Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 116
  • 117
  • 118
  • 119
  • 120
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2341 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америкада ууру полиция кызматкерлери аны кармаганга өзү жардам берди.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларда жарыяланат. Маалыматка ылайык, эки ууру зергер дүкөндүн ээсинин үйүнө ууруга кирип, курал менен коркутуп, бардык баалуу буюмдарын уурдап кеткен. Бирок жөн гана чыгып кетпестен, уурулардын бири кожойкени бетинен өөп кеткен. Анын жыйынтыгында, адистер айымдын бетине экспертиза жүргүзүп, ДНКнын жардамы менен ууруну кармап алышты. Кийин тергөөчүлөр эмнеге кызды өптүң эле деген суроого ал, мен аны аяп кеттим. - деп жооп берген.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2342 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

- Биз колдонуп жүргөн кагаз акчалар чындыгында кагаздан эмес, пахтадан жасалат!
- Чындыгында айсбергдин температурасы күйүп турган ширеңкеден ысык.
- Лимондо кулпунайга караганда шекер көп.
- Африкада "уулуу мамбо" деген жылан бар, анын ылдамдыгы 12 км/саатка жетет. Мындайча айтканда "качып көрчү."
- Жер планетасынын салмагы орточо 6 588 000 000 000 000 000 000 000 тонна түзөт экен.
- Казинодо саат болбойт.
- Төө куштун жумуркасын бышыруу үчүн 4 саат кайнатуу керек.
- Адамдын көзү температураны сезбейт.
- Кардын бүртүкчөлөрү 95% абадан турат, ошондуктан акырын 0,9 км\саат ылдамдык менен түшөт.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 20:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2343 Пользователь офлайн   MATMAPAK1   12 Январь 2015 - 20:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 18 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 12:40

ичииим ажина кылып жазып коюпсузго
фонт сонт брр прр деп

Билдирүүнү түзөткөн: MATMAPAK1: 12 Январь 2015 - 20:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2344 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения MATMAPAK1 (12 Январь 2015 - 20:41) жазган:

ичииим ажина кылып жазып коюпсузго
фонт сонт брр прр деп


??? Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2345 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Өлкөбүздө жылына 12 жаштан 18 жашка чейинки миңден ашуун өспүрүм кыздар аборт кылдырышса, ал эми жалпы жонунан бир жылда боюна бүткөн 40. 000 айымдын 23.000 ден ашууну аборт жасатууга дуушар болот. Ал эми 2013-жылдын көрсөткүчү боюнча аборт кылдырган бул жаштагы өспүрүм кыздардын саны үч миңге жеткен. Алардын арасында алтоо 12 жаш курактагы кыздар. Бул туурасында Улуттук статистика борбору маалымдады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2346 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2347 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2348 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 20:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2349 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 20:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2350 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 20:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2351 Пользователь офлайн   DaRhaN.   12 Январь 2015 - 20:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Шумдук эриндери кантет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2352 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 20:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2353 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 20:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2354 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 20:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2355 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 21:50

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Аялдамада тургандарды "Тико" сүзүп, төртөө жаракат алып, үч адам каза болду.

Ош областынын Өзгөн районунда автоунаа аялдаманы барып сүзүп, анын кесепетинен үч адам көз жумду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол көзөмөл кызматынан маалымдашты.

Ведомство берген маалыматка таянсак, 9-январь күнү Ош областынын Өзгөн районунда 36 жаштагы жергиликтүү тургун "Мерседес- Бенц-300" унаасын башкара албай калып "Тико" унаасын барып сүзгөн. Өз кезегинде "Тико" аялдамада турган эки кишини коюп алган.

Жол кырсыгынан улам аялдамада турган киши жана "Тико" унаасында отурган эки жүргүнчү Өзгөн райондук ооруканасында алынган жаракаттан улам көз жумушту. Ошондой эле "Тиконун" бир жүргүнчүсү жана айдоочусу, аялдамада турган бир адам, "Мерседес- Бенц" унаасынын бир жүргүнчүсү жаракат алып ооруканада жатышат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2356 Пользователь офлайн   MACKA   12 Январь 2015 - 21:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Лабрадор ити 23 миң долларлык эки нике шакегин жутуп алды.

АКШда лабрадор ити 23 миң долларлык эки нике шакегин жутуп алса, немис дог итинин ичинен 43 жуп байпак чыккан.
Маалыматка ылайык Американын Талса шаарында (Оклахома штаты) Сьерра аттуу лабрадор ити 23 миң долларлык эки нике шакегин жутуп алган. Жума күнү иттин ээси Стефани Лэмб шакектерин таппай калганда эки күчүгүнүн бири жутуп алганын түшүнөт. Кожойкенин айтымында, күчүк дагы мурда бир нерселерди жутуп алганын байкашкан. Анын айтымында ит журнал үстөлүндө жүргөнүн көргөн. Кийин эле 23 миң долларлык эки нике шакегин таппай калып, итин дароо ветеринар докторуна алып барган. Рентгенде иттин ичинен шакек гана эмес, андан башка толтура катуу буюмдар чыккан. Анда таштар, темир зергер буюмдар жана сөөктөр бар болгон. Дарыгерлер шакек итке зыян келтирээрин ойлоп, операция жасоого киришет. Операция ойдогудай жасалып, лабрадор ити үйүнө чыкты.


Белгилей кетчү жагдай, АКШда "Ветеринар жаңылыктары" журналы жылына "Алар эмне жешти?" - деген темада сурамжылоо жасашат. Биринчи орунга Техас штатындагы сейрек кездешүүчү бака капасындагы 30 га жакын ташты жутуп алган. Ал эми экинчи орунду немистердин дог ити 43 жуп байпак жутуп алган.
АКШнын Орегон штатынын Портленд жаныбарлар ооруканасында бир иттин ичинен 43 жуп байпак чыгырылган. Кожоюну итинин кусуп, арыктап баратканын айткан. Бардык медициналык текшерүүдөн кийин операция жасалып, ичинен 43 жуп байпак чыгартылган.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2357 Пользователь офлайн   MACKA   13 Январь 2015 - 23:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Унаанын баасы асманга чыгабы же тескерисинче текейден арзан болобу?

Жаңы жылдан тартып чет өлкөдөн ташылган унааларга бажы салыгы кымбаттады. Ошол эле маалда базарда унаанын баасы арзандап жатат. Кыргызстанда жаңы жылдан тартып чет өлкөдөн ташылган унааларга жаңы бажы салыгы күчүнө кирди. Бажы алымы кыргызстандык кээ бир унаа ташуучуларды кыйын жагдайга калтырды. Ошол эле маалда базарда унаанын баасы арзандап жатат.

Унаа ташуу менен иш алып барган жеке ишкер Райымбек Кубанов азыркы маалдагы унаа базарынын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү бөлүштү: "Учурда унаа базарында машина сатып алуучулардын саны күзгө салыштырмалуу, азыраак. Анткени кыш мезгили болгондуктан, элде да акча жагынан тартыштык болуп, машина сатып алуучулардын саны жай менен күз мезгилине салыштырганда аз. Баалар күзгө салыштырмалуу арзандады. Күзүндө биринчиден эл акчалуу болуп, тойго машина белек кылганы сатып алгандар көп болот. Экинчиден, "Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде унаалардын баалары кымбаттап кетет экен," - деп ажиотаж жаратышып, акчалуу кишилер өткөн күздө аябай көп машина сатып алгандыктан, Япониядан чыккан унаалар 500-800 доллардын тегерегинде кымбаттап кеткен," - дейт ишкер.

Анын айтымында, учурда оң рулду унааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлүп жаткандыктан Японияда өндүрүштөн чыгарылган оң рулдуу унааларга суроо-талап мурдагыга салыштырмалуу кыйла азайган. "Оң рулдуу унаалардын баасы арзандап жатат. Бирок бул оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизбөө демилгесинен эмес, бир чети кыш болгондуктан улам болуп жатат деп ойлойм," - дейт ал.

Сүрөт


Россиядагы санкциялар базарга кандай таасирин тийгизүүдө?

Жаңы жылдын алдында Казакстандын унаа базарында катуу ажиотаж болуп өттү. Көптөгөн унаа салондору машиналарды арзандатууга аргасыз болушту. Анткени рублдин куну түшүп кеткенине байланыштуу Россияда жаңы унаалардын баасы арзандаган. Tengrinews.kz булагы Nissan компаниясынын Казакстандагы расмий дистрибьюторуна таянуу менен жакын арада Казакстандын базарында баа өзгөрүшү мүмкүн экенин маалымдады.

Казакстандын Көз карандысыз автомобиль биримдигинин башчысы Эдуард Эдоков СТВ телеканалдарына берген маалыматына таянсак, Казакстандын унаа рыногунда унаа баалары арзандап жатат. Буга Россиянын рублинин баасы төмөндөгөнү себеп болууда.

Кубановдун айтымында, азырынча Кыргызстанда Россиядагы санкциялардын унаа рыногуна түздөн-түз таасир тийгизип жаткандыгы байкалбайт. "Бирок Россияда жүргөн мигранттардын көбү Кыргызстанга кайтып келгенде, бул жактан машина сатып алышчу же бул жактагы туугандарына машина сатып беришчү. Азыр алар Кыргызстандан унаа албастан, Россиядан алып жатышат. Анткени рублдын куну сомдон да төмөн болуп жаткандыктан мигранттар үчүн Россияда чыгарылган же ошол эле Европанын, Япониянын унааларын ошол жактан сатып алуу пайдалуу болуп жатат,"- дейт ишкер.

Эски унаалар үчүн жаңы баа.

Унаа базарындагы баага Кыргызстанда жаңы жылдан тартып чет өлкөдөн ташылган автомобилдерге жаңы бажы салыгы киргизилгени дагы таасир берээри анык. Буга чейин тактап айтканда, 22-сентябрдан тартып чет өлкөдөн Кыргызстанга ташылган жеңил унааларга карата жаңы бажы салыгы киргизилген. Бул биринчи баскыч болчу. Экинчи баскыч катары 2015-жылдын 1-январынан тартып импорттолгон унаага бирдиктүү бажы ченеми жана салыгы киргизилди. Анткени Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялангандан кийин ташылып келинген товарлардын, анын ичинде унаалардын бажы салыктарын бирдиктүү бажы алымдарына ылайык келтириш үчүн кымбаттатууга милдеттүү.

Мамлекеттик бажы кызматы берген маалыматка таянсак, мисалы 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү 2 миң куб сантиметрлик унаа болсо, эски бажы салыгы менен андан 800 доллар бажы алынмак, жаңы баа боюнча эми аталган унаадан 5 миң 200 доллар бажы алынат. Ал эми 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү ушундай эле болгон унаага 1 миң 600 доллар алынса, жаңы баага ылайык - 1000 доллар алынат. Өкмөт мындай жол менен колдонуу мөөнөтү эскирген унааларды рынокко акырындап киргизбей коюуга аракет кылып жатат.

Сүрөт

Ара жолдо турган унаа ташуучулардын абалы кыйын

Жаңы жылдын алдында унаа алып келип берүүгө тапшырма алган бир канча ишкер кыйын абалда калышты. Алар өкмөттөн өздөрү жаңы жылга чейин алып келе жаткан унааларды эски баа менен бажыдан өткөрүүнү өтүнүп жатышат. Унаа ташуу менен иш алып барган Алтынбек Сулаймановдун берген маалыматына таянсак, буга чейин 2004-2005-2006-жылы чыгарылган унааларга 300-400 доллардын тегерегинде бажы салыгын төлөп келген болсо, эми жаңы баага ылайык 5-6 миң доллар төлөшөт. Анын айтымында, азыркы маалда жаңы бажы төлөмүнөн улам 800 гө жакын унаа ташып иштеген ишкерлердин алып келе жаткан унааларынын мөөнөтү жаңы жылдан кийинки тарифке туура келип калган. "Бизге тапшырык бергендер эски баа менен беришкен. Биз унааларды батыш мамлекеттеринен алып келе жаткан кезде, камсыздандыруубуз Россияга каршы кабыл алынган санкциялардан улам жараксыз деп табылды. Буга байланыштуу биз көп убактыбызды короттук жана чоң суммадагы айып пулдарды төлөдүк. Андан тышкары бюрократтык бут тосуулар болуп Казакстанда темир жол терминалында кармалдык. Ошентип жаңы жылга чейин унааларыбызды эски салык менен бажыдан өткөрүүгө мүмкүн болбой калды. Эми азыр баарыбыз кыйын абалда турабыз. Унаага заказ бергендер унаасын же акчасын доолап жатышат. Ар бир унааны мурда 800 доллардан бажыдан өткөрсөк, эми 5-6 миң доллардан өткөрүшүбүз керек. Ишкерлердин арасында насыя алып, мүлкүн күрөөгө коюп кеткендер бар. Алардын айрымдары өздөрүн - өзү өрттөйбүз деп нааразылык билдирип, өкмөттөн бул маселени чечип берүүнү суранып жатышат," - дейт ал.

Сүрөт

"Акыры орустун "Ладасын" айдайбыз."

Катардагы кардарды же кыргызстандыкты кызыктырганы эле "Бажы биримдигине киргенден кийин унаа баалары канчалык кымбаттайт? " - деген суроо экени белгилүү. Кыргызстанга негизинен унааларды Европа, Япония, АКШ жана Түштүк Кореядан алып келишет.

Ишкер Давран Хакимовдун айтымында, Бажы биримдигине Кыргызстан толук мүчө болуп киргенден соң, унаа ташуучулардын жумушу токтошу ыктымал. "Биримдикке киргенден кийин евро-5 стандарты ишке аша баштайт. Ага ылайык 5 жылдан ашпаган унааларды гана ташып кирүүгө уруксат берилет," - дейт Хакимов.

"Бажы биримдигинин салыгына теңелгенден кийин, Европадан ташылган унаа баасы кымбаттайт. Бирок ошол эле маалда Европанын жылы эски машиналарына караганда Россиядан чыккан жаңы жеңил унааларды алгандардын саны көбөйөт," - деп өзүнүн байкоосун бөлүштү ишкер Кубанов.

Айрым ишкерлердин пикиринде, Кыргызстанда унаа баасын Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө теңөө - калк үчүн да, унаа ташуу менен иш алып барган ишкерлер үчүн дагы абдан кыйын жагдайды түзөт. "Жаңыраак, сол рулдуу, чет өлкөлүк унааларга чөнтөгү жука катмардагы калк жете албай калат. Ал эми оң рулдуу унаалар арзан болот, анткени ишкерлер көп алып келип коюшкан. Эми ага тыюу салып жатышат, мындан улам кардарлар да азаят. Ошондуктан Кыргызстанда бир четинен жаңы унаанын баасы асмандаса, экинчи жагынан ички рынокто мурда Кыргызстанга ташылып калган унаалардын баасы арзандайт," - деген божомолун айтышты ишкерлер.

Айтор Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кадам ташташы менен жаңы жылдын башы унаа ташып иштеген ишкерлер жана калк үчүн көп бүдөмүк суроолор менен башталды.

Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 14 Январь 2015 - 00:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2358 Пользователь офлайн   MACKA   14 Январь 2015 - 12:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Япониялык электр-техника чыгаруучу завод дүйнөдөгү эң тез жүрүүчү лифтти жарыкка чыгарды.

Жергиликтүү басылмаларда жарыялангандай, анын ылдамдыгы саатына 72 чакырымга жетет. Андан улам ал 1-кабаттан 95-кабатка 43 секундада жетет. Ал эми заводдун адистеринин айтымында алар бул ийгиликке кубаттуу тростордун жардамы менен жетишкен. Жаңы лифт ушул жылы Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы 111 кабаттык имаратта иштеп баштайт.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2359 Пользователь офлайн   MACKA   14 Январь 2015 - 13:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Социалдык тармактар адамдын өз алдынча ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.

Мындай жыйынтыкка Эдинбург университетинин окумуштуулары келди. Алар 20 адамга математикалык тапшырма беришкен. Анда соц.тармактарда көп отургандар аракеттенбестен бир эле жоопту жаза беришкен. Ал эми интернетке көп кирбеген, дайыма адамдар менен түзмө-түз байланышып тургандар өтө терең ойлонуу менен иштешкен. Мунун жыйынтыгын окумуштуулар соц.тармактар ойлонууну төмөндөтөт деген жыйынтыкка келишкен.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2360 Пользователь офлайн   MACKA   14 Январь 2015 - 13:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча мыйзам коомдук угууга коюлду.

Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын иштөөсүнө толугу менен тыюу салынат жана жарандар банктардан гана акча алмаштыра алышат.
Эске салсак, Улуттук банк көптөн бери акча алмаштыруучу жайлар валюталардын курсун каалагандай өзгөртүшүп жатканын айтып чыккан.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 309 акча алмаштыруу жайы болсо, алардын 174ү Бишкекте иш жүргүзүшөт.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 116
  • 117
  • 118
  • 119
  • 120
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 02:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: