Достор, мындай тема бар же жок экенин издеген жокмун. Бирок көптөн бери апаларбыз тууралуу мактанып, сыймыктанып алуу үчүн тема ачкым келип жүргөн. Жакында "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
аттуу ырдын автору Түмөнбай Колдошев менен таанышып калдым. Аябай жөнөкөй адам экен. Мыкты эне тарбиялаганы көрүнүп турат. Буга анын ыры деле далил. Келгиле, апаларыбыз тууралуу жазабыз. Мен апамды эмне аркылуу тааныгам деген суроого жооп алууну максат кылалы. Балким форумга Түмөнбай Колдошев кирип калса ырдын экинчисинин жаралышына түрткү болор.
"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" Ал эми мен апамды сөздөрүнөн тааныгам.
#2 22 December 2014 - 15:59
Жалпы тема: Менин апам
Микро тема: Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды .... тааныгам (бош орундукка жазуу)
-Апамдын сүрөтү.
-Апамдын аты-жөнү.
-Апамдын туулган жери.
-Апамдын менин жашоомдо таасир калтырган сөзү.
-Менин апам бул тамакты (нанды жакшы жабат, кийимди жакшы тигет, оймо сайып килем токуйт, балдарына жакшы тарбия берет) мыкты жасайт. Мактанабыз.
-Мен апама ыр жаздым, белек жасадым, монолог, ыраазычылык сөз.

#3 22 December 2014 - 16:35
Достор, буга чейин мен окуган жерде бир сунуш болгон эле. Апаларыбыз жөнүндө жазып китеп чыгаралы деген. Эгер 200 форумчу апасы тууралуу жазса, аны китеп кылып чыгарсак болот. Ар бирибиздин апабызга 3 бет берилсе, китеп 300-400 бетүү болуп чыгат. Бирок 200 китепти озубуз сатып алабыз. 200 сомдон болуп калса керек.
#4 22 December 2014 - 17:20
Абдан жакшы тема!!!
АПА жонундо ыр болобу же ой толгоо болобу жазыш кыйынга турат мен учун негедир. Себеби канчалык создун асылын терип жазсан да коошпогондой.
Журоктогу апама деген суйууну кагазга тушуруу абдан чон чебериликти талап кылат го. Аракет кылып коруп бышып жетилгенде буюрса ушул темага дагы бир жолу кайрылам.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 25 December 2014 - 12:40
#7 03 January 2015 - 22:32
Апам менин алгачкы да азыркы да мугалимим,психологум,
сырдашым,кенешчим эээ койчу бааарым баардыгым апам.Жашоодон тажап баратканда апам коз астыма элестеп кадимкидей жаман жолдон кайтарып турат.Бар болушсун апалар бар биз бар.Канале эми картайбай жап жаш бойдон омур бою журо беришсе.Мин минден ырааазымын апакеме,эгерде даагы бир жолу жаралып апаны тандоо керек болсо эч ойлонбой озунузду тандамакмын апаке.Кызым ыйлагыраак чыгып апамды эмим эми тушуно баштагансып атам.Уйдо эн эле капризнаясы мен болгон болсом керек дайым мен уруш чыгарчум жон жерден ошондогу апамдын айласы кеткенин иииий эстесем озумду урушуп алам неге анттим экен деп.Эээээээх апоооов ушул кунго жеткиче сизди аябай кыйнадым окшойт мен акылсыз кызынызды кечирип коюн деп дагы коооооп создорду айткым келип журом апама коптооон бери.Бирок,убакыт болбой атат кееенири суйлошуп олтурганы(мындаай айтканда повод тавалвайтам).
#8 06 January 2015 - 11:49
Апам кандай гана керемет жан эле. Тамакы жакшы жасап уй жайды таза кармап, деги эле билбеген иши жок болчу. кийимди да озу токуп .тигип кийгизчуу.
экообуз ээрчишип бир жакка жоногондо мен апамдын артына отуп тизеге жеткен чачын кармап алчум, апамдын назик жыты да кечегидей эсимде. Апамдын жаман ишинди ошол жерде ондобосон ал адат болуп калат дегени эсимде. убагында жакшы конул бурбаптырмын корсо мааниси терээн экен.
Апамдан айрылган кунумду эстесем бул дуйного сыйбай кетем. Тиреген тоом ,аска зоом кулагандай болгон.
сагындым...

Внешность - это козырь , но не туз…
#9 07 January 2015 - 03:15
Бош убактым болгондо жазып кетем...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#10 09 January 2015 - 22:37
ТААЗИМ КЫЛАМ АПАКЕ.
Апакем, Апооу, асыл Апам,
Ар оюмду, кагазга жазып атам.
Арманым жок жашоодон өтөт элем,
Ардагым сен эч качан жашыбасаң.
Утсам экен тагдырыман жеңишти,
Сен бар үчүн кызык апа жер үстү.
Себелесин жамгыр төгүп күн чыкпай,
Сенин нуруң тийсе мага жетиштүү.
Толкун урган жээктеги көбүк сымал,
Тоолорумду көз менен өбүп турам.
Жалтанбаган эх сенин бир кездеги,
Жаштыгыңды өзүмдөн көрүп турам.
Таманымды тикенге чөгөрөмүн,
Ал менин тагдыр сынга жөнөгөнүм.
Ыйыгым өзүңө тең сөз таба албай,
Ырым менен, алдыңа чөгөлөдүм! !!
Апакем, Апооу, асыл Апам,
Ар оюмду, кагазга жазып атам.
Арманым жок жашоодон өтөт элем,
Ардагым сен эч качан жашыбасаң.
Утсам экен тагдырыман жеңишти,
Сен бар үчүн кызык апа жер үстү.
Себелесин жамгыр төгүп күн чыкпай,
Сенин нуруң тийсе мага жетиштүү.
Толкун урган жээктеги көбүк сымал,
Тоолорумду көз менен өбүп турам.
Жалтанбаган эх сенин бир кездеги,
Жаштыгыңды өзүмдөн көрүп турам.
Таманымды тикенге чөгөрөмүн,
Ал менин тагдыр сынга жөнөгөнүм.
Ыйыгым өзүңө тең сөз таба албай,
Ырым менен, алдыңа чөгөлөдүм! !!
#11 11 January 2015 - 09:46
"АПА" деген темага келгенде эле, ар дайым калемим шилтенбей калат. Балким менин арсыз саптарым, апа деген ыйык заттын бир тамгасынада татыбый калсачы деген кооптону журогумду окойтда турат. Апамдын аманчылыгын гана Алладан сурагандан башка жарытылуу эчнерсе кыла элекмин апам учун
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12 11 January 2015 - 15:33
Атам бар,Апам бар.
Кайсыл адамдан кемим бар.
Апамды ыйлатканы жалгыз пияздын гана акысы бар.
Атам бар,Апам бар.
Жашоодо кандай кайгым бар?
Мээримдуу Ата-энемден омур бою карызым бар!!!
Кайсыл адамдан кемим бар.
Апамды ыйлатканы жалгыз пияздын гана акысы бар.
Атам бар,Апам бар.
Жашоодо кандай кайгым бар?
Мээримдуу Ата-энемден омур бою карызым бар!!!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#13 11 January 2015 - 16:16
ЭНЕДЕЙ ЖАН БАРБЫ?
Бир жолу пайгамбарыбыздан(алейхи салам)бир адам.
"Мен кимге кобуроок жакшылык кылуум керек?"-деп сураган экен. Анда пайганбарыбыз(алейхи салам)
"Энене" кийинчи?-десе дагы "Энене" -деп жооп берет. Учунчу ирет кайталап сураса,уч ирет тен "Энене" -деп кайталайт. Тортунчусундо гана "Атана" -деген экен!!
Бул хадисте эмне учун "Энени" уч жолу айтып,анан тортунчусундо гана "Атана" -дЕди?

#14 11 January 2015 - 22:22
Апа,апакем...
кандай гана ыйык соз, кандай гана улуу соз... жогорудагы юзер айтмакчы создордун берметтерин,
асылдарын тандай албай,таба албай жатам... кайсы бирин айтсам экен деп... Апам, алтын апам,асыл апам,тендеши жок... эн мээримдуу,боорукер,
куйумдуу,эн сулуу,тушунуктуу.
..даанышман аял заты... Апакем менин сырдашым, курбум,кенешчим( ал эми атакем таянаар аска-зоом))) ) Аллахтан ар дайым жалынып,жалбарып суранам ата-энеме тийбегин!
#15 13 January 2015 - 14:23
АПА -Бул сыйкырдуу соз кандай гана угулат. Сен 1ге чыкканда курсагын тойгозуп жалягынды жууп турчу,ыраазычылык учун сен туну бою ыйлап чыктын. Сен 2ге чыкканда басканга уйротту,ыраазычылык учун озуно чакырган сайын сен андан качтын. Сен 3ко чыкканда дамдуу тамак жасап берди,ыраазычылык учун сен тогуп чачтын. Сен 4ко келгенде колуна калем карматты,ыразычылык учун сен дубалга чийгиледин.
Сен 5ке чыкканда жарашыктуу кийим кийгизди,ыразычылык учун сен ылайга ойнодун. Сен 7ге толгондо мектепке алып барды,ыраазычылык учун сен барбайым дедин. Сен 10го чыкканда мектептен келишинди кутту,ыраазычылык учун сен оюнга шаштын. Сен 18ге чыктын бутуруу кечеде сага суйунуп ыйлады,ыразычылык учун сен кымбат окушка окуйм дедин. Сен 20га келгенде уйбуло м.н болушунду суранды,ыраазычылык учун сен досторун м.н болдун. Сен 25ке чыкканда улпот тоюна комоктошту,
ыраазычылык учун сен булон м.н алысыраак болушту кааладын. Сен 30га чыкканда баланы тарбиялоодо кенеш айтты,ыраазычылык учун сен аралашпасын сурандын. Сен 35ке чыкканда чалып тамака чакырды,ыраазычылык учун сен бош эместигин айттын. Сен 40ка чыкканда сага чалып оорулуу экенин айтты,ыраазычылык учун сен дайыма туйшук жараташын айттын. Бир кездерде сага болгон суйуусун таштап кетелекте,сенин АПАН бул дуйнону таштап кетет ж.н сен учун БЕЙИШТИН дарбазасы жабылат. Эгерде АПАНДЫН козу тируу болсо айтканын эки кылба,бактылуу кылуу учун бар кучунду жумша,журогун оорутчу соз айтпа,сенде биргана ЭНЕ бар!!!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#16 13 January 2015 - 14:35
Энекеме арналган(окупкойгун бир тууганым) -Мен бугун кундогудон ойлуу турам, негедир журогумда толкуу буулан, себебин издеп таппай турганымда ой келди энекеме алып учкан. Энекем ал жонокой адамбы? Арабызда орду кандай жаралды? Чындыгында анын орду бийик зоо мына ошону барктабаган адамбы? 9ай курсагында жанын кыйып, которгон алсыздыктан кучун жыйып, 9жолу ойгонсомда тун ичинде мээримине соороткон сабыр кылып. Энекем эбегейсиз мээнет кылган, мен учун убакытын белек кылган. Бугунку эрезеге жеткен чакты Аллахым энекемди себеп кылган. Кечир апа эгер кылсам каталык эч каалабайм бир озуно капалык кулуп жайнап улуу Аллах жолунда, журсон экен оорубастан сакайып. Каалайм эне сага бейиш бактысын, бейиштеги кубанычтын тактысын , сурап келем жаратканга жалынып бир озуно бул дуйнонун башкысын!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#17 14 January 2015 - 11:52
Апакем сен жарык жолум чырагым.
Сенсин менин омурдогу булагым.
Сен бар учун кубат алып ар убак.
Кадам шилтеп алга сапар улаймын,
Алтын апа бар бол дайым ынагым.
Сенсин менин жарык жолум чырагым.
Сен бар учун канатымдан кайрылбай.
Турмуш жолун алга коздой улаймын,
Жараткандан жалбарынып сураймын.
Берсин сага бекем ыйман кудайым.
Оорубастан кубат болуп жаныма.
Журсон екен жарыктыкта ылайым..
Сенсин менин омурдогу булагым.
Сен бар учун кубат алып ар убак.
Кадам шилтеп алга сапар улаймын,
Алтын апа бар бол дайым ынагым.
Сенсин менин жарык жолум чырагым.
Сен бар учун канатымдан кайрылбай.
Турмуш жолун алга коздой улаймын,
Жараткандан жалбарынып сураймын.
Берсин сага бекем ыйман кудайым.
Оорубастан кубат болуп жаныма.
Журсон екен жарыктыкта ылайым..
#18 18 January 2015 - 22:46
Жаркыным жаным апам,Жарыгым жалгыз апам,Жашоодо жолоп жургон,Жаныма жакын апам,Жузунон жылдыз жанган,Жайдары жаркылдаган,
Жылмайып кулуп турган,Ал менин алтын апам!
#19 18 January 2015 - 22:47
Жаркыным жаным апам,Жарыгым жалгыз апам,Жашоодо жолоп жургон,Жаныма жакын апам,Жузунон жылдыз жанган,Жайдары жаркылдаган,
Жылмайып кулуп турган,Ал менин алтын апам!
#20 18 January 2015 - 22:48
Жаркыным жаным апам,Жарыгым жалгыз апам,Жашоодо жолоп жургон,Жаныма жакын апам,Жузунон жылдыз жанган,Жайдары жаркылдаган,
Жылмайып кулуп турган,Ал менин алтын апам!

Супер-Инфо
super.kg
видео