Американын "Coca-Cola" холдинги ушул айда 1.800 жумушчусун кыскартат. Буга сатуулардын төмөндөп кетүүсү себеп болгон. Америкалык холдингдин мындай планы тууралуу компаниянын басма сөз кызматчысы Ann Moore билдирип, иштен чыгаруу чечимдерин кабыл алуу аябай кыйын болгондугун айтат. "Жумушчуларга адилет, тең жана адамгерчиликтүү мамиледе болгонго аракет кылдык," - дейт ал.
Кошумча: "Coca-Cola" 2000-жылдан бери сатуулары солгундап, көп өлчөмдө азайгандыктан бүгүнкү күнгө чейин 5 миң кызматкерлерин жумуштан кетирген. Американын суусундук чыгаруучу холдингинин жумушчуларды кыскартуу планын өткөн айда 'Wall Street Journal' жазган болчу. Ал кезде "Coca-Cola" бул чечимди азырынча белгисиз деп ачыктаган эле.
