Жаткан жери жайлуу болсун...
Гулзат Батырканова Аллахтын алдында... Гулзат Батырканова Аллахтын алдында...
#22 04 January 2015 - 13:21
Эх, кайран турмуш! Жаңы жылда тынч эле уйдо отура берсе, аман калмак беле мумкун.
Колго корпоративди алып барганы же ырдаганы барса керек эле да...
Айтмакчы, кайсынысы туура: "Жаны жаннаттан болсун" дегенби же "Жайы жаннаттан болсун" дегенби?

#25 04 January 2015 - 16:59
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#26 04 January 2015 - 17:55
Сармерденди жакшы алып барчы эле... Окуп алып кайгырдым. Бейиши болсун!
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#27 04 January 2015 - 18:26
Эх ...
жааны жанаттан болсун.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#29 04 January 2015 - 18:46
Жаны жылда расса ырдады эле тогуп тогуп сармерденде,
корсо акыркы ырдаганы экен эледа байкуш мен ишенбейтаааааам!
!!!!!
!!!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#30 05 January 2015 - 09:21
Ырчы,
Коомдук телеканалдын “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу Гүлзат Батырканованын сөөгү 4-январда Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилди. Маркум 41 жашта эле.
#31 05 January 2015 - 09:23
Ал өз үй-бүлөсү менен 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып, жол кырсыгына кабылган.
Гүлзат Батырканова 1990-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга келип кирип, аны 1992-жылы жылы аяктаган. Кийин жогорку билимге ээ болуп, КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн.
Анткен менен Гүлзат апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын жолун жолдоп, ырчылык өнөрдү аркалап келди. 20 жылдан ашуун чыгармачылык жолунда улуу муундун да купулуна толгон экен.

#32 05 January 2015 - 09:24
Кыргыз эл артисти Арзыбек Бедияровдун айтымында,
Гүлзат Батырканова учурда өз ордун таап калган мыкты талант, алпейим мүнөз жан эле:
- Жаркылдап сахнага чыкса, кыргыз кызынын жүзүн көрсөткөн мыкты кызыбыз эле. Бүгүн аны узатуу зыйнатына Кыргызстандын булуң-бурчундагы өнөр адамдары келишиптир. Гүлзат өзүнүн өнөрү менен эле эмес, бийик адамкерчилиги, илбериңки мүнөзү менен да элдин сый-урматына татыган.
Арзыбек Бедияров муну менен кошо Батырканованын «Карай берем», «Өмүр жазым», «Жүрөлүчү эскерип», «Айта көрбө» деген жана башка бир нече ырлары угармандардын жүрөгүнөн орун тапканын, элге дагы далай чыгармаларын арнай турган куракта көзү өтүп кеткени өкүнүчтүү болгонуна кейиди.

#33 05 January 2015 - 09:25
“Балдарды жакшы кара...”Обончу Майрамбек Осмоновдун айтымында,
Гүлзат Батырканова кырсыкка учураган унаада ырчынын күйөөсү жана эки баласы болгон.
Алардын унаасы каршы тилкеде жогорку ылдамдык менен келаткан машинеден качып, жолдун четине чыга бергенде дөңгөлөк шагылга тартылып, аласалып кеткен. Кырсыктан Гүлзат Батырканова катуу жабыркап, күйөөсү, Коргоо министрлигинин эс алуудагы полковниги Мурат Бейшеновдун моюн омурткасы кокустап, балдары кудай сактап аман калган. Маркум ырчы Бөкөнбаев айылындагы ооруканага алып келгенден кийин үч сааттан соң үзүлгөн. Майрамбек Осмонов:
- Үзүлүп баратып жолдошуна "балдарды жакшы кара" деген сөздү айткан экен... Чыгармачылыгы тууралуу айта турган болсом, өзгөчө акыркы эки жыл аралыгында “Сармерден” аркылуу Гүлзаттын он гүлүнүн бир гүлү ачыла баштаган. Анын мындан башка дагы бир топ таланты, ырлары, сырлары өзү менен кетти.

#34 05 January 2015 - 09:26
Майрамбек Осмонов күтүлбөгөн жерден каза болгон маркум ырчыга арнаган ырын да окуп берди.
Бүркөлсө жашын төккөн булуттайбыз,
Бүтүнү талкаланган сыныктайбыз.
Элинен эрте кеткен эрке кызды,
Эч убакта тирүүлүктө унутпайбыз. ..
Мындан сырткары Осмонов чоң жоготууга учураган үй-бүлөнүн каршысынан катуу ылдамдык менен чыгып, жөөлөп өткөн унаа азыр белгисиз экенин кошумчалады.

#35 05 January 2015 - 09:27
Элдик кыз менен коштошуу
Коомдук телеканалдын “Сармерден” шоу-программасынын автору жана режиссеру Сагын Ниязалиеванын айтымында, Гүлзат Батырканова чынында эле көрүүчүлөрдүн эсинен чыкпай турган өзгөчө жан эле.
“Сөөктү жашыруу зыйнатында Гүлзатты эл кандай жакшы көрөрү байкалды”, - дейт режиссер:
- Кызыл-Дыйкан айылына өнөр адамдарынын баары келишти. Филармониянын жамааты, КТРКнын жамааты, Коргоо министрлигинин жамааты, жер-жерлердеги маданият үйлөрүнүн кызматкерлери да келишкен экен. Коштошуу митингинде маданият ишмерлери Темирлан Сманбеков “өзүм көтөрүп чоңойткон кыз эле” деп сыздап турса, Замирбек Үсөнбаев “филармония жамаатында Гүлзат менин өз кызым болуп калган, аны мен жумушка алгам” – деп ыйлап, сүйлөй албай койду. Кошуналары, кайын-журту бир жактан чуулдайт. Муну менен эмне дегим келет, Гүлзат адам катары да элдин сүймөнчүлүгүнө айланган экен.
Сагын Ниязалиева өз сөзүндө Батырканованын эл билбеген дагы далай таланты ачылбай кеткенин, ал акыркы кезде поэзияга кызыгып, ыр да жазып жүргөнүн эскерди.
Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Ал өзүнүн чыгармачылыгында “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине, президенттин Ардак грамотасына татыган.

#36 05 January 2015 - 09:28
Макаланын автору журналист Зайырбек Ажыматов. Ал Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”,
“Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
#37 05 January 2015 - 09:31
Гүлзат Батырканованын жаркын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Калган өмүрүн балдарына берсин. Мыкты ырларды аткарган кызын эл унутпайт!
#38 05 January 2015 - 09:33
#39 05 January 2015 - 12:40
Жаткан жери жайлуу болсун! анын жылмайынкы элеси, таланты эл ичинде эч качан унутулбайт.
Аллахым ушундай кырсыктардан баарыбызды алыс кылсын.Жакындарына сабыр тилейм.
#40 06 January 2015 - 11:25
Эхх, бири кем дуйнo..., кечээ твдан сармерден болуп жатса аягына чейин кoрo албай аябай жаман болдум, суук кабарды угуп ишенип-ишене албай... Эженин жаткан жери жайлуу, топурагы торкo болсун...

Супер-Инфо
super.kg
видео