Кол алышкан кезди айтып
Болк эттирдиң жрөктү.
Саламы жок, алик жок
Арадан көп күн өттү.
Кары ээрип музу ээрип
Кыш эле эмес жаз өттү.
Убакытты уурдаган
Жай эле эмес күз өттү.
Билинбестен мезгилдер
Кайрылбастан түз өттү.
Өткөн кездер негедир
Мен үчүн бир аз суз өттү!
Жээндердин жүзүнөн
Жездеңден деп өөп кой.
Кайны журтка салам деп
Мен үчүн бир көрүп кой.
Унутушса ал ким деп
Загс сүрөттү берип кой
Артынан бир эстетип
Өткөн кезден төгүп кой
Эски эрим эле деп
Артынан охх деп чөгүп кой

Билсең жаным абалым
Үйлөнүп да бойдокмун.
Уйку качып түндөрү
Таң атканча ойгокмун.
Чыдам деген түгөнүп
Эки көзүм ойнокмун.
Аз болгондо нерв болуп
Каапыр орус кызына
Үйлөнүп да коймокмун.
Арак, вино, пивого
Үйрөнүп алып тим эле
Бүтүн өмүр тоймокмун.
Кыргыз деген паспортум
Алмаштырып акырын
Орус кылып жоймокмун.
Кой ордуна арамдап
Чочколорун соймокмун.
Бирок андай болбоду
Шүгүр Аллах колдоду.
Баргын жарың күтөт деп
Айылыма жолдоду.
Бирок келсем унутуп
Берген гүлүм курутуп
Жарымдан көңүл толбоду.
Анткении...
Эски карлар эриптир,
Жаңысын кудай бериптир.
Жашылданган жериме
Ызгаар кыш да келиптир.
Мен көргөн кез калбаптыр
Тагдыр мени алдаптыр.
Бою да өсүп жарымдын
Көп нерсени талдаптыр.
Шакеги жок колунда
Жоолук дагы салбаптыр.
Кабар алып мен жакка
Бир жолу да барбаптыр.
Бирок ырдап ар дайым
Башкаларга арнаптыр.
Кыскасы ке жашоодо
Луичкам "расса" чардаптыр.