Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 169
  • 170
  • 171
  • 172
  • 173
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3401 Пользователь офлайн   kaitpas   19 Январь 2015 - 17:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

(Тамаша)

Кол алышкан кезди айтып
Болк эттирдиң жрөктү.
Саламы жок, алик жок
Арадан көп күн өттү.
Кары ээрип музу ээрип
Кыш эле эмес жаз өттү.
Убакытты уурдаган
Жай эле эмес күз өттү.
Билинбестен мезгилдер
Кайрылбастан түз өттү.
Өткөн кездер негедир
Мен үчүн бир аз суз өттү!

Жээндердин жүзүнөн
Жездеңден деп өөп кой.
Кайны журтка салам деп
Мен үчүн бир көрүп кой.
Унутушса ал ким деп
Загс сүрөттү берип кой
Артынан бир эстетип
Өткөн кезден төгүп кой
Эски эрим эле деп
Артынан охх деп чөгүп кой:)

Билсең жаным абалым
Үйлөнүп да бойдокмун.
Уйку качып түндөрү
Таң атканча ойгокмун.
Чыдам деген түгөнүп
Эки көзүм ойнокмун.
Аз болгондо нерв болуп
Каапыр орус кызына
Үйлөнүп да коймокмун.
Арак, вино, пивого
Үйрөнүп алып тим эле
Бүтүн өмүр тоймокмун.
Кыргыз деген паспортум
Алмаштырып акырын
Орус кылып жоймокмун.
Кой ордуна арамдап
Чочколорун соймокмун.

Бирок андай болбоду
Шүгүр Аллах колдоду.
Баргын жарың күтөт деп
Айылыма жолдоду.
Бирок келсем унутуп
Берген гүлүм курутуп
Жарымдан көңүл толбоду.

Анткении...
Эски карлар эриптир,
Жаңысын кудай бериптир.
Жашылданган жериме
Ызгаар кыш да келиптир.

Мен көргөн кез калбаптыр
Тагдыр мени алдаптыр.
Бою да өсүп жарымдын
Көп нерсени талдаптыр.
Шакеги жок колунда
Жоолук дагы салбаптыр.
Кабар алып мен жакка
Бир жолу да барбаптыр.
Бирок ырдап ар дайым
Башкаларга арнаптыр.
Кыскасы ке жашоодо
Луичкам "расса" чардаптыр.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3402 Пользователь офлайн   Lui   20 Январь 2015 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Тамашага тамашалуу жооп:
Биздин айылды чанып,
Өзүн айткан Орусияга барып,
Орус кызын көргөндө,
Кала жаздапсың эстен танып,
Бул жактагы ага-тууганга,
Кандайсын деп койбосоң,
Луичкаңа да чалып,
Анан унчукпай калдым,
Сага карай албай баш багып.


Өзүң айткандай,
Кудай сактаптыр,
Мусулмансың деп,
Диниңди жактаптыр,
Орозо кармооңдү,
Чочкого сатпаптыр,

Антип жүрүшүң,
Жаратканга да жакпаптыр.


Эмии "чардаганга" келсек,
Сөздөрдү талдап терсек,
Ар бир айтылганга,
Ойлонуп маани берсек:
Ичтеги өзүмчүлдүту,
Сабыр менен жеңсек,
Ыраазы болуп Кудайым,
Тартуулайттыр белек,
Билесиң да айылды,
Шаңдантып туруу керек,
Акындын ырларына,
Ыргалат сулуу терек,
Томсортпой айлыбызды,
Көтөрдүм ырдуу желек,
Аша чаап кетпей эле,
Турдум мен тартып, ченеп,
Бир жактан келгениңде,
Бербестен таттуу белек,
Түктүйтүп каштарынды,
Айтасың неге жеме))...


Убакытка жетпей ченем,
Беш болуп калган белем,
Кудайым буйруп койсо,
Эртеңден кайра келем,
Суроолор пайда болсо,
Мен шашпай жооп берем...




Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3403 Пользователь офлайн   kaitpas   21 Январь 2015 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Айылды такыр чанбасмын,
Сүйүүмдү жок деп танбасмын.
Бейиштей төрүм калтырып
Жыргаганымдан барбасмын.
Өз ою болор ар баштын
Аргасы жоктой барбаштын.
Өз жеримде мен деле
Келет оо бирге чардашкым))))
Жемесин угуп "сары баштын"
Кээси менен кыйла чырдаштым.
Айла жок жиним келсе да
Иш үчүн кайра жармаштым.

Анан....
Ойлобо орус кызга
Алмашпайм сендей жанды.
Сен менен бирге болуп
Ар күнү тоссом таңды.
Оруста болмок
Ким жапмак бүтүн өмүр
Мен сүйгөн тандыр нанды.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3404 Пользователь офлайн   Aizurok   21 Январь 2015 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт Суперстандын суперисинерго азаматсынар.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3405 Пользователь офлайн   kaitpas   22 Январь 2015 - 16:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Күтөмүн көзүм талып
Ал жакта жумуш калып.
Кабатыр кылба мени
Ар түркүн ойго салып.
Кайрадан келдим сулуу
Комузум колго алып.
Ашыкмын күйүп-жанып
Өзүңдү сүйүп калып.
Жолуксам кана эми
Жаныңа учуп барып.
мен өзүм жаман сарык,
Ортону бөлүп-жарып.
Сүйүүмдү арнап жүрүп
Бир кыйла калдым карып:)

Жүзүңдөн сүйөр бекем,
Жалындап күйөр бекем?
Миң суроо келет башка
Жооп таппайм болор деген.

Жагынып эркелеген,
Жөлөнүп желкелеген.
Кыялдар калды боздоп
Жүрөктү тилкелеген.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3406 Пользователь офлайн   Lui   23 Январь 2015 - 12:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Ичиме алып демди,
Кеч болсо да келдим,
Сап-сапка тизип алып,
Жообумду тердим,
"Кош келдиң" деп,
Саламды бердим,
Карааны көрүнбөйт го,
Айтышчу акын элдин.


Тандырды сагыныпсың,
Жол карап зарыгыпсың,
Сезимди арнап баштан,
Кайрадан жаңырыпсың,
Ортону бөлүп жарган,
Орусту калтырыпсың,
Оо сени сагындым деп,
Оргуштап, айбыгыпсың.
Жалындап куйөмбү деп,
Жүзүңдөн сүйөмбу деп,
Жалгыздап сен өткөргөн,
Жылдарды тар кылыпсың,
Ырларды таңда жааган,
Улпүлдөк кар кылыпсың,
Эшикте кыш болсо да,
Сезимди жай кылыпсың,
Акпастан тоңуп калган,
Өзөндү сай кылыпсың,
Айылды ээнсиреген,
Ырларга бай кылыпсың,
Өзүңдүн айтууң менен,
Сезимиң арнап койуп,
Бир топко сен карыпсың)))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3407 Пользователь офлайн   Lipton   23 Январь 2015 - 12:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 04 Май 14
  • Соңку аракети: 11 Сен 2015 23:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.

Тизилип ырлар жазса
Сезимин арнап атса,
Жүрөктө өзгөчө дем
Болоорун байкабаса,
Махабат кайда экен?
Бул жактан таппай жатса?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3408 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   29 Январь 2015 - 19:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Саламым айтып келдим
Чилденин бир тунундо
Айылда кыш болсо да
Жаз менин журогумдо.
Озумдон кабар айтсам
Сыркоодон сакайып барам!
Больницада болчум
Тамак келип калды
Уландысын анан жазам....
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3409 Пользователь офлайн   Montekristo   30 Январь 2015 - 15:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 07:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалгыздык дуйносундо

Карасам четте туруп,
Кызыктуу айтыш куруп.
Бир гана Кайтпас тынбайт,
Бутундой элди буруп.
Калышпай созун терип,
Кайтара жооп берип.
Сазайын берип жатат,
Суйкайган Луи келип.
Таланты ташкындаган,
Торгойдой сайрап жаткан.
Ушулар болду окшойт,
Айылга нурун чачкан.
Калгандар жоктой болуп,
Турушат четте тонуп.
Бир эки сап ырдаптыр,
Баштаган киши болуп.
Мен болсо бул айылда,
Болгону бир конокмун.
Баш жарган чон айтышта,
Бир дагы болбоптурмун.
Бир жолу мурда келип,
Бир эки шингил терип.
Даамын коруп кеткем,
Дагын бир келем дегем.
Кайрылып келсем азыр,
Акындар аз калыптыр.
Бут баары кеткен окшойт,
Айылды ташташыптыр.
Кантемин айла жок да,
Келермин дагын жайда
Ошондо балким келер,
Акындар созго чебер...
Умей ценить того, кто по тебе скучает. И не гонись за тем, кто счастлив без тебя...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3410 Пользователь офлайн   kaitpas   31 Январь 2015 - 02:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Тамагым ооруп калып
Кичине суук чанып.
Келе албай калдым сулуу
Мен грипп болуп калып.
Сен болсо обон салып
Айтышчуу жерге барып
Ырдапсың уккулуктуу
Көңүлүн элдин алып.

Түнкүсүн келдим сулуу,
Сен уктап жаткандырсың.
Же ойлоп уйку келбей
Кыялга баткандырсың.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3411 Пользователь офлайн   mega777   04 Февраль 2015 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кут тушкон айлыбызда
Арзышып ырдашыптыр,
Арнашып бир бирине
Ашыктар сырдашыптыр.
Таарынчын билдиришип,
Жумшактаап чырдашыптыр)
Жагымдуу бул мамиле,
Бир далай кырды ашыптыр.

Бир ой бар мени кыйнайт,
Сурайын токто шашпа.
Ушуну билбейсин деп,
Тилдебе чаппа башка)
Ортодо кай мамиле?
Тушунбойм эки жашка.
Илгертен окуп келем
Кубомун коп талашка.
Тугойум,суйгонум деп
Арзышкан кээ бир сапта,
Же чындап жубайларбы?
Айттым го башка чаппа!)

А мумкун жолдоштордон,
Арзышып ырдан тапкан.

Айтышып сезимдерин,
Арнашып ырдап жаткан.
Ашыктык мамилеге,
Ажайып мен суктанам.
Ал чындык айтып берээр,
Адамды кутуп калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3412 Пользователь офлайн   mega777   04 Февраль 2015 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения kaitpas (31 Январь 2015 - 02:37) жазган:

Тамагым ооруп калып
Кичине суук чанып.
Келе албай калдым сулуу
Мен грипп болуп калып.
Сен болсо обон салып
Айтышчуу жерге барып
Ырдапсың уккулуктуу
Көңүлүн элдин алып.

Түнкүсүн келдим сулуу,
Сен уктап жаткандырсың.
Же ойлоп уйку келбей
Кыялга баткандырсың.


Кагылайын Кайтпасым
Катылып уйдо жатпасым.
Анча мынча ооруну
Онойлук менен айтпасым.
Оорубасын тамагын
Бурколбосун кабагын
айттырбай келген тумоону
дарылар менен сабагын
кайрылгыс кылып артына
келген жакка айдагын
Кыштын бир болот ызгаары
Кышында кучойт грипп дагы
Кайтпасым сен ооруба
Оорусун иттин тамагы)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3413 Пользователь офлайн   kaitpas   04 Февраль 2015 - 22:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения mega777 (04 Февраль 2015 - 17:35) жазган:

Кагылайын Кайтпасым
Катылып уйдо жатпасым.
Анча мынча ооруну
Онойлук менен айтпасым.
Оорубасын тамагын
Бурколбосун кабагын
айттырбай келген тумоону
дарылар менен сабагын
кайрылгыс кылып артына
келген жакка айдагын
Кыштын бир болот ызгаары
Кышында кучойт грипп дагы
Кайтпасым сен ооруба
Оорусун иттин тамагы)

Көтөрүп түшкөн маанайды,
Мега айым ден-соолук каалайбы?
Кайтпастын сурап көңүлүн
Жакындай көрүп баалайбы?
Көңүлүн буруп далайды
Жагымдуу ырдан жамайбы?
Жакшы сөз жанды эргитет
Анан Кайтпасы да Меганы самайбы?:)

Ырахмат айтам өзүңө
Каалаган жакшы сөзүңө.
Кандай жан болду экен деп
Карагым келди көзүңө.
Дос боло калып жакындан
Тиктегим келди жүзүңө.
Тиктесем анан кайрылып
Кетпессиң чанып сүзүлө.

Аман бол анда ардагым,
Туура эмес ойго барбагын.
Тамашам тийбей көңүлгө
Ойлоп кор сөздүн ар жагын.
Кез-кезде кирсең бул жакка
Ошол болот мага жардамың.
Кааларым сага аман бол
Күндөн-күн жакшы адам бол
Сен дедим достой көрүпле
Жездемдин колун бекем кармагын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3414 Пользователь офлайн   Lui   05 Февраль 2015 - 10:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения kaitpas (31 Январь 2015 - 02:37) жазган:

Тамагым ооруп калып
Кичине суук чанып.
Келе албай калдым сулуу
Мен грипп болуп калып.
Сен болсо обон салып
Айтышчуу жерге барып
Ырдапсың уккулуктуу
Көңүлүн элдин алып.

Түнкүсүн келдим сулуу,
Сен уктап жаткандырсың.
Же ойлоп уйку келбей
Кыялга баткандырсың.


Сен учун куйуп-жанып,
Суктанып жүрүп алып,
Сурооңдү көп куттурдум,
Сыркоолоп мен да калып,
Сакайгын сен да эрте,
Секундтап отту жагып.,
Сырттанле сен кетиргин,
Сыркоону эшик жабып.


Жакшыбы сенин алың,
Жудөдү кутуп жаның,
Жүрөктү куйкалайт го,
Жалындап күйгөн жалын,
Жылуулап сен кечинде,
Жуурканды жакшы жамын,
Жоголот шондо оору,
Же тамак, тойсун кардың.





Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3415 Пользователь офлайн   Lui   05 Февраль 2015 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения mega777 (04 Февраль 2015 - 17:23) жазган:

..................... ..................
Бир ой бар мени кыйнайт,
Сурайын токто шашпа.

Ушуну билбейсин деп,
Тилдебе чаппа башка)
Ортодо кай мамиле?
Тушунбойм эки жашка.
Илгертен окуп келем
Кубомун коп талашка.
Тугойум,суйгонум деп
Арзышкан кээ бир сапта,
Же чындап жубайларбы?
Айттым го башка чаппа!)

А мумкун жолдоштордон,
Арзышып ырдан тапкан.

Айтышып сезимдерин,
Арнашып ырдап жаткан.
Ашыктык мамилеге,
Ажайып мен суктанам.
Ал чындык айтып берээр,
Адамды кутуп калам.



Кош келипсиз Мега айым,
Берейин ысык чайым,
Сиз салган суроолорго,
Жазайын жооптор дайын,
Термелеп айтып берем,
Өткөндү четтен баарын:
Мен мындан 4 жыл мурда,
Бул жакка кирген жайым,
Ырларды жазчу элем ,
Айтышып кээде кайым,
Ал кезде жаңы элем,
Тааныбай форум баарын,
Бир бала жазып калчу,
Айтыштын "айрып жаагын",
Ыр жазып көпкө журду,
Каптады деп жүрөктү жалын,
Көп өтпөй сунуш кылды,
Таталы деп суйүү балын,
Жыл айланып мамилеге,
Көрдүк биз тойдун камын,
А бирок мунун баары,
Жөн гана ыр түрүндө.
Жолугуп көрбөгөнбуз,
Экөөбүз иш жузундө,
Сиз сыяктуу суроо салган,
Ушул жылдын күзүндө,
Жылмайуунун пайда болот,
Учкундары жүзүмдө...))

Жоопторум кенен болдубу,
Купулга эже толдубу,
Же бир башка суроолор,
Кайра келип кондубу?
Балким Кайтпас толуктайт,
Калып кеткен ордуну,
Ойлорунан бөлүшөөр,
Маани-маңыз олбурлуу.....



Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3416 Пользователь офлайн   mega777   05 Февраль 2015 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения ayildik_kiz (25 Декабрь 2014 - 16:05) жазган:

Айылдагы акындар
Кайда кетип калышкан?

Көргөндө көөнүң эргиткен,

Айылды самап элирткен,

Сагынып жүргөн кыялды,

Айылды көздөй ээрчиткен.

Апамды көрүп келгенсип,

Атыңа көөнүм семирген

Айылдык сулуу аманбы

Атайын айтам саламды.

Атайын кээде киресиз,

Абайлаап тамга тересиз,

Ашыгам сурап билсем деп

Айылы кайсы экен деп

Аныгын айтып берээрсиз...







  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3417 Пользователь офлайн   kaitpas   05 Февраль 2015 - 13:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Берилип кыялдарга
Бир маек кургум келди.
Ашыктык алоосуна
Теманы бургум келди.
Мурдакы шок кезимдей
Тийишип жүргүм келди.
Айтышка белди байлап
Жеңимди түргүм келди.
Эски кеп эске түшсө
Өзүмчө бир эскерип
Жылмайып күлгүм келди.
Болсо эгер дагы сулуу
Кайрадан сүйүп-күйүп
Жаштык доор сүргүм келди:)

Мега:
Сурооңуз жообу мындай,
Коюңуз мени тыңдай.
Мен алыс жакта жүрүп
Иштедим күндөп тынбай
Көрүшпөй калганыма
Болуптур чыны жылдай.
Мен үчүн бул аралык
Токтогон сымал жылбай.
Ойлорум түгөнбөйт эч
Саны жок жерде кумдай.
Бул убак көп күзөттүм
Сүйүүмдү четтен сындай
Ишендим жүргөндүр деп
Жарым кыянат кылбай.

Кыскасы ушундай кеп
Ойлоңуз үйлөнгөн деп.
Бирок биз жалгыз-жалгыз
Жашайбыз бойдоктой тек.:)
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3418 Пользователь офлайн   mega777   05 Февраль 2015 - 15:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения kaitpas (04 Февраль 2015 - 22:28) жазган:

Көтөрүп түшкөн маанайды,
Мега айым ден-соолук каалайбы?
Кайтпастын сурап көңүлүн
Жакындай көрүп баалайбы?
Көңүлүн буруп далайды
Жагымдуу ырдан жамайбы?
Жакшы сөз жанды эргитет
Анан Кайтпасы да Меганы самайбы?:)

Ырахмат айтам өзүңө
Каалаган жакшы сөзүңө.
Кандай жан болду экен деп
Карагым келди көзүңө.
Дос боло калып жакындан
Тиктегим келди жүзүңө.
Тиктесем анан кайрылып
Кетпессиң чанып сүзүлө.

Аман бол анда ардагым,
Туура эмес ойго барбагын.
Тамашам тийбей көңүлгө
Ойлоп кор сөздүн ар жагын.
Кез-кезде кирсең бул жакка
Ошол болот мага жардамың.
Кааларым сага аман бол
Күндөн-күн жакшы адам бол
Сен дедим достой көрүпле
Жездемдин колун бекем кармагын.

Азил чыны аралаш жооп)


Тамаша чалып соз таштап,
Сурдотпонуз байкеси.
Умутту сээп конулго,
Гулдотпонуз байкеси.
Эстетип жалын жаштыкты,
Жудотпонуз байкеси.
Очуп калган шоктукту,
Тутотпонуз байкеси.
Кызыл тилди соогу жок,
Суйлотпонуз байкеси.
Кыялдарга шык берип,
Кучотпонуз байкеси))



Жакшы адамды аяган,
Мегада деле журок бар.
Жанашсам деген жакшыга,
Мегада деле тилек бар
Жашы отсо деле "бир койлук ")
Мегада деле билек бар.
Ойдо ылдыйда жологон,
Мегада деле тирек бар.
Тамаша чынга тушунгон,
Меганыз деле зирек ал.
Конулун тапсан Меганын,
Жаркырап кундой тиет ал.
Мактанды дебей байкеси,
Тууралап эле кабыл ал.
Алын жетсе коонумдун
Ачкычын Мырзам табып ал!))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3419 Пользователь офлайн   mega777   05 Февраль 2015 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Lui (05 Февраль 2015 - 11:15) жазган:

Кош келипсиз Мега айым,
Берейин ысык чайым,
Сиз салган суроолорго,
Жазайын жооптор дайын,
Термелеп айтып берем,
Өткөндү четтен баарын:
Мен мындан 4 жыл мурда,
Бул жакка кирген жайым,
Ырларды жазчу элем ,
Айтышып кээде кайым,
Ал кезде жаңы элем,
Тааныбай форум баарын,
Бир бала жазып калчу,
Айтыштын "айрып жаагын",
Ыр жазып көпкө журду,
Каптады деп жүрөктү жалын,
Көп өтпөй сунуш кылды,
Таталы деп суйүү балын,
Жыл айланып мамилеге,
Көрдүк биз тойдун камын,
А бирок мунун баары,
Жөн гана ыр түрүндө.
Жолугуп көрбөгөнбуз,
Экөөбүз иш жузундө,
Сиз сыяктуу суроо салган,
Ушул жылдын күзүндө,
Жылмайуунун пайда болот,
Учкундары жүзүмдө...))

Жоопторум кенен болдубу,
Купулга эже толдубу,
Же бир башка суроолор,
Кайра келип кондубу?
Балким Кайтпас толуктайт,
Калып кеткен ордуну,
Ойлорунан бөлүшөөр,
Маани-маңыз олбурлуу.....





Чайыныз укмуш ысык ,
Ашказан калды жылып.
Мээримдуу кабагыныз,
Жаздырат калем кызып .

Жообунуз терен болду,
Купулга баары толду.
Башта эле мен болжогон,
Бекемдеп оюм койду.
Садагам Луи бийкеч,
Мырзанды кылба оору.
Кек тутпай откон ишке,
Кечирип аны койчу.
Конулун аяп алчы,
Которуп кербей бойду.
Оор корбо эжекен да,
Осуят айтып койду.
Болбосо тартып алам,
Билгизбей жайып тордуСүрөт
Тамаша садагасы,
Айтат деп ойду тоону.
Айнып же калдыбы деп,
Ойлобо дени сообу.
Эрмектеп сени эжекен,
Эркелеп жазып койдуСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3420 Пользователь офлайн   Lui   05 Февраль 2015 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения mega777 (05 Февраль 2015 - 16:31) жазган:

Чайыныз укмуш ысык ,
Ашказан калды жылып.
Мээримдуу кабагыныз,
Жаздырат калем кызып .

Жообунуз терен болду,
Купулга баары толду.
Башта эле мен болжогон,
Бекемдеп оюм койду.
Садагам Луи бийкеч,
Мырзанды кылба оору.
Кек тутпай откон ишке,
Кечирип аны койчу.
Конулун аяп алчы,
Которуп кербей бойду.
Оор корбо эжекен да,
Осуят айтып койду.
Болбосо тартып алам,
Билгизбей жайып тордуСүрөт
Тамаша садагасы,
Айтат деп ойду тоону.
Айнып же калдыбы деп,
Ойлобо дени сообу.
Эрмектеп сени эжекен,
Эркелеп жазып койдуСүрөт


Сөзүңүздү эже угам,
Сезимди бийик тутам,
Сезбедим бойду качан,
Серпилип өйдө туткам)),
Сыйлашып бир учурда,
Сүйүүнүн чайын жуткам,
Сыпайы келин болгом,
Супер деген кайын журтка)).


Бироок, жаям десеңиз торду,
Билдириңиз, айтып ойду,
Кайтпасты кармап алган,
Кое берейин ачып колду,
Эгер мени таштайм десе,
Кайтпасым тандасын жолду...
Кадамын аста таштаар,
Ойлонуп оңду -солду,
Чечимин айтып өтсүн,
Эмнеге мындай болду?
Шарт эле басып кетпес,
Терс карап, салып жонду....
СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт




Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 169
  • 170
  • 171
  • 172
  • 173
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 45 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 45, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 14:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: