Соонун олко экен э
Малайзия - керемет өлкө
#62 07 January 2015 - 15:24
Саламатсызбы?
А ал жактагы форумчулар учун жумуш барбы же сиз да ушул олкодосузбу?
Кененирээк тушундуруп коёсузбу? Рахмат!
Саламатсызбы!
Жок, мен Бишкектемин. Мен ошол Малайзияда жашаган форумчулар менен байланышышым керек эле. Сиз өзүңүз Малайзиядасызбы?
)))
#63 07 January 2015 - 19:50
Саламатчылык,
ооба мен ал жерде болуп келдим,азыркы кезде оз олкобуздомун.
Жооп бергениниз учун чоон рахмат!
#64 08 January 2015 - 11:18
Саламатчылык,
ооба мен ал жерде болуп келдим,азыркы кезде оз олкобуздомун.
Жооп бергениниз учун чоон рахмат!
Сизге да рахмат!
Азыр ал жакта сиз билген форумчулар барбы? Байланышканга жардам бере аласызбы?
)))
#65 08 January 2015 - 12:58
Саламатсызбы?
Мен озум бул форумга жаны гана катталгандыктан башка форумчулар жонундо маалыматым жок экен тилекке каршы..Рахмат.
#66 08 January 2015 - 16:35
Саламатсызбы?
Мен озум бул форумга жаны гана катталгандыктан башка форумчулар жонундо маалыматым жок экен тилекке каршы..Рахмат.
Мм... аныңыз жаман экен... бирок таап калсаңыз ышкырып койсоңуз ээ...
)))
#67 09 January 2015 - 23:11
Moxito(altinim) Малазияда беле? Ошол кыз менен байланышыныз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#68 11 January 2015 - 18:39
Бул олкодон оз олкобузго жаны гана келсем да эмнегедир кайрылып кетким келип жатат....
#69 12 January 2015 - 01:35
Ошо мен да аябай окугумикелет да ошол жактачы. Эми аракет кыла береличи)))
#70 13 January 2015 - 15:46
Moxito(altinim) Малазияда беле? Ошол кыз менен байланышыныз.
Рахмат. Мен жалгыз altinim менен эле байланыша алдым. Андан башка эч ким жок беле? Ким билет?
)))
#71 13 January 2015 - 20:47
Уважаемые соотечественники!
!!
Коллектив Посольства Кыргызской Республики в Малайзии поздравляет Вас с наступившим 2015 годом!!!
В связи с назначением нового Чрезвычайного и Полномочного Посла КР в Малайзии Султанова К.К., Посольство имеет честь пригласить Вас 17 января 2015 года (суббота) к 13.00 часам в помещение Посольства Кыргызстана в Малайзии для ознакомительной встречи с ним.
jpg]

I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#72 02 February 2015 - 09:41
Ырчылар Сайкал, Нурлан жана "тамашоучулар"
Малайзияда мекендештер менен жолугушат
"Супер-Инфо" өлкөбүздүн таланттуу жаштарына колдоо көрсөтүү салтын улантып, "2014-жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип менен "2014-жылдын супер ырчы айымы" Сайкал Садыбакасовага кышында экзотикалуу Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарды. Мындай сюрприз жыл мыктыларын сыйлоо аземинде жарыяланды. Экөө жагымдуу иш менен пайдалуу жумушту айкалыштырмакчы. Тактап айтканда, 12-февралда кыргызстандыктар менен жолугушуп, кыргыз ырын сагынган мекендештерибизге ыр майрам тартуулашат. Эске салсак, кышкы суукта алыскы, кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага , "Заманыбыздын рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген. Аземдеги кубанычтуу кабар муну менен эле чектелген жок. Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов жана Жеңиш Майрамбек уулу да аталган өлкөгө барып, жылдын башында экранга чыккан "Бир тууганчик" тасмасын мекендештерге тартуулап келишери белгилүү болду.Аталган тасма учурда Бишкектеги кинотеатрларда аншлаг менен коюлуп, көрүүчүлөрдүн жакшы пикирлерине ээ болууда. Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу бул тасманын сценарийин жазып, ал эле эмес, башкы каармандардын ролун да жаратышкан. "Тамашоучулар" 12-февралда Нурлан Насип жана Сайкал Садыбакасова менен биргеликте Малайзияда жашаган мекендештерибизге жолугуп, концерт берип, соңунда аларга белек катары "Бир тууганчик" тасмасын көрсөтүп келишмекчи.

Өткөзүп жибербегиле- е-е-е!!!
)))
#73 19 February 2015 - 17:21
Фианит апчеее фотолордон илип салбайсызбы ? Отчет -мотчет дегендей...
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#74 20 February 2015 - 09:38
Фианит апчеее фотолордон илип салбайсызбы ? Отчет -мотчет дегендей...
Салам, буюрса жакында кеңири илгенге аракет кылам.
)))
#75 20 February 2015 - 10:18
#76 20 February 2015 - 10:53
Элчи Кылычбек Султанов Малайзиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту
Быйылкы жылдын 17-январында Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы дайындалган элчиси Кылычбек Султанов Малайзияда жашап жаткан мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу жайылган дасторкон үстүндө жылуу маанайда өтүп, анда кеңири пикир алмашуу орун алды. Мекендештер күнүмдүк турмуштары тууралуу маалымат берип, мекенибиздин жаркын келечеги үчүн колдорунан келген жардамдарын берүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле алар эки өлкөнүн жетекчилерине мамлекеттер арасында визасыз каттоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык айтышты жана эки мамлекеттин ортосунда түз авиакаттам ачылса деген ойлорун ортого салышты.
К.Султанов өз кезегинде алыскы өлкөдө түтүн булатып, тажрыйба топтоп жана билим алып жаткан мекендештерди көрүп жатканына кубанычта экенин айтып, аларга өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп жатышканы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жаңы элчи эки элдин мамилелеринин мындан ары өркүндөшүнө, мекендештерибизге ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнө бардык күчүн жумшаарын убада кылды. Малайзиядагы кыргызстандыктардын суранычы боюнча, ич ара ынтымакты бекемдөө жана өркүндөтүү максатында элчи К.Султанов менен диаспора активисттери мындай жолугушууларды маданий иш-чаралардын коштоосунда көбүрөөк өткөрүп турууну макулдашышты.
http://www. super.kg/kabar/news/97551/

#77 20 February 2015 - 10:54
"
Супер-Инфонун"
жолдомосун алган ырчылар Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова Малайзияга жөнөп кетишти
"Супер- Инфо" гезити 2014-жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде "Супер ырчы айым" наамына татыган Сайкал Садыбакасовага жана "Супер ырчы мырза" наамынын 3 жолку ээси Нурлан Насипке гезит менен жемиштүү кызматташканы үчүн Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарган. Андан бери күндөр өтүп, ырчылар толкундана күткөн учур да келди. 11-февралда мына ушул жылдыздар Малайзияга эс алууга жөнөп кетишти. Алар менен кошо Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучу" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу да сапар алышты. Кыргызстанда бирде жылуу, бирде суук болуп, туруксуз аба ырайы менен коштолгон кыш өкүм сүрүп жатканда ырчылар Малайзияда эс алып, 12-февралда бул өлкөдө жашаган мекендештерибиз үчүн концерт беришет. Ошондой эле "Бир тууганчик" тасмасын көрсөтүшөт. Алыска чыга тургандар саат 03:00дө "Супер-Инфонун" кеңсесине келишип, сапар алдындагы сезимдери тууралуу ой бөлүштү. Ырчы Сайкал Садыбакасова түн оогонго чейин уктабай, ушул убакытты жакындары, курбуларынын курчоосунда өткөргөнүн айтып сөз баштады. "Кышкысын жайкы кийимдерди табуу бир топ эле кыйын экен. Ошого карабай кийимдеримди бир сыйра толуктап алдым. Буюрса, барып кооз-кооз жерлерден сүрөткө түшөм. Өзүмө сюрприз болсун деп, интернеттен Малайзияда тартылган сүрөттөрдү караган жокмун",- деди ырчы. Ал эми буга чейин Германия, Орусия сыяктуу мамлекеттерде болуп жүргөн ырчы Нурлан Насип төмөнкүчө ой бөлүштү: "Мен Германияга барганда, ал жакта суук болчу. Эми жылуу өлкөгө учуп жатабыз. Үйдөгүлөр бешбармак жасап узатышты. Аябай кооз жерге баратыптырбыз. Мен эрте жеткенге шашып жатам. Анткени жол жүргөндө кыйналган адатым бар. Анан эс алуунун майын чыгарабыз" . Кошумчалай кетсек, сапарга аттанган жылдыздар Бишкектен Ташкентке, андан ары Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга учушмакчы. Эске салсак, кыштын суук маалында кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага , "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген.

#78 20 February 2015 - 10:55
"
Супер-Инфонун"
жолдомосун алган ырчылар Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова Малайзияга жетишти
"Супер- Инфо" гезити 2014-жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде "Супер ырчы айым" наамына татыган Сайкал Садыбакасовага жана "Супер ырчы мырза" наамынын 3 жолку ээси Нурлан Насипке гезит менен жемиштүү кызматташканы үчүн Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарган. 11- февралда Малайзияга эс алууга жөнөп кетишкен жылдыздар аталган өлкөгө жетишти. Аларды бул өлкөдөгү кыргызстандыктар мейманканада патриоттуулуктун белгиси катары Кыргызстандын желеги менен тосуп алышты. Алар менен кошо Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучу" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу да сапар алышкан. Эске салсак, кыштын суук маалында кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага , "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген.

#79 20 February 2015 - 10:55
Журналисттер,
ырчылар жана "тамашоучулар"
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде болушту
"Супер- Инфонун" жолдомосун алган ырчылар Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова жана Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен барган "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу, мамлекеттик иш сапардын алкагында Малайзияга барган кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, журналисттер бүгүн, 12-февралда аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинде болушту. Алар Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен жолугушуп, мекемедеги "Ардактуу коноктор" китебине куттуктоо сөзүн жазып кетишти. Жолугушуунун катышуучулары элчиликтин ишине ийгилик каалап, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине тилектештигин билдиришти. http: //www.super.kg/kabar/news/ 100565/

#80 20 February 2015 - 10:56
Кыргызстандык ырчылар Малайзиянын көрүнүктүү жерлери менен таанышышты
Кыргызстандан Малайзияга барышкан ырчылар Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова жана "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу 12-февралда Куала-Лумпурдагы көрүнүктүү жайлар менен таанышып чыгышты. Шоу-бизнес өкүлдөрү Кытай ордосунда, Көз карандысыздык аянтында, бир катар тарыхый имараттарда болушту. Саякаттык топ Лангкави аралына барышты, эс алуусун эми аталган аралдан улантышмакчы.
http://www. super.kg/kabar/news/100847/

Супер-Инфо
super.kg
видео