Илгерки эле система жакшы болчу экен. Азыр прописка которсон эле паспорт алышын керек. Жон эле рассход + убакыт олуп жатат.
Биометрикалык паспорт тууралуу сурамжылоо
#42 27 December 2014 - 15:49
Бул паспорту сосуз алышыбыз керекпи? Же азыркы паспортубуздун срогу буткондон кийин анан алабызбы? Бирок уканыма караганда ал паспортко документ туралап уже тапшырып коюшкан бирок али ал паспорту алышпаптыр.
#43 29 December 2014 - 12:26
бул дагы акча табуунун бир жолуда, аткаминерлер учун. Биз азыр ушундай паспорттуу болуу денгээлине жете элекпиз. Мен эч нерсесинен ото элекмин, отпойм дагы. Азыркы паспортумдун убагы буткондо корорбуз. Анын устуно ушул убака чейин тапшырылган данные (кыргызча кандай болот?) уурдалып кетиптирго.
brother
#44 29 December 2014 - 15:13
Мен да бул маалыматты беруудон баш тарттым. Айыл жергесинде коркутуу болуп жатыптыр "ким биометрикалык маалымат тапшырбаса пенсия жана пособие берилбейт"
деп. Ушул канчалык денгээлде туура?
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#45 30 December 2014 - 21:03
Саламатсынарбы!
негизи биз ушул мамлекеттин жарааны болгондон кийин, мыйзамга баш ийишибиз керек! мен бул маалыматды эчак эле тапшыргам. Жаны улгудогу паспортту алуу учун, дал ушул биометрикалык каттоодон отту деген маалымат кагазды тапшырмайынча,
ПАСПОРТ АЛА АЛБАЙСЫЗ андыктан. кеч калбай тапшырыныздар!
жана кошумчалай кетсек, Башка мамлекеттерда бул маалыматтды тапшырышкан!
2016- жылдан баштап башка мамлекетке киру, жана чыгууда биометрикалык маалымат камтылган схема аркылуу кирип, чыгасыздар!
Кыргыз республикасынын мамлекеттик катто кызматынын пресс катчысы жооп берди!
#48 08 January 2015 - 16:48
Бул биометрикалык каттоодон отуп кою баарыбыздын милдетибиз деп ойлойм. Анткени мамлекет келечегин ойлоп жатат. Бул манжалардын изин берсек аны башка бироо алып колдоно албайт эч качан!
#49 09 January 2015 - 05:52
Бул биометрикалык каттоодон отуп кою баарыбыздын милдетибиз деп ойлойм. Анткени мамлекет келечегин ойлоп жатат. Бул манжалардын изин берсек аны башка бироо алып колдоно албайт эч качан!
Колдонот экен. Бул жерде чогултулган баардык маалымат бир интернет сервисинде илинип турат, аны любой комп жиндиси бузуп ичиндеги баардык маалыматты озубузго каршы колдонот. отпечатканы перчаткага печать этип перчатканы колдонсо изи калабы.
#50 09 January 2015 - 12:45
Мен дагы ото элекмин.Отпойм деп эле турам,бирок отпосон банктан акча которо албайсын дейби ошентип ататго дагы коркутуп,баары бир жарга такап жатат отуш керек деп.
Бирок мен азырынча отом деген оюмда,каалоом да жок экен!
Бирок мен азырынча отом деген оюмда,каалоом да жок экен!
#51 09 January 2015 - 15:31
Бул нерсе шайлоого жакшыда. Шайлоого барбай койсоң комптонле келди, шайлады кылып коет. Анан таң калабыз "кантип эле СДПК (мисалы) дагы өттү" деп. Дагы эл кыйналат (кайсы партия шайланбасын,
баарибир эл кыйналат). Ичмей, жеемей. Дагы революция болот. Ак үй, магазиндер ж.б., тонолот, өрттөнөт. Дагы убактылуу өкмөт келет, дагы карыз алабыз. Убактылуу өкмөт "аа бул биопаспорт болбойт экен" деп дагы бир баляясын ойлоп табат. Эл дагы алданат, шайлоо болот ушинтип, ушинтип процесс кайталана берет.
#53 01 February 2015 - 16:29
#54 01 February 2015 - 17:42
Видеону көрүп маанай бузулду го... Менин паспортум 16 жылы бүтөт,жөн эле болсо жакшы болмок. Элестет ар бир кадамыңды контрольдоп турса,капаска түшкөн чычкандай болуп калсак керек. Же бир кылмышкердин оордуна отургузуп койсо... 19 кылымда эле туулуп калбай. Эркин жүрмөкмүн ((( Иши кылса мен каршымы, мага окшогондор көп эле болсо керек. Пенсия,пособиясын бербесе койсун,андан жарып кетпейм,чет жака чыгарбаса койсун, барбай койсом кутуламбы? Мага тынч жашоо керек,эркиндик керек...
#55 15 February 2015 - 20:36
Биометрикалык каттоодон оттунузбу? Жана эмнене отуш керек тушунбодум.
Мен мисалы чет олкого чыгарбайт дегенден отуп келдим. Тушунбойле.
#56 15 February 2015 - 20:38
"Биометрикалык каттоодон оттунузбу?"
темасы менен бириктирилди.
UZGENKG89 , кайталап тема ачпаңыз!
Тема боюнча, өтө элекмин. Мамлекет тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу угуп жатам, бирок өтпөгөнгө аракет кылам.
UZGENKG89 , кайталап тема ачпаңыз!
Тема боюнча, өтө элекмин. Мамлекет тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу угуп жатам, бирок өтпөгөнгө аракет кылам.
#57 21 June 2016 - 10:13
Кыргыз Элинин Урпактары тарыхтын ар кандай сыноолорунда КЫРГЫЗДЫН улуулугу менен нукуралыгын Улуттук нарк насилдин озогун сактап келген. Мына бугун мынтип айрым атка минерлерибиз баш болуп, Биометрикалык паспорт дешип ал паспорттун негезги багыты кайсыл тарапка багытталганы ар бир Кыргыз мырзасын бул эмне?деген шумдук дедирбей койгон жок. ЖАНЫ ПАСПОРТТО УЛУТУ корсотулбойт экен, жон гана КР жараны деп берилети экен же эмне Кыргыздарда Биометрика жок бекен Кыргыз деген улуту жазылбаса Анда биз Кыргыз деген ЭТНОНИМДЕН , Кыргыз деген Улуттун жоюлуп бабатканынан кабар бербейби?!
!! Кыргыз деген этноним, Кыргыз деген Улут Мына ушинтип жок болуп жоюп жиберилуунун биринчи кадамдарына бара баштадыкбы?
Кыргызымдын Туусун бийик которуп, Кыргыз деп жанын берген ата-бабаларыбыз жер астында эмне дейт, Урматтуу Кыргыз элим Айтыныздар Сиздер да бул маселе ото кооптуу да, коркунучтуу да Коомчулукка катуу талкууга алууга аракет кылалы, ошондой эле ушул паспорт маселесинде болуп жаткан корунушторго кайдыгерлик кылбай баарыбыз ун жеткен, кол жеткен жерге айталы. КР жарандыгын аныктаган докуметте анын Кыргыз экенин аныктабаса Ушулго Кыргыз деген улуттун жоголуп баратканы!
!!!!!
!! Терен урматтоо менен, сурануу менен Сиздерге кайрылдым.!
!!!
#60 24 December 2016 - 16:33
Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын жазынан тартып бериле баштай турган жаңы электрондук биометриялык паспорттордун эскиздеринин бет ачаарын өткөрдү.
Кыргызстанда 2017-жылдын жазынан тартып жаңы электрондук биометриялык паспорттор ишке киргизиле баштайт — документтин эскизинин бет ачаарын бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) өткөрдү.
Бул ичине чип салынган ID-паспорт болот, анын ичинде биометриялык маалыматтар, жаран тууралуу маалымат жана анын электрондук- санариптик кол белгиси (ЭСКБ) сакталат.
Эскизге караганда, жаңы ID-паспорттор дизайны жагынан айырмаланат. Кызгылтым фондун ордуна көк фон коюлат, документтин өзүндө жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги тууралуу маалыматтар көрсөтүлбөйт — ал маалымат чипте сакталат.
Негизги маалыматтардан тышкары, чип айдоочунун күбөлүгүнө, пенсия китепчесине, социалдык камсыздандыруу кагазына жана банк эсебине байланып турат.
Мындай паспорттор Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик органдарда бюрократияга туш болбой тейленүүгө мүмкүнчүлүк берет — эмнеси болсо да Мамкаттоонун жетекчилиги ушундай убада берүүдө.
«Биометриянн артыкчылыгы — бул баарыдан мурда ыңгайлуулук, коопсуздук, убакытты үнөмдөө жана мамлекеттен сапаттуу жана ыкчам тейленүү мүмкүнчүлүгү», — деп билдирди Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашев.
2017-жылдын октябрына карата Мамкаттоо 2,5 миллиондой ID-картаны биометриялык паспортко алмаштырууну пландаштырууда. Жалпысынан Кыргызстанда 6 миллиондон ашуун киши жашайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео