Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 117
  • 118
  • 119
  • 120
  • 121
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2361 Пользователь офлайн   MACKA   14 Январь 2015 - 13:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ордо калаада доллардын курсу кайрадан кымбаттоодо.

Бир сутканын ичинде американын валютасы 1 сомго жогорулаган. Учурда калк акча алмаштыруу түйүндөрүнөн бир долларды 60 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 60 сом 20 тыйындан сатышууда. Эске салсак, буга чейин бир доллардын наркы 58 сомдун тегерегинде кармалып келген.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2362 Пользователь офлайн   MACKA   14 Январь 2015 - 13:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Адам кирпигинин эң оптималдуу узундугу аныкталды.

Америкалык инженерлердин айтымында, ал көздүн туурасынан кеткен аралыктан үчтөн бир бөлүгүнөн ашпашы керек. Болбосо кирпиктер көз көрүүнү чаңдан сактоонун ордуна булганыч абаны кайра ага жугузат. Андыктан жасалма түрдө өстүрүлгөн кирпиктер көз көрүүгө кооптуу, дешет окумуштуулар.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2363 Пользователь офлайн   Oceana   14 Январь 2015 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Ообада жасалма кирпик к0оптуда,аны улап жатканда эле жанын чыгып кетейн дейто.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2364 Пользователь офлайн   MACKA   15 Январь 2015 - 01:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Нью- Йоркто жигит көздүн ичине татуировка жасаткандан кийин ооруканага түштү.

Дерик Уолтерс күч алып жаткан модага азгырылып, көздүн ак этине кара боёк киргизген. Натыйжада анын каректери чоңоюп көрүнмөк. Бул максатта анын көз алмасына атайын кара боёк менен ийне сайылды. Бирок 19 жаштагы жигиттин көз көрүүсү начарлап, ооруксунтуу сезимдери пайда болгон. Дарыгерлер 2 жумалык дарылоодон өтүүну сунуштады.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2365 Пользователь офлайн   MACKA   15 Январь 2015 - 01:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Чехия мамлекетинин Прага шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырагы орнотулду.

Маалыматка ылайык, акыркы убактарда машинелерден да жөө жүргүнчүлөр бири-бирин түртүп кетип адамдардын ортосунда пикир келишпестиктер көп пайда болууда. Ага байланыштуу, кишилер өтө турган баардык көчөлөрдүн бөлүктөрүндө жол чырактар орнотулду. Бул адамдар бири-бирин жөөлөп кетүүдөн сактайт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2366 Пользователь офлайн   MACKA   15 Январь 2015 - 01:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Банкты тоноо үчүн оюнчук тапанча жетиштүү болду.

Германияда өспүрүм банкты оюнчук тапанча менен тоноп кетти. Андан соң ал, велосипед менен Австрия чек арасында өтүп бара жаткан жеринен кармалды. 16 жаштагы өспүрүм банкка кирип, курал менен коркутуп 1 миң еврого жетпеген акча алып чыккан. Андан кийин ал башка мамлекетке кетип калууну чечкен. Бирок анын ою ишке ашпай, полиция кызматкерлерине колго түшүп калды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2367 Пользователь офлайн   MACKA   15 Январь 2015 - 01:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ордо калаада 6,5 килограмм салмактагы эркек бала төрөлдү.

№2-төрөт үйүнөн билдиришкендей, бала бүгүн, 14-январда жарыкка келди. Маалыматка ылайык, баланын салмагы: 6 килограмм 600 грамм, ал эми бою: 58 сантиметр. Даарыгерлердин айтымында, эне операциясыз көз жарды. Учурда эне-баланын абалы канааттандыраарлык.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2368 Пользователь офлайн   MACKA   15 Январь 2015 - 01:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Медициналык окуу жайын жана педагогикалык окуунун бүтүрүүчүлөрү өз кесиби боюнча гана жумушка орноштурулат.

Эгер алар аталган кесип боюнча иштөөдөн баш тартса, анда билим алуудагы акчаны толугу менен мамлекетке төлөп бериши керек. Бул мыйзам долбоору Билим берүү министрлигинде иштелип чыкты. Ведомстводон белгилеп кетишкендей, учурда жаштар өз кесиби менен иштебей, чет өлкөлөргө кетип жатышкандыгы көп катталууда.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2369 Пользователь офлайн   rumaika5544   17 Январь 2015 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

ЖАРЫЯ, ЖАРЫЯ,
ЖАРЫЯ!!! ! Маска эже кайда кеттиниз? Кирип эле ушу темага кирчу болдум...
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2370 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 01:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

2014- жылдын 1-декабрына карата Кыргызстандын калкынын саны 5 млн. 884 миң адамды түздү.

Бул тууралуу 16-январда Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, калктын санынын табигый жол менен өсүшү көбүрөөк түштүк облустарында байкалды. Өткөн жылы жарандык актыларды каттоо кызматында 146,6 миң ымыркай катталган. Каза болгондордун саны - 32,3 миң адам.
Мамлекеттик каттоо кызматынан кошумчалашкандай, 2014-жылы Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн 3,6 миң адам келип, 10,9 миң адам чыгып кеткен.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2371 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 01:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

ОШТОГУ ТАБЫЛГАН КУМУРА КОЛО ДООРУНА ТААНДЫК.

Археолог Кадырбек Жолдошев кечээки табылган кумура боюнча божомол айтты. Анын баамында табылга коло дооруна таандык, тактап айтканда, мындан 3 миң жыл мурун жасалган.
“Мындай баалуу буюмдар Ош аймагынан көп кездешет. Тилеке каршы, табылганы таап алгандар адистерге кайрылбастан, кумуранын ичинен баалуу буюмдарды издеп, өз алдынча казып алууга умтулушат. Натыйжада, бүтүн чыгарып алып, ал боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тоскоол болушат," - деди К.Жолдошев.
Ал кошумчалагандай, мындай чоӊ көлөмдөгү буюмдардан көбүнчө эгиндердин чирип калган калдыктары, канаттуулардын сөөктөрү гана чыгат. “Анан Оштогу табылган буюм кумура эмес, көзө деп аталат. А кумура деген майда идиштерди айтат. Убагында көзөнү эл эгин, суу сактоочу каражат катары колдонушкан. Ош шаарынан табылган көзө Ак-Буура дарыясынын жээгинен алыс эмес жана эӊ байыркы катмарларга дал келүүдө. Бул деген алгачкы Ош шаарындагы кыштактардын калдыктары десек болот. Мындай буюмдардан тарыхый баалуу жазууларды да табууга мүмкүн,”- дейт археолог.


15-январда, Ош шаарындагы көпүрөдө курулуш иштери жүрүп жатканда, жер алдынан көзө табылган. Куруучулар адистерге кайрылбай, өздөрү казып атышып, сындырып алышкан.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 17 Январь 2015 - 01:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2372 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 01:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Caviar Atlante Tatarstan бренди менен жасалган алтын смартфондор 199 даана гана чыгарылган.

Баасы - 177 миң рубль. iPhone 6 үчүн ювелирлер иштеп чыккан корпуста Татарстандагы эң белгилүү эстеликтери - Кул-Шариф мечити, Сююмбике мунарасы жана «Миллениум» көпүрөсүнүн элестери чагылдырылган.
Бул жаңы моделди орус-италиялык Caviar бренди иштеп чыккан. Алардын Atlante топтомундагы экскюзивдүү алтын телефондордун дизайны Италия, Орусия, Азербейжан жана Казакстанга арналган.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2373 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 02:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Каримов: Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт.

"Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт жана совет доорундагыдай жашоого кайра кайтып келбейт." Өзбекстан президентинин мындай билдирүүсүн РИА жазып чыккан.
"Мамлекетти өнүктүрүү үчүн биз өз жолубуз менен кетебиз. Дагы бир жолу айтып коюн, өткөн жашоого биз кайра кайрылып барбайбыз. Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт," - дейт Каримов.
Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү кайра шайланган парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып билдирген.
Анын айтымында, учурда айрым мамлекеттерде мурдагы совет дооруна кайтуу аракетин көрүлүп жатат.
"Айрым чет элдик маалымдоо каражаттарында Ленин жана Сталин учурундагы системаны мактаган материалдар чагылдырылып жатат. Биз үчүн мындай ыкма болбойт," - деди ал.


Каримов, Өзбекстан өзүнүн аймагына чет элдик аскер базаларын жайгаштырууга уруксат бербей тургандыгын дагы бир жолу эске салды. Анын айтымында, бул Өзбекстандын тышкы саясат боюнча 2012-жылы кабыл алган концепциясына туура келбейт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2374 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 02:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ордо калаадагы ооруканалардын бириндеги даарыгерлер пара менен кармалышты.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Бишкектин тургунуна бейтап баракчасын узартып берүүгө 8 миң сом талап кылышкан. Акча алып жаткан жеринен директордун орун басары жана хирург дарыгери тартип сакчылары аркылуу кармалышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2375 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 14:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Бир айга толо элек ымыркайды абакка эмнеге камашты?
Ушул тапта Айжан аттуу келин бир айга жете элек уулу менен темир тордун артында күн кечирип жатат. Төрөлгөнүнө бир айга толо элек баласы бар жаш келин Бишкек шаарындагы №1-убактылуу кармоочу жайда (СИЗО) күн кечирүүдө. Ал 2014-жылы 16-декабрында көз жарып, уулдуу болгон. Аялдын мындай абалга тап болушуна эмне себеп болду? Тергөө органдары берген маалыматка таянсак, 25 жаштагы Айжан Өмүралиева Ысык-Көл областында туулган. 2007-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан уурулук кылганга айыпталып, эркинен ажыратылган жана Ново-Павловка айылындагы №37 жатак-колонияда мөөнөтүн өтөй баштаган. 2008-жылы ага жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шартуу бошотууга уруксат берилген, ушул эле жылдын 4-мартында Өмүралиева жатак колониясынын жетекчилигинин наамына үйү жоктугуна байланыштуу бошотпоо жана жумуш берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өз арызында ал эркиндикке чыкканы менен аны эч ким күтүп турбаганын жана барар жери жок экенин көрсөткөн.

Жетекчилик анын абакта калуусуна уруксат берип, пол жуугуч катары жумушка дагы орношуп, ошол жерде иштеп калган. Ушул эле жылдын 4-июлунда, жазасын өтөп бүтүүгө 2 ай 13 күн калганда ал абактан чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кийин сотко берген көрсөтмөлөрүндө келин курбусунун үйүнө барып жатып калып, эртеси кайра келүүдөн коркконун, ошол боюнча кайтып келүүгө шарты болбой калганын жазган.

Жактоочулар белгилешкендей, аял 2010-2011-жылы жана 2014-жылдарда болгон мунапыс маалында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына өз ыктыяры менен келгенде "Абак жайдан мөөнөтү бүткөнгө чейин качып кетүү" беренеси боюнча жазадан кутулмак. Бирок келин 2009-жылы 12-декабрда турмушка чыгып жана эки балалуу болгон. Ошону менен 2014-жылы 8-августта, арадан алты жылы өткөн соң Айжан кармалган.

Келинди кармашкан күнү ал УЗИге түшүп, 17 апталык кош бойлуу экендиги аныкталган. Ушул эле күнү келинге карата кылмыш иши козголуп,11-августта Свердлов райондук соту тарабынан камакка алынып, Бишкектеги № 1-СИЗОго камалган. Иш Сокулук райондук сотко өткөрүлүп, 14-сентябрда сот келинди абактан "качканы" жана мөөнөтү бүтө электе кетип калганы үчүн 1 жыл 7 ай эркинен ажыраткан.

Азиза Абдрасулова: Келинге жактоочунун кызматы көрсөтүлбөй калган.

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, келин кармалгандан тартып тергөө, сот процесстеринин маалында ага жактоочунун кызматы көрсөтүлгөн эмес. Ал өзү каражаттын жоктугуна байланыштуу жактоочу жалдай алган эмес. "Айжан болжолу сот тезирээк бүтсүн деп шашкан го. Бирок мамлекет жактоочунун кызматын көрсөтүүгө тийиш болчу. Мындан тыкшары келинди соттоп жатышканда анын кош бойлуу экендиги жана эки жашы жетек элек балдары бар экени сот тарабынан көңүлгө алынбай калган. Негизи эле мыйзамга ылайык 14 жашка чейинки баласы бар, оор кылмыш жасабаган аялдар жана баласын карай турган киши жок жалгыз бой аталардын кылмыш жоопкерчилигин өтөө мөөнөтү кийинкиге калтырылышы керек. Бирок Кыргызстанда мындай учур болгонун мен азырынча кездештире элекмин. Өткөн жылы Степное айылындагы абакта энелери менен колонияда чоңоюп жактан 3 бала бар болчу. Бул жагына бизде көңүл бурулбай калып жатат," - деген пикирин бөлүштү Абдрасулова.

Сүрөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы берген маалыматка таянсак, өткөн жылдын 16-декабрында келин №1 абак жайдан шаардык 6-төрөт үйүнө жеткирилип, уулдуу болгон. Ооруканадан анын абалы канааттандыраарлык деп бааланып, 22-декабрда чыгарылгандан соң, кайрадан абак жайга кайтып келген. Буга чейин ЖМКларда келин баласы менен тамеки тарткан, эркинен ажырагандар менен жалпы камерада бирге жатканы маалымдалган. ЖАМК камактагы аял учурда алты киши жайгашкан, чылым чекпеген, оң мүнөздө деп эсептелген аялдар менен кармалып жактанын билдирди. "Камера 12 адам үчүн бөлүнгөн, бирок мекеменин администрациясы баланын жана эненин коопсуздугу үчүн зарыл болгон шартты түзүп берди. Мындан тышкары коляска, киринтүүчү ванна, ороо-чулгоо жана башка ымыркайга зарыл болгон нерселер менен камсыздалды. Бала жана Өмүралиева мекеменин медициналык персоналдары тарабынан дайыма көзөмөлдө," - деп билдиришти ЖАМКдан.

Жактоочу: Соттоп жатышканда келиндин кош бойлуу экенин эске алышкан эмес.

Жактоочу Күмүшбек Ыбыкеевдин айтымында, соттолуп жаткан учурда келиндин кош бойлуулугу эске алынбагандыктан ушундай оор жагдай түзүлдү. "Бул жерде сотто бир аз кемчилик кетип калган. Кылмыш кодексинин 72-беренеси, тактап айтканда "Кош бойлуу аялдардын жана жаш балалуу аялдардын жаза өтөө мөөнөтү тууралуу" берене аткарылбай калган. Ушул жылдын 10-январында мен бул иш боюнча Чүй областтык сотуна кайрылдым. Бир айга толо элек бала менен абакта жаткан шарттын өзүн элестетип көрүңүздөр. Мен аталган абак жайга башка бир келиндин өтүнүчү менен барып калып, анан ымыркай менен жаткан келин тууралуу билип калдым," - дейт жактоочу. Анын пикиринде, Айжанды абактан бошотуп жана жазасын кийин өтөө жагын кароо керек.

"Балдардын укугун коргоо лигасынын" кызматкери Наргиза Конушалиева кечээ күнү дарыгер менен биргеликте кошо эне-баланын жагдайын билиш үчүн абак жайга барганын айтты. "Азырынча баланын ден соолугу жакшы экен. Тигиндей-мындай кыйынчылыкты байкаган жокпуз. Бирок баланын төрөлгөн күндөн тартып эле абакта жатышы кыйын жагдай. Баланын укугун мамлекет коргошу керек. Биз барганга чейин, бул жагдай коомчулукка билингенге чейин ымыркай энеси менен чылым чеккендер менен бирге жалпы камерада жаткан," - дейт Конушалиева.

ЖАМК берген маалыматка таянсак, Айжан азырынча эч кандай даттанган жок. Келин буга чейин төрөгөн эки баласы чоң энесинин колунда экенин айткан. Алардын улуусу болгону 3-4 жашта гана болушу мүмкүн. Учурда укук коргоочулар бул ишти колго алып ымыркай баласы менен абакта күн кечирип жаткан Айжанга жардам берүү аракетин көрүп жатышат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2376 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 14:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Атасы буту-колу баспаган майып баласын мал сарайга чыгарып салган.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында I топтогу майып, 56 жаштагы Абдували Тагаевди туугандары мал сарайга жаткырып салышкан. Бул тууралуу кечээ, 14-январда "КирТАГ" булагы Кадамжай шаардык кеңешинин депутаты Эркеайым Садыковага шилтеме кылуу менен маалымдады.
Сүрөт

"Тагаев Абдувалинин адам жашай албаган шартта жатканы тууралуу биз 3-декабрда болгон кайрымдуулук акциясынын маалында билип калдык. Анын артынан үйдү тазалагысы келбеген туугандары буга чейин мал кармаган сарайга майыпты алып чыгып салышкан. Сарай жылытылбайт, оорукчан адамды көптөн бери жуунтушкан, кийинтишкен эмес. Абдували төшөктө жатат, туулгандан эле майып," - деп билдирди Садыкова.

Ошол эле маалда агенттик майыптын атасы Жээнбек Тагаевдин пикирин берди, анын айтымында оорулуу баласын кароого мүмкүн болбой жатат.

"Эч жактан мага жардам келбейт, анын пенсиясы 3 миң сом, ал эмнеге жетсин? Мен карыдым иштей албайм. Түнкүсүн аны карап жылуулуп жаап коем, аны үйдөн караган оор," - дейт Жээнбек Тагаев.

Тагаевдин коңшуларынын айтымында алардын үй-бүлөсүндө эки бала болсо экөө тең майып болгон. Улуусу өткөн жылы 58 жашында каза тапкан.

"Атасы абышка болуп калды, баласын жалгыз карай албайт. Абдували сарайда жатат," - дейт айыл башчысы Эркин Дадажанов.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2377 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 14:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң ири колдуу аял.

Дүйнөдөгү колу эң чоң аял Таиландда жашайт. Анын ар бири 9,5 килограмм салмакта.
Таиландда жашаган Дуангяй Самаксамам (Duangjay Samaksamam) дүйнөдөгү эң ири колдуу аял болуп саналат. Бул тууралуу infoniac.ru булагы жазууда.
Маалыматка ылайык Сурин аймагында дүкөн иштеткен аял 50 жылдан бери сейрек кездешүүчү оорунун азабын тартып келет. Анын айынан колдору дайыма шишип турат. Адистердин айтымында, 59 жаштагы аял ийнинен манжаларына чейин липомастоздук макродистрофия менен ооруган дүйнөдөгү жападан жалгыз аял деп эсептешет. Бул оору майлар бир жерге топтолуп, болгону кол тарабына гана жайылат. Анын айынан ар бир кыймылы кооптуу болуп, эң жөнөкөй эле башын жууганда же чачын тароого колун көтөрө албай калат. Бала кезинде Дуангяй Самаксамам өтө уялчаак болуп, тышкы келбетинен уялып, мектепке барбай койгон. Бирок ал 20 жашка келгенинде карыган ата-энесин багуу үчүн азык-түлүк саткан дүкөнүн иштетүүгө туура келген. Анын бул абалы бүт дүйнөнүн дарыгерлеринин көңүлүн бурдурган. Кээ бирлери бул азаптан кутулуу үчүн операция жасоону сунушташкан. Бирок анын баардыгы терс гана таасирин тийгизген. Дарыгерлер акырында эгерде майларын алып салсак анда нерв системасы бузулуп, аял оор абалга түшүп калаарын ойлошуп, муну айыкпас оору деп гана жыйынтык чыгарышкан.


Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2378 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 14:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ислам Каримов кайрадан президенттик шайлоого катышат.

Өзбекстандын учурдагы президенти Ислам Каримов кайрадан президенттикке талапкерлигин койду.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кайрадан президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Өзбекстандын Либералдык- демократиялык партиясынын басма сөз кызматы билдиргенин CA-NEWS (UZ) булагы жазууда.
Маалыматка ылайык 76 жаштагы Өзбек президенти Ислам Каримовдун талапкерлиги өзүнүн Либералдык- демократиялык партиясы менен Ишкерлер кыймылынын биргелешкен жыйынында көрсөтүлдү. Өзбекстан борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо 2015-жылы 29-мартта өтө тургандыгын жаңы жылдын алдында жарыялаган. Өткөн жылы Өзбекстанда Конституцияга айрым бир өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укуктары мурдагыдан кеңейтилген.


Ислам Каримов 1991-жылы мартта Өзбек ССРинин Жогорку Кеңеши тарабынан президент болуп шайланган. Андан кийин 2000-жылга чейин референдум аркылуу узартылган, экинчи жолу 2000-жылдын январь айындан 2007-жылдын декабрына чейин сегиз жылга, акыркы президенттик шайлоо 2007-жылы болгон. Ал эми 2011-жылы Ислам Каримовдун сунушу менен президенттик мөөнөт жети жылдан беш жылга кыскартылган болчу. 2015-жылы Ислам Каримовдун жаш курагы 77ге карайт, мамлекет башчылыкка келгенине 25 жыл толот.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2379 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 15:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Лейлек районунда чек ара заставасына куралдуу кол салуу болуп, бир адам каза тапты.

Лейлек районунда чек ара заставасына куралдуу кол салуу болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 16-январь күнү саат 22:50 чамасында болгон. Анда белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара заставасына кол салышып, бир аскер кызматкери каза таап, 2 чек арачы жабыркаган. Жабыркагандар Исфана шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Учурда кылмышкерлерди кармоо иштери жүрүүдө.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2380 Пользователь офлайн   MACKA   17 Январь 2015 - 15:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Лейлек районундагы куралдуу кол салуу болгон чек ара тозотунда келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки аскер дайынсыз болууда.

Лейлек районундагы куралдуу кол салуу болгон чек ара тозотунда келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки аскер дайынсыз болууда. Бул тууралуу Лейлек районунун тургуну бүгүн, 17-январда билдирди.

“Окуя кечээ, 16-январь күнү болгон. Анда белгисиз адамдар чек ара тозотунун зардалын башка атышкан. Ал ошол жерден каза тапкан. Ал эми зардалдын орун басары моюн тарапка ок жеген. Учурда ал жакта келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки жоокердин дайыны билинбей жатат,” - деди тургун.

Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара заставасына кол салышып, бир аскер кызматкери каза таап, 2 чек арачы жабыркаган.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 117
  • 118
  • 119
  • 120
  • 121
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 03:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: