Суперстан: Жараланган жан дүйнө - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жараланган жан дүйнө Туңгуюкка тушалган тагдыр

#41 Пользователь офлайн   nelli   17 Июль 2014 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 863
  • Катталган: 22 Май 12
  • Соңку аракети: 21 Окт 2020 22:20
  • Жынысы:Аялзаты

Окуп отуруп жараткан сизге куч-кубат менен тен кошо сабыр бергенине ыраазы болдум. Журокто ушунчалык кайгылуу сырды сынбай которуп келгенинизге дагы бир ирет баа бердим. Жараткан сизге бекем ден-соолук беришин каалайм.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Adik94kg   19 Июль 2014 - 13:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 13 Август 13
  • Соңку аракети: 30 Июл 2016 22:36

Дасыкан жазучунун чыгармасындай екен, чыгармаларда адам тагдырынан алынарына ишенем. Бекем ден солук калайм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   mery.89   22 Июль 2014 - 01:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

ооооооооу таранчыбек кутууудобузгой сены
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   92nuraaly   22 Июль 2014 - 22:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 289
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Фев 2021 09:09
  • Жынысы:Эркек

Жазканын адамга жеткилитуу, тушунуктуу экен. Ойлойм аягы жакшы менен бутот деп. Бактылуу бол! Кудайым баарыбызга ден соолук,бактылуулук берсин.
МЕН ДУЙНОНУ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   jass00   23 Июль 2014 - 00:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Bakyt kaalaim sizge
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Июль 2014 - 20:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Таранчы, бизди унуттуңузбу? …:79:)
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Taranchy   13 Август 2014 - 10:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Бул жолку операция да мени 2 айдан ашык үйгө кармады. Бутума гипс менен байланган жыгачты алдырганы Бишкекке барып, андан ары “Воронцовка”деген ден - соолукту калыбына келтирүүчү жайга бардым врачтын кеңеши менен. Шаардын четинде жайгашкан атайын борбор экен. Ал жакта да 15кундөй болдум. Массаж, ийне сайуу, ысык суу жана башка түрдүү процедуралардан өтүп дарыланмай. .. Көрсөтүлгөн кызматтар жакшы болгону менен мага анчалык пайдасы тийген жок. Чындыгында мага врач айтканда башкача элестетип, жакшы жыйынтык берет деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Ал жактагы орукчандардын көбү бели оругандар,суук тийгендер, ушундай оруулар бат айыгып кетет экен ал жактан. Ошентип ал жактан чыгып, үйгө келгичекти үчүнчү айдын эсеби жүрүп жатты. Окуудан калдым, мен универге барганда ноябрдын экинчи жумасы өтүп жаткан эле. Группалаштарым жакшы тосуп алышты. Бир гана окуу процессине кууп жетүү кыйын болду. Анын үстүнө мен келгенден көп өтпөй эле, модуль анан сессия, зачет дегендер башталды. Мен жетише алган жокмун, “мага баарыбир”дегендей окууга көңүл бурган жокмун. Чындыгында эле кыйын болуп кетти... Мунун айынан мугалимдер менен да пикир келишпестиктер жаралды, бирок убакыттын өтүшү менен баары өз нугуна түштү. Сессиялар да бүттү дегендей...

Кышкы каникул өтүп, кайрадан окуу башталды. Окууга жаңы күч жаңы дем менен киришкендей болдум. Бир гана унутчаактыгым аябай күчөдү. Көп нерселерди унутуп койгон учурларым болду. Ошондо наркоздун таасирине аябай таң калдым. Эки жолу операция жасашты бирок мен канчалык аракет кылсам да баары бир башкалардын катарын толуктай алган жокмун. Мурда бутумдун согончогу жерге жетпеген болсо азыр жетти. Бирок толук кандуу түз баса албайм. Көчөдө кетип бара жатканда ойноп жүргөн жаш балдар мени колу менен көрсөтүп, “Тайтак! Чолок!” –деп айтышчу. Азыр болсо “Аксак! Кыйшык” деген атка кондум. Ооба, мындай сөздөрдү кичинемден бери угуп келе жатам, кулагым бышып бүттү. Көрсө мага буйруган тагдыр ушундай экен... Менин тагдырымдын ушудай жолу канчага чейин созулат билбейм. Жанымды азапка салып күрөшкүм да келбей калды. Врачтарга барып акчасын берсең азыр деле операция жасаганга даяр...

Биздин универде менден 2 жаш улуу бала окучу. Анын да меникике окшош “жашыра албас” көйгөйү бар эле. Кичинесинде аттан жыгылыптыр, бир колу менен бир буту туура эмес өсүп калган. Ал да мага окшоп аксап басат. Экөөбүз жакшы сүйлөшчүбүз, ал мага арзуусуна татыган кыздарга арнап жазган ырларын окуй берчү. Бир күнү ал менин бир бөлөмө көңүлү бар экенин айтып, номерин сурады. Мен баш таркан жокмун, бердим. Арадан бир топ убакыт өттү. Бир күнү жанагы бөлөм үйгө келиптир. Мен болсо сөзүмдүн ыгы менен мындай сөз баштадым:

- Сага бирөө аябай аракет кылып жүрөт...

- Ким экен ал?

- Сен жөнүндө көп ойлоном дейт... Сыртыңдан байкап жүрөт экен.

Ал бир аз ойлонуп турду да, анан аны билгендей:

- Иии. Ага айтсам деле болбойт. Түшүнбөй койду деги..

- А эмне анын түшүнүгү аз бекен?

- Э жоок эй, андай эмес. Анын мага үйлөнөм деген оюу бар экен.

- Анан. .?

- Анан ошо. Өзүң ойлосоң, мен ошого кантип тием. Кантип ал менен жашайм. Өмүр бою аны жанымда кыйшыйтып ээрчитип жүрөмбү? Ошондой кантип болсун... Башка бала табылбай калгансып...

- Жигитиң барбы сенин?

- Табылат да, кантип жок болсун... – деп мага күлүмсүрөп койду.

Сөзүбүз бат эле бүттү. Ал жанагы сөздөрдү айтып жатканда мага катуу тийип жатканын билген жок. Бир чети мен көптөн бери ойлонуп жүргөн суроолорума жооп уккандай болдум. Ооба, чын да, ким эле өзүнүн тагдырын курмандыкка салып, өмүрүнүн калган бөлүгүн биздей адамдар менен жашап өткүсү келсин. Албетте аны эч ким каалабайт... Бөлөмдүн айткан сөздөрүн тиги балага айткан жокмун, көнүлүн ооруткум келбди. Бир күнү жолукканда ал өзү айтты. Сөзүнүн аягына чыкпай эле “...эми билесинда себебин...” – деп тим болду.

Кыштын суук күндөрү өтүп, жаз кирип келди. Жаз менен келген байчечекей гүлүндөй болуп, калың кийимдерин чечип, кыздар да “жаңыланды”. Тим эле бирине бири эрегишип кийинишет. Уйкуда жаткан кылыктары да ойгонуп дегендей... “Март, апрель, май - кыз гүлдөгөн ай” деген сөз бекринен айтылбаптыр да... Кыздар эле өзгөрдү дейин десең балдар деле өздөрүнчө бушайман. Турат ар кайсы жерде 5-6 дан болуп, торун жайып “алтын балыгын” күткөн балыкчыдай, ары – бери өткөн кыздарды көздүн кыры менен узатып. Эх.. студенттик күндөр сонун да өзү... Бирок мен ал балдарга окшоп, ар кайсы кызга көз артканга шыгым жок эле. Анын үстүнө суроолорумдун жообун тапкандан кийин, “личный фронтту” токтотуп койгом. Ал тыныгуу 1 жылга созулду.

Ооба айтылгандай бир жыл өтүп, 4-курсту бүтүп жайкы каникулда жүргөнбүз. Бир күнү бир группалашымдын жумушуна барып ал менен сүйлөшүп отургам. Ангыча бир кыз келип группалашымдан бир нерселерди сурап калды. Ошол мезгилде менин үзүлбөгөгөн үмүтүмдүн шооласы жандана түштү, бир көрүп эле ал кыз менин көңулүмө жагып калды. Группалашымды ортого салып, дароо номерин алдым. Сүйлөшө баштадык. Баары “мурдагыдай ценарий” менен (Акмөөр экөөбүздүкүнө) окшошуп баратты. Бир гана өзгөчөлүгү мен аны көргөм... Мени ойлондурганы аягы да “окшошуп” бүтүп калбаса дегеним. Ошондуктан мен баарына даяр болдумда көзүнө бир көрунүп коеюн дедим. Анткени мен жашыра албайт элем да, бир күнү баары бир билинмек... Убакытты созгум келбеди. Ага жолугууга бараттым. Жол боюнда адаттагыдай жылуу сөздөрдөн сүйлөшүп көңүлүм көтөрүнкү, бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө канча бир убакыттан кийин баары башкача болоорун сезип бараттым. Ооба, ал менин жашыра албас “сьюрпризимди” күтпөсө керек.. Башкача айканда ал биздин биринчи жана акыркы жолгушуубуз болду. Азыр деле көрүшүп калабыз, бирок ал жолунан бурулуп, башка жака кетип калат...





Ооба мен мындай болоорун билгем. Билсем дагы үмүтүмдү үзбөй келгем. Бирок эми баары аягына чыкты, жараланган жүрөгүмдү жан үрөп, алдыга сүйрөгөн үмүтүм да арагасы жок үзүлүп баратты... Жеке жашоомду жөнгө салууга канчалык аракет кылбайын баарыбир ушинтип бүтөт. Мен бул жашоодо башкаларга тең эмес экенимди түшүндүм, түшүнүүгө аргасызмын. Башкалар жеткен бакыт менден алыс, мен үчүн башка бир бөтөн нерседей туюлат. Көрсө мен ушуга чейин өзүмдү өзүм алдап келиптирмин. .. Айлана – чөйрөмдү, адамдар жөнүндө башкача ойлоп жүрүптүрмүн да, орусча айтканда “разочирование” менде күчөдү. Эч кимге мурдагыдай жан дүйнөм менен мамиле кылгым келбейт. Менин эми бир гана ойлонгонум, башка жака кетүү, жаңы жашоо баштоо эле. Дал ушундай максат менен аракет кыла баштадым. Ошол мезгилде жыл жаңырып, кышкы каникул жүрүп турган. Учурдан пайдаланып керектүү маалыматтарды чогултуп, тийиштүү адамдар менен байланышып ден соолугумдун абалын айттым. Анткени барып алып жөн эле убара болгум келбеди. Ал адам мага жолгугушуу сунуш кылды. Ушундай эле сушуштар дагы 2-3 агенствонун катчылары менен сүйлөшүүдө болду. Байкасам Турцияга кетүү башкалара салыштырмалуу оңой экен бизде.

Ошентип Бишкекке жолдо баратып, башымда ар кандай ойлор: “маектешүүдөн(собеседование) кандай суроолорду берет? Кантип татыктуу жооп берем? Такыр ойлонбогон суроону берип калса эмне кылам? Эң негизгиси болжонгон жерге белгиленген убакытта кечикпей барышым керек. Өзүмдү татыктуу көрсөтүшүм керек” –деген өңдүү суроо –жооптор менен машаккаттанып узун жолду кыскартып бараттым. Бишкекке келдим.Эртеси мага эң биринчи сүйлөшкөн адамга жолуктум. Өзү түрк улутундагы адам экен. Аты жөнүмдү айтып тааныкандан кийин, ал:

- Гид болуп иштей аласынбы? Тил билесиңби?

- Ооба. Иштей алам.

Мен ага тил боюнча алган сертификаттарды көрсөттүм.Ал менин баскан-турганымды көрүп:

- Ден –соолугуңа байланыштуу кыйынчылыктар болбойбу? – деп чоочулап жаткандай түр көрсөттү.

- Жоок. Менин басканым ушундай. Бирок эч жерим оорубайт. Ал жагынан көйгөй жаралбайт.

- Анда паспортүндүн көчүрмөсүн алып, эртең саат 9:00го биздин кеңсеге келип кал каттоодон өтүшүң керек. Каражат маселеси кийинчирээк чечилет. Суроолоруң болсо чалып тур. - деди да жолуна түштү.

Эртеси айтылган дарекке бардым. Сыртында түрдүү көрнөк – жарнактар илинген тур агенствонун кеңсеси экен, бирок эшиги жабык. Дароо номерине чалдым. Орус адам алып, “Азыр бизде Турция менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Болжол менен бир жумага созулат го...” – деди. Алгачкы күмөн ойлор жарала баштады. Анткени мурда сүйлөшкөндө мындай болоорун айткан эмес. “Эң негизгиси талап кылынган акчаны төлөп, маектешүүдөн өтсөң болду” – деген эле. Бүдөмүк ойлорго баш оорутуп, келген жолума түштүм. Кантсе да ушунча келгенден кийин бир жума күтүүнү туура көрдүм. Ал ортодо башка агенстволорго баруунун араркетин көрө баштадым. Кийинкиси Канадага барууга болот экен. Телефон менен дарегин таап, кеңсесине барсам мени орто жаштагы эже тосуп алды. Ал эже мен жөнүндө толугураак маалымат алууга шашылды. Берилген суроолорго тиешелүү түрдө жооп берип жаттым. Ооба майыптыгымды сурабай койгон жок. Анын да жообун алды...

- Биздин компаниянын бул багытта иш алып барганына көп эле убакыт болду. Бирок сиздей кардар менен биринчи жолу жолугуп жатам...

- Эч кандай мүмкүнчүлүк жокпу?

- Мурда бизде мындай учур болбогондуктан сизге кандайдырбир маалымат бере албайм... Бирок мен сизге тийиштүү маалымат алып берүүгө аракет кылайын... Мүмкүн болсо сизге кабарлайм.

- Рахмат.

Телефон номеримди жазып алды. Мен сырткы эшикке бет алдым.

Үйдө эки – үч болдум. Эртеси дагы бир компания менен байланыштым. Аларда Турция менен иштешет экен. Дарегин алып көчөгө чыктым да маршруткага отурдум.Бийик имаратка кирип, 4-кабатка көтөрүлдүм. Менин аркамдан дагы 3-4 адам келе жатты. Айтылган дарек боюнча барып, каалганы такылдаттым. “Кириңиз.” – деп мага бир эже отургучту көрсөттү. Ангыча жанагы аркамдан келе жаткандар да киришти да отургучтан орун алышты. Тиги эже менден кийин келгендер менен сүйлөшүп жатты. Алар мурда Турцияга баргандар экен. Айтор алардын маеги узак эле болду... Акыры алар кетүүгө документтерин чогулта турган болушту. Алар кетти.Байкасам тиги эже мага көңүл бургусу жок. Анан өзүм сөз баштадым. Өзүмдү тааныштырып, сүйлөп жатсам, тиги эже сөзүмдү бөлүп, атымды айтып “Мен сизге жардам бере албайм.” – деп токтоду. Ооба,мен баарын түшүндүм... Сөзүмдү улоонун кереги жок болуп калды. Ошол маалда алысыраакта отрган орто жаштагы түрк адам мени бир карап тиги эжени бир карап өзү ыңгайсыз болуп кетти. Мен ордумдан турдум да эшикке чыгып кеттим. Чындыгында, тиги эженин мындай мамилесине жиним келди... Сыртка чыгып, тратуар менен белгисиз тарапка басып бараттым. “Неге мындай? Эмне үчүн? Кудай мени ушундай кылып жаратып койгону үчүнбү? Оо, Кудай канча жолу менин тагдырымды ташка чабасың? Деги ушундай күндөрдүн аягы барбы?” Ушул суроолор жанымды жеп, өзөктү өрттөп барат. Өзүмөн өзүм кыжаалат болуп, Бишкекке келе жаткандагы ойлогон ойлорумду эстеп алып, бирде күлкүм келип бирде жиним келип бараттым. Аялдамага келип келген маршруткага отуруп кайра кеттим.

Дем алыш күндөрү өтүп жатты. Календарды карасам келгениме 1 жума болуптур. Эртеси биринчи кайрылган агенствого барсам дагы эле жабык. Номерине чалсам баягы орус адам: “Турция менен сүйлөшүүлөр бүтө элек, анын үстүнө биз башка офиске көчүп жатабыз. Ошондуктан азырынча сиз менен жолуга албайбыз. Сиз келе турган күндү мен өзүм чалып айтам.”- деди. Ошо менен чалган жок. Кыскасы ал да болбой калды. Ошентип майыптыгым тагдырымды таарытып,жашоомду тигил жагынан да бул жагынан да бууп салды.

Узун жолду улаштырып, жолду карай, өз үйүмө ойлуу бараттым. Ичимен түңүлүп, тагдырыма таарындым. Анда-санда тегерегимди бир карап коем. Байкасам кээ бирөөлөр узун жолду кыскартып, кызуу маектин үстүндө, башкалары баштарын шылкыйтып таттуу уйкуда. Мен болсо рульда отурган айдоочудай ойлуумун... Ал жолду карап бир сырдуу, мен болсо терезени тиктеп бир сырдуумун. Жок, менде бир сыр эмес көп сыр бар. Сырбы же арманбы айтор жоопсуз суроолордун аягы жоктой, өтө эле көп. Мурдагылары аз болгонсуп эми дагы кошулду. Сыртымдан муңайып,ичимден өрттөнөм. Жан дүйнөнүн оруусу деген ооруп кыйнабаган, бирок ойго салып, жанды жеген оруу тура көрсө. Башка нерсени ойлойун дейм бирок кайрале туңгуюкка тушалам. Андай учурда башка ойда келбейт экен да. Баары на зло.

Ошентип үйгө да келдим. Үйдөгүлөр баарын айттырбай түшүнүштү. Ооба,түрүм айтып турат да баарын. Көп сүйлөбөдүм. Бир аздан кийин “Кеч болуп кетти, анын үстүнө жолдо жүрүп чарчадым, мен жатып эс алайынчы.” – деп жаткан ордума жөнөдүм. Уктайын десем уйку жок. Жаздыкка башымды койсом жүрөгүмдүн соккону кулагыма угулат. Өзүмдү өзүм жек көрүп: “Ким үчүн, эмне үчүн согуп жатасын жүрөгүм? Мындан көрө токтоп калбайт белең! Сен дагы мен дагы кыйналбай, жаныбыз жай алат элего. Же экөөбүздү дагы алдыда бир нерсе күтүп турабы? Сен ошон үчүн согуп жатасыңбы?” Жүрөгүм да жооп бергиси келбейт, тек гана өз ишин улантууда. “Ооба, бир кезде сенде сезим деген нерсе болгон. Мен болсо ага үмүтүмдү улап, башка журөктөн орун издегенбиз. Бир эмес бир нече жолу. Бирок алар бизди теңине албады, кемсинтишти. Ооба, мен кеммин. Аны жашыра албайм. Ошондуктан сен экөөбүзгө башка жүрөктөн орун жок. Азыр сенин сезимиң өчкөн, менин үмүтүм үзүлгөн. Сен эми менин денеме кан айланткан жөн гана бир этсиң, мен болсо жашоомдун маанисин жоготтум”. Ишенесиңерби достор эгер мен кыз болсом, ошондо жаздыкты суу кылып өкүрүп ыйлат болчум.

Баарын таштадым. Жалгыздык менин жан досум болду. Мындайда дос болуп жүргөндөр кумга сиңген суудай жок болду. Агарып аткан таң кызарып баткан күн кандай өтүп жатты билбейм. Баары окшош:универге барам, келем, уктайм же тв көрөм, кечки тамакты ичем, кайра уйку. Ушундай күндөр көпкө уланды. Акыры 5 жылдык убакыт да соңуна чыгып, мамлекеттик экзаменди, дипломду жактап, студенттик күндөр менен коштоштук. Эртеси өзүмө - өзүм суроо бедим: “Чын эле баары бүттүбү?”- деп. Албетте, мен ушундайча бүтөрүн билген да, каалаган да эмесмин. Окууга жаңы тапшырганда сонун ой - максаттар бар болчу... Студенттик өмүрүмдү башкалардай болуп, татыктуу жашап өтө албадым. Ушул 5 жыл аралыгында, эт жүрөгүм жалындуу жаштыктын демине зар болуп, ак сүйүүнү, аруу сезимди эңсеп өттү. Менда чын жүрөктөн сүйүп, ак сүйүүмдү арнагым келет. Бирок мени эч ким сүйбөйт... Мен үмүттөнгөн кыздар менден тезирээк кутулууга аракет кылышат. Аны билгендер болсо, “Сага да Кудайдын буйруганы бар...” – дешет. Ооба, андан башка не демек эле. (Силер деле ошентип жазасыңар).

Ушундан улам “Мени кандай келечек күтүп турат? Өмүр бою ушинтип жалгыз жашап өтөмбү? Деги мага ушундай жашоонун кереги барбы?” деген суроолор жаралды. Албетте кереги жок. Ошондуктан мен өз жанымды кыйууну туура көрдүм. Ойлоп көрсөм мен чындап эле эч кимге керегим жок экен. Бир кезде жеңилимди жерден, оорумду колдон алган бир туугандарыма деле. Ооба андан бери 15 жылдан ашык убакыт өттү. Көп нерсе өзгөрдү дегендей. Эми алардында өз үй-бүлөсү бар. Аларды да туура түшүнүү керек, жашоонун мыйзамы ушундай. Бирок, менин жашоомдун мыйзамы мени ушундай кадамга барууга түртүп жатат. Башка жол жок... Баарынан апама мени жоготуу өтө оор болот ко... Бирок убакыт баарына даары. Жашоо бир ордуна турбайт. Эртеби - кечпи баары унтулат. Буну баарыбыз билебиз достор.

Ошентип мен өз жашоомду жыйынтыктап жаттым. Баарын ойлонуп, баарына чекит койдум. Бирок мени бир нерсе токтотту. Акыркы минуттарда мен негедир меникине окшош тагдырды жашап жаткандарды, тагыраак айтканда мага окшогон майып адамдарды ойлодум. Себебин билбейм бирок ошондой ой келди мага. Мен жалгызмын бирок башка бир жерде мага окшоп жалгыздыктын жеңүүнүн жолун издегендер бар деп ойлодум. “Бирөөгө пайдалуу кеңеш бере алганың менен аны аш кылар акыл бере албайсың”- деп бир ойчул айтып өткөндөй, биз жашап жаткан жашоонун оор – жеңилин дени сак адамдар сезе албайт. Кээ бирөөңүздөргө бул жазганым жакпай калышы мүмкүн, бирок бул чындык...

Араңарда чындап эле майып адамдар, чындап эле “менин досторум” бар болсо байланышууга чакырам. Бири –бирибизге кайдыгер карабайлык. Жараткан бизге ар түрдүү “азаптарды” таңуулап койгон. Бирок биздин максатыбыз бир. Башкалар бизди кемсинте беришсин, бирок биз бири – бирибизди колдойбуз.Анткени биз да татыктуу жашоого укуктуубуз! Эгер байланышууну кааласаңыздар купуяга жазгыла.

Сиздерди урматтоо менен Тaranchy.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   edu.kg   13 Август 2014 - 14:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Окуп бутуп чындилимден кейидим сага сага туш болгон тагдырына эхх.. Эмне демекчимин сен айткандай алты саныбыз аман туруп кандай гана акылсызбыз деп ойлоп калдым себеби кудай берген ден соолука конул кош карайт экенбиз бироосу тамекини ышкыртса бироосу аттай ден соолугу туруп арак деген немени шимирет жэ болбосо ошол ден соолугун пайдаланбай жалкоолонуп иштен качып ар кандай жаман нерселерге барып жатышат... Сага айтаарым эч конулунду чоктурбо жакшылыктан умутунду узбо билимдуу жигит экенсин сени да барктаган бироо чыгаар кудайым буйруса. Антип жаман ойлорго алдырба суранам оз жанынды кыйган менен анын кимге пайдасы бар айтчы? Ошондуктан сен да бактылуу болууга укугун бар,сени да тушунгон бир кыз тургандыр бешененде. Ден соолук ийгилик каалайм.!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   13 Август 2014 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Элес кылып окуп отуруп өзүмчө буулугуп да кеттим…
Жакшы күндөн үмүт үзбөңүз.
Үмүтсүз адам - караңгы жолдогу адам.
Үмүт - жарык, нур берүүчү.


Өзүңүздү кыйып "проблемаларга" чекит кое албайт элеңиз…
Кайра баарын күчөтмөксүз.
Сабырыңызга береке.
Дагы да сабырдуу болуңуз (ооба, айтып коюу оңой)...
Келечек алдыда.
Баары жакшы болот деп билем, ин ша Аллах!
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Aygul   13 Август 2014 - 20:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Аллага ишен, баары жакшы болот. АллаТаалам баарын шериги менен жаратат. Ишен, менин тууганым бар, жашында травма алган экен. Буту кыйшайып калган, басканда кыйналып басат, жыгылып кеткендей. Эч кандай опперация кылган эмес. Бир жакшына кызга уйлонгон. Женебиз аябай жакшы. Азыр экоо 5 баланын ата-эненин, неберелуу адамдар. Сен уйлонсон акылдуу кызга уйлоносун
Мына, кордунбу, баары жакшы болот, ишен.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   bai.kymbat   14 Август 2014 - 11:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

Адамды кемсинкен адам, озу кем адам! Силердин да оз ырыскынар озунордо! болгону умуттуу узбош керек. Абдан так, маданияттуу суйлогон билимдуу жигит экенсин. Газета, радио жаатында тил, компьютер тармагында иштесен сага ылайыктуудай сезилди. Баардык адамга бирдей караган "Супер Инфо" редакциясына кайрылып корсончу, Кылычбек агай балким сени жумушка алат... (жеке оюмда)


келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   suyom_seni   14 Август 2014 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 20 Март 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2018 15:58
  • Жынысы:Аялзаты

Бул дуйнону сыноо дейткен. Сыноо учун жаралганбыз баарыбыз.. Бирибизге бут денебизди соо кылып туруп сынайт экен ..Бирибиздикин кем кылып сынайткен.. Аллах оз суйгон пендесине кооп сыноо береткен... Бул дуйнодо кем болсонуз, Акыретте денеси соо бизден даражаныз бийик болот Аллах буйруса.. Аллахым сизге сабыр берсин.. Умутунузду узбогуз.. Аллах мээримду зат баары жакшы болот буйруса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Aygul   14 Август 2014 - 15:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Умутуну узбой кыздар менен суйлошо бер, ошолордун арасында сенин болочок жарын. Суйлошпосон журо бересин да. Сен эмес бардык эле балдар коп кыздар менен таанышып, 10-чу кызга уйлонушуп жатпайбы? Коруп окуп эле журобузго алардын армандарын.
Пока бешенеге жазган адамга жолукмай сайын баары арман боло берет. Аракет кыла бер иним, бир куну жарк этип алдынан чыгат.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   bazi83kg   30 Декабрь 2014 - 04:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 13 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Май 2017 00:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалалабад =ош

Алла таала ар бир адамга бактылуулук насип этсин жакшы тилек кыл
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   raia   30 Декабрь 2014 - 08:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 28 Июл 2025 23:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен бул теманы окубапмын дагы бир кыздын арманы болсо керек десем керек.Эми балам ушунчалык кыйналыпсын, ооруунун азабын да коп тартыпсын,турмуштун да...
Умутсуз шайтан деген.Сен жашоодон умутунду узбо.Сен кыйналып,кыйналып асканын чокусуна жетипсин,эми турмуштун рахатына жеткенде чокуудан озумду таштайм дегенин не..Сен турмуштун аскасына чыктын,эми узурун кор.Акылы жок эки кыздын кылыгына сен таарынба балам.Турмушта жакшы кыз коп.Кыз баланын назы бар дейт.Эч качан жакшы кыз колун биринчи сунбайт.Тышкы кебетеге кызыккан кыз сага деле жакшы жар болуп бербейт эле...Журогун суйгон кызга жетпешин мумкундур бирок жакшы кыз тагдырына жолугат деп ишенем.Колунда дипломун бар экен,турмуштун акедемиясын окуп отупсун,келечекте жакшы жар,суйктуу ата болот деген умут менде болуп турат.Эч озунду жаман ойго жетелебе.Сени апан,бир туугандарын не деген умут менен чонойтуп,дарылатып, окутуп эрезеге жеткирди.Алардын умутун кунумдук конул чоккон кыялын менен таш каптырба.Аллахым пендем десе балам деп энени кан какшатырбасын. Эненди сыйла,эненди ойло...
Алты саны аман жигиттердин деле жолу бир кундо же бир жылда ачыла койбойт.Ошон учун жыгылган курошко тойбойт болуп,турмуш менен курошо бер,бир кун болбосо да бир кун жолун ачылары шексиз....
Коптун катарында бир кун жолун ачылып,уйлонуп бала чакалуу болушун тилеп кетем.Аллахым озу колдосун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   al79mi   30 Декабрь 2014 - 09:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 15:06
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

бул эми июль айында жазылган экен. Бирок сен бул жазылгандарды окуйсун деген ишеничтемин. Балким азыр жашоон бир калыпка тушуп келе жаткан чыгар. Ошентсе дагы айтайын олгондон пайда жок. Жакшы нерселерди коп ойлон, озунду жалан жакшы нерселердин арасында элестет. (Мысли материальны) . Сен созсуз ийгиликтерге жетишесин. Баарыбыздын эле жашообуз калыпка салгандай тизилип бир же эки жылда онолуп кеткен эмес. Бекем бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Январь 2015 - 07:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Автордун абалы кандай экен?
Баары жакшыбы?
Учурда не менен алексиз автор?
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   sekelek96   04 Январь 2015 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 20:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-Кол

Журогум сыгылып кысылып,аягында коздогу жаш бетимди жууду...биздин арман арман деле эмес экенда корсо...Мен ишенем сиз бактылуу болосуз!! !
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   kg.sity93   04 Январь 2015 - 13:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 15 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 10:15

Рая эжебиздин айтканына 100пайыз.кошулам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Taranchy   07 Январь 2015 - 01:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Саламатсыздарбы урматуу форумчулар. Жазган коментарийлерди окудум. Акыл кошуп, ой бөлүшкөнүңүздөргө чооң рахмат. Дагы да окуп турам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 02:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: