Чондор каякты карап атышат. Ушу чек арачыларга жаман болду. Чек араны тосбосо мындай окуя кайталана берет
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2382 17 Январь 2015 - 15:11
Лейлекте дайынсыз делип жаткан эки аскер чек ара тозотуна кайтып келди.
Эки аскер чек ара тозотуна кайтып келди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 17-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган чек арачылар 16-январь күнү саат 20:00 дө кезметке чыгышкан. Ал жакта байланышка чыгууга мүмкүн болгон эмес. Алар 17-январда болжол менен саат 11:30 да байланышка чыгып, коюлган тапшырмалар аткарылганын жана чек ара тозотуна кайтып келе жаткандыгы тууралуу билдиришкен. Азыркы тапта жогоруда айтылган аскер кызматкерлери “Айкөл” чек ара тозотуна кайтып келишти.
Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара тозотуна куралдуу кол салышкан. Анын кесепетинен тозоттун зардалы каза таап, дагы 2 чек арачы жабыркаган. Ал эми бүгүн, 17-январда Лейлек районунун жашоочусу мына ошол чек ара тозотундагы келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканын айткан.

#2383 17 Январь 2015 - 15:40
Ушул тема жагат да, дүйнөнүн кызыгы көп экен.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#2384 17 Январь 2015 - 16:56
Уругвайдын президенти Хосе
Мухика жолдо унаа күтүп турган
жолоочуну өзүнүн автоунаасында
жеткирди. Бул тууралуу жергиликтүү
«Обсервадор» гезити жазып чыкты.
Басылмага окуянын катышуучусу,
жумушчу Геральд Акостанын
билдиришинче, ал бир аз убакыт мурда
жумуштан бошогон. Таанышы аны шоссеге
чейин жеткирген. Ал ысык күндө унаа
токтотууга аракет кылып жатканда,
шосседе эки автоунаа пайда болгон.
Алардын биринчиси кызматтык номурлуу
болгон. Экинчи унаадан бир адам чыгып,
жол тоскон адамды кайда бара
жаткандыгын сурап, ага унаага отуруну
сунуштаган.
«Мен мындай ысыкта бир аз жөө бастым.
Жанымдан 25-30 автоунаа өттү. Бирөө
дагы токтогон жок», - деген Акоста,
унаада өлкө президенти Хосе Мухика жана
анын жубайы, сенатор Лусия Тополански
отургандыгын көрүп өз көзүнө ишене
албай калганын айткан.
Андан кийин сөзүн улаган Геральд, алар
үйүнө кайтып келе жатышканын, жана
жумушчудан эмнеге жолдо унаа тосуп
тургандыгын сурап, айткан жерине чейин
жеткиришкенин билдирген.
«Сапар кыска болду. Бирок алар абдан
сылык болушту», - деп белгиледи Акоста.
«Мен унаадан түшүп жатып аларга
ыраазычылык билдирдим. Анткени ар ким
эле, анын үстүнө президент жолдогу
бирөөгө жардам бере бербейт», деген
жолоочу президент менен сүрөткө түшүп
алган. Эми досторуна жана тааныштарына
мактанып жаткан учуру.
79 жаштагы Хосе Мухиканын
президенттик мөөнөтү 2015-жылдын 1-
мартында аяктайт. Жергиликтүү пресса
аны эң кедей президент деп атаган. Ал
президенттик маянасын кайрымдуулукка
жумшайт. Өзүнүн шаар четиндеги үйүндө
жашаганды жактырат. Ага «Фольксваген
Жук» үлгүсүндөгү эски автоунаа таандык.
Мухика жолдо унаа күтүп турган
жолоочуну өзүнүн автоунаасында
жеткирди. Бул тууралуу жергиликтүү
«Обсервадор» гезити жазып чыкты.
Басылмага окуянын катышуучусу,
жумушчу Геральд Акостанын
билдиришинче, ал бир аз убакыт мурда
жумуштан бошогон. Таанышы аны шоссеге
чейин жеткирген. Ал ысык күндө унаа
токтотууга аракет кылып жатканда,
шосседе эки автоунаа пайда болгон.
Алардын биринчиси кызматтык номурлуу
болгон. Экинчи унаадан бир адам чыгып,
жол тоскон адамды кайда бара
жаткандыгын сурап, ага унаага отуруну
сунуштаган.
«Мен мындай ысыкта бир аз жөө бастым.
Жанымдан 25-30 автоунаа өттү. Бирөө
дагы токтогон жок», - деген Акоста,
унаада өлкө президенти Хосе Мухика жана
анын жубайы, сенатор Лусия Тополански
отургандыгын көрүп өз көзүнө ишене
албай калганын айткан.
Андан кийин сөзүн улаган Геральд, алар
үйүнө кайтып келе жатышканын, жана
жумушчудан эмнеге жолдо унаа тосуп
тургандыгын сурап, айткан жерине чейин
жеткиришкенин билдирген.
«Сапар кыска болду. Бирок алар абдан
сылык болушту», - деп белгиледи Акоста.
«Мен унаадан түшүп жатып аларга
ыраазычылык билдирдим. Анткени ар ким
эле, анын үстүнө президент жолдогу
бирөөгө жардам бере бербейт», деген
жолоочу президент менен сүрөткө түшүп
алган. Эми досторуна жана тааныштарына
мактанып жаткан учуру.
79 жаштагы Хосе Мухиканын
президенттик мөөнөтү 2015-жылдын 1-
мартында аяктайт. Жергиликтүү пресса
аны эң кедей президент деп атаган. Ал
президенттик маянасын кайрымдуулукка
жумшайт. Өзүнүн шаар четиндеги үйүндө
жашаганды жактырат. Ага «Фольксваген
Жук» үлгүсүндөгү эски автоунаа таандык.
#2385 18 Январь 2015 - 00:44
Японияда тиштеги көзөнөктөрдү бүтөөчү тиш пастасын ойлоп табышты.
Тагыраак айтканда япониялык окумуштуу Казуе Ямагаши, жеке гигиеналык тармакта революциялык ачылыш жасады. Эми ал ойлоп чыгарган тиш пастанын жардамы менен тез жана оорутпай тиштеги жылчык, көзөнөкчөлөрдү бүтөп (пломба), тиштин эмалын бекемдесе болот. Тиш пастанын курамында кадимки тиштин курамында эмне болсо, ошонун баары бар. Ошондуктан аны жабыркаган тиштерге колдонуу туура. Ал көптөгөн нанотехнологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тиштин негизги компоненти болгон гидроксил-апатиттен жасалган.
Аны кантип колдонот?
Алгач тиш пастанын курамындагы кислота жеңил түрдө жабыркаган эмалдын үстүнкү катмарын ээритет. Үч мүнөттөн кийин кристаллдаштырылат да, жасалма кошулма табигый эмалдын структурасына биригип бекем катып калат. Мындан сырткары бул каражат жакшы антибактериалдык каражат болуп эсептелет. Көптөгөн япон тиш доктурлардын изилдөө тесттеринин натыйжасында, бул тиш пастанын жардамы менен бүтөлгөн тиш көзөнөкчөлөрдун орду таза тиштерден айырмаланбайт. Аларды жада калса микроскоптун жардамы менен да кайра көрүүгө мүмкүн эмес.
Азыркы заманда тиши жабыркабаган адам жокко эсе. Баарыбыз тишибиз ооруса эле стоматологду издеп жөнөп калабыз. Мындай өсүү жана замандын агымы менен келечекте тиш доктурларга деле зарылчылык калбайт өңдүү.

#2387 19 Январь 2015 - 17:25
МАСКА эжеге ыраазычылык билдире кетейин, ушунча таң калаарлык маалыматтарды бир жерге топтогон эмгеги үчүн.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#2388 19 Январь 2015 - 20:01
Оа Маска эжени деп коп маалыматты билип алытабыз.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#2389 20 Январь 2015 - 04:48
#2390 20 Январь 2015 - 04:53
Тажикстанда 70 жашка чыккан абышка жогорку окуу жайга тапшырды.
Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жарыялап чыгышты. Гуломхайдар Искандаров буга чейин технологиялык колледжди бүтүп, башталгыч класстарга сабак берчү. Ал жогорку окуу жайга тапшырууну өмүр бою кыялданып келген. Эми ал кыялын ишке ашырып, филология факультетине окууга тапшырды. Аталаган окууну аяктаган соң, Искендаров юридикалык факультетти окуп бүтүрүүнү пландап жатат.

#2391 20 Январь 2015 - 05:00
Бразилиялык миллиардер бассейнди акча сактоочу кампа кылып алды.
Баарыбыз Скрудж Макдак тууралуу мультфильмди көрсөк керек. Дал ошентип акча толгон бассейнге чөмүлүп жуунгусу келген Паулу Роберто Коста азыр камакта. Мамлекеттик энергокомпаниянын мурдагы жетекчилеринин бири коррупцияга айтыпалууда. Анын шериги сотто айтып бергендей, Костанын үйүнө акчалар чемодандар менен ташылчу. Коррупциялык схемалардан улам экс-чиновник жана анын шериктери 4 миллиард долларга жакын акча табышкан.

#2392 20 Январь 2015 - 05:03
Азыркы сүйүүлөр болгону 3 жылга жетет.
Мындай пикирге америкалык эксперттер келишти. Маалымат боюнча, алар 2 миңден ашык кол үзүшүп кеткен түйгөйлөргө сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алардын 97 пайызы орточо эсеп менен ысык сезимдери 3 жылга созулганын айтышкан. Эң кызыгы, суралгандардын жарымынан көбү, алардын ажырашуусуна соц.тармактар себеп болгонун баса белгилешкен.

#2393 20 Январь 2015 - 05:18
Үч күн бою интернеттен "атышуу"
оюнун ойногон жаран каза тапты.
Дарыгерлер анын катуу чарчагандыгынан улам жүрөккө катуу берип, каза тапкандыгын аныкташкан.
32 жаштагы жарандын интернет-кафеде компьютердин мандайында көп убакытка кыймылсыз абалда отургандыгына кызматкерлер шек санаган эмес. Анткени, ал аталган интернет-кафенин туруктуу кардары болуп, кээде чарчаганда отурган жеринде эле уктап алчу экен. Ал эми кийинчерээк кызматкерлер анын дем албаганын байкап, тез жардам чакырышкан. Дарыгерлер анын катуу чарчагандыгынан улам жүрөккө катуу берип, каза тапкандыгын аныкташкан. Бул тууралуу Taipei Times булагы жазат.
Маалыматка ылайык, окуя Тайвандын Гаосюн шаарындагы интернет-кафелердин биринде болгон. Каза тапкан жаран үч күн бою "атышуу" оюну менен ойноп отурган.
Белгилей кетсек, буга чейин өткөн 2014- жылдын башында да ушуга окшош учур катталган. Анда Нью-Тайбэй шаарындагы интернет- кафелердин биринде 38 жаштагы жаран 5 күн бою чыкпай "атышуу" оюнун ойноп, каза болгон.

#2394 20 Январь 2015 - 05:27
Он жаштагы кызын тирүүлөй көмгөн.
Индияда 10 жаштагы кызын тирүүлөй көмүп жаткан ата кармалды.
Бул үрөйдү учурган окуя Индиянын Трипуре шаарында болгон. Бул тууралуу The Mirror басылмасы кабарлоодо.
Маалыматка ылайык Абдул Хусейн аялы үйдө жокто кызынын колун байлап, оозун жабыштыргыч менен чаптап, анан тирүүлөй жерге көмүп жатканда кармалган. Колго түшкөн Абдул Хусейн болгону кыз болгондугу үчүн гана өлтүрөйүн деп жаткандыгын айткан.
10 жаштагы кызды атасы үйүнүн аркасындагы бакчага көмүп жатканда, коңшулары байкап калып, полицияга кабар беришкен. Укук коргоочулар тарабынан анын күнөөсү тастыкталып, иши сотко өткөрүлдү.

#2395 20 Январь 2015 - 05:35
Исландияда асмандан Иса пайгамбардын элеси көрүндү.
Исландияда асмандан Иса пайгамбардын элеси көрүнүп, аны сүрөткө тартып алышты. Бул тууралуу vesti.ru кабарлоодо.
Акранес шаарындагы исландиялык фотограф Йон Хильмарссон үйүнүн жанынан асмандагы "кереметтүү иллюминацияны" тартып алган. Анда Иса пайгамбарга окшогон элес тартылып калган. Иса пайгамбардын элеси кара кочкул түстө, жылтылдап көрүнгөн. Бул түн ичинде көрүнгөн алгачкы Кудайдын белгиси эмес. Йон Хильмарссондун айтканына караганда, үйүнүн жанынан өзгөчө түстүү жарыкты 10 жаштагы баласы көргөн. "Ата, карасаң асманды, периште турат. Иса пайгамбар го" - деп чуркап келген. Анан ал ыкчам фотоаппаратын алып тартып алууга жетишкен. Сүрөтчү бул менин көргөн эң керемет жана уникалдуу сүрөтүм деп атаган. Мындан мурда "Кудай белгиси" же "периштелер" Британиянын асманынан да көрүнгөн.

#2397 20 Январь 2015 - 05:41
#2398 20 Январь 2015 - 09:18
Шумдук э баары о аксакалга не жок эми,окууну эрте кечи жок дегени ушуда!