Мен "Кудай - бул зат" дегенге ишене бербейм, "Ишеним"
деген бир аз жакыныраак - адам кыйналып, өксүп турганда кайрылуучу ишеним. Буга ишенем. . Анткени, эгер зат болсо, анын жайгашкан орду, формасы, суроту болуш керек, кармап көрсө да болот. Суроо туулат - эгер баарын кудай жараткан болсо, анда кудайды ким жараткан? Ушул суроо - эн татаал, мени арсар кылган суроо. Баарын жеңип кетет. Анан, "Бол" десе эле, анын айткандары болуп калганына ишенбейм. Жомоктой сезилет!
1. Зат деген сөздү кантип түшүнүп жатасыз? Исламда Кудайдын заты деген сөз колдонулган убакта, Кудайдын өзү деген мааниде эле колдонулат. Зат деген сөз араб тилинен келген сөз өзү. Зат деп кайсы бир нерсенин өзү айтылат. Ал эми сыпат деп ошол нерсенин сыпаты айтылат. Мисалы дарактын өзү дарактын заты деп айтылат. Ал эми анын узундугу, жашылдыгы ж.б. анын сыпаты деп айтылат. Кээде бир эле сөздү ар башка мааниде колдонуудан түшүнбөстүктөр келип чыгат. Сиз мага зат деген сөздү кайсы мааниде айтып жатканыңызды айтсаңыз, мен ошол сиз түшүнгөн мааниде Кудайды зат деп айтса болобу же болбойбу деген суроого жооп бергенге аракет кылып көрөюн.
2. Эгерде кудайды бирөө жараткан болсо, ал кудай болбойт. Анткени жаралган нерсе Жаратуучуга муктаж болот. А башка бирөөгө муктаж нерсе кудай боло албайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















