Шумдугун кургур деген мына шуда
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2242 24 Декабрь 2014 - 21:04
Эки аттын күчү бар HUMMER H2.
Дүйнөлүк экономикада чоң башаламандыктар жүрүп жатат, а бирок адам заты эч качан айласыз калбайт! Нефтинин баасы түшүп, бензиндин баасы көтөрүлүп турган кезде америкалык Жереми Дин тээ 2010-жылы эле, кризисти башынан өткөргөндөргө атайын унаа жасап чыккан. Ал унаа бензин да, дизель да, башка да отун колдонбогон унаа. Тагыраак айтканда Дин Америкада эң бруталдуу деген машинелердин бири Hummer’дин экинчи чыгарылышын прототип катары алып, ат араба курап чыккан. Ал араба жомоктогудай жасалгаланган: Ичинде үч плазмалык телевизор, булгаарыдан тартылган салон, терезелери караңгыланган. Бардыгынан кызыгы, бул унаа аз эмес, көп эмес, дана эки аттын күчү менен жүрөт деп так айтууга болот.

#2243 24 Декабрь 2014 - 21:16
Эгер сиз сүйүктүүңүзгө баш кошуу сунушун берүүнү көптөн бери ойлонуп жатсаңыз, анда шашылыңыз.
Көпчүлүк адамдар мындай сунушту Жаңы Жыл алдында угууну каалайт. Дал ушундай жыйынтыкка британиялык окумуштуулар келди. Сурамжылоого 7 миң атуул катышкан. Натыйжада алардын 24 пайызы баш кошуу сунушу үчүн эң идеалдуу убакыт - бул Жаңы Жыл алды деп эсептээри аныкталды. Эки пайызга азыраак адамдар Махабат күнүн тандашкан. Үчүнчү орунду таанышуунун мааракелик датасы ээледи, - деп жазат Daily Star.

#2245 24 Декабрь 2014 - 22:34
Дүйнөдөгү эң жаш эне Лина Медина 5 жашында тун баласын кучагына алган.
Лина Мединанын окуясы мындан 70 жыл мурун болуп өткөн. Бул чыныгы болгон окуя болсо дагы, азыркы күнгө чейин ишенүү кыйынчылыкты жаратып келет.
Лина Медина 1933-жылы 27-сентябрда Перу шаарчасында төрөлгөн. Ал көп балалуу үй-бүлөдө туулган. Линанын 9 бир тууганы болгон. Бирок анын бала кези тез эле өтүп кеткен. Лина кичине кезинде эле ичи чоңоё баштаган. Дарыгерлер кыздын ичин шишик алып кеткен деп шек санашкан. Качан гана рентгенге түшкөндөн кийин кыздын 7 айлык боюнда бар экендиги аныкталган.
Кичинекей кыз тун уулу Жерардону төрөгөндө анын өзүнө 5 жаш 7 ай болгон. Линанын жамбаш сөөгү жетиле элек болгондуктан дарыгерлер баланы кесарево жолу аркылуу алууга аргасыз болушкан. Линанын уулу 2 кг. 700 грамм болуп, толук кандуу ден-соолукта төрөлгөн.
Лина Медина дүйнө дарыгерлеринин жана окумуштууларынын кызыгуусун арттырган. Кыз жыныстык жактан эрте жетилүү оорусуна чалдыккандыгы аныкталган. Анын биринчи этек кири 8 ай кезинде келип, 4 жашында сүт бездери толук жетилген.
Лина боюнда болуп калгандыгы жана баласынын атасы тууралуу эч качан сөз кылчу эмес. Линанын атасы зордуктоо боюнча шектүү деп кармалып, бирок жетиштүү далилдер жок болгондуктан кайра бошотулган.
Линанын тун уулу Жерардо 40 жашында ооруп дүйнө салган. Ал энесинин колунда өсүп чоңойгон. Бирок аны эжеси деп таанып билген. Качан гана бала 10 жашка чыкканда чындыкты айтышкан.

#2246 24 Декабрь 2014 - 22:35
Учурда Лина күйөөсү Пауло менен Мексикада жашайт. Алардын бир уулу бар. Аны Лина 38 жашында төрөгөн. Лина Мединанын тагдыры чындыгында эле таң калаарлык окуя менен коштолгон. 5 жашар кыз дүйнөдөгү эң жаш эне катары медицина тарыхында калган. Албетте, анын окуясы коомчулуктун кызыгуусун арттырган жана анын жашоосу драма менен коштолгон. Учурда Лина журналисттердин тынчытпаган суроолорунан алыс болууга аракет кылат.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 24 Декабрь 2014 - 22:37
#2249 25 Декабрь 2014 - 15:12
#2250 25 Декабрь 2014 - 15:32
Шумдук го 5 жашар кыз........
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#2251 25 Декабрь 2014 - 15:40
Ысык-
Көл облусунда өспүрүм кызды 15 миң сом жана бир койго сатып жиберишкен.
Адам сатуу фактысы Тоң районунда катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдайт. Милицияга Каракол шаарында жашаган аял кайрылган. Анын 14 жашар кызы Кубакы аймагындагы кафеге иштөө үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Кийин аныкталгандай, кафенин администраторлору болгон бир үй-бүлө мүчөлөрү, кызды Кичи-Кемин айылынын жашоочусуна сатып жиберишкен. Өспүрүм 15 миң сом жана бир койго бааланды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

#2252 25 Декабрь 2014 - 15:43
Белгисиз Санта Клаус белек катары америкалыктарга дүкөндөрдөн алган товарларынын акчасын төлөп берди.
Ал соода түйүнүнө 50 миң доллар таштап кеткен. Кээ бир кардарларга сатуучулардын “бүгүнкү товарлар сиз үчүн бекер” - деп айтканы таң калыштуу да, жагымдуу да болду. Бул америкада биринчи жолу катталган окуя эмес.

#2253 25 Декабрь 2014 - 15:56
Ак-
Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагынын 32 жаштагы тургуну Мирбек Өмүракунов карышкыр менен кармашып, аны тирүүлөй үйүнө алып келген.
Карышкыр менен кармашып жаткан мезгилде М. Өмүракунов тизесин жана эки колун карышкырга тиштетип жиберип, учурда аймактык оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Учурда абалы жакшы, өтө оор жаракат алган эмес.
"Мен 23-декабрь күнү эртең менен токойго уйумду киргизип коюп, кайра сыртка чыгып келе жатканда 5 метр аралыктан карышкырдын дөбөтү маңдайымдан чыкты. Жанымда тайганым бар болчу. Ал биринчи болуп карышкырды тиштеди. Бирок аны карышкыр бир эле тиштеп ыргытып салып, андан соң менин бет жагыма секирди. Дароо анын кекиртегинен кармап, ошол бойдон жерге басып жыгылдым. Бери дегенде эле жарым саатан ашык убакыт аны коколоп, кармашып жаттым," - деди М. Өмүракунов.
Ал кошумчалагандай, карышкыр абдан күчтүү экен. "Колдорум карышып, шайым кетип калгандыктан улам тиземди жана эки
колумду тиштетип жибердим. Эптеп айласын таап, чөнтөгүмдөгү уюлдук телефонума жетип, Тараз деген жигитке чалып, анын жардамы менен экөөлөп карышкырдын оозу-мурдун таңып, үйгө тирүүлөй алып келдик. Учурда карышкырдан анализ алып жатышат. Чыккан анализдин жыйынтыгы менен дарылашат экен. Буга чейин хирургдар тарабынан биринчи жардамдар берилди," - деди ал.

#2259 26 Декабрь 2014 - 16:57
#2260 26 Декабрь 2014 - 21:33
Быйыл коомдук транспорттун айдоочулары жаңы жылга карата унааларын оригиналдуу кооздошууда.
Алар машинелерге атайын аяз атанын топусун да кийгизип коюшкан. Андан тышкары унаалардын ичине күйүп-жанып туруучу жасалгаларды да тагышкан. Коомдук транспорттун кээ бир айдоочудары кадимки аяз атанын кийимин кийип алышкандыгын жергиликтүү жашоочулар айтышууда.