sekelek96, каалооңуз бир күн орундалып калар деп үмүт кылам)
Жылуу сөздөр үчүн рахмат!
Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!
#103 07 Ноябрь 2014 - 15:59
berra (23 Октябрь 2014 - 13:10) жазган:
дервиши деген эмне тушунбодум?
??
Дервиш дегенди ар ким ар кандай түшүнөт. Көбү бир сыйра жупуну кийимдүү, аса таягы бар жакыр, жаратканга муктаж болгон адам деп билет. Дервиштер убагында жер кезип, ар элдин берген тамак-ашы менен жашашкан. Алардын менчик эч нерсеси болгон эмес, анткени баары бир жаратканга таандык деп кабыл алышкан экен.
Ал эми менин темамдагы "дервиш" бир аз башкача ракурс менен берилген. Жүрөгүмдөгү бул эки адам тең дервиш сыяктуу тентимиш жана кандайдыр бир деңгээлде тилемчи. Эки дервишим жаратканга ишенбейт, бирок бул ааламдын чындыгын издеп таппай жүргөндөр. Кыскачасы, ушундай...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#104 07 Ноябрь 2014 - 16:34
XXXVII
"Санаа сазына батпа"
Кээде ушундай бир мүнөттөр-сааттар- күндөр башталат: бүгүнүң бүдөмүк, эртеңиң илең-салаң, келечегиң сенден алыска эле кыдырып кетип калгандай туюлат. Көзүңдү ачып жумгуча, демиңди чыгарып, кайра жаңы порциясын жутканчалык убакыттын бирдигинде тагдырың заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн экендиги мите курттай эле жейт сени. Ааламың мына аңтарылышы ыктымал, а сенин колуңдан кымындай иш келбейт, бир гана көздөрдү жашылдантып, кейпиңди жалдыратып отуруп бересиң.
Мага ушул жашоонун кереметин көрүүгө көз бергеним, жан бергеним, кан бергенимдин бир карашынан эле "дагы көргүм келет, дагы жашагым келет, канымдан жаралгандарды таштагым келбейт" дегенди окуп жаттым. Суук сырттын бош көчөлөрү, жылаңач дарактары сүрдүү көрүнүп, жолду катар бир гана жарыктарга жалынып бара жаттым. "Караңгылык мени каптаба, ооба, бир күн баары бир келесиң, бирок бүгүн эмес, азыр эмес" деп жаттым...
Анан жетип барасың, сен аларды куткаруучуга теңеп, балким, Кудай да көрүп, өзүмдөн артык деп билгенимди тапшырып бересиң. Алардын ар бир карашы, ар бир басышы, ар бир сүйлөшүнүн артынан көз-кулагың ээрчип чуркайт. Жаман сөз уксам да, бир өлүп, кайра тирилсем да, мага өмүрү жарашпаган жайдарылыгымды жандырып, жылмаюумду жасалмалап керебетке теңселип келем. "Бекер эле кабатыр болуптурбуз. Баары жакшы экен"... Ушул сөздү адашып калбай, кайталайсың.
Жашоо - бул организмдеги зат алмашуу процесси сыяктуу. Баарыбыз башында алгандан башканы билбейбиз, ошол баарынын көпчүлүгү алганды адатка айлантып алат, а айрымдар, алардын да көп экенине ишенгим келет, убагы келгенде бермейге өтөт. Мен да кезинде көбүнөн көптү алгам, өтө көптү, азыр ошол көптүн бирөөсүнө гана көптүн бирин гана берим жатам. Ал бергеним - ал жалгызымды санаа сазына батырбай, андан сууруп чыгаруу. Бул аракетимдин жемиши баары бир кайтат. Мен берип жатам, демек бир күнү мага да сурагынымды беришет.
Ошондо суук сырттын, бош көчөлөрдүн, жылаңач дарактардын сүрүнөн коркпой калабыз, алар бизге болгону кыштын картинасындай көрүнүп калат. Жарыктар биздин кубанычыбыздын жарыгынан уяла турган болушат. Караңгылык болсо, изин жашырат. Анан ак кардын тазалыгына суктанып карап, бүгүнкү күндөр артта калганына тамшанып: "Бекер эле кабатыр болуптурбуз. Баары жакшы болмок экен",- деп калабыз...

#105 12 Ноябрь 2014 - 22:02
аябай сонун чыгарма экен. Окууганга ноутбук болсо абдан ынгайлуу болот эле. Достор сиздер да комп менен интернетте коп нерсени издоо жана кору кочуру дегеле бары ынгайлуу экенине кошуласыздарбы.
комп менен отуруп журуп тел менен кирсен жаман жудойт экенсин.
#107 12 Ноябрь 2014 - 22:22
Мен да ар бир жазышын күтүп окуй турган болуп калдым.Ар бир сөзү терең,ар бир сүйлөм өзүнчө мааниге ээ болуп өзүнчө эле табышмак дүйнө.Жүрөктөгү болгон кыйкырыгын ушул сөздөр менен кеңири жеткизе алганына суктанып кетем.Ар бир салыштыруусу өзгөчө болуп жан -дүйнөнү жылуу желдей аралап өтүшү таң калаарлык.Билбейм,
балким жөн гана сөзгө чебер кыздыр.Бирок ошентсе да ар бир жазганы чын жүрөгүнөн чыккандай сезиле берет.Шурудай тизилген сөздөрүнүн окулушу эле жагымдуу болбой берүүчү мааниси да өзгөчө.Азаматсыз!
Уланта бериңиз...

#108 18 Ноябрь 2014 - 17:51
XXXVII
I
"Гүл болуп жашагым келет"
Ысыктан качкан, суукту тоотпогон жанмын. Бир сыйра кар жааса деле, желпелектегенимден жазбайм. Көкүрөктү кышка кенен ачып, бороон-куюн каптаса да, кучактап тосуп алчудай жүргөнүм жүргөн. Сырткы суук ички суукка кошул-ташыл болуп, анан мени гүп этип эле кар көчкүдөй басып калат. Анда да эч шашпайм, кар астында калууга кайыл болуп... Бирок өлбөстүк да, тирүүлүк да, жүрөктө үлпүлдөп жанган ысык дем мени туткундан куткарып чыгат.
Жаздан тойгон жүрөктү кышка алып барып туруп ыргытып ийгем. Башында баягы бир суукта калып кеткен жылаңаяк, жылаңбаш кыздын жомоктун каарманындай эле жүрдүм. Жылуу үйдүн терезесин телмире карап, улам ширеңкесинин бирин жаккан жалдырамыштай. Ал кыз тоңуп өлүп калат эмеспи, а мен жүрөгүмдү тоңдуруп салдым. Билбейм, уюлдагы муз түгөл эрип кетип эле мага да нур тийбесе, муштумдай соккон тарамыштын качан таяры белгисиз.
А бирок кээде кадыресе бүгүнкүдөй кар жааган күндөрү жаман ахвалыңа карабай жаз самап каласың. Эңсөө сени ушунчалык элиртип, бир заматта бозомук тарткан жашоого Асан-Үсөндүн желеси тартылат. Күүгүм кирип, түн жамынайын деп баштаганына карабай гүл болуп ачылгым келет.

#109 24 Ноябрь 2014 - 00:51
Такыр башка дуйного барып келгендей болом ушу теманы окусамле....
Эх.....
Эх.....
Барпылыктар рулит))
#110 26 Ноябрь 2014 - 03:23
Башынан акырына чейин окууп чыктым, Автор абдан сезимтал жан экен, мага таасир калтырды, сырдуу жана философиялык чыгарма.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#111 26 Ноябрь 2014 - 16:43
Азаматсын аяабай мазмундуу чыгарма экен иигилик каалайм
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#112 23 Декабрь 2014 - 17:20
Эх,керемет!
Анча мынчалар тушуно бербеген керемет создор!Бали.
..
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
#113 23 Декабрь 2014 - 18:22
Мен бир окуганда жарты мээм жетпейт, эки-уч сыйра кайталамайынча.
Реал чемпиооон!!!
#114 25 Декабрь 2014 - 12:39
Менин да мээм жетпеди..Автор философ окшойсуз...
Salam baaryna
#115 26 Декабрь 2014 - 02:03
Сөздөргө катылган сезимдер.Бетарап стилде жазылгандай.
Кудум, баардык адамга таандыктай.
... Бар болуң!
Табышмактуу сезимдер....
Табышмактуу сезимдер....
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#116 06 Январь 2015 - 18:07
XXXI
X
"Күн, мени кучакта"
Жаңы жыл жалпайып жатуу менен жагымдуу. Жылуу үйдө, жарык бөлмөдө, жакындарыңдын кучагында, ысык чайга Күндүн сүйүүсү толо кулпунай менен сары аарынын тызылдап жыйнаган балын салып алып отурсаң, анан ушундай мүнөттөрдү жаман деп айтууга ооз да барбайт. Ойлонуп көрсөм, мени тегеректеген адамдарым, жашоо жолунда миң жолуктурганыңдан бириндетип тандап алгандарым да ичинен нур чачып турган кичинекей Күндөр экен. Мен бир жылмаюуга алданам. Мен бир жылмаюуга арбалам. Мен бир жылмаюуга сатылгандаймын.
Жарык чачкандарым менен жашоом жаркын окшойт. Ким билет, мен аларсыз кайда элем?
Каткырык тартуулагандарым менен жашоом шаңдуу окшойт. Ким билет, мен аларсыз кандай элем?
Ошол эле убакта ушул тар дүйнөнүн бир бурчунда менин жалгызым суук көчөдө, как баш жалгыздыкта, көк үшкүрүгү менен өзүн жылуулоо аракетинде. Барып кол узатууга, муздак колдорун жылытууга, ысык демим менен жүзүн сүйүүгө, жүрөгүнө үмүт шамын жагууга дитим барбайт. Ач көздүгүм ашынып турат. Жер менен жексен кылып, сени мазактагым келип турат. "Эсиңдеби, кечээ эле сенин ордуң менде, менин ордум сенде болчу?" дегим келип турат.
Жообуң бардыр. Бир күн мен уккум келсе, угаттырмын аны да. Бирок андан мурун сен мага башка сөздү айтышың керек болот.
Сен, ооба, жалгызым болгон сен, сен мага кечирим карызсың.
Сен, дал өзүңсүң, сен мага бакыт карызсың.
Сен, башка эч ким, бир гана сен, сен мага эки өмүр карызсың.
Ушуга баамың жетип, мээңде лампочка күйгөн күнү, билип кой, мен сага келем. Мен сени Күн болуп кучагыма катам.

#117 06 Январь 2015 - 18:43
Сөзгө ушунчалык бай адамсыз ээ. Кээде өзүмдөгү нерсени окугандай болом.
Жогорудагылар айтмакчы,кээ бир жерине башым жетпей, кайра кайра окуп чыгам.Ар бир сөздө терээң маани жатат.

#118 06 Январь 2015 - 19:05
Кандай гана керемет сөздөр менен жазат. Сөз байлыгы ушунчалык жогору. Окуп алып суктанам. Бар болуңуз! Көп-көптөн жазып туруңуз.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#119 07 Январь 2015 - 02:01
Vyyyi,soz jok suppppersiz!!
!
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
#120 03 Февраль 2015 - 13:54
XXXX
"Кыйындыгың бир тыйын"
Жаным кашайып жүрөт. Жааган ак кар да жакпай калды. Эмнеден жаздым?
Ичимден мите курттай жеген сөздөрдүн бирин да, керек болсо баш тамгаларын да айтууга оозум барбайт. Өзүмдү күчтөп кармайм. Жүз жолу ороп байлап, чынжырлап, анысы аз келгенсип, кулпулап, анан өзүмдү сейфке тыгып, дүйнө байлыгын сактаган кампага сактап койгондоймун. Эмне үчүн? Өлөйүн өзүм да түшүнбөйм.
Мен коркок окшойм. Мени "бул да адам" деп аябагандарды бөпөлөп турам. Көңүл деген гүл да, кокус, оюмдагыны айтып алсам, ирээнжип калсачы дейм. Же мен ошондой окуяларга көп тушугуп, анын азабын ашыгы менен тартканым үчүнбү?..
Себебин издейм, бирок таппай жатам. Кыйкырайын дейм, шыбыраганчалык да үн чукпайт. Сөгөйүн дейм, эки сөздү бириктирип айтууга сөлдүрөйм, сөйрүктөнөм.
"Коркок миң өлөт" дешкендей, миллион өлүп, миллион тирилмей болдум.
Кадам таштоо кыйын болуп турат. Каткан жеримди тытмалап бүтмөй болдум.

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:35
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.