Анапияевдин кармалганы такталууда
.
Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы катары таанымал, издөөдө жүргөн Алмамбет Анапияевдин Бириккен Араб Эмираттарында кармалганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Кылмышкерлерди алмашуу тууралуу эки тараптуу келишимдердин жоктугунан Кыргызстан издөө салган кылмышка шектүү бир топ жарандарды кайтара албай келет. Декабрдын башында, президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапары учурунда мындай келишим Бириккен Араб Эмираты менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн болчу.
Айрым маалымат каражаттары “Алыш” федерациясынын президенти,
бир катар оор кылмыштарга шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири Алмамбет Анапияевдин Бириккен Араб Эмираттарында,
Ажман шаарында кармалганын,
жакында Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экенин жазып чыгышты. Интерпол маалыматты тактоо үчүн аталган өлкөгө кат жолдогону маалым болду. Ал ортодо Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Анапияевдин кармалышы боюнча маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун белгилешинче,
акыркы кезде Анапияевди кармоо боюнча иштер жанданган.
.
- Чындыгында эле Анапияев кармалдыбы,
андай болсо кайсы шаарда, кайсы жерде кармалып тургандыгы боюнча маалымат алуу үчүн аларга кат жөнөтүлдү. Азырынча аны тастыктоо эрте. Эгер бул маалымат туура болсо Башкы прокуратура кылмышка шектүү катары изделип жаткан адамды алып келүү үчүн иш-чараларды жүргүзөт. Ал боюнча материалдын баары мурда эле топтолгон.
.
ИИМ: Анапияев кармалса экстрадицияланат
Алмамбет Анапияев Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноочулук жана адамды эркинен тыш, мажбурлап кармоо деген беренелери боюнча айыпталып, ага 2011-жылы эл аралык издөө салынган. Анын Бириккен Араб Эмираттарында жашап жатканы айтылып жүрөт. Быйыл жайында айрым депутаттар,
спортчулардын чет өлкөдө жүргөн бул адамга адилет соттук териштирүүнү камсыздоону өтүнүп,мамлекет башчысына кайрылышы кызуу талкуу жараткан эле.
Буга чейин кармалып, бирок мөөнөтүнөн мурда бошогон, тагылган кылмыштардын кыйласы кыскарып кеткен учурлар Кыргызстандын тарыхында бир нече жолу кездешкен. Мындай сындар кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев чыккандан кийин айтылган. Ошол себептүү айрымдар Анапияев кармалган учурда да анын акыйкат соттолушунан күмөн санашууда. Мындай ойду айткандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбеков.
.
- Акыйкат чечим болбойт. Анткени бизде сот системасы өтө коррупциялашкан.
Ошондуктан укук коргоо органдарынын эмгегин текке кетирип, өздөрү каалагандай мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатканы практикада кездешпедиби.
Азыр деле тартип коргоо органдарынын эмгектерин “нөл” кылып, эртең кандайдыр бир себептер менен чыгарып жибериши мүмкүн.
.
Өткөн аптада, президент Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарында эки өлкө ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишимгекол коюлган. Эксперттер буга чейин мындай келишим түзүлбөгөн Британия, Балтика жана Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдө жашырынып жүрүү кылмышкерлер үчүн ыңгайлуу болуп келгенин белгилешет.
Алсак, коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деп айыпталып жаткан мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев Британияда экени белгилүү. Буга чейин кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев менен Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарында жашырынып жүргөн.
.
Байтемир Ибраев.
Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраевбул келишим издөөдө жүргөн адамдарды кайтарууга кыйла жеңилдик берет деп эсептейт.
.
- Карапайым, бай, акылдуу деп кылмышкерлерди да бөлсөк болот. Карапайымдары көп алыс деле качпайт. Алар көбүнчө мигранттар көп жүргөн, Орусия, Казакстанга барышат. Ал эми бай, капталын жеп бүткөндөр Британияга кетишет. Ал жакка Максим Бакиев баш болуп канча топ качып кетти. Америка, Балтика өлкөлөрүнө Елисеев, Гуревич дегендер кетти. Мындан сырткары Араб өлкөлөрүнө кеткендер бар. Бул өлкөлөрдө кылмышкерлерди алмашуу боюнча өз ара келишим жок болчу. Алар да ушунун баарын анализдеп анан качып атышат да.
.
2010-жылдан кийин келген бийликтин эң негизги урааны коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү болгон. Бирок кыргыз коомчулугу күрөш чабал болуп жатканын сындап келишет.
Алманбет Анапияев өзү кандай киши?
#1 12 December 2014 - 12:54
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#2 12 December 2014 - 14:48
Ай ким билет, ким билет...
Чындап эле кылмышкерби же козел отпущениябы. ..
Чындап эле кылмышкерби же козел отпущениябы. ..
#3 12 December 2014 - 23:39
Алып келе албайт, Арап олколору менен откоруп беруу келишими жок.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#5 13 December 2014 - 03:20
Алып келебиз дегени, алып келип, актап чыгарып ийебиз дегенида. Булар кармалсада ысыразымеле бошолот. Сууга салса чокпогон, отко салса куйбогон, дегендей эле да биягы... Андан томон даражадагы патриоттор акталып кетип жатырыго.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#6 17 December 2014 - 17:05
Аны кайра коюп жиберишиптирго эмираттын полициясы. Кармоого эч кандай негиз жок болгондугу үчүн жөн гана чакыртышып,
сүйлөшүп, анан кайра коюп жиберишиптир.
Анапияевтин адвокаты ошентип интервью берди.
#8 18 December 2014 - 07:16
Алманбеттиго кармашыптыр,
а берки батухаевчи эмне болду дагы деле жокпу? Карап отуруп качырып ийиштиго бийлик бири бирине шылтап кутулду. Привет от Батухаева деп Москвадагы бинесмен кыкендерди сыгып атыптыр азыр. Дагы Алманбетти кармап алдык Камчыны кармап алдык деп кыйынсышат.
Рысбек Байамандарды атып жок кылышты бизге ошолордой патриот балдар керек болчу.

Супер-Инфо
super.kg
видео














