Чынында Каныбек бул кишини эгерим көрбөптүр,балким Абдурасулдун тааныштары болуп жүрбөсүн деген ой кетти.
-Ооба,менмин,
эмне болду?
Алиги киши эч нерсе деп сүйлөгөн жок,тек гана бир аздан кийин ооз учунан күңк этти.
-Анда отур машинеге.
-Силер кимсиңер...
Ал сөзүнүн аягына чыккан жок,артынан бирөө үн чыкпас пистолети менен жүрөк тушуна такап,ичкери карай түртүп кир дегендей белги берди.
Каныбек бир аз турду да артындагы экинчи жолу пистолеттин учу менен түрткөндө айла жок кирүүгө мажбур болду.Каршылык көрсөткөндөн майнап чыкпайт болчу.Артындагысы аны менен кошо кирди да эшикти жапты.Жеңил машине дароо от алып ордунан козголду.Баарынан таңгалыштуу нерсе аялдамалда турган бир дагы киши буларды байкашкан жок.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#82 09 January 2015 - 02:07
АЗАПКА ТОЛГОН БИР КҮН
Таңга жуук үйдө жаткандарды короонун сыртындагы бакылдаган жоон үн ойготту.
-Игорь!Игорь дейм барсыңбы,эмне уктап жатасыңбы алигиче?
Биринчилерден болуп бул добушка Абдурахман ойгонду.Колдору байлануу үйдүн ээси алиги чал болсо эбакта байлануу жатыптыр.Кезек менен кароолчулукка коюп койгон Сулайман эч нерсени сезбей уктап жаткан болчу.Абдурахман ачуулана аны карап коюп,ордунан атып тура терезе жакка барды.Сыртты үңүлө карап анан чалга кайрылды.
-Ким бул?
-Ким болмок эле кошунам Виталий,эртең менен бадага уйду кошкондо биздин уйду да кошо айдай кетет.
Абдурахман эмне кылыш керектигин өзүнчө ойлонуп калды.Короонун сыртынан кайрадан бакылдаган үн чыкты.
-Игорь деги тирүүсүңбү, үнүңдү чыгарып койсоң боло?!
-Бар,жооп бер.
-Угуп атам,азыр чыгам!-Байлануу чал Абдурахманга карады.Бакылдаган үндөн беркилер да ойгонуп кетишкен эле.
-Ким экен бул?
-Чш-ш андан көрө тигинин колун чеч.-Абдурахман ары жактан алактап келе калган Жафарга абышканы көрсөттү.
-Эмнеге?
-Чеч дегенде чечпейсиңби. ..
Жафар эч нерсе тушүнбөсө да,тигинин байлануу турган колу буттарын чечти.Чал тунү бою байланып турган колдору бошогондо кан жүгүрө,эс ала түшкөндөй кичине ушалап туруп калды.
-Эскертип коёюн старик,тигиге кичине эле кыңк этип артыкбаш сөз сүйлөсөң,байлануу турушкан небереңди да,кемпириңди да мууздап таштайбыз.Биз сенин ар бир кыймылыңды байкап,сөздөрүңдү тыңшап турабыз.Артыкбаш сөз сүйлөөчү болбо уктуңбу?

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#83 09 January 2015 - 02:29
Абышка унчуккан жок.Сыртты карай жөнөгөндө артынан кошо бар деп Жафарды ээги менен тигини көрсөтүп койду.Жафар тушүндүм дегендей анын артынан ээрчип кетти.Короонун сыртынан бакылдаган үн угулду.
-Түндө катуу майрамдагансың го кайран эргулум.
-Ооба аябай кеч жаткам.
-Ошондой,өңүңдөн кыйналганың кадимкидей билинип турат.
Жафар чалдын ар бир кыймылына көз жүгүртүп турду.Ал кошунасы менен көп деле сүйлөшкөн жок,сарайдагы уюн чыгарып,тигинин уйларына кошуп жиберди.Анан ары жактагы тоокканадагы тоокторун чыгарып жем чачты.Андак соң үндүк менен каздарын чыгарды.Чочколор турчу сарайына кирип,аларга майдаланган жем аралаштырып сууга кайнатылган чөптөрдү чочколоруна берди.Кой-эчкилерин да короодон чыгарып бадага кошуп жиберди.Эртеден бери короодогу узун отургучка отуруп алып,тамеки чегип,анын ар-бир кыймылын карап отурган Жафар өзунчө чалга сүйлөнө кетти.
-Көрүп турам,абышка неплохо живешь.Өзүң да бир топ тың окшойсуң.Биз да бул жакка жаңылбай келген окшойбуз.Эмесе мындай,алдагы тоокторуңдан экөөнү карма да,алардын башын кесип,жүндөрүн жулуп бизге тамак даярда.Көптөн бери тооктун этин жей элекмин.Экөөнү эмес,үчөөнү карма үчөөбүзгө үчөө керек.Бол эртеле,курсак ачып кетти.Эгер нараазы боло турган болсоң бүт тоокторуңдан ажырайсың,кана тез.
Бул айыл четиндеги үйдүн өзгөчөлүгү, кроосу киши боюнан да бийик болуп,ичиндегилердин эч бири көрүнчү эмес.Эски жыгач дарбазаны алып таштап,темирден жаңы дарбаза салдырганына аз эле болгон эле.Ошол себептен дарбазаны ичинен илип алышып тигилер өз билгендерин жасап журуштү.Айыл четиндеги бул үйгө элдер да аз келишчү.Өздөрү менен өздөрү оокат кылып атышкан кемпир-чалга көпчүлүгу анча деле көңүл бурушчу эмес.Иштери чыгып калганда гана кошуналары кайрылып калышчу.

#84 09 January 2015 - 02:45
Өзүнүн жыгач уясында кызыл-ала болуп өлүп жаткан итин көрө койгон чал Боже мой деп өзун башка койгулап кыйкырып жиберди.
-Ээй,потише абышка,ит кара жерге кирсин,өзүңөрдүн аман калышыңарды тилегиле.Болбосо силер да ушунун кейпин киесиңер.
Көп өтпөй үйдөн чалдын сыйга кийчү көйнөгү менен шымын кийген Сулайман чыкты.Эки жагына көз жүгүртө бир нерсени эсине тушүргөндөй дароо тооккананы көздөй жөнөдү.Бир аздан кийин ал жактан көйнөктүн ичине толтура жумуртка алып чыкты.
-Абышканын тооктору жакшы жумурткалайт окшойт,карачы канча жумуртка алып чыктым.-Ал үч-төртөөну ала коюп четин чагып туруп ичин соруп кирди.
-Шашпа,коё тур,бышырып жейбиз.
-Мен чийкилей эле ичкенди жакшы көрөм.
-Тиягыңа күч келип кетпесин абайла.
-Мейли.
Абышка унчукпастан Жафар көрсөткөн үч тоокту кармап,алардын башын кесип ыргытып үйгө кирип кетти.Сулайман бул жакта эмне бар экен дегендей сарайлардын ичин бир сыйра кыдырып журдү.Анан дарбаза илинүү бекен дегендей жакшылап текшерип коюп үйгө кирди.
Үйдөгулөр байлануу тугандардын колдорун чечип үчөөнө тең тооктордун жүндөрүн жулдуруп атышыптыр.Ашканада жумуртка кууруп аткан Жафар бери басып келди.
-Абышка самогонуң барбы?
-Менде жок,бирок тиги кошунам сатат.Улуксат берсеңер алып келе коём.
-Хе,тапкан экенсиң майбаштарды, эмне милицияга кабар берейин дегени турасыңбы ыя?Кана акчаңды ал да жүрү,экөөбүз барып келебиз.Аларга шаардан үйгө конок келип калптыр деп айтып,эки литрдей самогон аласың.Кайра чогуу келебиз.Кана кетик журү.
Абышка кемпирине карады эле ал аны түшүнгондөй шифоньердеги жемпиринен жүз сом алып чыгып берди.Сулайман анын жемпирин кайра шифоньерге илдирбей колунан жулуп алды да,анын чөнтөктөрүн аңтарып болгон акчаларынын баарын алып чыкты.
-Ой-боой силер бай турбайсыңарбы ыя.Дагы каткан маткан акчаңар бар болушу керек.Кана бизди убара кылбай өзүңөр эле алып чыга бергиле,эгер биз тапчу болсок,анан жаман болот.Кана санай коёюнчу канча сом болот экен.Он,жыйырма. ..
-Алдагыларды бери алып кел.-Абдурахман Жафардын колундагы акчалардын баарын өзү алып санап кирди.-Үч миң сом экен да.-Акчанын жарымын чөнтөгүнө салып,жарымын тигилерге кайтарып берди.-Ме,миң сомун өзүңөргө калтырабыз.
-Зачем?-Деп Жафардын көзү чакырая туштү.
-Унчукпа,өзүм билем.Биз анчалык эле зөөкүр каракчылардан эмеспиз.
Көп өтпөй Сулайман менен абышка чоңураак банка толтура эки литр самогон алып келди.
-Охо-оо,анча- мынча отметка кылып бүгүнкү күндүмайрамдайт экенбиз да.-Жафар самогонду көргөндө жалжылдай кубанып кетти.
-Силерди чоочун көздөрдөн эч ким байкаган жокпу?Чал тигил жакка лишний балтайт эткен жокпу?-Абдурахман абышканы шектүү карай ишенбегендей сурады.
-Баары жайында,лишний да сүйлөгөн жок,чоочун көздөр да бизди байкаган жок.
-Дарбазаны бекиттиңерби?
-Албеттте, биринчи кезекте аны бекитебиз да.
-Жумуртка даярболдубу, анда самогонуңдан куй.
Ушуну эле күтүп тургансып Жафар самогонду көтөрө ашканага кирип кетти.Экөө анын артынан ээрчишти.Анан ар стаканга бөлө тартып куюшту да,бирден тартып жиберишти.
-Тиги чалды чакырчы,кызга сак бол качып чыгып кетишпесин. -Абдурахмандын буйругуна Жафар аркы бөлмөдөгү тооктун жүнун жулуп отурушкан үчөөнө барып,чалды бери ээрчитип кирди.Кемпирге, анан кызга кайрылды.
-Эскертип коёюн бул жактан качып чыгам деп ойлобогула, өзгөчө сага тиешелүү.-Жафар өспүрүм кызды сөөмөйү менен кезей көрсөттү.-Эгер сен качып кете турган болсоң бул экөөнү тең мууздап,үйдү өрттөп салабыз.Ал эми биздин айтканыбыз менен болсоң эч нерсе кылбай тынч кетебиз,уктуңбу? Анда тоокту казанга салып майга кууруй бергиле.Бир сааттын ичинде даяр болсун.
Алар чалды бош столго отургузушту.
-Куй тигинден.-Абдурахмандын сөзун Жафар лып эте илип ала коюп айнек банкадагы самогонду төрт стаканга бөлө куйду.
-Кана абышка эмне үчүне ичели?
Абышка унчукпастан стаканды алды да тартып жиберди,закүскө да жеген жок.Абдурахман Жафарга дагы куй дегендей көзүн ымдады.
-Кана старик,балким буга бирдеме дээрсиң...?Болуптур анда өзүм айтайын.Ишибиз ийгиликтүү болуш үчүн,байлык үчүн,тиги ойлогон ойлорубуз ишке ашсын,мындан ары экинчи түрмөгө кайрылып барбайлы.
Анын сөзүн кубаттагандай берки экөө да жарыша алып жиберди.
Бир аздан кийин Абдурахман даарат ушатканы короого чыгып кетти.Бир кезде үйдүн ичи ызы-чуу,тополоң боло туштү.Эмне болуп кетти дегендей бөлмөгө атып кирип Сулаймандын абышкага бычак такап турганын көрдү,кемпири Кудайга жалына ары-бери чебелектеп басып журуптүр.Бир маалда аркы бөлмөдөн өспүрүм кыздын кыйкырып басылган үнү чыкты.Каалганы тарс эткире тээп дароо кирип барды.

#85 10 January 2015 - 01:13
Жафар өспүрүмдүн оозун катуу басып алып чечиндирип атыптыр.Абдурахман мындай көрүнушкө өзүн кармай албай кетти.Аткан октой жетип барып Жафарды желкеден алып көтөрүп тургузду да,тумшуктан ары басып калды.
-Айбан десе мен сага эмне дедим эле ыя?
Чалкасынан камгактай учуп түшкөн Жафар жерде жаткан боюнча башын көтөрдү.
-Эмне бирөөнүн кызын аяп жатасың,биз эртең то есть бүгүн кечинде кетип калабыз да,-анан канжалаган оозун колу менен аарчый ордунан тура келди.
-Сен деген төрт аяктуу айбандарга теңелбе,беш мүнөттүк кумар үчүн өспурүмдүн убалына калба.Бойго жеткен кыз болсо да бир жөн.-Абдурахман ачуусун токтото албай небересин кучактап турган кемпир менен чалдын жанына басып келди.Алиги өспүрүм кыз ыйлаган боюнча тигилерге далдалана,алардын артына кача берди.
-Албетте силер бизди кечирип койгула,экинчи мындай кайталанбайт. Бирок дагы бир жолу эскертип коёюн,биздин айтканыбызды кылып турсаңар,силерге эч жамандык жасабайбыз.
Үй ичи бир пазга жымжырт боло туштү,Жафар ашканада өзүнчө күңкүлдөй канаган мурду-башын жууп жатты.Сулайман болсо ашканага кирип,мага баарыбир дегендей стаканга самогондон толтура куюп өзүнчө ичип отурган.Аңгыча короонун сыртынан бакылдаган эркектин үнү чыкты.
-Хозяин,киши барбы,ким бар үйдө?
Терезе парданын жылчыгынан шыкаалаган Жафар өзүнчө шашкалактап калды.
-Милиционер экен,шепкесин көрдүм.
-Өлдүк,даана ишибиз бүттү.-Сулайман да ары-бери калдалактай терезеге бир чуркап,ашканага бир чуркап чоң аш бычакты алып келе калды.Акырын барып терезеден бир азга шыкаалап турган Абдурахман өзүнчө күңкүлдөй кетти:
-Чын эле милиция экен,чыш-шш, акырын паника кылбагыла.-Абдурахман терезеден дарбазанын арт жагындагы караанга аябай кунт коюп карап турду да,абышкага кайрылды.Милициялар кайдан бул жакты билип келип атышат?Тигил жакка самогон алганы барганда акырын шыбыр кылып койгонсуң го дейм.
-Кудай урсун эч кимге эч нерсе айткан эмесмин...
-Анан булар кайдан таап келишти быякты?
-Бул болгону биздин участковоюбуз, балким жөн эле келгендир,башка иштер менен.

#86 10 January 2015 - 01:29
-Эгер алар бизди курчоого алып,буктурмада турган болсо,биз жөндөн жөн эле колго түшүп бербейбиз.Сенден башка барымтада дагы экөө бар,бычак менен кекиректерин акырын гана шылып коёбуз.Керек болсо баштарын өздөрүнчө кесип алып туруп,топ ыргыткандай сыртка ыргытып таштайбыз.А эгер башка иштер менен келсе,дагы бир жолу эскертип коёюн,бир нерсе кылып артыкбаш сөз сүйлөп же белги бере турган болсоң башың кетет ыргып,тигил экөөнүкү менен кошо.Ар бир кыймылың биздин көзөмөлүбүздө.
Аны үйгө кийирбе,сырттан эле жөнөт,уктуңбу ,бар эми. Эгер биз буктурмада болсок жанагына айтасың.
Абышка акырын сыртка чыгып жөнөдү эле,Жафар да анын артынан ээрчиди.
-Ким бу?
-Бул мен эле Игорь,участковой Ахмедмин. Дарбазаны аччы.
Жафар ары жактагы жыйылып турган отундардын артына жашырынды.
-Саламатсызбы Игорь,иштериң, ден-соолуктарың жакшыбы?Охо- оо отунду жыйып койгон экенсиң го кышка камылга көрүп.
-Келиңиз тигил жерге отуруңуз.-Абышка бир балакет болуп кетпесе экен деп жанталаша короонун ичиндеги узунунан кеткен беш киши кенен баткан отургучту көрсөттү.
-Байбичеңиздин денг-соолугу кандай,оорубай- сыктабай жүрөбү?
-Баары жайында,эмне маселе боюнча?
-Кыскасы мындай,кечээ кечинде түрмөдөн азият улутундагы төрт киши качты.Экөө уйгур,бирөөсү өзбек,ал эми бирөөсү кыргыз.Жаштары отуз беш менен кырктын ортолору.Ошондуктан бул айылдагылардын көпчүлүгүнө эскертип коюп жатам.Кокустан көчөдөн болобу,талаадан же жол жактан болобу,мейли каяктан болсо да чоочун бирөөлөрдү көрсөңөр дароо бизге кабарлагыла. Мен телефон менен тигил жакка кабар берем,алар дароо эле жетип келишет.Өзүм да аларды кармаганга аракет кылам.Анын үстүнө сиздики айылдын эң эле чети эмеспи,сак болуңуз деп эскертип коёюн деп жатам.Алар биринчи эле сиздикине келиши мүмкүн.
Абышка канчалык белги берип тигиге эскертейин деп,бирок эч кандай мүмкүнчүлүк ала алган жок.Туш тарабында анын ар бир кыймыл аракетин карап тургшан көздөрдөн коркту.Жакшы эле көзүн кысып бир эки жолу белги берип көрдү эле,тигил аны байкаган жок.Ар кайсы нерселерди субеш мүнөттөй отурду да,кайра ордунан турду.
-Кылмышкерлерде курал жок,түрмө кийимдери менен качышыптыр. Албетте аны чечип салышты да.Кыскасы,сак болуңуз,эгер бир нерсе болсо кабарлап коюңуз.Болуптур анда жакшы калыңыз.Ден- соолукта болуңуз,оорубаңыз.
Абышка милиционерди акырын сыртка узатып жиберди да,кайрадан дарбазаны ичинен бекитти.Жафар дарбазанын тешигинен тигини бир топко узата карап турду.Ал улам алыстап отуруп,башка көчөгө бурулуп кеткенден кийин гана бери басып келип абышканы бет талаштыра уруп калды.
-Эмне бизди байкабайт дедиңби ыя,ага эмне көз кыстың бир-эки жолу.
-Эч кандай көз кысканым жок,жөн гана сүйлөшүп отурдум.
-Мени эч нерсени байкабаган кеңкелес же сокур деп атасыңбы! -ордунан туруп келаткан чалды ачуулана ичтен ары дагы бир жолу катуу тээп калды.Чал ичин баса бөктүшө,өзөрүп барып араң оңолду.-Дагы жакшы сенин бактыңа ал аны байкабай калды.Эгер байкачы болсо ишиң бүтмөк,участковыйды да кошо жайламакбыз.

#87 12 January 2015 - 01:29
ЭСКИ ТААНЫШ
Жолдо бара жатканда эле Каныбектин эки көзүн таңып,колун байлап салышкан болчу.Ошол боюнча эч кимиси бир да сөз сүйлөп унчугушкан жок.Алар көпкө,узак жол жүрүшкөнсүдү. Каякка,эмне максат менен алып баратышат Каныбек эч түшүнбөй жол карата ар нерселерди ойлоп башын катырып баратты." Балким менин Абдурасил эмес экенимди билип калышып Абдурахмандар атайын биротоло көзүмдү тазалашканы алып баратышкандыр. Балким,Карабаев айткан башка топтор болуп жүрбөсүн.А балким мунун башка бир сыры бардыр?Мейли, кандай болсо да,көрө жатарбыз.Менде зажигалка бар эмеспи,тигилер менен байланышып алам.Куралдуу жүргөндөрүнө караганда булар жөн адамдар эмес.Кызык,кийинки мезгилдерде күтүлбөгөн кокустуктарга көп кабылып калчу болдум.Эми мени алдыда дагы эмне сюрприз күтүп турат болду экен?"Бир аздан кийин жеңил машине токтоп,бир аз турду да кайра ордунан козголду.Каныбектин көзү таңылуу болчу,туюу сезими менен бир жакка киргенин сезип атты.Бир аз жүргөн соң машине токтоду да,мотору өчтү.Андан соң эшиктер ачылып эки адам эки жактан колтуктай Каныбекти кайдадыр алып жөнөштү.Эки колу артына байлануу болгондуктан эч каршылык көрсөткөн жок,тигилер алып бара жаткан жакка бутун шилтеп жүрүп отурду.Кандайдыр бир үстү жабылган чоң үйдүн ичинде кетип баратканы сезилип турду.Эшик ачылып бөлмөнүн ичине киришкендей болду.Тепкич менен төмөн түшүштү.Аны жер төлө деп ойлоп жатты.Түрмөнүн эшигиндей болгон темир эшик шарак-шурак деп ачылгансыды. Кандайдыр бир жытты,болгондо да тааныш жытты сезди,кадимки түрмөнүн,хатанын жыты."Кызык мени кайтадан түрмөгө алып келе жатышабы?Эми менин түрмөгө керегим деле жок да".Алар бир аз басышкан соң дагы бир бөлмөгө киришкенде болду.Канча жол басышканын, канча эшиктен киргенин Каныбектин башы айланып калды.Бир жерге келип токтошту.Айланасында анча-мынча кобур-собур үндөр чыккансыды. Анан дымып калышты.Жымжырттык. "Мени эмне,бул жакка жалгыз таштап кетиштиби?" Жок ал жаңылышыптыр, бир аздан кийин бирөөсү анын таңылган көзүн чечти.Чоң болмөнүн ичинде өзүн курчап жалдырай карап турушкан чет элдик ар түрдүү автоматтар, пистолеттер менен куралданышкан, сакал-муруттары өскөн,жаштары ар кайсы курактагы он чакты киши унчукпастан аны теше тиктей карап турушуптур. Каныбек өзү Ооганыстанда кызмат өтөп келгендиктен көзүнө кадимки ооган басмачылары элестеп кетти.Төрдөгү столдо жашы элүүлөргө чукулдап калган,көз карашы аябай сүрдүү,толмочунан келген тармал чачтуу киши отуруптур.
Баары жымжырт боло бир топко унчугушпай турушту.Каныбек акырын айланасына бир сыйра көз жүгүртүп өттү,дегеле бирин да тааныбайт экен.Анын үстүнө түспөлдөрү да,бири да кыргыздарга окшобойт.Афган, арабдарга окшошуп кетишет экен.Чачтары тармал,каштары кара,сакал муруттары коюу,өңдөрү кара түспөлдөш.Бир аздан кийин төрдөгу отурган киши ага акырын сынагандай көз караш менен карап үн катты.
-Абдурасул сенсиңби?
Каныбек бир пазга эмне деп жооп берерин билбей унчукпай турду.
-Мени кайдан тааныйсыңар?
-Адегенде менин суроомо жооп бер,Абдурасулсуңбу?
-Жок,силер жаңылышып жатасыңар,башка бирөө менен чаташтырып алсаңар керек.
-Азыр аны бат эле далилдей коёбуз.-Алиги киши бирөөлөргө колун жаңсап белги берип койду эле,сырт жактан бир кишини ээрчитип келишти.Аны көрүп Каныбек эмне кылаарын билбей унчукпай туруп калды.Ал турмөдө чогуу отурган Хусейин деген уйгур жигит эле.Мөөнөтү бутуп түрмөдөн бошоп чыкканына эки айдай болуп калган.Эсинде, алтынчы хатанын паханы болуп жургөн,төртүнчү жолу кесилип түрмөдө отурган Азим деген киши дайыма Хусейиндин бацилласына кол салып,дачкаларды өзүнө ыйгарып алып,атүгүл ага тынчтык бербей баланданы да тартып алып кез-кез ага муштумун тийгизе коюп жүргөнүн байкап калган.Бир жолу ашканада жаңыдан тамак ичкени отурушканда ал Хусейиндин тамагын бүт бойдон тартып алып,аны да ичпей ары жактагы парашага төгүп салганын көргөн.Азимге Хусейин аянычтуу карап бир нерсе деп сөз айткансыды, сыягы курсагым ачка тамак ичким келип атат дедиби.Анын бул сөзу азимге жакпай калды ойшойт,өзү аябай далдайган чоң киши болчу,көпчүлүгү аны великан деп коюшчу.Илмийген арык Хусейинди бир колу менен таптак көтөрүп туруп тамак ичип отурган столдун үстүнө ыргытып жиберген. Тамак ичип отургандар алдыларындагы харчаларын(тамак) ташташа,ордуларынан туруша туш-тушка чачырай беришти.Аны экинчи жолу таппатак көтөруп туруп бурч жакка ыргытканда өзү менен кошо стулдарды чапчый камгактай учуп барып түштү.Карап тургандардын эч кимиси ага кийлигишкен жок,байкушту эмне кылар экен деп үрөйлөрү уча карап турушту.Бир кезде аны сол колу менен так көтөрүп туруп барскандай колу менен бетке урмакчы болуп,жаңы эле колун көтөрүп баратканда Каныбек аны колдон кармап калган.Эгер бул муштум Хусейинге тийчү болсо,аны оңдурбайт болчу. Сен ким элең дегендей ал каныбекке башын бура карап калды.Ал кезде анын каратэ менен машыгып кара пояс экенин көпчүлүгү биле элек мезгил болчу.
-Кереги жок,жөн кой жайына аны,-Каныбек муштумун катуу кармаган боюнча тигини тике карай туруп калды.

#88 19 January 2015 - 03:42
-Сен кимсиң мени тыйгандай,кийлигишпей тур мындай төрт бүктөп коё электе!
Чындыгында буга чейин бул дөөгө эч ким каяша сүйлөчү эмес.Ал жалгыз гана положенецтин оң колу болуп жүргөн корей жигиттен гана ийменчү.Башкаларына болсо өз билгенин жасачу.Жинине тийгендерди эч аячу эмес,колун,кабыргасын, бармактарын сындырып таштачу.Бир жолку ачуусу менен жаңы келген өзундөй болгон далдайган жигит экөө уруша кетип катуу кысып,мойнун сындырып,өлтүрүп койгон.Буга эч ким эч нерсе кыла алган эмес.Ошондон кийин мындан баары чочулап калшыкан болчу.Зөөкүр болгону аз келгенсип,кекчил да эле.
-Ыя,сен кимсиң мени тыйгандай?!
-Жайына кой,пусть өз оокатын өзү кылып жүрө берсин.-Каныбек буга каяша кылган түрмөдөгү биринчи адам эле.
-Сен тың жигит көрүнөсүң,келгениңе бир жарым ай боло элек жатып каяша сүйлөп,атүгүл колумдан кармап атканын карасаң.Кабыргаңды карыштырып коёюнбу ыя,азыр?-Ал Каныбекти чап билектен кармады дагы белден кучактап өйдө көздөй тапатак көтөрүп туруп кайсыл жакка ыргытсам дегендей ары-бери басты.Анан ары жактагы төрдө тамак ичип отруган столдогуларды көздөй ыргытты эле,ал столду буту менен тирей калып кайра тикесинен туруп калды.Экинчи жолу кармаганы баратканда өтө тездик менен карматпай буйтап кетти.Азим аябай карылуу болгону менен олдоксон болчу.Экинчи жолу обдулганда буйтап арт жагына өтүп кетти да,желкеге тээп калды.Бери бурулганда көкүрөккө тепти эле дубалга жабыша түштү.Тигил аюудай айкыра ачууланган боюнча Каныбекти качырып сала бергенде,ал бир секирим менен столдун ары жагына өтүп кетти.Азим буга сыр көрсөткөнү алдында турган тамак иччү столду тапатак көтөрүп туруп тигини көздөй шилтеп калды.Бирок, стол жеткиче тигил ары көздөй буйтап кеткенге үлгүрдү.Экөөнүн мушташы бир топко созулду.Ал бут менен бетке эки-үч жолу катуу жегенден кийин гана эч нерсе кыла албай шалдырап отуруп калды.Бир жагынан башы сендиректеп, жер айлан-көчөк боло,экинчи жагынан өтө чарчап да калган эле.Мышыктай болгон аябай шамдагай немеге күчү жетпесин сездиби,ордунан тура эч сөз айтпастан ары көздөй басып кеткен эле.Ошондо Каныбек ага биринчи кол кайыргандардын бири болчу.Хусейинге ал ошондон кийин экинчи тийишпей калган.Кийинчерээк Хусейин экөө жакшы мамиледе болуп кетишкен.Каныбек түрмөдө жүргөнүнө беш айдай болгондон кийин Хусейиндин мөөнөтү бүтүп,эркиндикке чыгып кеткен.Ошол Хусейин бет маңдайында турду.
-Кандай Абдурасул,көрүшпөгөнүбүзгө да бир топ болуп калды го дейм.Түрмөгө дачка киргизейин деп барып силердин качып кеткениңерди угуп калдым.Ооба, бир эсептен туура эле кылдың.Аны укканда мен аябай кубанбадымбы. Тогуз жыл бою ал жакта түрмөнүн баландасын ичип,төрт тарабы кыбыла болгон бийик дубалдын ичинде эзилип жатмаксың.Мына мен да ашык кеми жок жети жыл толук мөөнөтүмдү өтөп чыкпадымбы. ..
-Коё турчу,булар ким,силер кимсиңер вообще..?
-Чочулап,кабатыр болбой эле кой Абдурасул,булар өз кишилериң болот ,сага эч жамандык кылышпайт.
-Түшүнбөдүм. ..
-Эми кандай десем...Булар менен мындан ары чогуу иштешесиңер же тагыраак айтканда чогуу иштешебиз.
-В каком смысле?
-В прямом смысле,баса сени менен кошо качып чыгышкан беркил үчөө каякта?
-Кайсыл үчөө?
-Абдурахман, Жафар,Сулаймандар. .?
-Аларыңды билбейм,мен өзүм гана качып чыктым...
-Калп айтып жашырбай эле кой Абдурасул,биз бардыгын билебиз.Кандай жол менен качканыңарды да билебиз.
-Айткылачы менден силерге эмне керек?

#89 19 January 2015 - 04:11
Төрдө отурган алиги толмочунан келген киши ордунан козголду.
-Болуптур сөздү чойбой ток этээр жерине өтөлү.Кыскасы, сен биз менен иштешишиң керек,кандай да болсо Абдурахмандан казынанын картасын алышыбыз керек.
Каныбекти курчап турган куралчан топ аны эмне дээр экен жымжырт болуп күтүп турушту.Бир аздан кийин алиги төрдө отурган киши кайрадан үн катты.
-Албетте,биздин бул сунушубуз сен үчүн күтүлбөгөндүк, туурабы.Мен дароо эле макул же жок деп айт дебейм,убакыт бар,ойлонуп көр.Биз абдурахмандын тобундагыдай эмеспиз.Акча Кудая шүгүр жетишет,профессионал куралдуу тобубуз бар.Чет элдиктер менен да байланышыбыз күчтүү.
-Бизде казынанын картасы бар экенин кайдан билдиңер?
-Мен айтып атпаймынбы чет элдиктер менен да байланышыбыз бар деп,аны билүүнүн кыйынчылыгы деле жок.
-А балким силер бирөолөр менен чаташтырып жаңылыш угуп алган чыгаарсыңар, ал эмне болгон казына экен?
-Арамзаланба Абдурасултээ тарыхта калган Кокон хандыгынын кыргыздар менен болгон кагылышуусун, көп жылдар бою алардын үстүнөн үстөмдүк кылган эзүүсүн кимдер билбейт.Кокон хандыгынын бийлигинин аяктап бараткан акыркы жылдары бир жолку катуу чабышта казынанын төрттөн бир бөлүгүнүн жоголуп кетиши,жакында гана анын картасы тарыз музейиндеги кылычтын ичинен табылышы,ал мурун сенин колуңда болуп,кийинчерээк абдурахмандын колуна өткөнүн эң жакшы билебиз.Билмексен болуп арамзалангандан эч майнап чыкпайт Абдурасул.Керек болсо алар сени өлтүрмөкчү болушуп,картаны алып алып бычак менен эки-үч жолу көкүрөккө урушуп,өлүгүңдү сууга ыргытышкан, туурабы.Сен мындайча айтканда Кудайдын шарапаты менен орусча айтканда чудом аман калгансың.Кайра картаны алыш үчүн атайын түрмөгө тушүп,тигилер менен кайра элдешкенсиң. Түрмөдөгү окуяларыңды да билебиз.Ал жактан качуу планын да сен уюштургансың. Майрам күнү төртөөңөр түрмөдөн качып чыккансыңар. Азыр ызы-чуу болуп ички иштер органдары тарабынан силер издөодө журөсүңөр.Жетиштүү го дейм,же дагы айтып берейинби?Так что,арамзаланганыңдан эч майнап чыкпайт.
-Болуптур...мага ойлонуп,бир чечимге келгиче бир аз убакыт бергиле.
-Албетте,биз сага мүмкүнчүлүк беребиз,бирок кароолчуларды ыргыта чаап качып кетем деп ойлобо.Сенин кыйын мушташаарыңды билебиз,эсиңде болсун менин кишилерим көзгө атаар мергендер.Кымындай эле артыкбаш кыймылдасаң атып салышат.Эгер биз менен иштеше турган болсоң шикарный жашоо болот.Болуптур, ойлон жакшылап кабыргаң менен кеңешип,тигилериңден сага эч пайда жок.Убагы келгенде өлтүрүп коюшу да мүмкүн.
Анын кайрадан көзүн таңышты да,бир жерге алып барып көзүн чечишти.Заңгыраган кооз залдын ичинде отуруптур.
-Мына телевизор,музыка, каалаган тамак-аштар, ичкилик десең тигил муздаткычта баары бар.Эмне тамак керек болсо тигил сулуу кыздар алып келип берип турат.Эгер кааласаң алар менен да развлекать этсең болот.Кыскасы каалаган шартың бар.Биз кеттик,ойлон жакшылап.-Аны узатып келген кишилер акырын чыгып кетишти.Жумшак жеңил креслого чалкалай отуруп өзүнчө ойлоно кетти."Эмне кылыш керек,макул боло берсемби же ыңгайын таап качып чыксамбы? ...Кой болбойт,андан көрөкчө Карабаевдер менен байланышып, кеңешип көрөйүн,алар эмне дешээр экен..." Ал ордунан шар атып турду да,аны акырын ачып сыртка көз жиберди.Узунунан кеткен коридордогу жумшак отургучтарда далдайган эки жигит өздөрунчө сүйлөшуп отурушуптур. Колунда кичинекей чет элдик автомат кармаган бирөөсү туруп алып эч нерседен бейкапар экөөнүн сөздөрүн тыңшап турат.Каныбектин жылчыктан карап турганын байкашкан жок.Ал акырын кайра эшикти жаап койду.Анан терезе жакка барып анын айнегинен сыртка көз жүгүрттү.Эки- үч жигиттин сүйлөшүп турганын көрдү.Бирөөсү башын буруп Каныбекти карап койду.Үйдүн шыпкасынан берикөз жүгүртүп,болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын карап чыкты.Катуу кайтарууга алынып,качууга эч мүмкүнчүлүгү жок экен.Видеокамералары жок бекен деп бөлмөнүн ичин дагы бир сыйра кылдат текшерип,эч нерсе жок экендигине ишенгенден кийин гана кайра ордуна келип отурду.Чөнтөгүнөн фильтрлүү сигарет алып чыгып оозуна салды да,зажигалкасынын кнопкасын басып Карабаевге акырын кырдаалды баяндап кирди.

#90 19 January 2015 - 04:21
ТҮНДӨГҮ ҮЧӨӨ
-Та-аак,абышка, нам пора уходить,-Абдурахман Игордун жанына келди.-Бирок биз кетээрдин алдында силерди байлап,сыртыңардан бекитип кетишибиз керек.Биздин ким экенибизди эми беш колуңардай эле билип калдыңар.Биз кайра түрмөгө кайрылып баргыбыз келбейт.Ошол себептен силерди байлоого туура келет,эң башкысы силер биздин айтканыбыз менен болуп бердиңер,ошондуктан биз да силерге эч кандай жамандык жасабайбыз, бирок учтите,милицияга дароо кабарлайбыз деп ойлобогула, өзүңөргө кырсык,жамандык тилеп аласыңар.
Сыртта айланага күүгүм кирип,көчө кыймылы сээлдеп калган маал болчу.Үчөөнү кыймылдай алгыс кылып аябай бекем чырмап байлап,ооздорун да таңып,үйдүн жарыгын өчүрүштү.Анан эшигин бекем жаап,дарбазасын сыртынан ачкычы менен бекитишти.Ачкычты короонун ичине ыргытып коюшту.Айланаларында ары-бери өткөн киши жокпу дегендей бир сыйра акырын көз жүгуртүп чыгышты.
-Каяк тарапка баралы?
-Жолго чыгып Бишкек тарапты көздөй бараткан такси же жеңил машине кармайлы.
-Милиция кызматкерлерине кармалып калсакчы?
-Кармалбайбыз, Кудай сактасын.Алар караңгыда бардык машинелерди эле токтотуп текшере беришпейт да.
Үчөө эки жактарын алактай караша,машинелер көп жүрчү жолду карай кетип бара жатышты.
-Токтогула,каякка бара жатасыңар?
Капыстан чыккан үнгө үчөө тең сактаныша туруп калышты.Алар бак түбүндө арак ичип отурушкан жергиликтүү жаш балдар болчу.
-Силер кимсиңер?-Алиги үн кайрадан чыкты.
-А силер өзүңөр кимсиңер?-Абдурахман жооп ордуна кайра тигилерге суроо салды.
-Тамекиңер барбы?-Бирөөсү ширенке жандырып тигилердин жүзүнө үңүлдү.Алар жергиликтүү эмес бейтааныш кишилер экенин көрүшүп,кызуу болуп турган жигиттер үчөөнө асыла кетишти.-Тамекиңер жок болсо ичкенге бирнерсе таштагыла.
Бокмурун кызуу балдар менен акыйлашып турганга убакыт жок болчу.
-Бар жигиттер өз оокатыңарды кылгыла,бизге тийишпегиле, итак шашып баратабыз.
Анын сөзу беркилерге жаккан жок.Алигиси түз эле анын алдын тооруп ар жактан да үч төртөөсү жабыла басып келип курчап калышты.Биринчиден карангы,экинчиден бул бейтааныштар башка жактан экенин билишкен боз балдар аларды эрмектей башташты.
-Бул жакка чужойлор келбеши керек,келишсе сөзсүз отметка жасашы керек.Давай отметка жасагыла.
Аларды ары айтса да,бери айтса да көнбөй коюшту.Ортодон чатакташа кетишти,кызуу балдар жөндөн жөн эле коё берчү түрлөру жок.Бешөө үчөөнү тепкилемек болуп курчоого алыша улам омуроолоп киришти.Бир маалда боз балдардын бирөөсү катуу бакырып жиберди "Аа-аа-аа! Санга бир нерсе менен сайып жиберди! " Аларды курчап тургандардын бирөөсү ширенке мене жарык кылды эле,үчөөнүн тең колдорундагы бычактарды көрүшүп туш-тушка качып жөнөштү.Ар бири бирден бычакты кокус бирдеме болсо деп үйдөн ала чыгышкан.
-Каргашадай болуп булар кайдан чыга калышты эле.Иштин баары чатакка айланмай болду.Кой,тигилер айылга барып кайра кайтып келишкенче биз көздөн кайым болуп кетели.

#91 22 January 2015 - 02:49
Үчөө шашылыша жолго чыгышып Бишкек тарапка кетчү жеңил машинелерди токтото башташты.Бирок бир да машине токтобай жандарынан зуу этип өтуп кетип жатышты.
-Минтип отурсак өзүбуз эле колго тушүп беребиз.Андан көрө экөөңөр тең жашынып тургула,мен токтотуп көрөйүн машинаны.-Экөөсү бактардын арасындагы карангы жерге далдаланышты да Абдурахман өзүн карай келаткан машинанын так эле алдына барып тосту.Катуу келаткан жигули машинеси кыйчылдап барып токтоп,андан башын чыгарган киши ачуулана кыйкырып коё берди.
-Ээй,жигит сен эмне өлө албай турасыңбы же массыңбы,тур мындай жолдон,а то урдуруп кете берем азыр!
Аңгыча ары жактан байкатпай жетип келген Жафар айдоочуну союл менен башка чапканга үлгүрдү.Бактыга жараша машиненин ичинде айдоочудан бөлөк киши жок болчу.Үчөө дароо ичине түшуштү да,айдоочунун колун артына кайрып байлап,арткы багажына ыргытып салышты.Рулга Абдурахман өзү отурду.Көп өтпөй эле машине кайрадан от алып сапарын андан ары улады.
-Айдоочуну ушул байланган боюнча ээн талаадагы чуңкурга ыргытып таштайбыз да,өзүбуз борборго жетип алабыз.
Бирок алардын бул максаттары ишке ашкан жок.Жол боюндагы күзөттө турган МАИ кызматкери кызыл таякчаны күйгүзүп токто деген белги берди.
-Шайтан алгырдыкы мунусу кайдан чыга калды эми,эмне кылсак?
-Токтотконго болбойт,кете бер,көрө жатаарбыз андан аркысын.
Тигилердин токто деген белгисине карабай алар машинени катуу айдаган боюнча зуу этишип жандарынан өтүп кетишти.Арадан көп өтпөй эле үстүндөгүсүн жандырып-өчүрүп арттарынан кууп келатышкан милициянын машинеси пайда болду.
-Эми ушул ылдамдыгыбыздан жазбай жүрүп отуралы,Бишкекке деги аз калдык,көп кыймылдын ичине аралашып кетсек,балким карматпай кетебизби.Алыска берчү фарасы менен караңгылыкты как жарган эки машина катуу ылдамдыкта биринин артынан бири кууша калаага жакындап келатышты.
ИЙГИЛИКСИЗ КАЧУУ
-Карабаев бул мен "Меркуриймин" ,-Каныбектин негизги паролу ушул болчу,-иш анча жакшы эмес.Сенден коштошуп узай бергенде элекандайдыр бир куралчан белгисиз топко кабылып калдым.Кайсыл жерде экенимди да,дарегин так айтып бере албайм.Анткени пистолетти артыма такашып,машинеге отургузушуп, көзүмдү таңып алып келишти.Куралчан ар кайсы улуттагы он чактыдай кишинин колуна туштүм.Бул топтор мени да,Абдурахмандарды да жакшы таанышат экен.Алардын арасында тиги мени менен түрмөдө отуруп чыккан Хусейин деген жигит да жүрөт.Бизге иштеп бер деп өздөрүнүн сунуштарын коюп атышат.Ойлонгонго бир сутка убакыт берди.Азыр алардын бир бөлмөсүндө отурам.Эртең аларга жообун беришим керек,эмне айтаарымды өзүм да билбейм.Макул десем золотые горы обещать этип атышат.Жок десем билбейм,анда өлтүрүп коюшу да мүмкүн.Менимче булар контрабанда менен занимать эткен эмелер окшойт.Айткандарына караганда чет мамлекеттер менен да байланыштары бар...-Тигинден жооп алгыча дароо үзүлдү.Анткени эшиктен куралчан бирөөсү кирип келаткан эле.
-Шеф мени сени менен бул жерде бол деди.Сактыкка кордук жок дегендей сен качып кетпеш үчүн же артыкбаш бирнерсе жасап жибербеш үчүн.Кыскасы мен сенин телохранителиңмин, ар бир кыймылыңа мен керт башым менен жооп берем,-Ал ары жактагы жумшак креслого жантайып отура кетти.-Мен сага эч тоскоолдук жасабайм.Өз билгениңдей ээн-эркин отура бер.-Ал стол үстүндө турган журналдардан бирди алды да,эч жакка көңүл бурбастан өзүнчө окуп кирди.
Ошо боюнча экөө караңгы киргенче бир да сөз сүйлөшкөн жок.Каныбек диванга жаздык коюп,чалкасынан жатып ойлоно кетти.Тигиниси туруп барып жарыкты өчүрдү да кайра светильникти жандырды.Мунун таң атканча Каныбекти кайтарып уктоочу түрү жок."Эмне кылсам,Карабаев менен кайра кантип байланышам? Эч мүмкүнчүлүк болбой калды...Таа-ак эмне кылсам?Буларга да макулдугумду берип,үч оттун ортосунда ойносомбу?Же өткөн жолку Абдурахмандын кишилерине капысынан колго түшкөндөгүдө качып кетсемби?Анда колум байлануу каалга сыртынан бекилүү болчу.Бир гана айырмасы анда эки-үчөө мени кайтарышса, мында болсо жети-сегиз киши кайтарышууда, блким андан да көптүр.Эмне кылсам качканга аракет кылып көрсөмбү?Макул болом деп үч оттун ортосунда өзүм күйүп кетпейимби? Иш,кырдаал кыйын,тобокел" Каныбек гезит окуп отурган жигитке акырын көз жүгүрттү.

#92 22 January 2015 - 02:56
Каныбек Эмне кылсам деп бир топко өзү менен өзү сүйлөшүп,кеңешип олтурду.Алиги гезит окуп олтурган жигит улам үргүлөп кетип,кайра бир нерсени эстегендей селт этип башын көтөрө калып,Каныбек жакты карап коюп гезитке көз жүгуртүмүш этип калып жатты.Чоң залдын ичи европа стилинде аябай жасалгаланыптыр,
бул үйбү же шаардын четиндеги чоң дачабы Каныбектин башы жетпей атты."Наркотик менен алектенгендер болсо албетте бай турушат,ошондуктан мактанып атат да менде баары бар деп.Эмне кылсам?" акырын саатын карады.Түнкү он экиден өтүп калыптыр,айлана өлүү жымжырт."
Кой темирди кызуусунда сокпосо болбойт" ал ордунан турду да,алиги жигитти көздөй кадам таштады.Ал акырын башын көтөрүп эмне кылып жиберээр экен деп,Каныбектин ар-бир кыймылын сактана карап турду.
-Жигит тамекиң барбы?
-Азыр,-Жан чөнтөгүн сыйпалап бир куту тамеки алып чыга,Каныбектин бейкаар турганын көрүп эч нерсени ойлобой ошол боюнча ага суна берди.Бир кезде күтүлбөгөн жерден тигил колунун кыры менен моюнунун күрөө тамырына чаап калганда кыңк дегенге алы келбей оңкосунан учуп түштү да,ошол бойдон былк этпей жатып калды.Эч кандай ызы-чуу,добуш болгон жок.Каныбек айланасына кылдат көз жүгүртүп алды.Терезеден качып чыкканга болобу дегендей ал жакка басып барды эле,ал аябай бекитилиптир, анын үстүнө сырттагы чоң прожектордун жарыгы,ал жержеги ар-бир кыймылды даана көрсөтүп турат.Үйдүн ичин дагы бир сыйра текшерип чыкты.Жок качып чыкканга эч мүмкүн эмес.Кайрадан каалгага барды да акырын ачып,коридорго көз жүгүрттү.Эки жерже светильник күйүп турганы болбосо ал тарап бүдөмүк караңгы экен.Жумшак креслодо экөөсү уктап атыптыр,ал эми үчүнчүсүнөн болсо дайын жок.
Ал акырын дабыш чыгарбай коридорго чыкты да,эч нерсени сезбей уктап атышкан экөөнө жакындап келатты.Бир маалда бирөосү дароо көзүн ачакалып ордунан атып турду эле,Каныбек катуу күү менен келип бетке тепкенге үлгурдү.Экинчисин болсо ойгонуп эсине келгенге үлгүрткөн жок,анысы ошол боюнча кулады.Бетке жеп учуп түшкөнү жерде жаткан автоматка колун созуп келатканда Каныбек ага үлгуртпөй таманы менен билегинен басты.Ал дароо бурулуп чалкасынан боло бергенде муштумун катуу түйө жаакка шилтеп калды.Ушунчалык катуу,тез шилтенгендиктен муштумдары да ооруй колун ары-бери силкип алды.Убакытты текке кетирбеш керек болчу.Эки жерде сулап жаткан экөөнү таштай узун коридор менен дабыш чыгарбай сыртка чуркап жөнөдү.Бир кезде эшик шарт ачылып экөө кирип келишти.Экөө тең спорт кийим кийинишкен, бирок тигилердикиндей куралдары жок болчу.Көнгөн каратэнин ыкмасы менен экөөнө атырылып кол салды эле,экөө эки жакка аткан октой учуп,башка жерге туруп калышты.Экөө тең эгиз балдардай бири-бирине окшош экен,окшош да кийинип алышыптыр.Кыймыл- аракеттерине, чапчаң шамдагайлыгына, мушташуу техникаларын жакшы билгендигине караганда экөө тең чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын Каныбектен кем билишчүдөй эмес.Экөө эки жактан кунг-фунун ыкмалары менен кол салып,Каныбек алардан араң коргонуп жатты.Алар бири-биринен кем калышпай кеминде эле он беш мүнөттөй мушташышты. Бир кезде коридор жарк эте күйө ары жактан автомат,пистолеттерин өзун көздөй сунган беш-алтоо чыкты.Алдыда алиги төрдө отурган киши бар болчу.Мушташ дароо токтоду.Ал жылмая бери басып келди.
-Бөрү баласы ит болбойт деген чын окшойт,мен сага бардык условияны түзуп берсем да,баары бир бизге кол көтөрүп атасың.Ошончолук эле кыйын болсоң кана менин тлохранителим менен мушташып көрчү.
Ары жактан чачын узун кылып коё берген,аябай булчуңдары чыңалган,далдайган киши өзүнө ишенимдүү басып келди.Боюнун узундугу,өзүнүн далдайганы аз келгенсип,бүт денеси бөлүнүп-бөлүнүп, аябай булчуңдуу экен.Ал кебелбей жай басып келди да,эки жагын төмөн карай коё берген кою мурутун жай сылап койду.
-Кана эмес кыйын болсоң өнөрүңдү көрсөтчү буга.-Алиги киши мыскылдай күлдү.
Каныбек бир аз турган соң кунг-фунун ыкмаларына салып тигини качырып сала берди.Бирок, тиги да кунг-фунун ыкмасы менен тосуп туруп Каныбектин өзүн кайра учура урду.Катуу урулган соккуга көзү караңгылай жыгач паркет полдо бир аз жатты.Кайра ордунан туруп каратэнин ыкмасын өтүп,буту менен тээп чабуулга өттү.Тигил анын соккусун жөн гана тосуп коюп атты да,бир маалда кырдаалдан пайдаланып өзүн кайра учура тепти.Бетке катуу жегендиктен башы айлана сендиректей полдо бир аз жатты.Ачууланып намысына келе баштады.Ордунан атып туруп,кайрадан кол салды,кайра эле өпкө боору куушурула полдо оонап калды.
-Давай-давай, тур ордуңдан мушташ.Түрмөдөгүлөр сени аябай кыйын мушташат экен деп жатышпайбы. Кыйын мушташканың ушулбу?-Алиги киши ордунан араң туруп келаткан Каныбекти мазактап жатты.

#93 22 January 2015 - 03:01
Ал шашпай ордунан туруп келип ооруган дене-боюн түзөп,келээрки мушташка даярдана баштады.Тигиниси дале жылмайып,кебелип койбойт.Атүгүл чабуул да койбой Каныбектин кол салуусун күтүп турду."Кой,
бул менен ойноп болбойт экен,өзгөчө ыкмаларымды пайдаланып көрөйүнчү,балким сестенип калаар?"Ал чыгыш элинин эң күчтүү,коргонуучунун шашатысын,айласын кетирүүчү бүркүт чабуулга өттү.Улам бийик секире учуп келип,эки буту менен моюнга,башка,
бетке тээп атты.Атүгүл шукшурулуп келип эки бутун бириктире тамандарынын кыры менен моюндарын кыса тээп өттү.Мындай чабуулга атаандаштарынын бири да туруштук бере алчу эмес,бул болсо туруштук берди.Тескерисинче анын урулган контрсоккусуна Каныбек учуп барып чалкасынан жатып калды.Сокку ушунчалык катуу болгондуктан кайра турууга дарманы келбей,Каныбек өзү эмне болуп атканын түшунбөй атты.Өмүрү мындай сокку жеп көргөн эмес.Бир жагына тиги жерде карап турган булардын жетекчиси да мазактап,ачуусуна тийип,кемсинтип жети өмүрүн жерге киргизип атты.
Даа-а өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло деген ушул да.Шашпа кезек келгенде сени менен дагы бир жолу эсептешээрмин. Ордунан туруп келатканда тиги айланып келип Каныбекти дал бетке тепти.Ал ошол боюнча тура алган жок.Алиги киши муну алып кеткиле деп белги берди эле,ары жакта турган экөөсү Каныбектин колун артка кацрып байлап кайдадыр алып жөнөштү.
Даа-а өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло деген ушул да.Шашпа кезек келгенде сени менен дагы бир жолу эсептешээрмин. Ордунан туруп келатканда тиги айланып келип Каныбекти дал бетке тепти.Ал ошол боюнча тура алган жок.Алиги киши муну алып кеткиле деп белги берди эле,ары жакта турган экөөсү Каныбектин колун артка кацрып байлап кайдадыр алып жөнөштү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#94 24 January 2015 - 04:15
КӨРҮСТӨНДӨР АРАСЫНДА
Биринин артынан бири куушкан эки машина өтө катуу ылдамдыкта шаар тарапты көздөй кетип баратышты.
-Катуу айда Абдурахман колго түштүк дегиче өлдүк,анда түрмөдөн башыбыз чыкпайт.Бас газды!-Жафар менен Сулайман бир алды жакты караша,бир арт жактагы үстүндөгү өчүп-күйгөн жарыгын өчүрүп-күйгүзүп кууп келаткан МАИ машинесине караша чебелектеп эмне кылышаарын билбей шашкалактап атышты.Катуу куушкан эки машине бат эле шаарга кирип келишти.
-Шаардын центрине айдаба,буга башка гаишниктер кошулат да бат эле колго түшүп калабыз.Андан көрө калаанын чети менен айда!-Сулаймандын айтканын эп көрүшүп,алар калаа четиндеги асфальтталган жол менен жүрүп отурушту.Алардын артындагы кууп келаткан машине да булардан калбай куйрук улаш келатты.Бир кезде Жафар бир нерсени көргөндөй Абдурахманга үн катты.
-Токтот,азыр тээтигил жерден,тигил орустардын кладбищаларына кире качабыз.Кыйын болсо бизди таап көрүшсүн караңгыда.
Машина орустардын мүрзөлөрүнүн тушуна жеткенде тык токтоду да,ичиндеги үчөө аткан октой андан атып чыгышып,бийик дубалдын ары жагына секирип өтүп кетишти.Дубалдын ары жагы учу-кыйрына көз жетпеген эски көрүстөндөр болчу.Үчөө мүрзөлөрдү аралай,тебелеп- тепсей караңгылыкта чуркап жүрүп олтурушту.Жолдо Жафар бир нерсеге чалынып эки жолу жыгылды.
-Ох,кичине демибизди басалы,артыбызда куугун жок окшойт.-Абдурахман жай басканга өттү эле,тигил экөө да жайлашты.Дагы бир аз басышкан соң,үчөө темир торлуу мүрзөнүн ичиндеги отургучка отура кетишти.
-Сыягы,тигилерден куйругубузду үздүк окшойт.
-Ооба,бийик дубалдан ашкандан коркушса керек сыягы.
-Бизди күтүп кайра келбесин сезишкен соң,машинаны айдап кете беришет да.Анан багажында эки колу,буттары, оозу таңылуу турган кишини көрүшөт да,иштин жайын түшүнүшөт.Анда уже кеч болуп калат.
-Коё турсаңар тигил эстеликтин үстүндө турган эмне?-Эртеден бери бакылдап жаткан Жафар эстеликтин жанында турган бөтөлкөгө жетип барды.Анан оозун ачып мурдуна алпарып жыттап көрдү.-Арак экен,стаканы помидор,огурецтери менен турат.
-Кана.Кудай берди,күндүз муну бир туугандары келип эскерип кетишкен го дейм.Алып кел бери,басып алалы өлбөгөн жанга.-Алар бөтөлкөдөгү аракты бөлө куюшту да, ичип жиберишти.
-Дагы башка жерлерин карап көрчү,ичкеге бирнерсе табылып жүрбөсүн.-Үчөө үч жакка бөлүнүшө эстеликтерди кыдырып жөнөштү.Аңгыча тээ ары жактан кол фонариктин жарыгы менен бери карай келатышкан караандарды көрүп бир жерге чогула калышты да чоң мрамор эстеликтин жанына далдаланып жашынып калышты..Сыягы ал мүрзөнүн кароолчусу окшойт,жанындагы эки киши менен өз ара кобураша мүрзөлөрдү, эстеликтерди бир сыйра кыдырып,текшерип жүрүштү.Артындагысы өзүнчө кобурап кетип баратты.
-Акыркы күндөрү бул жакта мага да тынчтык жок болду.Алюминий, жездин баарын бул жактан чыгарып алып кетип жатышпайбы жанагы темир тезек өткөргөн жарыбагырлар. Мындан эки-үч күн мурун эле Потапов менен Ивановдун эстеликтерин бүт омкоруп,талкалап чыгарып кетишиптир. Алар алюминийден жасалган болчу,уурулар алигиче кармалыша элек,милициялар издеп журүшөт.-Алиги үн улам жай чыгып,булардан алыстап отуруп кайра дымып калды.Эртеден бери мрамор эстеликтин жанында жашынып отургандар орундарынан козголушту.

#95 24 January 2015 - 04:26
-Кой,маркумдардын шаарчасында жүргөнүбүз болбойт,эртеби-
кечпи буга да жетебиз,андан көрө эртерээк такси кармап,тиги Бакирдин үйүнө баралы.Калганын ошол жактан сүйлөшөбүз.
-Уч караан көрүстөндөрдүн аркы бетине чыгышты да,кыйма-чийме ары-бери өтүп жаткан машинелерге кол булгап жол тосо башташты.Бир кезде чет элдик машине келип токтоп,үчөөнө үңүлдү.
-Он экинчи микрорайонго жеткирип коёсуңарбы?
-Жүз элүү сом.
-Жарайт,кеттик. -Үчөө шашылыша машиненин ичине отурушту.Көп өтпөй эле машине ордунан козголо кенен асфальт жолго тушүп,шаардын борборун көздөй зымырап кетип баратышты.
-Он экинчи микрорайонго жеткирип коёсуңарбы?
-Жүз элүү сом.
-Жарайт,кеттик. -Үчөө шашылыша машиненин ичине отурушту.Көп өтпөй эле машине ордунан козголо кенен асфальт жолго тушүп,шаардын борборун көздөй зымырап кетип баратышты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#96 24 January 2015 - 04:29
ҮЙ ЗЫНДАНЫ
Эки күндөн бери Каныбек кандайдыр бир жер төлөдө эки колуэки буту байлануу,тамак да ичпей кыйналып жатты.Аны бутунан төмөн карай асып коюп,эки жолу үч жигит келип кадимки милициялардын резинка таякчасы менен өлөөрчө сабап кетишкен эле.Мындай ыкма менен тээ илгери Вьетнам менен Америка согушуп жүргөн убакта туткунга түшкөн америкалык солдаттарды вьетнамдар ушинтип сабашчу экен.Башы ылдый салаңдап тургандыктан, экинчи жагынан катуу тепкиленгендиктен Каныбектин бетине кан тээп чыгып,ооздору кан даамданып жатты.
Кечөөгүнү эле аккөңүл,аябай сылык болуп атышкан адамдар бүгүн Каныбекке жырткычтан айырмалары жок болуп калышты.Эки колун,эки бутун байлап жана бутун өйдө каратып асып салышып,милициялардын резинка таякчасы менен эсин жоготуп койгончо сабашты.
-Каны айтасыңбы,тиги казынанын картасы кимиңерде,сени менен качкан үчөөсү каякта?
-Түрмөдөн качып чыкканда бир айылдын тушуна чейин караңгыда жөө келип токтогонбуз. Курсактарыбыз ачка дегендиктен аларга тамак-аш таап келгени айылга кетсем,кайра келгиче качып кетишиптир мени ташташып-Каныбек болгон чындыкты айтты.Анткени алар ошол боюнча дайынсыз качып кетиши да мүмкүн болчу,ошол себептен аларды издешке буларды да азгыргысы келди.Бул мезгиле милиция кызматкерлери гражданча кийинип алышып Каныбекти бүт калыы ичиндеги жер төлөлөрдү,чет жакалардагы дачаларды издөөгө алып жатышкан эле.
-Болуптур,бул сөзүңө ишенели дейин,ошол силер токтогон кайсыл айыл эле?
-Мен Чүй өрөөнүндөгү айылдарды жакшы билбеймменимче Жайыл району,Кара- Балта шаарынын айланасындагы айылдар болчу.
-Эгер чыныңды айтсаң жаныңды аман алып калабызкалп айтсаң,анда өзүңө өзүң кыласың.Бул жер төлөдөн тирүү чыкпай каласың.Сен ойлобо биздин топтогуларды жөнөкөй кишилер экен депбулар алыс жерден тоо ашып,ат арытып жол карытып келишти.Алар казынаны тапмайынча кетишпейт.Өзүң деле ойлончу Абдурасул,өлкөңөр аябагандай жарды жашашат,ал аз келгенсип көпчүлүгү иш менен камсыздандырылбаган. Эгер казынаны бизге көрсөтүп,каякта экенин айтып картаны берсеңбиз сени өзүбүз менен кошо ала кетебиз.Тияк жакта миллионер болуп жашайсың.
-Тияк жагың каяк,деги өзүңөр кимсиңер?
-Аны сага тиги түрмөдө чогуу жаткан Хусейин досуң түшүндүрүп берет.Картаны бизге көрсөтүп алып келип берсең,сага көп жеңилдиктер болот.Бизде дүйнө жүзүндөгү баардык эң акрыкы техникаларыбыз бар.Аны менен алтындарыңды бат эле таап алабыз.Эң башкысы ал кайсыл жерде жайгашкан,кайсыл тоо арасында ошону билүү гана зарыл.
Бир жума бою алар Каныбекти кандайдыр бир жер төлөнүн ичине камап алып алдап да,коркутуп да,сабап да жатышты.Кокусунан катылган казынанын картасы мында болуп калбасын деп өлтүрүп салуудан чочулашууда. Бир жума бою суудан башка эч тамак беришкен жок.Атүгүл байлануу колун да чечишпеди.Ага күндө наркотикалык зат сайып,ийнеге отургузуп,таптакыр эле моюн сунбай эч нерсе айткысы келбесе,наркозаттан ашыгыраак кылып өлтүрүп салууну чечишти.
-Эч нерсе эмес,бир жума ийнеге отургузуп туруп,анан эки-үч күн сайбай коёлучуөзү эле жалынып-жалбарып болгонун бүт айтып берет.-деп алиги өздөрүнчө уюшулган банданын жетекчиси Каныбекти эрки чыдай алабы буга дегендей мыскылдуу карап чыгып кеткен эле.
"Кыргыз жергеси аябай тоолуу жер,ушунча тоолордун кайсы жеринен издейсиң,кандай болсо да картаны табыш керек" деп тигилердин өз ара сүйлөшүп жатышканын да кулагы чалып калган.Булар кимдер,кайсыл жерден келгендер Каныбек өзү да жакшы тушунө албай жатты.Кээде өз тилдеринчекээде түркчө,кээде өзбекче сүйлөшүп атышкандарын кулагы чалып калды.Каныбек менен сүйлөшкөндө таптак кыргызча сүйлөшүүдө.
Бир жолу Каныбек менен жайма-жай баардашып,анын азгырып атышканда өздөрүнүн тобунун жетекчисин тааныштырып өткөн,атүгүл жоголгон казынан тарыхын да кыскача баяндап кетишкен.

#98 26 January 2015 - 03:03
-Бул биздин топтун жетекчиси Ибрагимбек,
1851-70-жылдары Бухара эмиратына Хива хандыгын уюштурган белгилүү,атактуу Ирдана бийдин небер-чөбөрөлөрү болот.Чет өлкөдө жашайт,аябай бай турат.Ошондогу Кокон казынасынын бир бөлүгү болгон,жоголгон казына мына ушул Ирдана бийдин чөбөрөлөрүнө тиешелүү болчу.
-А кандайча ошол жоголгон казынанын картасы бизде экенин билип калдыңар?
-Мунун тарыхы дагы узак.Эмесе ошол казына кандайча жоголгонун айтып берейин.Окуя 1843-жылы башталып жүрүп отуруп силердеги он алтынчы жылкы Улуу үркүнгө чейин изилденип келип,кыры кумга сиңген суудай дайынсыз жоголуп кетип атпайбы.Ошол силердин колуңардагы жоголгон казынанын картасынын тарыхы өтө узак мезгилди өзүнө камтыйт.Мына ошол 1856-жылы жоголгон казына эмгиче табыла элек.Атүгүл узак жылдар бою дайыны да чыкпай кеткен.Андан таптакыр үмүтүбүз үзүлө баштаганда кечээ гана музейдеги ызы-чуудан соң,тиги түрмөгө түшкөн кишинин ачык ооздугунан кайрадан үмүт оту жылт дей түштү.Эмесе, ошол жогогон казынанын тарыхын угуп эсиңе түйүп ал,балким сага да кереги тийип калаар.Бул окуя тээ илгер 1865-жылы жаз айларында болгон...Ошол жылдары кыргыз,кыпчактар Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы көтөрүлүп чыгышкан.Башында Боромбай,Ормон хандар турган кыргыз,кыпчак, кара калпак,индустардан түзүлгөн армия Кокон бийлиги турган Кызыл-Үңкүрдү (бийик коргондуу чеп) курчап алышат да,ал жерде жайгашкан кокондуктардын таш-талканын чыгарышат.Бийик чептин ичинде Кокон бийлигинин казынасын алып баратышкан чоң өлчөмдөгү казына бар болчу.Мындай күтүлбөгөн байлыкка кабылган бийлик ээлеринин ортосунда ырк келишпестик пайда болот.Анткени бийлик башында турушкан ар улуттун өкүлдөрү Ахмед,Абу-Убайдулла жана Алымкулдар казынаны бөлүштүрөрдө ортодо талаш болуп,алиги бириккен армия үч-төрткө бөлүнүп кетишет.Чептин ичинде ич ара атышуу,кылыч чабышуу болуп ич ара кан төгүлө баштайт.Ошол маалда Кокон хандыгы жөнөткөн башында Абдырахман афтобачы турган ири жазалоочу отряд кыпчак,кыргыз, индустарга күтүлбөгөн жерден кол салат.Кан суудай агат.Кызыл кыргын,кандуу салгылашызы- чуу түшүп атканда тиги талашка түшкөн казына эмнегедир баш-оту менен дайынсыз жоголгон.Ар ким өзү менен озү боло жандарын куткаруунун алакетинде болуп,аны ойлогонго эч кимдин мүмкүнчүлүгү да жок эле.Жогогон казынанын окуясы ушинтип башталган.

#99 26 January 2015 - 03:07
ЭСКИ КҮМБӨЗДӨГҮ ЭКИ ДЕРБИШ
(мурунку заман)
Асманда кара булут каптаган айлананы анча билгизбеген, көзгө сайса көрүнгүс карангы түндө ээн талаада өздөрүнчө бир нерселерди кобурашып эки караан келатты.Тээ алыстагы жалбырттап өрттөнүп жаткан бийик коргондуу чеп бул жактан кадимкидей көрүнүп турду.Атүгүл аябай алыс болсо да,түнкү бейкуттукту бузган тарсылдаган мылтыктын үндөрү,адамдардын ызы-чуусу ушул жакка чейин жетип,угулгансып атты.Булар Мерке,Үч-Курган, Аксуу тараптан өтүп Памир-Алай аркылуу Андижан,Маргелан жакка баратышкан жөнөкөй эле эки дербиш болчу.Жол карата ач карышкырлардын үйүр тобуна кабылышып,алардан көрбөгөн кордукту көрүп келатышкан эле.Тике,эч нерседен тайманбай качырып кол салган көк жалдарга минип келаткан эшектерин салып беришип,өздөрү араң дегенде алардан кутулуп чыгышты.Араң турган карышкырлар эки эшекти тытмалаша үймөлөктөшүп калышканда өздөрү араң качып чыгышкан болчу.Бирок, көп өтпөй эле эртеси күнү топ карышкырлар кайрадан алардын сары изине чөп салып кууп жетишти.Колдорундагы бычак,таяк,шалдырак- шулдурактан чочулашып улам алдыларынан пайда боло тоорушуп,алардан алыс кетпей,капысынан чийдин астынан чыга калышып,кайра жок болуп кетип айланчыктап, тегеренип жүрүштү.Эптеп Кызыл үңкүргө жетсек деген экөөнүн тилени таш капты.Тээ алыстан эле чеп ичинен жалбырттап чыккан кызыл жалын,андагы ызы-чуу мынтыктын үндөрү экөөнүн багытын башка жакка бурууга мажбур кылды.Бир жагынан өчөшкөндөй карышкырлар да тооруп тынчтык бербей койду.Бирөөсү өздөрүнөн анча алыс эмес жердеги күмбөздү көрө коюп сүйүнүп кетти.
-Лааилооха илоола бизди бир Кдайым сактады окшойт,жүрү тигил күмбөздөр тарапка барып булардан коргонолу.Канча кылса да дубалдын,күмбөздүн сүрү бар эмеспи.
Экөө эски күмбөздөрдү аралай жүрүп отурушуп,башкалардан өзгөчөлөнүп турган чоң күмбөздүн ичине киришти.Убагында атактуу бектер салдырса керек.Качанкы топурактан салынган эски кумбөз болсо да,четтерин жаан эзип кеткени эле болбосо былк этпептир.Эң үстүнкү бириккен жерлери гана оюлуп калыптыр.Өзү аябай көлөмдүү чоң болгону менен анын оозу кичинекей,киши киргендей гана экен.Эртеден бери жандарын оодоруна тиштеп келатышкан экөө ичине киргенде жеңилдеп кичине эс ала түшкөндөй боло түшүштү.Канчалык кыйын көкжал карышкыр болгон күндө да,мунун ичине экөөнө даап кире албайт болчу.Эки күн бою карышкырлар менен кармашып келишкен экөө аябай чарчашып,көздөрү илине уйкулары келип,үргүлөй башташты.Бир аздан кийин бирөөсү эсине келгендей селт эте башын көтөрдү да,сырт жакка көз жүгүрттү.
-Улукбек тур,башыңды көтөр,азыр көзүбүз илинип кете турган болсок,ошол боюнча түбөлүк уктайбыз.Канчадан бери жакшыраак эс ала элекпиз,тиги карышкырларга жөндөн-жөн эле жем болуп беребиз.Тур, эсиңе кел.- биринчиси экинчисин жулкулдатып жатып араң дегенде ойготту.Кой, уктабайлы ушунча күндөн бери жаныбызды аман сактап,коргоп келип эми жөн эле алардын курмандыгы болбойлу,көтөр башты. Бирок өзү да уйкусу келип,талыкшып араң турган эле.Башын өйдө көтөрө калып бир нерсе эсине түшкөндөй тигини жулкулдатып ойгото кетти.-Тур өйдө,тиги күмбөздүн үстүнө чыгып жаталы,бизди эч ким көрбөйт,карышкырлар да жете алышпайт.Экөө ичинен тырмалаңдап үстүндөгү оюкчага жете албай коюшту.Бир аз отурушкан соң,сыртка чыгышып,күмбөздү айланыша үстүнө чыкканга тепкич издешти.Тээ алыс жакта өздөрүн карап турушкан карышкырлардын топ караанын көрүштү.Жаан эзип кеткен ар кайсы жерлерди колдору менен кармап,буттары менен тээп отурушуп эптеп бирөөсү чыкты.Төмөндөгүсү үстүндөгүсүнө арттарында асынып жүрүшкөн баштыкчаларынын баарын ыргытып,эми өзү да көтөрүлүп чыкканга аракет кыла баштады.Ошол маалда үстүндөгүсү болгон күчү менен кыйкырып жиберди.
-Бол,ылдам,жармашып чык,карышкырлардын баары сени көздөй атырыла чуркап келатышат!
Төмөндөгүсү жанталаша өйдө чыгып келатып,орто жерге келгенде буту тайып кетип кайра чалкасынан кулады.

#100 27 January 2015 - 02:09
-Улукбек,жардам бер,тигилерге жем болмой болдум,өлдүм!
-Ал бакыра кайра ордунан туруп күмбөздүн бооруна жармашып өйдө карай жанталаша чыга баштады.Карышкырлардын алдында баарынан чоң көк жал карышкыр алдындагы даяр жемин куткаргысы келбей,болгон күчү менен атырылып келаткан эле.Кайрадан орто жолго жеталбай тырмышып келаткан тигинисинин жаны көзүнө көрүндү.Чыгып үлгүрө албайт болчу,тиги мына-ана жетип келмек,бир серпкенде эле кайра чалкасынан түшмөк.Аңгыча өйдө жактагысы узун таягын сунуп жиберди.
-Ме,момуну карма!-Төмөндөгүсү дароо союлду кармады эле,жогорудагысы дароо өзүнө карай тартып алганга үлгүрдү.Ошентсе да көк жалдын азуусу тигинин бутун бир серпип алганга үлгүрдү.Ал катуу онтой ары жакка отуруп калды,көк жалдын азуусу анын таманын жарып кеткен эле.
-Өх-х,экөөбүздү тең Кудай сактады,аз-аз болгондо сен жем болмоксуң,эртеси мен болмокмун,-биринчиси экинчисинин бутун чүпүрөк менен байлап таңып таштады.-Эч нерсе эмес,эң башкысы аман калдык.
Төмөн жакта үймөлөктөшкөн карышкырлардын баары күмбөздү тегеректеп жүрүшкөн эле.
-Эми тынчыраак эс алсак болот,бизге эч ким тийише да албайт.-Экөө күмбөздүн оюгураак далдоо жерине барышты д,артына асынып жүрүшкөн баштыктарын баштарына жазданыша ,жандары жай ала эки жерге кыйшая кетишти.Эки- үч күндөн бери карышкырлар менен алышып аябай чарчашкандыктан көшүлүп дароо эле уйкуга кетишти.

Супер-Инфо
super.kg
видео