Кантседа жаакшы жазат.кызыгып окуйм китептерин.
Айгүл Шаршен кызы деген ким?
#142 01 November 2014 - 11:27
48 китептин автору Айгүл Шаршен кызы
Бардык нерсенин өз учуру болот. "Сааты чыкмайынча иш бүтпөйт" деп бабаларыбыз бекер айтпаган экен. Мен бул адамга көптөн бери кызыгып жүргөм, ушунча китепти жазуучулар союзунда катталган жазуучуларыбыз да чыгара элек болсо керек. Мен кызыккан бул адам 48 китеп жазып, канча адамдардын талашып, сүйүп окуган чыгармасына айланган аңгеме, повест, новеллалардын автору Айгүл Шаршен кызы болчу. Россияда көп жылдан бери жашап жүрүп, ары-бери поезд менен көп жол жүрүүгө туура келди. Бишкектен түшкөн жүргүнчүлөр орун алып жайгашкандан соң, жолдон окуганга деп сатып алган китеп, гезиттерди окуп бараткандарын көп көрдүм. Эл кандай китеп окуйт болду экен деп көз жүгүртсөм, Айгүл Шаршен кызынын китептерин көп окуй тургандарын байкадым. Парапсихологияга тийиштүү китептерди 3-4 сутканы бекерге кетирбеш үчүн жолдон окуганга туура келгендиктен чынын айтсам Айгүлдүн китептерин окуганга чолом тийген эмес. Бирок, окурмандар талашып окуган китеп экенин билчүмүн. Айрым жазуучуларыбыз, "ар ким эле акчасы болсо сапатсыз китеп чыгарып, чыгармачылыктын баркын кетирип жатат" дегендерин деле угуп жүрөм. Бирок, сапаттуу же сапатсыз экенин эл деле баалайт да. Сапатсыз, элге кереги жок болсо 48 китеп чаң басып жатпайт беле. Демек, Айгүл Шаршен кызы окурмандардын табитин таап жаткан болсо керек деген ой менен маекке тарттым.
Кудай берген касиет
- Өзүм Токтогул районунун Өзгөрүш айлынан болом. Бир ата, бир энеден жалгызмын бирок, энелеш, аталаш бир туугандарым бар. 4 кыз, бир эркекпиз. Бары менен катышып турам. Токтогул атабыз чыккан жергебиздин суусунун касиетиненби айтор, биздин Токтогулдан акындар, ырчылар көп чыккан эмеспи. Менин 10 жылдык эле билимим бар. Жаш кезимен ыр жазып жүрчүмүн. Ошол эле айылга турмушка чыгып, балалуу болуп, түйшүктүн казанында кайнап, жолдошум менен 18 жыл жашагандан кийин болоор- болбостон ажырашып кеттик. Эки кыз, бир уулум, 6 неберем бар. Бир туугандарым, балдарым менин чыгармачылыгыма түз көз карашта. Уулум да ыр жаза коюп жүрөт. Жолдошум менин жазганыма каршы чыгып, далай кол жазмаларымды айрып, өрттөп салган. Биздин ажырашуунун себеби деле менин жазмакерлигимен келип чыкты. Кийин ал бизге тууганчылыгы бар аялга үйлөнүп кетти. Тагдыр экен, Бишкекке келип ар кандай иштерде иштеп, балдарымды багып жүрдүм. Чыгармачылыктын көрөңгөсү дээримде болгондон кийин кайрадан колума калем кармадым. "Армандуу махаббатым" атуу новеллам 2002- жылы "Тагдыр" аттуу гезитке чыккан. Андан кийин "Маскачан аял" аттуу детектив жазып, "Махаббат майданы" аттуу гезитке сериал болуп чыкты.
Китеп базарындаГЫ "бомба"
- Бул сериалдар жарыялана баштаганда окурмандар редакцияга телефон чалышып, китеп качан чыгат дешип көп сурашыптыр. Бир күнү Миргел аттуу гезит базарында иштеп жүргөн жигит "китеп кылып чыгарайын" деп келиптир. Макул болдум. "Маскачан аялдын" биринчи китеби жарыкка чыкканда элдер тез эле талап кеткен экен. Жаныбек Жанызак мени таап. экинчи бөлүгүн мен чыгарайын деп калды. Ошол күндөн бери келишим түзүп, Жаныбек ака менен иштешип келатам. Кудайга шүгүр, минтип 48 китебимди жарыкка чыгарып элге таанытып жатат. Ал киши болбогондо ушунча китепти чыгара алат белем, бир кудай билет. Кээ бирөө "ушунча китеп чыгарды, мунун акчасы көп болуш керек, акчасын кайда чачаарын билбей китеп чыгарып жатат" десе, кээ бири, " ушунча китеп чыгарды, китебин сатып, чириген бай болду болуш керек" дешет. Мени элдер бай деп ойлошот. Албетте баймын, балдарым, неберелерим, өзүм аман-эсен эл ичинде күн өткөрүп жашап жатабыз. Ошол айткандар мен чакан батирде небере багып, тамактанган столдо чыгарма жазып жатканымды билишпейт. Китептен канча акча табасыз деп сурашат. Мен байлыкка жутунбаган адам экенмин. Жаныбек Жанызак китеп чыгарганда гонарар деп 250 китепти колума берет. "Ак көңүлдүн аты арыбайт" дегендей кээсин бекер таратып жиберем. Ошондуктан колума тиээри менен 30-35 сомдон дүңүнөн китеп саткандарга берип салам. Алгандар канчадан сатат аны билбейм. Сатуучулардын айтуусунда китептерим китеп базарында "бомба" болуптур.
Ушунча китептин автору болгонум менен мени эч ким деле тааныбайт. Өзүм деле элге таанылайын деп умтулбайм. Акыркы жылдары Жаныбек Жанызак гезиттерге алпарып чыгартып жүрөт. Мен ал кишиге ыраазымын. Чыгармаларды кантип жазасыз, чыгармадагы каармандардын тагдыры өзүңүздүн тагдырдан алынганбы? -дешип көп сурашат. "Көз ирмемде бир өмүр" аттуу китебимде өзүмдүн тагдырым жазылган, кудай кааласа улантып жазайын деген оюм бар. Калгандары менин тагдырым эмес. Эл арасындагы жүрөк ооруткан же көңүл көкөлөткөн тагдырларды угуп калсам, көңүлүмө түйүп коем. Мен чыгарма жазаарда китептин атын биринчи жазам, ошол темага байланыштуу окуялар өзүнөн -өзү келе берет. Кулагыма бирөө шыбырап айтып турат же ошол окуя жазып жатканда элестеп, баштан аяк көзгө көрүнбөгөн күч жардам берип жатканын сезем. Ооба, мен кудайдын, колдоочулардын, көзгө көрүнбөгөн күчтөрдүн бар экенине ишенем. Түш аркылуу көп аян келет. Боло турган нерсени алдын- ала түшүмдөн көрөм. Бир жолу түшүмдө сыртка чык деп кандайдыр бир күч ойготту. Көрсө, кечинде биздин үйдөн кеткен кайынсиңдим жолдон кырсык болуп каза болгон экен. Мындай аяндар көп.
Сойкунун тагдыры
- Китептеги тагдырлар эл ичиндеги эле окуялар. Көп окурмандардан каттар келет, телефон чалышып "менин тагдырымды эле жазып коюптурсуз" дешет. Кийинки убактарда өздөрү чакырып, тагдырларын айтып берип "китеп кылып жазыңыз" дегендер көп. "Сойкунун тагдыры" аттуу чыгарманы түнкү көпөлөктөр чогулган жерде манты сатып жүрүп, алардын тагдырын өз көзүм менен көрүп жүрүп жаздым. Ал эми "Маскачан аял" болгон окуя. Бир аял күйөөсүнүн башын кесип алып, сумкасына салып бараткан жерден кармалыптыр. Алгач "Сокур кемпир" деген ат менен гезиттерге чыккан, ойлонуп көрсөм китептин аты, окуяга шайкеш келбейт экен. Кийин "Маскачан аял" деген ат менен китеп болуп чыкты.
Келишим, акчадан кымбат...
- Жаныбек Жанызак менен келишим түзүп койгондон кийин, китепти кайра өзүм басып чыгарганга укугум жок болуп, анын менчиги болуп калат экен. Ал канча ирээт бастырып, чыгарып жатат чынын айтсам ишим деле жок. Берген гонарарына ыраазы болуп эле жүрөм. Гезиттерге да Жаныбек берет. Ошондуктан болсо керек китеп саткандар, "Нургүл Бейшен деп атыңызды өзгөртүп алып эротикалык чыгарма жазып жатасызбы, атыңызды өзгөртпөй эле койбойсузбу? " дешти. Нургүл Бейшен чындыгында мен эмес, башка жаш адам. Ал да келишим менен Жаныбек менен иштешип жүргөн айым экен. "Келишим, акчадан кымбат" деген сөз бар эмеспи, үй-жайымдын, шартымдын жогуна карабай келишимди бузбай келатам. Кудайым боор ооруса жашоом оңолуп, шартым жакшыраар. Менин жашоомду билбегендер бай экен деп ар кандай жол менен коркутуп, шантаж кылгандар да бар. Көбү "заңгыраган үйлөрдү салып, кымбатка ижарага берип коюп өзүңүз арзан үйдө жашап жүрөт болушуңуз керек" -дешип ишенишпейт. А мен дүнүйөнү, байлыкты ойлобой, китептерим эл издеп окуган чыгарма болгонуна сүйүнүп жашап келем.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#144 22 December 2014 - 14:48
<br />Кантседа жаакшы жазат.кызыгып окуйм китептерин.
<br />
Мен Айгул Шаршендин Откон омур барактары деген китебин окугамын Г,Сатылганова жонундо жазылат тамаша :-)
ЖАКШЫ АЯЛ - КОНОКТО ХАНЫША, УЙДО - КОЖОЙКЕ, ТОШОКТО - СОЙКУДАЙ БОЛУШ КЕРЕЕК...
#146 05 February 2015 - 23:17
Жаныбек Жанызактын фейсбуктагы баракчасында жазылган билдирүүсүнөн улам бул эжеге бир чети боорум ооруп кетти.
Айыкпас дартка чалдыгуудан Кудайым өзү сактасын. Эмнеси болсо да Жараткан шыпаасын берсин!

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#147 07 February 2015 - 19:33
Чыгармалары такыр жакпады,кор тирлик ,акча,ойноштук,
ичкилик ушулардан такыр алыстабайт екен чыгармалары башын баштайм аягына чыга албай еле тажайм адабияттын сыйкыры болчу еле бул еженин емгегинен коро албадым сыйкырды.
#149 11 February 2015 - 00:28
Мага да такыр жакпай калды. өткөндө эки чыгармасын окудум. Баштап алып бутуруп салайын деп окудум. Юир окуяны угуп баштасан аягына чейин уккун келет да, ошол сымал окудум да... Бирок, тарбия ала тургудай бир дагы корунуш жазбаптыр. Ичимдик, уурулук, ойноштук, өлтүрмөй, ажырашмай, рекет ж.б.
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#150 12 February 2015 - 13:04
Бул эжени көргөн эмесмин бирок Токтогулдун Кызыл -Өзгөрүш деген айылынан. Тагырагы менин айылымдан. атасы, апасы тирүү.
#151 27 February 2015 - 14:33
Чыгармалары мага коп деле жага бербейт.Баягы эле базарды суроттогон жалпак ойлор,тузу жок чыгармалаларды коп жаратат.Негизинен кыргыз тилинде коп чыгармаларды жаратканын баалайм.
#152 27 February 2015 - 16:01
Мага эч жакпайт ,тушунуксуз жазат ,эптеп эле окумай,бири да эсинде калбайт....
Salam baaryna
#153 07 March 2015 - 03:31
Жаныбек Жанызактын фейсбуктагы баракчасында жазылган билдирүүсүнөн улам бул эжеге бир чети боорум ооруп кетти.
Айыкпас дартка чалдыгуудан Кудайым өзү сактасын. Эмнеси болсо да Жараткан шыпаасын берсин!
Айыкпас дартка чалдыгуудан Кудайым өзү сактасын. Эмнеси болсо да Жараткан шыпаасын берсин!
Ошол айыкпас дартынан каза болуптур газетадан окудум. Жаткан жери жайлуу болсун.
Ал эми чыгармаларына токтолсом, чыгармасын окуп эс алмак турсун кайра башынды оорутуп көңүлүңдү айнытат. Баардыгы алдамчылык, бузукулук, уурулук жөнүндө, кыскасы окуй албайсын. Ушундай китептерге суроо талаптын көптүгү таң калтырат. Акылга сыйбаган окуяларды окуйсуң. Бир киебинде атасы менен кызы үйлөнүп алганын окуп Аллам оозуман түшкөн.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#154 07 March 2015 - 08:03
Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун,Аллахым билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун.Артында калган балдарына сабыр берсин.
Бул жазмакер аялды кобуроок жазуу турундо акаарат кылдым эле,бирок ойуман кайтпайм бирок аллахыман акырети аббад болушун,жаткан жери жайлуу болушун тилеп кетем.

#155 08 March 2015 - 17:50
Омей качан каза болуптур? Тобоо. Жаткан жери жайлуу болсун.
4,5 китебин окугам. Окуп башым айланып калайн деген,бироонун жашоосун жазып атып,башкасыныкына отуп кетет экен.

Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#156 08 March 2015 - 18:31
Качан каза болуптур?!
Ооруп жатканын уккан элем. Жаткан жери жайлуу болсун!
#157 27 June 2016 - 17:00
Башында эки-уч чыгармасын окуганда эле, Союз убагында мынча ыплас аялдар болгонбу, алар азыр кайда болду экен деп катуу ирээнжигем.
Кээде аялдын атынан жазган эркек болсо керек дечумун, аялдарды алкаш, сойку кылып жаза бергенинен.
Баары бирине бири окшоп. Санжыра жазгансып ата-тегинен бери жаза бергени жудотуп жиберет да, кайсы тема эле деп башын унутуп каласын. А тугул дилбаян, эсселерди да ойлонуп, эки кун же эки саат жазасын го. Бир китепти бир жумада эч токтоосуз, редакциялабай жазганын укканда аябай тан калгам, ушунча жоопкерчиликсиз мамиле кылган да жазуучу болот экен деп.
Окуялардын жашоодон алынганына ишенбейм. Жон эле оюна туура келгенин,уккан ушагын "коркопдоп" жазгандай элес калтырат. Жогоруда бироо айткандай кочодогу эки ушакчынын кебин уккандай эле болосун.
Китебин сатып алып окугандар деле чийки тамак ичип алгандай болот болушу керек.

#158 28 June 2016 - 00:30
Азыркы учурдагы жазуучулардын чыгармалары купулга толо бербейт негедир.. Бүгүн окуусам, эртең унутуп калам..
Айгүл шаршен кызынын 3-4 китебин окудум, сюжеттери дээрлик окшош, каармандардын аттары гана башкача.. Анан да чындыктан алыс жазылып, фантастикага көбүрөөк ыктап кетет, мындай жанр болсо мен үчүн эмес..

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#159 28 June 2016 - 01:41
Ошол айыкпас дартынан каза болуптур газетадан окудум. Жаткан жери жайлуу болсун.
Ал эми чыгармаларына токтолсом, чыгармасын окуп эс алмак турсун кайра башынды оорутуп көңүлүңдү айнытат. Баардыгы алдамчылык, бузукулук, уурулук жөнүндө, кыскасы окуй албайсын. Ушундай китептерге суроо талаптын көптүгү таң калтырат. Акылга сыйбаган окуяларды окуйсуң. Бир киебинде атасы менен кызы үйлөнүп алганын окуп Аллам оозуман түшкөн.
Ал эми чыгармаларына токтолсом, чыгармасын окуп эс алмак турсун кайра башынды оорутуп көңүлүңдү айнытат. Баардыгы алдамчылык, бузукулук, уурулук жөнүндө, кыскасы окуй албайсын. Ушундай китептерге суроо талаптын көптүгү таң калтырат. Акылга сыйбаган окуяларды окуйсуң. Бир киебинде атасы менен кызы үйлөнүп алганын окуп Аллам оозуман түшкөн.
+1
Барпылыктар рулит))
#160 03 July 2016 - 13:06
Жакшы созун жок болсо- унчукпа
Аллахым бейиштен жай Берген болсун!
Аллахым бейиштен жай Берген болсун!
Жонокой инсан

Супер-Инфо
super.kg
видео