Саламатсызбы Нур эже! 1. Кайсы жазуучуну баалайсыз? 2. Нарынды кордунуз беле? 3. Кызгызстандын онугушуно эмне тоскоолдук болуп жатат ушул убакта? Чон рахмат!!
Саламатчылык иним. Кандайсын анан? Көрүнбөй кеттиң жолугушуудан бери. Суроолоруң сонун экен
1. Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовду баалайм.
2. Нарынды көрө элекмин. Көргүм бар. Конокко чакырсаң бара беребиз
3. Тартип бар жерде ийгилик бар дейт го. Бизде ошол нерсе жетишпейт. Закон бар, бирок күчү жок. Кимдин акчасы болсо, "жогору" жакта күчтүү таанышы болсо, закон ошол тарапта. Эгерде законго карапайым эл, чиновник дебестен бирдей баш ийгенибизде, мүмкүн өлкөдө башкача жашоо болмок. Кыргызстандын өнүгүшүшүнө тоскоол болгон дагы бир нерсе, бул— өз көмөчүнө күл тартмай саясат. Элди ойлоп, мамлекет үчүн күйүп, өзүнүн тууганын, таанышын эмес, чыныгы иштей ала турган кадрларды ишке алып, кресло талашпаганда балким, бир аз болсо да өнүкмөкпүз.
Бар бол иним. Келип тур. Форумда эле эмес, реалда деле карааныңды көрсөтүп турсаң ашыктык болбос

Супер-Инфо
super.kg
видео
















