Абже кандайсыз? Менда бир суроо берүү үчүн, келип калдым.
Ушул форумдун, сиз үчүн канчалык денгээлде кызыкчылыгы бар?
Интервьюну ийгиликтүү өткөрүп алыңыз.
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#9302 08 January 2015 - 01:35
Ва эээ Аким)))
Акимдерге не жок дегениме капа болбодуңбу?
Акимдерге не жок дегениме капа болбодуңбу?
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
#9303 08 January 2015 - 02:33
Салам Нурзида кыз! Интервюга куш келипсиз!
Билишимче бу форумдагы акимдердин баары эле мугалим экен Клара менен Мирлан акимден башкасы. 1) Суперстан да озунчо мамлекет. Коррупцияга белчесинен баткан, мени бан кылдын, менин билдируумду очурдун ж.б деп кунуго митинг-пикет,
нааразычылык орун алган мамлекетте аким болуп иштоо кандай экен? 2)Кесибин мугалим экенин бирок кайсыл предмедтен экенин айтпаптырсын.
Ошону ачык айтсан кесибине ылайык 2.3 суроо ыргыталы? 3) Келечектеги жолдошун кандай болсо деп кыялданасын?
4) Кыялкечсинби?
Же...? 5) Билим алган окуу-жайын ОшМУнун ректору Каныбек Исаков кайдан жана канчанчы жылкы болот? Кандай эмгектерин билесин? Жана кандай наамдардын ээси? Жоопторго алдын ала рахмат! Ар дайым бар бол! Бактылуу бол!
Ва алейкум салам байке. Келип калдык
Суроолоруңузга келсек,
1. Акимдикке келгениме 3 айдын жүзү болуптур. Ушул үч ай ичинде аз да болсо кээ бир нерселерди үйрөндүм десем болот. Суперстан менин вирттеги дүйнөм. Мамлекетим. Мурда суперге кирээрим менен башкы бетти карасам, азыр суперстанга кирип "Жүрөк сырына" баш багам. Эмне болду, кандай билдирүүлөр бар бир сыйра көз жүгүрткөн соң, башка жакка "сапар" алам. Иш алып баруу жаатында болсо, банга кетирүү, эскертүү берүү мен үчүн оңой десем жаңылышкан болом. Анткени, мен деле башкалар сыяктуу катардагы форумчумун, суперстандын жаранымын. Кээ бир билдирүүлөрдү эрежеге ылайык өчүрүүгө туура келет. Андайда албетте, тиги форумчунун ачуусу келээри анык. Аны жакшы билем. Бирок, эреже деген, эреже да. Суперстандын жараны болгон соң, баш ийүүгө милдеттүүбүз. Ошентип, кээде ачууланып, кээде ичим ачышып (эскертүү берип, банга кетиргенде) иштеп жүрөм. Жаңы аким болгонумда кээ бирөөлөр айтышты эле, "Башыңа балээ кылып не кыласың", "Ашыкча түйшүк" деп. Бирок мен түйшүгүн же ашыкча жүк экенин деле сезе элекмин азырынча. Болгону өз бөлүмүңө бир аз убакыт бөлүп коесуң, болду.
2. Ушундан башка суроо болсо жакшы болмок. Бул суроону жоопсуз калтырсам капа болбойсуз деген үмүттөмүн.
3. Келечектеги жолдошум ар тараптан менден бийик болуусун калайт элем. Себеби, аял кишинин эркектен өйдө болгонун жактырбайм. Анан да, ичпеген, чекпеген, турмушка олуттуу көз карашта болгон, окуган, чыныгы мырзага тиешелүү сапаттарга ээ болгон (убадасына турган, эр жүрөк, патриот, аялчасынан болбогон нерсеге таарынбаган, майдалана бербеген ж.б.) мырзаны кыялдана берем. Ал эми сырткы келбети болсо кашы-көзү капкара, кирпиктери төгүлгөн, бой-келбети келишкен, ашкан сулуу дегенден алысмын. Жылдыздуу болсо болгону. Анан, өзүм кичинекей болгондуктанбы, бою орто же ортодон бир аз узун болсо деп да кыялым менен образын түзүп алам(уялган быйтыкча). Кудай буйруп кыялдар орундалып калса ажеп эмес.
4. Ооба, аябай эле кыялкечмин. Кээде курук жел кыялым менен эмнелерди гана ойлобойм
5. Каныбек Исаков 1969-жылы туулган. Ноокаттын кулуну болот. ОшМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору, профессор жана Ош шаардык кеңешинин депутаты. Агай ОшМУга биз окууну аяктаарда ректор болуп дайындалган. Тагыраагы 2011-жылы. Каныбек Абдуваситовичтин эмгектеринен окуй элек болсом да, биографиясына көз жүгүрткөндө окуп калганым бар эле.
“Б. Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” , “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” , “Тамсил кудурети” ж.б.
Сыйлыктары болсо:
“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, Ч. Айтматов коомдук академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы ж.б.
Жакшы каалоолор үчүн ыраазычылык байке
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9304 08 January 2015 - 02:45
Активистка аким эже кандайсыз, суроолорго чарчабай жооп берип жатасызбы?
1. Алдыга карай умтулуунуздун себеби...
2. Идеал туткан адамыныз...
Алдыдагы интервьюнузга ийгилик...

1. Алдыга карай умтулуунуздун себеби...
2. Идеал туткан адамыныз...
Алдыдагы интервьюнузга ийгилик...
Жакшы буйруса Жаси. Колдон келишинче жооп берип жаткан кезим.
1. Алдыга карай умтулуунун себеби келечекти, эртеңки күндү жакшы үмүттөр менен күтүү. "Адамга эң кыйыны күндөн-күнгө адам болуу" деп улуу жазуучубуз Айтматов айткандай, алдыга умтулуу да адам болуу мен үчүн. Адам катары калыптануу. Адам бирөөнү эмес, өзүн-өзү тарбиялап, өз үстүндө иштөөсү да көп эмгекти талап кылат. Андыктан, алдыга карай умтулуу жана инсан болуу керек.
2. Мусулмандар үчүн Пайгамбарыбыздан(САВ) башканы (мааниси ушундай болчу) идеал тутууга болбойт деп укканым бар эле. Анан ар бир кыз эле өз апасын идеал тутса керек мага окшоп ))).
Бар бол сиңдим. Келип тур
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9305 08 January 2015 - 02:59
Саламатсызбы Нурзида эже ? Мен да бир суроо бере кетейинчи. Адамга баарынан эмне кымбат ?
Саламатчылык сулуу. Бер, берегой.
Адамга баарынан кымбаты убакыт. Убакытты туура пайдалануу керек. Өз убагында жакындарыбызды сыйлап калуу, өз учурунда акыретти да ойлоп, мусулмандык парздарыбызды аткаруу.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9306 08 January 2015 - 03:08
Абже кандайсыз? Менда бир суроо берүү үчүн, келип калдым.
Ушул форумдун, сиз үчүн канчалык денгээлде кызыкчылыгы бар?
Интервьюну ийгиликтүү өткөрүп алыңыз.
Ушул форумдун, сиз үчүн канчалык денгээлде кызыкчылыгы бар?
Интервьюну ийгиликтүү өткөрүп алыңыз.
Кел үкөм. Мен жакшы шүгүр. Өзүң кандай жүрөсүң мекенде? Суроого жооп силерден айлансын
Вирттеги дүйнөм да менин. Мамлекетим. Жогоруда айтып кеткендей. Реалда силерге кандай үйрөнгөн болсом, суперстанга да ошондой үйрөнүп калгам.
Рахмат үкөм
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9307 08 January 2015 - 04:28
Salam nurzida. 1. Uchurda jigitin barby, jok bolso jaktyryp jurgonunchu? 2.suiuugo kabylgansynby? 3.forumdagy jigitter awyk bolso kandai kabyl alasyn? 4.forumda sen baalagan erkekter kimder? 5. ozgondun kaerinen bolosun?
(Mojet bir aiyldan bolup kalabyzdy degenim.)
(Mojet bir aiyldan bolup kalabyzdy degenim.)
#9308 08 January 2015 - 09:18
Ва эээ Аким)))
Акимдерге не жок дегениме капа болбодуңбу?
Акимдерге не жок дегениме капа болбодуңбу?
Ойееее Шекебай, а бу келип калыпсың жердеш
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9309 08 January 2015 - 10:14
Salam nurzida. 1. Uchurda jigitin barby, jok bolso jaktyryp jurgonunchu? 2.suiuugo kabylgansynby? 3.forumdagy jigitter awyk bolso kandai kabyl alasyn? 4.forumda sen baalagan erkekter kimder? 5. ozgondun kaerinen bolosun?
(Mojet bir aiyldan bolup kalabyzdy degenim.)
(Mojet bir aiyldan bolup kalabyzdy degenim.)
Ва алейкум салам. Куш келипсиң мырза. Суроолор жалаң жигиттер тууралуу го ээ
1. Учурда жигитим да, жактырганым да жок. Супер бойдокмун
2. Балалык сүйүүнү эсепке албаганда, чыныгы сүйүүгө кабылбадым деле.
3. Форумчу жигиттер форумчу дос мен үчүн. Эгер ошондой учурга туш болуп калсам деле, мен үчүн форумчу гана болуп кала берет.
4. Форумда эркектер көп да эми. Кээ бирин виртте гана таанып жүрсөм, кээ бирлери менен реалда да таанышмын дегендей. Вирт менен реалдын айырмасы чоң. Ошондуктан эки топко бөлүп жооп берейинчи бул суроого.
Вирттен баалаган мырза бул Дауд таксыр. Жазган билдирүүлөрү аябай маанилүү, таалим-тарбиялуу.
Ал эми реалдагы мырзалардан мен тааныган жоон топ форумчулардын анча-мынчасын гана эсепке албаганда, баарын баалайм. Баарынын өз орду бар менин жүрөгүмдө. Өзүмдүн инилеримдей көрөм (көпчүлүгү менден кичүүлөр). Жакын санаалаш достор. Ошондуктан бирин-экинчисинен бөлө албайм.
5. Өзгөндүн кайсы айылынан экенимди купуяңа жаза кетейинчи ээ? Мүмкүн чын эле бир айылдан болоорбуз
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9310 08 January 2015 - 17:36
rnurzida
эже мага да купуяма жаза кетинизчи сураныч айылынызды
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#9311 08 January 2015 - 17:48
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9312 08 January 2015 - 17:58
Саламатсызбы!
Биринчиден сизге жашоодогу баардык жакшылыктарды каалайм! Жакында эле Мега жолугушууну уюшутуруп канчалаган форумчулардын башын бириктирип жакшы маанай тартуулап бердиниз ал учун ыраазычылыгымды билдирем. Адамды жонокойлугу менен баалап бил дейт. Жонокойлугунузго баа бердим. Ар дайым форумдун акими болуп, форумчулардын кузгусу болуп журо бериниз.
Ал эми сизге суроом:
1:Сиз учун аялдык бакыт?
2: Ислам дининен терен тушунугунуз барбы?
3: Намаз окуйсузбу?
4: Жашоодогу маанилуу максатыныз? (Жооптор учун ыраазычылык, интервьюга ийгилик!
Ал эми сизге суроом:
1:Сиз учун аялдык бакыт?
2: Ислам дининен терен тушунугунуз барбы?
3: Намаз окуйсузбу?
4: Жашоодогу маанилуу максатыныз? (Жооптор учун ыраазычылык, интервьюга ийгилик!
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#9313 08 January 2015 - 18:40
Саламатчылык.
Куш келиңиз. Ооба, мугалимдик кесипке ээ болгом. Азыр эми мугалимдер гана эмес, башка кесиптин ээлеринен деле сабатсыздарды тапса болот. Анын себеби баарыбызга эле белгилүү болгондой экзамендерди акча менен бүтүрүү да. Мындайча айтканда, коррупция себепчи. Келечекте оңолоорбуз буйруса.
Cаламатсызбы, Нурзида. Сиздин жообуңуздан кийин кайрадан суроо жаралды. Коррупция жөнүндө айтканыңызга кошулам, бирок бул медалдын бир гана жагы да, а адам фактору кайда калат... Кесипти туура эмес тандаган абитуриенттин, баласынын эмнеге жөндөмдүү экенин билбеген ата-эненин жоопкерчилиги кайда калат?..
#9314 08 January 2015 - 21:55
Саламатсызбы!
Биринчиден сизге жашоодогу баардык жакшылыктарды каалайм! Жакында эле Мега жолугушууну уюшутуруп канчалаган форумчулардын башын бириктирип жакшы маанай тартуулап бердиниз ал учун ыраазычылыгымды билдирем. Адамды жонокойлугу менен баалап бил дейт. Жонокойлугунузго баа бердим. Ар дайым форумдун акими болуп, форумчулардын кузгусу болуп журо бериниз.
Ал эми сизге суроом:
1:Сиз учун аялдык бакыт?
2: Ислам дининен терен тушунугунуз барбы?
3: Намаз окуйсузбу?
4: Жашоодогу маанилуу максатыныз? (Жооптор учун ыраазычылык, интервьюга ийгилик!
Ал эми сизге суроом:
1:Сиз учун аялдык бакыт?
2: Ислам дининен терен тушунугунуз барбы?
3: Намаз окуйсузбу?
4: Жашоодогу маанилуу максатыныз? (Жооптор учун ыраазычылык, интервьюга ийгилик!
Саламатчылык бийкеч. Куш келипсиң. Жакшы ойлор, жакшы тилектер үчүн ыраазычылык
1. Аялдык бакыт деп бир өмүрлүк жакшы жолдошко туш болгон, энелик бакытка ээ боло алган, уул-кыздарынын жакшы күнүн көрүү насип эткен күндү түшүнөм. Албетте, бул жашоодо телегейи тегиз эч ким болбойт дечи. Ошентсе да, жогоруда айтып кеткендеримди аялдык бакыт деп эсептейм. Мүмкүн мен азыр жаңылышып жаткандырмын. Башка келгенде дагы көрө жатаарбыз.
2. Моюнга алам, динден терең түшүнүгүм жок күнөөкөр пендемин.
3. Азыркы тапта окубай калдым.
4. Негизинен көптөгөн максаттар бар. Жакынкы күнгө, жазга, жайга дегендей. Ал эми маанилүү максат— апамдын жана өзүмдүн аруу тилектерди, ой-максаттарды ишке ашыруу, албетте буйруган болсо. Жараткан насип этсе келечекте үй-бүлөө куруп, бир кичинекей өлкөнүн ажосуна жакшы вазир болуу. Кудай буйруп перзенттерди берсе ошолорго татыктуу тарбия берүү, мээримдүү эне болуу. Кайындарга келин эмес кыз болуу. Бул менден да биринчи апакемдин тилеги. Кудай насип кылса ишке ашыруу бул негизги максат. Анан да,дин жаатында тереңирээк билим алуу дагы маанилүү максат десем жаңылышпайм.
Жакшы сөздөр үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, рахматымды айтам. Бар бол
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9315 09 January 2015 - 00:02
Cаламатсызбы,
Нурзида. Сиздин жообуңуздан кийин кайрадан суроо жаралды. Коррупция жөнүндө айтканыңызга кошулам, бирок бул медалдын бир гана жагы да, а адам фактору кайда калат... Кесипти туура эмес тандаган абитуриенттин,
баласынын эмнеге жөндөмдүү экенин билбеген ата-эненин жоопкерчилиги кайда калат?..
Саламатчылык сулуу. Куш келипсиң дагы бир ирет. Сенин бул сурооңдун да медаль сыяктуу эки жагы бар да. Бирөөсү сен айткан вариант болсо, экинчиси айласыздыктан ошол окууга(өзү каалабаган) тапшыргандыгы. Мисалы, жашоо-шартка байланыштуу контракт төлөө кыйынга турган учур болот, бюджеттик орунда гана окууга мүмкүнчүлүгү болгон абитуриенттер кездешет. А эгер ата-энесинин кыстоосу менен мажбур болуп тапшыргандар болсо, бул албетте ата-эненин күнөөсү болот деп эсептейм.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9316 09 January 2015 - 02:19
Жакшы шүгүр Чолпон эже. Келиңиз. Төргө өтүңүз
. Сиздин сурооңузга жүрөк деп жооп бердим. Эмне дебедиңиз
?
Ички органдарды эсепке албагам.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9317 09 January 2015 - 11:16
1)Канчанчы жылкы болос?
2)Эмне себептен оз кесибиниз тууралу айткыныз келбейтат?
3) Турмуш жолуна качан аттанас?
Ийгилик!!
2)Эмне себептен оз кесибиниз тууралу айткыныз келбейтат?
3) Турмуш жолуна качан аттанас?
Ийгилик!!
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#9318 09 January 2015 - 18:58
Ички органдарды эсепке албагам. 
Негедир жообун таба албай койдум эже. Кулагыма шыбырай кетиңизчи ээ?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9319 09 January 2015 - 19:08
1)Канчанчы жылкы болос?
2)Эмне себептен оз кесибиниз тууралу айткыныз келбейтат?
3) Турмуш жолуна качан аттанас?
Ийгилик!!
2)Эмне себептен оз кесибиниз тууралу айткыныз келбейтат?
3) Турмуш жолуна качан аттанас?
Ийгилик!!
Кел сиңдим. Төргө өт
1. Канчанчы жылкы экенимди профилиме баш баксаң деле көрмөксүн негизи. Мейли эми, бул жактан сурап калыпсың, ушул жерден жооп берейин. 1988-жылы жарыкка келгем.
2. Бул сурооңду да жоопсуз калтырсам капа болбойсуң деп ишенем.
3. Турмуш жолуна аттануу ойдо болгону менен качан экенин анык айтуу кыйын. Бешенеге жазганы да эми. Кудай буйруган күнү, Жараткан бешенеме жазган түгөйүм менен турмуштун даңгыр жолуна аттанаарыма ишенем.
Суроолоруң баары кызыктуу болду, ыраазычылык
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9320 10 January 2015 - 14:34
Саламатсызбы Нурзида эже!Амансызбы?
Суроолорумду бере кетейин.
1.Жашоодо сиздин коркконуңуз эмне?
2.Бой көтөрүп, бирөөлөрдү басынтып көрдүңүз беле?
3.Кыргызстандын саясатына көз карашыңыз...
4.Жакын адамдарыңызды таарынтып алган учурда кечирим суроо оордукка турбайбы?
5.Достор сатып кетип, бармак тиштеген кундор болгонбу?

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

Супер-Инфо
super.kg
видео