Балдарды тарбиялоо ата эненин эн башкы милдети..баласы жакшы болуп,азамат болуп чонойсо,ата эненин да жузу жарык болот..
Бала тарбиялоо жана мультфильмдер кандай мультик тандоо керек
#162 14 January 2015 - 12:37
Баланы мээримдуу кылып тарбиялаш керек.жазалоо,
ур сокку мээрездике,
ташбоордукка алып келет.
#163 14 January 2015 - 16:15
"Жаш балдарыбызды япондордун методу менен тарбияласак кандай болот?", "Баланы жазалоо туурабы?"
, "Балдарды тарбиялоо
" темалары менен бириктирилди.
#164 15 January 2015 - 11:59
Чон балам садике барып турлуу мультиктерди угуп келип алпересин деп ыйлайт,мен зордоп эле сссрдин мультарынан алперем анан озу коруп анализдейт.
Бул жакшы экен а деп кетип эле кайра бентен дагы укмуштуудай бир мультиктерди айтып келет.Бирде магазинге кирсек садиктеги дос баласы да мультик тандап жатыптыр мынаны алдырсан деп адеп жамандарын коргозот досунун козунчо осол кылбайын деп 2дисктти алпарып озум тандаганымды алдым.Анан ойлонуп калдым биз не десек деле чойросуно да коп коз каранды окшойт деп.Бизде Крот,Винни Пух,Том и ДЖерри ,Акылай Актан.ушуга окшогондор.
#165 15 January 2015 - 12:53
ooba,multikterdin balanyn tarbiyasuna taasiri chon.azyr multikterde da kyz menen balany obushturup koyot.
#166 20 January 2015 - 00:25
Телепузики боюнча бир аз жазайын дедим эле. Же аны эч ким баласына корсотпойбу?
Эгер эч ким корсотпосо жон эле убактымды кетирбейин.
#167 20 January 2015 - 13:17
Мультиктерди бир - эки карап койгону эле болбосо корбойт экен, журналдарды мага алып келип барактатканды жакшы корот.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#168 04 March 2015 - 22:24
Акылдуу, адептүү баланы тарбиялоо
Баланын начар окуусуна эс-тутумунун алсыздыгы тоскоол болуп жаткандай сезилет. Албетте дал ушундай. Эгер балаңыз сабактарын өздөштүрө албай жатса, анда сөзсүз анын эс-тумумун текшерип, аны жакшыртуу маанилүү.
Эс-тутумду эмнелер начарлатат?
Бала ар кандай оорулар менен ооруп, ар түрдүү каражаттарды узак убакыт колдонуп, башынан жаракат алып, операция болсо, наркоз алса жана башка өнөкөт оорулар (диабет, эпилепсия ж.б) менен ооруса эс-тумуму начарлайт.
Ар бир эле ата-эне баласынын акылдуу болушун, жакшы окушун каалайт. Ал эми мындай учурда эс-тутум биринчи орунда тураарын унутпай, аны жакшыртуу үчүн кам көрүшүбүз керек.
Балага кантип жардам бериш керек?
Балдар жаңы окууга барганда баардык ата-эненин боору ооруйт. Анткени, ал канчалаган сабактарды бир убакта өздөштүрүшкө туура келет. Ар түрдүү эрежелер, тарыхый даталар, ырлар, жадыбалдар жана башка. Эми ага кантип жардам беришибиз керек?
Ачык маанай
Биринчиден дайыма баланын көңүлүн ачып, анын эс-тутуму жакшы экенин текшерип, баардыгын жаттап калаарына ишеним жаратыш керек. Бир нерсени түшүнбөй калса, урушуп же аны ичинен басынып калуусуна жол бербөө зарыл. “Мен баардык керектүү маалыматтарды эстеп калам! Мен бул эрежесиз жашай албайм! Менин эс-тутумум эң сонун” деген сөздөрдү кубанычтуу маанайында баланын мээсине орнотуп коюш керек. Ал окууда эч убакта капаланбашы маанилүү. Ачык маанай эс-тутум үчүн алгачкы орунда турат.

#169 04 March 2015 - 22:25
Диний жашоо менен. Ата эне балага улгу болушу керек.
Тема туура эмес болумго ачылган.
Тема туура эмес болумго ачылган.
#170 04 March 2015 - 22:26
Аныктап алыңыз
Балаңыздын эске тутуу жөндөмү кайсы түргө кирээрин аныктап алыңыз. Дегеним, кээ бир балдар бирөөнүн айтып бергенин жакшы эстеп калат. Ал эми кээ бирлери өздөрү окуганда, башкалары көргөндө (кыймылдаткыч тутум).
Билип алгандан кийин атайын адиске кайрылып, эмне кылыш керектигин жакшылап өздөштүрүп алган жакшы. Ошентсе да жалпысынан жаш балдарга кичинекей чагынан эс-тутумун эмне жакшыртаары тууралуу айтып берели.
Сүрөттөр
Бала канчалык көп сүрөт тартып, ага жакын болсо, эске тутуу жөндөмү да жакшырат. Анткени ал көрүп же эстеп калган нерселерин сүрөт кылып түшүргүсү келет. Бул учурдан пайдаланып ага татаалыраак нерселерди оңой кылып, ар кандай матиматикалык белгилерди тарттырса, геометриялык чиймелерди чийдирсе жакшы болот.
Дагы бир жолу пиктограмма деп аталат. Сүрөттөрдүн жардамы менен тексттин түзүлүшүн жараттуу. Мисалы, ырдын ар бир сөзүн өзгөчө белги менен берүү. Бала өзү ар белгини ойлоп таап, тартса ошондо таасири көбүрөөк болот. Кийин ага пиктограмманы карап коюп эле, текстти жаратып, калыбына келтирип же эстеп коюусу гана керек болот.

#171 04 March 2015 - 22:29
Ырлар берген касиет
Кийинки учурларда окумуштуулар келечекте лирикалык поэзиянын дарылык касиеттери тууралуу дагы көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзө тургандарын айтып жатышат. Өзгөчө Альцгеймерге чалдыгып, жабыркаган оорулууларга болгон таасирин текшерип, изилдеше турган болушту. Белгилүү болгондой бул оору менен жабыркагандар аттарды унутуп калышат, бирок бала кезинде 10 жашында жаттаган бактылуу балалык тууралуу поэзиялык саптарды өз-өзүнчө эстеп калышат жана ал маанайды көтөрөт. Психологдордун изилдөөлөрүндө жана эмгектеринде адамдардын жашы өткөн сайын, жаңы маалыматтарды эстеп калуу жөндөмдүүлүгү же дегеле эске тутуму начарлай баштаары белгиленет. Бул биринчи кезекте адамдын картая баштаганынан жана мээнин функциясы алсыз боло түшкөндөн маалымат берет.
Адамдар балачакта болгон маалыматтардын 45 % ын эске тутуп калышат, ал эми 45% орто куракта, акыркы учурлардагы жаңы маалыматтардын болсо 15% ын гана эске тутуп калат. Баланын акыл-эсин өстүрүүдө ырларды көп-көп жаттатып, жомокторду көбүрөөк түшүндүрүп айтып берген жакшы. Мурда биздин ата-бабаларыбыз бул жөнүндө албетте билишкен эмес, бирок алар дайыма балдарына, неберелерине элдик жомокторду айтып берип турушкан. Ал жомокторсуз биздин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдой, таланттуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдой, кереметтүү акын Алыкул Осмонов сыяктуу жана башка көптөгөн чыгаан инсандарыбыз чыкпайт эле. Байыркы Египеттен баштап эле өз убагында окумуштуулар жана көзгө көрүнүктүү адамдар ыйык китептерди жаттап келишкен. Алар карапайым калктын суроолоруна дароо жооп берип, ар бир сапты эң мыкты билип, жакшы түшүндүрө алышкан. Мындай ыкмалар алардын акылдуу, чечен болушуна жардам берген.
Куранды жаттоо акыл-эсти, эс-тутумду өстүрөт
Ыйык Курандын керемети жөнүндө көп нерселерди билебиз жана анын ичинде Куранды жаттап алуу акыл-эсти жана эске тутуп калуу жөндөмдүүлүгүн өстүрө турган касиетин да жакшы билебиз. Бул жол чынында эле баланын келечеги үчүн табылгыс казына. Анткени бала жок дегенде он үч, он төрт жашынан баштап Куран жаттаса, ал башка сабактарды семичке чаккандай эле окуп калат жана башка тилдерди бат эле үйрөнүп ала турган жөндөмдүүлүктөр далилденген. Ар бир ата-эне баласынын келечекте ыймандуу, боорукер, адептүү, тартиптүү эң негизгиси акылдуу болсо экен деп тилешет. Демек баланы кантип тарбиялоонун эң сонун жана оңой жолу бар экен.

#172 05 March 2015 - 10:39
"Акылдуу,
адептуу балдарды кантип тарбияласа болот?" темасы менен бириктирилди.
#173 06 March 2015 - 01:48
2x2 деген каналдагы мультиктер кыжырымды кайнататда.
Менин кызым "Маша медведьти"
коргондон тажабайт.
#174 16 March 2015 - 18:33
Маша менен аюу мультфильминдеги жашыруун чындык
Кайыргүль Райымбек
Маша менен аюу мультфильмин биздин кыргыз балдар дагы өтө берилүү менен көрүшөт. Алардын катарында менин да кызым бар. Азырынча сөздөрүн түшүнбөйт, бирок, абдан кызыгып карайт. Алгач, анын мазмунуна көп деле маани берген эмесмин. Бирок, жакында vimeo.com сайтында жайгаштырылган Маша менен аюу мультфильминдеги жашыруун чындык аттуу макаланы окуп калып, дароо эле окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрдүм. Ошондой эле, кызым менен отуруп бир нече сериясын бирге көргөндөн кийин бул мультфильмди көрсөтпөйм деп чечтим.
Балдарыбызга Маша менен аюу мультфильмин көрсөтүү менен аларды ашкере өзүмчүлдүк жана бейбаштык сапатка тарбиялайбызбы?
Орусиянын бул мультфильми 3-9 жаштагы балакайлар үчүн чыгарылган жана балдардын мыйзамдарына ылайык жасалгандыктан аларга абдан жагат. Бирок, балага жаккан нерсенин бардыгы эле пайдалуу эмес экенин эске алуу маанилүү.
Алгач, экрандан балдарыбыз эмнени көрүп жаткандыгына токтололу. Мультфильмдеги түркүн түстүү кадрлар өтө тездик менен бат- баттан алмашып турат. Муну көп убакытка көргөн бала логоневроз илдетине кабылуу коркунучу бар. (ГР. логоневроз баш мээсине доо кетет. Ошондон органикалык сүйлөө речтин бузулушу келип чыгат.
Функционалдык сүйлөө речтин бузулушу психиконеврологиялык себептерден келип чыгат. Мисалы: кем акыл, эсин жоготуу, көздүн начар көрүүсү.)
Биринчи сериясында Маша менен аюу жолугат. Мультфильмдеги башка жаныбарлар Машаны көргөндө туш тарапка качып, жашынышат. Анткени, Машадан алар коркунучту сезишет жана аны бүлүндүргүч деп эсептешет. Андыктан биринчи сериясында эле баланын аң сезимин адаштырган окуя болот. Психолог адистери белгилегендей жаш балдар жан- жаныбарларды сүйүп, жаратылыштын бир бөлүгү катары көрүшү керек. Ал эми мультфильмди жаратуучу муну эсепке алган эмес, тескерисинче, жан- жаныбарларда өзүнүн максатына жетиш үчүн кордой берсе болот деген түшүнүктү жараткан.
Андан ары Машанын өзүн- өзү алып жүрүү тартиби такыр эле жоктугу айдан ачык көрсөтүлөт. Маселен, ал өзүнүн тентектиги менен аюунун айласын алты кетирет. Жоопкерчиликсиз түрдө толгон- токой турмуш- тиричилик эрежелерин кенебей бузат. Аюнун керебетине уруксатсыз чыгып секирип ойнойт. Ага бир иш менен алектенүүсүнө дайыма эле тоскоолдук жаратып турат.
Муну көргөн кичинекей кыздарда, дүйнөнү сен өзүң каалагандай башкарып кайда, качан болбосун бардык жерде башкы каарман болуш керек турбайбы деген тескери ой жүгүртүү жаралат.
Маша эч кимге боору оорубайт. Жада калса өзү жыгылып- турса деле ооруксунган сезимин билдирбейт. Ал эми башкалары да мындай абалга кабылса, аларга жардам көрсөтүүнү билбейт.
Кимдир бирөөнү сүйүү сезими такыр берилген эмес. Андыктан Маша менен аюуну көп көргөн балдарыбыз, эртеңки күнү анын жоруктарын туурабайт дегенге кепилдик жок.

#175 16 March 2015 - 18:46
ачыгын айтсам озум мультик коп корот экемин негедир же балдарга жакындыгымданбы билбейм мультик дисктеринда алып келип коргониучур болот айрыкча кунгфу панда ушуга окшогондорду
#176 19 March 2015 - 13:31
Жогорудагыларды окугандан соң мен да балдарыма Маша жана аюуну көрсөтпөөнү чечтим.
Кандай көрүнсөң ошондой бол же кандай болсоң ошондой көрүн!
#177 25 April 2015 - 14:30
Менин ширинтайларым кечкээ эшикке чыгарбасам тунку 12ге чейин да мультфилм коруп олтура беришет .Андан кийин бири суротун тартып , бири туурай баштайт.Мен ошенткендеринен пайдаланып такай тарбиялык мааниси бар мультфильмдерди алып берем.Кобунчосу """"
ФИКСИКИ""
мн"""
БУУДИ""
"деген мультфилмдерди алперебиз.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#178 27 April 2015 - 12:20
Клуб винкстин кандай таасири бар жаза кеткилечи.менин кызым кечке ошону коруп магияларын турай берет.Мултик понини да корот коп.
#179 08 June 2015 - 02:12
Мультфильмдер өсүп келе жаткан баланы тарбиялоочу эң жеткиликтүү курал. Андагы ар бир окуя баланын психологиясына өзгөчө таасир берет жана коомду ошол көргөн фильмдер аркылуу кабыл алышат. Мультфильмдеги каармандар жеткинчекке өзүн алып жүрүүнүн ар тараптуу багыттарын көрсөтөт. Ошолор аркылуу жаман менен жакшыны, боорукердик менен ташбоордукту айырмалай алышат. Бөбөк өзүн сүйүктүү каарманына окшотот да анын кыймылын, кылган ишин, кылыктарын аткара баштайт. Ошондой эле мультфильм баланын аң-сезимине,
ой жүгүртүүсүнө,
дүйнө таанымына түздөн-түз таасирин тийгизет. Тилекке каршы, азыркы заманбап мультфильмдер тарбиялык, психологиялык жана педагогикалык жактан изилденбей,
сабатсыз иштелип, балага терс таасирин тийгизип калууда. Мисалы, кээ бир мультфильмдердеги башкы каармандар айлана-чөйрөгө зыян келтирип, коомдук эрежелерди сактабай, уурулук кылып, адамдарды өлтүрүп, жаман жоруктарды көп жасашат. Ошол эле жасагандары үчүн бирөө аны жазалабайт,
же жаман иштерди жасап жатканын эч ким түшүндүрбѳйт.
Ошентип балада жаман иштер кадимки эле көрүнүш болуп сезилет. Аны жасаса да, эч ким тыюу салбайт экен деген түшүнүк пайда болот. Мындай мультфильмдерди такай көргөн бала сөзсүз түрдө ал жоруктарды кайталайт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео