Улуу жол башчыбыздын куттуу денесин карикатура менен чагылдырган журналисттердин кылыгын айбанчылык деп кабыл алдым. Ар бир диндин оз баалуулуктары бар. Бирок мусулмандар эч качан башка диндердин баалуулуктарын шылдындаган эмес.
Мындай акылсыздык адамдын оюуна кантип келет тушунбоймун.
Мусулман бир туугандарыбыз ал журналисттерден оч алабыз деп оздору да шейит болушту.
Сурайын дегеним пайгамбарыбыз учун биз эмне кыла алабыз?
Пайгамбарыбыздын карикатурасы тууралуу Кудайдан жоо качкан Париж журналисттери...
#5 21 January 2015 - 00:13
Ушул теманы ачпай эле койбойсунарбы,
эмне кереги бар. Дагы провакация,
и талаш чыгып, душман боло баштайбыз. Хизбуттарга окшп, максатсыз эле темаларды ачып, провакацияларды жаратыштын эмне кереги бар эле автор?!
#6 21 January 2015 - 00:34
Ушул теманы ачпай эле койбойсунарбы,
эмне кереги бар. Дагы провакация,
и талаш чыгып, душман боло баштайбыз. Хизбуттарга окшп, максатсыз эле темаларды ачып, провакацияларды жаратыштын эмне кереги бар эле автор?!
Тема эч кандай провокация жаратпайлего деп ойлойм. Xanif мырза, бираз сабыр кыла турчу... Мен ушул боюнча маалыматтарды караштырып, бул жерге көчүрүп коёюн.
#7 21 January 2015 - 00:37
АЗИЛ СҮРӨТТӨРГӨ БАЙЛАНЫШКАН НААРАЗЫЛЫК КҮЧӨӨДӨ.
Мусулман өлкөлөрүндө Мухаммед пайгамбарды карикатура кылып тартууга байланышкан нааразылык барган сайын өсүүдө. Бир катар мамлекет башчылар Батыш гезиттерин сүрөттөрдү басып чыгаргандыгы үчүн айыпташты. Борбор Азия мусулмандары болсо бул талаш-тартыш жараткан чуулгандуу окуяга карата сабырдуу, толеранттуу турумга чакырууда.
Ирандын тышкы иштер министри карикатураларды ислам дүйнөсүнө уюшкан чабуул деп сыпаттап, Ислам конференциясы уюмунун чукул жыйынын өткөрүүнү сунуш кылды.
Уюмдун баш катчысы Экмеледдин Ихсануулу бул демилгени колдоп, ислам мамлекеттери мындай акаарат келтирүү иштерин жөн карап отура бербейт деди.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай карикатуралык сүрөттөрдүн басмада жарык көрүшүн айыптап, мындай окуя кайталанса, күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек деп белгиледи.
Ооган президенти Хамид Карзай:
- Мусулмандар кечиримдүү болушат. Бирок бул - исламды мазактаган тамаша сүрөттөр мындан ары да жарык көрө берсе болот дегенге жатпайт. Алардын басып чыгарылышы сөзсүз токтотулушу зарыл.
Азил сүрөттөр эң алгач былтыр сентябрда Даниянын регионалдык гезиттеринин биринде жарык көргөн. 2006-жылдын башында Мухаммед пайгамбар бомбалуу селдечен шекилде тартылган сүрөттөрдү Норвегиянын бир гезити көчүрүп жарыялап, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктын толкунун жаратты.
Борбор Азиядагы мусулман диниятчылары, мамлекеттик ишмерлер жана журналисттер бул окуяга толеранттуураак мамилесин билдирип, коомчулукту сабырдуулукка чакырды.
Бишкектеги Ислам университетинин ректору, профессор Нигматулла Ажынын пикиринде, эмоцияларга алдыруунун кереги жок.
Христиан динине өткөн журналист Жаныбек Жанызак Ыйсанын карикатураларына христиандар түшүнүүчүлүк менен карашат деп белгилейт.
Тажикстандын Исламдык Кайра Жаралуу партиясынын жетекчи орун басары Мохеддин Кабири эгерде цивилизациялардын, диндердин баарлашуусу (диалогу) жөнүндө сөз кылсак, анда бири-бирибизге урмат менен мамиле кылышыбыз керек деп белгилейт:
- Мындай иш-аракеттер өз ара түшүнүү маанайын түзүүгө жардам бербейт. Исламдын, башка диндердин өкүлдөрү бул жорукту айыпташат деп ишенебиз. Бирок айрым консерваторлор аша чаап, зордук-зомбулукка барышы ыктымал. Биз андай зомбулук иш-аракетти айыптайбыз, ошол эле мезгилде батыш коому карикатураларды жоосунсуз такмазалоо аракети катары айыптаса жакшы болоор эле.
Казакстандын дин иштери боюнча департаментинин басма сөз катчысы Онгар ажы Өмүрбек болсо бул окуяларды мындайча комментариялады:
- Мухаммед пайгамбардын сатиралык сүрөттөрү биздин динди, ишенимди шылдыңдоо болуп саналат. Мындай нерселер цивилизациялуу дүйнөдөн чыккан, таалим-тарбия алган кишинин колунан келбейт.
Даниянын премьер-министри Андерс Фогс Расмуссен бейшембиде “ал-Арабия” телеканалынан чыгып сүйлөп, жаң-жалды басаңдатууга аракет кылды:
- Мусулмандар даниялык гезитте жарык көргөн сүрөттөрдү Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирүү катары кабыл алышканына абдан өкүнөм. Гезиттин мусулмандарды мазактайын деген ниети жок болчу. Басылма кечирим сурады жана мен биз анын негизинде бир чечим табабыз деп ишенем.
Премьер Расмуссен "өкмөт көз-карандысыз маалымат каражаттарды көзөмөлдөбөйт, карикатуралар үчүн Даниянын өкмөтү же эли жооп бербейт," - деп белгиледи.
#8 21 January 2015 - 00:43
Дания учун бул кылыгы окунучтуу болгон, себеби бир канча ислам олколору дания, норвегия олколорунон келген товарларга байкот жарыялып милиондогон долларга чыгым тартышкан.
#10 21 January 2015 - 00:46
Франция Мухаммед пайгамбардын карикатурасына карата реакциядан чоочуп, мектептер менен элчиликтерди жаап жатат.
Жума сайын чыгуучу сатиралык журнал Мухаммед пайгамбардын жылаңач карикатурасын жарыялоону чечкенден кийин, Франция жума күнү болжол менен 20 өлкөдө элчиликтерди жана мектептерди жабууну чечти.«Charlie Hebdo» редакциясынын айдан-ачык карикатураны жарыялоо чечими акыркы күндөрү одоно антиисламдык тасмадан улам зомбулукта он адам каза тапкан мусулман дүйнөсүндө каарданган дооматтардын себеби болду.
Француз өкмөтү жума күнкү намаздан кийин Мухаммед пайгамбардын карикатурасына каарданган мусулмандар тополоң башташы мүмкүн деген чоочулоодон улам көпчүлүк элчиликтерди, консулдуктарды, маданий борборлорду жана эл аралык мектептерди жабууну чечкендигин айтты.
30 миңге жакын француз жашаган Тунистеги француз мектептери дүйшөмбүгө чейин жабылган. Француз өкмөтүнүн ишендирүүсү боюнча элчиликтердин жана мектептердин жабылышы «алдын ала чаралар» болгон. Ошол эле учурда Египеттеги француз мектептери жана маданий борборлор бейшембиде жабылат.
Шаршембиде Парижде полиция «Charlie Hebdo» редакциясынын имаратында позицияны ээлеген. Өткөн жылдын ноябрь айында «Charlie Hebdo» редакциясынын эски имаратына редакция журналдын номерин «Шариат Hebdo» деген ат менен Мухаммедди «чакырылган редактор» катары жарыялоо чечимин кабыл алгандан кийин күйүүчү аралашма куюлган шише ыргытылган болчу. Реалдуу редактор мурдагыдай эле полициянын коргоосунда турат.
Кечээ журналдын веб-сайты ишин токтотту. Кызматкерлердин ишендирүүсүнө караганда сайт талкаланган. Пакистанда жайгашкан, өзүн «Пайгамдардын намысын сактоочулар» деп атаган топ сайтты талкалоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.
Журналдын мукабасына ортодоксалдуу еврей майыптардын арабасындагы мусулманды «Күлбөгүлө» деген жазуу менен түртүп бара жаткан карикатура жайгаштырылган. Ички беттерине салафиттерди жана «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасын шылдыңдап жаткан көп сандаган карикатуралар тартылган, ал бүткүл дүйнө жүзүндөгү каршылык акцияларына себепчи болду.
Бирок Мухаммед пайгамбар айдан ачык тартылган төрт карикатурадан улам мусулмандардын кыжыры кайнаган. Карикатуралардын бири 1963-жылы «Жек көрүү» деген аталыш менен тартылган Жан-Люк Годардын тасмасына шыктанган. Бул карикатурада жылаңач пайгамбар директордон: «Сага менин бешинчи чекитим жагабы?» - деп сурайт, бул Бриджт Бардо тартылган жогоруда сөз болгон тасмадагы бир көрүнүш.
Экинчи карикатурада исламдын негиздөөчүсү бешинчи чекитиндеги «Жылдыз төрөлдү» деген жазуу көрүнгөн жылдызы менен төрт аяктап отурат.
Үчүнчү карикатурада Кембридж герцогиниясынын фотосүрөттөрүнүн жарым жылаңач сүрөтүн жарыялаган «Closer» журналынын мукабасы жарыяланган. Экинчи сүрөттө сакалчан «Миссис Мухаммеддин» жылаңач көкүрөгүнүн экслюзивдүү сүрөттөрү убада кылынган.
Адамдар Франциянын көчөлөрүндө көп сандаган көчүрмөлөрдү айрып-тыткан көрүнүш тууралуу маалыматтардын көрүнүшүндө түшкө чейин журналдын 75 миң нускасы сатылып кеткен. Эртең сатыкка журналдын дагы көбүрөөк саны түшүүгө тийиш.
Франциянын жана башка өлкөлөрдүн диний лидерлери карикатуралар чыңалууну күчөтүшү мүмкүн экендигин эскертишти. Ватикандын «Osservatore Romano» аттуу күн сайын чыгуучу гезити Бенгазидеги америкалык консулдукка кол салуу болгондон кийин бул карикатуралар «отко дагы көбүрөөк май куюшу» мүмкүн экендигин кабарлады.
«Каршылык акциянын дагы кетүү коркунучу бар» деп айтылат гезиттин маалыматында.
Суннит исламынын «Аль-Азхар» мечитинин жогорку органы бул карикатуралар «исламды жана пайгамбарды, адамзаттын пайгамбарын мазактайт» деп билдирди. «Эркиндик башка адамдардын эркиндигине таасирин тийгизе баштаган жерде токтойт» деп айтылат мечиттин билдирүүсүндө.
Ливандагы салафит дин кызматкери шейх Набиль Рахим карикатуралар зомбулуктун күчөшүнө жана «чет өлкөлүктөргө кол салууга» алып келиши мүмкүн деп эскертти.
Францияда Париждин ири мечитинин ага дин кызматкери Далил Бакр өлкөнүн төрт миллион мусулмандарына кайрылган жана тынчтанууга чакырган. «Мен бул карикатуралар мусулман дүйнөсүндө нааразылыктын күчөшүнө себеп болушу мүмкүн экенин таң калуу, кайгыруу жана тынчсыздануу менен айтмакчымын», деп кошумчалады ал.
Франциянын мусулмандарынын пикирин туюндурган «Мусулман кеңеши» «бул жоопкерчиликсиз жорук» боюнча терең тынчсыздануусун билдирди.
Франциянын еврей коомунун башчысы Ричард Праскье диний цензура туура эмес болду деп айтты. Ошондой эле ал: «Мухаммеддин карикатураларынын ушундай тынч эмес учурда жана эркиндик үчүн жарыяланышы жоопкерчиликсиз кадам болуп саналат», деп кошумчалады.
Журналдын редактору, ошондой эле «Charb» жашыруун атын колдонгон карикатурачы, бардык диндерди жана экстремисттерди бирдей мазактагандыгын айтты. Ал карикатураларды жарыялаш үчүн тандалган убакыт айрыкча провокациялуу экендигине макул болгон жок. «Дүйнөлүк контекст радикалдуу исламды жана кандайдыр бир бүтүндөй диндерди шылдыңдаш үчүн эч убакта жагымдуу болбойт» деп кошумчалады ал.
Ал ошондой эле карикатуралардын жарыяланышы «отко май тамызат» деген саналуу дооматтарга кошулган жок. «Зордукталган аял өзү кыска юбка кийип алгандыгы үчүн күнөөлүү деп айтууга болот. Биз, тукуруучулар, биз кыска юбка кийебиз, анан ким күнөөлүү: кыска юбка кийген адамбы же зордукчубу? », - дейт ал.
Кечээ өзүн «Сириянын эркиндиги үчүн ассоциация» деп атаган уюм «Charlie Hebdo» басылмасына карата «басмырлоого, улуттук, расалык жана дин кыртышында айдан ачык тукургандыгы» үчүн жана «коомдук расалык жана диний диффамацияга, жек көрүүгө чакыргандыгы үчүн» доо арыз беришти.
Антирасисттик LICRA тобу журналды коргоп чыкты жана «Францияда кудайды жамандаган мүнөздөгү кылмыштар жок» деп айтты. «Мурдагыдай эле динди сындоого болобу? Биздин саясий лидерлердин ыргылжың абалын эске алуу менен бул суроого жооп жок», - деп айтылат топтун билдирүүсүндө.
Француз саясатчылары сөз эркиндигин сергек коргоо менен нарктуулукка болгон муктаждыктын ортосунда бүлүнүп жатышат.
Франциянын премьер-министри Жан-Марк Айро карикатурага нааразы болгон адамдар журналды сотко бериши, ошондой эле «бардык эксцесстерди колдобогондугун» билдириши мүмкүн экендигин айтты.
Франциянын мурдагы премьер-министри Франсуа Фийон: «Мен «Charlie Hebdo» жактаймын. Мен ойду эркин билдирүүнү колдоону жактаймын жана биз бул фронттон кенедей да чегинбешибиз керек деп эсептеймин», - деп айтты. Бирок экинчи бир француз саясатчысы Жан-Франсуа Копе карикатуралар «укмуштуудай жаман зомбулукка алып келүүчү провокация» болуп санала тургандыгын эскертти.
Ак Үй француз жумалыгынын чечимин сындады, бирок буга карабастан анын чечими зомбулук үчүн эч кандай негиз бербейт деп айтты. «Бизде ушундай нерсени жарыялоо тууралуу чечимдер боюнча суроолор бар» деп айтты Ак Үйдүн расмий өкүлү Джей Карни. Ал ошондой эле карикатураларды жарыяланышы менен «зомбулукту актаганга» болбой тургандыгын кошумчалады.
«Биз мындай нерсени жарыялоого карата укуктардан күмөн санабайбыз, биз бул карикатуралардын жарыяланышы тууралуу чечимди жөн гана талкуулап жатабыз», - деп айтты Карни.
#11 21 January 2015 - 00:47
Францияга келсек бул окуя атайы уюшулду, акш кайсы бир ислам олкосуно кире албай жатат же дагы башка себеби бар. олтургон террористтер да акшнын атайын кызматы даярдаган.
Бугунку кундогу европа соз эркиндиги учун эмес, шылдындоо эркиндиги учун митингге чыгып жатат, Эгер соз эркиндиги бар болсо бир гейге же трансексуалдарга критика жазсын соз эркиндигини кошуп комуп коюшат, алар учун ошолор ыйык!
Бугунку кундогу европа соз эркиндиги учун эмес, шылдындоо эркиндиги учун митингге чыгып жатат, Эгер соз эркиндиги бар болсо бир гейге же трансексуалдарга критика жазсын соз эркиндигини кошуп комуп коюшат, алар учун ошолор ыйык!
#12 21 January 2015 - 00:50
Парижде миллиондон ашуун адам "Унчукпас жүрүшкө" чыкты.
Бүгүн, 11-январда Франциянын борбору Парижде республикалык "Тилектештик жүрүшү" же башкача аталгандай "Унчукпас жүрүш" өтүүдө. Ага аталган өлкөнүн жетекчилиги жана башка мамлекеттердин башчылары катышууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, террордук кылмыштан курман болгондорду эскерүү менен иш-чарага миллиондон ашуун адам чыкты. "Колоннанын биринчи катарында Франциянын президенти Франсуа Олланд, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Италиянын премьер-министри Маттео Ренци, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Евробиримдиктин лидерлери Жан-Клод Юнкер жана Мартин Шульц. Франциянын ИИМи билдиргендей, жүрүштөгү коопсуздукту 5,5 миң полиция жана аскер кызматкерлери камсыздап жатышат," - деп билдиришти басылмалар.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо" ) сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. Бул кылмышка шектүү ага-ини Шериф жана Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын өлтүрүлгөндүгү айтылган.
Террордук акттын эртеси президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга көңүл айткан. Андан соң кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынчтык митингин өткөрүшкөн.
Бүгүн, 11-январда Франциянын борбору Парижде республикалык "Тилектештик жүрүшү" же башкача аталгандай "Унчукпас жүрүш" өтүүдө. Ага аталган өлкөнүн жетекчилиги жана башка мамлекеттердин башчылары катышууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, террордук кылмыштан курман болгондорду эскерүү менен иш-чарага миллиондон ашуун адам чыкты. "Колоннанын биринчи катарында Франциянын президенти Франсуа Олланд, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Италиянын премьер-министри Маттео Ренци, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Евробиримдиктин лидерлери Жан-Клод Юнкер жана Мартин Шульц. Франциянын ИИМи билдиргендей, жүрүштөгү коопсуздукту 5,5 миң полиция жана аскер кызматкерлери камсыздап жатышат," - деп билдиришти басылмалар.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо" ) сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. Бул кылмышка шектүү ага-ини Шериф жана Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын өлтүрүлгөндүгү айтылган.
Террордук акттын эртеси президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга көңүл айткан. Андан соң кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынчтык митингин өткөрүшкөн.
#13 21 January 2015 - 01:05
Ошондо чыгат деп жаткан карикатура интернет айдыңында пайда боло элекпи?
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#14 21 January 2015 - 01:29
Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга башынан эле тыюу болуп келгенби?
Джон Мак-Манус, Би-Би-Си
Француздардын сатирикалык Charlie Hebdo журналы жакында эле журналдын редакциясына болгон кол салуунун курмандыктарына арналган санын чыгарды. Анын мукабасында Мухаммед пайгамбардын сүрөтү тартылган. Көпчүлүк мусулмандар исламдын негиздөөчүсүнүн сүрөтүн тартууга тыюу салынат деп эсептешет. Бирок бул тарыхый чындыкка канчалык жооп берет?
(Бул макалада Мухаммед пайгамбар тартылган тарыхый сүрөт бар).
Эгер мусулмандар үчүн пайгамбардын сүрөтүн сатиралык тартуу аны шылдыңдоого жатабы деген суроону кое турсак, андан башка Мухаммеддин образын сүрөт кылып тартууга ислам тыюу салабы же жокпу деген өзүнчө дагы бир талаштуу маселе бар. Көпчүлүк мусулмандар үчүн Мухаммеддин жана исламдагы башка пайгамбарлардын баарынын сүрөтүн тартууга таптакыр тыюу салынат, анткени бул бутпарастык болуп саналат.
Мындай тыюу көп ислам өлкөлөрүндө бар. Тарыхый жактан алганда исламдык көркөм сүрөт геометрикалык же каллиграфикалык түрдө болуп келген, фигуралык түрдө болгон эмес.
Мусулмандар бул суроого келгенде адатта Курандагы сүрөөнү келтиришет, анда Ибрахим « силер сыйынып аткан эмне? деп сурайт. «Биз билебиз, буга биздин аталар сыйынып келген» деген жооп айтылат. Ибрахим ага «Демек, силер да, силердин ата-бабаңар да жаңылып келген» деп жооп берет.
Бирок Эдинбург университетинен профессор Мона Сиддикинин көз карашына келсек, Куранда пайгамбардын сүрөтүн тартууга тикелей тыюу жок. Бул тыюу Мухаммеддин көзү өткөндөн кийин анын өмүрү жана айткандары жыйналган хадистерден келип чыккан.
Сиддики Мухаммед пайгамбардын Монгол жана Осмон империяларынын тушунда тартылган көп сандаган сүрөттөрүн мисал келтирет. Анын айрымдарында пайгамбардын жүзү жабык, бирок анын пайгамбар экени айдан ачык. Аталган тарыхчы сүрөтчүлөр терең диний сезим менен шыктанып сүрөт тартышкан деп эсептейт.
«Көп учурларда бул сүрөттөр бир нерсеге сыйынуу үчүн эмес, сүйүү жана урмат-сыйдан жаралган», - дейт окумуштуу.
Мичиган штатындагы университеттин ислам искусствосу боюнча профессору Кристина Грубердин айтымына караганда, он бешинчи кылымга таандык ушундай көп сүрөттөр жеке колдонуу үчүн гана тартылып келген.
«Көбүнчө алганда булар бай адамдар үчүн жасалган кымбат баалуу буюмдар болгон жана алар китепканаларда сакталган,-дейт ал. - Бул иллюстрациялардын айрымдары Курандагы каармандардын сүрөтү тартылган миниатюра болгон".
Ирандагы он алтынчы кылымга таандык кол жазмадагы Мухаммед пайгамбар бейишке кирип баратканы тартылган сүрөт.
Он сегизинчи кылымдын аягында китеп чыгаруунун жайылышы исламды кыйын абалга алып келди, дейт Грубер. Ислам дүйнөсүнүн көп өлкөлөрүн европалыктардын колонияга айлантышы, ошондой эле христианчылык менен башка батыш идеологияларынын таркашы да өзүнүн ролун ойноду.
Ислам бул учурда дайыма иконографияга таянып келген христианчылыктан болгон айырмасын көрсөтүүгө умтулду. Мухаммеддин сүрөттөрү колдонуудан алына баштады, имамдар бутпарастыкка каршы күрөштү күчөтүштү.
Бирок Британиядагы ири мечиттердин бири, Лидстеги Макка мечетинин имамы Кари Азим тарыхта пайгамбардын сүрөтүн тартууга болгон мамиле өзгөрүп келгенин четке кагат. Анын жүйөөсүнө карасак, тирүү адамдардын сүрөтүн тартууга тыюу салган хадистердин пайда болушу дароо эле Мухаммеддин сүрөтүн тартууга таптакыр болбойт деген талап катары кабыл алынган.
Анын сөзүнө караганда, орто кылымдардагы сүрөттөр тарыхый контексттен чечмелениши керек:” Бул сүрөттөрдүн көбү Мухаммед пайгамбардын ат минип алып бейишке кирип бараткандагы учуруна тийиштүү”.
Азим бул сүрөттөр мухаммед пайгамбардын портреттери дегенге кошулбайт. Анын айтымында, бул сүрөттөрдүн сюжеттери көп жагынан түшүнүксүз.
Эдинбург университетиндеги исламды окуп үйрөнүү борборунун директору профессор Хью Годдар болсо Кари Азимдин көз карашын колдобойт жана пайгамбардын сүрөтүн тартууга мамиле тарыхта көп жолу өзгөрүп турган дейт.
«Бул маселе боюнча Куран да, хадистер да бирдиктүү жооп бере албайт. Бир топ кылымдар бою мусулман жамааттарында бул жөнүндө ар кандай ой-пикирлер, түшүнүктөр болуп келген»,-дейт тарыхчы.
Сауд Арабстандан тараган ваххабит окуусунун негиздөөчүсү, арабиялык динаятчы Мухаммад ибн Абд Ваххаб бул маселе орчундуу роль ойногонун айта кетүү керек.
«Анын учурунда талаштар аябай курч болгон. Ваххабиттердин арасында Алладан башка бирөөнө, анын ичинде пайгамбардын өзүнө да сыйынууга абдан катуу карашкан. Соңку 200-300 жылдын ичинде бул маселедеги көз караш көп жолу өзгөргөн»,- дейт Годдар.
Пайгамбардын айкелдерине байланышкан маселе салыштырмалуу айтканда түшүнүктүүрөөк. Годдардын айтымында, кээ бир мусулмандар үчүн пайгамбардын элесин чагылдырууга каршы болуу дегеле адамдар менен жаныбарлардын элесин берүүдөн тартуудан баш тартуу болуп кабыл алынган.
Бирок баарында эле мындай тыюу болгон эмес. Мисалы, көптөгөн шиит мусулмандар башкача көз карашта. Азыр Германияда жашап жаткан Ирандын мурдакы имамы Хассан Юсеф Эшкаваринин айтымында, азыркы күндө дагы көптөгөн ирандык шииттердин үйүнө Мухаммед пайгамбардын элеси түшүрүлгөн буюмдарды тапса болот.
«Мындай сүрөттөрдү тартууга диний тыюулар салынган эмес, андайларды дүкөндөрдөн, үйлөрдөн көрсө болот. Диний жана маданий көз караштан алганда алар эч кандай шек келтирүүгө жатпайт», - дейт ал.
Бул маселедеги ар башкача мамилени сунниттер менен шиииттердин салттык айырмачылыктары менен түшүндүрсө да болот. Бирок Грубердин айтымында, башынан эле ушундай тыюу бар деп айткандар жаңылышат.
Бирок көп мусулмандар бул позицияга макул эмес.
«Куранда бул жөнүндө эчтеке айтылбайт, - дейт Исламдын саясий ой институтунун мурдакы жетекчиси доктор Азам Таммими. – Бирок бардык исламдык бийликтегилер Мухаммед жана башка пайгамбарлар төгөрөгү төп келген кынтыксыз жана күнөөсүз болушкан деп эсептешет, ошондуктан ага текебер мамилеге жол бербеш үчүн ал жөнүндө эч кандай ой жүгүртүү керек эмес".
Ал орто кылымдарда пайгамбардын сүрөттөрүн тартып келишкен деген жүйөөгө ишенбейт. «Балким, ошол учурда эле сүрөт тартууга динаятчылар айыптап чыгышкан болуш керек»,-дейт ал.
#15 21 January 2015 - 01:35
Түрк премьери пайгамбардын карикатурасын сындады
Ж
"Жумхуриет"
гезитинде карикатуралардын жарыяланышына каршы нааразылык акциясы. Стамбул, 14-ноябрь, 2014-жыл.Түркиянын премьер-министри Мухаммед пайгамбардын карикатуралары Түркияда кайра жарыяланышын айыптады.
Мунун алдында “Жумхуриет” гезити кол салууга кабылган француз журналы – “Шарли Эбдонун” атайын санынан алынган карикатураларды баскан эле. Ал эми сот Мухаммед пайгамбардын француз журналынын сырткы бетиндеги карикатурасын жарыялаган интернет сайттарды тосмолоого көрсөтмө берген болчу.
Түрк премьери Ахмед Давутоглы бейшембиде Анкарада сүйлөп жатып, Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын кайра басылышын “чагым” деп атоо менен буларга токтолду:
- Сөз эркиндиги бирөөгө акарат келтирүүнү билдирбейт. Биздин адамдык баалуулуктарыбыздан жогору мааниге ээ жана бүткүл аалам үчүн эң кадырлуу пайгамбарга акарат келтирилип жатса, ал накта сөз эркиндигине каршы келет. Дүйнөдөгү 1,5 миллиард адам ишенген, диний лидер катары сыйлаган пайгамбарга акарат келтирүүнү сөз эркиндиги деп атай албайбыз. Бул Түркиядагы көп адамга оор тийиши мүмкүн. Биз кайсы бир адамдын абийирине шек келтирүүгө каршы болгон сыяктуу эле, пайгамбарга да шек келтирүүгө каршыбыз. Биздин бул боюнча позициябыз ачык жана туруктуу. Париждеги террордук чабуулга кандай чечкиндүү каршылык билдирсек, Азирети пайгамбарыбыздын кадыр-баркын коргоо боюнча да ошондой чечкиндүүлүккө барабыз.
Ахмет Давутоглы.
Ахмед Давутоглы бул сөздү Түркияда секулярдык принциптерди колдогон оппозициячыл маанайдагы “Жумхуриет” басылмасы жана айрым интернет сайттар өткөн аптада кол салууга кабылган француз сатиралык журналы - “Шарли Эбдонун” шаршембидеги атайын санына чыккан карикатураларды жарыялагандан кийин айтты. Маселен, “Жумхуриет” “Шарли Эбдонун” атайын санынан алынган карикатуралар менен материалдарды өзүнүн төрт бетине баскан.
Муну менен түркиялык гезит “ал-Каида” террордук уюму менен байланышы бар эки бир туугандын кол салуусуна кабылган француз журналына тилектештик көргөзгөндөй болду. "Жумхуриеттин” башкы редактору Утку Чакырөзөр мындай деди:
- Биз муну жөн эле сөз эркиндигине колдоо көргөзүү үчүн жарыялап жатабыз. Биз муну ой-пикир билдирүү эркиндиги сакталышы керектиги, сөз эркиндигин террор эч убакта чектей албоосу үчүн жасадык.
“Жумхуриет” басылмасынын шаршемби күнкү санын түрк полициясы басмаканадан текшерип, анда Мухаммед пайгамбардын француз журналынын сырткы бетиндеги карикатурасы жоктугуна ынангандан кийин гана сатыкка чыгарууга уруксат берген.
Cтамбулдун тургуну "Жумхуриет"
гезитинин "Шарли Эбдонун" карикатуралары жана материалдары басылган санын окуп жатат. 14-январь, 2015-жыл.Түркиянын Журналисттер союзу полициянын аракетин “цензура” деп атап, сынга алды. Ага катар Түркия сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 154-орунга түшүп калганын эске салышты.
"Шарли Эбдонун” үч миллион нуска менен чыккан атайын санынын сырткы бетинде Мухаммед пайгамбардын “Мен Шарли” деген жазууну кармап турган карикатурасы басылган. Карикатуранын үстүндө “Баары кечирилди” деген да жазуу бар.
Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр шаарынын соту “Шарли Эбдонун” ошол сырткы бетиндеги карикатураны жарыялаган интернет сайттарды тосмолоого көрсөтмө берди.
"Шарли Эбдонун" жаңы саны Францияда абдан тездик менен сатылып кетти. Париж, 14-январь, 2015-жыл.Сотко доо арыз менен кайрылган жергиликтүү адвокат "бул коомдук тартиптин бузулушуна алып барышы мүмкүн" деп жүйө келтирген.
Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Батыштын Париждеги террордук чабуулга реакциясына исламофобия “аралашып кетти” деп сынга алган эле. Ал жалпысынан 17 адамдын, анын ичинде сегиз журналисттин өмүрүн алган, “ал-Каиданын” Йемендеги канаты жоопкер болгон чабуулдун алдын албаганы үчүн француз коопсуздук күчтөрүн күнөөлөгөн.
Бул аралыкта бүгүн француз президенти Франсуа Олланд Париждеги Араб дүйнөсү институтунда сүйлөп жатып, анын өлкөсү бардык диндерди коргорун убада кылды. Мусулмандар “фанатизм менен фудаментализмдин, жек көрүүчүлүктүн” курмандыгы болуп жатканын белгиледи.
#16 21 January 2015 - 02:54
Эми, аларды мусулмандар олтуруп жазалабай эле койгону дурусбу дейм. Диндер аралык кагылуушуга жетиши мумкунда. Жазасын кудайдан куткон эле тынчго.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы
Супер-Инфо
super.kg
видео


















