СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#1021 04 Июнь 2009 - 14:07
1. Токтогулдуктар "Биз туштукко да тундукко да кошулбайбыз. Биз аралбыз" дешет экен. Бул туурабы? Негизи эле трайбализмге кандай карайсыз?
2. Кимдин президент болушун каалар элениз? Эгер, сиз болгондо, эмне кылмак элениз? Кокусунан Нурлан Мотуев шайланып калды деп элестетиниз, биз анда кайда барабыз? Же Назаралиев?
3. Кесибиниз боюнча кимсиз?
Рахмат...
Жеңиш - менин тагдырым.
#1022 04 Июнь 2009 - 14:09
Саламатсызбы URВ КG мырза!
Саламатчылык ona айым!
1. Жашоодо эмне жонундо кыялданасыз?
1. Жашоодо коп нерселерди кыяданам десем болот, келечекте татыктуу адам болсом, оз олком учун коп-коп нерселерди нерселерди жасасам. Кыскасы кыялымда коп нерсеге эле жетип коём.
2. Азыркы маалда сизди кыжаалат кылган маселе барбы?
2. Озумдун жеке жашоомдо кыжаалат кылчу маселе деле жок, бирок олкодо болуп жаткан терс корунуштор гана кыжаалатымды келтирбесе.
Суроолоруна чон рахмат!
#1023 04 Июнь 2009 - 15:01
Суроолорумду ысыгында жаадыра берейин анда?
1. Токтогулдуктар "Биз туштукко да тундукко да кошулбайбыз. Биз аралбыз" дешет экен. Бул туурабы? Негизи эле трайбализмге кандай карайсыз?
1. Ооба чын мындай создор бар и мен да 1 курска жаны келгенде тамашалап айтып калчу элем "Токтогул деген штат озунчо" деп, бирок мен ал кезде мындай создорду укпай туруп эле айткам, чынында. Бул туура эмес албетте, эгерде тарыхты карай турган болсок баардык Кетмен-Добо ороонун бир убактарда толук бойдон суу басып турган экен жана ал суу бир кубулуштун артынан жок болгондон кийин гана ал жерлерге элдер отурукташып калган, демек Токтогулдун элдери ар кошкон эл деп эсептейм.
Озунчо арал дегенине айтаарым, Токтогулдуктар тил, маданият, салт, территориясы жагынан башка аймактарга окшошпогонунан айтылып калса керек да. Трайбализм деген биздикиндей кичинекей эле олкого мындай маселе болбосу шарт эле, бирок бул маселе биздин жашоодо жашап жатканы аябай кейиштуу. Бирок бул маселени жок кылууга бийликтин же бир нече адамдын кучу жетпей турган маселе, анткени элдин ан-сезими озгорбойун бул маселени жок кылуу кыйын.
2. Кимдин президент болушун каалар элениз? Эгер, сиз болгондо, эмне кылмак элениз? Кокусунан Нурлан Мотуев шайланып калды деп элестетиниз, биз анда кайда барабыз? Же Назаралиев?
2. Оооу. менин оюма койсо жакшы болмок, анда мен Алмазбек Шаршенович Атамбаевди эле кылып алмакмын жана озум да буйруса ушул адамга добуш берем.
Бул сурооно азыр жооп бере албайм, азыр андай нерсеге даяр болбосом керек.
Мотуев менен Назаралиевдин Президент болуп шайланышын элестете да албайм жана шайлоодо булардын шансы ото аз го деп ойлойм.
3. Кесибиниз боюнча кимсиз?
3. Кесибим боюнча: экономист-статистика
Рахмат...
Сага да дагы бир жолу чон рахмат!
#1024 04 Июнь 2009 - 16:22
1.Беш жыл мурдакы Мирбек менен азыркы Мирбектин арасындагы озгочолук?(коз караш, кылык жоруктарын)
2.Патриот болуу учун эн алгачкы кадам?
3.«Асылсан бийик дарга асыл» принциби барбы сенде?
4.Динге болгон ишенимин...
5.«Шектуу шекшинет» деген чынбы?
6.Бир кызга аябай чуркап жетпей калган учур болду беле?
7.Суйуусун билдирген шок кыздар болду беле?
8.Суйгонундун козуно «канча даана» чоп салдын эле?
9.Болочок жубайынды эн биринчи эмнесине карап тандайсын?
10Туштук-Тундукко болунууну эл арасында кантип жоюуга болот?
Жоопторун учун алдынан ыраачылыгымды билдирем. Бардык достордун суроолоруна чын дилинден жооп бересин деген умуттомун. Анда эмесе АЛГА дос!

#1025 04 Июнь 2009 - 17:50
Анда эмесе:
1.Беш жыл мурдакы Мирбек менен азыркы Мирбектин арасындагы озгочолук?(коз караш, кылык жоруктарын)
1. Менимче 5 жыл эмес 1 жылда да адам озу жана анын жашоого болгон коз карашы озгорот деп ойлойм. Кээде туруп бир кездеги жасаган жоруктарымды эстеп бир чети кейип, бир чети кулуп калам. Корсо адам улам жаны нерсени коруп, чойросу алмашкан сайын анын ан-сезими, дуйно таанымы да озгорот деп ойлойм жана акыркы 5 жылда менде андай озгоруулор болбой койгон жок.
2.Патриот болуу учун эн алгачкы кадам?
2. Патриоттуулукту ойготуунун аркандай жолдору бар да. Мисалы: патриоттук ырлар, патриоттук фильмдерди тартуу, патриоттуулукка тартуучу чакырык создор. Менимче озун жалгыз журо берсен патриоттуулук ойгонбойт и болбойт. Ошондуктан патриоттулуктун алгачкы кадамы катары ата-эненин тарбиясы жана мектептен алган билим саналат деп ойлойм.
3.«Асылсан бийик дарга асыл» принциби барбы сенде?
3. Жок го дейм. Мен бийик эмес эмне болсо да эч асылба дейт элем.
Меники "Улууга урмат, кичууго ызат".
4.Динге болгон ишенимин...
4. Ислам динине гана ишенем.
5.«Шектуу шекшинет» деген чынбы?
5. Ар кандай учурда ар башкача болот.
6.Бир кызга аябай чуркап жетпей калган учур болду беле?
6. Эстеп корсом андай учур болбоптур го. Мен озу кыз тарапта кичине да болсо жактыруу (симпатия) болгон учурда гана чуркайм. Макул болбой койсо уят болуп калам деп эртенкимди ойлой берем.
7.Суйуусун билдирген шок кыздар болду беле?
7. Албетте.
8.Суйгонундун козуно «канча даана» чоп салдын эле?
8.Менимче уйлоно элек кездеги бир аз ойноп коюууну "чоп салуу" дегенге болбосо керек.
9.Болочок жубайынды эн биринчи эмнесине карап тандайсын?
9. Аялын баарынан да ыймандуу жана тушунуктуу болсо, калганын бара-бара кондуруп алса болсо керек.
10.Туштук- Тундукко болунууну эл арасында кантип жоюуга болот?
10. Мен аны жогоруда айтып кеткендей, элдин ан-сезими озгормойун жоюууга болбойт.
Жоопторун учун алдынан ыраачылыгымды билдирем. Бардык достордун суроолоруна чын дилинден жооп бересин деген умуттомун. Анда эмесе АЛГА дос!
Мындай кызыктуу суроолоруна сага да чон рахмат. Мен да сенин умутунду актап, келген суроолорго чын дилимден жооп бермекчимин. Суроолорундун баары


Билдирүүнү түзөткөн: URB KG: 04 Июнь 2009 - 18:29
#1026 05 Июнь 2009 - 10:12

Учурунда мага берген суроонузду сизге бергим келди, "Алтын балык" кармап алсаныз эмне сурайт элениз?
Билдирүүнү түзөткөн: maksi: 05 Июнь 2009 - 10:12
#1027 05 Июнь 2009 - 10:50
- Шайлоону катуу талкуулап журосун. Андан сен ойлогон адам отот деп ишенесинби? Канча пайыз жана эмнеге негизденип ишенесин???
- Сен жактырган лидер Атамбаев эртен Акаев менен Бакиевдин "жолун жолдоп" кетет деп ойлойсунбу? ?? Негизи эле ал киши сага кайсы кылган эмгеги учун бийик бааланып жатат???
- Эми экообуздун университет жонундо: Байкуш университетибиздин баркын кантип которобуз

- Озунду келечекте кандай депутат элестетесин? ?? Азыркы депутаттардан ким мыкты, эмне учун??? (Буюрса, ага да жетесин

- Кайсы министр болсон мыкты министр болот элен???
#1028 05 Июнь 2009 - 11:17
Мен сенин Токтогулда ар кошкон эл чогулган дегенине толук кошулам, мен дагы Токтогулда торолуп, чонойгонмун, бирок тегим Таластык. Биздин айылда жалан Таластан тиии илгери кочуп келгендер жашашат.
Мен дагы суроолорумду узатып калайын сага жигит.
1. Ата-энен сен учун?
2. Сенин жашоондогу идеалын?
3. Жашоонун манызы...
4. Алдыга койгон максаттарындын аткарылгандары барбы?
5. Мирбек- келечекте... кандай коросун озунду?
Алдын-ала рахмат, ийгилик сага!
#1029 05 Июнь 2009 - 11:52
1. 1 -класска барган кунун эсиндеби???
2. алгачкы махабатын жонундо айта кетсен ???
3. ата-энене эркелегенди жакшы коросунбу жана кимисине кобуроок жакынсын ???
4. келечектеги балдарына кандай ата болом деп ойлойсун ???
Алдын ала чон рахмат !!!
#1030 05 Июнь 2009 - 13:06

Рахмат. Саламатчылык Макси!
Учурунда мага берген суроонузду сизге бергим келди, "Алтын балык" кармап алсаныз эмне сурайт элениз?
Кармап алсам:
1. Дуйнодогу тынчтыкты.
2. Жакында боло турган шайлоодо эн патриот адам Президент болуп, жакынкы 10 жылда Кыргызстанды эн онуккон 50 мамлекеттин катарына чейин жеткируусун (ошол Президент).
3. "Аял жакшы эр жакшы" дейт эмеспи, мен да озумо жакшы, ыймандуу келинчек сурамакмын.
Озумдун суроомду озумо бергенине рахмат!

#1031 05 Июнь 2009 - 14:20
Цитата
Озумдун суроомду озумо бергенине рахмат!

Жообунуздан улам келип чыккан суроо: Жакшы, ыймандуу келинчек деген кандай болуш керек?
Жообунуз ү чүн алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем.

#1032 05 Июнь 2009 - 15:10
Рахмат, жакшы, кудайга шугур, тууганичкам менин!
Анда эле жооп берчи:
- Шайлоону катуу талкуулап журосун. Андан сен ойлогон адам отот деп ишенесинби? Канча пайыз жана эмнеге негизденип ишенесин???
- Албетте отот деп 100% кепилдик бере албайм, бирок ал адамдын Президент болуш шансы абдан жогору, эгер эле БШК шайлоонун жыйынтыгын ондоп жиберишпесе. Анткени ал адамды, тагыраак айткандай Атамбаевди, копчулук колдоорун мен инет барактарынан, эл арасынан, ММКлардан угуп-коруп журом жана менимче элдин копчулугу ага тартылгандай.
Мисал катары БШКга тапшырылган элдердин колдорун да келтире кетсем болот.
- Сен жактырган лидер Атамбаев эртен Акаев менен Бакиевдин "жолун жолдоп" кетет деп ойлойсунбу? ?? Негизи эле ал киши сага кайсы кылган эмгеги учун бийик бааланып жатат???
- Озумдон башка кишиге мен эч качан 100% гарантия бере албайм, бирок Атамбаевдин жургон турганын, суйлогон создорун, жасаган иштерин коруп туруп, мен аны Акаев менен Бакиевдей болуп кетет деп ойлобойм. Аны баалаганымдын бироону гана айта кетейин: 2005 жылдын 24 мартынын кийин Бакиев, Кулов, Исаков Премьер-министр болуп турган убакта Акаев учурунан коруноорлук жыйынтык чыгара алган жок, ал эми Атамбаев келип Премьер болуп иштеген 8 ай ичинде олко бюджетинде 10 млрд. сомдук профицит пайда болду жана Бакиев улам мактанып жаткан Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу ушул акчалардан улам башталган. Бирок Бакиев андай атаандашты коро албадыбы белгисиз, "ДАНК" медалын берип алдап иштен кетирип жиберди.
- Эми экообуздун университет жонундо: Байкуш университетибиздин баркын кантип которобуз

- Ооба, биздин университет, бир кездерде Аскар Акаев мырза айткандай "Жогорку окуу жайлардын флагманы" аталып келген. Менимче азыр деле кадыр-баркы кучтуу эле, бирок КУУнун жамааты рыноктук мамилелер учурунда конкуренттуулукту кучотконго аракет кылбагандай же мурдатан калып калган атыбыз бар деп ишенеби, белгисиз. Мумкун окутуучу составынын кобу жашы откон адамдар болуп же эрки кучтуу реформатор ректор келбей мындай жумуштар болуп жатабы. Баркын которуу учун, эски ыкмалар менен эле иш кыла бербей, жаны, рынокко ылайыкташкан механизмдерди иштеп чыгуу керек болсо керек деп ойлойм.
- Озунду келечекте кандай депутат элестетесин? ?? Азыркы депутаттардан ким мыкты, эмне учун??? (Буюрса, ага да жетесин

- Эгер кудай буйруп калса аны озун короттурсун .
Парламентте албетте мыкты депутаттар коп, бирок тилекке каршы ал жакка акчасынын айынан же Президентке жакын болуп журуп, жакшы иш алпарууну билбеген, сабатсыз адамдардын, кээ бирлери оз бизнесин коргоо максатында да келип калгандары абдан кейиштуу. Ошондуктан коомчулук алардын жумушуна канаатанбай жатса керек.
Мен алардын арасынан мыкты деп : Бакыт Бешимов, Чолпон Баекова, Кубанычбек Исабеков, Роза Отунбаева, Улукбек Ормонов жана жаш депутат Алишер Мамасалиев дегендерди корсотсом туура болсо керек. (мумкун мен билбеген дагы жакшы депутаттар бардыр).
- Кайсы министр болсон мыкты министр болот элен???
- Албетте мен азыркы абалымда андай нерселерге даяр эмесмин, ал учун коптогон жолдорду басып отуп, адам такшалыш керек го дейм. Ошондуктан бул сурооно жооп бере албайм, тууганым.
Аябай мени ойлондурган, саясат аралашкан жана кызыктуу суроолоруна чооон рахмат!
#1033 05 Июнь 2009 - 15:33
Мен сенин Токтогулда ар кошкон эл чогулган дегенине толук кошулам, мен дагы Токтогулда торолуп, чонойгонмун, бирок тегим Таластык. Биздин айылда жалан Таластан тиии илгери кочуп келгендер жашашат.
Саламатсызбы, Анара эжеке! Сизди эжеке деп журуп чындап эле эжекем чыгып калган турбайсызбы.
Мен дагы суроолорумду узатып калайын сага жигит.
1. Ата-энен сен учун?
1. Ата-энем мен учун бул дуйнодогу эн ыйык адамдарым жана ар дайым колумдан келип турган учурдун баарында сый-урматымды корсотчу адамдарым. Жана алар менин ушул дуйного келишиме себепкер болгон башкы каармандар.
2. Сенин жашоондогу идеалын?
2. Жашоодогу идеялым деп 1-2 мага туура эместей сезилген муноздорун алгандагы оз атамды айтам.
3. Жашоонун манызы...
3. Бул жашоону жон гана эл катары жашап отпостон, Кыргызстандын онугушуно тарыхта калчудай салым кошуу жана да артымдан татыктуу балдарды остуруп чонойтуу.
4. Алдыга койгон максаттарындын аткарылгандары барбы?
4. Буйруса аткарылып келе жатат жана да койгон максаттар коп эле.
5. Мирбек- келечекте... кандай коросун озунду?
5. Саясатта да, жашоодо да оз оордун тапкан эл арасында кадыр барктуу адамды коргум келет.
Алдын-ала рахмат, ийгилик сага!
Сизге да ийгилик жана чоон рахмат мындай кызыктуу суроолорунузга!
#1034 05 Июнь 2009 - 16:35
Рахмат, жакшы Чопа!
1. 1 -класска барган кунун эсиндеби???
1. Албетте. Мен 1-класска башкалар чылап 1-сентябрь эмес 5- сентябрда барганмын. Анткени кошуна балдардын копчулугу 85 жылкы болуп, жайында чоогу ойноп жургон балдар эле сентябрда жок, уйлоруно барсам алар окуп жатышат дейт, анан мен да апама келип ыйлап жатып, 5-сентябрда саат 8 де мектепке барганым жана жаны барганда эле окуучулар коп болуп мени 1 партага 2 кыздын ортосуна отургузуп койгону эсимде. Ошентип дос балдарга тенелип окуйм деп 6 жашымдан мектепке барганмын.
2. алгачкы махабатын жонундо айта кетсен ???
2. Андай кез менде 11 класста окуп жургондо жаз айларында болгон. Андан коп отпой мен мектепти бутуп шаарга баса бердим, кийин ал да бутуп келгенден кийин 1-2 жолу жолуктук, бирок ал кийинчерээк куйоого тийип кетти жана азыр 1 кызы бар го.
3. ата-энене эркелегенди жакшы коросунбу жана кимисине кобуроок жакынсын ???
3. Уйдун улуусу болгондуктанбы коп деле эркелебейм. Мурда бала чакта апама жакын болчумун, бирок улам чонойгон сайын кандайдыр бир маселелер болсо атам менен кенешип, азыр атама жакыныраак болсом керек.
4. келечектеги балдарына кандай ата болом деп ойлойсун ???
4. Аны буйруса убакыт корогозот дечи, бирок соонун эле ата болом го деп ойлойм, жанагы кинолордо жакшыыыы аталар бар го, ошондой.
Алдын ала чон рахмат !!!
Сага да чоон рахмат, мындай балалыкты эске салган суроолоруна.
#1035 05 Июнь 2009 - 17:43
Андай келинчек менин оюмда: мени суйуп-урматтаган, жан дуйносу таза, мага жана менин ата-энеме сый-урматты менден кем эмес корсоткон, келечектеги балдарыма татыктуу тарбия бере турган, жоро-жолдоштордун алдында озун кандай алып журууну билген, бир эле учурда назик жана кучтуу болгон деп ойлойм. Буйруса келинчегимде мындай сапаттыр болсо, мен да озум тараптан ушуга окшош эле мамилени ага чагылдырып бермекмин.
Жообунуз үчүн алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем.

Эч нерсе эмес карындашы.
#1036 06 Июнь 2009 - 13:06
1. Ошентсе да нигиндин чечмеленишин айтчы?
2. Кимге же эмнеге коп ишенесин?
3. Кыздар менен мамиледе башкысы эмне деп ойлойсун?
4. Кимсиз же эмнесиз жашай албайсын?
5. Ушул супер-интервьюдан кандай суроо уккун келип жатат чынын айтчы?
#1037 08 Июнь 2009 - 02:05
ын суроосуна келгенинде жооп берип коёрсун....
...Ал эми теманын кийинки коногу Уmуtа болмокчу....шаршемби куну тунку 12ге чейин суроолорду бере бериниздер
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 08 Июнь 2009 - 08:38
#1038 08 Июнь 2009 - 08:45
1. Иштеген жумушунуз кайсы тармакта?
2. Уйбулонуз жонунда жаза кетсениз
3. Суперфорумдун жалпы атмосферасы кандай(сиз учун)...
4. Форумдун Сизге жаккан жана жакпаган жерлери...
Алдын ала рахмат....
#1039 08 Июнь 2009 - 10:05
Алейкум ассалам, Базарбек дос!
Сага суроолорум томонкучо:
1. Ошентсе да нигиндин чечмеленишин айтчы?
1. Менимче мен бул суроого жогоруда толук эле жооп берип кеттим окшойт. Эгер ал тушунуксуз болуп калса, буйруса жолукканда тактап айтып берем ээ.
2. Кимге же эмнеге коп ишенесин?
2. Жалгыз Аллахка жана озумо ишенем.
3. Кыздар менен мамиледе башкысы эмне деп ойлойсун?
3. Эгер жаныдан таанышып жатсан кызыктуу маектеш болуп, анын конулун которо турган создорду сулоп жакындоо керек го деп ойлойм. А эгер серёзный мамиле учун суйлошуп жаткан болсон бири-бирине болгон ишеним жана взаимопонимание керек го.
4. Кимсиз же эмнесиз жашай албайсын?
5. "Башка тушсо байтал жорго" дейт эмеспи, ан сынарындай баардык нерсеге эле конуп кетсек керек, анын ичинде бир адамсыз же бир нерсесиз жашаганга да конуп кетсек керек.
5. Ушул супер-интервьюдан кандай суроо уккун келип жатат чынын айтчы?
5. Чынын айтсам ойлонбоптурмун деле мындай суроо тушсо деп, бирок суроолордун арасынан 1-класска барганымды эске салган Чолпондун суроосу жакты.
Кызыктуу суроолоруна чоон рахмат, ПАСИ!
Супер интервьюга конокко чакырга USSR мырзага жана кызыктуу суроолорду узаткан досторума да чоон рахмат!
Билдирүүнү түзөткөн: URB KG: 08 Июнь 2009 - 10:07
#1040 08 Июнь 2009 - 11:26
Менин атым Умута,бул форумга катталганыма 1 жылдай болду,бирок бат баттан кире албасам да,бош убактымда,ушул форумга кирип,коптогон маалыматтарды алып,жана жазып турууга аракет кылам.
Андыктан баарынзыдардын суроолорунузга, чын дилимден жооп берип,убактымдын аздыгына дагы карабай ,сиздердин суроолорунузду жоопсуз калтырбоого аракет кылмакчымын.
Эгерде тушунуксуз жооптор болуп калса,алдын ала кечирим сурайм
