Мындан мурда ушул бөлүмгө "Ишенич"
деп досумдун махабаты жөнүндө, кудум өзүмдүн тагдырымдай кылып тема ачтым эле. Эми ай айланып, миң толгонуп өзүмдүн аруу сезимдерим менен бөлүшүүнү чечтим. Анда эмесе баштадым:
Махабат дейт, маңдайдагы ыйыктыкты,
Ал сезимдер жүрөгүмдөн балкып чыкты.
Бирок кечтим, кечтим андан аттиң арман,
Тагдырбы дейм ал кечпеди ошол чактан.
Мындан так эки жыл мурда 2012- жылдын 28- декабрь түнү, биз аны менен интернеттен тааныштык, менин электрондук дарегимди ага анын эжеси берген. Номеримди берейин десе ал тентек "- Жок өзүнөн алам" деп көнбөй коюптур. Анын эжеси менин тайпалашым эле (92- жылкы, бирок биз менен окуган) ал номериңди сураса бер деп суранганынан менден эмне кетти деп берип салдым. Арадан эч канча өтпөй тааныш эмес номерден званок келди, жайдары маанайымда жооп бердим, анын жагымдуу үнүнө ашык болбосом да, бир аз жылуулукту байкадым. Адегенде тааныштык, аты- жөнүн, жашоосун бир аз болсо да билдим, а мен аны үчүн сырдуулукту сактоону кааладым. Аны кадыресе баш оорутма жигиттердин катарына кошуп койдум. Ошол күнү эле окшошкон мүнөздөрүбүздөн улам, бирде айтышым, кайра күлүшүп майек курдук. Таң калганым ал мени эчаақтан эле жактырып жүргөнүн ошол эле учурда айтып, кыз- жигит болуу сунушун кийирди. Мен болсо текеберлене
- Биринчи сүйлөшкөндө эле сүйөм десе, кызык чын же жалган экенине кантип ишенсе болот деп күмөндөндүм.
Анын эжеси менен жакын болгонумдан улам эле көңүлсүз ага макулдук бердим. Жолугушууга чакырса бир да барбадым, анын себебин тек гана "Сырткы дүйнөбүз үчүн эмес, жан дүйнөбүздөгү оргуштаган сезимдер үчүн бири бирибизди тандаганыбызды далилдөө" деп түшүндүрдүм. Бирок ал мага ушунчалык тез байланды, анын оюнда мен идеалдуу, акылдуу, ыймандуу кыздай элес калтырдым. Анысы мен үчүн өкүнүчтүү, анткени анда көңүлүм жок. Өзүмдүн сөзүмдө туруп бир айдан кийин 28- январь (2013) жолугушууга бармай болдум, күткөндү жаман көргөнүм үчүн, күттүргүм келбейт белгиленген жерге, белгиленген саатта жетип бардым. Жинимдин чыкканы ал жок, ал званок кылып
- Дүкөн ачык, апам келсин барам деди, ушунчалык жиним чыкты урушуп бергим келди, бирок ал мага жалган айтыптыр, болгону бир четтен мени карап турган экен.
"Мен кеттим" деп СМС жазаарым менен жанымда пайда болду. Айлана аппак кар түрү укмуш, бири бирине сүйлөбөгөн эки жашта тигиле караган кайыңдар, эх ошол күн кайра кайтса гана. Ошондо эле көңүлүмдүн жоктугунан ишти шылтоолоп басып кетип калдым. Эки күн өтүп мамилебизге чекит койдум, номеримди алмаштырып салдым. Кеч болсо да ошондо аны сүйөрүмдү түшүндүм, бирок кайрылбадым текеберлигимдин айынан. Мына эки жыл аралыгында аны менен тез тез сүйлөшүп турабыз, жолдо кезиксек сый менен баш ийкеп өтүп кетебиз, башкалардай салам алигибиз жок. Ар бир сүйлөшүүбүз аны сүйүү сөздөрү, менин кыска жоопторум менен өтөт. 4-январьда дагы сүйлөштүк кадимки майек кайталанды. 5инде мен ага кайра чалба дедим, кыскасы дагы менин текеберчилигим. Кантейин аны сүйөм, кызганам бирок эч качан ага мүмкүнчүлүк бербейм...

тушунбодум

Супер-Инфо
super.kg
видео