Эмне ичесиз? Бокалынды сунчу айым
#61 24 Ноябрь 2014 - 16:06
Мени дагы актанып атат деп ойлошунар мумкун,бирок чыпа чын эле алкоголдук ичимдиктерге жокмун.Мен муну кемчилик катары деле корбойм,табиятым ушундай болсо айла жок.Ооо менин аяшкаларым бар коркпой,нетпей эле боюнда бары,эмгизип жургону деле ичише берет.Бирок баары эмес.Арасында ичпегендерибиз деле бар.Ар ким озу билет да,кандай жашашты ич,ичпе деп мага не шам?...
#62 29 Ноябрь 2014 - 14:23
Мен баардыгын татып кордум го чиркин! Пиводон башкасын. Жолдошум пивого сметана кошуп ич семиресин деп канча аракет кылды жытынан конулум айланат. Азыр ичалбай калдым, барган сайын конулго тиет экен
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#63 29 Ноябрь 2014 - 17:15
Мен да алкоголдук ичимдиктерди ичпейм. Студент убакта гана шампандан ооз тийгем группалашымдын туулган кунундо.
#64 10 Декабрь 2014 - 03:17
такыр ичпейм дегендерге ишенбейм дегендер кызык экен. биз эмне не существуем ыштоли?
Внешность - это козырь , но не туз…
#65 12 Декабрь 2014 - 10:18
мен кайнаган суу ичем. Чай, кофеге жокмун, таттуу ширелерди дагы иче албайм, газдалгандарга такыр жолобойм.
brother
#66 17 Декабрь 2014 - 00:38
Шампанды тоюбузда ичкем виноно бир жолу авысындар м.н ичип коргомун.сокту дайыма эле ичем.
#68 17 Декабрь 2014 - 15:42
Кака-кола,фанта ичем, чонойгондо калганын бир татып кором.


Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#69 18 Декабрь 2014 - 01:53
#70 18 Декабрь 2014 - 09:44
Feijipiao (30 Октябрь 2014 - 15:59) жазган:
Эмне ичесиз деген сурооңузга "сиздин тандооңуз"
деген жооп уксаңыз сизди сынап жатат деп билиңиз. Бул селкилердин авантюристтиксезимдери жогору болот. Кандай кырдаал болбосун күрөшсүз жеңилбейт. Эгерайымыңыз дал ушул сапатка ээ болсо өзүңүз кадам таштай бериңиз.
90 процент "Сиздин тандоонуз" деп жооп берет экем. Ошондо деле шире ичем. Анан вкус тандаганга келсек алма, анар даамы менен ичели дейт экем. Дос кыздарым менен жайчылыкта отурганда ак вино ичкенди жакшы кором. 2013 жылы январда француз виносунун дегустацясына барганда франц виносун суйуп калгам. кызыл, даамы момолор карагат, малина, кара оруктун кошулмасы эле. Ошол даам азырга чейин эсимде бузуп албаш учун кызыл вино дээрлик иче элекмин ошондон бери. Ак винону ак шоколад менен да иче беребиз, даамы бузулуп калса буулугуп ыйлап коюп. Аябббай ишенимдуу курбум менен кээде кола кошулган ромду ичебиз)))
#71 18 Декабрь 2014 - 09:51
Мас болуп кулап калганга жеткен эмесмин. Аябай ичкич аракеч деп ойлоп калбагыла. Ачка болгондо ичпегенге аракет кылам бардык эле алкаголдук ичимдиктерди.
Эгер спирт кошулмасы кобурок ичимдик болсо артынан суу ичпейм (эжем ошенткен болчу суу спиртти кобойтуп кайра мас кылып салат деп). Айыда уйдон чыкпагандыктан ич деп бокал сунгандар болгон эмес. ЖОЖдо окуп калганда изгой болбош учун кез-кезде ичип каласын албетте чойроно жараша кээ бирлердин курсташтары такыр ичпеши мумкун. Мурун буулукканда ичким келчу жакын адамыма ичем десем озу ичип келип, бул экообузго жетет. Сен калемпир жеп тур ал да ачуу го дечу.
#72 18 Декабрь 2014 - 10:00
Спирт ичимдиктери арам болот! Керек болсо пиво дагы!
Жеке озум кайнак сууну лимон менен ичкен жагат.
Жеке озум кайнак сууну лимон менен ичкен жагат.

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#73 20 Декабрь 2014 - 11:51
Feijipiao (30 Октябрь 2014 - 15:45) жазган:
Вино. Сүйүктүүңүз вино ичсе сүйүнүңүз. Анткени, айымыңыз жашоодон ырахат алууну билет. Мындай айымдар табиятынан назик, сезимтал келип, эркекти көңүл кош калтырбайт.
Эксперимент жасоодон эч тартынбайт.
Ал эми төшөктө кандай болоорун, тандаган виносуна жараша билсеңиз болот. Эгерде ачуураагын тандаса демек, агрессивдүү,
таттуураагын тандаса сиздин айткандан чыкпаган, жумшак деп биле бериңиз. Кургак винонун сүйүүчүлөрүнө бир аз катуураак мамиле жасаган жагат (колун кайрып, жамбашка чаап ж.б).
Мен вино ичем.Аяштарыбыз мн олтурганда да туугандар мн олтурганда вино ичем,башка нерсе ичип коро элекмин.
#74 21 Декабрь 2014 - 01:23
#75 21 Декабрь 2014 - 01:30