Суперстан: Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (33 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү?

#621 Пользователь офлайн   TAYNAYA   17 Январь 2015 - 12:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Атамбаевди жалпы журт жамандап, куноолоп келсе эмнегедир мен да элге кошулуп алчымун. Ойлоп корсом ага кыйын, коп иштин башында олтурат. Бир аз бошураак адам, ишке бел байлап эл учун жер учун иштесе тарыхта мыкты инсан адам катары кала турчу адам.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#622 Пользователь офлайн   Jeka   17 Январь 2015 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шайлоолордун жакындап келатканы форумда да сезиле баштаптыр. Мындай темалар канча жолу ачылып, канча жолу талкуулар болду. Мейли, дагы бир жолу талкуулайлы. Орустар айтмакчы, "повторение - мать учения"...

Менин оюмча, Кыргызстандын өнүкпөй жатканына Акаев, Бакиев, Отунбаева же Атамбаев эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз. “Баарыбыз” дегенге өлкөбүздүн административдик- аймактык бөлүнүшү, мамлекеттик башкаруу системасы, кадр тандоо саясаты, жарандар – баары кирет. Эмне үчүн? Эмесе, ар бир пунктка токтоло кетейин.

1. Өлкөбүздүн административдик- аймактык бөлүнүшү.

Кыргызстандын аянты 198,5 миӊ чарчы километр, калкынын саны - 5,7 млн. адам. Бул, болжол менен Россиянын Свердлов областынын аянты (194,3 миӊ чарчы километр жана 4.3 млн. адам). Бирок, ага карабай, Кыргызстан 7 областка, 44 районго бөлүнөт (Свердлов областында – 30 эле район). Ар бир областта бирден өкмөттүн өкүлү, анын администарциясы, министрликтин областтык башкармалары, алардын аппараттары, ж.б.у.с. “тары, мары" жана "башкалары" . Ушундай эле абал – райондордо. Кичинекей Кыргызстан үчүн бул өтө эле ысырапкорчулук, аша чапкандык.

Эмне кылуу керек?

Биринчиден, райондорду ирилештирүү керек. Ал үчүн, адегенде “район” деп аталган аймакта, мисалы, 250миӊдей адам жашоосу керек деген норма кабыл алуу керек. Ошондо, азыркы Талас (231 миӊ адам, азыр 4 район бар) жана Нарын (262 миӊ, азыр 5 район бар) областтары тиешелүү райондор болуп кайра түзүлөт, Чүй областында (815 миӊ адам, азыр 8 район бар) - 3 район, Ысык-Көл областында (444 миӊ, азыр 5 район бар) - 2 район, Жалал-Абад областында (1 млн., азыр 8 район бар) - 4 район, Ош областында (1 млн. ашыгыраак, азыр 7 район бар) - 4 район, Баткен областында (440 миӊ, азыр 3 район бар) - 2 район калат. Бишкек шаарындагы 4 районду кошсок, жалпы Кыргызстан боюнча 21 район болот.

Экинчиден, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарын бириктирип, “Түштүк Кыргызстан областы” деп атап койсо болот. Ал эми, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас областтарын бириктирип, “Түндүк Кыргызстан областы” деп атаса болот. Мисалы, "Южно-Казахстанская область", "Восточно- Казахстанская область" дегендей. Жыйынтыгында, Кыргызстанда 2 область, 21 район калат.

Ош жана Бишкек шаарлары өзүнчө, республикага баш ийген, административдик бирдик болуп калат.

Жыйынтыгында, зор суммадагы каражат (ондогон млрд. сом) үнөмдөлөт. Ал каражатты башка тармактарга жумшаса болот.

2. Өлкөбүздөгү мамлекеттик башкаруу системасы.

Административдик- аймактык бөлүнүштү тактап алгандан кийин, мамлекеттик башкаруу системасын да ошого ылайыктап, кайра түзүү керек. Кантип?

Биринчиден, мамлекетти башкаруунун системасын парламенттик же президенттик- парламенттик эмес, президенттик кылып кайра өзгөртүү керек. Бул учурда президент мамлекет башчысынын да, өкмөт башчысынын да милдетин аткарат. Парламенттик башкарууну көрдүк, жыйынтыгы айтпаса да белгилүү

Экинчиден, парламентке партиялык тизме эмес, ар бир райондон бирден депутат шайлаш керек. Бул учурда, азыркыдай аты-жыты белгисиз, партия лидеринен башка эч ким тааныбаган адам эмес, районго белгилүү, алардын ишенимин актай турган адам депутат болот. Эл да тааныйт, депутаты ким экенин. Ошондо, Жогорку Кеӊеште 23 эле депутат болот экен (21 райондон жана Ош шаарынан 2 депутат, Бишкектен 4 депутат - алар райондорго кирген). Мисалы, 12 млн. адам жашаган Москванын шаардык думасында деле болгону 45 депутат бар экен. Менимче, 6 млн. адам жашаган (Москванын жарым калкы) Кыргызстан үчүн 23 депутат жетиштүү эле болот.

Депутаттарыбызды азайтып, бир топ каражат үнөмдөп алгандан кийин, министрлерге кезек келди. Жогоруда айтылгандай, президент өзү өкмөттү жетектейт. Демек, өкмөттүн аппараты болбойт.

Өкмөттү өзү жетектеп, жоопкерчиликти алып аткандан кийин, министрлерди да президент өзү дайындайт. Адегенде, министрликтердин милдеттерин аныктап алуу керек. Мисалы, жердин баары менчикте, мамлекеттик чарба жок болсо, азыркы айыл-чарба министрлиги эмне жумуш аткарат? Ал эч кимге “сен муну айда” деп көрсөтмө бере албайт. Өнөр жай министрлиги деле ошондой. Ошондо, министрликтердин саны кескин азаят. Баарын тактап алгандан кийин, ашып кетсе, 10 чакты эле министрлик калат. Муну менен дагы бир топ каражат үнөмдөлөт.

3. Өлкөбүздөгү кадр тандоо саясаты.

Азыркы кадр тандоо, ишке орноштуруу саясаты жараксыз экенин баарыбыз эле билип калдык. Бир нерсени билесинби, тиешелүү билимиӊ, турмуштук тажрыйбаӊ барбы, жокпу – аны эч ким карабайт. Тиешелүү партиянын мүчөсү же “Апрель революциясынын баатыры” болсоӊ болду – министр, аким, губернатор боло бересин. Ортодо ким куурайт? Баягы эле чыдамкай кыргыз эли.

Жетишет! Кыргызстан чала-сабаттуу, тажрыйбасыз “баатырлардын” же партия мүчөлөрүнүн практика өтүүчү аянтчасы эмес! Мамлекеттик башкаруу – бул турмуштук тажрыйбаны, адамдар менен мыкты, жөнөкөй мамиле кылууну талап кылган өтө татаал, жоопкериликтүү жумуш. Аны ар кимге эле ишенип, берүүгө болбойт.

4. Өлкөбүздүн жарандары.

Шайлоого жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз, кичине тыйын берип койсо – сатылабыз. Эӊ негизгиси, талапкерлердин программасын окубайбыз. “Каяктык экен?” дейбиз дагы, “Аа, өзүбүздун бала турбайбы” деп, алды-артыбызды карабай туруп, добуш берип салабыз. Ушул да шайлообу, ушул да тандообу? Күнөө кимде? Жообу белгилүү.
Ал эми партиялык тизме менен шайлоо - бул өзүнчө чоң темага татырлык аңгеме. Тизмедеги үч адамды таанысаң - тааныдың, калгандары - партия лидери гана билбесе, эч ким тааныбайт. Эң кызыгы - партиялык тизменин төрүнө акча бергендер гана өтө алат, калгандары - жөн эле оформление. Көз карашыңы, илим-билимиңи, турмуштук тажрыйбаңы эч ким уруп ойнобойт. Ошондуктан, шайлоо алдында, шайлоо маалында мен "республикасымын" , "Мен ата-журтчумун" дегендер шайлоо бүткөндөн кийин ыдырап жатышат. Акчасы жоктор үчүн депутат болуу - түшүндө көргөн жомоктой эле болуп калат.
Дагы айтчу ойлор көп. Азырынча ушулар. Форум журтчулугу окусун, өз ойлорун айтсын, калганын анан улантаармын...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 17 Январь 2015 - 18:34

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#623 Пользователь офлайн   Bekzamann   17 Январь 2015 - 19:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 13:51

АШАны аппак кылып коюпсунарго мен буга такыр кошулбайм.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#624 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   18 Январь 2015 - 02:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Jeka, Ош шаарында да 2 район адам жашайт ашыгы менен, областтан сырткары. Эгер Эки областка так сиз корсоткондой болсо Тундук Туштук болуп болунуу куч алабы деп койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 18 Январь 2015 - 02:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#625 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   18 Январь 2015 - 02:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Jeka, Калган пунктар менен макулмун десем да болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#626 Пользователь офлайн   Aidyn   18 Январь 2015 - 02:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

Просмотр сообщения atai9292 (12 Январь 2015 - 19:04) жазган:

Мелисти айткан себеби Мелис кылган ишти президенттердагы ушул убака чейин кыла элек мурунку Ош м.н Мырзакматов убагындагы Оштун асман менен жердей айырмасы бар


Ошко бюджеттен акча болунгонун эсинерге алсанарчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#627 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   18 Январь 2015 - 02:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Aidyn (18 Январь 2015 - 02:35) жазган:

Ошко бюджеттен акча болунгонун эсинерге алсанарчы


Ал акчалар мэрияга эмес, ОШ жана Жалал Абад шаарларын калыбына келтуруучу дирекцияга болунгон, алар мэрге баш ийбейт. Ош жана Жалал Абад шаарларында куйгон уйлорду кайрадан тургузганы (озбектердин уйлорун) сарпталган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#628 Пользователь офлайн   Aidyn   18 Январь 2015 - 02:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

Азыр КРда баары саясатчы. Ити да пити да дегендей.
Бироо катуурак осуруп койсо да АШАны кунолой бергиле.
Туугандар баарынарды ынтымака чакырат элем. АШАны ажо кылып шайлагандан кийин аны колдойлу, ишенели, убакыт берели.
Менин пикирим жондо аранарда анча мынча ой бузукулар бар эле ошолорго айтар элем мен лично Ташиевке шайлагам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#629 Пользователь офлайн   Jeka   18 Январь 2015 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Nurmuxammet (18 Январь 2015 - 02:06) жазган:

Jeka, Ош шаарында да 2 район адам жашайт ашыгы менен, областтан сырткары. Эгер Эки областка так сиз корсоткондой болсо Тундук Туштук болуп болунуу куч алабы деп койдум.

Ош шаарында 2 райондон ашыгыраак эл жашаары эске алынган: "...Ошондо, Жогорку Кеӊеште 23 эле депутат болот экен (21 райондон жана Ош шаарынан 2 депутат)."

Ал эми Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүүнү кайсы бир аймактын аталышын өзгөртүү же атайын токтом, жарлык, мыйзам аркылуу жок кыла албайбыз, азайтуу же күчөтүү да мүмкүн эмес. Анткени, ал бөлүнүү - биздин тарбиябызда, акыл-эсибизде, дүйнө таанымыбызда. Качан гана ата-энелер уул-кыздарына "Ал - Оштук, бул - Аркалык" деп айтпай калганда, Түндүк региондун эли Ош, Баткен, Жалал-Абадга, ад эми Түштүк региондун эли Бишкек, Чолпон-Ата, Нарын, Таласка балдарын, неберелерин ээрчитип алып, даңгыр жолдор менен, аз убаккытта, арзан баада экскурсияга, эс алганы же жөн эле таанышканы барып-келип калганда - ошондо гана мындай бөлүнүү азайып калышы мүмкүн. Бул илдеттен арылуу үчүн о.э. башка шаарларга, өлкөлөргө барып эл, жер таанып келүү да жардам берет.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 12:26

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#630 Пользователь офлайн   Jeka   18 Январь 2015 - 13:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жогоруда айтылгандар - бул Кыргызстанды өнүтүрүүнүн ички, материалдык резервдери. Мындай резервдер дагы толтура. Бирок, алардан башка, кайсы бир өлчөм менен өлчөнбөй турган дагы бир нерсе бар. Ал - биздин бийликке болгон мамилебиз.
Биз, кыргыз эли, бийликти сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. “Өз ханын сыйлай албаган, өзгөнүн ханын сыйлайт” болбой (мисалы, Путинди, Назарбаевди), мамлекет башчысын көпчүлүк шайлагандан кийин, ага баарыбыз - шайлагандар дагы, шайлабагандар дагы, "Урматтуу президент" деп расмий кайрылганды (өтө сүйүп кеткенден эмес!), расмий тосуп алганды жана башка көптөгөн расмий каада-салттарды аткарганды, сыйлаганды үйрөнүп (мисалы, Англиядагыдай), президентке бери болгондо 3 жылдай “жеӊилдетилген”, “налогдон бошотулган”, б.а. сын-пикирлер айтылбаган, митинг-жүрүштөр жасалбаган убакыт бериш керек. Ошондо, президент дагы, анын жан-жөкөрлөрү дагы жоопкерчиликти сезип, маанилүү кыймыл-аракеттерди, жумуштарды жасап, олуттуу сүйлөп калышат, азыркыдай оозуна кирген нерсени оттобой.
Ар бир кварталда же жарым жылда көтөрүлүш, митинг, жүрүштөр боло берсе, Акаевби, Бакиевби, Атамбаевби - кандай гана бийлик болбосун, алдыга койгон пландарын унутуп, элдин оозун басуу үчүн “өрт өчүрүү” режиминде, нервозный абалда иштеп, сүйлөп калат. Мындай абалда эч качан ийгиликтер болбойт, инвестициялар келбейт, демек өнүгүү да болбойт. Мисалы, кечке эле уруш боло берген үй-бүлөгө деле кошуналар салкын, кош көӊүл мамиле жасап калат эмеспи.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 14:21

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#631 Пользователь офлайн   zhusaliev89   18 Январь 2015 - 14:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Янв 2019 11:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Арал

Jeka созундо Жан бар бирок сен айткан нерселер бийликтегилердин башына келбесе да керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#632 Пользователь офлайн   Jeka   18 Январь 2015 - 14:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения zhusaliev89 (18 Январь 2015 - 14:15) жазган:

Jeka созундо Жан бар бирок сен айткан нерселер бийликтегилердин башына келбесе да керек

Бул айтылып жаткан сөздөр азыркы, же азыркы бийликтен куралган кийинки бийлик үчүн эмес, сиз жана биз, бизди колдогон форумчулар үчүн айтылып жаткан сөз. Турсунбек Акун "Адам укугу" партиясын түзүп, шайлоого камынып атса, биздин эмнебиз кем? Кеттик биз деле, "Форумчулар партиясын" түзүп алып шайлоого. Анан ишке ашыра беребиз айткандарыбызды, жазгандарыбызды. Негизгиси, элдин үнүн, пикирин угалы - жөн эле жомокторду, фантазияларды жазып атабызбы, же кимдир бирөө келдойбу, кошулабы биздин ойлорго...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#633 Пользователь офлайн   Jeka   18 Январь 2015 - 15:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ар бир ата-эне баласынын келечегин ойлоп, ага татыктуу, сапаттуу билим бергиси келет, ал үчүн каражат аябайт. Анткени, сапаттуу билим алган бала өнүгөт, өсөт - иши кылып көчөдө калбайт. Ошондой эле, Кыргызстандын келечеги да, өнүгүүсү да өзүнө ишенген, бирөөнүн көзүн карабаган, билимдүү, кесипкөй жаштарда. Азыр биздин жаштар ошондойбу? Жооп - тескери. Ошонун айынан Кумтөр, Таш-Көмүр жарым өткөргүчтөр заводу, Кайыңдыдагы кабель заводу жана башка көптөгөн өндүрүштөрдү иштете албай, чет мамлекеттердин (Канада, Кытай ж.б.) көзүн карап отурабыз. Ал эми, биздин жаштардын 90 пайызы юрист, экономист болгусу келет. Экономикасы жок өлкөгө мынча юрист, экономисттин эмне кереги бар?!!! Алар өндүрүштү билбейт! Эмне кылуу керек? Билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүү керек. Кантип?

1) Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын баарын бир убакта жаап, кайрадан аттестациядан өткөрүү керек. Аттестация учурунда окуу жайдагы аудиториялардын, лабораториялардын, окуу китептеринин, китепканалардын, жатаканалардын, спорттук залдардын, компьютерлердин, илимий даражасы бар окутуучулардын саны текшерилет. Бул талаптарга жооп берген ЖОЖдорго лицензия берилип, ишмердүүлүгүн улантышат. Калгандары - жабылат. Ошондо, азыркыдай 50 эмес, 10-15 чакты ЖОЖ калат.

2) Кыргызстандын аймагындагы бардык ишкана, мекеме, уюмдар кадрларга болгон суроо-талаптарын Билим берүү министрлигине тапшырат. Анын негизинде керектүү адистиктердин тизмеси (аталышы) жана саны аныкталат. Аталган суроо-талаптын негизинде министрлик ЖОЖдорго кабыл алуу планын бекитет.

3) Ар бир ЖОЖ өзүнүн профили боюнча гана адистерди даярдайт. Мисалы, эч качан Техникалык университет журналисттерди даярдабайт. Бир эле региондо кайталанган адистиктерди ачууга жол берилбейт.

4) Жалпы республикалык тестирлөө жана анын жыйынтыгы менен ЖОЖдорго кабыл алуу токтотулат. Анткени, ЖРТ - бул америкалыктар тарабынан Кыргызстандын билим берүү системасын кыйратуу, талкалоо максатында коюлган мина.

5) Абитуриенттердин билим деңгээлин өндүрүштө, ишкана, мекемелерде тиешелүү багытта иштеген адистерден түзүлгөн комиссия аныктайт.

6) Азыркыдай контракттык окуу системасы болбойт, таптакыр жоюлат. Окутуу бюджеттик негизде гана жүргүзүлөт. Студенттерге 100 доллардан кем эмес стипендия, бекер жатакана, интернет, окуу китептери берилет. Транспорттун бардык түрлөрүндө жол киренин 50 пайызын төлөшөт. Окутуучулардын маянасы миң доллардан кем болбойт.

Аталган иш-чаралар ишке ашырылса, жогорку окуу жайлары азыркыдай "Ош базары" болуудан кутулат. Билим алуунун, билим берүүнүн баркы көтөрүлөт, студент жанталашып окуйт, келечекте өзүнө ишенген, бирөөнүн көзүн карабаган, билимдүү, кесипкөй адис болот. Демек, өлкөбүздү өнүктүрүүгө зор пайдасы тийет!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 15:46

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#634 Пользователь офлайн   zhiza   18 Январь 2015 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Чындыгында, башка мамлекеттердин административдик - аймактык болунушторун карап отуруп, бизде облус, район деген бюджетибизден ашыкча " жем" жегендер, жук болуп атканын байкайсын.
Балким, облустарды такыр жок кылып эле, эки - уч районду бириктирип( ирилештирип), район деп атабай, башка административдик бирдик берсечи?
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#635 Пользователь офлайн   Jeka   18 Январь 2015 - 17:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Укук коргоо органдары азыркы учурда бактын түбүндө жашынып жаткан партизандарды же шпиондорду элестетет. Жолдо жүрүүнүн коопсуздугун, элдин коопсуздугун жана алардын укуктарын сактайын деген кызматкерлер чанда кездешет, калгандары – элдин баарын априори күнөөлүү эсептеп, алардын эсебинен акча табууну, баюуну ойлошот. Акмалап карагандары, көз салгандары, баккандары эле – айдоочулар, сойкулар, ичип алгандар, майда барат кылмыш жасагандар. Ал эми кримчөйрөнүн "акулалары" , "киттери" ээн-эркин сайран куруп жүрүшөт. ИИМ академиясындагы абалды баарыбыз жакшы билебиз, министр мырза да өзү айтып отурат. Сот системасынын абалы деле көӊүл жылытаарлык эмес. Каякты караба - чала сабат прокурорлор; орой, "энеңдиден" башканы билбеген тергөөчүлөр; бийликтин көрсөтмөсүн күтүп отурган соттор...Эмне кылуу керек?

Адегенде, бул системада темирдей тартип орнотуп, таяке-жээн, бажа, балдыз экенине карабай, баарына бирдей мамиле кылып, тартип, укук сакчысы болуучу адамдарды аттестациялап, бир эмес, жети жолу электен өткөрүү керек. Тандалган кадрларга жарашыктуу форма, татыктуу маяна, жетиштүү техника, заманбап курал берүү керек. Кадрларды даярдап, тандоо менен бирге кылмыш-жаза кодексине, мыйзамдарга да өзгөртүү киргизүү керек. Мисалы, өлүм жазасын сөзсүз түрдө кайра киргизүү керек. Боюнда бар аялдарды, жаш ымыркайларды кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү өмүр бою түрмөдө багып, элдин акчасын коротуунун кажети жок. Күнөөсү далилдендиби – атып таштоо керек. Башкаларга да сабак болот.

Судьяларды тандоо кеңеши, комиссиясы - мунун баары болбогон нерсе. Эгер сот системасынын көз карандысыздыгын камыз кыла алсак - эч кандай комиссия, кеңештин кереги жок болуп калат. Ал үчүн судьяларга эмне керек? Татыктуу маяна, шарт. Эң негизгиси - президент болобу, аким, губернатор болобу - баары мыйзамды сыйлап, судьялардын ишине кийлигишпеши керек.

Эгер укук сакчысы бир эле жолу элдин чөнтөгүнө тумшугун салып, же кылмышкерлерге, же сойкуларга, же бандиттерге крыша болуп, мыйзам бузууга жол берсе – андай адам өмүр бою укук коргоо органдарында иштебеш керек.

Эң негизгиси - укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер элдин эсебинен, алар төлөгөн салыктардын эсебинен жашап жаткандарын түшүнүп, эч качан эсинен чыгарбоосу керек. Ошондо гана алар өз кызматынын маани-маңызын, милдеттерин түшүнүшөт!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2015 - 17:35

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#636 Пользователь офлайн   Vazir   21 Январь 2015 - 07:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Просмотр сообщения AMAH-2 (13 Январь 2015 - 03:31) жазган:

Вазир,Перзидентибиздин ошол жет өлкөго барганынын башкы максаты акча суроо болуп жатса анан макул болот да.Ал эми мекенчилиги түзүл эле менимче.Эми азыр кырдаал ушундай болуп атат.Эптеп эле чет жактан акча өндүрүп Кыргызстандагы эч айласыз нерселердин абийирин жаап туруу.Бирок, чын,ошол акчаларды алгычакты кээде оюна келгенин оттоп коймой адаты бар.Жаманбы, жакшыбы баары бир биздин президентибиз. Садыр Жапаровдун жазган китебине таянган болсок начар президент.Эми муну убакыт корсөтөт...

___________
Аман мырза Сизди Кыргыздын Мекенчил жигити деп журсом, каяктагы Элдин акчасын жеген адамдарды коргологонунузга тан калдым, Аркамдан жазып.
Президент, Чет элден акча сурап телемчи болбой эле койсун, Озубуз ишканаларды, Тартиптесе андан коп акча чыгат.
Ал эми Мекенчилдигин айта турган болсом:
----- 3 тона Алтынды Турцияга чыгарып кеткенини Мекенчилдигиби?
-- Шайлоо убагында Озбектер менен саясий соодалашууга барып, Ош кандуу окуясын жаратканы, Ошолбу мекенчилдиги?
------ Кумтордогу, Миллиартаган корупцияны, жойбой олтурганы, Мекенчилдигиби?

Эми Чынчыл болсонуз чын эле оюунузду озгортосуз деген ойдомун.
________
Эгер мумкунчулугум болгондо, тапанчанын 7 гилзасы тугонгучо башын атып салмакмын. Озун жана Кыргызстанга зыян келтирип олтургандарды кошуп.

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#637 Пользователь офлайн   kara_kulzha   26 Январь 2015 - 11:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения aikow92 (06 Январь 2015 - 12:19) жазган:

Мен кыйшык карайм. Неге аны эле корсотуп калдынар. Президент бир гана кыйкырганды эмес чет мамлекеттерде Кыргызстандщын жузу, окулу да болушу керек. Жети олчоп анан кеселичи. Туш келген адам президент болуп отугун торго иле берсе кандай болот билесинреби. Кыргызстанды эч ким сыйлабай калат.

Андан башка ким бар? Эң мыкты саясатчы Мэлис эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#638 Пользователь офлайн   kara_kulzha   26 Январь 2015 - 11:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Aidyn (18 Январь 2015 - 02:35) жазган:

Ошко бюджеттен акча болунгонун эсинерге алсанарчы

Кечиресиң бирок 2010 жылдан бери Мэлис мэрликтен кеткиче 1 тыйын которулган эмес Ош шаарынын бюджетине Кыргыз Өкмөтүнөн.
далил документтер менен бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#639 Пользователь офлайн   AMAH-2   27 Январь 2015 - 01:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Просмотр сообщения Vazir (21 Январь 2015 - 07:44) жазган:

___________
Аман мырза Сизди Кыргыздын Мекенчил жигити деп журсом, каяктагы Элдин акчасын жеген адамдарды коргологонунузга тан калдым, Аркамдан жазып.
Президент, Чет элден акча сурап телемчи болбой эле койсун, Озубуз ишканаларды, Тартиптесе андан коп акча чыгат.
Ал эми Мекенчилдигин айта турган болсом:
----- 3 тона Алтынды Турцияга чыгарып кеткенини Мекенчилдигиби?
-- Шайлоо убагында Озбектер менен саясий соодалашууга барып, Ош кандуу окуясын жаратканы, Ошолбу мекенчилдиги?
------ Кумтордогу, Миллиартаган корупцияны, жойбой олтурганы, Мекенчилдигиби?

Эми Чынчыл болсонуз чын эле оюунузду озгортосуз деген ойдомун.
________
Эгер мумкунчулугум болгондо, тапанчанын 7 гилзасы тугонгучо башын атып салмакмын. Озун жана Кыргызстанга зыян келтирип олтургандарды кошуп.





Вазир,мен бул кишин толугу менен колдойм деген жерим жок.Айтайын дегеним мекенчилдиши өтө жакшы болбосо дагы түзүк эле го дегеним.Сен Садыр Жапаровдун китебине таянып жазып атасың да ээ? Ашыкпа,ал китеп али толук такталып бүтө элек.Балким бул да алдыдагы шайлоого карата башталган саясий оюндур.Балким баары чындыр.Аны убакыт көрсөтөт.
Ал эми чет жактан акча сурай бергени бул ажолорубуздун хоббиси го.Качып кеткен экөөсү да сурап эле келген.Бирок алар анчейин ачыктабайт болчу.Антип сурабоо үчүн мамлекттин бюджети канаттандыраарлык болуусу керек болот.А бирок бизде бюджетибиз таңсыгыраак, майда-чүйдө нерселерден ашпайт.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#640 Пользователь офлайн   Vazir   27 Январь 2015 - 01:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Просмотр сообщения AMAH-2 (26 Январь 2015 - 13:12) жазган:

Вазир,мен бул кишин толугу менен колдойм деген жерим жок.Айтайын дегеним мекенчилдиши өтө жакшы болбосо дагы түзүк эле го дегеним.Сен Садыр Жапаровдун китебине таянып жазып атасың да ээ? Ашыкпа,ал китеп али толук такталып бүтө элек.Балким бул да алдыдагы шайлоого карата башталган саясий оюндур.Балким баары чындыр.Аны убакыт көрсөтөт.
Ал эми чет жактан акча сурай бергени бул ажолорубуздун хоббиси го.Качып кеткен экөөсү да сурап эле келген.Бирок алар анчейин ачыктабайт болчу.Антип сурабоо үчүн мамлекттин бюджети канаттандыраарлык болуусу керек болот.А бирок бизде бюджетибиз таңсыгыраак, майда-чүйдө нерселерден ашпайт.

___________
Бул жерде талашкандан эч майнап жок, сизге тушундуро албаганым окунучтуу. Адам эмнеге ишенгиси келсе ошого ишенет экен, ошол эле учурда чындап каало болсо баарын жасаса болот. Ал эми китеп боюнча фактыларды ошол жерди маани берип окуусаныз табасыз, жана КТР дин архивинен, Ютубдан тапсаныз болот, жана СНБ да жакындарыныз болсо тактап алсаныз болот.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (33 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 05:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: