Салам форумчулар!
Биринчи медикаментозный аборттон кийин торогон айымдар барбы? Бала дени сак торолобу? Ж.б.у.с. Ой болушобуз...
P.S. Окшош тема болсо кошуп коюнуздар.
Медикаментозный аборт аборт жонундо.
#2 28 December 2014 - 18:44
Кобунчо мындай ыкманы жаш кыздар колдонот, жигитине алданып калып, же озунун акылсыздыгын негизинде. Матканын былжыр челине запкы жебесе, торой берет. Режимдерди так аткарса, выскабливанияга жетбесе.
#4 30 December 2014 - 20:52
Болумдун акыркы беттеринде мааниси ушуга окшош тема окугандай болдум эле.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#5 31 December 2014 - 16:44
Биринчисин аборт кылса кийин т0р0бой калат дейткоо.. Аборт кылбай эле торой бербейсинерби эми.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#7 09 February 2015 - 12:47
Менин женем биринчисин алдырып кайра жакшына эле тороду,куда каласа дагы экинчисин кутуп жатышат.
#8 20 February 2015 - 21:23
Медикаментозный аборт болсо торой берет.....
Матка зыянга учурабаса албетте.....
Торобой калат дегенге болбойт себеби дарылар менен эле аборт кылатда инструментальный метод менен эмес/инструментальныйга караганда осложнениясы аз болот.
Матка зыянга учурабаса албетте.....
Торобой калат дегенге болбойт себеби дарылар менен эле аборт кылатда инструментальный метод менен эмес/инструментальныйга караганда осложнениясы аз болот.
#9 09 June 2015 - 22:17
Эмнеге аялдар абортко барышат?..
Кыргызстандагы статистикага таянсак учурда үй-бүлөлөрдүн 15 %ы өз алдынча балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү жок экен.
Эмне кылсам боюма бүтпөйт?!
Үй-бүлөдө, дегеле аял-эркектин ортосундагы сүйүү кумарынан көпчүлүк учурда пландалбаган, кокусунан бойго бүтүү маселеси келип чыгат. Бойдон алдыруу аялдын ден соолугуна эбегейсиз зыян алып келерин билебиз. Бүгүнкү күндө бойго болтурбоо боюнча дүйнө жүзүндө көптөгөн заманбап каражаттар ойлонуп табылган. Ошентсе да дүйнө жүзүндө күнүгө миллионго жакын аборт болуп турат экен. Бойго бүтүрбөөчү каражаттар канчалык көп болсо да аборттун саны өсүп жатканын коңгуроо кагышат адистер.
Эмне үчүн аялдар бойго бүтүрбөчү каражаттан баш тартышат?
Мындай каражаттарды колдонбогон аялдардын көпчүлүгү капчыкка күч келтирет, кымбат дешет. Бирок аборт капчыкты андан да жукартат жана ден соолукка зыян келтирээрин эске алышпайт. Убагында каражатты сатып алалбай калып, боюма бүтүп калды деген шылтоолор да көп.
Врач-гинекологдордун иликтөөсүнө таянсак, бойдон алдырган аялдардын шылтоолорунун бири – бул дарылар ден соолукка зыян экен. Аны изилдеп деле көрүшпөйт, болгону тели-теңтуш, тааныштардан угуп алышат да аларга ишенип, бойго болтурбоочу дарыларды колдонуудан баш тартышат. Экинчиси, жөн эле жалкоолук. Көпчүлүк аялдар бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгондон эринип, жуунуп койсом эле бойго бүтпөйт дешет. Бирок канчалык жышынып жуунбасын баарыбир бойго бүтүп калуу коркунучу бар.
Кантип сактануу керек?
Негизи аялдын организми кайсы убакта бойго бүтө тургандыгы так эсептелген. Бирок аны аялдардын баары эле биле беришпейт. Айыз цикли кайсы убакта келээрин так билгендей эле организм бойго бүтүүгө даяр болуп калган мезгилин да билүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Бойго бүтүрбөөчү каражаттар, дары-дармек, таблеткалар абдан көп. Аларды колдонууда 98% аялдардын боюна бүткөн эмес. 2% аялды текшергенде дарыны туура эмес колдонгондон улам болгону аныкталган.
Кээ бир аялдар бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын ден соолукка зыяны жокпу деп чочулашат. Тескерисинче, ден соолукка эч кандай зыянын тийгизбейт. Тескерисинче пайдалуу жактары көп. Бирок бул дары ден соолукка пайдалуу деп өз алдынча дарыланууга болбойт. Сөзсүз адистен кеңеш алуу шарт.
Гормоналдык таблеткалардын пайда-зыяны кандай?
Гормоналдык бойго бүтүрбөөчү каражаттарды ичкенде чачтын, теринин абалы да жакшыра баштайт. Атүгүл кээ бир тери ооруларына да жардамы тийет.
Андан тышкары жатындан тыш, түтүкчөгө боюна болуп калуу коркунучун алдын алат. Мындай таблеткаларды ичкен аялда жатында шишик оорусу менен жабыркоо таптакыр болбойт. Миома сыяктуу дарт менен жабыркаса анысы да сакайганы байкалган. Бул таблеткаларды колдонгондор жыныс оорулары менен көп оорушпайт. Аялдардын айызы келген кезде ичи, табарсыгы ооруган жагымсыз кырдаалдар да болбой калат. Айыздары башаламан болгон аялдардыкы туруктуу, бир нормада келе баштайт.
Ал эми бул дары кайсы учурда зыян?
Бөйрөгүндө ташы бар аялдарга бул дары таптакыр болбойт. Себеби алар катуу оорутуп, жанды кейитет. Кээ бир аялдарда айыздын цикли бузулуп, кан аралашкан суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Андан чочулоонун кажети жок, бир нече убактан кийин өз жайына келет. Кан басымы жогору болгон аялдарга да ичүүгө тыюу салынат. Негизи көпчүлүк аялдар гормоналдуу таблеткаларды ичүүдөн семирип кетебиз деп чочулашат. Бул таблеткалар ашыкча салмак кошпойт, кошсо да билинээр-билинбес болушу мүмкүн. Аялдар ашыкча кыймылдабай, туура эмес тамактануудан семирип жатканын аңдашпайт. Кээ бир аялдардын сексуалдуулугу күчөсө кээсиники өтө төмөндөп кетет. Бирок бул убактылуу гана көрүнүш экенин эстен чыгарбаңыз.
Жатынга салчу дарылар
Андан тышкары дары же таблетка ичпей эле жыныстык жакындашуу болор алдында жатынга салып койчу таблетка, свечалар да бар. Бул аялдын организмине таптакыр зыян алып келбейт. Жаңы заманбап бойго бүтүрбөөчү каражаттарды карасак грамицидин пастасы, ноноксилол, фарматекс таблеткалары, патентек оваль свечасы, булар бойго бүтүрбөөчү каражаттар. Ошол эле учурда аялдардын жатынындагы ар кандай инфекцияларды өлтүрөт, кээ бир жыныстык оорулардын алдын алат. Бойго бүтүрбөөчү дагы бир каражат экзотикалык пластырь. Аны денеге жабыштырып койсо, аялдын организмине таасир берип, бойго бүтүрбөөчү касиетке ээ. Бул каражат жаңы гана чыга баштагандыктан көпчүлүк аялдар биле беришпейт. Андан тышкары шакекче түрүндө каражат да чыккан. Бул шакекти жатынга салгандан кийин үч жума бою боюма бүтүп калат деп чочулабай эле сүйүү кумарына бата берсе болот.
Илгеркилер кантип сактанышкан?
Илгери цивилизациясы өнүккөн өлкөлөрдө деле бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонушкан экен. Мисалы, Египеттеги пирамидалардын ичинен аялдын катырылган сөөгү 1889-жылы табылган. Аны толук изилдешкен илимпоздор бул аялдын жатынында да бойго бүтүрбөөчү каражат салынганын байкашкан. Египеттердин дагы бир документтеринде аялдар кантип сактанышканы тууралуу атайын рецепт жазылган экен. Анда табигый, түрлүү өсүмдүктөрдүн аралашмасы бар. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө жыныстык катнашка барган аялдар бир нече мүнөт секирип, ичиндеги уругун түшүрүшчү. Таң калычтуусу көпчүлүк бойго бүтүрбөөчү каражаттардын арасында пилдин, крокодилдин заңдарын да томпон катары колдонушчу экен.
Кокустан "кошулгандарга" тез жардам...
Кээде бойго бүтүрбөөчү каражаттар жок эле жыныстык кошулуу болуп калат. Мындай учурда бойго бүтүп калбоо үчүн тез аранын ичинде постинор, мифепристон, эскапел дарыларын колдонсо болот. Бул каражаттарды колдонгонго чейин эле аялдардын боюнда болуп калса, аны ошол замат түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул дарыны дайыма колдонууга тыюу салынат.
Бойго бүтпөсө эмне кылуу керек?
Кыргызстандагы статистикага таянсак учурда үй-бүлөлөрдүн 15 %ы өз алдынча балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү жок экен. Жаңы баш кошкон жаштар деле балалуу болбой, бойго бүтпөй, бойдон түшүү дарттары көп кездешет. Бойго бүтпөөнүн себептери абдан көп. Бирок дүйнө жүзүндөгү клиникаларда баласыз калтырууга жеткирбей, жасалма бойго бүтүрүү ыкмасы көп жылдан бери иштеп келе жатат. Мындай ыкма Кыргызстанда да бар. Жасалма бойго бүтүрүү медицинада экстракорпоралдык уруктандыруу деп аталат. Мында бойго бүтүрүү аялдын денесинен сырткары жүрөт. Эркек менен аялдын уругун кошуп пробиркада өтөт. Бул ыкма балалуу боло албай жүргөндөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана мындай жол менен туулган балдар табигый бойго бүтүп, төрөлгөн балдардан эч айырмаланбайт. Алар башкалардай эле кийин турмуш куруп, кадимкидей балалуу боло алышат.
Эмне үчүн бойго бүтпөйт?
Аялдарда жатын түтүкчөлөрү сезгенүүдөн улам урук клеткалары өтпөй калганда, жатын түтүкчөлөрү алынып салынса, гормоналдык бузулуудан жана башка себептерден улам бойго бүтпөй калат. Ошондон улам жасалма жол менен бойго бүтүрүү ыкмасы колдонулат. Бирок жасалма жол менен төрөйм деген аялдын жатыны соо, кемтиги жок, жашы 45ке чейин болушу керек. Ал эми эркектерде урук клеткаларынын кыймылы аз болсо, варикоцеле жана крипторхиз оорусу жана башка тукум улоочулук касиети жетишсиз болсо табигый бойго бүтүрө албай калышат.
Жасалма бала өз баладан айырмаланбайт
Негизи жасалма жол менен балалуу болгусу келген жуптар адегенде текшерүүдөн өтүшөт. Аялдын айызы келгенден баштап 13-14 күн дегенде анын эн безинен табигый түрдө өсүп жетилген бир гана урук клеткасы бөлүнүп чыгат. Ал эми жасалма бойго бүтүрүү үчүн жок дегенде андай клеткалардын 7-8и керектелет. Анүчүн дарыгерлердин жардамы менен андай клеткаларды өстүрүлөт. 9-10 күн өткөн соң аялдын урук клеткалары өсүп жетилет. Клиникага аялы менен күйөөсү экөө тең чакырылат. Аялга жалпы наркоз берилип, эн безиндеги жетилген урук клеткалары атайын шприц менен сордурулуп алынат. Бул кезде күйөөсү өзүнүн уруктугун атайын контейнерге чогултат. Аял менен эркектин уругу ичинде атайын суюктугу бар пробиркага салынат. Уруктанган клеткалардан түйүлдүктөр жаралат. Түйүлдүктөр инкубатордо кармалып, аларга 3 же 5 күн болгондон кийин түйүлдүктүн үчөөсү аялдын жатынына катетер менен жайгаштырылат. Алар жатынга жабышып, андан ары жашап кетиши зарыл. Эгер алардын экөөсү жашабай бири калса, 9 айдан кийин бир бала туулат. Экөөсү жашап кетсе, эгиздер төрөлөт. Кээде бири да жашап кетпей, бойго бүтпөй калат. Мындайда аял кайра 1-2 айдан кийин ошондой эле процедурадан өтөт. Негизи, жатынга үчтөн көп түйүлдүк жайгаштырса болот, бирок баары жашап кетсе, анча баланы аял көтөрүшү кыйын. Андыктан үчөө жайгаштырылат. Ошондон улам мындай ыкмада балалуу болгулары келгендердин көпчүлүгү эгиз төрөлөт. Эскерте кетсек Алла Пугачева менен Максим Галкин да ушундай ыкмада эгиз балалуу болушкан. Ушул сыяктуу мисалдар дүйнө жүзүндө миңдеп саналат. Жубайлар артып калган түйүлдүктөрдү кийин балалуу болуу үчүн клиникада 1-2 жылга сактатып коюшса же башкаларга колдонууга уруксат беришсе болот.
Мындай жол менен төрөтүү дүйнө жүзүндө бир топ каражатты талап кылат. Ал эми Кыргызстанда төрөө акысы дары-дармектерден тышкары 5500 долларды түзөт.Туулган бала 18 жашка чейин клиникада каттоого коюлуп, врачтардын көзөмөлүндө болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#10 05 July 2015 - 22:08
Медикаметозный аборт деген бул дары аркылуу тушурсо керек,туйулдукту.
Эжем биринчи баласы бирге чыгалекте,боюнда болуп,кыйналып,
дары менен тушурткон,выкидыш сыяктуу болот экен.Андан кийин дагы экоону тороду бир жакшынакай эле.Азр уч баласы бар.Жогоруда бироолор"
жигитине алданган тиги бу " деген адамдарга тан калдым,канчалык ою жаман,карангы адамдар бар бул жашоодо.Дуб дубом.Боюнда барда,аялдын денсоолугуна,
омуруно коркунуч алып келе турган болсо деле алдырышат,аборт кылдырышат.
Каждый думает по мере своей испорченности.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#11 09 July 2015 - 14:44
Мен кызымды эмизип жатканымда эле боюмда болуп калды айла жок экоонун аралыгын бир жаштан тороп алдым баламды эмизип жатканымда да болуп калганын билбей дары ичип алыпмын замерший болуп аборт жасаттым бирок аборттон кийин белим ооруй турган болуп алды аборттон кийин торой аламбы же жокбу деп ойлоно берем
#12 09 July 2015 - 14:56
Menda boiumda bolup tort ailik degende yzige barsam ymirkai ichimde olyp kaliptir abort kilishkan kudaiga shygyr azyr kizim bar oilonbo baary jainda bolot men dagy korkonmun boiumda bolboi kalabi dep azyr baary jaiunda.
#13 15 July 2015 - 15:42

Супер-Инфо
super.kg
видео


















