Бүгүн негедир, жүрөгүм сезгендей, бул форумчу айымдан ал-акыбал сурап калдым эле. Кандай жаңылык деп сурасам турмуш жолуна аттанып жатканын билдирди. Тема ачууга алгач макул болбой, анан кайра көндү. Мындай кубанычтуу кабарды суперстандыктар менен бөлүшпөй коюга мүмкүн эмес менимче.
Аида (orbitka), куш бооң бек болсун! Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн. Эки дүйнөнүн бакытын каалайм. Барган жериңен бакыт тапкан ак жолтой келин бол. Өз бактыңды тапканыңа аябай кубанып турам. Эмне дешти да билбейм чынында. Кыскасы бул дүйнөдөгү бардык жакшылыкты, аялдык бакытты каалайм сага. Бактылуу бол саксаш

Супер-Инфо
super.kg
видео

























