Суперстан: Эркектер эмнеге уул бала дешет? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эркектер эмнеге уул бала дешет?

#1 Пользователь офлайн   zolushka77   11 Январь 2015 - 01:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 11:05

Биринчи турмушумдан уулум,экинчимден торт кызым бар кичинекейлерим эгиз. Жолдошум жакшы адам бирок эркек балам болсо дей берет. Кийинки кундору ойлончуу болуп калдым. Эгиздеримди кыйналып тородум. Эми торосом олосун дешти. Жакында бир аяшым уйлонуптур. Беш кызын чанып эркек бала керек деп. Аялы ыйлайт эми кантем деп. Журогумдун торундо будомук ой башкага кетип калабы деп кооптонот. Жолдошумду коргондор жооштон жоон чыгат коргулукту корсототко дешет. Ичип алганда ыйлай берет. Мен ак конул берешен таарыныч эмне экенин билбеген,кечиримдуу аял затымын. Канчалык бут тосуулар болсо да,корсом да кормоксон, уксам да укмаксан болуп журо берем. Бирок жолдошум кетип калса чыдабасам керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jakshy-niet   11 Январь 2015 - 01:51

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 264
  • Катталган: 10 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 09:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Аалам кучагында.

Эркектер копчулугу " уул балам болсун!" дей бергени, чоноюп ишин колдон алып жардам болот, каарыганда багат, ошондой эле артымда туяк болуп тукум улап калат дешсе керек. А кыз бала турмушка чыгып кетет, кыздан калган небере тукум улоочу болуп саналбайт. Башкы максат ошондо тукум улоодо болсо керек. А каарыганда багууга келсек эркектен жакшы кылып ата энесин багып жургон кыздар да бар. Эмнеси болсода Кудайдын бергенида уулбу кызбы бешенеге жазганы. Кээ бироолор бар такыр перзенттуу боло албай жургон, ошондуктан барына каниет кылуу керекго дейм. Уулбу кызбы кыскасы баланын бактысы менен берсин. Кудайдын айтканы болот. Автор куйоонуз коп бул тууралуу ойлоно бербегени макул.
Жакшы кундор албетте келээр.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   11 Январь 2015 - 03:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Сабыр кылып коп дуа кылын Аллахтан сураныз, коркпой сурай бериниз Аллах берет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   alibekova94   11 Январь 2015 - 03:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Кызык балага жетпей жургондор канча. Булар заказ бергендейлего))) жараткандын бергенине шугур кылсын.

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kg.lady   11 Январь 2015 - 05:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Уулбу, кызбы эч кандай мааниге ээ эмес, эн башкысы перзент болсо болду деген сапатын баалайм орустардын.
Сиз сыяктуу, мындан ары балалуу болуу мумкунчулугу мендеда аз, биздеда кыздар командасы, жаратканым берээрин унутпасын. :) Бирок, жолдошум уулум жок деп бирда жолу кесирлик кыла элек, ынсап берип ушунусунан жазбасын.

Башкага кетип калсачы бизди таштап, деген тупойул суроо жан дуйнонузду кемирип, кыйнаганча, Алла раазычылыгы учун экинчи аял алам десе макулмун деп, озунузду моралдык жактан даярдаганыныз алда канча женилго дейм. Албетте айтканга женил, кызганыч кургур жол койбойт. А бирок, чындап келгенде сизда каалайсыз жолдошунуздун артында туяк калышын.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 11 Январь 2015 - 05:40


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kg.lady   11 Январь 2015 - 05:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бир кун келип, башканын колун кармап кетсе(тфу, андайдын бетин ары кылсын), чачынызды жулуп, кызганычтан санаага батып, журок, нерв оорууларын озунузго чакырып алсаныз, эркектин кылы кыйшабайт.Озунуз эле жабыркайсыз. Ошон учун моралдык жактан озунузду даярдаганыныз он.
Ал эми, эки уйбулоого тен бирдей карай алабы, чама чаркы жетеби? Экинчи жубайы уул тороп береби, же дагы деле алтын кокул кызды белекке камдап турабы кудайым, ал озунчо башка маселе.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Lili   11 Январь 2015 - 10:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Тобо аялын уул торобойт деп башкага уйлонгондор карангылык кылганы да, болбосо уул, кызбы урук сепкен эркек эмеспи?! Азыркы заманда кыздын баркы которулуп эле калбадыбы, ата - энелерин кор кылбай багып келе жаткан кыздарыбыз чекеден чыгат.
Уул балабы, кыз балабы кудайым берерин унутпасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   11 Январь 2015 - 11:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Мен да чынында жаны уйлонгондо Кудайдан ар дайым эркек бала сурачуумун, жараткан тилегимди кабыл кылып эки уул берди аябай суйундум. Бирок азыр эмнегедир кыздуу болгум келет,себебин эмнеге экенин билбейм бул каало болуш керек. Негизи жараткан бала береби кыз береби шукур кылып жашаш керек. Кыз бала ата энеге ото мээримдуу болот экен, муну мен озумдон чон агалардын кыздарын коруп коп байкайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   -rusalka-   11 Январь 2015 - 14:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 23 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 20 Сен 2015 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:(БАЭ) Дубай шаары

Биз да 5 бир тууганбыз.5 кызбыз.Атабыз уулум жок деп наалыганын корбодум.эмнеси болсо да ынсап берсин.
Т.б. Сиз уул торогон экенсиз го! Кудай дагы сизге уул береерин унутпасын.сабыр кылыныз.Аллах таалам албетте бир кун болбосо,бир кун сизге балканактай уул берет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Nariste...12   11 Январь 2015 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Мындай корунушторду турмушта коп эле кездештирсе болот. Уулунуз , суйкумдуу 4- кызыныз бар экен, ушуга да шугур кылыныз. Кудайдан дуа кылыныз, аракеттин артынан уул болуш насип этсин.
Менин акем 6- кыздуу болду. Жетинчиси жарык дуйного келгенде, акем раддомго барбай , уйго чыгарып келиш оюна да келбеди. Куну- туну ичип, ичкен убакта ыйлап 7- кызым бар, артымда тукум улоочу, уулум жок деп баарына наалычуу. Женем улам кыз болгонго сактанбай эле, улам торой берген эле, уул болуп калсын деп.
Кийин уйго чыгып келгенде кызы температура берип, ыйлап, 1- айга жетпей чарчап калды.
Ошондон кийин акемин козу ачылды. Тууган уруктун жемеси, улуу кыздары " ата , бала ордуна биз бала болобуз, кандай иш буюурсаныз, биз макулбуз деп" -атасы менен тен жарышып иштешип, уулдун ордун билдиришпеди.
Кийин дагы женемдин боюна бутуп8- чи наристеси уул болуп, акеми суйунтту. Азыр уулу 5-6 жаштын ортосу.
Ошондуктан автор эч качан умут узбошубуз керек. Кызды берген кудайым, уулду да берет.

Озуму алсам эки уулум бар. Учунчусу курсакта, кыздуу болсок деген ниетибиз бар бирок буйруганы. Эн негизгиси ден соолугу чын , алты саны аман наристени кутуудобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   11 Январь 2015 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Менин бир тайэжем 5 эркек төрөдү. Бешинчиси да уул болгонго күйөөсү ,сен кыз төрөбөйсүң, жогот могунуңду деп,баланы бешиги менен ыргыткан экен. Тайэжем ыйлап мамама айтып багып алыңызчы деген. Алалы десек кайра бербей койгон күйөөсү. Өзүмдүн инимдин биринчиси кыз болду,аркасынан уул алып келсин деп ороо чулгоо,манеж, коляскасын көгүш түстө,эркек балдарга ылайыгын алган.Экинчиси да кыз болду, иним намаз окуган сайын,бата кылган сайын Кудайдан уул бер деп сурай берчү. Үчүнчүсү уул болду. Эми сүйүнгөнүн айтпа. Бирок келинимдин жакында боюнан түшүп,доктурлар эми төрөбөй калышың мүмкүн дептир. Иним ушунусуна Кудайга шүгүр дейт. А эжем үч уулду болду,үчүнчүсүндө кыз болсун деп эмнелерди гана кылбады. Эми болду төрөбөйм дейт. Так что автор эч кыжалаат болбой эле кой. Кудайдан сурай бергиле,уул берип калаар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Oceana   11 Январь 2015 - 15:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Кызбы, уулбу акыл эстуу,4 мучосу со0 болсо болдуда,чындыгында эркектер уул болсун дей берет,оздору аял кишиден дуйн0го келгенин билбей эле. ;)
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Жолоочу_Kosmopolitka_* 11 Январь 2015 - 18:27

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Оздору эмнени эгишсе ошону алышаарын билишсе да тан албай, уул деп какшаганы жаман. Кантсе да уулбу, кызбы кудай берээрин унутпасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   meerim8793   11 Январь 2015 - 22:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Кызбы, уулбу өзү не эксе ошону алатда. Ошол нерсени күйөөңүздун мээсине куюп коюшуңуз керек экен.
Же кайра өзүн күнөөлөп коюң, сенин уруктарың слабый болсо керек ошончүн кыз эле төрөп атам, мага деле уул керек деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Saulen   11 Январь 2015 - 22:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 192
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2017 21:02

Урматтуу форумчулар! Акылдуусунгум келбейт го,бирок айтпай кое албайм,бул учун кечирестер. ( мурда башка темада да эскерткен элем )
копчулугунуздор Аллахым берээрин унутпасын депсиздер. Аллах Кудурети чексиз Улуу Зат. Ал жараткандарына окшобогон Жалгыз, Аруу, Сулуу Зат...Эгерде ушинтип берээрин унутпасын десек Аллахымдын Кудуретин, Чексиз Даанышмандыгын чектеп коебуз, ошондуктан дуба кылганга жараша,туура дуба кылсак! Ин шаа Аллах Аллахым баарыбыздын тилектерибизди кабыл кылсын!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Ulutum_Kyrgyz   11 Январь 2015 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 15 Август 12
  • Соңку аракети: 04 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где моя Звезда.

Биз 3кыз 1эркекбиз,анан мен боюмда барда баары эле кыз торойсун десе нерв болчумун да ,кудай берип эркек торолду.Суйунуп жатсам мамам айтат кыз жакшы сага жардамы тиет да десе мен ай мам мен карыз болбой сразу эле эркек тородум дп айткам да.
У.с. эле бп атат го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   nargiz-94kg   11 Январь 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 710
  • Катталган: 22 Март 14
  • Соңку аракети: 15 Мар 2017 15:16
  • Жынысы:Белгисиз

Бирөгө уул керек, бирөгө кыз керек, бир кем дүйнө деп бекер айткан эмес да.
Биз да үй бүлөдө 3 кыз бир уул бар, атам Байкемди аябай жакшы көрөт, бизди жаман көрөт. Эне байкуш болсо дайым биз тарапда атама эмне кылсак да жакпайбыз, биз шаарда иштейбиз атам мн беш алты айда бир сүйлөшөбүз апам мн болсо тез тез.
Байкем үйлөнгөн, жеңем да кыз төрөгөн,экинчиси дагы бойун да бар, анысы уул болбосо, атам кетирем дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   shumkar929292   11 Январь 2015 - 23:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Менинда 2кызым бар 3бойумда аз калды коз жарышыма.Жолдошум да айткан эми уул тороп бер деп торогондо коробуз да эми УЗИде уул деген. Биз озубуз 3кыз 1уулбуз бала деп жанынан карыш жылдырбайт атам уул баланын кадырын жакшы эле билип калдым окшойт укам болгондон баштап атам бизге жакшы эле болуп калды эрмеги укам болуп кулак мээ эс алып дегендей
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   MIRlan   11 Январь 2015 - 23:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Совсем бербей койсо эмне болот?
Шүгүр дегилечи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Begimkyz   11 Январь 2015 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Кыз бала күйүмдүү болот. Бир жолу Банкта акча алуу үчүн кезекте турсам чоң апалар сүйлөшүп калышты, бири айтат "Кыз болсо жакшы экен, минтип тез-тез акча салышат, таза, кымбат кий деп акчасын үзбөй жөнөтүшөт, баскан турганыма көз салып күйүп турушат. Уул балаң болсо акча салат экен бирок, келип ошо акчаны каякка иштеттиң деп сурайт экен" деп сүйлөгөнүн угуп калдым эле. Азыр медицина өнүккөн кез күйөөлөрдүн "заказын" аткарууга жардам берет диета кармап, календарь менен эсептеп уул төрөп алса болот экен. Так что, келиндер аракет кылгыла баардыгы колубуздан келет.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 09:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: