Адамдардын ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук болуучу көптөгөн себептер бар. Бул себептер адамды ойлонуудан,
чындыктарды көрүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан,
ар бир адам өзүнө тескери таасир берген себептерди аныкташы жана алардан кутулушу шарт. Антпесе, дүйнө жашоосунун чыныгы жүзүн көрө албайт.
1. Көпчүлүккө баш ийүүнүн натыйжасы болгон «акыл уктоосу»: Адамдарды эң көп жаңылткан нерселердин бири «көпчүлүк» кылган нерселердин тууралыгына ишенүүлөрү болуп саналат. Бир адам туураларды ой жүгүртүү менен табуу ордуна дайыма айланасындагы адамдардын үйрөткөндөрүн кабыл алууга багытталат.
Көбүнчө ага башында туура эмес көрүнгөн нерселерди башка адамдар кадимки көрүнүштөй кабыл алгандарын көрөт жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин өзү да бул нерселерди кыла баштайт.
2.Ой жүгүртүү жалкоолугу:
Жалкоолук – адамдардын көпчүлүгүнүн ойлонуусуна тоскоолдук болгон бир себеп. Ойлонуу жалкоолугунан улам адамдар бардык нерсени көргөн жана көнгөн негизде жасашат. Күнүмдүк жашоодон бир мисал берсек, аялдар үй тазалоодо дайыма апаларынан үйрөнгөн жолду жолдошот. Көбүнчө, «кандай кылсам, оңойураак же тазараак болот» деп ойлонбойт жана жаңы жол издебейт. Ошол сыяктуу эркектер да бир түзөтүү жана ушул сыяктуу бир иш кылыш керек болгондо, бала кезинен ага үйрөтүлгөн ыкмаларды колдонушат.
Жаңы бир ыкма, ыңгайлуураак жана акылдуу боло турган бир нерсе кылууга аракет кылбайт. Бул адамдардын сүйлөө калыбы да дайыма бирдей.
3. «Көп ойлонуу жакшы эмес» көз-карашы: Коомдо «терең ойлонуу - көп жакшы эмес» деген сыяктуу кеңири таралган бир ишеним бар. Ал тургай адамдардын кээ бирлери бири-бирине «көп ойлонбо, акылыңдан адашасың» деп эскертишет.
Адам ойлонуудан эмес, туура эмес ойлонуу, бош элестетүүлөр жана азгырыктарга кабылуудан качынышы зарыл.
4. Ойлонуу алып келе турган милдеттерден качуу: Көп адамдар ойлонуудан,
бир нерселер жөнүндө мээ иштетүүдөн алыс болуу менен көптөгөн милдеттерден кутулам деп ойлойт. Ал тургай дүйнөдө мындай кылуу менен көптөгөн нерселерден өзүн «куткарышы» мүмкүн.
5. Бардык нерсеге «Көнүмүш көз» менен кароо жана ошол себептен алар жөнүндө ой жүгүртүү зарыл эмес деп ойлоо: Адамдар кээ бир нерселерди алгачкы жолу көргөндө, андагы укмушту байкашы мүмкүн жана бул алардын ой жүгүртүшүнө,
көргөн нерсени изилдеп үйрөнүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Бирок белгилүү бир убактан кийин бул нерсени көнүмүш көз менен карап калат жана андан таасирленбей калат. Өзгөчө ар күнү жолуккан бир жандык же окуя эми алар үчүн «катардагы» бир нерсе абалына келет.
Ой жүгүртүүгө эмнелер тоскоолдук кылат?
#2 24 December 2014 - 18:42
Жакшы кеңештер экен...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#4 25 December 2014 - 02:05
Жакшы кенештер экен мен да ой жугуртуумо тоскол болгон вирустарга эртеге антивирус коём.
#6 25 December 2014 - 15:26
Пайдалуу нерселерди ойлонуш керек.....
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#7 26 December 2014 - 20:50
Адамдын мээсинин дарамети да тоскоолдук кылат :@
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео














