Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#741 Пользователь офлайн   guard   29 Декабрь 2014 - 12:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Бир - биринизге мээримдуулук кылыныздар, анткени, мээрим махабатты арттырат жана дилдеги кыжалаттыктарды жоготот.
2. Куноосу учун тобо кылган адам куноосуз адам менен барабар.
3. Адамдын сулуулугу анын тилинен билинет.
4. Бир нерсени катуу суйуп калышын - козунду кор, кулагынды кер кылып коет.
5. Менин хадисим - дилиниздерге тааныш туюлганы.
6. Адал да, арам да айкын болду. Кайсы нерсе сени шектендирсе, аны коюп шексизине ото бер.
7. Уяттуулук - дайым жакшылыкка алып келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#742 Пользователь офлайн   Beka.   29 Декабрь 2014 - 22:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2017 19:11
  • Жынысы:Эркек

«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, чыканагын
чыканактай сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына
кирсе, силер да киресиңер». Биз сурадык: «О Алланын Элчиси! Жөөттөр
менен христиандарды айтып жатасызбы?». Ал айтты: «Алардан башка ким
болмок эле». (Сахих аль-Бухари)

Билдирүүнү түзөткөн: Beka.: 29 Декабрь 2014 - 22:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#743 Пользователь офлайн   Beka.   29 Декабрь 2014 - 22:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2017 19:11
  • Жынысы:Эркек

«Кимде-ким өзүн кандайдыр бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон». (Имам
Абу Дауд)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#744 Пользователь офлайн   guard   30 Декабрь 2014 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Бардык иште адилет болунуз, адамдарга мамиле кылганда мунозунуз жумшак болсун!
2. Эгер сиздерге мейиздин онундой капкара баштуу кара адам кул башчысы болуп шайланса да, ага кулак салыныздар жана итаат (моюн сунуу, багынуу) кылыныздар.
3. Акмактан алыстаныз.
4. Адамдарга даам таттырыныздар жана ширин кепте болунуздар.
5. Ач калгандарга тамак бериниз, оорулууларды барып корунуз жана иши тушкондордун ишин бутурунуз.
6. Кесиптин эн жакшысы - адамдын оз колу менен аткара турган иши жана алал соода.
7. Саламдашып журунуздор, адамдарга аш сунунуздар, Кудай буйругандай оз ара бурадар болунуздар.
8. Ыймандын жакшысы - сабырдуулук жана кен пейилдуулук.
9. Садаганын жакшысы - байлыгы жетиштуу болуп туруп кылына турганы. Томондогу алуучу колдон коро жогортон беруучу кол жакшы. Кайыр садаганы оз уй - булонуздон баштаныз.
10. Момундардын жакшысы - кулк-мунозунун жакшысы.
11. Эгер кимге акыл-эс насип этилген болсо, демек ал ооматтуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#745 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   03 Январь 2015 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам:
"Адамдарга ырайым кылбаганга, Аллах да ырайым кылбайт."
(Бухари)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10407524_642552575854894_7139432763717126904_n.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#746 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   03 Январь 2015 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Умар (разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) мага кайрылып: "Эй Хаттабдын уулу! Элдерге барып " Бейишке ыймандуулар гана кирет" деп жарыяла"- деди. (Муслим).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1017764_628867303890088_6002807920986776253_n.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#747 Пользователь офлайн   ROZI   08 Январь 2015 - 12:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХ ТААЛА айтты:

"Албетте, АЛЛАХТЫН алдында КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН ДИН-ИСЛАМ ДИНИ ГАНА.

Китеп берилгендер (жоот жана христиандар) аларга (ИСЛАМ жана МУХАММАДДЫН ЧЫНЫГЫ ПАЙГАМБАРЛЫГЫ жонундо) далил келгенинен кийин оз ара коро албастык-душмандыктан гана талашып-тартышышты. Ким АЛЛАХТЫН аяттарын танса, албетте АЛЛАХ тез эсеп-кысап кылуучу Зат".

(Аали Имран суросу, 19-аят)




СУБХААН АЛЛАХ!!!

"...РОББИНДИ ар дайым жат кыл жана куну-туну Ал Затты ар кандай кемчиликтерден таза деп бил!"

(Аали Имран суросу, 41-аят)



***Аялды ыйлатпа, Аллах анын ар бир тамчы жашын эсептеп турат .



***Ырахат кетет, ал эми күнөөлөр калат, унутпагыла! (Али ибн Абу Талиб р.а.).


***Сулуулук Аллах берген кыска нерсе,Андан коро тубоолук Ыйманды эсте,Сулуу болуп ыймансыз отуп кетпе!,Каарыганда сулуулугун калбайт бетте...


*** ‪ #‎ Пайгамбар‬ динди өзү ойлоп тапкан жок: "Ал өзүнүн оюунан чыгарып сүйлөбөйт. Ал нерсе [Алладан келген] вахий кабар гана" (Куран 53:2-3)


***"Кайсыл бир нерседе талашып калсаңар аны[н чечилишин] Аллага жана Элчиге кайтаргыла" (Куран 4:59) б.а. Куран жана Сүннөттөн издегиле






АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#748 Пользователь офлайн   guard   13 Январь 2015 - 08:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Кечирим сурала турган ишти азыраак кылыныз.

2. Кудайдын белгилеп койгон жазаларын тууганга да, жатка да бирдей колдонузудар. Кудай жолундагы коптогон иштеринизден жалаалуулардын жалаасы (сизди) токтотуп калбасын.

3. Инсан катаны оз тили менен кобуроок кетирет.

4. Эй Парбардигер ! Оор карыздан, душманга женилуудон жана очтуулордун кулкусунон мени коргогун.

5. Эй Парбадигер ! Мен сенден болунуудон, эки жуздуулуктон жана терс муноздуулуктон коргоону тилеймин.

6. Кудай берешен, берешендерди дос тутат. Адеп - ахлактууларды жактырып, адепсиздерди жактырбайт.

7. Казылар зулумдук кылышпаса, Кудай алар менен бирге. Зулумдук кылар замат алардан алыстап, Шайтанды калтырып кетет.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#749 Пользователь офлайн   ROZI   13 Январь 2015 - 11:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

КҮН ЧЫККАН АР БИРИ КҮНҮ...
عن أَبِي هريرة رضي اللَّه عنه قال : قال رسُولُ اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم: « كُلُّ سُلاَمَى مِنَ النَّاسِ علَيْهِ صدَقةٌ كُلَّ يَوْمٍ تَطْلُعُ فيه الشَّمْسُ : تعدِلُ بيْن الاثْنَيْنِ صدَقَةٌ ، وتُعِينُ الرَّجُلَ في دابَّتِهِ ، فَتحْمِلُهُ عَلَيْهَا ، أوْ ترْفَعُ لَهُ علَيْهَا متَاعَهُ صدقةٌ ، والكلمةُ الطَّيِّبةُ صدَقةٌ، وبِكُلِّ خَطْوَةٍ تمْشِيها إلى الصَّلاَةِ صدقَةٌ ، وَتُميطُ الأذَى عَن الطرِيق صَدَقةٌ


Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) ал мындай дейт: Алланын элчиси айтты: «Күн чыккан ар бир күнү адамдын муунундарынчалык (сандагы) садака берилүүгө тийиш: эгер сен эки адамдын ортосунда адилеттүү чечим чыгарсаң – садака, адамды атына мингизип койсоң – садака, аны жетелеп жеткирип же анын жүгүн (унаасына) жүктөп берсең – садака, жакшы сөз – садака, намазга (мечитке) карай (кеткен жолдогу) ташталган ар бир кадам – садака, адамдарга зыяндуу нерсени жолдон алып койсоң – садака!»[1]


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#750 Пользователь офлайн   ROZI   13 Январь 2015 - 11:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫСЫМ-СЫПАТТАРЫНА ИШЕНҮҮ

Ар бир мусулман адам Куран жана хадисте келген Аллах Тааланын ысым-сыпаттарына ишенүүсү керек. Аллах Тааланын ысым-сыпаттарына Куранда жана хадисте айтылгандай, окшотуусуз, салыштыруусуз жана өзгөртпөстөн ишенүү керек. Аллах Таала: “Ага окшош эч нерсе жок, Ал Угуучу, Көрүүчү” деп айткан. (Шуура, 11-аят). Ошондой эле: “(Баардык) көркөм ысымдар Аллахка гана таандык. Демек, (Аллахка) ошолор менен гана дуба кылгыла " деп айткан. (Аьраф,180-аят).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#751 Пользователь офлайн   ROZI   13 Январь 2015 - 11:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АДАМДАРГА КЫЛГАН АР БИР ЖАКШЫЛЫК САДАКА

5-Инсандын адамдарга тартуулаган ар бир жакшылыгы садака болуп эсептелет.

Жабир ибн Абдиллах (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай дейт: «Ар бир жакшылык -садака» [1]

Абу Заррдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в. минтип айтат: «Ар бир жан, өзү үчүн, ар күнү күн чыкканда, садака берүүгө милдеттүү болот.-деди.

Мен ага кайрылып : Оо Алланын элчиси, бизде мал- мүлкүбүз жок болсо, эмнени садака кылмак элек?- дедим.

Анда, Алланын элчиси мага жооп катары мындай деди:

Чындыгында , такбир айтуу, (Аллаху акбар) Субхааналлах , алхамду лиллах , лаа илааха иллаллох, астагфируллох деп айтууң, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууң, адамдардын жолунан тикенек, сөөк жана таштарды алып салууң, сокур кишиге жол көрсөтүүң, кулагы укпаган кер адамга түшүнгөндөй кылып угузууң, муктаждыгына байланыштуу жол сураган адамга , сага белгилүү болгон , анын муктаждыгы өтөлө турган орунду көрсөтүүң, күчүңдүн жетишинче кайгыга чөккөн муктаждарга жана алсыздарга жардам көрсөтүүгө умтулууң, мына ушулардын бардыгы, сен үчүн садаканын эшиктери болуп саналат. Сенин өз аялыңа жакындык кылууңда да сооп бар.

Анда Абу Зарр : Кумарданууда мен үчүн кандай сооп болмок эле?-деп сурады. Пайгамбар с.а.в. ага : Айтчы, эгер сенин балаң болсо, анан ал бойго жетип, андан жакшылыкты үмүт кылган учурд, ал көз жумса, ал себептүү сооп үмүт кылаар белең?» Мен: Ооба -дедим. Пайгамбар: Аны сен жараттың беле?

Абу Зарр : Жок, бирок аны Аллах жаратты.

Пайгамбар: Аны сен туура жолго баштадыңбы? Абу Зарр :

Жок. Бирок аны Аллах туура жолго баштады.

Пайгамбар: Ага ырыскыны сен бересиңби?

Абу Зарр: жок, бирок Аллах ага ырыскы берет.

Пайгамбар: мына ошол сыяктуу эле сен аны адал жолго койгун да арам жолдон сактан. Эгер Аллах кааласа , аны тирилтет , а эгер кааласа, өлтүрөт. А сага сооп болот.»-деди. [2]

Артыңда из калтыр китебинен алынды (уландысы бар)




Которгон: Касым Сыдыков


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#752 Пользователь офлайн   ROZI   13 Январь 2015 - 11:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

1-Аллах.
Бул ысым«Аль-Илах» сөзүнөн алынган. Мааниси «Сыйынууга татыктуу, чыныгы Кудай». Инсан ар дайым жүрөгү менен Аллахка байланып, Аллахтын Өзүнөн гана үмүт кылып, Аллахтан гана коркуусу керек. Аллахтан башка баардык нерселер убактылуу экенин билүүсү зарыл.



Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: АЛЛАХ ТААЛАНЫН 99 АТЫ.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#753 Пользователь офлайн   ROZI   13 Январь 2015 - 12:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХКА ГАНА СЫЙЫНГЫЛА
3. Сыйынууга бир гана Аллах Таала ылайыктуу экендигине ишенүү зарыл. Сыйынуу, башкача айтканда ибадаттын баардык түрү бир гана Аллах Таалага болуусу керек. Аллах Таала: «Роббуң силерди Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоого буйруду» (Исра, 22-аят), «Алар чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллахка сыйынууга буйрулду» (Баййина, 5-аят), «Чындыгында, алар Жалгыз гана Аллахка ибаадат кылууга буйрулган» (Тооба, 31-аят), «Аллах менен бирге башка нерселерге дуба кылба! Андан башка Кудай жок» (Касас, 88-аят), «Аллах менен бирге башка кудайларга сыйынба» (Исра, 39-аят) деген сыяктуу көптөгөн аяттарды айткан.


Аллах Тааланын сыйынууга татыктуу экендигине ишенип, ибадатты бир гана Ал үчүн аткаруу Аллахка болгон ыймандын негизи. Анткени, жогоруда айтылгандай Аллахтын бар экендигине, анын ырыскы берүүчү экендигине, асман-жер Ага таандык экендигине Пайгамбарыбыздын заманындагы мушриктер да ишенишкен. Бирок, Пайгамбарыбыз дал ошолорго динди жеткирүүгө буйрулган. Демек, пайгамбарлардын негизги максаты адамдарды Жалгыз Аллахка сыйынууга чакыруу болгон.

Аллах Таала Нух пайгамбар жөнүндө: “Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “Оо, коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күн (Кыямат) азабына жолугуп калышыңардан коркомун! ” - деп айткан. (Аьраф, 59-аят).

Худ пайгамбар жөнүндө: «Аад коомуна өз бурадарлары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы? ” - деп айткан. (Аьраф, 65-аят).

Ал эми Салих пайгамбар жөнүндө: “Жана Самуд коомуна өз бурадарлары Салихти Пайгамбар кылдык. Ал айтты: “Оо, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Роббуңар тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кыла көрбөгүлө. Эгер жамандык кылсаңар, силерди жан ооруткан азап кармайт» - деп айткан. (Аьраф, 73-аят).

Ошондой эле Шуайб пайгамбар жөнүндө: «Жана Биз Мадян элине өз бурадарлары Шуайбды (Пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук кылгыла, адамдардын нерселеринин баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!” деп айткан. (Аьраф, 85-аят).

Ошондой эле ар бир пайгамбардын келүүсү тууралуу: “Чындыгында, ар бир коомго: “Аллахка гана сыйынгыла, таагуттан(Аллахтан башка сыйынуучу нерселер)алыс болгула” – деп айтуучу элчи жибергенбиз” (Нахл, 36-аят) жана “Биз сага чейин да: “Менден башка кудай жок, Мага гана сыйынгыла” деп айтпастан бир дагы пайгамбар жөнөткөн эмеспиз” -деп айткан.(Анбия, 25-аят).Демек сыйынуу бир гана Аллахка болмоюнча сыйынуучу ыйман келтирген боло албайт жана анын кылган ибадаттары кабыл болбойт.

Алайчы Сеитбековдун

Ыймандын 70 бутагы китебинен алынды (уландысы бар)


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#754 Пользователь офлайн   guard   13 Январь 2015 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Уландысын кутобуз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#755 Пользователь офлайн   ROZI   14 Январь 2015 - 10:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения guard (13 Январь 2015 - 19:20) жазган:

Уландысын кутобуз...




АЛЛАХЫМ буюрса Сүрөт

* * * * *
"Аллах дүйнөнү жакшы көргөнүнө да, жаман көргөнүнө да бере берет. Бирок динди бир гана жакшы көргөн пендесине берет" (Ахмад: 1/387)

* * * * *
АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ саллоллоху алайхи уа саллам айтты:

Беш нерсе КЕЛЕЛЕКТЕН МУРДА, беш нерсенин КАДЫРЫН БИЛ!

* * * * *
Эшектин үстүнө кандай китеп жүктөбө айырмасы жок, андан илимдүү болуп кетпейт. Алган илимге амал кылбаган адамдын мисалы ушундай.

* * * * *
АЛЛАХ ТААЛА айтты:

"Ал Озу каалаган адамдарга ХИКМАТ ДААНЫШМАНДЫК тартуулайт, кимге хикмат-ПАЙДАЛУУ ИЛИМ бериле турган болсо, демек ага КОП ЖАКШЫЛЫК БЕРИЛИПТИР" .

(Бакара суросу, 269-аят.)

* * * * *
ЖЕТИШТУУ КУНОО...

Азирети ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты:

"ДИНДЕШ БИР ТУУГАНЫН КЕМСИНТУУ МУСУЛМАН УЧУН ЖЕТИШТУУ КУНОО".

* * * * *
Ибн Масъуд айтат: ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты:

"АЛЛАХ ТААЛАНЫН астында кайсы бир пенде учун кандайдыр бир ОЗГОЧО ДАРАЖА болот. Ал пенде ал даражага эч кандай АМАЛЫНЫН себебинен ЖЕТЕ АЛБАЙТ. Кала берсе ал кандайдыр БИР ООРУГА ЧАЛДЫГАТ жана ошонун СЕБЕБИНЕН ал ошол ДАРАЖАГА ЖЕТЕТ"

* * * * *
Сабак: Жашооңду өзгөрт. Абдышукур устаздын китебинен.

Тема:Кийимдер

Кийим уяттуу жерлерди жабат, намаз үчүн адамды кооздойт. Аллах Таала: “Эй, адам балдары! Ибаадатка эң мыкты кийиминерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт” – деп айткан. (Аараф:31). Ошондой эле: “Эй, адам
балдары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими -эң жакшы (кийим). Бул – Аллахтын белгилеринен. Балким түшүнөөрсүңөр” – деген. (Аараф: 26). Инсан өзү жашап жаткан чөйрөсүнө көрүнүшү, тазалыгы жагынан ылайыктуу кийинүүсү керек. Абдулла ибну Масуьд риваят кылган хадисте, Пайгамбар:
саллоллоху алайхи уа саллам айтты: – «Кимдин жүрөгүндө кыпынчалык текеберлик болсо бейишке кирбейт» – деп айтты. Ошондо бир адам:– «Эгерде кооз кийимдерди кийүүнү кааласак, бул дагы текеберлик болобу” – деп сурады. – “Аллах Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми, текеберлик ал акыйкатты кабыл кылбоо жана адамдарды кемсинтүү» – деп жооп берди Аллахтын элчиси саллоллоху алайхи уа саллам айтты:. (Муслим). Инсан кандай жумуш менен алектенбесин, жумушун да өз убагында аткарып, сырткы көрүнөшүнө да көңүл буруп жүрүүсү керек. Бул ысырапкордук же текеберлик эмес.




Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 14 Январь 2015 - 10:54

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#756 Пользователь офлайн   guard   14 Январь 2015 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Рахмат, дагы уланызчы...! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#757 Пользователь офлайн   ROZI   14 Январь 2015 - 13:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Мусулман үммөтү 73 агымга бөлүнөт. Алардын 1 гана Бейиште (ахлу-с-сунна валь-жамаат), калган 72 адашкан болот (м: ‪#‎ шииттер‬ , ‪#‎харижит‬ 'тер)


***********************************************************************************************************************
Бисми- Ллях


АДАМДЫН ЖАРАТЫЛГАН КЕЗИ ТУУРАЛУУБАЯНДАГАН КУТТУУ ХАДИСТЕР


Абу Хурайра Радиа-Ллаху анху АллахтынЭлчиси саллоллоху алайхи уа саллам дынмындай дегенин кабарлайт:



“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам Алейхиас- салам ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган» (Муслим. “Сахих” хадис).
Ушул эле хадистин башка версиясында: “Өлгөндөр (дүн баары Кыяматта) жума күнү кайра тирилтилет! ” — деп айтылат.
Абу Хурайра Радиа-Ллаху анху Аллахтын Элчиси саллоллоху алайхи уа саллам дынмындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Таала Адам Алейхиас- салам ды жаратып болуп, ага бир нече периштени көрсөтүп мындайдеди: “Бар, тигилерге салам айт жана алардын саламына кулак сал, (бүгүндөн баштап) ошол саламдашуу сен үчүн жана сенин урпактарын үчүн саламдашуу (каадасы) болуп калат! ” Ал (Адам Алейхи ас-салам периштелерге барып): “Силергетынчтык болсун!” [Ас саламу ‘алайкум] — деп айтты эле, алар (бул саламдашууга)
“Аллахтын ырайымы…” — деген сөздү кошуп, минтип айтышты: “Сага да Аллахтын тынчтыгы жана ырайымы болсун!” [(Ва) ас-саламу ‘алай-ка ва рахмату-Ллахи!
Бейишке кирген адамдардын бой-келбети Адам Алейхи ас-салам дын бою сыяктуу (узун жана келбеттүү) болот» (Бухари; Муслим).




Дагы куттуу хадистер де мындай делген

Абу Хурайра Радиа-Ллаху анху АллахтынЭлчиси саллоллоху алайхи уа саллам дынмындай дегенин кабарлайт:

“Бейишке биринчилерден болуп кирген жамаат толгон ай сыяктуу (сулуу) болот,алардын артынан кирүүчүлөр болсо асмандагы эң жаркырак планета сыяктуу (кооз)болушат. Алар заң чыгарышпайт, чимкиришпейт, түкүрүшпөйт, заара ушатышпайт; алардын (чач тароочу) тарактары (нак) алтындан (жасалган) болот, алардын(денесинен чыгуучу) терлери миск жыттанып турат, алардын жыпар жыты берекелүү“алоэ” дарагынан болот, алардын аялдары чоң көздүү үр кыздар болушат, алардын(келишимдүү) келбеттери бир эле адам сыяктанып турат. Алардын бойлору алтымышчыканак (узун) болот”. (Бухари; Муслим).

Абу Хурайра Радиа-Ллаху анху АллахтынЭлчиси саллоллоху алайхи уа саллам дынмындай дегенин кабарлайт:

“(Бир жолу) Аллахтын Элчиси саллоллохуалайхи уа саллам менин колумдан алды да минтип айтты: “АллахЖерди ишемби күнү жаратып, анын үстүндөгү тоолорду жекшемби күнү жараткан;Аллах дарактарды дүйшөмбү күнү жаратып, баардык жамандыктарды Ал шейшемби күнү жараткан; Аллах шаршемби күнүнурду жаратып, жан-жаңыбарларды(н баарын) болсо Ал бейшемби күнү (жаратып, Жербетине) тараткан; Аллах Адам Алейхи ас-салам ды жума күнү асыр маалында жараткан жана(ошентип) Адам Алейхи ас-салам асыр менен түн киргенге чейинки (жаратылган) эңакыркы макулук болуп калган” (Муслим).

Абу Муса ал-Аш’ари Радиа-Ллаху анху нунсөзүнө таянуу менен имам Ахмад бин Ханбал (рахм.а.) Мухаммад саллоллоху алайхи уа саллам пайгамбарыбыздынмындай дегенин кабарлайт:

“Аллах Таала Адам Алейхи ас-салам ды бүткүл Жер жүзүнүн чар тарабынаналынган бир ууч топурактан жараткан. Ошондуктан Адамдын балдары ушуга далкелет: алардын айрымдары(нын түсү) ак, кээ бирлери(нин иреңи) — кызыл,үчүнчүлөрүнүкү — кара, төртүнчүлөрү болсо — аралаш түстүү болушат. Алардынайрымдары жумшак, башкалары катуу, үчүнчүлөрү — орточо. Алардын кээ бирөөлөрүжаман (мүнөздүү), башкалары — жакшы (ахлактуу), үчүнчүлөрү болсо — орточо”.

Судди Радиа-Ллаху анху Ибн ‘Аббастын, Ибн Мас’уддун жана башка айрым сахабалардын(алардын баарынан Аллах ыраазы болсун) мындай деп айтканын кабарлайт: АллахТаала (Адамды жаратаарда) топурак алып келүү үчүн (оболу) Жабраил Алейхиас-салам периштени Жерге жиберет. (Ошондо) Жер ага айтат: “Эгер сен менден бирнерсе алып, мени буза турган болсоң, мен сенден коргоосун тилеп Аллахкасыйынамын (ошондуктан менден эч нерсе алба)!” Ошондо Жабраил Жерден эч нерсеалбастан кайтып (асмандардын жетинчи кабатына кайтып) келет. Аллахка кайтыпкелген Жабраил минтип айтат: “Оо, Роббим! Жер Сенден жардам сурап дуба кылдыэле, мен (аны аягандыктан) анын эркине моюн сунууга аргасыз болдум”. Анан АллахТаала Жерден топурак алып келүүгө Микаил Алейхи ас-салам периштени жиберет. Ал топурак алганы Жергекелген кезде Жер андан коргоп калуусун тилеп Аллахка кайрылат да, ал да эчнерсе албастан Аллахка кайтып келип, Аллахка Жабраилдин сөзүн кайталайт. ОшондоАллах Таала жан алгыч периштени б.а. өлүм периштеси болгон Азреилди жиберет. Жерандан сактоосун тилеп Аллахка кайрылат. Бирок Азреил минтип айтат: “Мен даАллахтын буйругун аткарбастан баруудан сакташын тилеп Аллахка сыйынамын! ” Ананошол өлүм периштеси Азреил Жердин сырткы катмарынан топурак алат. Ал топурактыбир эле жерден эмес, бир канча жерден, агынан бир аз, кызылынан бир аз,карасынан бир аз кылып, аралаштырып алат. Ошондуктан Адам Алейхи ас-салам дынурпактары түрдүү түстөгү инсандар болуп калышкан. Анан Азреил асмандарга чыгатда, аны сууга чылап жумшартат. Анан Иблис өзүн топурактан жогору коюп,текеберленбесин деп, Аллах Таала Адам Алейхи ас-салам дын келбетин Өз Колуменен жасайт. Анан Алах Таала топуракка адам сымбат-келбетин берет. Ошол жумакүндөн кийин дагы 40 жыл өткөнгө чейин топурактан жасалган Адам Алейхи ас-саламайкел түрүндө тура берген. Периштелер болочоктогу Адамдын айкелинин жанынанөткөн кезде чочуп кетишчү, баарынан көп Иблис коркоор эле. (Ошондуктан, аныкыйратып салуу максатында) Иблис аны урган кезде ал кургап калган чопо сыяктуушыңгыраган добуш чыгарчу. Ошол себептен Кудуреттүү Аллах Таала:

“Инсанды (Аллах) чоподой бышырылган кургак ылайдан жаратты” (55:14);“Чындыгында, Биз шыңгыраган келишимдүү кургак чоподон инсанды жараттык” (15:26)— деп айткан.

Адамдын жансыз денесин көргөн сайын Иблис мындай дечү: “Албетте, сенкандайдыр бир максат менен жаратылдың». Анан ал Иблис Адам Алейхи ас-салам дыношол чопо денесинин оозунан кирип, арткы тешигинен чыгып, периштелерге минтипайтат: Коркпогула, анткени силердин Өкүмдар Кудай (Аллах) -Түбөлүктүү жанаДайыма Бар Болуучу Кудай. А бул нерсенин болсо ичи көңдөй экен. Эгер мунубашкарууну мага берсе, мен аны кыйратып жок кыламын!”

Адамга Аллах Таала жан салган кезде, периштелерге Аллах минтип айтат: “МенАдамга Өз Рухумдан үйлөп, жан салгандан кийин: “Адамга сажда кылгыла!” АллахТаала Адамга жан салып, жаңы эле салынып жаткан жан анын башына жеткен кездеАдам чүчкүрүп жиберет. Периштелер Адамга: “Алхамду лил-Лах!” [Аллахка мактоолорболсун] -деп айт”-дешет. Адам Алейхи ас-салам ошондой, б.а. периштелерүйрөткөндөй кылат (да: “Алхамду лиллах”- деп айтат). Ошондо Аллах Таала ага(карап): “Ярхамукумуллах [Аллах силерге ырайым кылсын]”- деп айтат. Адам Алейхиас-салам дын денесине салынып жаткан жан анын эки көзүнө жеткен кезде алБейиштин мөмөлөрүн көрөт. Кирип бара жаткан жан анын ашказанына жеткен кезде алачкалыкты сезет. Ошондуктан дене-бойго таралып, улам арылап кирип бара жатканжан, б.а. рух анын бутуна жеткен кезде, ал Бейиш мөмөлөрүнөн үзүп алуу үчүнчуркап кетүүгө умтулат. Ошондуктан Аллах Та’ала: “Инсан шашма кылып жаратылган”— деп айткан (21: 37).
Андан ары Судди Адам Алейхи ас-салам дын тарыхын толугу менен баяндап жүрүполтурат.
Ибн Касирнин Радиа-Ллаху анху айтуусубоюнча жогоруда келтирилген баяндардын айрымдары пайгамбарыбыздын саллоллоху алайхи уа саллам хадистери менен тастыкталган, бирок алардын калган көпчүлүгүнүн түбү Исраилурпактарынын “Исраилиат” деп аталып калган санжыралуу баяндарына барып такалат.Мисалы, пайгамбарыбыздын саллоллохуалайхи уа саллам хадистери менен тастыкталган баяндардын биридалил катары Имам Ахмад (рахм.а.) тарабынан Анас бин Малик Радиа-Ллаху анху гашилтеме берүү менен келтирген мындай хадисти атоого болот: “Аллах Таала Адам Алейхиас-салам дын (денесин чоподон) жаратып болгон соң, Ал Өзү каалаганчалык убакытбою аны (ошол боюнча) калтырган. Иблис болсо анын денесин далай ирет айланыпчыгат да, Адам Алейхи ас-салам дын денеси көңдөй экенин байкаган соң, аныналсыз (махлук болорун) байкаган”.


Имам Малик бин Анас Радиа-Ллаху анху пайгамбарыбыздын саллоллоху алайхи уа саллам тарыхынбаяндаган “Муватта” аттуу өзүнүн ишенимдүү китебинде Муслим ибн Ясарал-Жуханинин сөзүнө таянуу менен бир жолу сахабалар Умар ибн ал-Хаттаб Радиа-Ллаху анху дан:
“Кыямат Күнү: “Мындан кабарыбыз жок болгон” -деп, айтпашыңар үчүн РоббиңАдамдын перзенттеринин жонунан өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан: “Менсилердин Роббиңер эмесминби?” — деди. Алар: “Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк беребиз” — дешти” — деген аят тууралуу сурашкан кезде, Умар (аларга)минтип жооп берген: “Мен бул аят тууралуу (адамдар) сурашкан кезде АллахтынЭлчиси саллоллоху алайхи уа саллам дынмындай дегенин укканмын: “Аллах Таала Адам Алейхи ас-салам ды жаратып болуп,анан анын жонун укалоо менен, андан (б.а. Адамдын жонунан) анын урпактарынынбир бөлүгүн чыгарып, анан: “Мен буларды Бейиш үчүн жараттым, ошондуктан буларБейишке кирүүчүлөрдүн иш-амалдарын жасашат” — деп айтат. Анан анын жонун дагы(жышып) укалоо менен, андан (б.а. Адамдын жонунан) анын урпактарынын дагы бирбөлүгүн чыгарып, анан: “Мен буларды Тозок үчүн жараттым, ошондуктан буларТозокко кирүүчүлөрдүн иш-амалдарын жасашат” — деп айтат. Ошондо бир адампайгамбарыбыздан минтип сурады: “О, Аллахтын Элчиси! (Эгерде ар бир инсандынтагдырына алдын ала эле Тозоктук же Бейиштик болоору жазылып коюлган болсо,анда биздин) амалдарыбыздын түшүм-мөмөсү (б.а. кайтарымы) эмне болот?” АгаАллахтын Элчиси саллоллоху алайхи уасаллам мындай деп жооп берген болчу: “Эгерде (кайсыл бир) кишиБейиш үчүн жаратылган болсо, анда, Аллах ага Бейиштиктердин амалдарын жасоонунасип кылат да, (ошентип) ал тирүү кезинде Бейиш тургундары жасоочу амалдардыаткарууга машыгып-көнүгүп, ошонун натыйжасында Бейишке кирет. Эгерде Аллах Таала(кайсыл бир) инсанды Тозок үчүн жараткан болсо, анда, Аллах ага Тозоккотүшүүчүлөрдүн амалдарын жасоону насип кылат да, (ошентип) ал тирүү кезиндеТозок тургундары жасоочу амалдарды аткарууга өлгөнгө чейин көнүгүп-машыгып, ошонун натыйжасында Тозокко кирет”.


Курандын бул аятынын башка тафсиринде, б.а. чечмеленишинде, Абу Жафарар-Рази Радиа-Ллаху анху Убай бинКаб Радиа-Ллаху анху нун сөзүменен мындайча кабарлайт: Аллах Таала Кыямат Күнгө чейин жарык дүйнөгө келипкетүүгө тийиш болгон бүткүл инсандардын рухтарын (жандарын) топтоп, анан аларгасүйлөөгө, өздөрү үчүн күбөгө өтүүгө буюруп, айтат: “Мен силердин (ырыскы берипбаккан) Роббиңер эмесминби?” Ошондо алар (б.а. инсандардын баары) минтип жоопберишет: “Ооба (Сен биздин Эгебизсиң)! ” Аллах айтат: “Мен жети (кабат) асмандарды жана жети (кабат) Жерди жаратып, Кыямат Күнү силер “бул тууралуу билген эмеспиз” деп айтпашыңар үчүн силердин түпкү атаңар Адамды күбөгө өткөрөмүн. Силер Менден башка кудайдын жок экендигин жана силердин Менден башка Роббиңер жоктугун билүүгө тийишсиңер, ошондуктан, башка махлуктарды Мага теңеп, (адашуу жолуна түшүп,) буддарды өзүңөргө кудай кылып, ширктерге сыйынып кетпегиле! Мен Өзүмдүн (эки дүйнөдө тең силерге тез жетүүчү) жазам тууралуу эскертүүсү үчүн пайгамбарларымды силерге жиберип, алар аркылуу Өзүмдүн китептеримди түшүрөмүн.Ошондо махлуктар айткан: “Сен биздин Эгебиз жана Кудайыбыз экендигиңе күбөгө өтөбүз, биздин Сенден башка Роббибиз жок жана биздин Сенден башка кудайыбыз да жок!” ушундайча жол менен алар Аллахка берилгендиги тууралуу касам-ант ичишкен. Анан Аллах Таала алардын атасы Адамды ордунан тургузат. Ошол кезге чейин Адам Алейхи ас-салам өз урпактарынын кайсынысы бай, кайсынысы кедей, кимиси сулуу, кимисикуник болоорун көрө элек болчу. Ошондо Адам Алейхи ас-салам (Аллахтан) минтипсурайт: Оо, Роббим! Сен Өз кулдарыңдын баарын бирдей кылып койсоң жакшы болоорэле?” Аллах айтат: “Мен алардын Мага ыраазы болуп, шүкүр келтирип, алкоолорун кааладым» (Ошондо) Адам өз урпактарынын арасынан нур чачкан жарыктардай болгоншоолалуу пайгамбарларды көрөт. Аллах Таала дагы бир жолу ошолордон, булжолкусунда пайгамбарлык вазийпаны алардын сабыр жана шүкүр менен орундатаалуулары тууралуу өзүнчө ант алат. Бул Аллахтын төмөнкү аяттарына дал келет:

“(Оо, Мухаммад! ) Ошондо пайгамбарлардан убада алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Мариям уулу Исадан. Ушулардын баарынын катуу ант-убадасын алганбыз”(33: 7).

Аллах Таала жана да минтип айтат: (Оо, Мухаммад! жан дилиң менен Аллахка) берилген, пакиза абалда жүзүңдү динге (Исламга) түздөгүн. Аллах адамдарды ушул (гана) максатта жараткан. Аллахтын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ушу (Ислам дини — эң) туура жана (эң) түз дин. Бирок, адамдардын көбү (муну) билишпейт» (30:30).



Мындан сырткары Аллах Таала дагы мындай дейт:

“Бул (Мухаммад) — мурдагы пайгамбарлар сыяктуу эле эскертүүчү (пайгамбар)»(53: 56).

Андан ары Аллах Таала минтип айтат:
“Алардын көбү (Аллахка беришкен) убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында, бузукулар» (7:102).


Бул маалыматтар имамдар: Ибн Аби Хатим,Ибн Жарир жана Ибн Мардавайхтардын Радиа-Ллаху анху тафсирлериндебаяндалган. Ошондой эле Мужахидцин, Икриманын, Саид бин Жубайрдын, ХасанБасринин, Катаданын, Суддинин Радиа-Ллаху анху сөзү мененда ушул куттуу хадистер ге дал келе тургандай маңызда маалымдалган.



Жогорудагы маалыматтарды башка даректен окуп, АЛЛАХ ТААЛАНЫН ыраазычылыгы учун Сиздер менен болушуудомун.

Негизги максатым, жеке эле озум окуп койбостон, жазылган жакшы мааламаттырды окуп, АЛЛАХ ТААЛАНЫ таанып, билуу!

Ар бирибиз журогубуз менен АЛЛАХ ТААЛАНЫ эстесек, АЛЛАХ ТААЛАНЫ жакшы абалда элестетсек, шугур кылып, мактоолорду айтсак, кетирген куноолорубуз учун чын ниетибизден кечирим сурап, аны башка кайталабасак жана ар бир коз ирмемде АЛЛАХ ТААЛАДАН ыйманыбыздын бекем болушун дуа кылып, АЛЛАХТЫН бар экенин БИР экенин чын журоктон сезип билсек!

Эгер каталарым болсо АЛЛАХ ТААЛАМ ОЗУ кечирсин!


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 14 Январь 2015 - 14:10

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#758 Пользователь офлайн   ROZI   14 Январь 2015 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

***** Пайгамбар саллоллоху алайхи уа саллам айтты: "Ким менин сүннөт'үмдөн баш тартса - ал менден (б.а. менин жолумда) эмес" (Бухари, Муслим)


***** "Ким ‪#‎илим‬ издеп бир жолго чыкса Алла анын Бейишке жолун жеңилдетет. ‪#‎Периште‬ 'лер андан ыраазы болушуп ага канаттарын төшөшөт..." (Тирмизи)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#759 Пользователь офлайн   ROZI   14 Январь 2015 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

***** ДЕН-СООЛУКТУН НАРКЫ ТУУРАЛУУ.

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты:


"Коптогон адамдар наркын билип, БАРКЫНА ЖЕТПЕГЕН эки УЛУУ ЖАКШЫЛЫК БАР: Алардын биринчиси- ДЕН-СООЛУК, экинчиси болсо- БОШ УБАКЫТ"

(Бухари, Тирмизи)




***** ПАЙДАСЫ БАШКАЛАРГА ӨТҮҮЧҮ АМАЛДАРГА МИСАЛДАР:


Аллах Таалага чакыруу :


Чындыгында Аллах Таалага чакыруу, башкаларга пайда келтирүү жагынан амалдардын эң улугу. Мында, Аллах Тааланын жалгыздыгына чакыруу , динге жана аны жеткирүүгө кам көрүү сыяктуу пайдасы башкаларга өтүүчү амал жок. Ошол себептен, Аллах Таала бул вазыйпаны Адам уулдарынан эң артык пенделерге тартуу кылган. Алар: Пайгамбарлар жана элчилер(Аларга Алланын салават , саламдары болсун). Ошондой эле алардын жолун жолдогондорго да берген.

Аллах Таала мындай дейт:

«وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِّمَّن دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ»

Мааниси: «Акыйкатта, мен – мусулмандарданмын” – деп, (адамдарды) Аллага чакырып, өздөрү да жакшы иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?» (Фуссилат: 33)

Ибн Касир бул аяттагы «Аллага чакырып» деген сөзгө түшүндүрмө берип: Алланын пенделерин ,Ага (Аллага) чакырган адам ,-деп айткан.

Ал эми, «Акыйкатта, мен – мусулмандарданмын» жана «өздөрү да жакшы иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?» -деген сөздү түшүндүрүп мындай дейт: ..Тагыраак айтканда ал , өзү айткан сөзү менен туура жолдо болгон киши. Анын пайдасы өзүнө да , башкаларга да тийет. Ал , жакшылыкка башкаларды чакырып, аны өзү аткарбай койбойт жана жаман иштен тыйып , аны өзү жасабайт. Бирок , жакшылыкка баш ийип , жамандыкты таштайт. Пенделерди Жаратуучуга чакырат.

Ошентип , Аллага болгон чакырыктын ээлери, чөгүп бараткандарды көрүп туруп , аларды куткарбай коюуга ыраазы болушкан эмес жана жолдон адашып арсар болгондорго туура багыт бербей таштап койгудай адамгерчилик сапатын жоготушкан эмес. Алар илимди алгандан соң , аны өздөрүнө энчилеп көөмп коюшкан эмес. Бирок, алар ырахаттанууну жана жалкоолукту таштап, Алланын уруксаты жана жалгоосу менен сабатсыздарды илимге үйрөтүп, кайдыгерлерди ойготуп, адашкандарды туура жолго башташкан. Башкаларга пайда келтирүүнүн эң абзели, аларды каапырлыктын , бидъаттын[1] жана күнөөлөрдүн караңгылыгынан, Алланын бирдигинин, Пайгамбардын сүннөтүнүн жана ибадаттын нуруна чыгаруу болуп саналат.

Аллах Таала мындай дейт:

«أَوَ مَن كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُورًا يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُ فِي الظُّلُمَاتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِّنْهَا كَذَلِكَ زُيِّنَ لِلْكَافِرِينَ مَا كَانُواْ يَعْمَلُونَ»

Мааниси:

«Өлүк болгон кезинде, Биз аны тирилтип жана адамдар арасында жүрө турган бир нур берген (киши), караңгылыкта жүргөн жана андан чыга албаган бирөө сымал болобу. Ошондой эле каапырларга да өздөрүнүн иштери кооз көрүнөт.» (Анъаам: 122)


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#760 Пользователь офлайн   ROZI   14 Январь 2015 - 15:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

ПЕНДЕНИ ТОЗОКТОН ЭМНЕ САКТАЙ АЛАТ?

6-Адамдарга пайда алып келүүчү иштерге умтулуу –бейишке кирүүнүн жанан тозоктон кутулуунун себептеринин бири:

Хадис:

عن أَبِي ذرٍّ جُنْدَبِ بنِ جُنَادَةَ رضي اللَّه عنه قال : قلت يا رسولَ اللَّه، أيُّ الأعْمالِ أفْضَلُ ؟ قال : « الإِيمانُ بِاللَّهِ ، وَالجِهَادُ فِي سَبِيلِهِ » . قُلْتُ : أيُّ الرِّقَابِ أفْضَلُ ؟ قال : « أنْفَسُهَا عِنْد أهْلِهَا ، وأكثَرُهَا ثَمَناً » . قُلْتُ : فَإِنْ لَمْ أفْعلْ ؟ قال : « تُعينُ صَانِعاً أوْ تَصْنَعُ لأخْرَقَ » قُلْتُ : يا رسول اللَّه أرَأيتَ إنْ ضَعُفْتُ عَنْ بَعْضِ الْعملِ ؟ قال : « تَكُفُّ شَرَّكَ عَن النَّاسِ فَإِنَّها صدقةٌ مِنْكَ على نَفسِكَ » . متفقٌ عليه .

Мааниси:

Абу Заррдан (Аллах андан ыраазы болсун) ал айтат:

“(Бир жолу) мен сурадым: “О, Аллахтын Элчиси, кайсыл амалдар (адамды бейишке) эң татыктуу (кылат)?”

Ал жооп берди: “Аллахка ыйман келтирүү жана Анын жолунда жихадга чыгуу”.

Мен сурадым: “Кайсыл кулдар эң мыктылар?”

Ал жооп берди: “Кожоюну эң жогору баалаган жана кожоюнуна баарынан кымбатка келген кулдар”.

Мен сурадым: “А эгер мен андай кыла албасамчы?” .

Ал айтты: “Анда, кайсыл бир иштен (ибадатка) бошой албаган адамга жардам бер, же болбосо (ишке) жөндөмү жок бирөөнүн ордуна иш кыл”.

Мен сурадым: “О, Аллахтын Элчиси, эгер мен (булардын ичинен да) эч кайсынысын жасай албасамчы?”

Ал айтты: “Анда, адамдарга жамандык кылуудан тыйыл, мына ошол сенин өзүңө садака болуп калат!”[1].

Абу Зарр айтат:

- Мен : Оо Алланын элчиси, пендени тозоктон эмне сактай алат?-дедим.

- Анда , Алланын элчиси: «Аллага болгон ыйман»-деп жооп берди.

- Мен: Оо Алланын элчиси, ыйман менен бирге амал бар эмеспи?

- Пайгамбар : Аллах берген ырыскыдан (башкаларга) берсин[2].

- Мен: Оо Алланын элчиси, бере турган эч нерсеси жок, кедей болсочу?

- Пайгамбар: Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарсын.

- Мен : Оо, Алланын элчиси, эгер жакшылыкка чакырып , жамандыктан кайтарууга күчү жетпеген кекеч болсочу?

- Пайгамбар: Жөндөмү жок бирөөнүн ордуна иш кылсын.

- Мен: Айтчы, эгер ал иш кылууга жөндөмү жок болсочу?

- Пайгамбар: Зулумдук көргөн адамга жардам берет.

- Мен : Эгер зулумдук көргөн адамга жардам бере албаган алсыз болсочу?

- Пайгамбар: Шеригиңе жакшылыктан эч нерсе калтыргың келбейт го. (Андай болсо,) Адамдарга зыян берүүдөн өзүн кармансын.

- Мен: Оо Алланын элчиси, ушуларды кылса бейишке киреби?

- Пайгамбар: Кайсы бир мусулман ушул сапаттардын бирин аткарса, ал (сапат) аны колунан жетелеп , бейишке киргизет.[3]

- Умардан (Аллах андан ыраазы болсун), Пайгамбарыбыздан минтип суралды: Амалдардын кайсынысы артыгыраак? Ал: «момунга кубаныч тартуулооң, ачка болсо тойгузууң, жылаңач болсо кийиндирүүң же муктаждыгын өтөөң»-деп жооп берди.[4]

Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллям мусулман бир тууганына кайсыл түр менен болсо да, пайда келтире алса, келтирсин,-деп буйруп , мындай деген: «Силерден кимиңер бир тууганына пайда бере алса, аны кылсын»[5]

Пайданын түрлөрү абдан көп. Канчалык иш пенделер үчүн пайдалуураак болсо, ошончолук Аллах Тааланы алдында жакыныраак болот. Ошондуктан момун киши пайдасы көбүрөөк иштерге умтулуусу зарыл.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 14 Январь 2015 - 15:47

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 03:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: