок жерден бул мени таанып билип сынап ататкоо деген ой келип жашаган жеримди айтып суйлошуп калдык.Коп отпой кыз жигит болуу сунушун киргизди.Мен да ойлонбой туруп макул дедим.Анткени анын досу менин тайкем болчу,кандай адам экенин досуна карап туруп бааласан болот деп ойлоп суйлошуп калдык.Корбой билбей суйлошуп журуп 4ай дегенде жолуктук.Жолугуп кайра баштагыданда унун укпай калсам аны сагынып кайда журосун не кылтасын деп чала берчу болдум.Кундор отуп жатты,анын уйундокулор, достору бут тааныштары экообуздун суйлошконубузду билчи.Менде ойлонуп коруп оз ата энеме айтмакчуу болдум башында алар каршы болгон бара бара кондубу айтор унчукпай суйлоштасынбы деп сурап коюушчу болду.Убакыт учкан куш демекчи арадан дагы бир ай отуп кетиптир.Бул бир айдын ичинде мен шаардан 2-3жолу айылга барып жолукканга убакыт болбой кайра келе бердим.Анын почтасынан кирчумун,адаттагыдай анын почтасын жандырып коюп жумуш кылып унутуп калыпмын карасам толтура смскелиптир, жооп берчуу эмесмин жон эле окуп койчумун.Анын жакын дос баласы москвада болчу анын жазганын окуп окуганыма ишенбей отуруп калдым.анын жазганы:э досум жашырганда эмне эч кандай пайда таппайсында айтып кëберда ал почтандыде деген смс.Анан чалып сенин мен билбеген дагы почтан бар экенгоо десем кайдан билдин деп кулот унчукпадым себеби мен сага соз бергемгоо ошол созумдун устунон чыксам болдубу деп койду.Кайрале кундор отуп жатты.Мен аны деп канчасынан .баш тартып.Арадан дагы бир ай отуп сентябрь айында эжем кайтыш б.п эч нерсе конулумо жакпай телефон карагангада алым келбей журуп кыркын чыгарып анан кайра тел.н карап суйлошуп журдум бирок мен билип мен суйгон адам озгоргондой анан сен неге озгордун эмне себеп десем коп суйлошпогондук деп журду.Аражан дагы кундор отту.Экообуз суйлошпой таарынышып журдук бирок мен ага чыдай албай башка номерлер менен чалып унун угуп очуруп коюп журдум.Ошентип жургон кезде октябрь айыда келди себеби экообуздун туулган кунубуз ушул айдале.Мен аны чалып куттуктадым анын туул.н куну10да.Кундор отуп жатты бирок менин туулган кунумдо ал чалып куттуктайт мени деп чыдамсыздык менен куттум бирок чалбады.Ошентип суйлошпой жургонубуз менен мен аны такыр унута албай койдум.Дагы деле сагынам унун уккум келет бирок кантип.Азыркы убакта менин почтаман кирип бироого мага пар.н бербей жашырган почтасынын паролун тап алып кирдим эле мен м.н таанышып суйлошуп жургон мезгилде ал почтасында да бир кыз м.н суйлошуп журуптур.Аны мен эми билдим.Буга чейин канча кечир деп айтса кечирип журдум.Эми дагы ошондой болсо кечирсемби же жокпу аны билбейм.Кечирейин дейм бирок азыр ушунтет кийин жашоодо да ошентсе не кылам деп корком.Аны унутуш мен учун кыйын болууда.Канткенде эмне кыла алам кенеш бериниздерчи.

#19 15 December 2014 - 16:21
Aipi93
, Конулу жок болсо кыйнап журуп эмне кыласын. Бир аз чыдасан ал кыйынчылыктар отуп кетет ошондо мурдагыдай сагынып кыйналбай каласын
#20 15 December 2014 - 16:21
Озунду колго ал, туура айтасын азыр сага ушундай мамиле жасаса кийинки жашоондо да мындан жаман мамиле жасашы мумкун. Айтат го убакыт дарылайт деп,убакыттын отушу менен унутасын бирок онойго турбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео