Саламатсыздарбы!
Менин айтайын дегеним, биздин балалыгыбыз интернетсиз,
кызыктуу өткөн. Жашынмак ойноп, резинкадан секирип, мак ойночу элек. Кышында кошуна балдар менен кар менен ойноп, эртеден кечке эшикте журө берээр элек. Ал эми учурдун бөбөктайлары интернетте отурат. Оюн ойношот, сабактан кийин компьютердик клубтарга жөнөшөт. Физикалык жактан деле көбүрөөк кыймыл керек да бала үчүн, интернетте керели-кечке отурушса каяктан. Ата-энелер деле жанынын тынчына карап, интернеттен оюн, кино, мультфильм коюп беришет, уюлдук телефондорун берип коюшат.
Интернетсиз балалыгыбыз кызыктуу болчу. Учурдагы балалык доор.
#3 27 December 2014 - 16:29
Туура айтасыз мен кичине кезде үч баллонду велигим бар эле,аны мен көп теппейт болчум.кошуна чоңураак балдар берип тур дейт эле,берип койсом тепкен бойдон кетет мен аркасынан чуркайм дикилдеген бойдон.Ошондо интернет эмес компьютер дегенди билбейт элек го
#5 28 December 2014 - 04:13
Azyr dele,jyrgal. Koobu ele internette olturbaitta.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!

#6 28 December 2014 - 05:21
Ал убактагы күндөр азыркы жаш балдардын оюна тургай түшүнө да кирбесе керек.Эхх,ал күндөр сонун болчу да.
Ошол убактагы канчалаган биздин сүйүктүү оюндарыбыздын дээрлик баары азыр ойлонулбай унутулуп бара жатат.Кыздар бир чекеде топ таш же же тиги эки кыз туруп алып тизелерине жип илип туруп анан үчүнчүсү сепсеңдеп бир нары,бир бери секирип ойногон оюнун ойноп жатса,биз болсо чогулуп алып чүкө атышып жыргап жатсак,бир аз бойго жетип калган улууларыбыз крандан чакаларга суу алып келе жаткан кыздар менен бир чекеде суйлөшүп жатса..... Эч кандай интернет,эч кандай телефондогу оюн,эч кандай телефондогу алигиндей видео жок,жан-дүйнобуз эрте мененки абадай таптаза,ойлор баё,сүйлөшүүлөр чисто по-детски болуп бир жакшына заман болчу ал убак.Бизге чейинкилердин балалыгын жакшы деп айта албайм го,бирок,биздин бала чагыбыз бул озгөчө бир керемет кез болчу....

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#7 28 December 2014 - 09:39
Менин да балалыгым сонун отту. Бирок интернетти билбесемда, компютер жок болсода, ошол убактарда эле Sony Playstation, SEGA деген нерселер бар эле. Денди деген бар эле ошолордон играны ошондо эле ойнойт элек.
#8 28 December 2014 - 14:05
Биз деле Сони, Сега ойночубуз...
... Зымдардан,ылайдан машина жасачубуз...
...
Кыздар менен ойногондо топ таш ойночумун... .. Бирок жакшы ойной албайт элем.....100очко алса мен 10-20дан ашпай женилип калчумун.....

#9 28 December 2014 - 20:50
Замандын талабы... Азыркы жаш балдар, бизге караганда, телефон компьютерлерди,
жакшы өздөштүрүшөт.
Биздин балалыгыбыз сонун өткөн экен, эртеден кечке балдар менен, балон ойноп жүрө берчүбүз, наклейка ойночубуз, эх ошол күндөр... 5-кластан баштап, двдиге сайып ойночу оюн ойноп баштагам, "джойстик"
деп коёт беле...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#10 28 December 2014 - 21:37
DVDлер да жок болчу да алгач. 2000жылдары. Двдлерге ошол Dandy"нин играларын чыгарган диск кылып кийинчерээк. Joystik"ги да Dandy"ники ошолор.
#11 28 December 2014 - 21:41
vankuver1
,ооо а ага картридж(кассета ) издемей а ? супер марио деген оюндар бар эле го
Злой
#12 28 December 2014 - 21:45
Ошол учун мурунку адамдардын угуусу коруусу эске сактоосу Жакшы болчуда азыр кайда? Айфон телефон наушниктер кечке интернетте отурушат мисалы мен вообще унутчаакмын
#13 28 December 2014 - 22:27
zloy
Бүгүн, 21:41
.
vankuver1 ,ооо а ага картридж(кассета ) издемей а ? супер марио деген оюндар бар эле го
.
Оо ошол Супер Марийонун атасын таанытат элемда. өрдөк каздардын устунон секире берип.

#14 28 December 2014 - 22:30
Азыр ошол Сони, Сега, Дендидеги играларды мобилдик телефондорго ылайыктап чыгарып коюптур. Азыр эми телефондо игра ойномой.
#15 28 December 2014 - 22:37
Ооба, эч кандай телефон, эч кандай интернет дегенди билбей эле чоңойгонбуз.
Чогулуп алып, көргөн боевик кинолорубузду мактанып айтчуу адатыбыз бар эле.
Кыздарга кат жазчуубуз: Саламатсыңбы. ......... саламдашкан. ...... Сени көрүп жактырып калдым, экөөбүз жүрүп албайлыбы?- деп

#16 28 December 2014 - 23:06
Эххх жаштыгым ...бир күн кечке зерикпей отуруп,зымдан трактор жасайт элек.Кадимкидей дөнгөлөгү айлана турган кылып,тележкасы менен дагы.
Башка жакта кандай аталат билбейм,же жокпу,бизде "чикалак" деген оюн бар эле кимдин эсинде бар?балдар ойнойт,раса кызыктуу.

#17 29 December 2014 - 09:54
Ал убактагы күндөр азыркы жаш балдардын оюна тургай түшүнө да кирбесе керек.Эхх,ал күндөр сонун болчу да.
Ошол убактагы канчалаган биздин сүйүктүү оюндарыбыздын дээрлик баары азыр ойлонулбай унутулуп бара жатат.Кыздар бир чекеде топ таш же же тиги эки кыз туруп алып тизелерине жип илип туруп анан үчүнчүсү сепсеңдеп бир нары,бир бери секирип ойногон оюнун ойноп жатса,биз болсо чогулуп алып чүкө атышып жыргап жатсак,бир аз бойго жетип калган улууларыбыз крандан чакаларга суу алып келе жаткан кыздар менен бир чекеде суйлөшүп жатса..... Эч кандай интернет,эч кандай телефондогу оюн,эч кандай телефондогу алигиндей видео жок,жан-дүйнобуз эрте мененки абадай таптаза,ойлор баё,сүйлөшүүлөр чисто по-детски болуп бир жакшына заман болчу ал убак.Бизге чейинкилердин балалыгын жакшы деп айта албайм го,бирок,биздин бала чагыбыз бул озгөчө бир керемет кез болчу....
Ошол убактагы канчалаган биздин сүйүктүү оюндарыбыздын дээрлик баары азыр ойлонулбай унутулуп бара жатат.Кыздар бир чекеде топ таш же же тиги эки кыз туруп алып тизелерине жип илип туруп анан үчүнчүсү сепсеңдеп бир нары,бир бери секирип ойногон оюнун ойноп жатса,биз болсо чогулуп алып чүкө атышып жыргап жатсак,бир аз бойго жетип калган улууларыбыз крандан чакаларга суу алып келе жаткан кыздар менен бир чекеде суйлөшүп жатса..... Эч кандай интернет,эч кандай телефондогу оюн,эч кандай телефондогу алигиндей видео жок,жан-дүйнобуз эрте мененки абадай таптаза,ойлор баё,сүйлөшүүлөр чисто по-детски болуп бир жакшына заман болчу ал убак.Бизге чейинкилердин балалыгын жакшы деп айта албайм го,бирок,биздин бала чагыбыз бул озгөчө бир керемет кез болчу....
#18 29 December 2014 - 10:22
Эээхх кандай сонун күндөр өттүү эле интернети жок, андагы оюндар азыркы жаш балдардын бирида билбесе керек. Кандай кызыктуу жана шандуу болчу азыр интернет деген балее келип даже жаш балдарыбыз оюн ойномок турсун китеп окуубай калышты
"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу" Ч.
Айтматов
#19 29 December 2014 - 10:27
Учурда китеп окушпайт, эс тутуму да начар балдардын. Көздүн көрүүсү (зрение) көп балдарда начар, окулисттердин статистикасы боюнча акыркы 3 жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу балдардын көрүүсү көбүнүкү начарлап, очки жазылган. Балалык күндөрүмдү эстеп кеттим, эхххх балалык.......
...........
#20 29 December 2014 - 12:02

Туура сөз. Китепти азыр балдар эле эмес чоңдор деле окубай калышты. Бала үйүндө китеп окуган адамды көрбөсө кайдан окуганга кызыксын. А эс тутумдун начар болуусуна себептер көп. Телевизор, интернет, зыяндуу тамак-аштар. Айрыкча таттуу нерселер, кока-кола, пепси сыяктуу газдалган ичимдиктер ж.б. нерселер себеп болот.Финляндияда азыр туз жана шекерди колдонууну азайтуу боюнча иш чаралар өткөрүлүп жатыптыр. Резултать дароо эле байкалды дешет. А зренияга телевизор, компютер, телефондордун зыяны чоң.
Кыскасы ар бир ата-эне балдарынына көңүл кош мамиле кылбастан жакшы маани берүүсү керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео