<p>
Ассалом алейкум урматтуу достор! Мен бул теманы ачканымдын себеби, азыркы убакта мен моралдык кенешке, жардамга муктаж болуп турам... Анда эмесе созду узарта бербей, баары тушунуктуу болушу учун башынан баштайын...<
/p><p>Менин атам тиш дарыгери. Озунун уч жеке ишканасы бар. Мындайча айтканда колунда бар киши. Бирок негедир оз баласынан акчаны аябай аяйт. мектепте окуп жургонумдо кунуно жол киремен сырткары бир сом дагы берчи эмес. 8-класс кезимде, окуудан кийин бир ресторанда официант болуп ишке орноштум. Окуйм, окуудан кийин иштейм... Кунуно 500, 600 кээде 1000 сомдон таба баштагам. Атаман бир сом да сурабай калдым. Ошентип 11-класска чейин иштедим.. 11-классты бутконумдо Атам менен Апам ажырашып кетишти. Ажырашуусунун себеби, Апам бир нече жолу аны жаш кыздар менен коргон экен, кыздарга, озунун бир туугандарына,
анын балдарына Кудайга шугур акчаны аябай чачат, а озунун канынан жаралган баласынан акчаны ушунчалык аяйт. Ошентип мени 11-классты бутконумдо Атам Мед.Академияга стом.фака окууга откорду. Атам болсо уйдон ошол ажырашканда эле чыгып кеткен, башка жактан уй алып, башка аялга уйлонгон. Мен студент болонумда иштен да чыгып кеткем болчум. апам экообузго аябай кыйынчылык кундор болду. Апам да иштебейт, же Атам болсо тамак аш жактан жардам бербейт. Ошентип 1-курсту буттум, жайы менен иштедим ресторанда кайра эле. 2-курс болдум.Атам болсо ресторанга иштебе окуп жургон маалында деп иштен чыгарып жиберген, окуу башталган маалда.
Ошондо Атамдын жумушуна барып айттым: "Ата, Апам экообуз аябай кыйналдык, жок дегенде тамак ашка Кичине акча жактан жардамдашпайсызбы?
"-десем, "Апан менен ишим жок, сени болсо окууга откоруп койдум, не болсон ошол бол деп койду"... Мен кайра ишке чыгып алдым, окуйм, окуудан кийин иштейм... Ошентип жаны-жылдын астында болчу, иштен чыгып келе жатсам, алдыман он чакты балдар чыгып, башымы жарып, мурдуму сындырып, жанымдагы болгон акчамы алып кетишти. Корсо ал оз Атамдын жиберген балдары экен, мени ресторанга экинчи иштебесин деген ойдо жоноткон экен. Аны кийин бир белгилуу себептердин аркасынан билип калдым. Анан окууму таштадым, таштаганга туура келип калды, анткени ресторанга иштесен, мындан кийин озундун контрагыны озун толо деп койгон эле, ошентип окубай да калдым. Анан бир досумдун чакыруусу менен Жалал-Абадга кетип калдым, ошол жактан бир тунку клубга ишке орноштум. Ал жактан эми жакшы акча таба баштаганымда,
Атам чалды мага, сен эмне официант болуп калдынбы, тез кел деп, мен барбайм дедим. Келбесен коросун деп калган. Бир куну иштен чыгып келе жатсам, алдыман милиция формасын кийгендер чыгып, бир подвалга алпарып, колума ручка менен кагаз берип, адам олтуурдум деп жаз деп, тан атканча аябай сабашты. Аны мойнума алган жокмун, жазган да жокмун. Ал дагы Атамдын жиберген адамдары экен. Ошентип кайра Бишкеке келдим. Башыман кайра кайра сотрясение ала берип, бир куну эсим ооп уйдон жыгылдым, больницага барсам, мурда башынан жаракат алган экенсин, ошондо дарыланганында болмок деп айтышты. Андан бери 4 жыл отту. Бир да жолу туулган кунумдо, же канча жолу ооруп больницага жатып калып аттым, Атам бир да жолу мага чалып, кандайсын балам деп айтып кое алган жок... Башка Аталарды карасан балдары учун уй салып жан талашып журушот,
менин Атам тескерисинче мен мектепте окуп жургон маалымда мени алдап, менин наамымда турган 4 сотых жер менен бир времянканы алып койгон. Озуно даренный кылып откоруп алган менден. А туугандарынын балдарына бут уй алып берди, машина алып берди... Анан дагы уялбай менин досторума айтат экен кжжде жолугуп калганда, балам менден эч кабар албай койду, мага учурашканы келбей койду деп... Достор айтсанар, мени ошондой азапка салган Атама эми кандай кылсам? .......<br><
/p>
- (2 )
-
- 1
- 2
Эмнеге менин Атам ушундай....
#2 15 December 2014 - 21:01
Тооба кылдым! Атаңыз макоо го! Кантип эле өзүнөн кан жанынан жаралган баласын "адам өлтүрдү" деп каматып жиберет? Багып жардамдашмак түгүл, өзүңүз иштейин десеңиз да сизди кыйнаса? Эмне дешти дагы билбей калдым. Атаңыз менен жакшылап сүйлөшүп көрбөйсүзбү?
Эмне себептен мени кыйнап жатасыз деп? Балким сизди "менин уулум эмес бул деп да шектенип жүрбөсүн"
(каттуу тийсем капа болбоңузго) атаңыздын бул жоруктарын эч түшүнө албай койдум.
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#3 16 December 2014 - 00:57
Тан калыштуу. Ушундай аталар да бар экен да э. Кантип оз баласын ошондой мыкаачыларга сабатты экен? Ата-эне "балам"
дегенде жанын берууго даяр болот го. Атаныз АТА деген атка татыктуу эмес экен... Ошондой кыйналган учурунарда,
апанызды жаман корсо да, сиз учун жардам берсе болмок! Кыскасы ал адамга тушуно албадым...
Кара-Суум берекелуу менин шаарым,
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
#4 16 December 2014 - 01:00
сиз кичине тушунбой жатсаныз керекда? убагында кандайдыр бир нерсе кылсаныз керек.анан бир соз бар, кол чапсан экоонон тен ун чыгат деген .... ааламда ар турдуу адамдар бар.жаман болсо да атанызда, жакшы атаны ким берет? жакшы мамиле кылып балалык парзды аткарсаныз,
атаныз озуно келеер.
#5 16 December 2014 - 01:04
Ал оюнда апанызды баксаныз ошого жини келип аткандыр. Апанызды жалдырасын акча сурап деп аткандыр. Апаныз кандай мамиле кылат атанызга? Сизди коргоп алсынчы, апанызга айтын алысыраак дайынынарды таптырбай кеткилечи. Андай атадан кудай сактасын.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#6 16 December 2014 - 02:22
Тобооооо оооз баласына болгондо да кызынаа ушундай мамиле кылса ал кишини не кылса болот екен брок жазасын кудай барибир берет. Озуну жакшы кара не болсо да. Бактылуу болосун.
#7 16 December 2014 - 02:45
Атан сага ишенбейт корунот, сен атандын ишеничинен чыга турган кандайдыр бир катачылык кетирген жок белен эстеп корсон?
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#8 16 December 2014 - 04:29
кечиресин афтор ата эне кандай болбосун балдарына жамандык каалабайт ушуну бир билгин сен атанды тушунбой жатасын атан жон гана акчанын баркын билсин деп аз олчомдо акча берип жаткандыр кафеде иштегенине келсек бироолордон угуп алып арданып ушул иштерге барып жаткандыр бир туугандарына жана анын балдарына уй машина алперди деген созуно ишенбей турам кандай эле аларга алперип сага жок бул жерде ата бала бири биринерди тушунбостук болуп жатат окшойт атам менден кабар албайт кабар албаса сен кабар ал ата кандайсын деп менден кетсе кечир деп кечирим сурап кой аалам гулустан ошондо да кечирбесе оз арабанды озун тарт.
#9 16 December 2014 - 07:25
#10 16 December 2014 - 08:52
Кеебир ата энелерге тушунбойсун эмне учун оз балдарына мындай мамиле кылганын. Атанында оз баласында милдети болот жакшы кийинтириш жакшы илим бериш жакшы тамактандырыш керек болсо уйлондуруш да атанын милдети. Атанда ушунун бироосу да жок экен. Кийинки алган аялы бурап коёт окшойт тигиндей мындай деп. Ото окунучтуу оз канынан жаралган балага ушундай мамиле жасаса билбейм кандай адам?
Сен озунду колго алып тирилике бекем болуп иштей бер бироодон бир нерсе умут кылба атандан да грамм умут кылба. Атана жакшы мамиле жасап коё бер, бирок муктаждыгынды кыйналганынды айтпа,кокус сурап калса баары жайында деп кой сыр бербей. Анан апанды жакшы карагын, жакшы иштеп кийим кечесин даары дармегин алып берип курсагын жакшы карагын. Себеби аял киши коп ооруйт бирок билдирбейт экен. Сен ушундай акыбалда болсон апан андан беттер кыйналса керек. Сабыр кыл бул кундорун да отуп кетеер. Атанда эртеге эле каарыйт балага муктаж болот карай турган адам керек болот муну кайтар дуйно дейт. Андыктан сыр бербей эркеке окшоп жур анча мынча нерсени которо билишти уйронуп!
Сен озунду колго алып тирилике бекем болуп иштей бер бироодон бир нерсе умут кылба атандан да грамм умут кылба. Атана жакшы мамиле жасап коё бер, бирок муктаждыгынды кыйналганынды айтпа,кокус сурап калса баары жайында деп кой сыр бербей. Анан апанды жакшы карагын, жакшы иштеп кийим кечесин даары дармегин алып берип курсагын жакшы карагын. Себеби аял киши коп ооруйт бирок билдирбейт экен. Сен ушундай акыбалда болсон апан андан беттер кыйналса керек. Сабыр кыл бул кундорун да отуп кетеер. Атанда эртеге эле каарыйт балага муктаж болот карай турган адам керек болот муну кайтар дуйно дейт. Андыктан сыр бербей эркеке окшоп жур анча мынча нерсени которо билишти уйронуп!
#11 16 December 2014 - 09:49
Жаман кундордун артында,бактылуу кундор бар экенин унутпаныз,жашоо улана берет
#12 16 December 2014 - 09:52
Ушунча жылдан бери сизге атаңыз эмне себептен мындай мамиле кылып жүргөнүн билбедиңизби?
Ар бир нерсенин себеби бар.Себепсиз эч нерсе болбойт.Сиз эмне себептен ал мындай экенин жакшы жазып өтпөптүрсүз.
..
Бир жактуу баянга кеңеш бериш бир азга кыйынга туруп жатыры...
Бир жактуу баянга кеңеш бериш бир азга кыйынга туруп жатыры...
#13 16 December 2014 - 10:04
Атаныз сизден кабар албаса сиз кабар алып турун да. Менин оюмча сиз атанызды тушунбой жатасыз анан кичиненизден атаныз менен жакын болбогонсуздар.
Бул жерде гептин баары апанызда. Ата энениздин мамилеси менен сиз жабыр тартып жатасыз. Сиздерде бири биринерге мээрим жок экен.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#14 16 December 2014 - 11:08
Ассалом алейкум достор, замандаштар!
Кээ бирлер жазган экен, балким сенден да кеткендир деп... Мен ушул убака чейин эч кандай Атамы капа кылган соз айткан жокмун, бир гана мен ресторандарга официант, бармен, администратор болуп ишке орношсом эле аябай жаман корот эле мени. Озу болсо бир тыйын бербейт, же продукты жактан жардам бербейт дагы, бир нерсе десен эле, эмне ачкадан олуп баратасынбы же омур бою чал болгончо кафеде иштейсинби деп эле суйлоно берет эле. Тан калганым дагы озунун бир туугандарынын балдарын бут стоматологияларына администратор кылып ишке киргизип койгон дагы, оз баласын мени, мед.академияда окусам дагы эч мени ишине жолотчу эмес. Канча жолу айттым, мен деле бир стоматологиянызга иштейин, практика да болот десем, эч макул болчу эмес. Тан калам да, башка аталар озулорунун балдарын тескерисинче орун басарым деп ишке киргизип, кызыктырып дегендей, бутуна тургузганга аракет кылышат го... Анан чын айтканда аябай жалдыратканды да жакшы корот, мени, Апакеми...
#15 16 December 2014 - 11:34
Менин оюмча, Сизди турмуштун бардык сыноолоруна сынбай турган чыныгы эркек кылып тарбиялагысы келгендир, сиздин айтып жатканыныз - бул сиздин чындыгыныз,
себеби биз экинчи тараптын чындыгын уккан жокпуз. Бирок ошентсе да балдарга ургузганы, милицияга салып бергени ашыкча болуп кетиптир. Сизге корсоткон атаныздын сыноолорунун натыйжасында Сиз чыныгы, турмуштун ысык суугуна даяр жигит болуп чонойдунуз.
Менимче Сиз атаныздын кылыктарына карабай атанызды азыр деле ото жакшы коросуз, бул нерсе сизин атанызды Ата деп баш тамгасын чон кылып жазып жатканыныздан да билинип жатат. Атаныздан умутунузду узбонуз, ал сизди баары бир жакшы корот.
#16 16 December 2014 - 12:00
Тооба кантип ушундай болсун оз баласына да ушундай мамиле кылгандар бар бекен тангалыштуу.
#17 16 December 2014 - 12:55
Катуу тийсе кечирип кой, балким сен анын баласы эмессин апанан сурап корбойсунбу?
эмнеге мындай мамиле кылат чындап мен атамдын баласымынбы деп, апан менен деле сыраш болуп калсан керек экоон эле жашасанар. Автор алты санын аман болсун, байлык колдун кири, бул кыйналган кундорун да отуп кетеер, кийин атан бирдеке болуп алдан кучтон тайганда ошол туугандары да кайрылып келбейт.. Козун май басып калган го.
#18 16 December 2014 - 13:12
Сен анын баласы эмессиң го?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#19 16 December 2014 - 15:04
днк тапшырып коргуло да. балким сен кошунандан болуп журбо.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео



















