Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#541 05 Октябрь 2014 - 19:23
Ата энене ырахмат ,уйунорго берсин Береке.
Ар дайым жайнап жадырап,кетпесин сенден сулуулук.
Омурлуу болуп ар дайым,жараткан берсин сага улуулук.
Мен да Румайка сымал окшоштуруп салдым))))
#542 05 Октябрь 2014 - 23:32
rnurzida (05 Октябрь 2014 - 01:23) жазган:
MARGO55 (05 Октябрь 2014 - 19:23) жазган:
Ата энене ырахмат ,уйунорго берсин Береке.
Ар дайым жайнап жадырап,кетпесин сенден сулуулук.
Омурлуу болуп ар дайым,жараткан берсин сага улуулук.
Мен да Румайка сымал окшоштуруп салдым))))
Рахмаат чон!


Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 05 Октябрь 2014 - 23:33
#543 12 Октябрь 2014 - 09:46
Апамдын жылуу колу саамайым сылап өтө,
Чакырык угулгансыйт алыстан мени көздөй...
Карааны узап менден кеткенде ыраак-ыраак,
Чуркадым "Апакелеп" бутума бутум тийбей.
***
Төрүмдө отурчу эле гезиттен көзүн үзбөй,
А бүгүн боштук ээлейт дүйнөнү кең бүтүндөй.
Убакыт жашын алып, күүсүн, күчүн алып,
Күттүрбөй кете берди атакем дүйнө салып…
Эшекке учкашчу элем, аттан коркуп бирок,
Жылмайып күлөөр эле апакем беттен бир өөп.
Сагындым асылдарым, канттиңер? Кайдасыңар? ...
Түгөнбөс көөдөнүмдө сагыныч менде бир топ…
Ырысым, кубанычым, бакытым, таалайым да
Силерсиз өңү бопбоз, кумсарып калды мына…
Сагыныч эзген кезде жүрөктү, кайталаймын
Миң санап өзүмө-өзүм "өтө аз калды чыда…"
Ак бубак чачтарында, жоолугу жаап турат,
"Ичип ал кызым, сага" кымызын, айран сунат.
Кан жутуп, бирок арга жок эле сабыр кылам,
Күнүмдүк турмуш менен унуткара жашоо курап…
12.10.14.
#544 12 Октябрь 2014 - 09:48
Жардамга болуп муктаж.
Жарыктан азап тарта,
Жардамы көңүл суутпаш…
Сулуулук уусун чачып,
Суусатып курган жанды,
Карааны узап барат,
Кол сунуп тосуп таңды.
Башкага кыйбай бирок,
Башкарат алсыз жүрөк.
Баш ийип тагдырына
Башкага арсыз күлөт…
10.10.14.
#545 12 Октябрь 2014 - 09:50
Төңкөрүп бүт ааламды
Төмөнгө тартып барат
Түгөнбөс армандарым…
Камалып очогуна,
Канабас болдум бирок
Качандыр күчү кетээр
Пайдасыз махабаттын…
П.С. түзөтүп койдум)).
#547 11 Декабрь 2014 - 12:11
Sweet-Lika (12 Октябрь 2014 - 09:46) жазган:
Апамдын жылуу колу саамайым сылап өтө,
Чакырык угулгансыйт алыстан мени көздөй...
Карааны узап менден кеткенде ыраак-ыраак,
Чуркадым "Апакелеп" бутума бутум тийбей.
***
Төрүмдө отурчу эле гезиттен көзүн үзбөй,
А бүгүн боштук ээлейт дүйнөнү кең бүтүндөй.
Убакыт жашын алып, күүсүн, күчүн алып,
Күттүрбөй кете берди атакем дүйнө салып…
Эшекке учкашчу элем, аттан коркуп бирок,
Жылмайып күлөөр эле апакем беттен бир өөп.
Сагындым асылдарым, канттиңер? Кайдасыңар? ...
Түгөнбөс көөдөнүмдө сагыныч менде бир топ…
Ырысым, кубанычым, бакытым, таалайым да
Силерсиз өңү бопбоз, кумсарып калды мына…
Сагыныч эзген кезде жүрөктү, кайталаймын
Миң санап өзүмө-өзүм "өтө аз калды чыда…"
Ак бубак чачтарында, жоолугу жаап турат,
"Ичип ал кызым, сага" кымызын, айран сунат.
Кан жутуп, бирок арга жок эле сабыр кылам,
Күнүмдүк турмуш менен унуткара жашоо курап…
12.10.14.
Апакесин сагынбаган ким бар кызым.Баштан откондун баары билет."Ото аз калды чыда"- дебе кызым.Ата эне олсо мурас дешет,артымда эстерим болсун,сагынарым балам болсун деп самайт кызым, эне байкуш.Бир жылы катуу оруп жатып калдым. Тунум озунчо болунуп кеткен эле уга элек менин ооруганымы. Ошондо апам тушуно кирип "Балам апанан кабар алчы,сен тунгучсун го,апанды кара "деген экен.Ушул созду айтканда айласыз эки жагымды карап,жанымда турганын сезгендей болдум..Эне ал жакта деле балам деп талпынып турат экен го..деген сезим келди...
Кызым апандын жаткан жайы жайлуу болсун,топурагы торко болсун,жургон жерлер бейиши болсун ...Аркасында сага окшогон балдары жана урпактары аман болсун.Дайыма эргуу менен сенин ырларынды окуп турам Ракмат кызым.Калемин курчуй берсин!!
#548 12 Декабрь 2014 - 02:43
Sweet-Lika (25 Сентябрь 2014 - 12:44) жазган:
Саамайым желге тоссом сагыныч бул ыргакта,
Шашылыш келген элем, шашылыш кетип барам,
Шамалдан ашчу болуп сапарым карып артта…
Сагынып келген элем, сагыныч ичте калды,
Асманды беттейт элем, асманым жерде калды…
Эңсөөлөр жетпей сага жарым жол менде эле,
Мүрзөңө барам деген максатым ашпай калды…
Таарындың бул ирет да, таарынба… Тургун күтө…
Таарыныч ачуу уусун татпачы улам иче…
Сен эмес өзүмө-өзүм таарынып жектеп турам,
Түшүмө кирдиң апа, жылмайып мага күлө…
Акыреттик жашоодон бакыт табып,
Жургондур энекен бейиштен орун алып,
Арнаган ырларын соопко айлансын,
Саябан бутактай кулач жайып,
Кабырда шам болуп турсун жанып!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#549 15 Декабрь 2014 - 05:18
#550 15 Декабрь 2014 - 05:46
raia (11 Декабрь 2014 - 12:11) жазган:
Кызым апандын жаткан жайы жайлуу болсун,топурагы торко болсун,жургон жерлер бейиши болсун ...Аркасында сага окшогон балдары жана урпактары аман болсун.Дайыма эргуу менен сенин ырларынды окуп турам Ракмат кызым.Калемин курчуй берсин!!
Кызым.
(Райа апанын сөзүнөн).
Сагынычтар оргуштап турган менен,
Мунун баары качандыр калат кызым…
Көптөр билет…өткөн болсо баштан эгер,
Турмуш баарын бир кылка "алат" кызым…
Терип келип ырыскысын баарын берип,
Жерге-сууга тийгизбей карайт кызым…
Керээз кылып артына байкуш эне
"Сагынаарым болсун" деп самайт кызым…
Төштү уруп турмуштун өйдө ылдый
шарына агынбаган ким бар кызым?…
Өлсө ата, өлсө эне мурас дешет,
"Аман кой" деп жалынбаган ким бар кызым?…
Көкүрөккө мончок-мончок шуру кылып,
Кусалыкты тагынбаган ким бар кызым?…
Келбес сапар аттанып кетсе деле,
Апакесин сагынбаган ким бар кызым?…
Ата-энесин сагынбаган ким бар кызым?…
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 15 Декабрь 2014 - 06:04
#551 15 Декабрь 2014 - 05:50
Kg.lady (12 Декабрь 2014 - 02:43) жазган:
Жургондур энекен бейиштен орун алып,
Арнаган ырларын соопко айлансын,
Саябан бутактай кулач жайып,
Кабырда шам болуп турсун жанып!
Тилектер кабыл болсун.
"Ырларым" сооп болбой эле кыйнап койдубу деп чоочулап турам…(
#552 15 Декабрь 2014 - 06:01
Өңүмдө эмес, түшүмдө көрүп келдим.
Жылдызым таппай сени кечээгиде,
Жылдыз сымал таңга маал өчүп келдим.
Булуттарды аралай кезип келдим,
Кучак толо кусалыкты сезип келдим.
Булбулум үн чыгарбай ак таңымда,
Сагынуунун кең дайрасын кечип келдим…
#553 16 Декабрь 2014 - 21:30
#554 20 Декабрь 2014 - 18:31
#555 25 Декабрь 2014 - 01:55
my_love9595 (16 Декабрь 2014 - 21:30) жазган:

ayka96 (20 Декабрь 2014 - 18:31) жазган:
Уа алейна алейкум. Өтүнүчүңүздү окудум купуядан, ayka95, кийинчерээк илип коем буйруса.
***
Убактымдын таардыгына байланыштуу бул тарапта бир аз тыныгуулар болуп жатат. Келечекте буйруса илип тураармын.

#556 25 Декабрь 2014 - 05:00
#557 04 Январь 2015 - 06:22
Периштем.
Өзөгүм өрттөп жоктодум сени Периштем,
Өзөндү кечип кечиктим сага келиштен.
Өзгөгө бергис асыл бир кандай сезимди
Өрнөгүм сага кечиктим арнап бериштен.
Тулпарды чабып кечиктим бирок жолукпай,
Турпакты чапчып тынч алгын сезим оолукпай.
Көөдөндү өрттөп баратат ошол сөлөкөт,
Эсимден өчөт эми турушуң жүрөк оорутпай.
Түнөрүп күнүм батышты көздөй жылат жай,
Өткөндү эстейм көз ирмем өтөт кылактай.
Мага арнап берген гүлдесте турат азыр да,
Калсамчы кана бир өмүр аны соолутпай…
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 04 Январь 2015 - 06:24
#558 04 Январь 2015 - 06:25
#559 05 Январь 2015 - 03:25
ayka96 (25 Декабрь 2014 - 05:00) жазган:
Агатай.
Буулат суулар жол-жолунан агалбай,
Калат жолдор сизге жетип баралбай,
Карындашың бойдон калгым келбеген
Сезим башка жакшы көрөм Агатай…
Мен жактырам, балким сезим сүйүүдүр,
А мен сага болгону бир "карындаш" …
Мезгил келип жолугабыз билемин,
Бил Агатай, болгум келбейт Карындаш.
(Буйрутма саптар).
#560 05 Январь 2015 - 04:54
Азуусу бейпил жашооно кокус баттыбы...
Боору таш тагдыр борошо болуп уюлгуп,
Албырган жузун арманы менен жаптыбы ...
Саптарын окуп козумон жашым сыгылды...
Коодонум толуп алкымга демим тыгылды...
Кокурок тушту тупойул согуп ургулап,
Жаманга бербей журогум абдан кыйылды...
Ишенбей турам ишенгим келбейт дагы эле...
Жанылыш угуп жанылып калсам кана эле...
Коодонум тутойт кайталап окуйм саптарын,
Кечирчи мени кыя албай койдум эч эле...