„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#681 17 Декабрь 2014 - 21:12
2. Ач курсактар калып, ток курсактар чакырылган аш - жаман аш.
3. Адамдардын жаманы - Алланын наамын ортого салып, бир нерсе сураса бербей турган адам.
4. Танкы уйку ырыскыны кыят.
5. Ичкиликтен сактаныныздар, себеби ал коптогон жамандыктын ачкычы.
#683 18 Декабрь 2014 - 08:53
#684 18 Декабрь 2014 - 08:54
1. Ыйман негиздери: таухид, акыйда
2. Күнүмдүк ибадат: даарат, намаз, орозо...
3. Мамилелер: жумуш, соода, үй-бүлө...
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 18 Декабрь 2014 - 08:54
#685 18 Декабрь 2014 - 08:55
*ар бир катасы ү-н жемелеңиз
*ийгилигин такыр мактабаңыз
*колуңан эч нерсе келбейт деп туруңуз
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 18 Декабрь 2014 - 08:56
#686 18 Декабрь 2014 - 08:57
Бир ооз сөз жүрөк жаралайт,
Бир ооз сөз абийир каралайт.
Билинбей туруп адамга,
Бир ооз сөз ооруну дарылайт.
Бул кыска жашоодо эч кимдин көнүлүн орутпайлы!
#687 18 Декабрь 2014 - 09:01
Урматтуу бир тууган!
Бул хадисти кунт коюп окуп, дайым жүрөгүнүзгө сактаңыз. Анткени жашоодон өткөндөн кийинки соопторуңуздун кантип көбөйтүштүн жолу ушул гана. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллям) : «Адам өлгөндөн кийин бардык амал дептерлери жабылат. Бирок үч нерсе аркылуу сооптор жете берет:
1- Эл пайдалана турган садакалар,(мечит, мектеп,көпүрө ж.б.у.с)
2- Пайдаланган илим ( илимдүү адам китеп жазып кетсе,же илимий эмгектерди калтырса)
3- Көзү өткөндөн кийин дуа кыла турган ыймандуу бала.
Мына бул 3 түрдүү жакшы иштен кур калбайлы! Бул иштер менен Кыяматка чейин кабырыбызда соопторубузду көбөйтүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
1- (Бухарий, Ал-Адабул-муфрад, 19)
#688 18 Декабрь 2014 - 09:03

ЧӨЙЧӨКТӨГҮ КОФЕ
Абройлуу университтетти эң жакшы баалар менен, ийгиликтүү бүтүргөн тайпа мурун өздөрүн окуткан профессоруна келет. Бүтүрүүчүлөрдүн баары жашоодо жетишкендиктерге ээ болуп, карьерасын да өстүргөн болчу ал кезде. Мугалими менен жолугуу учурунда кеп алардын жумушу тууралуу болот: бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү бир топ кыйынчылыктарын, жашоодогу көйгөйлөрүн айтып даттана баштайт.
Конокторуна кофе алып келейин деп сунуштаган профессор ашканасына кетет да, кофейникти жана түрдүү: фарфор, айнек, пластик, хрусталь чөйчөктөр коюлган поднос менен кирет. Бирөөсү жөнөкөй , калгандары кымбат баалуу идиш болчу.
Бүтүрүүчүлөр чөйчөктөрдү тандаганда профессор айтты:
- Мына карагыла, баардыгыңар кооз чөйчөктөрдү тандадынар, а жөнөкөйлөрү жана арзандары калды. Силер үчүн бул кадимкидей эле көрүнүш. Баары өзүнө эң жакшысын алууну каалайт. Бирок, силердин көйгөйлөрүңөрдүн, стрессиңердин булагы да дал ушул. Чөйчөк кофенин даамдуурак кылган жок да. Чөйчөк болгону кымбат. Кээде биз не ичип жатканыбызды бекитип да калат. А чындыгында, силер каалаган нерсе чөйчөк эмес, кофе болчу. А силер, билип туруп жакшы чөйчөктү тандадыңар да, анан башкалардыкын карадыңар, кимге кандай чөйчөк туш келди экен деп.
Эми ойлонгула: - жашоонун өзү кофе, а жумуш, акча, коом – чөйчөк. Алар болгону силердин жашооңорду колдоочу жана кармоочу каражаттар. Биздеги чөйчөк кандай болсо да, кофенин сапатын ал белгилебейт да, өзгөртпөйт да. Кээде биз чөйчөккө гана концентрацияланып атып кофенин даамынан ырахат алууну унутуп калабыз.
#689 18 Декабрь 2014 - 09:05
#690 18 Декабрь 2014 - 09:08
"Эй, ЫЙМАНДУУЛАР! Эгер силерге бир БУЗУКУ (адам) кабар алып келсе, аны АНЫКТАГЫЛА. Ага ИШЕНИП, кайсыл бир коомго байкабастык (ЫЗА) кылып, кийин кылган нерсенерге ОКУНУП КАЛБАГЫЛА! ".
(Хужурат, 7-аят)
МедицинаДарттын 90 пайызы кайгыга алдыруудан болот. Дарыгерлердин айтымында, учурда стресстин кесепетинен кант диабети көп катталып жатат.#медицина
#691 18 Декабрь 2014 - 09:10
Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллям) дын мындай деп айтып жатканын уктум: "Жакшы түш Аллах Таала тараптан болот.
Жаман ( анда коркунучу бар) түш шайтандан болот.
Силердин бирөөңөр жаман түш көрсөңөр, сол жагына үч жолу түкүрүп ал түштүн жамандыгынан Аллахтан сактануу сурасын. Ал түш ага зыян бере албайт". (Бухари)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 18 Декабрь 2014 - 09:10
#692 18 Декабрь 2014 - 09:11
"Оо Аллахым мени, ата энемди жана жалпы мусулман аял эркекти, тирүүлөрүн да өлүктөрүн да кечиргин" - деген дубаны ар бир намазда айтууну унутпаныздар! Адамдарга канчалык Алланын кечиримин көп сурасаныздар, Алла Таала да сиздерди ошончо көп кечирет.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 18 Декабрь 2014 - 09:12
#693 18 Декабрь 2014 - 15:15
2. Калкка колокосун тийгизип турган даракты кыйган адамды Алла Таала тозокко буюрат.
3. Кыйбат - бурадарыныз жактырбай турган создор менен ал тууралуу кеп кылуу болуп саналат.
4. Алал жана уруксат этилген нерселердин ичинен Кудайга жакпай турганы - талак.
5. Тамакты бир аз суутуп ичиниздер, ото эле ысык тамакта береке болбойт.
6. Улуу даражалуу Пайгамбарыбыз жаш балдардын алдынан отуп калган кезде, алардан мурда озунуп салам айта турган.
7. Озуно жаккан нерсени башкаларга да ыраа кор.
#694 19 Декабрь 2014 - 08:37
"Бир күнү Алланын Элчиси түн ортосунда уйкусунан туруп келип бизге мындай буюрду:
Эй, адамдар! Жараткан Алланы эстегиле, зикир кылгыла! Жараткан Алланы эстегиле, зикир кылгыла! Жерди ордунан козгоочу биринчи керней тартылат. Андан кийин экинчиси тартылат. Өлүм болгон айбардуулугу менен жүзөгө ашат. Өлүм болгон айбардуулугу менен жүзөгө ашат". Мен Пайгамбарыбызга:
- О, Алланын Элчиси! Мен сага көп салават айтам. Сага канча салават айтышым керек? - деп суроо узаттым.
- Каалаганыңчалык айт - деди.
- Дубамын төрттөн бирин салаватка бөлсөм кандай болот? - дедим.
- Каалаганыңчалык бөл. Бирок андан да көбүрөөк бөлсөң дагы да жакшы - деди.
- Андай болсо дубамын жарымын салаватка арнайын - дедим.
- Каалаганыңдай бөл. Бирок дагы көбүрөөк арнасаң сен үчүн дагы да кайырлуу болор - деди.
- Ырас, андай болсо үчтөн эки бөлүгүндө салават айтайын? - дедим суроолуу.
- Каалаганыңдай айт. Бирок дагы да көбөйтсөң бул өзүң үчүн эле кайырлуу болот -деди.
- Андай болсо дубамдын баштан аяк сага салават айтсам болобу? - деп сурадым
- Бул учурда Алла сенин бардык кыйынчылыктарыңды жеңилдетет жана күнөөлөрүңдү кечирет - деп буюрду
(Тирмизи, Кыямат, 23/2457).
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Декабрь 2014 - 08:38
#695 19 Декабрь 2014 - 08:39
Дүйнө жөнүндө ойлонгонуңда, өлүм жөнүндө да эсте!
Күнөө кылганга бет алсан, ошол күнөөнүн азабын эсте!
Байлык тапканда, Сурак күнүндө эсеп-кысап берүүндү эсте!
Тамактанганы олтурганда, ачка жүргөндөр жөнүндө эсте!
Напсиң алсыздарды зордоого, кыйноого чакырса Аллахтын кудуретин эсте!
#696 19 Декабрь 2014 - 08:43
Оо, Аллахым! Сенден гана сурагандан бери оорум сакайды,жокчулугум жоюлду,алсыздыгым кубаттанды, максатым ишке ашты,эл алдында кадырлуу болдум,Сенин алдыңда сыйлуу болдум.Башкалардан корксом качтым, Сенден корксом кайра Сага бет алдым.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Декабрь 2014 - 08:43
#697 19 Декабрь 2014 - 08:44
- Жүрөктө коркуу
- Тилде зикр
- Көнүлдө шүгүр
- Ойдо жакшы үмүт
- Көздө уят
- Каректе жаш
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Декабрь 2014 - 08:45
#698 19 Декабрь 2014 - 08:45
Бир киши танкалып даанышмандан сурады :
Сага жамандык кылгандардан эмнеге өч албайсын?
Даанышман жылмайып туруп: «Эгерде, сени ит тиштеп алса, сен да ал итти тиштейсиңби? » деп жооп кылды.
#699 19 Декабрь 2014 - 08:47
- Ой, эл-журт! Кайда баратасыңар? - деп суроо салат .
- Баланча жерден бир аалым келген экен! Алла Тааланын бар экенин, жалгыз экенин сан түр далилдер менен далилдейт экен! Мына ошон үчүн, анын далилдеринен пайдалануу үчүн баратабыз. Кааласаң, жүр биз менен! - дешет. Анда Жунайд олуя жылмайып:
- Көрөр көз, угар кулак, туяр көөдөн үчүн ааламда Жараткандын сан миң жышаанасы, далилдери бар. Жараткан Кудай Тааланын жалгыздыгын, улуулугун, кудуретин чагылдырчу эчендеген эн, белги бар! О, эл-журт! Ырас, мына ушунун баарына күмөнүңөр болсо, барсаңар болот! Биздин көөдөнүбүздө күмөндөн кыпындай күкүм дагы жок! - деген экен.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Декабрь 2014 - 08:48
#700 20 Декабрь 2014 - 21:00
2. Жесир аялдарга дана бей - бечараларга жардам беруучу адам - Алланын жолунда жиход (согуш) кылуучу же тундосу ибадат менен коим (ибадат менен ойгонуу), кундузу орозо менен соим (орозо туткан адам) журуучулор менен бапбарабар.
3. Ата - энелеринин экоон тен же бирин картайган чагында тапса да, аларды ыраазы кылып, жаннатий (жаннатка баруу учун оз куноосун алдын ала сактоо) болуп албаган перзент кор болсун жана кор болсун.
4. Кимдир бироо айыбынды бут ачып, сага акаарат кылса, анда сен анын айыбын чукуп акаарат кылба. Ошондо гана мунун сообу сага, куноосу ага калат.
5. Соопчулук иш кылганына курсант болуп, ал эми куноолуу иш кылганына капа болсон, демек, сен чыныгы момунсун