Аны унутууга атайын ушул Стамбулга качып келе бергем.Бир шаарда болбой,алыска кетсем унутуп калсам керек дегем.Бирок,
бул менин акылсыздыгым экен.
Экөөбүз эл сыяктуу эле соц.тармактардан таанышып калганбыз.Эсимде,
3-январь.Анда айылда каникулда болчумун.Шаарга келдим,жолуктук.
Ошол күнү алыстан эле анын караанын тааныгам.Мага арта салып турса да,андан кандайдыр бир жылуулук келип,"Мына ушул адам"деп кандайдыр бир күч жетелеп барган жанына.Биринчи күнү эле анын менин адамым экенин,анын жанында өзүмдү бейкуттукта болоорумду сезгем.
Өзүм ачык айрым,бетке айткан,адамдар жакса "жактың"
деп,жакпаса "жакпадың"
деп эле айтып салган адатым бар.Аны менен жолугуп,карагаттай көздөрүнө тигилгенимде,
өзүмө өзүм сөз бергем "Меники болот"деп,
кээде ушундай сараңдыгым бар.
Экөөбүз тез эле тил табышканыбыз менен,кыз жигит болуп сүйлөшпөдүк.
Дүйнө таанымы кенен,чет тилдеринде эркин сүйлөп,дал ушул түрк тилин билишиме да ал себеп.Ал мени дайыма окутуп,"китеп оку,соц.тармакта көп отурасың"
деп урушуп калчу.Ал кезде 19 жашта болсом да,анын жанында кичинекей кыз болуп,эркелеп алчумун.Кээде туруп кабагын карыш түйүп,туура эмес кылсам урушуп,кээде туруп андан өткөн кыялкеч,эрке бала жок болуп калаар эле.
Күндөлүк жазчумун кичинемден эле.Ал дагы билчү,бирок,
жан адамга окутуп көрбөгөм.Бир жолу,адаттагыдай Улуттук китепканада аны күтүп отургам,ал күнү англис тилин үйрөтмөк.Кечиккенинен күндөлүк жазып отуруп калдым.Ал келди.Сабагын өтүп баштады.Мага жезде чалып калды,анткени эжекем кош бойлуу эле,толгоосу башталганын айтты.Шашкан бойдон,китептеримди жыйнаштырып,
чуркап кеттим.Ал калып калды.Кечке жуук эжекем уул төрөп,кубанычым менен,анан эртеси ата энем,туугандар келип жүрүп Аны унутуп коюпмун.Телефонум да өчүк болуп турган эле ал убакта.2,3күн өткөндөн кийин,окуудан чыгып келе жатсам,университеттин алдында туруптур.Мен кыздар менен коштошуп,жанына келип учурашкыча эле колумда каттуу кармап эле,машинасына салып учуртуп айдап жөнөду."Каякка?
"десем,"
Көрөсүң"деп коёт.Түз эле понорамага алып барды.Биз барганда эч ким жок экен."Мына сага кар,мына сага айланаңда эч ким жок,болушунча кыйкыр,ыйла,
каалашынча.Болгону,
экинчи күндөлүккө сыр жазчу болбо,баарын мага айтасың.Эми сенин күндөлүгүң мен болом.Анан да..."деп жаныма жакын келип"Мени сүйбөчү,мен сенин сүйүүңө жооп бере албайм.Мен өзүмдү гана ойлогон өзүмчүл адаммын.Сага сүйүү,жылуулук,
мээрим бере албайм"деп мени карап калды."Кандайча?
кайдан билесиз?"
деп өзүмө түшүнө албай турсам "Эй сен ушунча жаш болуп алып мынча эмне ойлоносуң?Мына мен 25ке чыгып алып сенчелик көп ойлонбойм.Ооба,
күндөлүгүңдү окудум.Өткөндө китепканага калтырып кетипсиң.Окубай кое албадым.Караба мени антип,баарын окудум"деп бурулүп кетти.
Ошол күндөн баштап негедир экөөбүз жакын болуп калдык мурункуга караганда дагы.Кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык.Баардык сүйүшкөндөрдөй эле жүрөк жылытаарлык,
бактылуу күндөрдү өткөрүп жүрдүк.Бир күнү чоң атамдын үйүнө барсам эле кишилер бар экен.Чоң атам кадыр баркттуу эле адам.Конок үйгө кирсем досу аялы жана уулу болуп отурушуптур.
"Кел,кызым.
Аяш атаңдар болуп сени күтүп аттык эле.Отур кел.Сөздүн кыскасы,Санжарды деле тааныйсыңда,
үйгө келип эле жүрөт.Мына бүгүн,ата-энеси болуп атайын келишиптир.
Эки жаш тил табыштырып баш коштурсакпы дешкен экен.Бул ой мага да жагып жатат.Дос болгонбуз,куда болсок ажеп эмес.Анан да Санжарда "мен Айэлести алам"Деп туруп алыптыр"дегенде бирөө башка чапкандай болду.Бир заматта Эркин экөөбүздүн өткөргөн кезибиз(анда 1 жыл болгон сүйлөшкөнүбүзгө)элестеп,
азыр эле алып кетип калчудай,андан айрылыр калчудай коркуп кеттим."Чоң ата,мен...мен неге өзүм тандай албайм?"десем эле "Ок,бул кыз эмне деп атат,бар өз бөлмөңө.Мен кандай айттым ошондой болот","
Чоң ата..."дегиче эле,колун көтөрүп токтотуп койду.Айтчумду айта албай ордумдан турдум.Дене башым бүт муздап,колдорум калтырам чыктым,экинчи кабатка көтөрүлүп баратканымды билем,калганы эсимде жок...Кичинемден эле жүрөгүм ооруйт эле,ошол кармаптыр.Эсимде,
ооруканада келдим.Жанымда чоң атам,чоң апам отурат(кичинемден ушул адамдардын колунда өстум)
-Эркин,мен аны көргум келет,-деп күбүрөдүм.Чоң атам жаман көзү менен карап алды.
-Козутай,атаңдын жинине тийбе,анын айтканындай бол,-деп айтты мен бүт сырымды айткан чоң апам.
-Апа,мени жок дегенде сиз түшүңүзчү.Мен Эркинди сүйөм.Санжарыңарды көргүм да келбейт,Эркин,
-деп кыйкырып баштадым.Ал эшиктин сыртында турган экен,кире калып,кайра чоң атам,апаман ыйбагып калды.Врач келип аларды чыгуусун өтүндү.Ал күнү,түнү дагы жаныман кетпей отурду Эркин.Үйдөгүлөр да тынчып калгансыды.
Мен сакайып чыктым.Бир аптадан кийин Эркин Ошко комаедировкага кетти.Келгенден кийин эле мамилебиз сууп баратты.Мурункүдай чалбай,жазбайт,
жолукпайт.Мен да жайына койдум,балким,
жумушу көп болуп атат го дедим.
Кечинде уктап жатсам,телефон чалды.Саат 2лер болуп калган
-Элес,эшикке чык,-деп булдуруктады,
сыягы мас абалыеда окшойт
-неге?уктап атам.Эртең сүйлөшөбүз Эркин үйгө барчы
-Эч кайда барбайм сени көрмөйүнчө.
Чык бол
-Азыр,күтө тур
Эшикке чыксам,машинасына жөлөнүп турат.Мени отургузуп,өзү да отурду.Көпкө унчукпай турдук.Менин чыдамым жок,баштап жибердим
-Мени менен унчукпай отуруш үчүе чакырдың беле?
-Эмне башка кыздардай кыйкырып урушпайсың?
эмне чалбай атасың деп сурабайсың?
Кыйкырып,жиниңди чыгарып алсаңчы?
-Мен урушкум келген жок.Бар,үйгө барып эс алчы,карачы ырайыңды
-Мени кечирип койчу,кечирип койчу.Мен...мен деген башканы жакшы көрөм,уктуңбу?
Экөөбүз чогуу иштейбиз,дайыма жанымда жүрөт.Кет,жанымдан.
Мен сага башта эле айткам сүйбө деп,айттым беле?айткам.
Кечир мени,-дей берди,машинанын рулун ургулап.Калганын уга албай,үйгө чуркап кирдим.Жоок.
.ыйлабадым.Тек гана экөөбүздүн сүйлөшкөн бир жарым жылдык өмүрдү элестете бердим."Кайсы жерден ката кылдым,башкага беребиз десе да,макул болбодум эле го,а чынында бир да жолу "сүйөм"
деп айтпаптыр"
.
Ошол бойдон мага чалган жок,мен да чалбадым.Арадан бир ай өткөндөн кийин эле,Стамбулга кетүүгө кам көрө баштадым.Бул жакта улуу эжем жашайт эле.Кетээримде,
телефон чалдым.
-Мен кетип атам
-Каякка?неге айткан жоксуң?
-азыр айтып атам го.Кайда экенимдин кереги жок сага.Айтчы,ал кыз менен бактылуусуңбу?
-....Качан келесиң?дедм бир топко барып
-Убакыт көрсөтөт.Мейли,
жакшы тур
-Жакшы жетип ал
Азыр бул Стамбулда болуп,ага деген сагынычым күч.Мурун кандай сүйсөм,азыр андан да күчтүү сүйөм.Башка жигит менен да сүйлөшпөдүң негедир аны эле күтө берем.Кээде,
жакын бөлөсү менен жазышып калам.Анын айтуусуна караганда,жакында Стамбулга келүүгө камынып жатыптыр.Убакыт көрсөтөт да
- (2 )
-
- 1
- 2
Унута албай келем
#4 31 December 2014 - 02:52
Суйуунуз учун курошунуз. Бирок суйбойм деген создорун кандай кабыл аласыз? Жигит суйбосо аны кармай албайсыз баары бир кете турчу жолуна кетет. А балким суйом деген созун тартынып уялып айталбай жатат. Байкап корунуз эгер суйсо баардыгына кайыл болуп аны менен бирге болууга бел байланыз. Бактылуу болунуз!
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#5 31 December 2014 - 04:29
Кыздын суйуусу алсыз ушуну эске алып кой...озунду тируулой азапка салба...
#7 31 December 2014 - 10:34
Суйбогонго суйконбо дейт бешенене ошо жигит жазылган болсо бирге болосунар жазылбаса жок.Озунду коп кыйнай бербе баарын убакыт корсотот.
#10 31 December 2014 - 15:16
Suybogongo suykonbo deyt emespi.bir jarym jyldyn ichinde bir da jolu suyoom dep aytpasa anda suyboyt tura.
#11 31 December 2014 - 15:46
Кезектеги дагын бир темабы,суйуунун азабы.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#14 31 December 2014 - 19:31
Суйбогонго шылтоо оной табылат...
Ата - энениз тапкан адамга турмушка чыгып кетуу керек болчу.
Ата - энениз тапкан адамга турмушка чыгып кетуу керек болчу.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#15 31 December 2014 - 20:45
Суйбогонго шылтоо оной табылат...
Ата - энениз тапкан адамга турмушка чыгып кетуу керек болчу.
Ата - энениз тапкан адамга турмушка чыгып кетуу керек болчу.
Албетте,сиздики да туура.Бирок, ал убакта анын сүйбөсүн билбеген элем да.Баарыбызга сүйүү келсе,ал адамдын жаман жагын жакшы сапаты менен жаап жашырып сүйөт эмеспизби.Мен да ал кезде сүйүүгө балкып турган убагым эле,ал адамдан башканы жанымдан көрө албайт элем
#16 01 January 2015 - 09:37
Даа мындай менде да болгон. Бирок убакыт отуп унуттум. Мен да сиз сыяктуу,озум суйгон учун анын жаман жактары козумо корунбочу.но сиз суйгон емес, сизди суйгон адам м.н бирге болушунуз керек. Ошондо сизди суйгон адам,сизди бактылуу кылышына ишенем.
#17 01 January 2015 - 13:04
суйуудон тапкан азабым.
Ойлонуп, ой тупкурун казамын.
Турмо эмес, сургун эмес.
Суйуудогу азап эн оору жазасын.
Сагынсан ал сени сагынбайт.
Жалынсан, ал сага жалынбай.
Сени такыр суйбошун сезсен дагы.
Журоктогу суйуу отту жалындайт.
Суйуу деген озунчо бир Тараза.
Суйундурот, азапка салат кааласа.
Сени гана суйомун омурдо
Деген созунду укан адам АК суйунду бааласа.
Кадырласа козго жашын келтирбей.
Кайгырууга сагынууга жеткирбей.
Журоктогу ак суйунду очурбой.
Суйуудогу азап, кайгы эмне экенин сездирбей.
Ойлонуп, ой тупкурун казамын.
Турмо эмес, сургун эмес.
Суйуудогу азап эн оору жазасын.
Сагынсан ал сени сагынбайт.
Жалынсан, ал сага жалынбай.
Сени такыр суйбошун сезсен дагы.
Журоктогу суйуу отту жалындайт.
Суйуу деген озунчо бир Тараза.
Суйундурот, азапка салат кааласа.
Сени гана суйомун омурдо
Деген созунду укан адам АК суйунду бааласа.
Кадырласа козго жашын келтирбей.
Кайгырууга сагынууга жеткирбей.
Журоктогу ак суйунду очурбой.
Суйуудогу азап, кайгы эмне экенин сездирбей.
#18 01 January 2015 - 13:07
бир илхам келип кетти. Автор эч кайгырбаныз.
Сизди алдыда эн бактылуу кундор кутуп турат.
#19 04 January 2015 - 07:07
#20 04 January 2015 - 22:08
Мен да суйгонумо жетпей унута албай кыйналып жургондо,бироолор себеп болуп азыркы жолдошум менен тааныштырган коруп эле жок бул бала болбойт дегем,жигит болсо болбой эле ушул кызды алам деп ата энесин жиберген атамдар мени карайт мен жок дейм атам да кызым каалабаса мен да макул дей албайм дейт тигилер макул болмоюнча кетпейбиз деп акыры баланы мактап бутпой коюшуптур атаэнем айласы кетип макул деп анан мага келишип капа болбо жуздору жылуу адамдар экен калганын бешененден коросун дейт.ооооой андагы ахыбалымды эч ким тушунбойт.Ошентип 1айда дунгуротуп той берип мени узатышты.Нике ысык деген чын окшойт жакшы эле жашап калдык.Айтайн дегеним сени суйгонго турмушка чыксан деле бактылуу болот экенсин.Жолдошум козумо карап аябай сыйлайт.Мага эээн эле жакканы анын намаз окуганы.Кыздар бизге сулуусу эмес ыйманы бар жигит керек экен.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео





















