Мына, бул жылды жаңыртып, жаны жакшы саамалыкты баштап жибердик. Ош, Жалал-Абад форумчулары көптөн сүйлөшүп жүрдүк эле. Ушул ойду жыйынтыктоо максатында, Ош шаарында достук футбол беттешин өткөрөлү деп чечтик.
Футбол-миллиондор оюну. Форумда бармактарыбыз жакшы эле футбол ойнойт, эми, реалда көрүшүп буттун да черин жазаалы. Оюнга кызыккан форумчулардын баарын чакырабыз!
"Мен ойной албайм, убакыт жок, шарт жок!"-деп, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Бул жерде, бири-бирибиз менен көрүшүп, достошуп, чайлашып да кетесиз.
Ооба, чайлашып да кетесиз!
Ар бир форумчуну шартын эсепке алып, капчыкка карап акчасында сүйлөштүк окшойт, жигиттер менен.
Акча жагы 500 сомдон ашпайт!
Өткөрүлүүчү жай: Ош шаарынын, Манас ата (ХБК) кичи району, "Нур спорт" аянты.
Өткөрүлүү убактысы: 20-январь, 14:00.
Футбол оюнубуз жабык аянтта өтөт, жашыл газон.
Анда эмесе, баруучулар кол көтөрө бергиле!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















