Каланхоэ адамзатка илгертеден эле белгилүү болгон. Бул өсүмдүктүн аталышы да байыркы, ал тээ кылымдардын бир кылымында Кытайдан чыккан деген божомолдор бар. Бирок муну тастыктаган эч документ табылган эмес.
Азыр бул өсүмдүктү көп үйлөрдөн жолуктурса болот. Албетте, каланхоэнин айрым түрү өзүнүн ар кыл түстөгү гүлдөрү, бутак, жалбырактарынын формасынын ар түрдүүлүгү менен таң калтырса да, кооздук үчүн эмес, негизинен дарылык касиети үчүн өстүрүшөт. Анын үстүнө каланхоэ "чыргоо"
өсүмдүккө кирбейт, үйдүн ичи муздак эле болбосо бат өсүп, бат "балалайт"
. Ошол жалбырагынан бөлүнүп чыккан "балдарын"
идишке отургузуп койсоңуз эле өсүп чыгат. Ким болбосун каланхоэни үйүнө өстүрүп алса, пайдасынан башка зыянын эч көрбөйт.
Бул өсүмдүктүн ширеси (согу) эң эле баалуу дарылык касиетке ээ. Ошондуктан көптөгөн жылдардан бери ал элдик дарылоодо гана колдонулбастан,
расмий медицинада да пайдаланылып келет. Себеби каланхоэнин ширесинин жаракатты жана жараларды ириңден тез арылткан мыкты касиети бар. Мына ушул касиетинен улам аны хирургияда,
акушер-гинекологияда,
оториноларингологияда жана офтальмологияда колдонуп келишет.
Бул өсүмдүктүн ширесин жараны айыктырууга пайдаланса,
айыгуу мөөнөтү 2 эсеге чейин кыскараары илимде далилденген.
Кээ бир өлкөлөрдө каланхоэни кургак учукка жана ашказандын жарасына даба дешип, дайыма тамакка кошуп жешкен.
Каланхоэнин жалбырагында алюминий, магний, кальций, темир, жез ж.б. мисалы, Р жана С витамини да бар. Анын топурактын үстүндө өсүп турган бөлүгүнүн гана дарылык касиети барынан улам анын ширесин алып, фармокологияда дары жасашат. Анткени суук тийип, сезгенгенди сакайтып, жараны айыктырып, өлүү ткандардан тазалайт.
Үйүңүздө каланхоэ барбы? Билип койгон ашыкчалык кылбайт!
#1 15 January 2015 - 14:44
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 15 January 2015 - 14:45
Дарылыкка кантип даярдайт?
Каланхоэни дарылыкка жөн гана жалбырагын эмес, анын ширесин пайдаланат. Бул ширени алыш үчүн жалбырагын үзүп алат же өсүмдүктү түбүнөн бүт бойдон кесип алыш керек.
Жаңы үзүп алган соң, салаалап аккан муздак суунун алдында жууп, караңгы тарткан муздак жерге бир жума коюп коёт. Бул мезгилде жалбырактарында биогендик стимуляторлор чогулат. Ал сакталган үйдүн температурасы 10 градустан ашпаса жакшы.
7 күн өткөндөн кийин жалбыракты майдаласа, жарым-жартылай суюк болгон бир түрдүү масса болот. Мына ушундан шире сыгылып алынат. Албетте, мындай жол менен алынган шире киргил болот. Аны тазалап алыш үчүн үй температурасында кармап, анан бир нече кат марлиден өткөрүп алат. Ал эми ширени мындан да таза (стерильный) дары кылыш үчүн ага 0,5% эсебинде хлороформ кошуу зарыл. Качан дары даяр болгондо аны "консервалап" коёт: 20%га чейин спирт менен аралаштырат. Анан таза, мурда дары салынган бөтөлкөлөргө куюп, резина тыгын же башка капкак менен жабат. Бул абдан таза, сапаттуу дары, дарыканадагыдан эч айырмаланбайт.
Мындай дарыны күн тийбеген жерде керек болсо 1 жылга чейин сактаса болот. Дарылыкка пайдаланаарда 37 градус температурага чейин ысытып же болбосо үйдүн температурасына коё туруп, анан пайдаланыш керек.

#3 15 January 2015 - 14:49
Каланхоэ майы (мазь)
Каланхоэнин ширесинен азыркы учурда ар кыл майларды жасашат. Терезеңизде бул өсүмдүк өсүп турса, дарыканага чуркап, май сатып алууга шашылбай эле коюңуз. Анткени кичине убактыңызды бөлүү менен эле өзүңүз май жасап алсаңыз болот.
Буга аз эле нерсе талап кылынат: 40 гр. каланхоэнин ширеси, 0,25 гр. фуразолидон, 0,25 новокаин жана 100 гр. суусуз ланолин керек. Мунун баарын кошуп, жакшы аралаштырат. Даяр болгон май коюу каймакты элестетет. Аны үйдүн температурасында кармаш зарыл.
Каланхоэден жасалган майды кеңири колдонсоңуздар болот. Май менен бардык жараны, эт оюлган жерди (көп жаткандан), жаранын тешигин майлайт. Себеби катуу ооруну токтотот, үшүккө урунганда, экземада, териге жаралар чыгып кеткенде жакшы жардам берет. Косметологияда болсо каланхоэнин майын бетке безетки жана темгил түшүп кеткенде пайдаланышат.
Маңызы
Каланхоэнин маңызын кээ бир ооруларга колдонушат. Аны мындай жол менен даярдашат: жарым литр бөтөлкө өсүмдүктүн мурда кесилип майдаланган жалбырагы менен толтурулат, андан соң ага арак же 70 пайыздык спирт куюлат. Анын оозун жаап, бир жума караңгы жерге коюп коёт.
Маңызын чыгаруу маалында мезгил-мезгили менен бөтөлкөнү чайкап коюп туруш керек.
Каланхоэнин маңызын бутка сүйкөшөт. Бул каражатты элде веналардын варикоздук кеңейишинде, панарицийде жана эмчектин шишип оорушунда пайдаланышат. Ошондой эле май мастопатияга, ооздун ичиндеги ооруларга жана ириңдеген жерлерге жакшы жардам берет.

#4 15 January 2015 - 14:50
Жалбырагынан ботко
Ботко жасаш үчүн каланхоэнин жалбырагын торчолору чоң эт туурагычтан өткөрөт. Ушундан соң ширесин сыгып алат. Бул аралашманы бир нече кат марлиге салып, ооруган жерге басат.
Жаңы жана азыр эле майдаланган каланхоэнин жалбырагы кан агууну токтотууга, тиш ж.б. ооруну тез басууга өбөлгө болот. Элдик дарыгерлердин айтымында ошондой эле операциядан кийинки тигишти жана жараны бат айыктырат.
Каланхоэ менен веналардын варикоздук кеңейишин дарылоо
Бул оору көптөргө белги-лүү. Өзгөчө аялзаты үчүн өтө жагымсыз оору. Вена-лар аябай кеңейип кеткенде бутта түйүндөр пайда бо-лот. Анын пайда болушу кан айлануунун жетишсиз-дигине алып келет. Ал эми ткандар азык заттарын жана кислородду албай калганда зат алмашуу басаңдайт.
Көгөрүп, түйүн-түйүн болуп кеткен оорудан айыгуу үчүн каланхоэнин маңызы менен тамандан баштап бутту сүрүп чыгыш керек. Бир аз өткөндөн кийин эле буттагы оору басаңдап, тарамыштын тырышканы токтойт. Бул ооруну толук айыктыруу үчүн ооруган жерди 4 ай бою маңыз менен сүртүп туруш зарыл. Сүртүү үчүн каланхоэнин спирттеги жана арактагы маңызын пайдаланса болот.

#5 15 January 2015 - 14:58
Гайморитте кантип колдонсо болот?
Гайморит көпчүлүк учурда грипптин, кызылчанын (корь - балдардын жугуштуу оорусу), же башка жугуштуу оорулардын кесепети болуп саналат. Ал баш жана тиш оору менен коштолуп, мурун бүтүп, температура жогорулап, жалпы абал начарлоо менен мүнөздөлөт.
Элдик медицинада эчактан бери эле мурунга каланхоэнин ширесин тамызуу менен дарылашат. Тамызып жатканда мүмкүн болушунча башты чалкалатып туруу керек. Каланхоэнин жуулган жалбырагын сыгып, ширесин пипеткага жыйнап алат. Ушундан соң адегенде биринчи, анан экинчи таноого тамызат. Эгерде бардыгы туура жасалса, бир нече мүнөттөн кийин киши чүчкүргүсү келет. Чүчкүргөн мезгилде мурун көңдөйү тазаланып, 3 күн ушундай дарылоодон кийин гаймориттен арыласыздар.
Гельминтоз же чүчөк куртунан кантип кутуласыз?
Ооруну ар кыл топтогу паразиттик курттар пайда кылат. Организмде чүчөк курттардын болушу жагымсыз таасир гана бербестен, кесепети да жаман.
Оору салмакты кескин жоготуу менен коштолот, оорулуу дайыма алы кетип, өңү кубарып турат, башы айланат. Кээ бир учурда ( ичегиде паразиттер пайда болгондо) ич катып, окшуп, кусат, боордо курттар пайда болгондо өң саргарып, тери шишийт. Чүчөк курту пайда болгондун биринчи белгиси адам түнүчүндө тишин кычыратат.
Гельминтозду дарылоо кайсы орган кайсы курттан жабыр тартып жатканына байланыштуу болот. Бул ооруда 250 гр. балга жана 350 гр. кагорго аралаштырылган каланхоэнин маңызын (150 гр.) ичүү керек. Бул аралашманы алдын-ала 5 күн муздак жерге маңызын чыгарып коюп коёт. Даяр каражат 3 маал тамакка чейин ичилет. Ал табитти козгоп, тамак сиңирүүнү жакшыртат, кээ бир паразит курттарын өлтүрөт. Аталган каражаттын жардамы менен салмак кошсо болот, бул гельминтоздо абдан маанилүү.

#6 15 January 2015 - 15:07
Мастопатияда
Бул ооруда эмчек безинде шишик түйүндөрү пайда болот. Мастопатияда үрптөн суу же боз, сары, ал турсун кан аралаш илээшкен суюктук чыгат.
Бул сүт бездеринде майда кисталардын (кистозная мастопатия) же бириктирген ткандардын өсүп кетүүсүнөн (фиброзная мастопатия) пайда болот. Мастопатияны дарылоодо элдик дарыгерлер теринин ооруган жерине каланхоэден жабыштырып же бул өсүмдүктүн ширесин сүйкөшөт. Каланхоэ ооруну басаңдатканга, бездеги тыгызданууну жок кылганга, үрптөн суюктуктун чыгышын болтурбоого жардам берет. Мындан сырткары ал иммунитетти чыңдап, организмдеги зат алмаштырууну жакшыртат.
Псориазда
Псориазды чакалай, темирөткү деп да коюшат. Бул тери оорусу жугуштуу эмес. Псориазда териде катмар-катмар кабырчыктар жапкан кызыл-сары түйүнчөлөр пайда болот.
Көбүнчө псориаз менен боорунун функциясы бузулган адамдар оорушат. Ошондой эле генетикалык жактан буга жакындык да буга чалдыгууга себеп.
Элдик медицинада псориаздан дарылоо каражаты катары каланхоэ колдонулган. Бул ооруну дарылоо үчүн каланхоэни жанчып, аны марлиге ороп алып ооруган жерди сүртөт. Бир айдан кийин ал бозоруп, акырындап кетип отуруп, такыр жоголот.
Бул ооруда каланхоэнин негизинде жасалган май (мазь) да жакшы жардам берет. Бир нече жуманын ичинде тери бул жагымсыз дарттан арылат. Мындай майды жасоо үчүн каланхоэнин жана чистотелдин жалбырагынан жасалган боткону вазелинде же ланолинде жакшылап аралаштырат. Бул май менен терини күнүнө 1-2 жолу сүйкөп туруу керек. Псориазды боордун жакшы иштебегени пайда кылгандыктан, терини дарылоодон сырткары ичтен да дарылоо зарыл. Ал үчүн боорду жана тамак сиңирүү органдарынын иштешин жөнгө салган дары-дармектерди колдонгон оң.
Кант диабетинде
Кант диабети эндокрин системасынын оорусу болуп саналат. Оорунун пайда болушуна организмдин инсулинди жетиштүү бөлүп чыгарбаганы, ошондой эле ага сезгичтиктин төмөндөшү себепкер.
Инсулин биздин организмибизде абдан маанилүү процесске, муну менен бирге глюкозаны пайдаланганга жардам берет. Медиктер кант диабети менен жабыр тарткандар өзүнүн ден соолугун колдоп жүрүү үчүн организмин такай кальций менен каныктырып турушу зарылдыгын аныкташкан. Ал эми кальций каланхоэнин ширесинде бар. Андыктан бул оорунун эң биринчи этабында каланхоэнин экстрактын же тундурмасын (настойка) иче башташ керек. Аны врачтын көрсөтмөсүн катуу сактоо менен жана дозаны ашырбай ичүү зарыл. Дозанын болгон чеги күнүнө 1 аш кашык болуп саналат, ошондо да муну организм көтөрө алса.
Кант диабетин клиникалык шартта дарылоодо каланхоэнин ширесин таза түрүндө эмес, инсулинди кошуу менен пайдаланышат. Жалпы дарылоо курсу 1 ай.

#7 15 January 2015 - 17:24
Баалуу маалыматтарды жазыптырсыз.
Бир кун эмес бир кун пайдасы тиер. Рахмат.

Супер-Инфо
super.kg
видео