Ыя, "Реалдын"
күйөрмандары,
бу, эмнеге эле командаңар жеңилсе жазбай каласыңар, ыя? 
Же сөзсүз башка туугандар келип эскертиши керекпи?
Жумуштан такыр кол бошобой, үйгө келип интернеттен "Милан" менен "Реал Мадрид" беттешүүсү эмне болду экенин билүүгө ынтызар болуп ача калып эле сумсая түштүм: "Реал Мадрид" акыры жеңүү сериясын үзүп, бул жолку жолдоштук беттеште атаандашына 2-4 эсебинде утулуптур..
Кызыктуу фактылар:
1) "Устатынан шакирти өтөт". Азыркы Италия биринчилигинде 7-орунда келе жаткан "Миландын" башкы машыктыруучусу Филипп Индзагини убагында Карло Анчелотти машыктырган эле.
2) "Кечээги дос, бүгүнкү атаандаш" . Ал эми Реалдын былтыркы дарбазачысы Диего Лопес бул жолу былтыркы командасынын чабуулдарынын мизин кайтарып турду. Ал эми "Реалда" дарбазачылардын алмаштырылгандыгы жыйынтык бере алган жок.
3). "Реалга" эки гол киргизген Эль Шарави түбү мисирлик араб. Мүмкүн туулган жерине жакын жердин климаттык өзгөчөлүгү таасир бердиби же кандаш туугандарынын сүрөөнү алдындабы, айтор, "Реалдын" утулушуна салымын жакшы эле кошуптур.

Мен бул билдирууну окуй электе эле азыр "Реал" женилди деп жазайын дегем, "Реалдын" куйормандары силер команданар утулганда жазбайсынар" дегендердин алдын алып! Бир аз куто турсаныз балчайтып жазмак экем))

Супер-Инфо
super.kg
видео