Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларда жарыяланат. Маалыматка ылайык, эки ууру зергер дүкөндүн ээсинин үйүнө ууруга кирип, курал менен коркутуп, бардык баалуу буюмдарын уурдап кеткен. Бирок жөн гана чыгып кетпестен, уурулардын бири кожойкени бетинен өөп кеткен. Анын жыйынтыгында, адистер айымдын бетине экспертиза жүргүзүп, ДНКнын жардамы менен ууруну кармап алышты. Кийин тергөөчүлөр эмнеге кызды өптүң эле деген суроого ал, мен аны аяп кеттим. - деп жооп берген.
