Чындык бар экен!..
Тиги дүйнөгө молдоке менен автобустун шопуру бир маалда узап кетишет экен. Аларды Кудай кабыл алып, шопурга бейиштен орун берет. Анда молдоке таарынып:
- Мен өмүр бою кудай жолунда жүрдүм, а сен болсо кайдагы мас шопурдун жанынан жаннаттан орун бересиң, - дейт.
Анда Кудай:
- Менин кымбаттуум,
сөздүн чынын айтсак, сен элди кудай жолуна үндөп атканда пенделер кулак салбай үргүлөп отурушчу эле, демек, алар динге көңүлкош мамиледе болгон. Ал эми бул шопур автобусун аңды-дөңдү карабай айдаганда, ичинде отурган жүргүнчүлөр бири калбай кудайга чын дилинен миң мертебе жалынып жиберишчү. Көрдүңбү
, чындык кайда.
Анекдот айтып берчи. Андигидот билгендердин клубу....
#1761 24 Декабрь 2014 - 12:11
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#1762 26 Декабрь 2014 - 13:19
Бөкүш менен Көкүш дос экөө жумуштан 4 -троллейбуста кайтып келатышат.
Экөө тең бир аздан согуп алышкан, бакылдаша сүйлөшүп келатышат.
- Кечээ энең, сенин аялың бир шумдук анекдот айтып бердиле аз жерден керебеттен кулап кете жаздапмын, -дейт имиш Бөкүш бир маалда кызып кетип.

#1763 26 Декабрь 2014 - 13:20
Мукуш командировкасы эртерээк аяктап, Асанбайдагы 18 кабат үйдүн 17 -кабатындагы квартирасына келе калса балконунда аскер кийимчен, бирок турсийчен бирөө чылым чегип атат дейт. Аялынан "эй ким бул?" десе анысы мен кайдан билем, сурабайсыңбы өзүнөн дейт имиш. Жини келген Мукуш кайра атып чыгып тигини кокодон алат:
- Сен кимсиң, эмне үчүн менин балконумда отурасың? -десе тиги камаарыбай туруп:
- Эй шеп, мен деген ученияда жүрөм. Вертолет мени таштады эле шамал учуруп келип, ушу сенин балконуңа түшүп калыптырмын, эмнеле сапырылып атасың -дейт имиш. Анда ойлоно түшкөн Мукең мыйыгынан күлөт дейт:
- Бу кандай эле дайыма менин квартирама элдин баары кызыгат энең, өткөн жумада геологмун деген сендей бир келесоо менин унитазыман нефти таап кеткен эле.

#1764 26 Декабрь 2014 - 13:23
Үйүнө түн ортосу келген Айымканды күйөөсү суракка алып турганы:
- Эй, түн жарымына чейин темселеп кайда жүрөсүң?
- Ой классташыма жолугуп калып эле… Үйгө жүр дебатпайбы жанды койбой. Анан көңүлүн кыялбай барууга туура келди. Мектепти бүткөндөн бери жолуга элек болчубуз. Абдан шайыр, тилинен чаң чыккан бала эле шүмшүк, боорду эзип салбадыбы. Представляешь, бир шумдук окуяны айтып бердиле, дивандан кулап калбадымбы кыйрап.

#1765 26 Декабрь 2014 - 13:25
Мөкүш ойношу Алмагүл менен төшөктө эзилишип атса, кокустан коңгуроо чырылдап, күйөөсү кирип келбеспи. Түз эле спальныйга атып кирип караса экөөнүн кейпи тигил.
- Эй, эмне кылып атасыңар! ?- десе анда Алмагүл ойношуна карап:
- Көрдүңбү, айтпадым беле бул таптакыр келесоо деп, - дейт имиш.

#1766 26 Декабрь 2014 - 13:26
Сакиш ойношу менен жыргап атышса күйөөсү кокус-тан келип калат, коңгуроону чырылдатып тургучакты аял дароо ойношун телевизор турган тумбочканын артына ката коет да, өзү ашканага кирип кетет. Күйөөсү чечине калып эле телевизорду коюп, футбол көрүп отуруп калат. Ошол маалда куу ургачы ашканадан үн салып аны алаксытып атканы:
- Жаным, карачы! Килейген тарелка тамагы менен полго түшүп кетсе да тамагы ошол эле бойдон төгүлбөй турат, шумдугуң кур ой! -десе күйөөсү камаарыбай туруп:
- Ой анын эмнесине таңданасың, судья сол чабуулчуну оюндан кууп чыкты эле, ал неме азыр эле мени жанымдан турсийчен чуркап өтүп чыгып кетпедиби, шумдук деп ушуну айт! -дейт имиш.

#1767 26 Декабрь 2014 - 13:26

#1768 26 Декабрь 2014 - 13:28
Аялынын солго барган өнөрүн абдан жакшы билген Көкүш дайыма үйүнө келе калып эле бейтааныш эркекти издеп киргенди өнөр кылып албайбы. Бир жолу дагы бир жолу келе калып, шкафты ачат, эч ким жок, тумбочканы ачат, бирөө көрүнбөйт, керебеттин астына баш бакса ал жактан килейген муштум сунулат.
- Бул жерде да эч ким жок, -деп шак артка кайтты дейт.

#1769 26 Декабрь 2014 - 13:55
Кылтыңдаган келин Какиш көптөн бери көрүшпөй калган көңүл жакынын үйүнө чыкырып келип, экөө таттуу жыргалга айда батып атышса күндө жумуштан обет кылчу эри Өкүш кырсыктай болуп үйгө келип калбаспы түштө. Аялы беркинисин каерге катаарын билбей холодильнике тыга салса Өкүш түз эле барып ачып атпайбы. Караса эле ичинде бирөө отурат бүрүшүп.
- Сен кимсиң?
- Мен… мен Дөкүшмүн.
- Эмне кылып отурасың бижерде?
- Кичине калбаса жеп алайын дебеле…азыр кетем, тойдум. Акчасы мына азыр.
Ойрон лох Өкүш жумушка келип досторуна окуяны айтып берип атпайбы.
- Сен дурак экенсиң эй, ал деген сенин аялыңдын ойношу экенин билген жоксуңбу? - Ишенбесең бүгүн түштө барчы, дагы бирөө бар чыгаар!
Өкүш энтеңдеп чуркап түштө үйгө келип эле муздаткычын ачса, чын эле бирөө отурат дейт.
- Эй кимсиң?
- Мен… тиги… Нукушмун, кичине калбаса жеп… -деп калтырап титиресе анда Өкүш минтип коет дейт:
- Нукуш болсоң анда кечээ күнкү Дөкүш деген немени көрсөң айтып кой, колума эле түшчү болсо өлтүрөм энең!

#1770 26 Декабрь 2014 - 13:56
Гүлүш көңүл жакын жигити менен махабат майданында айда "ат чаап" жүрүшсө кайдан-жайдан күйөөсү келип калбаспы кырсыктай болуп. Айлакер Гүлүш дароо тосо чуркап, колуна мусур челекти карматат да:
- Жаным, чечинбей туруп момуну төгүп келе калчы!
Күйөө артка кайтып чыгып кетет. Ойнош шак кийинип, кутулуп чыгып баратып, "кандай акылдуу аял" деп ойлоп калат. Түз урган бойдон үйүнө келсе аялы алдынан тосуп чыгып ал да:
- Жаным, чечине электе мобул мусурду төгүп келе калчы,- деп чаканы карматат. Чаканы алып баратып ойлоп коет дейт "энең, аялдын акмактыгын карачы, кечке үйдө отуруп төкпөгөн мусурду так мен келгенде төгүш керек да"

#1771 26 Декабрь 2014 - 14:40
"Беш мүнөт чыдап турбайсызбы?
"
Кемпири акыретке аттанып кетерине көзү жеткенби, айтор, "О дүйнөгө ак барайын! - деп ойлогон окшойт, чалынан ыраазылык сурайт:
- Байым, энди бу жалган дүйнөдө жасаган айыптарымды айтайын, мени кечиресизби? - дейт.
- Айтып көр! - дейт чалы.
- О баягы жылы сиз Кызыл-Кыяга кеткен түнү Эшматка этегимди бир ачып койгонум бар. Ошону кечириң!
- Дагы?
- Дагы сиз Эски-Ноокатка мал сатканы кетип, өлөт алгыр сыйыр (уй) өтпөй, өзүңүз келбей калганда мурунтан эле "Сенсиз өлөм!" - деп асыла берчү эле, ана биринчи биргаттагы Малик менен жатып койгом.
- Бүттүбү?
- Жо-ок. Дагы биттасы бар. Жаңы келин болуп, өзүмдүн төркүнүмө - Кыргыз-Атага барганымда кыз кезимден эле ар кимден айттырып жүрчү айылдашым Эсиреп дегендин да көңүлүн алып койгон эдем, ушуну-ям кечирсеңиз!
- О, энеңди…
Чалдын жини кайнап кетип, тегерегин караса балта турган экен, аны менен кемпирин бир коет. Кемпир өлүп калат. Сотто чалды сот урушуп жатат дейт:
- А аба, бу кысталак, бир пас чыдап турбайсызбы? Кемпириңиз керээзин айтып, өзү эле өлгөнү аткан экен го. Ана, эми абакта отурасыз карыганда! ..

#1772 27 Декабрь 2014 - 00:32
Эки кайык кетип баратыптыр.
Биринде жалан кайненелер,
экинчисинде келиндер. Анан эле баягы кайненелер кетип бараткан кайык чого баштайт, ошондо экинчи кайыктагы келиндердин баары жыргап каткыра башташат. Ошондо келиндердин ичинен бироо тим эле чанырып ыйлай баштайт. Аны коргон башка келиндер: - ой эмне мынча ыйлайсын, же эмне сенин кайненен ошончолук эле жакшы беле?- дешсе. Тиги келин: - ой эмнени айтасынар, ошол чогуп бара жаткан кайыкта менин кайненем жок болуп жатпайбы, ал уйдо калганда.- дептир коз жашын тыя албай.
#1773 30 Декабрь 2014 - 15:06
Ашканада пелмен матыны суйуп калыптыр,/ манты пелменди тоготпой самсыга тийип алыптыр,/ ызаланган пелмен барып лагманга муунуп олуп калыптыр.

#1774 31 Декабрь 2014 - 01:44
Психолог кыз.
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? - дейт.
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмнеее?! Бир түнгө 1000 долларбы???! Сен жиндисиңби? ! )))

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 31 Декабрь 2014 - 01:45
#1775 31 Декабрь 2014 - 01:49
Айылда ага-ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен. Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
- Кыбыла кайда? Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт:
- Кыбыла кайда деп жатам?!
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду? - деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 31 Декабрь 2014 - 01:50
#1776 31 Декабрь 2014 - 01:57
Бир чал кемпирине мактанат. Ээ кемпир оо баланчанчы жылдары түндөсү келбей коёт элемго... ошондо баланча сулууга, түкүнчө сулууга барат элем деп. Анда кемпир айтат дейт: Аа мага баланча, түкүнчө келип жүргөн жылдары турбайбы... деген экен. Чал бечара жүрөгү кармап калат. Кемпири оой сөзүңө жараша сөз айттым тамаша деп кыйкырып араң алып калыптыр. )))
#1777 31 Декабрь 2014 - 02:01
- Доктор, ачыгын айтыңыз, - дейт оорулуу чечкиндүү түрдө. Мен бул оорудан айыгууга үмүт кылсам болобу?
- Албетте, - дейт догдур. Статистика боюнча бул оорудан жүз кишинин бири аман калат.
- А эмне үчүн аман калчуу киши мен болушум керек?
- Анткени сиз дал ошол жүзүнчү адамсыз.

#1778 31 Декабрь 2014 - 02:07
Үч чал отурушат кобурашып склероз жөнүндө. Биринчи чал: - Бу мен кемпиримдин атын унутуп калам да дайыма. Көчөдөн келип атын табалбай эле кемпир, кемпир деп эле, акыры документтерин таап анан эстеймда. Анда экинчи чал: - А мен көчөгө чыгып кайра келгиче кемпиримдин аты мындай турсун, өзүн кандай экенин, барбы, жокпу, же өлгөнбү сапсим унутуп калам да атанкөрү дейт... Үчүнчү чал унчукпаай отурат. Берки экөө аны: - Сен эмне унчукпайсың,
сенде кандай анан...? - дешсе үчүнчү чал: - Оо мен.., алигии, немеее.... Ой дурайын эмне жөнүндө сүйлөшүп жаттык эле өзү...?
#1780 03 Январь 2015 - 12:07
Байкеси Ильясты сынамакка мындай деди:
- "Мерседестин" алдында канча дөңгөлөгү бар?
- Эки.
- Артындачы?
- Эки.
- Оң жагындачы?
- Эки …
- Сол жагындачы?
- Сол жагында дагы эки …
- Ошондо "Мерседестин" канча дөңгөлөгү болот?
Анда Ильяс ойлонбой туруп эле мындай деди:
- Сегиз..!
- Билбейсиң. Эмесе, сага да "эки"!